СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Үч бурчтуктар өлкөсү жөнүндө уламыш( сайттан алынды)

Категория: Геометрия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Үч бурчтуктар өлкөсү жөнүндө уламыш( сайттан алынды)»



2020 – жыл “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына” карата уюштурулган, Баткен областы Лейлек районундагы Д.Жороев атындагы жалпы негизги мектебинин 7-классынын окуучуларынын “Үч бурчтуктар өлкөсүнө саякат” аттуу кечеси

Сабактын темасы: Үч бурчтуктар жана алардын түрлөрү

Сабактын максаты:


Билим берүүчүлүк:

Өнүктүрүүчүлүк

Тарбия берүүчүлүк

Үч бурчтуктар жана алардын түрлөрү темасы боюнча кайталап түшүнүк алышат

Үч бурчтуктар жана алардын түрлөрүнүн ар биринин өз орду жана эрежелеринин бузулбай тургандыгын билишет

Жекече жана топто иштөө менен жекече чечим чыгарууга, өз ара жардамдашууга, өз пикирин айтууга үйрөнүшөт

Күтүүлүчү натыйжа

Үч бурчтуктар жана алардын түрлөрү боюнча кайталап түшүнүк алышса

Үч бурчтуктар жана алардын түрлөрүнүн эрежелерин, геометриялык жайгашуусун билишсе

Өз ой – пикирин эркин айта алышса


Сабактын жабдылышы: темага байланыштуу сүрөттөр, чиймелер, ырлар, сызгыч, транспортир, проектор ж.б

Сабактын тиби: ачык сабак

Сабактын усулу: сахна – сабак

Предмет аралык байланыш: адабият, адеп, сүрөт, тарых, технология

Сабактын жүрүшү: уюштуруу; сценарий боюнча өтүлөт

Саламатсыздарбы урматтуу коноктор – мугалимдер, жана окуучулар. Жергебизде тынчтык, ар бирибизде ден соолук, арабызда ынтымак болсун. Быйылкы “Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына” карата уюштурулган, 7-классынын окуучуларынын катышуучулары менен биргеликте уюштурулган ачык сабагыбызга куш келиңиздер! Урматтуу коноктор сиздерди биз менен бирге саякатка чыгууну сунуштайбыз.


1.Сабрина:

  • Геометрия ааламында мейкиндик,

Мейкиндикти жара кескен тегиздик.

Тегиздиктен орун алган фигуралар,

Жашап келет кооз өлкө (сүрөттөрдүң парады көрсөтүлөт)

Кайсы өлкө экен? “Үч бурчтук”

2.Мугалим: Демек бүгүн биз үч бурчтуктар жана алардын түрлөрү тууралуу сөз кылабыз

Өздөрүн Тегиздик Эненин балдары атап алган,

Булар жөнүндө бир окуя билемин.

Бирок билбейм канчасы чын, канчасы жалган,

Канчасы бизге жетип, канчасы унут калган.

  • Себеби бул уламышты мага чоң атам айткан,

Ага айтыптыр өзүнүн чоң атасы,

Ошондуктан алдын ала кечирим сурайм,

Анча мынча кезигип калса катасы.

  • Өлкөсүндө тынчтык орноп турчу экен,

Бурчтарында булбул сайрап турчу экен.

Чокусунан бүркүт шаңшып, айланып,

Жактарында гүлдөр жайнап турчу экен.

Чындыгында бул өлкөнүн энеси,

Тегиздик Эне сыртынан колдоп, коргоп турчу экен

Сиздерге азыр Бекболот “Үч бурчтук өлкөсү” тууралуу кыскача маалымат берет


3.Бекболот: Үч бурчтук өлкөсүнүн качан түзүлгөнү белгисиз. Биз билгенден жашап келе жатат, жашай берет. Аалам алкагында жайгашкан тегиздиктин чок ортосунда жайгашып, үч тарабынан Төрт бурчтук, Трапеция, Параллелограмм областтары менен чектешип турат жана алар менен тыгыз байланышта. Ошондой эле мейкиндиктеги Пирамида, Конус сыяктуу мамлекеттер менен алака түзүп келет. Негизги кирешеси: чет өлкөлөргө курулуш тармагындагы тактыкты экспорттоодон түшөт. Бүткүл Дүйнөлүк Фигуралар Уюмунун абройлуу тизмесине катталган. Үч бурчтук өлкөсү 3 партиядан түзүлгөн парламенттик башкаруудагы мамлекет. Мамлекеттик акча бирдиги - Бурчек. 1 бурчек = 100$

4.Хор (Хор)

Мекен болуп учсуз, чексиз тегиздик,

Тегиздикте тынч деңиздей бейпилдик.

