СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кайназарова Зууракан (1902-1982)

Нажмите, чтобы узнать подробности

Республикабыздын борбору Бишкек шаарынын Эркиндик бульварында анын эстелиги орнотулган. Ал айкелден ак пейил, мээрман эненин, көптү көргөн даанышман адамдын жылуу иреңи көрүнөт. Кайназарова Зууракан Сокулук районундагы Жыламыш кыштагында туулган.

Кыргызстандагы колхоз курулушунун көрүнүктүү ишмери, атактуу кызылчачы катары республикабыздын айыл чарбасынын өнүгүшүнө зор салым кошкон. Зууракан апабыз эмгек жолун алгач колхозчу болуп иштөөдөн баштап, көп өтпөй эле кызылчачылар звеносун жетектеп, мамлекетке көп түшүм берип турду.

Айрыкча кан күйгөн согуш жылдарында, согуштан кийин да күнү-түнү бел чечпей эмгектенген. Анын звеносу ар гектар дан беш жүз центнерден кант кызылчасын алуу үчүн ал учурда бардык союздук республикалар арасында өткөрүлгөн бүткүл союздук мелдешке катышып, мөрөй алгандардын катарында болду.

Мээнеткеч дыйкандын эмгектик эрдиги жогору бааланып, 1947-жылы Социалисттик Эмгектин Баатыры деген наам алды. Бирок андан кийин да ал кызылчанын түшүмүн жогорулатуу үчүн талбай иштеп, 1957-жылы экинчи ирет Социалисттик Эмгектин Баатыры болду. Зууракан Кайназарованын эмгектик эрдиги - азыр да дыйкандарга сабак, жаш муундарга үлгү.

Дүйнөлүк рекорд

Кайназарова кызылча менен 1935-жылдан баштап алектене баштайт. Ал жылы Советтер Союзунун аймагында украиналык Мария Демченко бир гектардан 55 миң килограмм кызылча алды деген кабар тарап көпчүлүктү таң калтырган. Ошондо чүйлүк келин украиналык аял менен жарышып, ошол жылы эле ал көрсөткүчтү эки эсеге жогорулатып бир гектар жерден 103 тонна түшүм алып дүйнөлүк рекорд койгон. Андан соң кесиби боюнча адабияттарды окуп, башкалардын тажрыйбасын талдап, окумуштуулар менен байма-бай баарлашып изденүүсүн уланткан. Көпчүлүк суктанган ийгилик

СССРдин борбордук бийлиги аны кийинки жылы эле Москвага чакыртат. Ошентип эртеден кечке чейин талаада эмгектенген жаш Зууракан биринчи жолу темир жолду көрүп, поездге түшөт. Ал Кремлде бир жумадай жүрүп, 34 жашында Ленин орденин алган. Кайназарова гектарынан алган 1000-1250 центнер көрсөткүчүн ондогон жылдар бою сактап, Чүйдүн дагы бир белгилүү кызылчачысы Керимбүбү Шопокова менен ат салышкан.

Жети баланы асырап…

СССРдин Жогорку Советинин бир нече чакырылышынын депутаты жаш кезинде турмушка чыгып бир уулдуу болот. Бирок тагдырдын жазмышы менен баласынан жана жолдошунан айрылып калат. Кийин күйөөгө тийбей согуш маалдында жетим калган ар кыл улуттагы жети уул-кызды асырап, өз баласындай тарбиялап өстүргөн.

Талаада өткөн 40 жыл өмүр

Зууракан Кайназарова 40 жылдай өмүрүн кызылчага арнап, бир топ шакирттерди тарбиялаган. Союз маалында айыл чарба тармагында чогуу иштешип калган Жамин Акималиев анын күнү-түнү талаалап иштеп, көпчүлүк үчүн үлгү болгондугун эскерет. Кыйың кезеңде ал жыңайлак суу сугарып жүрүп 70 жашында буту ооруп баспай, 80 жашында көз жумган. Эмгекчилдиктин үлгүсү болгон Кайназарованын туулган күнү Кыргызстанда 2015-жылдан бери "Элеттик аялдардын күнү" катары белгиленип келет.

Категория: История
05.02.2020 17:10


Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!