Просмотр содержимого документа
«Биринчи медициналык жардам көрсөтүү»
Түрдүү экстремалдык кырдаалдарда биринчи медициналык жардам көрсөтүү.
Эстен тануу
Эстен тануу(обморок)-мээ кан тамырларынын кызматынын курч формадагы жетишсиздигинин натыйжасында кокустан пайда болгон кыска убакытка эстен тануу. Ал мээге кандын келуусу бузулган кезде пайда болот.
Түрлөрү
1.жонокой обморок;
2.тырышма обморок;
3.беттолепсия;
4.дроп-атаки;
5.вазодепрессордук обморок;
6.ортостатикалык обморок;
7.аритмиялык обморок.
Биринчи медициналык жардам
-тездик менен жаздыксыз, буттарын бир аз которуп, далысына жаткыруу же башын ылдый кылып отургузуу; -тар кийимдердин жакасын, курун бошотуп, кычкылтектин кируусун камсыздоо; -бетине муздак суу чачып, нашатыр спиртин жыттатуу; -эсинен келген оорулууга ысык чай же кофе беруу.
Коллапс
Коллапс – артериялык кан басымдын кескин томондоосу б.а. Кан тамырлардын сыйымдуулугу менен анда айланган кандын коломунун дал келбестигинин негизинде пайда болуучу курч абал .
Түрлөрү
Кардиогендик коллапс - журок карынчасынын кан тамырга айдаган кандын колому азайган абалында пайда болот. Гиповолемиялык коллапс - кан тамырлардагы айланган кандын колому азайган кезде пайда болот.
Биринчи медициналык жардам
-оорулууну буттарынан бир аз которуп жаткыруу; -тар кийимдерин: жакасын, курун бошотуу; -таза абанын кируусун камсыздоо; -тамырларды тарытуучу же кан басымын которуучу дарыларды беруу; -коллапска алып келген себептерди жоюп тез жардам чакыруу; -эгерде дем алуусу токтоп, кан тамыры сокпой калган болсо жасалма дем алдыруу, журокко кыйыр массаж жасоо керек; -эсинен келген оруулуга ысык чай же кофе беруу зарыл
Инсульт
Инсульт – мээнин белгилуу болугуну жабыркашы менен отуучу, мээдеги кан айлануунун бузулуусу.Инсульт дартыны кесепетинен пайда болгон озгоруулор омур бою калуусу мүмкүн.
Түрлөрү
1. ишемиялык инсульт- мээ артериясынын тромб же тырышуу тосулуп калуусунун натыйжасында мээнин кайсы бир болугунун кан менен камсыздалуусуунун токтоосу менен муноздолот. 2. геморрагия инсульту- гипортония, атеросклероз, кан оорулары менен азаптанган адамдар да кездешет.Инсульттун бул туру бат орчуп, паралич, эс-учун жоготуу м.н коштолот.
Биринчи медициналык жардам
-инсульттун кайсы туру пайда болгонуна карабастан оорулууга тынчтык абалын тузуу, баш жана кокурок болугун бир аз которуп жаткызуу зарыл; -эгерде артериялык кан басым жогору болсо, аны томондотуучу, зара айдоочу, тынчтандыруучу дарыларды берууго болот; -тездик менен дарыгерге кайрылуу сунушталат.
Стенокардия
Стенокардия -журок тушунда кыска убакытка созулган оору б.а. приступ пайда болот. Оору журок булчунунун кан тамырларынын кысылуусунун натыйжасынан журоктун булчундарына кан жана азык-заттардын жетишсиздигинен пайда болот.
Биринчи медициналык жардам
-оорулууга физикалык жана психикалык тынчтык абал тузуу; -нитроглитцерин, нитросорбид, эринит же волидол таблеткасын тилдин астына беруу; -кокурок тушуна нитроглицерин майын сыйпап же горчичник коюу стенокардия пристубун азайтат; -нитроглицериндин 1%-спирт аралашмасынын1-2 тамчысынын же валидол суюктугунун 4-5 тамтысын кантка тамчытып тил астына беруу; -тездик менен тез жардам чакырабыз. Тез-тез кайталган стенокардия журоктун инфарктына алып келет.
Инфаркт
Инфаркт — органдын же ткандын артериялык кан жетпей калган бөлүгүнүн некрозго (өлүмтүккө) чалдыгуусу.
Түрлөрү
- Ишемиялык Инфаркт - некроз болгон жерге кан жетпей калуусу,
- Геморрагиялык Инфаркт - некроз болгон жерге ашыкча кан толуусу
Биринчи медициналык жардам
адамга оптималдуу абалды бериңиз - отуруп же жатып, анткени жабырлануучуга ыңгайлуураак;
- чектөөчү кийимдерден эркин, таза абага чыгууну камсыз кылуу;
- адамдын абалына көз салуу жана психологиялык колдоо көрсөтүү;
- эс-учун жоготкондо жана дем алуунун сакталышында, позасы туруктуу болушу үчүн адамды капталына коюңуз;
- дем алуу жок болсо, жүрөк-өпкө реанимациясын баштоого жана жашоонун белгилери пайда болгонго чейин же тез жардам келгенге чейин жүргүзүлүшү мүмкүн. Айта кетчү нерсе, жүрөк-өпкө реанимациясына биринчи жардам көрсөтүү менен жол берилет жана медициналык жардам эмес.