Эчен кылым мурас калган урпакка,

Эсеп жеткис байлык өңдүү эркиндик.

Үч бурчтук, үч бурчтук,

Күч кубаты зор өлкө.

Үч бурчтук, үч бурчтук,

Карегимдей ыйык сактай берели.

Үч бурчтук, үч бурчтук,

Бүт турпаты бай өлкө

Бузбай сактап урпактарга берели.

Чокулары бийиктикке умтулган,

Чек арасы жактарынан куралган.

Биздин мекен келечеги кең өлкө,

Бир бурчуна батып кетет бүт аалам.


5.Тахмина Урааныбыз: “Чокудай бийик, жактардай бекем, бурчтардай кенен болобуз”.

Үч бурчтук мамлекетинин негизги мыйзамдары (кыскартылып берилди)

  1. Берилген үч чекит тегиздиктин бетинде гана жатышы керек.

  2. Тегиздиктеги чекиттер бир түз сызыкта жатууга болбойт.

  3. Берилген чекиттер кесиндилер менен гана туташтырылууга тийиш.

  4. Үч бурчтуктун бир жагынын узундугу калган эки жагынын узундугунун суммасынан кичине болушу керек.

  5. Үч бурчтуктун ички бурчтарынын суммасы 180ока барабар.

  6. Үч бурчтуктун периметрин табуу үчүн үч жагынын узундуктарын суммалоо керек.

  7. Ар кандай үч бурчтуктун чоң жагынын каршысында чоң бурч жатат.

  8. Үч бурчтуктун чокуларынын жана бурчтарынын укуктары жана милдеттери бирдей жана эрежелерге ылайык корголот.


6.Алманбет Тегиздиктин бетине коёбуз үч чекитти

А, В, С

Чекиттерди туташтырат үч кесинди

АВ, АС, ВС

Пайда болгон фигура үч бурчтук деп аталат

АВС.

С





А В

Үч бурчтуктун түрлөрүн,

Өздөрү айтсын, сүйлөсүн.

Мени айтпай кеттиң деп,

Дагы бирөө капа болуп жүрбөсүн.

  • Тең капталдуу үч бурчтук:

Тең капталдуу үч бурчтук деген – мен,

Себеби: каптал жактарым баары тең.

Негизимде жаткан бурчтарым да,

Барабар бири – бири менен.

С





А В

Мында АВ – ВС – жактарым барабар,

Бурч А, бурч В барабар,

  • Тең жактуу үч бурчтук:

Атым айтып тургандай, жактарым дагы,

Бурчтарым да бири – бирине барабар.

Мага баары бипбирдей, негизиме түшүрүлгөн

Биссектриса да, медиана да, бийиктик да,айырмасы жок мен үчүн.

С



А В

Мында АВ=ВС=АС,

А= В= С, ошондо канчадан болот?

Туура 60ока барабар.

  • Түрдүү жактуу үч бурчтук:

Менде болсо тескерисинче, баары башкача,

Бурчтарым да, жактарым да ар түрдүү.

Ээ болот чоңдуктарга, узундуктарга.

Мында АВ барабар эмес ВСга, ал да барабар эмес АСга.

С В



А


7.Рустам:

  • Үч бурчтук дегендин баары бирдей көрүнөт,

Бирок , булар бурчтары боюнча да үчкө бөлүнөт.

Эми өздөрү жөнүндө айтып беришсин.

  • Кең бурчтуу үч бурчтук:

Кең бурчтуу үч бурчтукта,

Бир бурчу гана кең болот.

