СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жат жазуунунтексти Ак калпактын касиети

Нажмите, чтобы узнать подробности

Жат жазуунунтексти

 

Ак калпактын касиети

Просмотр содержимого документа
«Жат жазуунунтексти Ак калпактын касиети»

11-класс

1-БӨЛҮК. ЛЕКСИКА. ГРАММАТИКА

ТЕСТТИ АТКАРУУ БОЮНЧА НУСКАМА

Тестти аткаруу убактысы – 50 мүнөт.

Тест тапшырмаларынын саны – 60.

Тестти аткарууда сөздүк колдонууга болбойт.

Таблицанын сол жагында сүйлөмдөр берилген (1,2 ж.б.), ал эми оң жагында жооптордун варианттары берилген. Туура жоопту таап, аны тегеректеп белгиле. Эгерде жаңылып туура эмес белгилеп алсаң, анда ал вариантты чийип салып, туура деп эсептеген жоопту тегеректеп белгиле.



Сүйлөмдөрдү толуктагыла.

1

Бизге да бул роман унутулгус … .


А) жазып калтырды

Б) таасир тийгизди

В) окуп чыгышты

Г) сүрөт тартышты


2

Алма, алмурут, өрүк, шабдалы сыяктуу ... отургузулган.

А) бак-дарактар

Б) жер-жемиштер

В) канаттуулар

Г) курт-кумурскалар

3

Арсен ... соң, директор бул ишти башка кызматкерге берүүгѳ ... .

А) укпаган, аракет болот

Б) айтпаган, муктаж кылат

В) бербеген, зарыл болду

Г) келбеген, аргасыз болду


4

Мен быйыл мектепти ... .

А) бүтүрөсүң

Б) бүтүрөмүн

В) бүтүрөбүз

Г) бүтүрөсүз

5

Күн жылый баштады, ... тоолордо кар

эрий элек.

А) бирок

Б) демек

В) менен

Г) себеби

6

Эл катуу уйкуда, баланын ... жөтөлгөнү гана угулат.

А) жалт-жулт

Б) күрс-күрс

В) чырк-чырк

Г) бырс-бырс

7

Дельфиндер саатына ... километрге чейинки ылдамдыкта сүзүшөт.

А) элүүнү

Б) элүүнчү

В) элүү

Г) элүүгө

8-10 чейинки тапшырмалар. Текстти окуп, тиешелүү сөздөр менен толуктагыла.


“Эпос” деген сөз грек тилинде “сүйлөө, аңгеме, баян” дегенди (8). Элдик эпостун негизи – (9) өнөрдү көркөмдөп ырдоо. Элдик эпостор кылымдар бою эл (10) сакталып келген.



8. Туура вариантты белгилегиле.

А) сүрөттөйт Б) билдирет

В) көрсөтөт Г) маалымдайт

9. Туура вариантты белгилегиле.

А) баатырларды Б) баатырдыгы

В) баатырлары Г) баатырдык


10. Туура вариантты белгилегиле.

А) оозунда Б) эсинде

В) сезиминде Г) кулагында




Иш кагаздарынын стилин аныктагыла


11

Кыргыз Эл жазуучусу, кыргыз Эл баатыры

Т. Касымбековдун 80 жылдык маарекесин өткөрүү жөнүндө


А) тил кат

Б) келишим

В) буйрук

Г) токтом

12

«Билимкана» мектебине мугалимдер талап кылынат.

Бул – ...

А) түшүнүк кат

Б) келишим

В) маалым кат

Г) кулактандыруу

13

Мен, Керимов Аскер Болотович, 1978-жылы

24-апрелде Бишкек шаарында илимий кызматкердин үй-бүлөсүндө туулганмын.

Бул – ...

А) тил кат

Б) өмүр баян

В) ишеним кат

Г) мүнөздөмө


2-БӨЛҮК. ОКУУ ЖАНА ТҮШҮНҮҮ


Текст менен иштөө убактысы – 60 мүнөт.

Тапшырмаларды аткарууда сөздүк колдонууга болот.

Тапшырмалардын саны – 3 текст жана аларга карата 20 тест тапшырмалары.

Туура жоопту таап, аны тегеректеп белгиле. Эгерде жаңылып туура эмес белгилеп алсаң, анда ал вариантты чийип салып, туура деп эсептеген жоопту тегеректеп белгиле.


Текстти окуп, тапшырмаларды аткаргыла.


Жердин кыймылы

Жер – Күн системасындагы планета. Ал негизги табигый байлыктын бир түрү, айыл

чарбасындагы өндүрүүнүн башкы каражаты болуп саналат. Жер Күндөн алыстыгы боюнча үчүнчү орунда, өлчөмү боюнча чоң планеталардын ичинен бешинчи орунда турат.


Жер өз огунда бир айланып чыккан убакыт сутка деп аталат. Жердин Күндү караган тарабына күн тийгенде жарык болот, ал эми көлөкө тарабына караңгы кирет.

