СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тамеки омур душманы

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тамеки биздин омурубуздун душманы болуп эсептелет.

Просмотр содержимого документа
«Тамеки омур душманы»

Сабактын темасы: Тамеки- ѳмүр душманы

Сабактын максаты:

Тамекинин зыяндуулугу, адам ѳмүрүнүн душманы экендигин түшүндүрүү. Окуучуларды тамеки тартпоого тарбиялоо. Тамекинин терс жактарын окуучуларга жеткирүү.

Сабактын жабдылышы:

Ар түрдүү тамекинин кутулары, тамеки жѳнүндѳ жазылган окуучулардын текстери ж.б.

Сабактын жүрүшү:

Мугалим окуучуларга «Тамеки чегүү модабы?» деген суроо менен кайрылат. Окуучулар ушул суроонун тегерегинде талкуу уюштурушат. Тамекинин зыяндуулугун ѳз алдынча тизмелешип, каалагандары класста окуп беришет. Теманы жыйынтыктоодо мугалим атайын баяндама жасайт.

Чылым чегүү кѳйгѳйү

Чылым чегүү бүгүнкү күндүн олуттуу кѳйгѳйлѳрүнүн бири десек эч жаңылышпайбыз. Учурда, тилекке каршы, бул жорук болуп кѳрбѳгѳндѳй күч алды. Мурун чылым чегүү улуу кишилерде гана сейрек кездешчү эле. Бүгүн күн ѳткѳн сайын аял-эркек, жаш –кары муну адатка айландыргандардын саны арбып барат. Жада калса бешиктен бели чыга элек жаш ѳспүрүмдѳрдүн да чылымдын курмандыгына айланып баратканы зээнди кейитет. Бул кѳйгѳйдү кандайча кантип жойсо болот?

Албетте, аталган кѳйгѳй жалпы коомчулукта болуп жаткандан кийин муну жеке бир адам чечип койчу оңой-олтоң иш эмес. Ошондуктан, бул кѳйгѳйдү жалпы коом биргеликте аракет кылып, чогуу чечүү зарыл.

Тамекинин күнүмдүк турмуштагы зыяндары:

  1. Чылым үй бүлѳлүк казынага зыян келтирет. Бир күндѳ 10 сомдук тамекиден бир куту чеккен адам айына 300 сом, ал эми бир жылда 3650 сом зыянга учурайт.

  2. Балага терс тарбия берүү, ага терс үлгү болу.

Ырас, атасы чылым чеккен соң баласынын муну адатка айлантпашына эч ким кепилдик бере албайт.

  1. Убакытты туура колдоно албоо. Бир дана тартуу үчүн 3 минута кетсе, бир күнѳ бир куту тамеки үчүн бир саат, бир айда 30 саат, бир жылда 365 саат убакыт текке кетет.

  2. Тамеки кѳз карандылыкты пайда кылат. Тамеки чеккен адам белгилүү убакыттан кийин анын курмандыгына айланышы толук ыктымал.

  3. Чылым чеккен адам ар качан жагымсыз жыттанып жүрѳт.

Тамекинин ден соолукка тийгизген терс таасирлери:

  1. Тиштин бузулушуна жол ачат;

  2. Чач, тырмактарга да олутту зыян алып келет;

  3. Беттин терисин былбыратып, сулуулугун жоготот.

  4. Жүрѳк, ѳпкѳ, бѳйрѳк ооруларына чадыктырат;

  5. Ашказандын начарлашына алып келет;

  6. Рак оорусуна жол ачат.

Статистика боюнча тамекинин айынан набыт болгондордун саны:

Россия федерациясынын саламаттыкты сактоо министирлигинин билдиргенине таянсак, ал жакта тамекинин айынан ооруп ѳлгѳндѳрдүн саны жыл сайын 330 имңден 500 миңге чейин жетет.

Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министирлигинин билдиргени боюнча, дүйнѳ жүзүндѳ жыл сайын тамекинин айынан кѳз жумгандардын саны 5 миллионго чейин жетет. Бул кѳрсѳткүч ар бир мүнѳт сайын 10 киши тамекинин айынан кѳз жумууда дегенди түшүндүрѳт.

Жогорудагы статистика боюнча тамекиден ѳлгѳндѳр менен ВИЧ-СПИД оорусу менен ѳлгѳндѳрдү салыштырып келсек, тамекиден ѳлгѳндѳрдүн саны СПИД менен ѳлгѳндѳрдѳн 40 пайызга кѳп.

Тамеки берчи

Азыр эле бирѳѳнѳн сурап чектим,

Чѳнтѳк кагып махорка бурап чектим

Калган калдык бучокту бурап чектим

Эй, байкачы, кѳзүңдү ач астыңдагы

Ахурканы упузун тепсеп кеттиң.

Кое турчу азыр калтырайын

Мейли чек дейт күтѳйүн шаштырбайын

Суранчаакты мен кайдан жактырайын,

Арасына асмайдан кошуп туруп,Ал эми деп бир күнү каптырайын.



Айланайын ушунча суранбачы,

Ар башкача никотинге ууланбачы,

Жаңы эле бой тарткан кээ бирѳѳлѳр

Ошо менен алек го курган башы,

Кай жерден бир сором деп туралбашы.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!