90отан чоң болот.

Калган бурчтары тар болот

тан кем болот

С




А В В 90о

  • Тар бурчтуу үч бурчтук:

Менин бардык бурчтарым тар болгондуктан,

Тар бурчтуу үч бурчтук деп аталам.

Бурчтарым тар болгон менен пейилим кенен.

Бурчтарымдын чени баары кичине 90 градустан.

С





А В ВАСo , СBАo , АCВo тан

  • Тик бурчтуу үч бурчтук:

Бир бурчум тик, экөөсү тар,

Тик бурчум 90о ка барабар.

Тик бурчтуу үч бурчтук деп аталган

Ушундай үч бурчтук бар.

С



А В ВAС = 90o

  • 8.Нуржигит:

Өзүңүздөр күбө болгондой

Биринин бурчу кең, биринин бурчу тик, биринин бурчу тар.

Бирок баарысынын эле,

Ички бурчтарынын суммасы 180 градуска барабар.

  • 9.Мугалим:

Эми үч бурчтуктарды чийүү үчүн кодонулгаг куралдар менен таанышалы:

  • 10.Бор (Рустам) реп айтат

Кана тыңша бол,

Менин атым бор.

Сабак түшүндүргөндө

Мугалимге болом кол.

Эмгегим зор,

Кээде тепсендиде калып,

Болуп калам кор.

Доскада турамын,

Жаз десе жазамын

Сыз десе сызамын

Кыскасы өңүмдөй ак кызмат кыламын.



11.-Алманбет - Сызгыч

Түз сызыкбы, шоолабы, кесиндиби

Баары менин колумдан чыгат.

Мугалимби, окуучубу

Доскагабы, кагазгабы баары бир мени менен сызат.

Бор эле эмес сызгыч деле элге кызмат кылат



Сүйлөмдө сабактарда керегибиз жок,

Алгебра, геометрияда дайым ушинтип жумуш чыгып турат.

Дайым бизди пайдаланышат

Колу менен сызгандар болуп калышат, уят.

  • 12.Транспортир Рамис:

Бурчтун канча ченемин. Мына мен айтып беремин.

Туура өлчөөнү билсең сен, калганы калганы болот мына менден.

Бурч үстүнө коёбуз, ары – бери бурабыз

Анан күбө болобуз

Өлчөө бирдигим градус менен

Градусту майдалап бөлсөк, минутага айланат

1 градус барабар 60 минутка мына мынтип, мына мынтип.

  • 13Сабрина– Нагима:

Биссектриса, биссекриса, кандай гана уккулуктуу

Кандай гана жагымдуу.

Уксаңар, уксаңар биссектриса, ааай

Эми мен өзүм жөнүндө айта кетсем,

Кайсы чокудан чыгам,

Өзүм чыккан бурчту тең экиге жарып өтөм.

С











А В АД – биссектриса

Д

Мында ∟ ВАС = ∟ДВС

  • 14.Медиана – Бекболот:

Мен, мен деген – медиана,

Бирөөлөр мурда уккан, бирөөлөр эми гана.

Өзүм жөнүндө түшүндүрүп айтайын, бери кара

Биссектриса чокудан чыгып бурчту тең экиге бөлсө,

Мен деле ошол чокудан чыгам,

Ары – бери карап көрөм

Бирок мен бурчту бөлбөй,

Карама – каршы жакты тең экиге бөлөм

Түшүндүңөрбү, мен деген медиана болом.

  • 15.Бийиктик – Нуржигит

Медианага опшоп мактанчаак болбосом да,

Өзүмдү тааныштырганы турам.

Мен деле буларга окшоп чокудан чыгам,

Эки жакка көңүл бурам

90отук бурчту бурчту пайда кылам,

Карама – каршы жак менен,

Белгилүүмүн Бийиктик деген ат менен.

  • 16.Тахмина:

Айтып берейин билген, билбегенге,

Ушундай бир капарсыз күндөрдө

Ооматсыз, бактысыздык дегендер,

Ойдо жок жүргөндө

Жашоонун түсү өзгөрдү

Ушак, айың, күбүр – шыбыр күчөдү.

