СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Балдар менен иштөө

Категория: Завучу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Балдар менен иштөө»

Тема: Билим берүү уюмдарында инклюзивдик  чөйрөнү жана маданиятты калыптандыруу

Тема: Билим берүү уюмдарында инклюзивдик чөйрөнү жана маданиятты калыптандыруу

Инклюзивдик билим «Инклюзивдик билим» деген эмне? Инклюзивдик ( франц.inclusif өзүнө камтуучу ) же камтылган билим берүү . инклюзив-түздөн түз котормосу бул «кошуу» ИБ билим тармагынын ар түрдүү өзгөчөлүктөргө ылайыкташуусу дегенди билдирет ИБ адамдардын, анын ичинде балдардын билим алышына жолтоо болуучу толскоолдуктарды жоюу менен балдар жамаатындагы бардык балдардын көйгөйүнө, артта калганына, жашына, жынысына карабастан өз карамагына камтуу.

Инклюзивдик билим

  • «Инклюзивдик билим» деген эмне?
  • Инклюзивдик ( франц.inclusif өзүнө камтуучу ) же камтылган билим берүү .
  • инклюзив-түздөн түз котормосу бул «кошуу»
  • ИБ билим тармагынын ар түрдүү өзгөчөлүктөргө ылайыкташуусу дегенди билдирет
  • ИБ адамдардын, анын ичинде балдардын билим алышына жолтоо болуучу толскоолдуктарды жоюу менен балдар жамаатындагы бардык балдардын көйгөйүнө, артта калганына, жашына, жынысына карабастан өз карамагына камтуу.
Баланын укугу боюнча Конвенцияда айтылгандай – бардык балдар окуп билим алганга акылуу. Дене-боюна, акыл-эсине, социалдык, эмоционалдык, тилдик же башка өзгөчөлүгүнө, ал-абалына карабастан окуй алышат. Инклюзивдик окутуу кадимки бала бакчаларда, класстарда, мектептерде мүмкүнчүлүгүнө жараша бир курактагы балдардын билим берүү процессине толук кандуу катышуусун билдирет. Балдар таанып-билүүчүлүк жана социалдык жагдайда өз курбулары менен бирге окуганда тез өнүгүп-өсүшөт.
  • Баланын укугу боюнча Конвенцияда айтылгандай – бардык балдар окуп билим алганга акылуу.
  • Дене-боюна, акыл-эсине, социалдык, эмоционалдык, тилдик же башка өзгөчөлүгүнө, ал-абалына карабастан окуй алышат.
  • Инклюзивдик окутуу кадимки бала бакчаларда, класстарда, мектептерде мүмкүнчүлүгүнө жараша бир курактагы балдардын билим берүү процессине толук кандуу катышуусун билдирет.
  • Балдар таанып-билүүчүлүк жана социалдык жагдайда өз курбулары менен бирге окуганда тез өнүгүп-өсүшөт.
Инклюзивдик билимдин максаты:   * тоскоолдуксуз билим берүү чөйрөнүн негизги принциптерин, максатын, механизмдерин терең түшүнүү * инклюзивдик чөйрөнүн бардык катышуучуларны сапаттуу жана жеткиликтүү билим берүү * Инклюзивдик коомдун , социалдык адилеттик менен теңчиликтин кеңири маанидеги стратегиясына салым кошуу.  * Балдарга тоскоолдук болгон кыйынчылыктарды жеңүү

Инклюзивдик билимдин максаты:

* тоскоолдуксуз билим берүү чөйрөнүн негизги принциптерин, максатын, механизмдерин терең түшүнүү

* инклюзивдик чөйрөнүн бардык катышуучуларны сапаттуу жана жеткиликтүү билим берүү

* Инклюзивдик коомдун , социалдык адилеттик менен теңчиликтин кеңири маанидеги стратегиясына салым кошуу. * Балдарга тоскоолдук болгон кыйынчылыктарды жеңүү

Милдеттер:   1. Инклюзивдик билим берүү боюнча нормативдик-укуктук база боюнча маалымат берүү 2. Угучуларды заманбап дүйнөдөгү майыптыкты түшүнүүнүн ар кандай моделдери (парадигмалары), майыптыгы бар адамдардын “жашоосун нормалдаштыруу” принциби жана кыймыл аракеттеги, турмуштук ишмердиктеги жана ден-соолуктагы чектелөөрдүн эл аралык классификациясы (ФЧЭК) жана анын билим берүүдө колдонулушу жөнүндө жалпы маалымат берүү; 3.Майыптыгы жана атайын билим алуу муктаждыгы бар балдардын категориялары менен тааныштыруу; 4. Инклюзивдик билим берүүнүн негизги аспектилери, анын ичинде укуктук база, философия, негизги түшүнүктөр жана принциптер менен тааныштыруу. 5.Инклюзивдик билим берүү чойрөсүн тиешелүү атайын шарттардын компоненттери жөнүндө маалымат берүү;

Милдеттер:

1. Инклюзивдик билим берүү боюнча нормативдик-укуктук база боюнча маалымат берүү

2. Угучуларды заманбап дүйнөдөгү майыптыкты түшүнүүнүн ар кандай моделдери (парадигмалары), майыптыгы бар адамдардын “жашоосун нормалдаштыруу” принциби жана кыймыл аракеттеги, турмуштук ишмердиктеги жана ден-соолуктагы чектелөөрдүн эл аралык классификациясы (ФЧЭК) жана анын билим берүүдө колдонулушу жөнүндө жалпы маалымат берүү;

3.Майыптыгы жана атайын билим алуу муктаждыгы бар балдардын категориялары менен тааныштыруу;

4. Инклюзивдик билим берүүнүн негизги аспектилери, анын ичинде укуктук база, философия, негизги түшүнүктөр жана принциптер менен тааныштыруу.

