СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тарбиялык саат ачык сабак

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык саат ачык сабак»

Атактуу Эйнштейндин «Техниканын жетишкендиги жаңы муунду келесоо кылып салабы деп корком» деген чочулоосун бүгүнкү жашоо чындыгы далилдеп жаткандай. Анткени азыркы доордо бешиктен бели жаңы чыккандардан марта улгайгандарга дейре интернеттин кулуна айланууда.

Инсан адамдык сапаты, билими, акылы, социалдык дөөлөт-даражасы менен эмес, көтөргөн телефону, колдонгон социалдык түйүнү жана түшкөн сүрөтү менен бааланып калгандай. Арийне, баарын эле интернетке шылтай берүү орунсуз, анткени анын зор мүмкүнчүлүктөрү менен ишибиз илгерилеп, колубуз узарып жатканын тана албаспыз. Кеп интернетти туура колдоно албай жаткан өзүбүздө болуп жүрбөсүн?

Социалдык торлор биздин жашообузга терең тарады. Анда жаштар гана эмес, жашы улуулардын аудиториясы да көп отурушат. Эмне менен мынчалык кызыктуу социалдык торлор, биздин көпчүлүгүбүз күнүгө белгиленип, акылдуу бир нерселерди айтып жана мактанып да жиберебиз? Эмнеге миңдеген адамдар жакын жолдоштору менен чыныгы жолугушууга караганда, жалган достор менен виртуалдуу сүйлөшүүнү артык көрүшөт? Муну талдап көрүү үчүн, интернет сүйлөшүүлөрдү карап көрүп, кээ бир прогноздорлу коюп чыктык.

Биринчи прогноз – менин досторум көп. Бул ишенээрлик болбогон факт көпчүлүгүн менин досторум көа деген ойго алып келет, бирок виртуалдуу тааныштар дос болуп саналбайт. Ооба, виртуалдуу тааныштар көпчүлүк болушу мумкун, бирок алардан арасынан чыныгы досту табууга болобу? Кыйынчылык учурда колдоп, ишене турган достордун саны эки же уч орундуу болбойт да. Виртуалдуу достор - негизги массасы тааныштар, алакалаш адамдар, туугандар. Тууган арасында дайыма достук мамиле болоорун айтуу кыйын. Көпчүлүгүн тирүүлөй көрбөгөндөн кийин, виртуалдык достордун чоң саны менен мактануу келесоолук болот го дейм.

Экинчи прогноз – мен абдан көп сүйлөшөм. Сиз эгер Досторунуз менен «агент» аркылуу, же «классташтардагы» чат аркылуу кат жазышып турсаныз, ал сиздин дайыма башкалар жөнүндө ойлоп толкунданган убайым чеккен боорукер адам экениңизди көрсөтпөйт. Эч бир маанисиз жана мактаныч сөздөр, болбогон нерселер жөнүндө сүйлөшүүгө барабар. Ал эми бала кездеги чогуу өскөн досуңа, же жакшы жолдошуна жолугушууга шарт болбой, тор аркылуу байланышуу башка иш. Көп учурда виртуалдуу сүйлөшүү - сүйлөшүү эмес, коноктор китебин, талкуулоолорду, микроблогдогу жазууларды ж.б окуу. Көбү эрте турары менен текшерип чыгат: түнү бою эмне болуп кетти, ким баа койду, кимдер ага комментарийлерди берген, деги эле алардын коомчулугунда кандай жаңылык барын билүүго. Мунун эмнеси сүйлөшүүлөр. Бул болгону эч маанисиз информацияны окуп чыгуу. Бул убакытты китеп окууга же аудио - сабактарды угууга короткон жакшы.