Акыры бышып жетилдиби,

Кайсы бир чогулушта ачыкка чыкты...

Жаман ылаң жуккандай баарына жукту.

Эми көз менен көргөндөй болобу,

Көңүл бурсаңыздар, өзүбүз күбө болобу

  • 17.Чоку –Алманбет:

Менде азыр суроо – талап бар, биз чокулар чекиттербиз, туурабы? Үч бурчтукту сызуу үчүн адегенде чекиттерди коёрубуз анык да. Ошол чекиттерди кесиндилер менен туташтырып, үч бурчтукту алабыз, ушундайбы? Эгер чекит болбосо, кесиндилер эмнени туташтырат эле да, кайдан болмок үч бурчтук? Кесиндилер экөөңөр өзүңөрдү үч бурчтуктун негизги элементтери атап алып, эл алдында турасыңар мактанып. Андай болсо, биз чокуларкайда калдык, ушул да калыстыкпы, айткыла?! Туура сөздү орду – ордуна койгула, чындык жакка бир аз жакын болгула, бизди дагы негизги элемент деп өзүңөргө кошкула.

  • 18.Бурч – Бекболот:

Туура айтасың, чекит деген бардык фигуралардын башталышы экендигин билебиз. Бирок силерди чекит дебей чокулар деп, бутубуз тегиздикте болсо дагы, силерди төбөбүзгө көтөрүп жүрөбүз.

  • 19. 1 – чоку –Рустам:

Ээй, айткан сөзүн карагыла, карап көрүп баалагыла. Чокулар деп чокуңарга көтөрсөңөр, атыңарды үч чокулук атагыла, туурабы? А эмнеге болбосун? Биз канча убакыт тилсиз болуп жашайбыз, чокуларды тосуп турат жактары, канча кылымдан бери үч бурчтук деп атадык, келгиле эми өлкөбүздү “Үч чокулук” атайлы.

  • 20. 2 – чоку –Алманбет:

Көз каранды чоку болуп жүргүчөктү байланып,

Күчтү топтоп, бир чекитке айланып.

Биз өзүнчө өлкө болуп күнкорсуз,

БДФУнун тизмесине катталып:

Керек болсо фигурамын дегендер,

Бири калбай чекиттерден куралган.

Кошуп алсак чекиттердин баарысын,

Биздин колго өтүп кетет бүт аалам.

  • 21. Бурч –Бекболот:

Мени карап, ойлонуп сүйлөсөңөр,

Мен айтайын, эгер силер билбесеңер

Силер болгону чекитсинер

Силерде эч кандай өлчөм жок,

Силерди ченей да алышпайт,

Силердин үстүңөрдөн маселе да иштей алышбайт. Ал гана эмес силерди өлчөөчү курал да жок. Кыскасы силер биз үчүн гана барсыңар. Аны билбей тим эле тайраңдайсыңар.

  • 22.Кесинди –Алманбет:

Силер айтып жаткандай кесиндилер чекиттерди чектебейт,

Биз силерди туташтырып турабыз.

Чындыгында, чын чынына келгенде,

Үч бурчтук дегенди мына биз, кесиндилер курабыз.

  • 23.Кесинди –Нуржигит:

Биз болбосок чоку эмес чекит болуп каласың,

Анан кантип толук кандуу фигура боло аласың?

Андан көрө өлкөбүздү атасак кантет “үч жактык”,

Ушул сөзүм чындыкбы, кайдан ката табасың?

  • 24.Кесинди – Сабрина:

“Айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле”,

Өлкөбүздү “Үч чокулук” атагыдай сен эмне,

Өзүңдү ошого татыктуу деп ойлодуң беле?

Айткандар туура айтат, чекит эле атың болбосо, сен эч нерсе эмессиң.

Сен билгенди биз деле билебиз,

Бурчтук дегенди мына биз, кесиндилер түзөбүз,

Үч бурчтукбу, төрт бурчтукбу же көп бурчтукбу,

Ошодуктан биз болобуз өлкөнүн түркүгү, уюткусу.

