СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Адеп сабагы боюнча тест

Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Кыз Куран Курсу

Список вопросов теста

Вопрос 1

Төмөнкүлөрдүн кайсынысы ахлактын аныктамасы болуп саналат?

Варианты ответов
  • Эч өзгөрбөгөн бир адат
  • Адамдын мээсине сиңип калган бир адат
  • Адамдын ички дүйнөсүнө сиңип калган бир адат
  • Баары туура
Вопрос 2

Жакшы ахлактын сыпаттарын табыңыз;

Варианты ответов
  • Чынчылдык, аманат, сабырдуулук, кичипейилдик, мээримдүүлүк
  • Берешендик, адилеттик, жалган сүйлөө, сабырдуулук
  • Мээримдүүлүк, кыянат, бой көтөрүү, сараңдык
  • Ушактоо, аманат, чынчылдык, кыянат, кичипейилдик
Вопрос 3

Адеп - ахлак сабагынын максаты эмне ?

Варианты ответов
  • сүннөттөргө амал кылуу
  • күнөө кылбоо
  • эң жакшы болууга умтулуу
  • баары туура
Вопрос 4

Ахлак өзгөрөбү?

Варианты ответов
  • өзгөртсө болот
  • өзгөртүү мүмкүн эмес
  • билбейм
Вопрос 5

Шариат илимин эмне үчүн алуу зарыл?

Варианты ответов
  • Аллах Тааланын ыраазычылыгына жетүү үчүн
  • Шариатты бул дүйнөдө жашоо үчүн
  • Ислам динин үйрөнүү үчүн
  • Баары туура эмес
Вопрос 6

Ассаляму Алейкум __ сооп 

Ассаляму Алейкум Рахматуллох __ сооп 

Ассаляму Алейкум Рахматуллохи ва Баракатух __ сооп

бош жерлерди толуктаңыз;

Варианты ответов
  • 20, 10, 30
  • 10, 20, 30
  • 30, 40, 50
  • 1, 2, 3
Вопрос 7

Эгерде эки мусулман бир учурда Ассаляму Алейкум  деп айтып калышса, анда экөө тең Алейкум Салам деп айтыш керек анткени __________  болуп калат 

боштукту толтуруңуз;

Варианты ответов
  • парз
  • сүннөт
  • важиб
  • мустахаб
Вопрос 8

Мусафаха бул - _____________________

Варианты ответов
  • кучакташып учурашуу
  • кол алышып учурашуу
  • сөз менен учурашуу
  • бут менен учурашуу
Вопрос 9

Төмөнкүлөрдүн кайсынысы сүйлөө адептеринен эмес ?

Варианты ответов
  • күлдүрүү максатында керексиз сөздөрдү сүйлөбөө
  • талашып тартышкандан сак болуу
  • так жана түшүнүктүү сүйлөө
  • кыйкырып сүйлөө
Вопрос 10

Үч убак адамдын жеке эс алуу убактысы болуп эсептелет жана бул убактарда уруксат менен кана кирүү сунушталат. Бул кайсыл убактар?

Варианты ответов
  • Багымдат намазынан мурда, кайлулла (түшкү эс алуу) учурунда, куптан намазынан кийин
  • Багымдат намазынан мурда, куптан намазынан мурун, шам намазынан кийин
  • Багымдат намазынан кийин, түшкү намаздан кийин, куптан намазынан кийин
  • Кайлулла (түшкү эс алуу) , куптан намазынан мурун, багымдат намазынан мурун
Вопрос 11

Бирөөнүн үйүн атайлап карап, аңдуунун өкүмү эмне?

Варианты ответов
  • макру
  • сүннөт
  • арам
  • мустахаб
Вопрос 12

Ажатканага кирээрден мурун аткарылуучу адепти белгилеңиз

Варианты ответов
  • ажат өтөө үчүн Кыбылага жүз буруу
  • ажатканага кирүүдөн мурун дубасын айтып, андан соң сол бут менен кирүү
  • ажат өтөө учурунда сүйлөшүү
  • баары туура
Вопрос 13

Төмөнкүлөрдүн кайсынысы даараткананын ичинде аткарылуучу адептерден эмес?

 

Варианты ответов
  • сөөк жана жандыктардын телеги менен тазаланбоо
  • заара кылганда жыныс мүчөсүн оң кол менен кармабоо
  • тазаланганда сол колу иштетүү
  • ажатканага кирээрде өзү менен кошо Алланын аты жазылган китеп же баракчаларды алып кирбөө
Вопрос 14

"Уруксат суроо ___ жолу болот. Уруксат берилсе киргин, берилбесе, кайтып кеткин" боштукту толтуруңуз;

Варианты ответов
  • 2
  • 3
  • 5
  • 1
Вопрос 15

Кайсыл сөз шайтандын эшиктерин жаба турган күчкө ээ?

