СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Коопсуздук техникасы жана компьютер адамдын жашоосунда

Нажмите, чтобы узнать подробности

Предмет: Информатика Класс: 7 1-чейрек №1

Тема: “Коопсуздук техникасы жана компьютер адамдын жашоосунда”

Сабактын тиби: жаны билимди өздөштүрүү

Негизги компетенттүүлүктөр:

Предметтик компетенттүүлүк

  • Маалыматтык (НК1)

Өз ишин пландаштырат; Маалыматты максатка багыттап изденет; Салыштыра, чечимдерди кабыл алат;

(ПК1). Информатикалык жаңы маалымат-тарды, билим, билгичтиктерди таанып билүү, колдонуу

  • Социалдык-коммуникациялык (НК2)

Башкалар менен мамиле түзөт; Сүйлөшө билет, маектешет; Бири-бирин баа-лайт; Сөз байлыгы өсөт, өз оюн айтат; Башкаларды уга билет

(ПК2) информатиканын окуган материалдарды маанисин түшүнүү, тереңдетүү жана бышыктоо компетентүүлүгү

  • Өз ишин уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү (НК3)

Өз алдынча иштейт, көнүгөт, машы-гат;Өз ишин талдап, баа берет; Жөндөмдүүлүккө, билгичтикке, көндүмгө ээ болот.

(ПК3) Алган билимдерин анализдеп, практикада колдоно билүү Окуучулардын ой жүгүртүүсүн жогорулатуу максатында практикада колдоно билүү компетентүүлүгү

Сабактын максаттары

Сабактын максаттары:

Максатка жетүүнүн индикатору же кɵрсɵткʏчʏ

1 когнитивдик максаты

Компьютердин адамдын турмушундагы функцияларын, ден соолукту сактоо үчүн профилактикалык чараларды, ден соолукка тийгизген факторлорду билишет

Компьютердин биздин жашоодогу орду боюнча түшүнүк алышат

Коопсуз шартта окуучулар иштөөнү үйрөнүшсө.

Техникалык куралдар менен таанышышса.

Компьютердин биздин жашоодогу орду боюнча түшүнүк алышса

2 Баалуулук(Өнүктүрүүчүлүк) максат

ой жүгүртүүсүн, эсин, анализдөө, негизгисин бөлҥп алуу, көйгөйдү коюп жана аны чыгара билүү көндүмдөрүн өстүрүшөт.

ой жүгүртүүсүн, эсин, анализдөө, негизгисин бөлҥп алуу, көйгөйдү коюп жана аны чыгара билүү көндүмдөрүн өстүрүшсө

3 Жүрүм-турумдук (тарбиялык) максат

максатка умтулууга, эмгекти сүйүүгө, чыдамкайлыкка, көңүл коюучулукка, эсептөө техникаларын колдонууда тыкандык жана сарамжалдуулукка тарбияланышат

максатка умтулууга, эмгекти сүйүүгө, чыдамкайлыкка, көңүл коюучулукка, эсептөө техникаларын колдонууда тыкандык жана сарамжалдуулукка тарбияланышса

Баалоо критерийлери:

Суроолорго жооп беруусу-1 упай

Жаны маалыматка ээ болуусу – 1 упай

Коопсуздук эрежелерин жана гииеналык талаптарды билуусу – 1 упай

Топто жана жупта активдуулугу – 1 упай

Алтын эрежени сактоосу – 1 упай

Сабактын ресурстары:

ТСО, таркатма материал, көрсөтмө жана дидактикалык материал, канцтоварлар…

Сабактын журушу:

Мугалимдин ишмердүүлүгү

Окуучунун ишмердүүлүгү

Компет-р

Негизги (НК)

Пред-к (ПК)

1

Сабактын уюштуруу этабы: Окуучулар менен саламдашуу, жоктоо

Окуучулар сабактын башталышында бири-бирине жылмаю менен комплимент айтышат

НК3

ПК3

2

Акыл чабуулу:

Окуучуларга логикасын остуруу максатында бири-бирине суроо беруунун уюштуруу

Акыл гимнастикасы:

  1. Компьюдер деген өзү эмне?
  2. Компьютер бизге кандай жардам алып келди?

Жакшы жагы жана жаман терс жактары кайсылар санап бергиле?

НК3

ПК3

3

Жаңы билимди калыптандыруу этабы: Жаңы теманы үйрөнүүдө окуучуларды эки-экиден жана кичи топтордо иштөө ишмердүүлүгүн уюштуруу, материалды көрсөтүү, угуу, структуралык текстти окуу

Айлана-чөйрөнү карагылачы, бизди курчап тургандардын бардыгы:

класстагы проектор, үйдөгү муздаткыч, көчөдөгү жол чырак, заманбап

мультфильмдер жана онлайн оюндардан тартып атомдук станциялар жана

Айдагы роботторго чейин компьютерлердин жардамында түзүлгөн жана

башкарылат.