Биз дагы кеңешип көрдүк, бармакты кестик,

Атыбызды үч бурчтук эмес, Үч чокулук эмес,

Үч жактык деп атоону чечтик.

  • 25.Чоку –Тахмина:

Калыс сөзүн айтат десем, калпыс сөзүн айтат,

Кайдагыны сүйлөп, кайра беттен алат.

Керек болсо тегиздиктеги да, мейкиндиктеги да фигуралардын ата теги биз болобуз.

Баары бизден таралат

Баарыңар чекит атанын балдарысыңар,

Баарыңардан чекит каны агып турат.

  • 26.Бурч –Бектолот:

Мурдуңадын учун гана көрөсүңөр,

Өлкөнү экиге эмес, мынтип үчкө бөлөсүңөр.

“Кайра кирер эшигиңди катуу жаппа”,

Эртең кантип кайрылып келесиңер?

  • 27.Бурч –Сабрина:

Ичтен ирип тартибибиз бузулду,

Өздөн чыккан жат деген ушулбу?

Баркын билбей баасы бийик тынчтыктын,

Байкабадык уруп кетээр кусурду.

Эркиндик деп ээн ооз сүйлөп кутуруп,

Эссизди ээрчип, ээн калба унутулуп.

“Эсиң барда этегиңди жап” – деген.

Эсирбегин эртенкиңди унутуп.

  • 28.Алманбет:

Үч бурчтук өлкөсүнүн төбөсүнө кара булут айланып,

Тегиздик Эненин балдары бири – бирин укпай калды.

Биринин сөзү бирине жакпай калды,

Бири – бирине жакшы сөз айтпай калды.

Андай дешти, мындай дешти, бир пикирге келе албай,

Баары өзүн мыкты сезди, бирин бири жеңе албай.

Бир гана Тегиздик Эне келечекти ойлоп кейип турду,

Санаага батып, жүрөгүн эзип турду,

Мунун арты жакшылыкка алпарбасын сезип турду...

  • 29.Тегиздик Эне –МУГАЛИМ:

Бейпил турмуштан, эркин турмуштан,

Жеңил турмуштан тажаган,

Кежирленген жандар болот турбайбы?

Сонун көрүп башка жашоо,

Кесирленген жандар турбайбы?

Баары жакшы, баары жакшы дей берип,

Башаламан күндөр болуп кетерин,

Эркиндик деп эсирип, колдо бардын билбей баркын

Акыр заман күндөр болуп кетерин

Эркиндикке, бейпилдикке кошулуп өсүп жаткан кайдыгерлик,

Бир күн келип, түбүбүзгө жетерин,

Билбей калдык,

Тоодой болгон жакшылыкты томуктай эле жамандык,

Кең пейилдик, жоомарттыкты- кара өзгөйлүк, ичи тарлык, сараңдык,

Акыр бир күн келип анан жеңип кетип, түбүбүзгө жетерин

Билбей калдык, билбей калдык....

Ар кимиси өз чындыгын айтышып,

Улуу чындык жалгыз калды чыркырап.

Бир атанын балдарындай жүрчү эле,

Арасынан ыдырады ынтымак.

Эске түшөт Крыловдун тамсили,

Асман, сууга, кургакка деп тартышкан,

Арабадай үч бурчтуктун кешпири.

  • 30.Бурч –Бекболот:

Оо, Тегиздик Энеке,

Биздин журтта жашачу эле теңчилик,

Кайсы жерден бизден кетти кемчилик?

Өкүнүчтөн күйүп турат өзөгүм,

Неден жаздык, кайда ката кетирдик?

  • 31.Тегиздик Эне – Мугалим:

“Өкүнбөгүн өткөнгө, кейибегин кеткенге”

Мындай кезде кыла албайсың эчнерсе.

“Бараарсың да, келээрсиң, мендей жерди таппайсың”, - болуп анан,

Кайра келет мурдуна суу жеткенде.

  • 32.Бурч – Тахмина

Не кылабыз, эмне болот келечек?

Не бир күчтүү өлкөлөргө тең элек.

Кантип, качан, кайда жана кандайча

Болуп кетти, ушуларга не себеп?

