СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мугалимдин статусу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Мугалимдин статусу

 

2001-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын "Мугалимдин статусу жөнүндө" мыйзам кабыл алынды. Кабыл алынган мыйзам мугалимдердин иши менен байланышкан мамилелерди жөнгө салуу үчүн укуктук негиз түзөт жана алардын абалын социалдык жактан коргойт. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын мектептеринде 72минден ашык мугалим биринчи класстан он биринчи класстарга чейин бир миллиондон ашык окуучуларды окутуп, тарбиялап аларга билим берүүдө. Мыйзамды кабыл алуу жаштарды окутууда жана тарбиялоодо, маданий жана адептик жактан өстүрүүдө мугалимдердин баа жеткис салымын тааныгандык болуп саналат. Мыйзамдын жоболору республикада окутуунун жана тарбиялоонун принциптеринин биримдигин камтыган, ал окучуларды Мекенин сүйүүгө, моралдык бийик сезимде болууга, элдердин ортосундагы достукка, педагогикалык иштин уюштуруучулук формаларын эркин тандап алууга мүмкүнчүлүк түзөт. Мыйзамда окуу программасын, билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарын сактоо менен окутуунун формаларын жана методдорун эркин тандап алууну, алардын новатордук ыкмаларды жана жолдорду, түзүп алуусуна шарт түзөт. Мыйзамда мугалимдердин ар - намысын жана абийирин коргоону камсыз кылууга багытталган жоболр атайын нормалар менен берилген, мугалимдерди алардын кесиптик иш менен байланышпаган иштерге тартууга жол берилбестиги белгиленген. Ата-энелердин мугалимдердин кесиптик кийлигишүүсүнө чек коюлган. Мыйзамдын 7-сттьясында мугалимдерди материалдык жактан камсыздоо укугу каралган. 1. Жергиликтүү башкаруу органдарына өздөрүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен мугалимдерге тиешелүү категориялар боюнча негизги айлык акысына кошумча акы төлөп берүү укугу берилген.<br. 2. Мектептерге өздөрүнүн спонсордук жана "коомдук фонддордон" түшкөн каражаттарынын эсебинен мугалимге кошумча акы төлөп берүү укугу берилген. 3. Мыйзамда класс жетекчилерге 1-4 класстар үчүн 75%, 5-11 класстар үчүн 100%минималдык окладдын четинде кошумча акы төлөп берүү маселеси каралган. 4. Жогорку жана орто педагогикалык окуу жайларын аяктаган жаш адистерге 3 жылга чейин бир минималдык окладдын чегинде кошумча акы төлөө, айыл жеринде эки минималдык оклад ал эми чек арада жайланышкан райондордо үч минималдык оклад өлчөмүндө кошумча акы төлөнөт. Мыйзамдын өзүнчө статьялары менен мугалимдердин социалдык жактан камсыз кылуу , эс алуу ден соолугун чыңдоо ,жер үлүшү менен камсыз болуу, аскердик анык кызматка чакырууга кийинкиге калтыруу укуктары берилген. Мыйзамдын атайын главасы менен педагог кадрлары даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу маселеси белгиленген. Мамлекет мугалим кадрларын кесиптик окуу жайлардын ишине контролдукту камсыз кылат, мамлекеттик мектептер, мектепке чейинки жана мектептен тышкарыкы мекемелер үчүн мугалимдерди кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн шарт түзүүнү гарантиялайт. Мугалимдер кеминде беш жылда бир жолу өзүнүн квалификациясын жогорулатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Адамдын касиетин бийик сактап,

Мекендин оор жүгүн алган кимдер?

Билимин окуучуга тартуулашкан,

Алар биздин ак пейилдүү мугалимдер.

Просмотр содержимого документа
«Мугалимдин статусу»

Мугалимдин статусу


2001-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын "Мугалимдин статусу жөнүндө" мыйзам кабыл алынды. Кабыл алынган мыйзам мугалимдердин иши менен байланышкан мамилелерди жөнгө салуу үчүн укуктук негиз түзөт жана алардын абалын социалдык жактан коргойт. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын мектептеринде 72минден ашык мугалим биринчи класстан он биринчи класстарга чейин бир миллиондон ашык окуучуларды окутуп, тарбиялап аларга билим берүүдө. Мыйзамды кабыл алуу жаштарды окутууда жана тарбиялоодо, маданий жана адептик жактан өстүрүүдө мугалимдердин баа жеткис салымын тааныгандык болуп саналат.
Мыйзамдын жоболору республикада окутуунун жана тарбиялоонун принциптеринин биримдигин камтыган, ал окучуларды Мекенин сүйүүгө, моралдык бийик сезимде болууга, элдердин ортосундагы достукка, педагогикалык иштин уюштуруучулук формаларын эркин тандап алууга мүмкүнчүлүк түзөт. Мыйзамда окуу программасын, билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарын сактоо менен окутуунун формаларын жана методдорун эркин тандап алууну, алардын новатордук ыкмаларды жана жолдорду, түзүп алуусуна шарт түзөт.
Мыйзамда мугалимдердин ар - намысын жана абийирин коргоону камсыз кылууга багытталган жоболр атайын нормалар менен берилген, мугалимдерди алардын кесиптик иш менен байланышпаган иштерге тартууга жол берилбестиги белгиленген. Ата-энелердин мугалимдердин кесиптик кийлигишүүсүнө чек коюлган.
Мыйзамдын 7-сттьясында мугалимдерди материалдык жактан камсыздоо укугу каралган. 1. Жергиликтүү башкаруу органдарына өздөрүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен мугалимдерге тиешелүү категориялар боюнча негизги айлык акысына кошумча акы төлөп берүү укугу берилген.
3. Мыйзамда класс жетекчилерге 1-4 класстар үчүн 75%, 5-11 класстар үчүн 100%минималдык окладдын четинде кошумча акы төлөп берүү маселеси каралган.
4. Жогорку жана орто педагогикалык окуу жайларын аяктаган жаш адистерге 3 жылга чейин бир минималдык окладдын чегинде кошумча акы төлөө, айыл жеринде эки минималдык оклад ал эми чек арада жайланышкан райондордо үч минималдык оклад өлчөмүндө кошумча акы төлөнөт.
Мыйзамдын өзүнчө статьялары менен мугалимдердин социалдык жактан камсыз кылуу , эс алуу ден соолугун чыңдоо ,жер үлүшү менен камсыз болуу, аскердик анык кызматка чакырууга кийинкиге калтыруу укуктары берилген. Мыйзамдын атайын главасы менен педагог кадрлары даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу маселеси белгиленген. Мамлекет мугалим кадрларын кесиптик окуу жайлардын ишине контролдукту камсыз кылат, мамлекеттик мектептер, мектепке чейинки жана мектептен тышкарыкы мекемелер үчүн мугалимдерди кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн шарт түзүүнү гарантиялайт. Мугалимдер кеминде беш жылда бир жолу өзүнүн квалификациясын жогорулатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.


Адамдын касиетин бийик сактап,

Мекендин оор жүгүн алган кимдер?

Билимин окуучуга тартуулашкан,

Алар биздин ак пейилдүү мугалимдер.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!