26
2019 – жыл “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына” карата уюштурулган, “Математика ийриминин” окуучуларынын “Үч бурчтуктар өлкөсүнө саякат” аттуу кече
Алымкул Үсөнбаев атындагы “Арал” орто мектебинин математика/информатика мугалими Арапова Кундуз Акимовна
Сабактын темасы: Үч бурчтуктар жана алардын түрлөрү
Сабактын максаты:
Билим берүүчүлүк: | Өнүктүрүүчүлүк | Тарбия берүүчүлүк |
Үч бурчтуктар жана алардын түрлөрү темасы боюнча кайталап түшүнүк алышат | Үч бурчтуктар жана алардын түрлөрүнүн ар биринин өз орду жана эрежелеринин бузулбай тургандыгын билишет | Жекече жана топто иштөө менен жекече чечим чыгарууга, өз ара жардамдашууга, өз пикирин айтууга үйрөнүшөт |
Күтүүлүчү натыйжа |
Үч бурчтуктар жана алардын түрлөрү боюнча кайталап түшүнүк алышса | Үч бурчтуктар жана алардын түрлөрүнүн эрежелерин, геометриялык жайгашуусун билишсе | Өз ой – пикирин эркин айта алышса |
Сабактын жабдылышы: темага байланыштуу сүрөттөр, чиймелер, ырлар, сызгыч, транспортир, интерактивдүү доска ж.б
Сабактын тиби: класстан тышкаркы иш
Сабактын усулу: кайталоо, сахна – сабак
Предмет аралык байланыш: адабият, адеп, сүрөт, тарых, технология
Сабактын жүрүшү: уюштуруу; сценарий боюнча өтүлөт
Саламатсыңарбы урматтуу коноктор – мугалимдер, ата – энелер, окуучулар. Жергебизде тынчтык, ар бирибизде ден соолук, арабызда ынтымак болсун. Быйылкы “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына” карата уюштурулган, математика ийриминин катышуучулары менен биргеликте уюштурган иш чарабызга куш келиңиздер! Урматтуу коноктор сиздерди биз менен бирге саякатка чыгууну сунуштайбыз.
Мээримгүл:
Геометрия ааламында мейкиндик,
Мейкиндикти жара кескен тегиздик.
Тегиздиктен орун алган фигуралар,
Жашап келет кооз өлкө (сүрөттөрдүң парады көрсөтүлөт)
Кайсы өлкө экен? “Үч бурчтук”
Мугалим: Демек бүгүн биз үч бурчтуктар жана алардын түрлөрү тууралуу кайталоо сабагын өтөбүз (максаты менен тааныштырып өтөм)
Өздөрүн Тегиздик Эненин балдары атап алган,
Булар жөнүндө бир окуя билемин.
Бирок билбейм канчасы чын, канчасы жалган,
Канчасы бизге жетип, канчасы унут калган.
Себеби бул уламышты мага чоң атам айткан,
Ага айтыптыр өзүнүн чоң атасы,
Ошондуктан алдын ала кечирим сурайм,
Анча мынча кезигип калса катасы.
Өлкөсүндө тынчтык орноп турчу экен,
Бурчтарында булбул сайрап турчу экен.
Чокусунан бүркүт шаңшып, айланып,
Жактарында гүлдөр жайнап турчу экен.
Чындыгында бул өлкөнүн энеси,
Тегиздик Эне сыртынан колдоп, коргоп турчу экен
Сиздерге Таңсулуу “Үч бурчтук өлкөсү” тууралуу кыскача маалымат берет
Таңсулуу: Үч бурчтук өлкөсүнүн качан түзүлгөнү белгисиз. Биз билгенден жашап келе жатат, жашай берет. Аалам алкагында жайгашкан тегиздиктин чок ортосунда жайгашып, үч тарабынан Төрт бурчтук, Трапеция, Параллелограмм областтары менен чектешип турат жана алар менен тыгыз байланышта. Ошондой эле мейкиндиктеги Пирамида, Конус сыяктуу мамлекеттер менен алака түзүп келет. Негизги кирешеси: чет өлкөлөргө курулуш тармагындагы тактыкты экспорттоодон түшөт. Бүткүл Дүйнөлүк Фигуралар Уюмунун абройлуу тизмесине катталган. Үч бурчтук өлкөсү 3 партиядан түзүлгөн парламенттик башкаруудагы мамлекет. Мамлекеттик акча бирдиги - Бурчек. 1 бурчек = 100$
Логотиби көрсөтүлөт:
Көз карандысыз мамлекет катары атрибуттары желеги, герби, гимни кабыл алынган.