Жердин огу – бул анын шарттуу өзөгү. Ошол өзөктү тегерене Жердин телосу айланат. Шарттуу өзөктүн эки учу Түндүк жана Түштүк уюлдар деп аталат. Экватор эки уюлдун ортосунда жайгашып, Жер шарын түндүк жана түштүк жарым шарларына бөлүп турат.

Экватордо Күндүн бийиктиги өзгөрүлбөгөндүгү үчүн жыл мезгили дайыма жай болот. Экватордон алыста жашагандар кыш, жаз, жай, күз мезгилдерине күбө болушат.


Жер бир жылда Күндү толук айланып чыгат. Жердин түндүк жарым шарында жай мезгили болгондо, Түштүк жарым шарында кыш түшөт. Горизонттогу Күндүн бийиктигине жана узактыгына жараша жыл мезгили өзгөрөт.


Жер Ай үстүндөгүлөрдүн бардыгын өзүнө тартат жана өз ара тартылышып турат. Топту же ташты өйдө ыргытканда, анын кайра түшүшү Жердин тартуу күчүнүн Айдыкынан күчтүүрөөк экенин түшүндүрөт.

Жер Күн системасындагы башка планеталардан тиричилик, адам коомунун өсүп-өнүгүшү менен айырмаланат. Жердин гравитациялык, магниттик жана электр талаалары болот. Анын гравитациялык тартуу күчү Айды өз орбитасында кармап турат.

(192 сөз)

1.

Сиздин оюңузча, Жер деген эмне?

А) байлык

Б) планета

В) каражат

Г) тело


2.

Жер өлчөмү боюнча чоң планеталардын ичинен канчанчы орунду ээлейт?

А) экинчи

Б) төртүнчү

В) алтынчы

Г) бешинчи

3.

Жер өз огунда бир айлангандагы убакыт кандай аталат?

А) саат

Б) сутка

В) апта

Г) мүнөт

4.

Экватордун мааниси кандай?

А) Жердеги эки жээкти кошот

Б) Жердеги төрт уюлду кошот

В) Жер шарын жарым шарларга бөлөт

Г) Жердин жарым шарларын кошот

5.

Жер Күндү канча мезгилде толук айланып чыгат?

А) 24 саатта

Б) 1 айда

В) 1 жылда

Г) 7 күндө

6.

Эмне үчүн топту же ташты өйдө ыргытсак, кайра жерге түшөт?

А) Айдын тартуу күчү

Б) Жердин тартуу күчү

В) Күндүн тартуу күчү

Г) Суунун тартуу күчү

7.

Физикалык, химиялык, биологиялык процесстердин булагы эмне?

А) таза аба

Б) күн нуру

В) ай нуру

Г) таза суу

8.

Жер башка планеталардан эмнеси менен айырмаланат?

А) муздактыгы

Б) тиричилиги

В) түспөлү

Г) түзүлүшү































































Тапшырмасы менен жат жазуу


Жат жазуунун тексти


Ак калпактын касиети


Байыртадан эле кыргыз эли баш кийимди кадырлап-барктап, ага өзгөчө мамиле жасаган. Кыргыздар күн чыкканга чейин туруп, бети-колун жууп, анан башына калпакты кийип, күндүн чыгышын тосушкан. Андан кийин өзүнө жана башкаларга жакшы тилек каалап, өз ишин баштаган.

Кыргыздар баш кийимин киймейинче үйдөн чыкчу эмес. Баш кийимин башка бирөөгө кийгизип же кайсы бир жерге унутуп калтырып койсо, илгеркилер: «Ой, башың каякта? Башыңды барган жериңе калтырып келдиңби?», «Баш кийимди белекке бербейт!»- деп айтышкан.

Ак калпак ден соолукка абдан пайдалуу. Ал сууктан да, шамалдан да, күндүн нурунан да сактагандыктан, аны кыргыздар жайы-кышы баштан түшүрбөстөн кийип жүрүшөт.

Чет өлкөлүктөр да кыргыз элинин баш кийими болгон ак калпакка өтө кызыгышат. Ал 1977-жылы Бүткүл союздук «Эл аралык көргөзмөгө» коюлуп, байгелүү орун алып, күмүш медалга арзыган. Чындыгында эле, кыргыз калпагы кандай керемет, кандай жарашыктуу!

(126 сөз)




Тапшырма. Сүйлөмдөрдү тексттин мазмуну боюнча ырааты менен жайгаштыргыла.

Сүйлөмдөр

Тапшырманын туура жообу:

1. Ак калпак ден соолукка абдан пайдалуу.

3

2. Кыргыздар баш кийимин бөлөк адамдарга берген эмес.

2

3. Кыргыз эли баш кийимге өзгөчө мамиле жасап келет.

1

4. Союз учурунда ак калпак күмүш медалга ээ болгон.

4



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!