5.Инклюзивдик билим берүү чойрөсүн тиешелүү атайын шарттардын компоненттери жөнүндө маалымат берүү;

  Майыптуулугу бар адамдардын укуктары жөнүндө Конвенция  2006- жылдын 13- декабрында Генералдык ассамблея тарабынан кабыл алынган 61\106 резолюция   Биринчи берене:  Конвенциянын максаты баардык майыптыгы бар адамдардын толук жана бирдей укуктарын, негизги эркиндигин коргоого жана камсыздоого, артыкчылык берүүгө, ошондой эле аларга тиешелүү болгон артыкчылыкты сыйлоого багытталган  Майыптыгы бар адамдар – баардык адамдардай коомго толук жана эффектидүү аралашууда тоскоолдуктарды жаратуучу туруктуу физикалык, психикалык, интеллектуалдык же сенсордук жактан бузулуулары бар адамдар    БУУ тарабынан түзүлгөн майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндөгү Конвенциясыны Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2019- жылдын 14- мартында бекитилген

Майыптуулугу бар адамдардын укуктары жөнүндө Конвенция 2006- жылдын 13- декабрында Генералдык ассамблея тарабынан кабыл алынган 61\106 резолюция Биринчи берене: Конвенциянын максаты баардык майыптыгы бар адамдардын толук жана бирдей укуктарын, негизги эркиндигин коргоого жана камсыздоого, артыкчылык берүүгө, ошондой эле аларга тиешелүү болгон артыкчылыкты сыйлоого багытталган Майыптыгы бар адамдар – баардык адамдардай коомго толук жана эффектидүү аралашууда тоскоолдуктарды жаратуучу туруктуу физикалык, психикалык, интеллектуалдык же сенсордук жактан бузулуулары бар адамдар

БУУ тарабынан түзүлгөн майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндөгү Конвенциясыны Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2019- жылдын 14- мартында бекитилген

Инклюзивдүү билим берүүнүн негизги фактору Бардык балдар окууга жөндөмдүү. Инклюзивдүү коомдун түзүлүшүнө жардам берүү жана коомдук адилетүүлүктү жана теңдүүлүктү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү. Мектептерде инклюзивдүү билим берүү  балага багытталганын түшүндүрөт. Окуу процессинде  ар бир баланын муктаждыктары жана  керектөөлөрү бар экендигин эске алат.

Инклюзивдүү билим берүүнүн негизги фактору

Бардык балдар окууга жөндөмдүү.

Инклюзивдүү коомдун түзүлүшүнө жардам берүү жана коомдук адилетүүлүктү жана теңдүүлүктү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү.

Мектептерде инклюзивдүү билим берүү  балага багытталганын түшүндүрөт. Окуу процессинде

ар бир баланын муктаждыктары жана

керектөөлөрү бар экендигин эске алат.

 Инклюзивдик билим берүү десе эле көпчүлүк ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга билим берүү деп ойлошот. Бирок андай эмес. Бул кандайдыр бир себептер менен билим берүүдөн артта калып калган, ата-энеси мигрант болуп башка жактарга кетип калган балдар, же болбосо социалдык шарттардан улам жашоону оор кырдаалдарына туш болгон балдар, качкындардын, жакыр үй-бүлөөлөрдүн балдары кирет. Буларга өзгөчө билим керектөөлөрү талап кылынат. Ушундай абалдагы балдардын бардыгына өзгөчө көңүл буруп, шарттарды түзүп, кадимки билим берүү системасына кошууну – инклюзивдик билим берүү деп айтабыз.

Инклюзивдик билим берүү десе эле көпчүлүк ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга билим берүү деп ойлошот. Бирок андай эмес. Бул кандайдыр бир себептер менен билим берүүдөн артта калып калган, ата-энеси мигрант болуп башка жактарга кетип калган балдар, же болбосо социалдык шарттардан улам жашоону оор кырдаалдарына туш болгон балдар, качкындардын, жакыр үй-бүлөөлөрдүн балдары кирет.

Буларга өзгөчө билим керектөөлөрү талап кылынат. Ушундай абалдагы балдардын бардыгына өзгөчө көңүл буруп, шарттарды түзүп, кадимки билим берүү системасына кошууну – инклюзивдик билим берүү деп айтабыз.

•  Инклюзивдүү билим берүүгө башкы түрткү 1994-жылы Испанияда болуп өткөн Өзгөчө керектөөлөрү бар адамдарга билим берүү боюнча Бүткүл дүйнөлүк конференцияда берилген (Саламанк декларациясы). •  10-июнда ал жерде «Өзгөчө керектөөлөрү бар адамдарга билим берүү чөйрөсүндөгү принциптер, саясат жана практикалык ишмердүүлүк жөнүндө» Декларация кабыл алынган. Бул документ мамлекеттердин «бардыгы үчүн мектептерди түзүү» багытында аракеттенүүгө чакырат.

• Инклюзивдүү билим берүүгө башкы түрткү 1994-жылы Испанияда болуп өткөн Өзгөчө керектөөлөрү бар адамдарга билим берүү боюнча Бүткүл дүйнөлүк конференцияда берилген (Саламанк декларациясы).