Гимни: (хор ырдашат)
Мекен болуп учсуз, чексиз тегиздик,
Тегиздикте тынч деңиздей бейпилдик.
Эчен кылым мурас калган урпакка,
Эсеп жеткис байлык өңдүү эркиндик.
Кайырма: Үч бурчтук, үч бурчтук,
Күч кубаты зор өлкө.
Үч бурчтук, үч бурчтук,
Бүт турпаты бай өлкө
Чокулары бийиктикке умтулган,
Чек арасы жактарынан куралган.
Биздин мекен келечеги кең өлкө,
Бир бурчуна батып кетет бүт аалам.
Кайырма:
Урааныбыз: “Чокудай бийик, жактардай бекем, бурчтардай кенен болобуз”.
Үч бурчтук мамлекетинин негизги мыйзамдары (кыскартылып берилди)
Берилген үч чекит тегиздиктин бетинде гана жатышы керек.
Тегиздиктеги чекиттер бир түз сызыкта жатууга болбойт.
Берилген чекиттер кесиндилер менен гана туташтырылууга тийиш.
Үч бурчтуктун бир жагынын узундугу калган эки жагынын узундугунун суммасынан кичине болушу керек.
Үч бурчтуктун ички бурчтарынын суммасы 180ока барабар.
Үч бурчтуктун периметрин табуу үчүн үч жагынын узундуктарын суммалоо керек.
Ар кандай үч бурчтуктун чоң жагынын каршысында чоң бурч жатат.
Үч бурчтуктун чокуларынын жана бурчтарынын укуктары жана милдеттери бирдей жана эрежелерге ылайык корголот.
Мээримгүл:
Тегиздиктин бетине коёбуз үч чекитти
А, В, С
Чекиттерди туташтырат үч кесинди
АВ, АС, ВС
Пайда болгон фигура үч бурчтук аталат
АВС.
С
А В
Үч бурчтуктун түрлөрүн,
Өздөрү айтсын, сүйлөсүн.
Мени айтпай кеттиң деп,
Дагы бирөө капа болуп жүрбөсүн.
Тең капталдуу үч бурчтук деген – мен,
Себеби: каптал жактарым баары тең.
Негизимде жаткан бурчтарым да,
Барабар бири – бири менен.
С
А В
Мында АВ – ВС – жактарым барабар,
Бурч А, бурч В барабар,
Атым айтып тургандай, жактарым дагы,
Бурчтарым да бири – бирине барабар.
Мага баары бипбирдей, Негизиме түшүрүлгөн
Биссектриса да, медиана да, бийиктик да,айырмасы жок мен үчүн.
С
А В
Мында АВ=ВС=АС,
А= В= С, ошондо канчадан болот?
Туура 60ока барабар.
Менде болсо тескерисинче, баары башкача,
Бурчтарым да, жактарым да ар түрдүү.
Ээ болот чоңдуктарга, узундуктарга.
Мында АВ барабар эмес ВСга, ал да барабар эмес АСга.
С В
А
Тинатин:
Үч бурчтук дегендин баары бирдей көрүнөт,
Бирок , булар бурчтары боюнча да үчкө бөлүнөт.
Эми өздөрү жөнүндө айтып беришсиш.
Кең бурчтуу үч бурчтукта,
Бир бурчу гана кең болот.
90отан чоң болот.
Калган бурчтары тар болот
90тан кем болот
С
А В В 90о
Менин бардык бурчтарым тар болгондуктан,
Тар бурчтуу үч бурчтук деп аталам.
Бурчтарым тар болгон менен пейилим кенен.
Бурчтарымдын чени баары кичине 90 градустан.
С
А В ВАСo , СBАo , АCВo тан
Бир бурчум тик, экөөсү тар,
Тик бурчум 90о ка барабар.
Тик бурчтуу үч бурчтук деп аталган
Ушундай үч бурчтук бар.
С
А В ВAС = 90o
Өзүңүздөр күбө болгондой
Биринин бурчу кең, биринин бурчу тик, биринин бурчу тар.
Бирок баарысынын эле,
Ички бурчтарынын суммасы 180 градуска барабар.
Эми үч бурчтуктарды чийүү үчүн кодонулгаг куралдар менен таанышалы:
Кана тыңша бол,
Менин атым бор.
Сабак түшүндүргөндө
Мугалимге болом кол.
