СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбиялык саат Ак калпак

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык саат Ак калпак»

Желкайып Касымбаева атындагы №2 мектеп-гимназиясы

Желкайып Касымбаева атындагы №2 мектеп-гимназиясы

Негизги компетенттүүлүктөр Сабактын максаты 1.Маалыматтык А) Улуттук баш кийимдердин баалуулугун, аларды урматтап сактап кийип жүрүү керек экенин билишет. Көрсөткүчтөр: Жогорудагы Улуттук баш кийимибиз Ак калпактын пайдалуулугун, баалуулугун даңазалашат. коюлган максаттар ишке ашат, эгерде: Окуучулар улуттук баш кийимдердин баалуулугун билишсе 2.Социалдык- Баш кийимдерди урматтап, барктап кийип жүрө алышса Балдар баш кийимди ыйык сактоону үйрөнүшсө коммуникациялык б) Улуттук баш кийим Ата мурас экенин ошондой эле аны турмушта барктап, аздектеп кийүүнү билишет Улуттук баш кийим Ата мурасы экенин билишсе 3.Өз ишин уюштуруу Аны барктаса жана көйгөйлөрүн в) Окуучулар баш кийимди ыйык сактоого, баш кийимди эч нерсеге алмаштырбоого үйрөнүшөт. Аздектеп кийүүнү билишсе чечүү компетенттүүлүгү Баш кийимди эч нерсеге алмаштырбоону үйрөнүшсө

Негизги

компетенттүүлүктөр

Сабактын максаты

1.Маалыматтык

А) Улуттук баш кийимдердин баалуулугун, аларды урматтап сактап кийип жүрүү керек экенин билишет.

Көрсөткүчтөр: Жогорудагы

Улуттук баш кийимибиз Ак калпактын пайдалуулугун, баалуулугун даңазалашат.

коюлган максаттар ишке ашат, эгерде:

Окуучулар улуттук баш кийимдердин баалуулугун билишсе

2.Социалдык-

Баш кийимдерди урматтап, барктап кийип жүрө алышса

Балдар баш кийимди ыйык сактоону үйрөнүшсө

коммуникациялык

б) Улуттук баш кийим Ата мурас экенин ошондой эле аны турмушта барктап, аздектеп кийүүнү билишет

Улуттук баш кийим Ата мурасы экенин билишсе

3.Өз ишин уюштуруу

Аны барктаса

жана көйгөйлөрүн

в) Окуучулар баш кийимди ыйык сактоого, баш кийимди эч нерсеге алмаштырбоого үйрөнүшөт.

Аздектеп кийүүнү билишсе

чечүү компетенттүүлүгү

Баш кийимди эч нерсеге алмаштырбоону үйрөнүшсө

Кыргызымдын башында  Ак калпагы кийилген Жарашыктуу ак калпак Кыргыз экенин билдирген. -Кыргызымдын эң ыйык буюму баш кийим болот. Баш кийим ак калпак деп айтылат. КАЛПАК төөнүн, койдун, эчкинин жүнүнөн жасалат. Биздин ата-бабалар баш кийимди аздектеп сактап келишкен. Калпактын көптөгөн түрү бар.  Аны жашына карап кийишкен. 2011-жылдын 5- мартынан баштап АК КАЛПАК кунү деп белгилешкен.

Кыргызымдын башында Ак калпагы кийилген

Жарашыктуу ак калпак

Кыргыз экенин билдирген.

-Кыргызымдын эң ыйык буюму баш кийим болот.

Баш кийим ак калпак деп айтылат.

КАЛПАК төөнүн, койдун, эчкинин жүнүнөн жасалат. Биздин ата-бабалар баш кийимди аздектеп сактап келишкен. Калпактын көптөгөн түрү бар.

Аны жашына карап кийишкен. 2011-жылдын 5- мартынан баштап АК КАЛПАК кунү деп белгилешкен.

 Башына ак калпак кийген киши көпчүлүктүн арасынан кескин айырмаланып, көзгө даана көрүнөт. Топ ичинен боордошуңду дароо тааныйсың

Ак калпак кийген киши боюнун кыскалыгына карабай шыңга бойлуу болуп чыга келет. 

 Калпак кышында сууктан, жайында ысыктан сонун коргойт. Ал табигый таза материал — кийизден жасалат.