Үчүнчү прогноз – биз алакандай даана көрүнөбүз. Так ошондой. Атайын кызматтагыларга жана детективдерге эмгектенүүнүн деле кереги жок - биздин атуулдар өздөрү жөнүндө болгонун айтып беришет. Социалдык торлордо «ким көбүрөөк өзү жөнүндө айтып жана көрсөтүп берет» акциясы жүрүп жаткандай сезилет. Эгерде сиз жөнүндө кичирээк информация болуп калса, баары сурап башташы да мүмкүн: өзүң жөнүндө, үй-бүлөөң жөнүндө эмне жазбайсын, сүрөттөрүң кана. «Мен эмнеге баламдын сүрөтүн элдин алдына коюп беришим керек?» Социалдык торлор - бул айланадагыларга биз ким жана эмнеге жетишкендикти көрсөтүү. Бирөөлөр бул жашоодо жетишкендиктерин көрсөтүп, иштеген жумуштарын толук жазып чыкса, экинчилери туристтик журушторун даназалап, барып көргөн түркүн түрдүү өлкөлөрдөгү сүрөттөрүн илип коёт.

Төртүнчү прогноз – торлордон жардам жана колдоо алуу, инсиндын өздүк кызыкчылыгы. Толук болбосо да кээде чындык. Мисалы: жаш кыз өзүнүн микроблогуна көңүл чөгөт болгонун жазып коёт. Философиялык ой толгоолорду жакшы көргөндүктөн эмес, жөн эле психологиялык маанайын билдирип же келип чыккан абалын көрсөтүүгө. Ал жаш кыз эмнени күтүп жатат? Жок дегенде башкалардын, өзгөчө өзү курактуулардын аëосун. Виртуалдык болсо дагы жардам, жылуу сөз жана боор ооруганын күтөт. Башка мисал: Социалдык тордун башка бир жашоочусу калгандарды кызыктырып көңүлүн бура турган сөздөрдү жазып коёт. Ал жөнүндө кызыгуу жаратып, анын жазгандарын башкалар дагы жазып алышын каалайт. Ал кишинин керт башына тиешелуу кызыктыруучу суроолорду күтөт.

Бешинчи прогноз – мен таанымал боло алам. Көптөрү интернет жана социалдык торлор аркылуу белгилүү болуп калганга аракет жасашат. Бирок онлайн белгилүүлүк - офлайн белгилүүлүккө айланбайт. Ошол боюнча эле айрым торлордун бетинде же кээ бир тордун пайдалануучуларынын аккаунттунда белгилүү бойдон кала берет.

Алтынчы прогноз менин досторумдун арасында атактуулар да бар. Социалдык торлордун кээ бир катышуучулары өздөрүнүн тааныштарынын арасына ар түрдүү денгээлдеги жана катардагы атактуу адамдарды алууга аракеттенишет, анткени эл астында мактанып коюуга болот да. Бирок бул чындыкка туура келеби? Сенин жазгандарыны атактуулардын бирөө талкуулап койсо же виртуаль достукка жетишсен, жашоодо ал эч нерсеге татыбайт. Албетте, интернет бизге таанышууга жана сүйлөшүүгө чексиз мүмкүнчүлүктөрдү ачып берди. Биз бат жана оной эле тилектештерди таап, коомчулуктар менен достошуп, кызыкчылыктарыбыз боюнча ой бөлүшө алабыз. Каалаган учурда аларды таштап чыгып кетүүгө, башка жаны топ, катышуучулар менен алмаштырып кетүүгө болот. Мындай «бат өзгөргөн» достук эмнеге татыйт?

Телефондун пайдасы жана зыяны. Бүгүнкү күндө тили чыккан кичинекей баладан өйдө көтөрүп жүргөн уюлдук телефондун пайдасы менен зыяны жөнүндө маалыматыныз барбы? Чынында ыңгайлуулугу, зарыл жумуштарды дароо бүтүргөнгө мумкунчулук түзүлгөнүнө көпчүлүгүбүз сүйүнүп, чөнтөк телефондун тийгизген зыяндарына кол шилтеп, көз жумуп келебиз.