Эмгегим зор,
Кээде тепсендиде калып,
Болуп калам кор.
Доскада турамын,
Жаз десе жазамын
Сыз десе сызамын
Кыскасы өңүмдөй ак кызмат кыламын.
-Сызгыч - Шумкар
Түз сызыкбы, шоолабы, кесиндиби
Баары менин колумдан чыгат.
Мугалимби, окуучубу
Доскагабы, кагазгабы баары бир мени менен сызат.
Бор эле эмес сызгыч деле элге кызмат кылат
Сүйлөмө сабактарда керегибиз жок,
Алгебра, геометрияда дайым ушинтип жумуш чыгып турат.
Дайым бизди пайдаланышат
Колу менен сызгандыр болуп калышат уят.
Бурчтун канча ченемин. Мына мен айтып беремин.
Туура өлчөөнү билсең сен, калганы болот мына менден.
Бурч үстүнө коёбуз, ары – бери бурабыз
Анан күбө болобуз
Өлчөө бирдигим градус менен
Градусту майдалап бөлсөк, минутага айланат
1 градус барабар 60 минутка мына мынтип, мына мынтип.
Биссектриса, биссекриса, кандай гана уккулуктуу
Кандай гана жагымдуу.
Уксаңар, уксаңар биссектриса, ааай
Эми мен өзүм жөнүндө айта кетсем,
Кайсы чокудан чыгам,
Өзүм чыккан бурчту тең экиге жарып өтөм.
С
А В АД – биссектриса
Д
Мында ∟ ВАС = ∟ДВС
Мен, мен деген – медиана,
Бирөөлөр мурда уккан, бирөөлөр эми гана.
Өзүм жөнүндө түшүндүрүп айтайын, бери кара
Биссериса чокудан чыгып бурчту тең экиге бөлсө,
Мен деле ошол чокудан чыгам,
Ары – бери карап көрөм
Бирок мен бурчту бөлбөй,
Карама – каршы жакты тең экиге бөлөм
Түшүндүңөрбү, мен деген медиана болом.
Медианага опшоп мактанчаак болбосом да,
Өзүмдү тааныштырганы турам.
Мен деле буларга окшоп чокудан чыгам,
Эки жакка көңүл бурам
90отук бурчту бурчту пайда кылам,
Карама – каршы жак менен,
Белгилүүмүн Бийиктик деген ат менен.
Айтып берейин билген, билбегенге,
Ушундай бир капарсыз күндөрдө
Ооматсыз, бактысыздык дегендер,
Ойдо жок жүргөндө
Жашоонун түсү өзгөрдү
Ушак, айың, күбүр – шыбыр күчөдү.
Акыры бышып жетилдиби,
Кайсы бир чогулушта ачыкка чыкты...
Жаман ылаң жуккандай баарына жукту.
Эми көз менен көргөндөй болобу,
Көңүл бурсаңыздар, өзүбүз күбө болобу
Менде азыр суроо – талап бар, биз чокулар чекиттербиз, туурабы? Үч бурчтукту сызуу үчүн адегенде чекиттерди коёрубуз анык да. Ошол чекиттерди кесиндилер менен туташтырып, үч бурчтукту алабыз, ушундайбы? Эгер чекит болбосо, кесиндилер эмнени туташтырат эле да, кайдан болмок үч бурчтук? Кесиндилер экөөңөр өзүңөрдү үч бурчтуктун негизги элементтери атап алып, эл алдында турасыңар мактанып. Андай болсо, биз чокуларкайда калдык, ушул да калыстыкпы, айткыла?! Туура сөздү орду – ордуна койгула, чындык жакка бир аз жакын болгула, бизди дагы негизги элемент деп өзүңөргө кошкула.
Туура айтасың, чекит деген бардык фигуралардын башталышы экендигин билебиз. Бирок силерди чекит дебей чокулар деп, бутубуз тегиздикте болсо дагы, силерди төбөбүзгө көтөрүп жүрөбүз.
Ээй, айткан сөзүн карагыла, карап көрүп баалагыла. Чокулар деп чокуңарга көтөрсөңөр, атыңарды үч чокулук атагыла, туурабы? А эмнеге болбосун? Биз канча убакыт тилсиз болуп жашайбыз, чокуларды тосуп турат жактары, канча кылымдан бери үч бурчтук деп атадык, келгиле эми өлкөбүздү “Үч чокулук” атайлы.
Көз каранды чоку болуп жүргүчөктү байланып,
Күчтү топтоп, бир чекитке айланып.