Бошошомун өзүмдү кармана албай,

Бөлүп кеткен боорумду каргай албай.

Алдыдагы күндөр турат туман болуп,

Акылыма күч келип аңдай албай.

  • 33.Тегиздик Эне – Мугалим

Обу жокко теңелип, акылсыздык кылбагын,

Жараткандын сыноосу го бул дагын,

Сыноо деген сынуу эмес – күрөшүү,

Керек жерде ийил, бирок, сынбагын.

Арадан айлар өттү, күндөр өттү,

Өлкөдөгү кризис чегине жетти.

Барсаң эле келегой деп төргө өткөрбөйт турбайбы,

Жактар менен чокулар күтпөгөн да мындайды.

“Өз агасын агалай албай, киши агасын сагалаган”,

“Өз эшигинин алдынан аккан сууну баалабаган”.

Өздөрүн өздөрү жемелешип ичинен,

Дагы деле кынтык таап бири – биринин ишинен.

Мурун салам айтканды намыс көрүп,

Жакын турган аралыкты алыс көрүп.

Кайсы дубалды барып сүзүштү билбей,

Кимге карап күлүштү билбей

Чакырганга келбеген, ымдаганга зар болуп,

Куру намыс баш жарып,

Курган башты куру акыл башкарып.

Чүнчүп, жүдөп жүргөн кезде,

Чындык мээге киген кезде,

Тээ түпкүрдө уктап калган улуу намыс ойгонуп,

Бизди кайсы кара теке сүздү деген ой болуп,

Кайтып келди эңсеп, күсөп бул жакты,

Жыйыштырып тумчуктурган уятты.

  • 34.Чоку, Кесинди:Нуржигит

Кайтып келдик эңсеп, күсөп бул жакты,

Жыйыштырып тумчуктурган уятты.

  • 35.Чоку –

Оо, Тегиздик энеке,

Жарап берчи ушул жолу керекке

“Адашкандын айыбы жок”, - дешчү эле,

Жол көрсөтчү бизге окшогон, сөз укпаган тентекке.

  • 36.Кесинди –Сабрина:

Оо, Тегиздик Энеке,

Эбеп болчу ушул жолу себепке,

Салып кеттик азапка, каалагандай жазала.

  • 37.Тегиздик Эне – МУГАЛИМ

Шерик болуп душманга тили ширин,

Шарт бөлүнүп кеттиби биримдигиң?

Жээги таш дайрадай бекем элең,

Жек көрдүңөр душмандай бири – бириң.

Жаакташып айтышып турасыңар,

Жакшы сөздү жар жакка бурасыңар.

Шылтоо кылып кыйкырып айткан сөздү.

Шыбырашып сүйлөсө да угасыңар.

Аралыгың турат го карыш болуп.

Адамдыгың турат го калыс болуп.

Аруу, таза жагыңарды көрбөйсүңөр,

Айткылачы өзүңөр калыс болуп.

Ай – ааламга жарык берер отуң кана,

Алаканга тап берер чогун кана?

Алыска да алдыга көз чаптырар

Ала Тоодой шаңкайган Чокуң кан?!

Чыгыш жактан агарган таңың кана,

Чилде өткөрүп, кайрылган жазың кана?

Чогуу болгон илгерки күндөрүң жок,

Чокуларың байлаган Жагын кана?

Айтылган бир акылды укчуң кана,

Арка, жөлөк, бел болуп турчуң кан?

Үч бурчтук атыңды сактап турган,

Үзүлгөндү улаган Бурчуң кана?

Бөлүнбөстөн бөгөтүң болчуң кана,

Бөксө жериң тегиздеп толчуң кана?

Чоочундардын алдында тизелебей,

Чокмор болуп согулчу Чокуң кана?

Мурдагыдай маанайың, шаңың кана,

Мокобогон маанайың, арың кана?

Көптүн иши дегенде билек түрө,

Көпүрөдөй кызмат кылчу Жагың кана?

Өлкөң үчүн өз жанын кыйчууң кана,

Өткөн ишке салават кылчууң кана?