Эң биринчи зыяны. Компьютер, телевизорго салыштырмалуу уюлдук телефондон өзгөчө көп электромагнит чыккандыктан аны менен сүйлөшүп жатканда башты, кезду ысытып нерв системасына чоң зыянын тийгизет. Эгерде сиз уюлдук телефон менен өтө көп убактынызды чектебей сүйлөшсөңүз иммунитетинизге чоң коркунуч туулат. 1990-жылдары Американын окумуштууларынын изилдөөсүнө таянсак, мээсине шишик пайда болуп өлгөн аялдардын өлүмүнө дал ушул уюлдук телефон себеп болгон. Ал эми Норвегия менен Даниянын изилдөөлөрү уюлдук байланыш менен тыгыз мамиледе жүргендер баш оорусуна, уйкусу канбай, жиндери бат келээрин билдиришкен. Иштебей, жен эле жанынызда жаткан телефондун да зыяны бар экен. Францияда катуу жаан жаап, чагылган тушуп жатканда жашоочуларга уюлдук телефон менен сүйлөшүүгө катуу тыюу салынган. Анткени электромагнит менен чагылгандын мамилеси тууралуу айтпаса да белгилүү. Швецияда кээ бир уюлдук телефондон адамдар аллергия болушат. Ушундай илдетке кабылгандарга мамлекеттик бюджеттен 250 миң доллар төлөнүп берилет. Ал акчаны алган Швециянын жараны борбордун четиндеги телефон тартпаган райондордун бирине көчүп кетүүгө акысы бар.

Болжол менен дүйнө жүзү боюнча 3,3 млрд телефон бар. Болжолдуу турдө 100 адамга 158 телефон туура келет. Бир жылда 125 млн телефон таштандыга жөнөйт. Эскирип керектен чыккан үчүн эмес, колдонуп жүргөн телефону канааттандырбай, адам баласы улам жаны чыккан моделге кызыккандыктан телефондорду таштандыга ыргытат. Бул жагынан өзгөчө Корея эли активдуу келишет экен. Анткени телефондун улам жаңы чыккан моделине ээ болушат. Кичи мамлекет Эстонияда шайлоо эми бюллетен менен эмес, уюлдук телефон менен өтөт. Тагыраак айтканда, эстониялыктар жактырган талапкерлерине үйдө отуруп эле смс жөнөтсө болот. Белгилей кетсек, эн биринчи жолу уюлдук телефон 1983-жылы чыккан. "Motorolla Dyla THC 8000X" маркасындагы телефон 25 жыл мурда чыгыптыр.

Статистика боюнча кореялык өспүрүм телефондон бир жылда 20000 cmc, бир күндө 60 смс жөнөтөт. Ал эми 30% бир кундө эле 100 смс жазып жөнөткөнгө үлгүрөт. Кайсыл учурда окуганга үлгүрөт деген суроо туулбай койбойт. Деги эле колундагы телефонду көпчүлүгү фонарик катары пайдаланышат. Ал эми Англияда телефон аркылуу коркутуп-үркүткөн көрүнүштөр модага айлангандай эле. Япониялыктар ойлоп тапкан мобилдик телефондон китеп окуганга да болот. Тагыраак айтканда, каалаган китебинизди телефонунузга жүктөп алып кайсы убакыт болбосун окуй аласыз.

Компьютердин адам баласынын ден соолугуна тийгизген терс таасири туурасында көп эле жолу уксак да, азыркы техника өнүккөн заманда жумуштарыбыздын көбүн компьютер менен бүтүрүп, узак мөөнөткө иштөөгө аргасыз болуп келебиз. Бүгүн биз британиялык окумуштуулардын кондиционерден информатика бөлмөлөрүнө эки-үчөө орнотулушу, ал эми өздүк компьютерлери бар инсандардын, аз сандагы компьютер бар кеңселерде бир кондиционер болушу, ал жерде иштегендердин өндүрүмдүү чарчабай иштөөсүнө көмөк. Мындай бөлмөлөрдө өстүрүлгөн гүлдөрдүн арбын, өзгөчө кактус, "алтын балык" сүзүп жүргөн аквариумдун болушу, же болбосо бир нече идишке (дагарага, чакага) суу куюп коюу керек. Эч убакта компьютер менен иштеген бөлмөлөрдө полго килем, палас, шырдак төшөө гигиенанын талабына туура келе бербейт.