Биз өзүнчө өлкө болуп күнкорсуз,
БДФУнун тизмесине катталып:
Керек болсо фигурамын дегендер,
Бири калбай чекиттерден куралган.
Кошуп алсак чекиттердин баарысын,
Биздин колго өтүп кетет бүт аалам.
Мени карап, ойлонуп сүйлөсөңөр,
Мен айтайын, эгер силер билбесеңер
Силер болгону чекитсинер
Силерде эч кандай өлчөм жок,
Силерди ченей да алышпайт,
Силердин үстүңөрдөн маселе да иштей алышбайт. Ал гана эмес силерди өлчөөчү курал да жок. Кыскасы силер биз үчүн гана барсыңар. Аны билбей тим эле тайраңдайсыңар.
Силер айтып жаткандай кесиндилер чекиттерди чектебейт,
Биз силерди туташтырып турабыз.
Чындыгында, чын чынына келгенде,
Үч бурчтук дегенди мына биз, кесиндилер курабыз.
Биз болбосок чоку эмес чекит болуп каласың,
Анан кантип толук кандуу фигура боло аласың?
Андан көрө өлкөбүздү атасак кантет “үч жактык”,
Ушул сөзүм чындыкбы, кайдан ката табасың?
“Айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле”,
Өлкөбүздү “Үч чокулук” атагыдай сен эмне,
Өзүңдү ошого татыктуу деп ойлодуң беле?
Айткандар туура айтат, чекит эле атың болбосо, сен эч нерсе эмессиң.
Сен билгенди биз деле билебиз,
Бурчтук дегенди мына биз, кесиндилер түзөбүз,
Үч бурчтукбу, төрт бурчтукбу же көп бурчтукбу,
Ошондуктан биз болобуз өлкөнүн түркүгү, уюткусу.
Биз дагы кеңешип көрдүк, бармакты кестик,
Атыбызды үч бурчтук эмес, Үч чокулук эмес,
Үч жактык деп атоону чечтик.
Калыс сөзүн айтат десем, калпыс сөзүн айтат,
Кайдагыны сүйлөп, кайра беттен алат.
Керек болсо тегиздиктеги да, мейкиндиктеги да фигуралардын ата теги биз болобуз.
Баары бизден таралат
Баарыңар чекит атанын балдарысыңар,
Баарыңардан чекит каны агып турат.
Мурдуңадын учун гана көрөсүңөр,
Өлкөнү экиге эмес, мынтип үчкө бөлөсүңөр.
“Кайра кирер эшигиңди катуу жаппа”,
Эртең кантип кайрылып келесиңер?
Ичтен ирип тартибибиз бузулду,
Өздөн чыккан жат деген ушулбу?
Баркын билбей баасы бийик тынчтыктын,
Байкабадык уруп кетээр кусурду.
Эркиндик деп ээн ооз сүйлөп кутуруп,
Эссизди ээрчип, ээн калба унутулуп.
“Эсиң барда этегиңди жап” – деген.
Эсирбегин эртенкиңди унутуп.
Үч бурчтук өлкөсүнүн төбөсүнө кара булут айланып,
Тегиздик Эненин балдары бири – бирин укпай калды.
Биринин сөзү бирине жакпай калды,
Бири – бирине жакшы сөз айтпай калды.
Андай дешти, мындай дешти, бир пикирге келе албай,
Баары өзүн мыкты сезди, бирин бири жеңе албай.
Бир гана Тегиздик Эне келечекти ойлоп кейип турду,
Санаага батып, жүрөгүн эзип турду,
Мунун арты жакшылыкка алпарбасын сезип турду...
Бейпил турмуштан, эркин турмуштан,
Жеңил турмуштан тажаган,
Кежирленген жандар болот турбайбы?
Сонун көрүп башка жашоо,
Кесирленген жандар турбайбы?
Баары жакшы, баары жакшы дей берип,
Башаламан күндөр болуп кетерин,
Эркиндик деп эсирип, колдо бардын билбей баркын
Акыр заман күндөр болуп кетерин
Эркиндикке, бейпилдикке кошулуп өсүп жаткан кайдыгерлик,
Бир күн келип, түбүбүзгө жетерин,
Билбей калдык,
Тоодой болгон жакшылыкты томуктай эле жамандык,
Кең пейилдик, жоомарттыкты- кара өзгөйлүк, ичи тарлык, сараңдык,
Акыр бир күн келип анан жеңип кетип, түбүбүзгө жетерин
Билбей калдык, билбей калдык....
