СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбиялык сааттын планы

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык сааттын планы»

Тема: Кылмыштуулук деген эмне?

Сабактын максаты: окуучуларга кылмыш, кылмыштуулук, рэкетчилик, уурулук ж.б. жаман адаттар жөнундө тушунүк берип, аладын ой пикирин угуп, коомдогу негизги койгөйлөрдү талкуулоо.

Сабактын жүрүшу: балдар кыскача коомго жат көрунуштөрдөн үзүндү аткарышат. Ал көрүнүштун коомго жат жактарын талкуулашат.

Мугалимдин сөзү:

Мезгилдин жүрөк өйүткөн азыркы көйгөйу мектеп окуучуларынын арасындагы майда рэкетчилик, хулигандык, кылмыштуулук болуп жатат. Арабызда бул көрүнүштөр күндөн кунгө куч алып баратканы байкалууда. Айрыкча шаар четинде мектептерде, райондук , областтык мектептерде кобүрөок байкалууда.

Өспурүм кез – инсандын калыптануу мезгили. Ушул учурда көпчүлүк уул кыздарыбыз туура эмес жолдорго түшуп кетишет. Улуулардын айткан создөрүн укпай адепсиз аракеттерди жасап жатышат. Өспурүм куракта муноздүн андан аркы калыптануусу журот. Кылмыштуулукка да ушул куракта коп барышат.

Кылмыштуулук:

  • Орой суйлөө, адеп эрежелерин сактабоо.

  • Коралбастык , бирөөгө зыян келтирүү.

  • Коомго туура эмес мамиледе болуу.

  • Уурулук, каракчылык.

  • Зордук – зомбулук.

  • Бангилик, аракечтик.

  • Бейбаштык, хулигандык.

  • Мушташуу, сөгүнүү.

  • Сабакты көп калтыруу.

  • Укук бузуу.

  • Журүм турум эрежесине каршы туруу ж.б.


Арабызда ар кандай шартта жашаган үй бүлолөр бар. Бай, дөөлөттүү үй бүлөнун балдарын колунда жок бей бечаранын балдарына үстөмдүк кылышат. “Крышасы” бар деп байдын балдарына катуу айтып, каршы чыга алышпайт.

Рэкетчилдик – англис тилинен которгондо “зордук, зомбулук”дегенди тушүндүрөт.


Кылмыштуулуктун алдын алуу үчүн эмне кылуу керек?

  • Сабакты көп калтырбоого аракеттенүү.

  • Ата-эне менен тыгыз байланышта болуу.

  • Мектептеги ар кандай ийримдерге катышуу.

  • Бош убакытты туура пайдалануу.

  • Улуулардын айткандарын угуу.

  • Ыймандуу болуу.

Кимдер бул жолго барышат:

Кандай себептер менен:

  • Рэкетчиликке барган бала озүн кыйын сезет.

  • Туура эмес тарбия, балага “коркпо” деген ата-эненин созу.

  • Кароосуз калган балдар, бирөөнүн колунда тарбиялагандар.

  • Коомдогу терс көрүнуштөрдү сыналгы, интернеттен көрүү.

  • Баланын акчага муктаж болуусу.

  • Бекерчилик, жалкоолук.


Уяттуулук ар дайым балага жакшылык алып келет.

Өсөөрүбуз да өчөрүбүз да тарбиядан”

Майда кылмышты жазаласан, чоң кылмыштын алдын аласың”ж.б. макал, накыл создөрду балдар айтышат. Бири-бирин сыйлоого, ата-эненин, угалимдердин, улуулардын айткандарын эске сактап адептүу бала болууга сөз беришет.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!