• 10-июнда ал жерде «Өзгөчө керектөөлөрү бар адамдарга билим берүү чөйрөсүндөгү принциптер, саясат жана практикалык ишмердүүлүк жөнүндө» Декларация кабыл алынган. Бул документ мамлекеттердин «бардыгы үчүн мектептерди түзүү» багытында аракеттенүүгө чакырат.

Кыргыз Республикасынын Конституциясы - ар бир жарандын билим алуу укугу кепилденген  Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-апрелиндеги № 92

Кыргыз Республикасынын Конституциясы - ар бир жарандын билим алуу укугу кепилденген Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-апрелиндеги № 92 "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамы - сапаттуу билим алууга бардык жарандардын укуктарынын теңдиги орнотулган "Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси" 2012-жылдын 10-июлундагы № 100 5-берене (Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 64 Мыйзамынын, 2018-жылдын 30-мартындагы № 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык) «Наристе» мектепке балдарды даярдоо программасы (480 саат). - Б.: Ред. Аркус, 2015 .-136 б. Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү аныктоонун жол-жобосу. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июнундагы № 391 токтому менен бекитилген

Атайын муктаждыгы бар балдар менен иштөөнүн 9 эрежеси. Бардык балдарды шыктандыруу Баарлашуу Классты жайгаштыруу Сабактарды пландоо Сабактарды айрым балдар үчүн пландоо Индивидуалдуу жардам көрсөтүү Көмөкчү каражаттарды, куралдарды пайдалануу Балдардын жүрүм-турумун башкаруу Чогу иштөөгө умтулуу

Атайын муктаждыгы бар балдар менен иштөөнүн 9 эрежеси.

  • Бардык балдарды шыктандыруу
  • Баарлашуу
  • Классты жайгаштыруу
  • Сабактарды пландоо
  • Сабактарды айрым балдар үчүн пландоо
  • Индивидуалдуу жардам көрсөтүү
  • Көмөкчү каражаттарды, куралдарды пайдалануу
  • Балдардын жүрүм-турумун башкаруу
  • Чогу иштөөгө умтулуу
Майыптуулугу жана атайын билим алуу муктаждыктары бар балдардын классификацияларынын бири  (Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар классификацияларынын бири төмөнкү категорияларды камтыйт В.А. Лапшин, Б.П. Пузанов):  Өнүгүүнүн ар кандай бузулуусу менен болгон балдар: угуусу, көрүүсү , сүйлөөсү , таяныч-кыймыл аппаратынын бузулуусу (ТКАБ), психикалык (ПӨБ) жана интеллектуалдык өнүгүүсүнүн бузулуусу (ИӨБ), аутикалык спектрдин бузулуусу, Даун синдрому менен болгон балдар саналат

Майыптуулугу жана атайын билим алуу муктаждыктары бар балдардын классификацияларынын бири (Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар классификацияларынын бири төмөнкү категорияларды камтыйт В.А. Лапшин, Б.П. Пузанов):

Өнүгүүнүн ар кандай бузулуусу менен болгон балдар: угуусу, көрүүсү , сүйлөөсү , таяныч-кыймыл аппаратынын бузулуусу (ТКАБ), психикалык (ПӨБ) жана интеллектуалдык өнүгүүсүнүн бузулуусу (ИӨБ), аутикалык спектрдин бузулуусу, Даун синдрому менен болгон балдар саналат

 УГУУСУ БУЗУЛГАН (ЖАБЫРКАГАН) БАЛДАР УГУУСУ БУЗУЛГАН (ЖАБЫРКАГАН) БАЛДАР  Угуусу туруктуу бузулган балдар эки негизги категорияга бөлүнүшөт:  дүлөйлөр жана начар уккан (катуу кулак) балдар  .  Дүлөй балдар  кулакка жакындатып катуу айтылган сөздү (добушту) сезет (угат), бирок ушул эле учурда аларды атайын окутуусуз, сөздөрдү жана сүйлөмдөрдү түшүнүшпөйт.    Дүлөй балдар үчүн уктуруучу аппаратты же кохлеардык имплантатты пайдалануу милдеттүү болуп саналат

УГУУСУ БУЗУЛГАН (ЖАБЫРКАГАН) БАЛДАР

  • УГУУСУ БУЗУЛГАН (ЖАБЫРКАГАН) БАЛДАР Угуусу туруктуу бузулган балдар эки негизги категорияга бөлүнүшөт:  дүлөйлөр жана начар уккан (катуу кулак) балдар  . Дүлөй балдар  кулакка жакындатып катуу айтылган сөздү (добушту) сезет (угат), бирок ушул эле учурда аларды атайын окутуусуз, сөздөрдү жана сүйлөмдөрдү түшүнүшпөйт.   Дүлөй балдар үчүн уктуруучу аппаратты же кохлеардык имплантатты пайдалануу милдеттүү болуп саналат
Жумуш ордун уюштуруу  бала мүмкүн болушунча педагогго жакын отурганы жакшы (3 метрден алыс эмес);  сабакты уюштуруу учурунда (маселенин, тапшырманын номерин жазуу ж.у.с. учурунда) курдашынын дептерин көрүүгө мүмкүн болуш үчүн угуусу начар окуучунун партасы ага ыңгайлуу – жакшы уккан өнөктөш-окуучунун оң жагында жайгашканы жакшы;     Методикалык сунуштар:  •  ачык, так жана катуу сүйлөңүз, бирок кыйкырбаңыз;  •  эгерде, балага колдонуу үчүн угуучу аппарат берилсе, ал аны колдонуп жатканын, аппарат туташканын, иштеп жатканын.  •  мактоолор, балдардын өз күчтөрүнө болгон ишенимдерин өнүктүрөөрү, окууга карата оң мамилесин жараттары, тапшырманы аягына чыгарууну каалай тургандыгы, жаралган кыйынчылыктарды жеңип чыгаары эсинизде болсун;

