СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбиялык саат: Ак калпак

Нажмите, чтобы узнать подробности

Аралыктан окутуу боюнча видеоурок.

Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык саат: Ак калпак»

Тарбиялык саат.

Сабактын темасы: Ак калпак.

Негизги

компетенттуулуктөр

Сабактын максаты

Көрсөткүчтөр: Жогорудагы

коюлган максаттар ишке ашат,

эгерде:

1.Маалыматтык

А) Улуттук баш кийимдердин баалуулугун, аларды урматтап сактап кийип жүрүү керек экенин билишет.

Улуттук баш кийимибиз Ак калпактын пайдалуулугун, баалуулугун даңазалашат.

Окуучулар улуттук баш кийимдердин баалуулугун билишсе

Баш кийимдерди урматтап, барктап кийип жүрө алышса

Балдар баш кийимди ыйык сактоону үйрөнүшсө

2.Социалдык-

коммуникациялык

б) Улуттук баш кийим Ата мурас экенин ошондой эле аны турмушта барктап, аздектеп кийүүнү билишет

Улуттук баш кийим Ата мурасы экенин билишсе

Аны барктаса

Аздектеп кийүүнү билишсе

3.Өз ишин уюштуруу

жана көйгөйлөрүн

чечүү компетенттүүлүгү

в) Окуучулар баш кийимди ыйык сактоого, баш кийимди эч нерсеге алмаштырбоого үйрөнүшөт.


Баш кийимди эч нерсеге алмаштырбоону уйронүшсө

Ресурстар: Улуттук баш кийимдер, ак калпактын түрлөрү, слайд, үн жазуулар,

Сабактын методу: Сахналаштыруу, ролдоштуруу, ыр, бийлер

Уюштуруу: Хор “Ак калпак”. Окуучулар хор ырдашат, экранда слайд.

Ак калпак

Кийгенде башка жарашкан

Суктанып баары карашкан.

Ак калпак калган мураска

Атабыз айкөл Манастан

Киебиз сыймыктап ардактап, ардактап

Кыргыздын жүзүсүң ак калпак, ак калпак

Кыргыздын жүзүсүң, жузүсүң ак калпак,

Ак калпак ай ак калпак

Киебиз сыймыктап ардактап, ардактап

Кыргыздын жүзүсүң ак калпак, ак калпак

Кыргыздын жүзүсүң, жузүсүң ак калпак,

Ак калпак ай ак калпак

Ак калпак кыргыз белгиси

Ак калпак кийип эргишип

Алыстан көзгө элестейт

Ал окшоп тоонун мөнгүсү

Кайырма.

Эркиндик элге жеткени

Арбыды калпак кийгени

Ак калпак жагып көп элге

Аралай берсин дүйнөнү.

Кайырма.

1-окуучу: Кыргызымдын башында
Ак калпагы кийилген

Жарашыктуу ак калпак

Кыргыз экенин билдирген.

-Кыргызымдын эң ыйык буюму баш кийим болот. Баш кийим ак калпак деп айтылат. КАЛПАК төөнүн, койдун, эчкинин жүнүнөн жасалат. Биздин ата-бабалар баш кийимди аздектеп сактап келишкен. Калпактын көптөгөн түрү бар. Аны жашына карап кийишкен. 2011-жылдын 5- мартынан баштап АК КАЛПАК кунү деп белгилешкен. 9 жылдан бери майрамдап келе жатабыз.

Анда жомок аткарып берели.

Автор: -Илгери өткөн заманда атагы далайга кеткен бир хан болуптур. Ал бир күнү билермандарды дарыгерлерди чогултуп алып мындай дейт.

Хан: - Силер билесиңер, дайыма атамдын башы ооруп кыйналып жүрөт. Жаздын аптаптуу күндөрүндө башка салкын боло турган баш кийим таап келгиле.

Автор: Аркимиси башка салкын боло турган баш кийим алып келе башташат.

Бул баш кийиди корүңүзчү?