 Калпак кийип турган кишинин жаш курагын, коомдо ээлеген ордун, социалдык абалын биздин ата-бабалар жаңылбай аныктаган.

 Ак калпакты, негизи эле баш кийимди кыргыздар дайыма ыйык тутуп келген. Мындан улам аны эч убакта жерге таштаган эмес. Ар убакта төр жакка, бийик жерге коюлган. 

 Калпакка түшүрүлгөн ар бир оюунун философиялык мааниси бар. Ата-бабалар ага өзгөчө маани берип, аяр мамиле жасаган. 

 Калпактын көркөмдүгү, ыңгайлуулугу чет элдиктердин бүйүрүн кызытып келет. Калпакчанды өлтүрүүгө болбойт.. Калпакты жерге койбо.. Калпагыңды жоготсоң, башыңды жоготосуң.. Калпагыңды сатсаң, акылыңды сатасың. Калпакчан жүрсөң оорубайсың; калпак кышкысын жылытат да, жайкысын сергитет. Түнкүсүн калпагың ар дайым бут жагыңда эмес, баш жагыңда болсун.

Кыргыз калпагынын символикасы А) Калпактын төбөсүндөгү кайчы сызык (кошуу формасындагы ):  1. Күндүн аян белгиси.  2. Өмүрдүн, тиричиликтин, жалпы жашоонун символу.  Б) Төбөсүндөгү топ чачы:  1. Тукумдун, тамыры тереңге жайылуунун аян белгиси.  2. Тынчтыктын, жаркын турмуштун, токпейил жашоонун символу.  3. Күлгун жаштыктын, оттуу курактын аян белгиси.

Кыргыз калпагынын символикасы

А) Калпактын төбөсүндөгү кайчы сызык (кошуу формасындагы ): 1. Күндүн аян белгиси. 2. Өмүрдүн, тиричиликтин, жалпы жашоонун символу. Б) Төбөсүндөгү топ чачы: 1. Тукумдун, тамыры тереңге жайылуунун аян белгиси. 2. Тынчтыктын, жаркын турмуштун, токпейил жашоонун символу. 3. Күлгун жаштыктын, оттуу курактын аян белгиси.

Төбөсү түшкөн белги: 1. Баш көтөрөөр эр бүлө үйдө жок калды. Кимдин бийлиги күчтүү болсо, ошонун үйүтүндө, үйрүсүндө болом деген аян белги. Элдеги “Төбөңдөн ургур!”, “Төбөң түшүп калгыр!”, “Төбөң түшкүр!”, “Төбөң түшкүрдүкү” – деген сыяктуу каргыш сөздөр да ошондон калган. 2. Калпактын оң кыргагын басып кийсе (төмөн түшүрүп же шыпырып) аялынан (эгер эркек үй бүлөлүү жан болсо), ата- энеден, зор дөөлөттөрдөн айрылуу белгиси, аяны деп эсептелген. 3. Калпактын сол ныптасы көтөрүлбөй төмөн шыпырылып (оң кыргагы төмөн каралып жапырылса) өтө күчтүү аза күтүү аян белгиси. Анда айылдын, элдин куттуу баатырынан тектүүсүнөн, кадырман аксакалынан айрылып, аза күтүү аян белгиси. 4. Калпактын төбөсүн түшүрүп, эки кырын тең терең жапырып (шыпырып) кийсе: “Мен кулак кести кул катары жүрөмүн. Артымдан издеп алаар каруу – күч калбады”, деп жедеп, тукулжурап, мүңкүрөп, мөгдөп калуунун белгиси. 5. Калпактын кыры менен кырбуусундагы манат, баркыт, чый баркыт сыяктуу кездемелердин кара, көк, кызыл, күрөң түсү жаш өзгөчөлүгүн билдирсе, көбөөлөнгөн кыргактын өзү - таяныч, өбөк, жөлөк колдоонун ыйык символу.

Ак калпак- кыргыз элинин улуттук баш кийими. Кийгенде башка жарашкан Суктанып баары карашкан. Ак калпак калган мураска, Атабыз айкөл Манастан. Киебиз сыймыктап ардактап, Кыргыздын жүзүсүң ак калпак.

Ак калпак- кыргыз элинин улуттук баш кийими.

Кийгенде башка жарашкан

Суктанып баары карашкан.