Жумуш ордун уюштуруу бала мүмкүн болушунча педагогго жакын отурганы жакшы (3 метрден алыс эмес); сабакты уюштуруу учурунда (маселенин, тапшырманын номерин жазуу ж.у.с. учурунда) курдашынын дептерин көрүүгө мүмкүн болуш үчүн угуусу начар окуучунун партасы ага ыңгайлуу – жакшы уккан өнөктөш-окуучунун оң жагында жайгашканы жакшы;   Методикалык сунуштар: ачык, так жана катуу сүйлөңүз, бирок кыйкырбаңыз; эгерде, балага колдонуу үчүн угуучу аппарат берилсе, ал аны колдонуп жатканын, аппарат туташканын, иштеп жатканын. мактоолор, балдардын өз күчтөрүнө болгон ишенимдерин өнүктүрөөрү, окууга карата оң мамилесин жараттары, тапшырманы аягына чыгарууну каалай тургандыгы, жаралган кыйынчылыктарды жеңип чыгаары эсинизде болсун;

КӨРҮҮСҮ БУЗУЛГАН БАЛДАР  Сокур  көрбөгөн балдар, аларда көрүү сезими толугу менен жок, жарыкты сезүү же калдык көрүүсү бар (жакшы көргөн көзгө карата көрүү курчтугу 0,01ден 0,08 чейин) көрүү курчтугу,  начар  көргөн балдар башка көрүүчү функциялары боюнча абалында четтөөлөрү бар (түстөрдү- жана жарыкты сезүү, перифериялык жана бинокулярдык көрүү (жакшы көргөн көзгө карата коррекция учурунда 0,05тен 0,2 чейин көрүү курчтугу),  чалыр  жана амблиопия менен (0,3төн аз көрүү курчтугу менен) ооруган балдар.

КӨРҮҮСҮ БУЗУЛГАН БАЛДАР Сокур  көрбөгөн балдар, аларда көрүү сезими толугу менен жок, жарыкты сезүү же калдык көрүүсү бар (жакшы көргөн көзгө карата көрүү курчтугу 0,01ден 0,08 чейин) көрүү курчтугу, начар  көргөн балдар башка көрүүчү функциялары боюнча абалында четтөөлөрү бар (түстөрдү- жана жарыкты сезүү, перифериялык жана бинокулярдык көрүү (жакшы көргөн көзгө карата коррекция учурунда 0,05тен 0,2 чейин көрүү курчтугу), чалыр  жана амблиопия менен (0,3төн аз көрүү курчтугу менен) ооруган балдар.

Методикалык сунуштар   Көрүү  жөндөмдүүлүгү начар баланын жумуш орду туура жана жетиштүү түрдө жакшы  жарык  болушу керек.  жай сүйлөшү керек, зарыл болсо, сөзүн бир нече жолу кайталашы керек. Мугалим, бала эмнени жасаса, анын баарын айтып турушу керек: жазып жатат, сүрөт тартып жатат, тажрыйбасын көрсөтүп жатат ж.у.с., көрсөтмө окуу куралдарында эмне тартылгандыгын (мисалы, «сол жакта үй тартылган» же «үстүндө – асман, күн, ал эми астында - токой») айтып турушу керек.

Методикалык сунуштар Көрүү  жөндөмдүүлүгү начар баланын жумуш орду туура жана жетиштүү түрдө жакшы  жарык  болушу керек. жай сүйлөшү керек, зарыл болсо, сөзүн бир нече жолу кайталашы керек. Мугалим, бала эмнени жасаса, анын баарын айтып турушу керек: жазып жатат, сүрөт тартып жатат, тажрыйбасын көрсөтүп жатат ж.у.с., көрсөтмө окуу куралдарында эмне тартылгандыгын (мисалы, «сол жакта үй тартылган» же «үстүндө – асман, күн, ал эми астында - токой») айтып турушу керек.

Начар көргөн балдар үчүн атайын мектеп жалпак шрифт боюнча терилген окуу китептери жана адабияттары жана брайл системасы боюнча окуу китептери камсыздалыш керек
  • Начар көргөн балдар үчүн атайын мектеп жалпак шрифт боюнча терилген окуу китептери жана адабияттары жана брайл системасы боюнча окуу китептери камсыздалыш керек
  СҮЙЛӨӨ РЕЧИ КАТУУ БУЗУЛГАН БАЛДАР (СКБ- ТНР) СКБ (ТНР) – угуусу жакшы сакталган жана интеллекти ченемдүү болгон балдарда белгиленген, сүйлөө системасынын компоненттерин (сүйлөөсүнүн лексикалык жана грамматикалык түзүлүшү, фонематикалык процесстери, үн чыгаруусу, үн агымын просодикалык уюштуруусу) түзүүдөгү туруктуу спецификалык четтөөлөр. Бул категорияга алалия, афазия, ринолалия, дизартрия жана кекечтенген балдар кирет, анда окуу жана жазуу учурунда алардын бузулушуна алып келе турган, сүйлөөнүн (речтин) жалпы өнүкпөй калгандыгы белгиленет

