СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жакында интернеттин доору бутобу же дагы орчуйбу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Жакында ватсаптын доору бүтөбү?

Азыр дүйнө жүзүндө 2 миллиардка жакын адам ватсап колдонот. Алгач бир украин ойлоп тапкан. Кийин Фейсбук сатып алган. Интернетте күнүнө беш саат отурсак анын 2 саатка жакыны ушул чат программаларында өтөт экен. Ватсаптын кандай ишке жараганын өзүңөр жакшы билесиңер, майдалап жазбай эле койойун. Кыскасы азыркы убактагы эң популярдуу мессенджер. Бирок ушундай көп колдонуучусу болгон мессенджердин доору жакында бүтүшү мүмкүнбү? Ушуга жооп издегенге аракет кылып көрдүм. Анда кеттик, баштайлы. Мессенджерлердин Ватсаптан башка ICQ, Skype, Aгент, Фейсбук Мессенджер, Viber, Wechat жана башка ушул сыяктуу толтура түрү бар. Мисалы Кытайда Wechat ты көп колдонушат. Америкада Фейсбуктукун көп колдонушат. Бирок азыркы жаза турганым ӨЗГӨЧӨ. Аты ТЕЛЕГРАМ. Ватсапка окшоп миллиардка жете элек, азырынча 400 миллион. Ватсап жигули болсо Телеграмды Мерседес деп койсок болот. Орус программист Павел Дуров деген жигит байкеси Николай экөө ойлоп табышкан. Россиядагы “ВКонтакте” социалдык тармакты да дал ушул Павел тапкан. Телеграмды өзгөчө кылган эмне? Эмнеге ватсапка окшоп популярдуу эмес? Келечеги кандай? Канча миллион киши колдонот жана кайсы жактарда популярдуу? Алгач 2013-жылы программа даяр болгондо, Павел байкеси Николай экөө чат аркылуу жазышат. Анан ХАКЕРЛЕРГЕ конкурс жарыялайт. Кимде-ким, байкем экөөбүз жазышкан чатты бузуп кирип, окуй алса 200 000 доллар берем дейт. Албетте эч ким буза албайт. Жарым жартылай бузганга аракет кылышат, бирок эч ким толук ийгиликке жетпейт. Ошентип Телеграмдын доору башталат. Анын эң чоң өзгөчөлүгү КООПСУЗДУГУ. Жазышкан чатыңарды хакерлер, атайын топтор кыскасы эч ким окуй албайт. Россияда бир чоң окуядан кийин ФСБ да кирип окуй албай коет. Анан алардан маалыматты алганга аракет кылышат. Павел бербей коет, ошентип алардын ортосунда соттошуу башталат. Кыскасы КООПСУЗДУК боюнча дүйнөдө теңи жок. Жадагалса ИГИЛдин террористтери да Телеграм аркылуу жазышкан экен. Кийинчерээк Телеграм бардык мүчөлөрүн тазалап алардан кутулат. Папа Римский да телеграм аркылуу сүйлөшөт экен. Анда эмесе Ватсап менен ошол Телеграмды түз салыштырып, айырмасын көрөлү. 1. Ватсап группада эң көп 250 киши сүйлөшө алат. Телеграмда болсо 200 000 киши. 2. Ватсапта бир убакта 100 Мегабайтка чейинки гана нерселерди жөнөтсө болот. Телеграмда болсо 15 эсе көп. 1.5 Гигабайт. Башкача айтканда бир жөнөткөндө толук бир кинону да жөнөтсө болот. 3. Ватсаптын файлдары телефонго түшөт, анан бат эле толуп калат. Өчүргөнгө туура келет. Телеграмда андай маселе жок. Чексиз файлдарды сактай берсе болот. Баары серверге жүктөлөт. Каалаган учурда телефонго же компьютерге түшүрүп алса болот. Мындайча айтканда ФЛЕШКА же ХАРДДИСК катары колдонсок да болот. Бирок 6 ай колдонбой койсо ал өчүп кетет. 4. Телеграмда бир нерсени сактап коюу үчүн өзүңөргө өзүңөр билдирүү жөнөтсөңөр болот. Сүрөт, видео, паспорттун копиясы дегеле ар кандай документтердин копияларын, сүйүктүү киноңорду, ар кандай шилтемелерди. Кыскасы силердин виртуалдык сейфиңер болуп калат. 5. Адашып билдирүү жөнөтүп алсаңыз, тиги жактыкын да өчүрө аласыңар бирок тиги жак силердин өчүргөнүңөрдү билбейт. Ватсапта болсо “өчүрүлдү” деп чыгып калат. 