Ар кимиси өз чындыгын айтышып,
Улуу чындык жалгыз калды чыркырап.
Бир атанын балдарындай жүрчү эле,
Арасынан ыдырады ынтымак.
Эске түшөт Крыловдун тамсили,
Асман, сууга, кургакка деп тартышкан,
Арабадай үч бурчтуктун кешпири.
Оо, Тегиздик Энеке,
Биздин журтта жашачу эле теңчилик,
Кайсы жерден бизден кетти кемчилик?
Өкүнүчтөн күйүп турат өзөгүм,
Неден жаздык, кайда ката кетирдик?
“Өкүнбөгүн өткөнгө, кейибегин кеткенге”
Мындай кезде кыла албайсың эчнерсе.
“Бараарсың да, келээрсиң, мендей жерди таппайсың”, - болуп анан,
Кайра келет мурдуна суу жеткенде.
Не кылабыз, эмне болот келечек?
Не бир күчтүү өлкөлөргө тең элек.
Кантип, качан, кайда жана кандайча
Болуп кетти, ушуларга не себеп?
Бошошомун өзүмдү кармана албай,
Бөлүп кеткен боорумду каргай албай.
Алдыдагы күндөр турат туман болуп,
Акылыма күч келип аңдай албай.
Обу жокко теңелип, акылсыдык кылбагын,
Жараткандын сыноосу го бул дагын,
Сыноо деген сынуу эмес – күрөшүү,
Керек жерде ийил, бирок, сынбагын.
Арадан айлар өттү, күндөр өттү,
Өлкөдөгү кризис чегине жетти.
Жактар менен чокулар өз – өзүнчө
Катталабыз деп БДФУнун кеңсесине кетти.
Булардын кылганы эч кимге жакпады,
Жакпаган соң эч жерге батпады.
Кетишти эле демдерине нан бышып,
Эми жели чыгып, эси оогон чактары.
Барсаң эле келегой деп төргө өткөрбөйт турбайбы,
Жактар менен чокулар күтпөгөн да мындайды.
“Өз агасын агалай албай, киши агасын сагалаган”,
“Өз эшигинин алдынан аккан сууну баалабаган”.
Өздөрүн өздөрү жемелешип ичинен,
Дагы деле кынтык таап бири – биринин ишинен.
Мурун салам айтканды намыс көрүп,
Жакын турган аралыкты алыс көрүп.
Кайсы дубалды барып сүзүштү билбей,
Кимге карап күлүштү билбей
Чакырганга келбеген, ымдаганга зар болуп,
Куру намыс баш жарып,
Курган башты куру акыл башкарып.
Чүнчүп, жүдөп жүргөн кезде,
Чындык мээге киген кезде,
Тээ түпкүрдө уктап калган улуу намыс ойгонуп,
Бизди кайсы кара теке сүздү деген ой болуп,
Кайтып келди эңсеп, күсөп бул жакты,
Жыйыштырып тумчуктурган уятты.
Кайтып келдик эңсеп, күсөп бул жакты,
Жыйыштырып тумчуктурган уятты.
Оо, Тегиздик энеке,
Жарап берчи ушул жолу керекке
“Адашкандын айыбы жок”, - дешчү эле,
Жол көрсөтчү бизге окшогон, сөз укпаган тентекке.
Оо, Тегиздик Энеке,
Эбеп болчу ушул жолу себепке,
Салып кеттик азапка, каалагандай жазала.
Шерик болуп душманга тили ширин,
Шарт бөлүнүп кеттиби биримдигиң?
Жээги таш дайрадай бекем элең,
Жек көрдүңөр душмандай бири – бириң.
Жаакташып айтышып турасыңар,
Жакшы сөздү жар жакка бурасыңар.
Шылтоо кылып кыйкырып айткан сөздү.
Шыбырашып сүйлөсө да угасыңар.
Аралыгың турат го карыш болуп.
Адамдыгың турат го калыс болуп.
Аруу, таза жагыңарды көрбөйсүңөр,
Айткылачы өзүңөр калыс болуп.
Ай – ааламга жарык берер отуң кана,
Алаканга тап берер чогун кана?
Алыска да алдыга көз чаптырар
Ала Тоодой шаңкайган Чокуң кан?!
Чыгыш жактан агарган таңың кана,
Чилде өткөрүп, кайрылган жазың кана?
Чогуу болгон илгерки күндөрүң жок,
Чокуларың байлаган Жагын кана?