 

СҮЙЛӨӨ РЕЧИ КАТУУ БУЗУЛГАН БАЛДАР (СКБ- ТНР)

СКБ (ТНР) – угуусу жакшы сакталган жана интеллекти ченемдүү болгон балдарда белгиленген, сүйлөө системасынын компоненттерин (сүйлөөсүнүн лексикалык жана грамматикалык түзүлүшү, фонематикалык процесстери, үн чыгаруусу, үн агымын просодикалык уюштуруусу) түзүүдөгү туруктуу спецификалык четтөөлөр. Бул категорияга алалия, афазия, ринолалия, дизартрия жана кекечтенген балдар кирет, анда окуу жана жазуу учурунда алардын бузулушуна алып келе турган, сүйлөөнүн (речтин) жалпы өнүкпөй калгандыгы белгиленет

Сүйлөө речинин бузулушунун жаралган себептери  :  экологиялык кырдаалдын начарлашы;  йод- жана фтордун тартышыгы;  боюнда бар учурда патологиялардын санынын көбөйүшү;  төрөт учурунда жаракаттардын (травмалардын) санынын көбөйүшү;  балдардын ден соолугунун начарлашы жана балдардын оорууларынын өсүшү;  ар кандай социалдык себептер

Сүйлөө речинин бузулушунун жаралган себептери  : экологиялык кырдаалдын начарлашы; йод- жана фтордун тартышыгы; боюнда бар учурда патологиялардын санынын көбөйүшү; төрөт учурунда жаракаттардын (травмалардын) санынын көбөйүшү; балдардын ден соолугунун начарлашы жана балдардын оорууларынын өсүшү; ар кандай социалдык себептер

Методикалык сунуштар:  СКБ (ТНР) менен болгон балдардын өзгөчөлүктөрүн билип туруп, дидактикалык оюндарды колдонуу менен окутула турган материалды жакшы өздөштүрүүсү үчүн бир нече (угуучу жана көрүүчү, угуучу жана жол (такт) анализаторлорду ишке тартууга умтулуу керек;     балдар менен сүйлөшүүдө үн бир калыпта кармалган тондо болушу керек. Мүмкүн болушунча үндү жогорулатпастан, так жана жай сүйлөө керек;  тынч, кыймылдары ишенимдүү, шашылуунун жоктугу, жашоонун бардык учурларында өзүн кармай билүү керек;  бала менен баштаган ишти ар дайым бардык учурда аягына чыгаруу керек, туруктуулукту көрсөтүү керек.  жагымдуу кырдаалды, жумшак режимди түзүү керек

Методикалык сунуштар: СКБ (ТНР) менен болгон балдардын өзгөчөлүктөрүн билип туруп, дидактикалык оюндарды колдонуу менен окутула турган материалды жакшы өздөштүрүүсү үчүн бир нече (угуучу жана көрүүчү, угуучу жана жол (такт) анализаторлорду ишке тартууга умтулуу керек;    балдар менен сүйлөшүүдө үн бир калыпта кармалган тондо болушу керек. Мүмкүн болушунча үндү жогорулатпастан, так жана жай сүйлөө керек; тынч, кыймылдары ишенимдүү, шашылуунун жоктугу, жашоонун бардык учурларында өзүн кармай билүү керек; бала менен баштаган ишти ар дайым бардык учурда аягына чыгаруу керек, туруктуулукту көрсөтүү керек. жагымдуу кырдаалды, жумшак режимди түзүү керек

ПСИХИКАЛЫК ӨНҮГҮҮСҮ БУЗУЛГАН (ПӨБ) БАЛДАР  Психикалык өнүгүүнүн бузулушу −  бул баланын психикасынын өнүгүү темпинин басаңдоосу, жалпы билим запасынын жоктугу, ой жүгүртүүсүнүн жетишсиздиги, оюн кызыкчылыктарынын басымдуулугу, интеллектуалдык иштен тез чарчагандыгы менен билинет. ПӨБ ченемдүүлүк жана акылдын жетишсизигинин ортосундагы ара абал болуп саналат. Бул түшүнүк туруктуу, айыкпас психикалык өнүкпөгөндүк жөнүндө эмес, бул бала мектепке окууга кирген учурда көбүнчө байкала турган темптин басаңдашы жөнүндөгү түшүнүктү айтып турат .

ПСИХИКАЛЫК ӨНҮГҮҮСҮ БУЗУЛГАН (ПӨБ) БАЛДАР Психикалык өнүгүүнүн бузулушу −  бул баланын психикасынын өнүгүү темпинин басаңдоосу, жалпы билим запасынын жоктугу, ой жүгүртүүсүнүн жетишсиздиги, оюн кызыкчылыктарынын басымдуулугу, интеллектуалдык иштен тез чарчагандыгы менен билинет. ПӨБ ченемдүүлүк жана акылдын жетишсизигинин ортосундагы ара абал болуп саналат. Бул түшүнүк туруктуу, айыкпас психикалык өнүкпөгөндүк жөнүндө эмес, бул бала мектепке окууга кирген учурда көбүнчө байкала турган темптин басаңдашы жөнүндөгү түшүнүктү айтып турат .