Варианты ответов
  • Астагфируллах
  • Альхамдулиллах
  • Бисмиллях
  • Аллаху Акбар
Вопрос 16

Төмөнкү аяттардын кайсынысы "такыбачылыктын кийими" дагы жакшы экендигин далилдейт?

Варианты ответов
  • Ниса 136
  • Араф 26
  • Араф 16
  • Ниса 30
Вопрос 17

Төмөнкүлөрдүн кайсынысы аялдардын сулуулуктарын көрсөтүүсү мүмкүн болгондор болуп эсептелет?

Варианты ответов
  • атасы/ атасынын байкеси/ байкесинин кайнатасы
  • агасы/ иниси/ эже сиңдисинин балдары
  • апасы/ агасы/ эркек кошунасы
  • кайниси/ күйөөсү/ атасы
Вопрос 18

Кийим кийүүнүн эң негизги максаты эмне? 

Варианты ответов
  • дене мүчөнүн сулуулугун көрсөтүү
  • модадан артта калбоо
  • дене мүчөлөрдү жабуу жана инсанды тыкан иреттүү көрсөтүү
  • ар кандай кездемеден кийинүү
Вопрос 19

Эмне себептен эркектерге караганда аялдар кийимдерине көбүрөөк маани берүүсү керек?

Варианты ответов
  • эркек сыяктуу укукка ээ болбогону үчүн
  • аял назик, сулуу жана корголушу керек болгону үчүн
  • аялдын сулуулугун башкаларга көрсөтүү үчүн
  • үчөө тең туура эмес
Вопрос 20

Аялдардын сулуулугун, дене мүчөсүн жабуусу _________

 

Варианты ответов
  • сүннөт
  • парз
  • важиб
  • мустахаб
Вопрос 21

Төмөнкүлөрдүн кайсынысы "Ахзаб 59" аятынын мааниси болуп эсептелет? 

Варианты ответов
  • "Эй ыйман келтиргендер! Аялдарыңа жана кыздарыңа айт; үстүлөрүнө кенен кийимдерин кийишсин"
  • "Такыбачылыктын кийими дагы жакшы"
  • "Эй Пайгамбар! Аялдарыңа, кыздарыңа жана момун аялдарга айткын; сырткы кенен кийимдерин кийинишсин!
  • "Көздөрүн арамды кароодон сакташсын"
Вопрос 22

Төмөнкүлөрдүн кайсынысы хиджаптын шарттарынан эмес?

Варианты ответов
  • кенен болуусу керек
  • өтө ачык түстө болбоосу керек
  • жерге тийип турганчалык узун болушу керек
  • денени көрсөтпөгөн калыңдыкта болуусу керек
Вопрос 23

Төмөнкүлөрдүн туурасын белгилеңиз

Варианты ответов
  • тамакты улуулардан мурун баштоо
  • аялдардын жүздөрүн жабуусу парз
  • мусафаха бул кол алышып учурашуу
  • ажатканага оң бут менен кирүү
Вопрос 24

Жаман ахлактын саппаттарын табыңыз

Варианты ответов
  • сын сүйлөө, кыянат, аманат
  • бой көтөрүү, сараңдык, сабырдуулук
  • көрө албастык, ушактоо, зулумдук
  • зулумдук, көрө албастык, чын сүйлөө
Вопрос 25

Саламдашуу _________, ага жооп кылуу _________ 

Боштуктарды толтуруңуз

Варианты ответов
  • сүннөт / ваажип
  • парз / сүннөт
  • ваажип / сүннөт
  • сүннөт / парз
Вопрос 26

Муьанака - бул __________________________

Боштукту толтуруңуз

Варианты ответов
  • кол алышып учурашуу
  • сөз менен учурашуу
  • кучакташып учурашуу
  • смс аркылуу учурашуу
Вопрос 27

Эшик тыкылдатууда аты суралган учурда  "мен" деп жооп берүүгө пайгамбарыбыз (с.а.в) кандай караган

Варианты ответов
  • Пайгамбарыбыз ушинтип үйрөткөн
  • Пайгамбарыбыз жаман көргөн
  • Пайгамбарыбыз эч нерсе деген эмес
  • билбейм
Вопрос 28

Пайгамбарыбыз мындай деп буюрган; "Мен бийик ахлакты ________ жиберилдим" 

Боштукту толтуруңуз

Варианты ответов
  • бутуруш үчүн
  • толукташ үчүн
  • башташ үчүн
  • аякташ үчүн
Вопрос 29

Эркектин аялча ал эми аялдын эркекче кийинүүсү адепке туура келеби?

Варианты ответов
  • ар ким өзү каалагандай кийинет
  • эч нерсе болбойт
  • туура келет
  • туура жооп жок
Вопрос 30

Тест сиз үчүн кандай болду?

Варианты ответов
  • оор
  • жеңил
  • жакшы
  • сонун
Сохранить у себя:

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!