Просмотр содержимого документа
«Графикалык редактор Paint (практикаcы).»
Текшерилди: _____________ Окуу бөлүм башчысы:___________________
Предмети: Информатика Өтүү мөөнөтү: 06.03.2019
Сабактын темасы: Графикалык редактор Paint (практикаcы).
Негизги компетенттүүлүк:
Маалыматтык.
Социалдык-коммуникациялык.
Өз алдынча уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү.
Предметтик компетенттүүлүк:
Маалыматтарды таанып билүү, колдонуу, түшүнүгүн тереңдетүү жана бышыктоо компетенттүүлүгү.
Компьютер менен иштөөсүн, элементи менен жаза билүү компетентүүлүгү.
Сабактын максаты:
Максаттары: | Күтүлүүчү натыйжа сабак максатына жетет |
1.Билим берүүчүлүк: MS Paint программасы жана скриншот менен иштөө боюнча маалымат алышат | Эгерде: Жооп берүүдө далилдүү сүйлөп, айткан маалыматтарын турмуш менен байланыштыра алса; |
2.Өнүктүрүүчүлүк: MS Paint программасы жана скриншот менен иштөөсүн өнүктүрүшөт | Өз билими көрсөтүүдө MS Paint программасы жана скриншот менен иштөөсүү боюнча билимдерин көрсөтө алса; |
3.Тарбиялоочулук: MS Paint программасы жана скриншот менен иштөөдө окуучулар тактыкка, тазалыкка, сабырдуулукка тарбияланышат | Бири-биринин пикирин урматтаса, өз ойлорун так, даана ачып бере алышса, коюлган маселелерди чечүүнүн жолдорун табышса сабак максатына жетет |
Сабактын жабдылышы: Компьютер, Paint программасы,
Пайдаланылган усулдар: Өз алдынча иштөө
Сабактын жүрүшү: Уюштуруу. Үй тапшырмаларын текшер\\.
Окуучуларды практикалык ишке даярдоо:
1. Paint программасы кандай программа?
2. Paint программасын кандай жолдор менен ачууга болот?
3. Бир кадам артка кайсыл клавишалардын жардамы менен аткарылат?
4. Paint программасын кайсыл форматта сактайт?
Кошумча маалыматтар:
1. Print Screen клавишасы экранды сүрөт кылып көчүрүп алат.
2. Пипетканын жардамы менен каалаган өңдү тандай алабыз.
3. Paint программасы .jpeg, .gif, .tiff форматтарында да сактай алат.
4. Фигураларды чийүүдө shift клавишасын басып алуу – фигураларды бир калыпта чийгенге жардам берет.
Ойлонуу этабы: Компьютерлерде отуруп аквариум жана балыктардын сүрөттөрүн тартышат.
Баалоо: Суроолорго жооп бергенине жана сабактагы активдүүлүгүнө жараша бааланат.
Үй тапшырма: 1. Менин үйүм деген темада сүрөт тартып келесиңер.