ар бир баскыч менен иштөөнүн алдында ага кылдат даярдык керек. Тездик жана жасалган саны анчалык маанилүү эмес, эң жөнөкөй тапшырмаларды тыкыр жана туура аткаруу абдан маанилүү;  мындай балдардын өнүгүүсүндөгү өзгөчөлүктөр жөнүндө мугалим унутпашы керек,  чарчоонун  алдын алуу макстында эс алуу үчүн кыска убакытка мүмкүндүк берүү, бир калыптагы динамикалык тыныгууларды (10 минутадан кийин) сабакка киргизүү керек;

ар бир баскыч менен иштөөнүн алдында ага кылдат даярдык керек. Тездик жана жасалган саны анчалык маанилүү эмес, эң жөнөкөй тапшырмаларды тыкыр жана туура аткаруу абдан маанилүү; мындай балдардын өнүгүүсүндөгү өзгөчөлүктөр жөнүндө мугалим унутпашы керек,  чарчоонун  алдын алуу макстында эс алуу үчүн кыска убакытка мүмкүндүк берүү, бир калыптагы динамикалык тыныгууларды (10 минутадан кийин) сабакка киргизүү керек;

ТАЯНЫЧ-КЫЙМЫЛ АППАРАТЫ БУЗУЛГАН (ТКАБ) БАЛДАР   Балдардын шал оорусу борбордук нерв системасынын татаал оорусу болуп саналат, ал бир гана координациялоочу - кыймыл органдарынын ооруларына, кыймылдын темптерине, алардын көлөмүнүн жана күчүнүн чектелишине гана алып келүүчү эмес, ал акыл-эстин өнүгүүсүнүн кечигүүсүнө же патологиясына, сүйлөө жөндөмдүүлүгүнүн начарлашына, угуу, көрүүнун бузулушуна ж.у.с. бузулууларга алып келет

ТАЯНЫЧ-КЫЙМЫЛ АППАРАТЫ БУЗУЛГАН (ТКАБ) БАЛДАР

  • Балдардын шал оорусу борбордук нерв системасынын татаал оорусу болуп саналат, ал бир гана координациялоочу - кыймыл органдарынын ооруларына, кыймылдын темптерине, алардын көлөмүнүн жана күчүнүн чектелишине гана алып келүүчү эмес, ал акыл-эстин өнүгүүсүнүн кечигүүсүнө же патологиясына, сүйлөө жөндөмдүүлүгүнүн начарлашына, угуу, көрүүнун бузулушуна ж.у.с. бузулууларга алып келет
АУТИКАЛЫК СПЕКТРИ БУЗУЛГАН БАЛДАР   Аутизм же аутикалык спектрдин бузулушу-  (грек тилинен auto – өзүм) – байланыштардын бузулушунун акыркы формаларын, реалдуулуктан, анда аутистикалык ой-жүгүртүүнүн аффективдүү керектөөлөрүнө баш ийген, анын эркин уюштуруусу бузулган, өзүнүн ички санаа дүйнөсүнө кеткендигин белгилөө үчүн бул терминди швейцариянын психиатры жана психологу Э. Блейлер (1857-1939-жж.) киргизген. Мындай бузулуулар негизинен үч чөйрөдө:  маектешүүдө, сүйлөшүүдө, жүрүм-турумунда байкалат  

АУТИКАЛЫК СПЕКТРИ БУЗУЛГАН БАЛДАР

  • Аутизм же аутикалык спектрдин бузулушу-  (грек тилинен auto – өзүм) – байланыштардын бузулушунун акыркы формаларын, реалдуулуктан, анда аутистикалык ой-жүгүртүүнүн аффективдүү керектөөлөрүнө баш ийген, анын эркин уюштуруусу бузулган, өзүнүн ички санаа дүйнөсүнө кеткендигин белгилөө үчүн бул терминди швейцариянын психиатры жана психологу Э. Блейлер (1857-1939-жж.) киргизген. Мындай бузулуулар негизинен үч чөйрөдө:  маектешүүдө, сүйлөшүүдө, жүрүм-турумунда байкалат  
Методикалык сунуштар   аутизм оорусу бар балага чоңдордун туруктуу колдоосу, дүйнө менен активдүү жана татаал мамилелерге өтүү үчүн ага түрткү берүү жана жактыруу керек;  аутизм оорусу бар бала менен тыныгуу учурунда алар сүйлөшө алгандай болушу аутист-баланын өзгөчөлүгү, мезгили менен жалгыз калууга карата анын зарылдыгы да саналат, ошондуктан кээде аны жалгыз калтырууга балага мүмкүнчүлүк берүү керек. Андай бала үчүн ал жерде ал жалгыз отургандай, жана эч ким анын тынчын албагандай болгон орунду алдын ала караштыруу зарылүчүн мугалим балдар менен ишти ошондой уюштуруусу зарыл

Методикалык сунуштар аутизм оорусу бар балага чоңдордун туруктуу колдоосу, дүйнө менен активдүү жана татаал мамилелерге өтүү үчүн ага түрткү берүү жана жактыруу керек; аутизм оорусу бар бала менен тыныгуу учурунда алар сүйлөшө алгандай болушу аутист-баланын өзгөчөлүгү, мезгили менен жалгыз калууга карата анын зарылдыгы да саналат, ошондуктан кээде аны жалгыз калтырууга балага мүмкүнчүлүк берүү керек. Андай бала үчүн ал жерде ал жалгыз отургандай, жана эч ким анын тынчын албагандай болгон орунду алдын ала караштыруу зарылүчүн мугалим балдар менен ишти ошондой уюштуруусу зарыл

ДАУН СИНДРОМУ МЕНЕН БАЛДАР   Даун синдрому (Күндүн балдары) –  бул генетикалык абал, ал 21-парда (жупта) кошумча хромосомдун катышуусу аркылуу жаралат. «Синдром» − бул ооруу эмес, бул тышкы келбеттин жана өнүгүүнүн белгилеринин топтому же мүнөздүү айырмачылык белгилери. Бирок Даун синдрому менен болгон балдардын башка балдардан айырмачылыктарына караганда алардын жалпы окшоштугу көбүрөөк.