Айтылган бир акылды укчуң кана,
Арка, жөлөк, бел болуп турчуң кан?
Үч бурчтук атыңды сактап турган,
Үзүлгөндү улаган Бурчуң кана?
Бөлүнбөстөн бөгөтүң болчуң кана,
Бөксө жериң тегиздеп толчуң кана?
Чоочундардын алдында тизелебей,
Чокмор болуп согулчу Чокуң кана?
Мурдагыдай маанайың, шаңың кана,
Мокобогон маанайың, арың кана?
Көптүн иши дегенде билек түрө,
Көпүрөдөй кызмат кылчу Жагың кана?
Өлкөң үчүн өз жанын кыйчууң кана,
Өткөн ишке салават кылчууң кана?
Чагымчынын сөзүнө ээрчибестен,
Чагылгандай өрттөөчү курчуң кана,
Чагылгандай өрт – өзү Бурчуң кана?
Дайра болуп буулугам агыла албай,
Дартым айтып бирөөгө жарыла албай.
Өз майыма мен өзүм кууруламын,
Өзүңөрдү өзүңөргө кайрый албай.
Тааныбастан өзүңдүн кимдигиңди,
Талашасың басынтып бир – бириңди.
Жарап бере намыска бирөөң барбы,
Жыгытпай кармап калар түндүгүңдү?
Мекен үчүн курмандыкка чалчуң барбы,
Мертингендин ажатын аччуң барбы?
Чакчелекей убакта калыс болуп,
Чачылганды жыйнаган башчың барбы?
Көп ишине керегин берчүң барбы,
Көңүл дартын айттырбай сезчүң барбы?
Караңгыда көз тапкан көздүүң барбы,
Капилеттен сөз тапкан эстүүң барбы?
Мен ушуну айтышым керек беле,
Мендеги ой мээмди эзет неге.
Жакшы тилек дилиңерге орнобосо,
Жакшы сөздөр тилиңерге келет беле?
Айтылгандын баары эле акыл эмес,
Айкыргандын баары баатыр эмес.
Сыйын берип далыңды таптаса да,
Сыр бербеген жат сага жакын эмес.
Түсү ийгиден түңүлбөйт, күлүп жүргүн,
Түбү бирге биригет, билип жүргүн.
Бирөө келип сен үчүн күйүп бербейт,
Бекем сактап, эсиңе түйүп жүргүн.
Кургула кой үстүнө торгой уя,
Куурчагы душмандын болбогула.
Кайдыгер карабастан өзүңөргө,
Келечекти, эртеңди ойлогула.
Орноткула кой үстүнө торгой уя,
Оюнчугу душмандын болбогула.
Окуунун баркын билбей ойноп жүрүп,
Ойлобой күндү өткөрүп койбогула.
Бири – бириңе акаарат айтпагыла,
Бирөөлөрдүн эмгегин баалагыла.
Дүйнөнү өзгөртүүнү кааласаңар,
Өзүңөрдү өзгөртүүдөн баштагыла.
Кечирчи, кечир эне балдарыңды,
Сындырдык байкабастан назарыңды.
Дайым төгүп турсаң дагы мээримиңди,
Биз кейиттик сенин зээниңди.
Чоку болуш аста – аста, чекит болуш бир паста,
Деген сөздүн чындыгы бар турбайбы.
Чындыгында ойлонбопмун мындайды,
Кетет дешет, бөлүнгөндү бөрү жеп,
Кайда болсо күч бирдикте турбайбы
Кесиндилер туташтырбай,
Кесип кетип бооруңду,
Кээ бирлерин билбепмин,
Башка жактан издепмин,
Мында турган ордумду.
Билим күчү болоттой бекемдигин,
Билек күчү куу сүрөөн, бекеригин,
Кеч болсо да түшүндүк, кечиришип,
Көңүл сынса бүтөлбөйт экендигин.
Өткөн өмүр – качкан куш, экендигин,
Өмүр өтсө кайрылбай кетерлигин.
Кеч болсо да түшүндүк, кечиришип,
Эчтен көрө кеч жакшы экендигин.
Ырас жашоо жүз үйүрүп кетерлигин,
Ыйман, адеп болбосо бекерлигин.
Кеч болсо да түшүндүк, кечиришип,
Ырыс алды – ынтымак экендигин.
Ушундай болгон экен деп,
Уламыштан уккан кеп.
Ынтымагың жок болсо,
Ырдаганың бекер кеп.
Ким кандай түшүндү,
Кимге кандай жетти...