СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Олимпиадалык топ менен иштөө

Нажмите, чтобы узнать подробности

«Кутадгу билиг» 1069-жылы түрк тилиндеги алгачкы поэма. Анын автору Жусуп Баласагын. Жусуп Баласагын бул чыгармасын караханиддердин башкаруучусу Табгач Богра-Караханга белек кылган. Насыят түрүндө жазылган бейиттерде автор адилеттүү мамлекет жөнүндөгү өзүнүн түшүнүгүн чагылдырган.

  1. Жусуп Баласагындын пикири боюнча, адамдардын баары бактылуу жашаш үчүн башкаруучу мамлекетти кантип башкарышы керек? (Өзүңөрдүн жообуңарды ырастоо үчүн «Кутадгу билиг» поэмасынан фрагменттерди колдонгула)
  2. Кандай деп ойлойсуңар,эмне үчүн автор поэманы «Кутадгу билиг» деп атаган?

1).Жусуп Баласагын өзүнүн «Кутадгу билиг» поэмасында адамдардын баары бактылуу жашаш үчүн башкаруучу мамлекетти адилеттүү башкарып, өлкөдөгү бардык адамдарга бирдей кам көрүүсүн насаат кылган. Мындай оюн философ акындын төмөнкү саптары айгинелеп турат:

Дыйкандар тууралуу:

Дыйканда таза эмгек бизди баккан,

Аларың карапайым, иштүү таптан.

Талаада агызышат маңдай терин,

Иштешип, ачка кылбай багып элин.

Жогоруда Жусуп Баласагын дыйкандардын эмгегинин оордугун, кыйынчылыгына карабай маңдай терин агызып эмгектенип азык-түлүк менен элди багып жатканын айтып, төмөндө:

Мамилең жылуу болсун, жандуу кебиң

Алардын ийгилиги-жашооң сенин.

Белгисиз, жөнөкөй ал,аны ойлой

Өзүңдү ачык карма, көтөрбө бой.

-деген саптары менен башкаруучуларды дыйкандарга бой көтөрбөстөн жылуу мамиледе болуусун айткан.

Жусуп Баласагын адамдардын баары бактылуу жашашы үчүн дыйкандар сыяктуу эле соодагерлердин, кол өнөрчүлөрдүн жана малчылардын орду зор экендигин баса белгилөө менен башкаруучуну алардын баарына аяр мамиле жасоого чакырган.

Кол өнөрчүлөр тууралуу

Даңкталсын өнөрпоздор, болсун өсүү!

Байлыкты жаратышкан алар өзү.

Алардын жолун ачып,жакын болгун,

Гүлдөсүн десең иштер, болбой солгун.

Карачы айланаңды көрүп турган

Кооздукту ушулар да жасап, курган.

Алардын эмгектерин баала, демек,

Чеберлер сага күндө нандай керек.

Колуңдан чыгарбагын сыймыктарды,

Иштерин даңкта, бергин сыйлыктарды.

Колдогун өнөрпозду элди багар.

Көтөрөт элдин наркын иштеп алар.

Мында Жусуп Баласагын өнөрпоздорду даңазалап, өлкөнүн кооздугу алардын колунда экендигин баса белгилеп, башкаруучуну аларга жакын болуусун, алардын эмгегин баалап сый акыларын берип туруусун баяндаган.

Жусуп Баласагын малчылар тууралуу:

Жана да эл ичинде малчылар бар,

Багышат кой, аттарын карап алар.

Сабатсыз болгон менен алар абдан,

Кем эмес бөлөк эч бир адамдардан.

Жыргоодо ак эмгектен айыл-кыштак

Каалашса кымыз ичип,жешип быштак.

Эт жешип,булгаарыдан өтүк кийген,

Малчыга ыраазы болуп, башын ийген.

Пайдасы сага дагы алардан көп,

Андыктан аяп, сыйлап бөпөлөп өт.

Эч качан басынтпагын, көрбөгүн мал,

Сурашса аянба,бер, алардан

Мында малчылардын билимсиз болгону менен башка адамдардан кем эместиги жана алар ак эмгеги менен элди азык-түлүк жана кийим кече менен камсыз кылууда салымы чоң экендигин белгилеп, башкаруучуну малчыларга өзгөчө аяр мамиледе болуусун, кам көрүүсүн билдирген.

Ошондой эле Жусуп Баласагын жашоо жана атак-даңк тууралуу да бир топ философиялык көз карашын чагылдырып өткөн.

Эй,адам,узак өмүргө сен умтулба,

Андан көрө ээ болгун атак-даңкка.

Өмүр-алтын,колдонууга берилген,

Атың болсоң-же чыгашаң, же кирешең.

Атың даңкталса-сенин байыганың,

Жаманатты болсоң-ыйлаганың.

Биз акыры бир күн өлөбүз,эл калат,

Же атыбызды даңктайт,же каргайт.

Мында адам деп кайрылып, жалпы адамзатты бир жолу берилген өмүрдү татыктуу жашап өтүүгө чакырып, эч ким бул дүйнөдө калбастыгын жана өлгөндөн кийин артыңдан адамдар арасында кандай сөз каларын эскерткен. Ошондой эле бул эскертүү акыркы эки сапта өзгөчө башкаруучуларга тийиштүүлүгү ишаарат кылынган.

2) Жусуп Баласагын өзүнүн чыгармасын “Кутадгу билиг” деп аташынын себеби, бул чыгарманын жалпы адамзатка пайдалуу болгондугу үчүн деп ойлойм. Чыгармада Падышалардан тартып жөнөкөй карапайым адамдар үчүн эң керектүү акыл насаат азыктар бар. Бул чыгарманы окуган жана ага амал кылган ар бир инсанга кут конору шексиз деп эсептейм. Адамзаттын моралдык өнүгүүсүнө жана турмуш жолунда багыттоочу маяк экендигин түшүнгөн караханид каганы Табгач Богра Карахан Жусуп Баласагынга Хас-Хажиб наамын берген.

Категория: История
24.11.2023 20:21


Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!