ДАУН СИНДРОМУ МЕНЕН БАЛДАР

  • Даун синдрому (Күндүн балдары) –  бул генетикалык абал, ал 21-парда (жупта) кошумча хромосомдун катышуусу аркылуу жаралат. «Синдром» − бул ооруу эмес, бул тышкы келбеттин жана өнүгүүнүн белгилеринин топтому же мүнөздүү айырмачылык белгилери. Бирок Даун синдрому менен болгон балдардын башка балдардан айырмачылыктарына караганда алардын жалпы окшоштугу көбүрөөк.
Даун синдрому менен болгон балдар үчүн төмөнкү белгилер мүнөздүү:  мурдунун үстү жалпак, көздөрү кайчылаш жана эриндери калың;  терең узун сызыгы менен жазы келген тили;  башынын өлчөмү кичинекей;  моюндун териси катталып бырышып турат;  кулагы кичине жана анын формасы бир аз өзгөргөн;  көзүндөгү тактар (Брушфельд деп аталган тактар);  алакандарында туурасынан кеткен бир эле сызык;  булчуңдарынын тонусу төмөн;  ар бир балада жүрөгүндөгү тубаса болгон кемтиги;  Даун синдрому менен болгон балдар өнүгүүсү артта калгандыгына карабастан, мектептен окуй алышат жана көпчүлүк учурда билим, кесип алып чыгышат

Даун синдрому менен болгон балдар үчүн төмөнкү белгилер мүнөздүү: мурдунун үстү жалпак, көздөрү кайчылаш жана эриндери калың; терең узун сызыгы менен жазы келген тили; башынын өлчөмү кичинекей; моюндун териси катталып бырышып турат; кулагы кичине жана анын формасы бир аз өзгөргөн; көзүндөгү тактар (Брушфельд деп аталган тактар); алакандарында туурасынан кеткен бир эле сызык; булчуңдарынын тонусу төмөн; ар бир балада жүрөгүндөгү тубаса болгон кемтиги; Даун синдрому менен болгон балдар өнүгүүсү артта калгандыгына карабастан, мектептен окуй алышат жана көпчүлүк учурда билим, кесип алып чыгышат

ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ӨНҮГҮҮСҮ БУЗУЛГАН БАЛДАР (ИӨБ) –   бул  баш мээсинин функцияларынын айыккыс бузулуулары менен болгон балдар.  Өзүнүн өнүгүүсүндө алар курдаштарын кууп жете алышпайт.  Ошондуктан билим берүүчү уюмдарда аларды окутуу боюнча милдет, алардын социумда көнүп кетиши үчүн жашоого карата керектүү компетенциясын түзүү болуп саналат .

ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ӨНҮГҮҮСҮ БУЗУЛГАН БАЛДАР (ИӨБ)   бул  баш мээсинин функцияларынын айыккыс бузулуулары менен болгон балдар. Өзүнүн өнүгүүсүндө алар курдаштарын кууп жете алышпайт. Ошондуктан билим берүүчү уюмдарда аларды окутуу боюнча милдет, алардын социумда көнүп кетиши үчүн жашоого карата керектүү компетенциясын түзүү болуп саналат .

ИӨБ менен ооруган балдардын көңүл коюсу:   көңүл коюсу туруксуз, бат эле чыдабай кетүүсү, ашыкча алаксуусу, кыймыл-аракетинин токтотуудан жазылышы байкалат, көңүл коюсунун эркиндигин төмөн деңгээли баланын эркинин сапаттарынын жетишсиз өнүгүшү менен байланышкан, балдар  чыдамсыздыгын  көрсөтүшөт, сабактын темасына кирбеген суроолорду беришет,  кыйкырып чыгышат  . Кабыл алуусунун жетишсиз өнүгүшү айлана-чөйрө жана өзү жөнүндө туура элестетүүнү алууга мүмкүндүк бербейт, буюмдар менен кубулуштардын ортосундагы окшоштуктарды жана айырмачылыктарды илип алуусу жетишсиз, түстөрдүн түрлөрүн билбейт.  көп убакыт талап кылынат, тамгаларды, сандарды билүу темпи өтө жай, алар түсү, чоңдугу, формасы боюнча аз айырмаланган объекттерди айырмалоо алар үчүн кыйын  .

ИӨБ менен ооруган балдардын көңүл коюсу:

көңүл коюсу туруксуз, бат эле чыдабай кетүүсү, ашыкча алаксуусу, кыймыл-аракетинин токтотуудан жазылышы байкалат, көңүл коюсунун эркиндигин төмөн деңгээли баланын эркинин сапаттарынын жетишсиз өнүгүшү менен байланышкан, балдар  чыдамсыздыгын  көрсөтүшөт, сабактын темасына кирбеген суроолорду беришет,  кыйкырып чыгышат  .

Кабыл алуусунун жетишсиз өнүгүшү айлана-чөйрө жана өзү жөнүндө туура элестетүүнү алууга мүмкүндүк бербейт, буюмдар менен кубулуштардын ортосундагы окшоштуктарды жана айырмачылыктарды илип алуусу жетишсиз, түстөрдүн түрлөрүн билбейт.