Компьютер менен иштөөдө эмнеге көңүл буруу керек?

"Сактыкка кордук жок" дегендей, электрондук техника менен иштөөдө ден соолукка коркунуч келтирген жагдайларды унутуп калбайлы Компьютер менен иштөө организмди чаалыктыруучу жагынан биринчи орунду ээлейт. Бул иштин өзгөчөлүгү эч нерсеге алагды болбой, өтө көңүл бөлүүнү, ойду бир жерге топтоп, терең ойлонууну жана көрүү органдарын күчтөнүп иштөөсүн талап кылат. Ошондой эле, бир калыптагы кыймылдабай иштөөнүн өзү эле адамга бир топ оордугун тийгизет. Компьютер иштеген бөлмеде кандайдыр бир өзгөчө кырдаал түзүлөт. Абанын салыштырма нымдуулугу 40%га төмендесе, абанын температурасы 26-27 градуска чейин көтөрүлөт, ошондой эле ызы-чуу менен электр талаасынын өзгөрүшү байкалат.

Окумуштуулар компьютерлер менен иштегендерге тийиштуу "дисплейдик оорунун" болушун тастыкташкан. Бул болсо бир чети электрондук эсептөөчү машина менен иштегенде адамдардын дем алуу зонасында "аэроиондук" жетишсиздик, башкача айтканда аба иондук ачкачылык байкалгандыгынан. Демек, телевизор сыяктуу эле компьютердин экраны жогорку электрдик мумкунчүлүккө ээ. Экрандын электр талаасынын таасири астында анын бет маңдайындагы аба жеңил аба иондордон тазаланат экен. Ошентип терс иондор тартылууга дуушарланып, экран тарабынан жутулуп кетсе, оң (oop) аба иондор бир топ алыстыкка туртулет экен. Демек, компьютердин экранынан 1,5 метрге чейинки аралыкта, башкача айтканда компьютер менен иштеп жаткандардын дем алуусу зонасында аз иондошкон аба мейкиндиги пайда болот. Ошондуктан иш бөлмөнүн абасын тазартып, эң жакшы аба - иондук деңгээлде кармап туруучу ионизаторду иштетүү керек. Окуучулардын сезуу жана иштее жагдайына тийгизген өзгөрүштөр, ошондой эле чаалыгып калуу негизинен окуучулар компьютер менен иштөө режимин жана эс алууну туура аткарбаганда, окуу тартиби гигиеналык талапка жооп бербегенде байкалат.

Окуудан кийин айрым балдар компьютердик залдарда, клубдарда кепке жүрүшөт. Ден соолугуна зыяны тийбейби? Албетте, саламаттыгына салакасы тийбей койбойт.

Компьютерде иштөөдө кандай эрежелерди аткаруу зарыл?

Дисплейде иштегенде электрондук нур чыгаруучу түтүгү ар түрдүү электромагниттик, ультра-кызгылт-көк, инфра-кызыл, рентген жана башка нурларды бөлүп чыгарат. Ушул азыр кепчулук жайларда заманбап сапаттуу компьютер пайдаланылгандыктан, борборубуздагы санитардык изилдөөсүнүн натыйжасында алынган компьютердин зыяндуу жактары туурасында кеңири маалымат беребиз.

