СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тамеки- өмүр душманы

Нажмите, чтобы узнать подробности

Сабактын максаты.Тамекинин зыяндуулугу, адам өмүрүнүн душманы экенин түшүнүшөт. Тамекинин терс жактарын билишет. Тамеки чегүү ден соолукка зыян экендигин билишет.Окуучулар тамеки тартпоого тарбияланышат.

Сабактын жабдылышы:  “Тамеки чегүү- бул  оору!” аттуу сүрөттөр. Тамеки тартуунун зыяндуулугу жөнүндө слайд көрсөтүү.

Сабактын жүрүшү: Мугалим окуучуларга төмөндөгүдөй ураан менен кайрылат. Өзүбүздүн ден соолугубузду сактайлы! 

Просмотр содержимого документа
«Тамеки- өмүр душманы»

Тема: Тамеки- өмүр душманы.



Сабактын максаты.Тамекинин зыяндуулугу, адам өмүрүнүн душманы экенин түшүнүшөт. Тамекинин терс жактарын билишет. Тамеки чегүү ден соолукка зыян экендигин билишет.Окуучулар тамеки тартпоого тарбияланышат.

Сабактын жабдылышы: “Тамеки чегүү- бул оору!” аттуу сүрөттөр. Тамеки тартуунун зыяндуулугу жөнүндө слайд көрсөтүү.

Сабактын жүрүшү: Мугалим окуучуларга төмөндөгүдөй ураан менен кайрылат. Өзүбүздүн ден соолугубузду сактайлы!

Мугалимдин сөзү :” Чүй аймагында тамеки чегүүнүн алдын алуу” долбоорун изилдөө маалыматы боюнча Чүй аймагында 67% эркектер, 18% аялдар тамеки чегишет жана 5-7- класстагы өспүрүмдөрдүн 31% чегүү тажрыйбасы бар. 31% чегүү тажрыйбасы бар. Тамеки чеккенге биринчи жолу аракет жасаган орточо жаш -8. Тамекинин түтүнүндө 5 миң уулу химиялык бирикмелер бар. Тамеки тарта баштагандан 5-10 секундадан кийин уулуу химиялык бирикмелер адамдын денесине тарап тамекилик ууландырууну баштайт. Бул жөнүндө биринчи жолу сигарета чеккен адамдын сезүүлөрү билдирет: баш айлануу, көңүл айлануу жана башка жагымсыз сезимдер. Эгерде адам, жагымсыз сезимдерге карабай, тамеки чегүүнү андан ары улантса, анда организм уулуу химиялык бирикмелердин организмди үзгүлтүксүз булгаганына көнүп калат. Алар өпкөдө тамекинин чайыры көрүнүшүндө катмарланып чогулат жана адамдын денесине тийгизген тескери таасирин уланта берет.

Жогорудагыдай мазмундагы сүрөттөрдү көрсөтүү.(слайд)

Тамеки тартуу мээге кан куюлууга алып келет. Тамеки тартуу тез картайтат. Тамеки тартуу жүрөктүн инфаркт оорусуна алып келет. Тамеки тартуу бут чиришинин себеби. Тамеки тартуу эркектерди импотенцияга алып келет. Тамекиңиздин түтүнү балаңыздын ооруларынын себеби. Тамеки чеккен адамдардын өпкөсүндөгү тамекинин чайырлары. Тамеки чегүү жүрөктүн тубаса кемчилдиктеринин себеби. Тамеки тартуу- өпкөнүн рак дартынын себеби. Кош бойлуунун тамеки тартканы болочок наристенин ден соолугун бузат. Тамеки чегүү- бөйрөк ооруларынын себеби.

Кээ бир негизги уулуу химиялык бирикмелер бул: Никотин, истүү газ. (окуучулар никотин, истүү газ) тууралуу маалымат беришет.

Мугалимдин сөзү:

Тамеки чегүү бүгүнкү күндүн олуттуу көйгөйлөрүнүн бири десек жаңылышпайбыз. Албетте, аталган көйгөй жалпы коомчулукта болуп жаткандан кийин муну жеке бир адам чечип койчу оңой- олтоң иш эмес. Ошонду тан ,бул көйгөйдү жалпы коом биргеликте аракет кылып,чогуу чечүү зарыл.

Окуучулар топторго бөлүнүп тамекинин зыяндуулугу, ден соолукка тийгизген терс таасирлери, статистика боюнча тамекинин айынан набыт болгондордун санына токтолушат.

  1. топ : Тамекинин күнүмдүк турмуштагы зыяндары.

  2. окуучу : Чылым үй- бүлөлүк казынага зыян келтирет. Бир күндө 10 сомдук тамекиден бир куту чеккен адам айына 300 сом , ал эми бир жылда 3650 сом зыянга учурайт Балага терс тарбия берүү, ага терс үлгү болуу. Ырас, атасы чылым чеккен соң баласынын муну адатка айлантпашына эч ким кепилдик бере албайт.

  3. окуучу : Убакытты туура колдоно албоо. Бир даана тартуу үчүн 3 минута кетсе , бир күндө бир куту тамеки үчүн бир саат, бир айда 30 саат, бир жылда 365 саат убакыт текке кетет.

  4. Окуучу: Тамеки көз карандылыкты пайда кылат. Тамеки чеккен адам белгилүү убакыттан кийин анын курмандыгына айланышы толук ыктымал. Чылым чеккен адам ар качан жагымсыз жыт жыттанып жүрөт.



2- топ Тамекинин ден соолукка тийгизген терс таасирлери:

  1. Тиштин бузулушуна жол ачат;

  2. Чач тырмактарга да олуттуу зыян алып келет;

  3. Жүрөк, өпкө, бөйрөк ооруларына чалдыктырат;

  4. Ашказандын начарлашына алып келет.

  5. Рак оорусуна да жол ачат.

Мугалимдин сөзү; Тамекинин түтүнүнөн дем алуу балдардын психикалык жана физикалык өнүгүүсүнө тескери таасир тийгизет. Канцерогендер - коргошун, полоний 210, хром, кадмий, бензопирен, нитрозаминдер жана башка химиялык бирикмелер. Алар ар кайсы органдардын рагын пайда кылат (өпкөнүн, ооз көңдөйүнүн, бөйрөктүн, боордун ж.б. рагы. Мисалы , рак менен ооруган адамдар 9 жыл чеккен тамекичилер.

3- топ Статистика боюнча тамекинин айынан набыт болгондордун саны :

Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министрлигинин билдиргени боюнча , дүйнө жүзүндө жыл сайын тамекинин айынан көз жумгандардын саны 5 миллионго чейин жетет.

Бул көрсөткүч ар бир мүнөт сайын 10 киши тамекинин айынан көз жумууда дегенди түшүндүрөт.

Топ башчылары жыйынтыкташат.

“Тамекинин ден соолукка тийгизген терс таасирлери” деген темада слайд көрсөтүлөт.

Ден соолукту сактоо тууралуу макал-лакаптарды үйрөнүшөт.

  1. Тазалык – соолук негизи,

Соолук – байлык негизи.

  1. Табыпчы дартка жолдош.

  2. Ооруну жашырсаң , өлүм ашкере кылат.

  3. Оору калса да , адат калбайт.

  4. Ар бир топ төмөндөгүдөй ураан менен жыйынтыктайт.

  5. Тамеки чегүү- бул ооруу!

  6. Тамеки чегүүнү токтотолук !

  7. Кыргыз элинин генофондун сактайлык!

  8. Үй тапшырмасы: “Тамеки- ден соолукка зыян” дилбаян жазуу.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!