Ак калпак калган мураска,

Атабыз айкөл Манастан.

Киебиз сыймыктап ардактап,

Кыргыздын жүзүсүң ак калпак.

Мен силерге келип турат даңктагым, Кадимки эле кыргызымдын калпагын. Анда эмесе баарың кулак салып тур, Ак калпактын улуулугун айтайын.  

Мен силерге келип турат даңктагым,

Кадимки эле кыргызымдын калпагын.

Анда эмесе баарың кулак салып тур,

Ак калпактын улуулугун айтайын.

 

Тээ илгертен ата бабам кийишкен, Бийик тутуп кадырлашып жүрүшкөн Ак калпагың түшпөсүн деп башыңдан Ак калпагын балдарына беришкен.   Жайда салкын сактап күндүн нурунан Кышта жылуу сактайт ызгаар сууктан Жашка карап түркүн калпак кийишчү Айырмаланган талаа, чачык, кыюудан.  

Тээ илгертен ата бабам кийишкен,

Бийик тутуп кадырлашып жүрүшкөн

Ак калпагың түшпөсүн деп башыңдан

Ак калпагын балдарына беришкен.

 

Жайда салкын сактап күндүн нурунан

Кышта жылуу сактайт ызгаар сууктан

Жашка карап түркүн калпак кийишчү

Айырмаланган талаа, чачык, кыюудан.

 

Чоң аталар жайкалтышып сакалын, Кийишчу эле бийик бакай калпагын. Аппак калпак кийчу чыгаан мырзасы Баатырлыктан чыгарышкан атагын.   Кызыл кыюу калпак кийген жигиттер Үйлөнгөнгө жубай издеп жүрүшкөн. Айлыбызга келди бойдок жигит деп Шум жеңелер калпагынан билишкен.

Чоң аталар жайкалтышып сакалын,

Кийишчу эле бийик бакай калпагын.

Аппак калпак кийчу чыгаан мырзасы

Баатырлыктан чыгарышкан атагын.

 

Кызыл кыюу калпак кийген жигиттер

Үйлөнгөнгө жубай издеп жүрүшкөн.

Айлыбызга келди бойдок жигит деп

Шум жеңелер калпагынан билишкен.

Жашыл кыюу калпак кийген жаш балдар, Балагатка али жашы жете элек. Эркелешип жаратылыш койнунда Эне сүту али оозунан кете элек.   Ата- бабам кийген ыйык калпакты Сен да бүгүн сыймык менен кийип жур! Кепка ,шапка.шляпаларды кийбестен Кыргызсыңбы ак калпагын кийип жур!

Жашыл кыюу калпак кийген жаш балдар,

Балагатка али жашы жете элек.

Эркелешип жаратылыш койнунда

Эне сүту али оозунан кете элек.

 

Ата- бабам кийген ыйык калпакты

Сен да бүгүн сыймык менен кийип жур!

Кепка ,шапка.шляпаларды кийбестен

Кыргызсыңбы ак калпагын кийип жур!

Ала- Тоого окшош кийген калпагың Бүгүн жаштар кадырлагын барктагын Башка элге белек кылып бербегин Калпагыңды башка улутка сатпагын.   Ак калпагы жок ко башка улутта Калбаса экен кийилбестен унутта. Ак калпагын дайым сага дем берет Кыргыз болсоң калпагыңды унутпа.

Ала- Тоого окшош кийген калпагың

Бүгүн жаштар кадырлагын барктагын

Башка элге белек кылып бербегин

Калпагыңды башка улутка сатпагын.

 

Ак калпагы жок ко башка улутта

Калбаса экен кийилбестен унутта.

Ак калпагын дайым сага дем берет

Кыргыз болсоң калпагыңды унутпа.

Ала- Тоого окшош кийген калпагың Алп Манастай сүрдүү болсун айбатың. Аска зоодой көтөрүлүп зоболоң Ата журтка кызмат кылсын кайратың.

Ала- Тоого окшош кийген калпагың

Алп Манастай сүрдүү болсун айбатың.

Аска зоодой көтөрүлүп зоболоң

Ата журтка кызмат кылсын кайратың.

    Көңүл бурганыңыздарга чоң ырахмат!

Көңүл бурганыңыздарга чоң ырахмат!


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!