6. “СЕКРЕТНЫЙ ЧАТ” бар. Жазышканыңар дароо өчөт. Убактысын өзүңөр белгилесеңер да болот. 7. Эгер Ватсапта кандайдыр бир группага кечирээк кошулуп калсаңар, ошол кошулган күндөн баштап маалыматтарды көрө аласыз. Телеграмда болсо андай эмес. 5 жыл мурун ачылган группа болсо бирок сиз быйыл кошулганыңызга карабай 5 жыл мурунку билдирүүлөрдү окуй аласыз. Тээ группа ачылган күндөн баштап. Албетте ага чейин силерди жамандаган билдирүүлөр жазылган болсо, аларды да окуп каласыңар. Бул жакшыбы же жаманбы билбейм )) 8. Ватсапта бир убакта 30 эле сүрөт тандап жүктөй аласыңар. Телеграмда андай чектөө жок. 9. Ар кандай опрос, тесттерди уюштурсаңар болот. 5-6 жообу менен. 10. Телефондо да компьютерде да тез иштейт. Синхронизация өтө күчтүү. Компьютер аркылуу бир эле жолу киргизип койсоңор, ошол бойдон тура берет. Ватсап кыска убакта эле кайра өчүп калат. 11. Ватсапта стикерлер өтө аз жана кызыксыз. Же сатып алыш керек. Телеграмда болсо стикерлердин эсеби жок. Аябай кызыктуу жана бекер. Трамптын эле канчалаган эмоциялары бар. Ал эле эмес, ар ким ӨЗҮНҮН стикерлерин же GIF терин жасай алат. 12. Шрифттердин размерлерин, түстөрүн, фондорду кыскасы колдонуп жаткан нерселердин баарын Телеграмда өзгөртсө болот. Ватсапта аябай чектелүү же жок. 13. Номери жок деле башка адамдарды тапса болот. Мисалы ЖАЛда жашасаңар, жаныңарда дагы кимдер телеграм колдоноорун же кандай телеграм группалар бар экенин билип алсаңар болот. ХЕШТЭГ телеграмда иштейт. Ватсапта мындай өзгөчөлүктөр жок. 14. Видеофайлдарды “редактировать” этсе болот. Ватсапта болсо билесиңер. 15. Дагы бир чоң өзгөчөлүгү: ӨЗҮҢӨРДҮН ЖЕКЕ КАНАЛЫҢАРДЫ ачсаңар болот. Ой-пикиреңерди, кызыктуу постторуңарды ошол канал аркылуу жарыялап турсаңар болот. Мындай өзгөчөлүк бир дагы мессенджерде жок. 16. Телеграмда толтура БОТТОР (роботтор)иштейт. Мини программалоо. Силердин жардамчыңар. Бул өзүнчө фантастикалык бир дүйнө экен. Мисалы: Мага күндө валюталардын курсун айтып тур десеңер, боттор айткан убакта аткарып турушат. Жаңылыктардын топтомун бер десеңер, аны аткарып турушат. Кыскасы өзүңөрдү падыша сезип каласыңар. Азыркы учурда мен да ушуларды үйрөнүп жатам. Ютубда атайын видео сабактары бар. Ошол жактан үйрөнсөңөр болот. 17. Аягында бир минусун айтайын. АЗЫРЫНЧА видеовызов жок. Бирок ушул жылы кошкон атышат. Анда да ватсапка окшоп 4 адам үчүн эмес, ZOOM га конкурент болуп, көп киши сүйлөшө ала тургандай кылып жасап жатышат. Мындан башка дагы толтура өзгөчөлүктөрү бар. Өзүңөр бир жума чукуласаңар баарын үйрөнүп аласыңар. Кыскасы достор, Телеграм коопсуздукка көңүл бурган, креативдүү ойлонгон, шаблондорго баш ийгиси келбеген жана келечектеги эң таасирдүү МЕССЕНДЖЕРГЕ ээ болом деген достор үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк. Эми Ватсап эмне болот деген суроого жооп берейин. Ватсап жок болбойт оңой менен, себеби артында Фейсбук бар. Бирок өзүнүн көптөгөн кардарларын Телеграмга окшогон КРЕАТИВДҮҮ мессенджерлерге тарттырып жиберет. Азыр Кытайда Вичат колдонулбаган тармак КАЛБАДЫ. Керек болсо кайсы бир коңшу мамлекетке паспорттун ордуна вичатты көрсөтүп өтө баштаптыр. Телеграм да ошого баратат.

Категория: Информатика
20.02.2023 11:02


Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!