Илимий изилдөөнүн натыйжасы... Британиялык врачтар компьютерде узакка отуруунун кесепети өзгөчө аялзаты учун физикалык жактан коркунучтуу жыйынтыктарга алып келерин аныкташты. Алардын изилдөөлөрү боюнча, компьютерде узакка отурган аялдарда убакыттын өтүшү менен "компьютердик жүз" пайда болот экен, "Компьютердик жүз" бул - чекеге, көздүн тегерегине жана моюнга түшкөн бырыштар ошондой эле саландаган ээк. Мына ушундай көрүнүш буга чейин Британия өлкөсүндө күнү-түнү компьютерде иштеген аялдар арасында жүргүзүлгөн эксперименттин жыйынтыгында белгилүү болгон. Адам компьютерде бир калыпта башын саландатып отургандан улам моюндун булчуңдары алсызданып, акырында экинчи ээк пайда болот. Ал эми экранды караган сайын чекени тырыштыруу, үтүрөйүү бырыштын эрте түшүшүнө алып келет. Ошондуктан британиялык дарыгерлер компьютер менен иштеп жатканда денени түз кармоого жана ашыкча мимикаларды жасабоого чакырат. Компьютерден чыккан нурдануу терини кургатып жибергендиктен, көздүн алдында грыжа келип чыгып, көздүн алды шишимик тартып, бейрегу ооруган адамдын жүзүндөй болуп, көздүн эти алдыга саландап калат. "Мындай картаюуну алдын алуу үчүн аялдар компьютердин жанына күзгү коюп алуулары оң. Анткени жумуш убагында өзүн күзгүдөн көрүп, картайып кетпейин деп убак-убагы менен эс алат. Ошондой эле, бырыш түшпөөсү үчүн бетке жана моюн булчундарына көнүгүү жасап турат" - дешет британиялык врачтар.

Компьютерден пайда болгон оорулар: Омуртканын кыйшаюусу жана остеохондроз. Остеохондроз - муундардын, кемирчектердин бузулушу. Көбүнчө омуртка аралык кемирчектер бузулат. Эмне дегенде компьютердин маңдайында жылбай көпкө отуруу омурткалардын булчуңдарына күч келтирип, чыңалып турушуна алып келет. Булчуңдардын дамамат чыңалуусу акырындап омуртка дискинин (анын ичинде кемирчектин) бузулушуна жеткирет. Ал эми адам туруп турганга же жатканга караганда отурганда омуртканын дискисине күч көп келет. Ушундан улам сколиоз (омуртканын кыйшайышы) же омуртка аралык грыжа келип чыгуусу мүмкүн.

Колдун нервинин сезгениши: Компьютердин клавиатурасы менен активдүү иштее колго күч келтирет. Манжалардын башынын сезимдүүлүгү начарлап, жансызданат. Мындай абал күн сайын кайталанып журуп отурса, колдун нерви, муундары жабыркап, сезгенет. Колдун булчуңдары гипертрофияга (булчуңдардын өлчөмүнүн кичирейиши) учурайт.

Геморрой: Бир орунда узакка отуруу жамбашта кандын жакшы айланбашына алып келет. Башкача айтканда, жамбашта кан уюп калат да, вена тамырларга күч келтирет. Демек, геморройдун жаралышын шарттайт. Алдын алуу учун дале убак-убагы менен басуу, эс алуу керектелет.

Көзгө, териге тийгизген терс таасири.: Компьютерден бөлүнүп чыккан электр-магниттик нурлануу терини жана көздү кургатып жиберет. Андыктан компьютерде узакка отургандардын үчтөн экиси "кургак көз" оорусунан жапа чегишет. Бул көздүн көрбөй калышына жеткирбесе да, көздүн ичинин дайыма кургап турушуна алып келет. Алтургай көзгө күч келип, кандын куюлушун шарттайт. Мээге тийгизген таасири... Компьютерден бөлүнүп чыккан электр-магниттик нурлануу жана электр- статикалык талаа адамды абдан чарчоого, баш ооруга, уйкунун бузулушуна, стресске алып келет. Башкача айтканда, жаш адамда оорукчан, кары кишиникиндей мүнөздөр, көрүнүштөр пайда болот да, компьютерде узак иштеген адам ачуулуу болуп калат. Андыктан көзгө жана мээге зыян келбеши учун компьютерде отуруунун мөөнөтүн сактоо керек.

8 сааттык жумушчу күндө адам компьютердин мандайында бир отурганда 3 сааттан ашык отурбашы шарт. Эгер андан көп отуруу талап кылынса, эс алып, көнүгүүлөрдү жасап, анан кайра жумуш кылуу кажет. Ал эми мектеп окуучуларынын компьютерде отуруу нормасына келсек, 1 сабакта 1-4- класстын окуучулары компьютерде 15 мүнөт, 5-7-класстар 20, 3-9-класстар 25, 10-11-класстар 30 мүнөттөн ашык отурбоолору керек экен.

