Просмотр содержимого документа
«Приветствие 1234567»
9класс үчүн тест
1.Биогеоценоз түшүнүгүн ким киргизген?
А)В.И.Вернадский б)К.А.Тимирязев
В)Ч.Дарвин г)В.Н.Сукачев
2.Биогеоцегоз жөнүндө азыркы түшүнүк кандай?
А)органикалык эмес жана органикалык дүйнөнүн тыгыз байланышынан келип чыккан,өз алдынча туруктуу система
Б)белгилүү бир,өсүмдүктөрдүн коомдоштугу
В)белгилүү бир, жаныбарлардын коомдоштугу
Г)белгилүү аймакка тыкыс байланышкан микроорганизмдер
3.Биогеоценоздун туруктуулугу эмне менен камсыз болот?
А)адамдын аракетинен
Б)чөйрөнүн туруктуулугунан
В)көп сандагы азык тизмеги
Г)аз сандагы азык тизмеги
4.Биоценоздун кайсы компоненти эң тез өзгөрөт?
А)редуценттер б)продуценттер
В)консументтер г)топурак
5.Улам кийинки азык тизмегине канча процент энергия өтөт?
а)1% б)10% в)50% г)100%
6.Эмне үчүн айыл чарба зыянкечтерине каршы улам жаңы уулуу заттарды түзүүгө туура келет?
А)алардын айыл чарбалык азыктарга сиңип,анда топтолушуна байланыштуу
Б)алардын топуракка сиңип,жер алдындагы сууларга өтүшүнө байланыштуу
В)айыл-чарбанын зыянкечтеринин,уулуу заттарга тез ыңгайлануусуна байланыштуу
Г)заттардын абдан уулуулугуна байланыштуу
7.”Азык тизмегине” түшүнүк.
А)бири бири менен байланышкан түрлөр
Б)өсүмдүктөрдү азык зат катарында пайдалануунун негизинде алардын энергиясын кийинки түрлөргө өткөрүү
В)энергиянын агымы
Г)бири бирине көз каранды организмдер
8.”Кара тизме”деген эмне?
А)коркунучтуу жаныбарлардын тизмеси
Б)жок болгон өсүмдүктөрдүн тизмеси
В)өлүп жок болгон өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын эл аралык тизмеси
Г)жок болуу коркунучундагы бардык организмдердин тизмеси
9.Өз ара байланыштагы жаныбарлардын,өсүмдүктөрдүн жана микроорганизмдердин тобу эмне деп аталат?
А)биоценоз б)фитоценоз
В)биогеоценоз г)агроценоз
10.Тирүү организмдер жансыз жаратылыштын факторлору менен зат алмашып тыгыз байланышта болуп,өзүн өзү жөнгө салган кандай системаны түзүшөт?
А)биоценоз б)фитоценоз
В)биогеоценоз г)агроценоз