Маалыматтык технологиялар (МТ) биздин күндөлүк жашообузга сиңип

бара жатат. Алар биздин турмушубузду ыңгайлуу жана коопсуз, эң негизги-

си кандай гана маселе болбосун аларды тез арада чечкенге жардам берет.

Азыр биз көз ирмемде керектүү маалыматты онлайн энциклопедиялардан

таап, же болбосо башка өлкөдөгү досубузга билдирүү жөнөтө алабыз.

Учурда жасалма интеллект, виртуалдуу жана толукталган реалдуулук, жа-

салма органдарды өндүрүү үчүн биотехнологиялар сыяктуу фантастиканын

чегиндеги технологиялар кеңири колдонула баштады. Мындан бир канча

жыл мурда принтерде үч өлчөмдүү басып чыгаруу деген фантастика эле,

азыр болсо бүтүндөй үйдү басып чыгаруучу принтерлер жасалып чыкты.

Ошол эле учурда глобалдуу компьютерлештирүү заманында компьютердин

адамдын дене-бой жана психикалык ден соолугу-на тийгизген таасири жөнүндө да суроо жаралат.

Компьютерде көп олтуруу адамдын нервдик,эндокриндик, иммундук системаларынын өз-гөрүүсүнө алып келип, анын сөөк-булчуң аппарат-

тарына жана көзүнө терс таасирин тийгизет.

Гиподинамия – бул организмдин кый-мыл активдүүлү-гүнүн аздыгы,жалпы дене-бой активдүүлүгүнүн азайышы.

Технологиялардын өнүгүүсүнүн жакшы жактарына мисалдар:

  • ачык электрондук энциклопедияларга эркин кирүү;
  • маалыматтарды дароо жиберүү;
  • интернетти такси чакырууга, билеттерге заказ берүүгө пайдалануу;
  • онлайн дүкөндөрдөн буюмдарды сатып алуу;
  • болжолдоо үчүн жасалма интеллектти пайдалануу;
  • реалдуу объекттерди 3Dда басып чыгаруу.

Компьютерде иштөөдө өзүңөрдүн ден соолугуңарга зыян келтирбеш

үчүн төмөнкү эрежелерди сактоо керек:

• компьютерде үзгүлтүксүз иштөө режими 20 мүнөттөн ашпашы керек;

• тыныгууларда жеңил көнүгүүлөрдү жасап туруу керек;

• көзүңөр ачышса, көрүүңөр кескин начарласа, колуңардын манжаларында

ооруксунууну сезсеңер же жүрөгүңөрдүн тез-тез согушун байкасаңар тез

арада иш ордуңарды таштап, мугалимге билдиргиле;

• көздөн экранга чейинки аралык - 50-70 см (сунулган колдун аралыгындай

болуш керек);

• моюн кичине ийилген абалда;

• экран көздүн деңгээлинен кичине төмөнүрөөк жайгашышы керек;

• дене түз, ийиндер түшкөн жана эркин абалда болушу керек;

• тизелер жана чыканактар тик бурч боюнча жайгашышы керек;

• стулдун чети тизенин артына тийбей турушу керек;

• буттар түз жайгашып жана бири-бирине учкаштырылбашы керек.

НК1

ПК1

7

Бышыктоо:

2-маселе.

Төмөндө берилген тезистер боюнча таблицаны толтургула:

Компьютердин артыкчылыктары

Компьютердин кемчиликтери

Жумуш процессин жөнөкөйлөтҥҥ

 Маалыматты издөөнҥ ылдамдатуу

 Көзгө таасири

 Пчихикага таасири

 Баарлашуу процессин жеңилдетет

 Көңҥл ачуу ыкмасы

 Нурдануу

 Тирҥҥ бааралашуунун жоктугу.

Компьтердин пайдалуу жагына жана зыяндуу жагына

2 мисалдан келтиргиле.

НК3

ПК3

Жыйынтыктоо:

Рефлекция.

 Сабактын максаты реалисттик болдубу?

 Силер бүгүн эмнеге үйрөндүңөр?

 ПК менен коопсуз иштөөнүн негизги эрежелерин айтып бере аласыңарбы?

Баалоо

Баалоо критерийинин негизинде бааланышат.

Уй тапшырма

“Коопсуздук техникасы жана компьютер адамдын жашоосунда”

эрежелерди кайталоо, конспект тузуу, окуп келуу

Категория: Информатика
06.02.2024 18:40


Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!