көп убакыт талап кылынат, тамгаларды, сандарды билүу темпи өтө жай, алар түсү, чоңдугу, формасы боюнча аз айырмаланган объекттерди айырмалоо алар үчүн кыйын  .

Методикалык сунуштар:   тышкы стимулдар канчалык аз болсо – ошончолук жакшы. эгерде, тынчы жок бала болсо, партага ал бала өтө ала турган жерди тосуп кала турган жана андан көлөмдүүрөөк бала менен отургузуу зарыл. бөлмөдө басып жүрүүгө мүмкүндүк бере турган (карандаштарды таратуу, иштерди чогултуу сыяктуу) тапшырмаларды ага берүүгө болот. интеллектуалдык өнүгүүсү жетишпеген балдар алар менен бир күндө бир канча мүнөт жекече тартипте иштөөгө муктаж, аны башка балдар ойноп жатканда же алар өз тапшырмаларын аткарып жатканда, жүргүзүүгө болот. сүйлөө нускамаларынын ордуна демонстрацияларды (көрсөтмөлөрдү) колдонгон жакшы. Жөнөкөй сүйлөмдөрдү колдонгула жана нускамаларды жаңсоолор же сүрөттөр менен коштоңуз.

Методикалык сунуштар:

тышкы стимулдар канчалык аз болсо – ошончолук жакшы.

эгерде, тынчы жок бала болсо, партага ал бала өтө ала турган жерди тосуп кала турган жана андан көлөмдүүрөөк бала менен отургузуу зарыл.

бөлмөдө басып жүрүүгө мүмкүндүк бере турган (карандаштарды таратуу, иштерди чогултуу сыяктуу) тапшырмаларды ага берүүгө болот.

интеллектуалдык өнүгүүсү жетишпеген балдар алар менен бир күндө бир канча мүнөт жекече тартипте иштөөгө муктаж, аны башка балдар ойноп жатканда же алар өз тапшырмаларын аткарып жатканда, жүргүзүүгө болот.

сүйлөө нускамаларынын ордуна демонстрацияларды (көрсөтмөлөрдү) колдонгон жакшы. Жөнөкөй сүйлөмдөрдү колдонгула жана нускамаларды жаңсоолор же сүрөттөр менен коштоңуз.

«МЭЭ ГИМНАСТИКАСЫ» ФИЗКУЛЬТМИНУТКА 1  . Башты чайкоо  (көнүгүү ой-жүгүртүү процесстерин стимулдаштырат): терең дем ал, ийинди бош кой, башты алдыга ташта. Дем алуунун жардамы менен чыңалуу кеткенге чейин баштын бир тараптан экинчи тарапка жаай чайкалуусуна жол бер. Ээк моюндун бошоңдошуна жараша көкүрөктө жеңил ийилген сызыкты чиет. Көнүгүүнү 30 секунд аткаруу керек. 2.  «Жалкоо сегиздер»  (көнүгүү эске тутууну камсыз кыла турган, мээнин түзүмүн активдештирет, көңүл буруунун туруктуулугун жогорулатат): ар бир кол менен үч жолудан, андан кийин эки кол менен тең, горизонталдуу түздүктө «сегиздин» сүрөтүн абада тартуу керек.

«МЭЭ ГИМНАСТИКАСЫ» ФИЗКУЛЬТМИНУТКА

. Башты чайкоо  (көнүгүү ой-жүгүртүү процесстерин стимулдаштырат): терең дем ал, ийинди бош кой, башты алдыга ташта. Дем алуунун жардамы менен чыңалуу кеткенге чейин баштын бир тараптан экинчи тарапка жаай чайкалуусуна жол бер. Ээк моюндун бошоңдошуна жараша көкүрөктө жеңил ийилген сызыкты чиет. Көнүгүүнү 30 секунд аткаруу керек.

2.  «Жалкоо сегиздер»  (көнүгүү эске тутууну камсыз кыла турган, мээнин түзүмүн активдештирет, көңүл буруунун туруктуулугун жогорулатат): ар бир кол менен үч жолудан, андан кийин эки кол менен тең, горизонталдуу түздүктө «сегиздин» сүрөтүн абада тартуу керек.

 ата-энелер да мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды кандай тарбиялоону билиши керек. Өзгөчө муктаждыктагы балдарга болгон мамилени өзгөртсөк, башка маселелер да жеңилдейт деп ойлойбуз.

ата-энелер да мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды кандай тарбиялоону билиши керек. Өзгөчө муктаждыктагы балдарга болгон мамилени өзгөртсөк, башка маселелер да жеңилдейт деп ойлойбуз.

Инклюзивдик билим берүү бул - бардык адамдардын билим алуусуна  шарт түзүп жана агартуучулукту ар тараптан өнүктүрүүгө багытталган. Алсак, балдардын түрдүү  муктаждыгын чечүү жана  билим алуунун жеткиликтүү кылууну көздөйт. Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды көңүл сыртында калтырбоо эске алына т

Инклюзивдик билим берүү бул - бардык адамдардын билим алуусуна  шарт түзүп жана агартуучулукту ар тараптан өнүктүрүүгө багытталган. Алсак, балдардын түрдүү  муктаждыгын чечүү жана  билим алуунун жеткиликтүү кылууну көздөйт. Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды көңүл сыртында калтырбоо эске алына т

Көңүл бурганыныздарга  рахмат!!!

Көңүл бурганыныздарга рахмат!!!


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!