СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Аттестация 14

Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Мугалимдер үчүн

Список вопросов теста

Вопрос 1

Мамлекеттик стандартты кайра кароо жана жаңылоо кандай максатта, канча жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүлүп турат?

Варианты ответов
  • Мектеп окуучуларын даярдоонун стратегиялык артыкчылыктарына, иш берүүчүлөрдүн керектөөлөрүнө, окуучулардын жана алардын ата-энелеринин суроо-талаптарына ылайык келишим камсыз кылуу максатында, беш жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүлүп турат.
  • Окуучулардын, ата-энелердин, мугалимдердин суроо талабын жүзөгө ашыруу үчүн, 3 жылда бир жолу.
  • Мектептен сырткаркы билим берүүдөн жогорку кесиптик билим берүүгө чейинки билим берүү тутумун куруунун бирдиктүү методологиясын камсыз кылуу максатында 10 жылда бир жолу.
Вопрос 2

Базалык жалпы билим берүү предметтери деп эмнени айтабыз?

Варианты ответов
  • Окутуунун бардык баскычтарында жана окутуунун бардык профилдеринде бардык окуучулар үчүн милдеттүү окутулган предметтерди түшүнөбүз.
  • Окутуунун бардык баскычтарында жана окутуунун бардык профилдеринде кээ бир окуучулар үчүн, кээ бир класстар үчүн тандалып окутулган предметтерди түшүнөбүз.
  • Окутуунун тандалып алынган баскычтарында жана окутуунун кээ бир профилдеринде бардык окуучулар үчүн окутулган предметтерди түшүнөбүз.
Вопрос 3

Базалык окуу планы деген эмне?

Варианты ответов
  • Тандалып алынган предметтердин тизмесин, аларды окутуунун ырааттуулугун, окуу жүктөмдөрүнүн көлөмүн жана формасын белгилеген документ.
  • Милдеттүү предметтердин тизмесин, аларды окутуунун ырааттуулугун, окуу жүктөмдөрүнүн көлөмүн жана формасын белгилеген документ.
  • Табигый предметтердин тизмесин, аларды окутуунун тартибин, окуу жүктөмдөрүнүн көлөмүнүн кеңейтилишин жана формасын белгилеген документ.
Вопрос 4

Мамлекеттик компонент деген эмне?

Варианты ответов
  • Менчик түрдөгү бардык типтеги мектептер үчүн малекеттик стандарттардын талаптарын жүзөгө ашырган мектептик билим берүүнүн окуу планынын бөлүгү.
  • Мамлекеттик түрдөгү мектептер үчүн малекеттик стандарттардын талаптарын кээ бир зарыл болгон учурларда гана жүзөгө ашырган мектептик билим берүүнүн окуу планынын бөлүгү.
  • Менчигинин түрүнө карабастан бардык типтеги мектептер үчүн милдеттүү болгон малекеттик стандарттардын талаптарын жүзөгө ашырган мектептик билим берүүнүн окуу планынын бөлүгү.
Вопрос 5

Жалпы орто билим берүүнүн мамлекеттик стандарттары дегенди кандай түшүнөсүз?

Варианты ответов
  • Бул ченемдик укуктук документ. Ал мектептик билим берүүнүн бардык деңгээлинде жана тармактарында белгиленген максаттарды жүзөгө ашырууну камсыз кылат, билим берүү процессин жөнгө салат, улуттук жана жергиликтүү деңгээлдерде билим берүү тутумун өнүктүрүүнү жөнгө салат.
  • Бул ченемдик укуктук документ. Ал билим берүү процессин жөнгө салат, улуттук жана жергиликтүү деңгээлдерде билим берүү тутумун өнүктүрүүнү жөнгө салат.
  • Бул ченемдик укуктук документ. Ал мектептик билим берүүнүн бардык деңгээлинде жана тармактарында белгиленген максаттарды жүзөгө ашырууну камсыз кылат, билим берүү процессин жөнгө салат.
Вопрос 6

Педагогдун ата-энелер менен бирге өз ара аракеттенүүсүндөгү  координациялык, уюштуруучулук, консультациялык ишмердигинде жүзөгө ашырылган ар бир окуучунун тийиштүү жөндөмдүүлүгүнө, мүмкүнчүлүгүнө, таламдарына ылайык жеке билим берүү максаттарын жүзөгө ашыруу боюнча окуучулардын окуу ишинин элементтеринин белгилүү ырааттуулугу эмне деп аталат?

Варианты ответов
  • Мамлекеттик компонент
  • Билимдин сапаты
  • Жеке билим берүү траекториясы.
Вопрос 7

Билим берүүнүн натыйжасынын ар кандай билим берүү субьекттеринин (окуучулардын, педагогдун, ата-энелердин, коомдун) күткөндөрүнө же алдыга койгон максаттары менее милдеттерине ылайык келүү даражасы эмне деп аталат?

Варианты ответов
  • Билим берүү траекториясы
  • Билимдин сапаты
  • Окутуунун максаты
Вопрос 8

Адамдын кандайдыр бир кырдаалда окуу, инсандык, кесипкөйлүк ишинде билимдин, ыктын жана жөндөмдүүлүктүн ар кандай элементтерин өз алдынча колдонууга интеграцияланган жөндөм эмне деп аталат? 

Варианты ответов
  • Билим сапаты
  • Компетенция
  • Компетенттүүлүк
Вопрос 9

Окуучуларды билим алууга даярдоого карата мурдатан берилген, кандайдыр бир кырдаалда - окуу, инсандык жана кесипкөйлүк ишинде анын натыйжалуу, үзүрлүү иши үчүн зарыл болгон социалдык талап эмне деп аталат?

Варианты ответов
  • Компетенттүүлүк
  • Компетенция
  • Куррикулум
Вопрос 10

Компетенттүүлүк негизинде билим берүү тутумун камсыз кылган, билим берүүнүн натыйжаларына, окуу процессин уюштурууга талап койгон жана мектептик билим берүүнү коомдун социалдык талаптары менен макулдашкан негизде жөнгө салуучу жана багыт берүүчү документтердин тутуму эмне деп аталат?

Варианты ответов
  • Компетенттүүлүк
  • Компетенция
  • Куррикулум
Сохранить у себя:

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!