Автор:- Ханга эч бири жакпайт. Бир күнү бир жөнөкөй киши баш кийим алып келет.

- Бул баш кийимди көрүңүзчү?

Хан: - (Ары бери кармалап көрүп) Ушул баш кийим аябай жакшы экен. Эми кышында кийгени жылуу баш кийим таап келгиле!

Бул баш кийим сизге жагат бекен, көрүңүзчү

Ушул тумак сизге жагат деп ойлойм, ханым.

Хан:- Жок, болбойт бул тердетип жиберет, аба да өткөрбөйт.

Автор: - Көптөгөн баш кийимдерди алып келишсе да ханга жакпайт. Бир күнү дагы баягы жөнөкөй киши баш кийим алып келет.

-Ханым бул кышында кийсе эң жылуу баш кийим, көрүңүзчү?

Хан:- ( Ары бери карап) Эмне үчүн салкын баш кийим десем да, жылуу баш кийим десем да ушул баш кийимди алып келесиң?

-Ханым бул баш кийимдин аты- КАЛПАК. Бул төөнүн, эчкинин, койдун жүнүнөн жасалат. Анын ичинен пахтадан токулган кездеме тигилет. Ошандуктан кышта жылуу, жайда салкын болот.Атаңыз дайыма кийип жүрсө башы оорубайт.

Хан: Туура айтасың, бул калпакты тезирээк атама алып баралы. Жүргүлө!

Алия: - Ала Тоонун койнунда

Акыл калчап бийиктерден.

Ар намыстуу уулдары

Аппак калпак кийишкен.

Нурислам: -Ак калпагы кыргыздын

Ак жүзүндөй нур кыздын

Ак кар баскан тоолордо

Ак нурундай жылдыздын.

-Балдар “Көк бөрү” бийине бийлешет.

 Башына ак калпак кийген киши көпчүлүктүн арасынан кескин айырмаланып, көзгө даана көрүнөт. Топ ичинен боордошуңду дароо тааныйсың

Ак калпак кийген киши боюнун кыскалыгына карабай шыңга бойлуу болуп чыга келет. 

 Калпак кышында сууктан, жайында ысыктан сонун коргойт. Ал табигый таза материал — кийизден жасалат.

 Калпак кийип турган кишинин жаш курагын, коомдо ээлеген ордун, социалдык абалын биздин ата-бабалар жаңылбай аныктаган.

 Ак калпакты, негизи эле баш кийимди кыргыздар дайыма ыйык тутуп келген. Мындан улам аны эч убакта жерге таштаган эмес. Ар убакта төр жакка, бийик жерге коюлган. 

 Калпакка түшүрүлгөн ар бир оюунун философиялык мааниси бар. Ата-бабалар ага өзгөчө маани берип, аяр мамиле жасаган. 

 Калпактын көркөмдүгү, ыңгайлуулугу чет элдиктердин бүйүрүн кызытып келет.

Дагы: Калпакчанды өлтүрүүгө болбойт..
Калпакты жерге койбо..
Калпагыңды жоготсоң, башыңды жоготосуң..
Калпагыңды сатсаң, акылыңды сатасың.
Калпакчан жүрсөң оорубайсың; калпак кышкысын жылытат да, жайкысын сергитет.
Түнкүсүн калпагың ар дайым бут жагыңда эмес, баш жагыңда болсун.

Ак калпыкты даңазалоо. Көркөм окуу (слайд менен)..


Мен силерге келип турат даңктагым,

Кадимки эле кыргызымдын калпагын.

Анда эмесе баарың кулак салып тур,

Ак калпактын улуулугун айтайын.


Тээ илгертен ата бабам кийишкен,

Бийик тутуп кадырлашып жүрүшкөн

Ак калпагың түшпөсүн деп башыңдан

Ак калпагын балдарына беришкен.


Жайда салкын сактап күндүн нурунан

Кышта жылуу сактайт ызгаар сууктан

Жашка карап түркүн калпак кийишчү

Айырмаланган талаа, чачык, кыюудан.


