СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

PISA тест

Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Эмне үчүн аккумуляторлор жарылат?

Список вопросов теста

Вопрос 1

Эмне үчүн аккумуляторлор жарылат? Дарыгерлер смартфондордун өлүмгө алып келе турган коркунучу тууралуу эскертишти. Бир жигит наушник менен заряддалып жаткан телефондон музыка угуп жаткан. Капысынан жарылуу болуп, анын кесепетинен жигит сол кулагынан жана колунан күйүк алган. 2015-жылы Түркияда бир кызга уюлдук телефондун жарылуусу алда канча оор кесепеттерге алып келген терисинин эки пайызы күйүп калган. 39 жаштагы Голландиянын жараны жамбашынан жана колунан катуу жаракат алып, терисин алмаштырууга операция жасатууга туура келген. Эң таң калыштуу окуя Уэльсте болгон: механик унаанын газ багын алмаштырып жатып, анын уюлдук телефону шыңгырап калганда жарылуу болгон. Аккумулятор коопсуздугу бир нече параметрлер менен аныкталат, биринчи кезекте эки электроддун – анод менен катоддун ортосундагы потенциалдардын айырмасынан, бул айырма канчалык чоӊ болсо, система ошончолук кооптуу. Экинчи маанилүү фактор - аккумулятордо органикалык компоненттердин болушу же жоктугу. Үчүнчү параметр - тутумдан күйүүчү газдардын чыгышы. Кошумча реакциялар жүргөн учурунда кычкылтек же суутек пайда болуп, чогулат. Бул учурда кичинекей эле учкун аккумулятордун жарылуусуна алып келет.

Аккумуляторду заряддалганда энергиянын айланусу кандай жүрөт?

Варианты ответов
  • химиялык энергия электр энергиясына айланат.
  • механикалык энергия электр энергиясына айланат.
  • ички энергия электр энергиясына айланат.
  • электр энергиясы химиялык энергияга айланат
Вопрос 2

Эмне үчүн аккумуляторлор жарылат? Аккумуляторлордун жарылышынын дагы бир себеби — бул туура эмес заряддоо. Эгерде аккумулятор өтө тез заряддалса же разряддалса, литий көмүртекке толук кирбей калат. Аккумулятор кадимки режимде гана заряддалып жана разаряддалышы керек. Бүгүнкү күндө коргошун аккумуляторлору эң кеӊири таралган. Анын энергиясынын тыгыздыгы аз жана абдан салмактуу, ошондуктан энергияны сактоого өтө ыӊгайлуу. Аларды көбүнчө унаалардын ичинен күйүүчү кыймылдаткычтарын ишке киргизүү үчүн колдонулат. Электр транспортторуна жана мобилдик шаймандарга литий-ион аккумуляторлору ылайыктуу. Сүрөттө литий-ион аккумуляторунун иштөө принциби көрсөтүлгөн. Түшүндүрмө: - Кобальт (тузда) О - Литий 0 - Углерод (графитте) - Кислород (тузда) Заряд Разряд -суусу жок электролит 

Вопрос 3

Эмне үчүн аккумуляторлор жарылат? Эгерде аккумулятордун батарейкасы заряддалып жатканда чоң кубаттуулукту таркатууга мүмкүнчүлүк бере турган болуп иштелип чыкса, анда аны заряддоо учурунда жарылып келиши мүмкүн.

Эмне үчүн батарейкалар заряддалып жатканда жарылат? Көрсөтмө: жоопту түшүндүрүп кенен (толук) жазгыла.

Вопрос 4

Эмне үчүн аккумуляторлор жарылат? Кышында эртеӊ менен Акылдын атасынын машинасы от албай койду. Акыл бузулуунун себебин түшүндүрүп, аккумуляторго байланыштуу көйгөйдү чечүүнү сунуштады.

Акыл сунуштаган көйгөйдү чечүүнүн туура жолдорун аныктагыла.

Варианты ответов
  • Тоңгон аккумляторду гаражга жылытууга алып барды.
  • Аккумулятордун уюлдарын өзгөртүшкөндө, анын температурасы жогорулады
  • Аккумулятордун заряддоого койду.
  • Кадимки батареяны (ток булагын) кошуп койду
Сохранить у себя:

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!