Компьютер жана анын таасири

Азыр мектеп окуучулары, ошондой эле окуу жайлардагы жаштар эле китеп окубаса, башкасы компьютерден "окуп" калышты. Бул жашоо- тиричилигибизге компьютер тыгыз аралашып, жада калса бала бакчалардан баштап, компьютердик залдарда, клубдарда балдардын компьютердик билиминин өөрчүшүнө жана бош убактысында эрмек катары компьютердик оюндардын көлөмү көбөйгөндүгү баарыбызга маалым. Педагогдор, психологдор жана гигиенисттердин изилдөөлөрү боюнча компьютер менен иштөөдө: балдардын дүйнөгө көз карашын, логикалык жактан туура ой жүгүртүүсүн, умтулуу максатын, уюштуруучулугун, өзүнүн сезүү ишенимдуулугун, кыскасы, акыл-сезимин бир кыйла өркүндөтөөрү аныкталган. Сабакты өздөштүрүүсүн текшерүү максатында Доскага чакырылганда башын шылкыйтып, түзүк жооп бере албаган кээ бир окуучулар дисплейдин экранындагы тапшырманы тузук аткарып, өзүн мыкты сезгендиги байкалган. Компьютердин артыкчылыгы ар бир адамдын кыймыл-аракетинин өзгөчөлүгүнө жараша иштее ыкчамдыгын тездетип же жайлатууга зор мүмкүнчүлүктөргө ээ.

Жаш муундардын кичинесинен компьютердик билимге умтулуусу, кийин адистикке ээ болууда, анын биринчи жардамчысы компьютер болуп калаары талашсыз.

Иш бөлмөлөрдө компьютерди жайгаштыруу жана иштөөдө кандай гигиеналык талаптар каралат?

Мектептерде же окуу жайларда электрондук эсептөөчү машинаны өздөштүрүүгө үйрөтүү үчүн атайын жабдылган бөлмөлөр бар. Типтүү долбоор менен курулуп, азыр иштеп жаткан мектептерде 70 чарчы метр информатика бөлмөлөрүндө 15тен, ал эми мурда курулган мектептердеги 52-56 чарчы метр келген бөлмөлөрдө 10-12 компьютердик орундун болушу каралат. Негизинен ар бир орунга 6 чарчы метр, ал эми плазма же суюк кристаллдык негиздеги экраны бар компьютерлери менен жабдылгандарында 4,5 чарчы метр болушу гигиенанын талабы. Компьютерлерди жайгаштырууда: компьютерлердин каптал жактарындагы аралык 1,2 метрден кем болбошу каралат. Айрым чыгармачылык иштерди аткарып, күчтөнүп иштей турган акыл мээнетин, көңүл бөлүүнү өте талап кылган иштерде бир нече компьютерлер жайгаштырылган болсо, компьютерлердин ортосунда бийиктиги 1,5-2 метр келген тосмонун болушу каралат.

Информатика белмелеринде ар бир окуучунун же студенттин иш орду ыңгайлуу жабдылышы каралат. Дептер жана китептерди коюуга стол ылайыктуу болушу эске алынат. Көрүү мүчөлөрүнө күч келип, өтө чарчап калуудан сактоо учун бир компьютерде эки же андан ашык адам иштее туура эмес. Ар бир адамга туруктуу орун бекитилип, дайыма бир орунда эмгектенүү керек. Стол жана отургучунун чени окуучунун же компьютер ээсинин боюна жараша туура жайгаштыруудагы бир өзгөчөлүк, ал көздүн деңгээлинен 5-10 градус ылдый болуусу. Экранды жайгаштыруу абалын өзгөртүп туруу мурдатан каралышы абзел. Компьютерлердин арты дубал тарапта же бурчка келиши керек.