Чоң аталар жайкалтышып сакалын,

Кийишчу эле бийик бакай калпагын.

Аппак калпак кийчу чыгаан мырзасы

Баатырлыктан чыгарышкан атагын.


Кызыл кыюу калпак кийген жигиттер

Үйлөнгөнгө жубай издеп жүрүшкөн.

Айлыбызга келди бойдок жигит деп

Шум жеңелер калпагынан билишкен.


Жашыл кыюу калпак кийген жаш балдар,

Балагатка али жашы жете элек.

Эркелешип жаратылыш койнунда

Эне сүту али оозунан кете элек.


Ата- бабам кийген ыйык калпакты

Сен да бүгүн сыймык менен кийип жур!

Кепка ,шапка.шляпаларды кийбестен

Кыргызсыңбы ак калпагын кийип жур!


Ала- Тоого окшош кийген калпагың

Бүгүн жаштар кадырлагын барктагын

Башка элге белек кылып бербегин

Калпагыңды башка улутка сатпагын.


Ак калпагы жок ко башка улутта

Калбаса экен кийилбестен унутта.

Ак калпагын дайым сага дем берет

Кыргыз болсоң калпагыңды унутпа.


Ала- Тоого окшош кийген калпагың

Алп Манастай сүрдүү болсун айбатың.

Аска зоодой көтөрүлүп зоболоң

Ата журтка кызмат кылсын кайратың.



Кыргыз калпагынын символикасы

А) Калпактын төбөсүндөгү кайчы сызык (кошуу формасындагы ):
1. Күндүн аян белгиси.
2. Өмүрдүн, тиричиликтин, жалпы жашоонун символу.
Б) Төбөсүндөгү топ чачы:
1. Тукумдун, тамыры тереңге жайылуунун аян белгиси.
2. Тынчтыктын, жаркын турмуштун, токпейил жашоонун символу.
3. Күлгун жаштыктын, оттуу курактын аян белгиси.
- Төбөсү түшкөн белги:
1. Баш көтөрөөр эр бүлө үйдө жок калды. Кимдин бийлиги күчтүү болсо, ошонун үйүтүндө, үйрүсүндө болом деген аян белги.
Элдеги “Төбөңдөн ургур!”, “Төбөң түшүп калгыр!”, “Төбөң түшкүр!”, “Төбөң түшкүрдүкү” – деген сыяктуу каргыш сөздөр да ошондон калган.
2. Калпактын оң кыргагын басып кийсе (төмөн түшүрүп же шыпырып) аялынан (эгер эркек үй бүлөлүү жан болсо), ата- энеден, зор дөөлөттөрдөн айрылуу белгиси, аяны деп эсептелген.
3. Калпактын сол ныптасы көтөрүлбөй төмөн шыпырылып (оң кыргагы төмөн каралып жапырылса) өтө күчтүү аза күтүү аян белгиси. Анда айылдын, элдин куттуу баатырынан тектүүсүнөн, кадырман аксакалынан айрылып, аза күтүү аян белгиси.
4. Калпактын төбөсүн түшүрүп, эки кырын тең терең жапырып (шыпырып) кийсе: “Мен кулак кести кул катары жүрөмүн. Артымдан издеп алаар каруу – күч калбады”, деп жедеп, тукулжурап, мүңкүрөп, мөгдөп калуунун белгиси.
5. Калпактын кыры менен кырбуусундагы манат, баркыт, чый баркыт сыяктуу кездемелердин кара, көк, кызыл, күрөң түсү жаш өзгөчөлүгүн билдирсе, көбөөлөнгөн кыргактын өзү - таяныч, өбөк, жөлөк колдоонун ыйык символу.

Кыздар “Ысык көлду сагынуу” бийине бийлешет.



Түзгөн : №89 Б.Абдрахманова атындагы орто мектебинин Башталгыч класстар мугалими Узакова Фарида Аблазизовна.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!