© 2024, id56641454 37
СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
« Усундар Батыш Тянь-Шанды жердеп турган азыркы кара-кыргыздардын түздɵн-түз ата-бабалары болуп саналат. Енисейлик кыргыздар менен Тянь-Шандык кыргыздар качандыр бир кезде бир элди түзүп, б.з.ч III к чейин эле экиге бɵлүнүп кеткен. Алардын бир бɵлүгү Енисейде жашаган. Чыгыш-Тяньшанда турган экинчи бɵлүгүн Кытайлыктар усундар деп аташкан»-деген пикирди кайсы тарыхчы, окумуштуу айткан.
. Усундар Улуу Кытай дубалынын батыш тарабында кɵчүп жүргɵн эл болушкан. Алар б.з.ч 160-жылы Тенир-Тоо менен Жети-Суу аймагынан тохарларды( Южеджи) жана сактарды кууп чыгып ɵздɵрүнүн мамлекетин негиздешкен. Усун мамлекетинин борбору Чигу шаары . Кыргызстандын аймагында тактап айтканда Ысык-Кɵлдүн түштүк-чыгыш жээгинде жайгашкан. Бул шаарды Кытай тарыхчысы Бан Гу тарыхта биринчи жолу эскерген. Шаардын котормосу «Кызыл ɵрɵɵндɵгү шаар». Башкаруучуларын Күнбий( күнбаг) деп аташкан. Суроо: Эмне себептен II-I кК Кытай менен хунндар ɵзүнүн тышкы саясатында Усун мамлекети менен мамиле түзүүгɵ аргасыз болушкан.
Кытай маалыматтарынан белгилүү болгондой, Кыргызстандын аймагындагы эн байыркы мамлекет Усун мамлекети. Калкынын саны 120мин түтүн, же 630 000 жан деп аныкталат.: усундар аскерге бир эле учурда 188 800 адам чыгара алышкан. Суроо: Б.з.ч I к усундардын кайсы белгилүү башкаруучусу «Фейван» наамына ээ болгон?
Эмне үчүн Хань (Кытай) дɵɵлɵтүнүн башкаруучулары ɵз кыздарын усундардын күнбийине аялдыкка беришкен?
Усун мамлекетинин борбору Чигу шаары (Ысык-Кɵлдɵ) кайсы аймакта, качан пайда болгон?
. Cүйлɵмдү толуктагыла:
……….. мамлекетинин борбору ……….аймагында жайгашкан. Бул шаарды кытай тарыхчысы ………….. тарыхта биринчи жолу эскерткен. Бул…….. шаары болгон.
Б.з.ч Iк 70-жылдарында усундардын күчɵнгɵнүнɵн жана кытайлар менен байланышынын ɵнүгүшүнɵн чочулаган хунндар усун ээликтеринин чек араларына бир нече жолу чабуул жасашкан. Ошондо Фейван Хан империясы менен хунндарга каршы биргелешкен аскердик аракеттер жɵнүндɵ келишим түзүп, усундардын 50 мин аскери, 150 мин Кытай аскери менен бирдикте хунндарга кыйраткыч сокку урушкан. Суроо:Бул окуя кайсы жылы болгон?
. Усундардын борбору Чигуда алардын жашоо турмушун жазып калтырган, кытай дипламаты, Улуу Жибек жолуна негиз салган Чжан Цянь болгон.6-к түрктɵр кɵптɵгɵн аймактарды басып алышкан.Ал эми усундар түрк каганатына кайсы мезгилде каратылган?
. Усун мамлекетинин тарыхындагы окуяларды хронологиялык ирээтте жайгаштыргыла:
I) Жети-Сууда усун мамлекетинин негизделиши
II) Усун мамлекети кулаган
III) Күнбаг Унгийминин бийликке келиши
IV ) Усун-Кытай армиясы хунндарды талкалаган
VI) Усун-Кытай союзу түзүлгɵн
Тɵмɵндɵгү инсандардын кайсынысы Усун мамлекетине тиешелүү эмес?
Тɵмɵндɵгү айтылгандардын кайсылары Усундарга тиешелүү:
1) Усундардын чарбасы малчылык, дыйканчылык жана кол ɵнɵрчүлүк түзгɵн. Эн негизги чарба жарым кɵчмɵндүү мал чарбачылыгы болгон.
2) Усундарда соода сатык ɵнүгүп, Персия, рим менен байланыштары болгон жана аларга аргымактарды сатышкан
3) Усундар бир эле мезгилде хунндар жана кытайлар менен союз түзүүгɵ жетишкен
4) Усундар дыйканчылыкта пахта, гүрүч ɵстүрүшүп жүзүмдɵн шарап жасашкан
5) Усундар кытайлар менен биргеликте хун империясын алсыратууга катышкан
6) Усун маданиятын сак маданиятынан айырмалоого болбойт
99. Мамлекеттер менен алардын башкаруучуларынын титулдарын дал келтиргиле:
А) Усундар 1) күнбаг
Б) Давандыктар 2) падыша
В) Түрктɵр 3) ажо
Г) Хундар 4) шанүй
Д) кыргыздар 5) каган
Усун мамлекетинин кошуналарын атагыла:
Кайсы жылы кытайлык тыӊчы, саякатчы жана мамлекеттик ишмер Улуу Жибек Жолунун негиз салуучусу Чжан Цянь Усун мамлекетине келген?
Усундар кайсы мамлекет менен кенири дипломатиялык жана туугандык байланышта болгон?
Байыркы тарыхчылардын кайсынысы усундар жɵнүндɵ жазма маалымат калтырган?
© 2024, id56641454 37