Иштөө эрежелерин, тапшырмаларды жаза турган дептерди, китептерди пайдаланууда аларды жайгаштыруу 30-60 градус эңкейиш келген китеп желегучтун болушу, экран менен көздүн аралыгы 60-70 см. болууга тийиш. Алысты жакшы көрө албаган адам компьютер менен иштегенде сөзсүз көз айнегин тагынып алуусу абзел. Эң керектүү шарттардын бири - жарык сол жактан тийиши. Жарыктын деңгээлинин чеги 500-600 люкс болушу гигиеналык чеги.

Компьютер иштеп жаткан белмеде абанын температурасу 19-21 градус, салыштырма нымдуулугу 55-62%, кыймылы секундасына 0.25 метрге барабар болуу ылайык. Абанын тез-тез алмашып туруусу үчүн, абаны сыртка соруп чыгарып, кайра таза аба менен камсыз кыла турган желдеткич орнотулушу каралат же болбосо БК-1500, БК-2000 тибиндеги эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти тарабынан айрым окуу- тарбия берүүчү мекемелерде дозаметрдик текшерүүдө жогорудагы айтылган нурлардын шоола чыгаруусунун деңгээли бир топ эле төмөндүгүн ырастады. Себеби, жол берилген төмөнкү чектен ашпайт экен. Демек, ден соолукка эч кандай зыянын тийгизбейт. Бирок, сапаты темен компьютердин каптал жана арткы жагынан электромагниттик шоола чыгаруусу жогорулашы мүмкүн.

Компьютер начар иштеп же бузук болсо ар турдуу шоолаларды чыгаруу деңгээли чектен жогорулап кетет. Мына ошондуктан ар кандай жайлардагы компьютерди атайын техникалык жактан өткөрүп туруучу кызматкерлер Дайыма текшерип турушу олуттуу маселелерден.

Азыркы плазма жана суюк кристаллдын негизиндеги жеңил-желпи алып жүрүүчү ноутбуктар ден соолукка коркунуч келтирбейт.

Тышкы чөйрөдөгү информациянын эшиги болгон көз жабыр тартып, көздүн чарасы, көз кыймылдаганда оорушу, чекенин оорушу, көздүн курчтугу төмөндөшү, көздүн кызарышы байкалат. Ал экрандагы тексттин жана сүрөттүн булбулдеп (жылтылдоосу), мапмайда термелүүчү (дирилдөөчү) кыймылдар көздүн булчуңдарына күч келтирип, көздүн көрү курчтугуна залалын тийгизет. Көзгө дагы ынгайлуу шарттардын бири кундузу компьютердин айланасы көгүлтүр чөйрө болуш үчүн бөлмөнүн дубалын көгүш түр менен сырдоо менен жетишебиз. Көпкө чейин ыңгайсыз абалда отурууда моюн, баш, каруу, манжалардын булчун-тарамыш аппаратына, омурткага терс таасирин тийгизет.

Мына ошондуктан компьютер менен иштөөнүн ар бир 45 минутасында 15 минута эс алууну аткаруу керек. Анда көрүү мүчөсүнүн чаалыгуусун болтурбай, ошондой эле организмдин чарчоосунун алдын ала турган спорттук оюндардын алдында аткарылып жүрүүчү дене тарбиялык 4-5 көнүгүүлөрдүн аткарылышы зарыл.

Демек, кайда болбосун компьютерди гигиенанын талабына ылайыктуу жайгаштырып, керектүү чараларды туура аткарып, иштее эрежелерин так сактасак, компьютер саламаттыкка салакасын тийгизбей, ишибизди илгерилетери талашсыз.

Тобокел Каниметов, Сокулук районунун санитардык-эпидемиологиялык борборунун жогорку категориядагы санитардык арачы, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосунун ардактуу кызматкери.


Уйку тууралуу чакан кеңештер

Адамдын ден соолугуна, жалпы абалына, сырткы көрүнүшүнө уйку эң негизги ролду ойнойт. Жакшы уктаган кишинин көңүлү көтөрүңкү жана көрүнүшү да жагымдуу болот. Эгерде сиз улам ойгонуп уйкуңуз бузулса, өзүңүздү мажбурлап уктоого эч
































Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!