Чагымчынын сөзүнө ээрчибестен,

Чагылгандай өрттөөчү курчуң кана,

Чагылгандай өрт – өзү Бурчуң кана?

Дайра болуп буулугам агыла албай,

Дартым айтып бирөөгө жарыла албай.

Өз майыма мен өзүм кууруламын,

Өзүңөрдү өзүңөргө кайрый албай.

Тааныбастан өзүңдүн кимдигиңди,

Талашасың басынтып бир – бириңди.

Жарап бере намыска бирөөң барбы,

Жыгытпай кармап калар түндүгүңдү?

Мекен үчүн курмандыкка чалчуң барбы,

Мертингендин ажатын аччуң барбы?

Чакчелекей убакта калыс болуп,

Чачылганды жыйнаган башчың барбы?

Көп ишине керегин берчүң барбы,

Көңүл дартын айттырбай сезчүң барбы?

Караңгыда көз тапкан көздүүң барбы,

Капилеттен сөз тапкан эстүүң барбы?

Мен ушуну айтышым керек беле,

Мендеги ой мээмди эзет неге.

Жакшы тилек дилиңерге орнобосо,

Жакшы сөздөр тилиңерге келет беле?

Айтылгандын баары эле акыл эмес,

Айкыргандын баары баатыр эмес.

Сыйын берип далыңды таптаса да,

Сыр бербеген жат сага жакын эмес.

Түсү ийгиден түңүлбөйт, күлүп жүргүн,

Түбү бирге биригет, билип жүргүн.

Бирөө келип сен үчүн күйүп бербейт,

Бекем сактап, эсиңе түйүп жүргүн.

Кургула кой үстүнө торгой уя,

Куурчагы душмандын болбогула.

Кайдыгер карабастан өзүңөргө,

Келечекти, эртеңди ойлогула.

Орноткула кой үстүнө торгой уя,

Оюнчугу душмандын болбогула.

Окуунун баркын билбей ойноп жүрүп,

Ойлобой күндү өткөрүп койбогула.

Бири – бириңе акаарат айтпагыла,

Бирөөлөрдүн эмгегин баалагыла.

Дүйнөнү өзгөртүүнү кааласаңар,

Өзүңөрдү өзгөртүүдөн баштагыла.

  • 38.Бурч – Рамис

Кечирчи, кечир эне балдарыңды,

Сындырдык байкабастан назарыңды.

Дайым төгүп турсаң дагы мээримиңди,

Биз кейиттик сенин зээниңди.

  • 39.Чоку Алманбет

Чоку болуш аста – аста, чекит болуш бир паста,

Деген сөздүн чындыгы бар турбайбы.

Чындыгында ойлонбопмун мындайды,

Кетет дешет, бөлүнгөндү бөрү жеп,

Кайда болсо күч бирдикте турбайбы

  • 40.Кесинди – Рустам

Кесиндилер туташтырбай,

Кесип кетип бооруңду,

Кээ бирлерин билбепмин,

Башка жактан издепмин,

Мында турган ордумду.

  • 41.Бурч – Бекболот

Билим күчү болоттой бекемдигин,

Билек күчү куу сүрөөн, бекеригин,

Кеч болсо да түшүндүк, кечиришип,

Көңүл сынса бүтөлбөйт экендигин.

  • 42.Чоку – Рустам

Өткөн өмүр – качкан куш, экендигин,

Өмүр өтсө кайрылбай кетерлигин.

Кеч болсо да түшүндүк, кечиришип,

Эчтен көрө кеч жакшы экендигин.

  • 43.Кесинди – Сабрина

Ырас жашоо жүз үйүрүп кетерлигин,

Ыйман, адеп болбосо бекерлигин.

Кеч болсо да түшүндүк, кечиришип,

Ырыс алды – ынтымак экендигин.

Ушундай болгон экен деп,

Уламыштан уккан кеп.

Ынтымагың жок болсо,

Ырдаганың бекер кеп.

Ким кандай түшүндү,

Кимге кандай жетти...анда эмесе урматтуу коноктор ушуну менен сиздерге баяндамакчы болгон фигуралардын баяны соңуна келип жетти


















Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!