СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

«Тил - адам ааламынын алака мейкиндигин кеңейткен касиеттүү күч.

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

«Тил - адам ааламынын алака мейкиндигин кеңейткен касиеттүү күч.

Просмотр содержимого документа
««Тил - адам ааламынын алака мейкиндигин кеңейткен касиеттүү күч.»

«Адам табияты - эң ириде өзүңдүн киндик каның тамган жериңди, элиңди, өлкөңү ойлойсуң, анан барып жалпы дүйнө тууралуу акыл калчайсың...»

«Тил - адам ааламынын алака мейкиндигин кеңейткен касиеттүү күч. Кыргыз тили мен үчүн Мекен, эне, киндик кан тамган жер сыяктуу эле ыйыктын ыйыгы. Мен бу турмушта кайсы бир бийиктикке чыга алдым десем, аны эне тилимдин улуу духунан көрөм...»

«Бул аймакта кандай тил болсо, ошол тилдин баарында чыгармаларым чыкты. Арийне, бир жолу чыккан жазуучулар көп, бирок кайра-кайра басылып чыгып жаткан жазуучулар чанда.»

“Чыңгыз Айтматов - кыргыз жазуучусу” деген кеп айтылат. Бул сөздү өзүм да эшитип, оюмда өз туулган мекенимди кыялдын күлүк аты менен бир чаап өткөндөй болом»

«Сүйүүсүз жашоо жок. Сүйүү сезимин айтып түгөтө албайсың, ал бүтпөс тема. Дүйнөдөгү улуу иштин баары сүйүүнүн урматына арналган. Аалам да, адам да сүйүүдөн жаралган, сүйүүнүн өзү түбөлүк!...»

















Чыңгыз Айтматов: Тил жөнүндө сөз эң оболу улут жөнүндө сөз дегендик. Кайсы улут болбосун анын түбөлүктүүлүгү тилинде. Кыргыз тили кыргыз баласына эненин сүтү менен бир келген катары кабылданат. Тилге кыянатчылык кылуу – демек, ал улутка кыянатчылык кылган менен тең катар бааланышы керек. Мына биз тилибизди мамлекеттик тил деп жарыяладык, кыргыз тили мамлекеттик тил деп жар салып жатабыз... Ооба, мыйзам боюнча ошондой... Бирок, ошол иш жүзүндө болуп жатабы?!. Кайсыл жерге келбе – баары орус тилинде.

Мен орус тилин чанып жаткан жерим жок. Орус тилин чанууга эч кандай себеп да жок. Бул улуу дүйнөлүк тил. Биз орус тилин көпүрө, каражат катары пайдаланышыбыз лаазым. Ал эми кыргыз тили бул титулдук элдин тили, бул тил өз кыртышында өнүгө албаса, кайда өнүгөт?.. Коммунисттик системанын тушунда, авторитардык режим өкүм сүрүп турганда эне тилибиздин проблемасын алгачкылардан болуп көтөрүп чыккам. Анда тил тууралуу сөз кылуу улутчулдук катары бааланган.

Мага ал кезде айрым басылмалар “улутчул” деген жарлыкты илип, улуттук тилди сактап калуу тууралуу ойлорумду “штыкка” алышканын баары билет. Бирок, улуттук тил маселесин мен жазуучу катары көтөрүп чыкпасам, анда ким көтөрүп чыкмак?!. Чындыгын айтайын, улуттук тилибиз үчүн башымды сайып коюуга деле кайыл элем... Тил маселеси азыр деле өз актуалдуулугун жогото элек. Азыр да курч турат. Тилди сактап калуунун, андан ары өнүктүрүүнүн бирден-бир фактору улуттук тил – мамлекеттик саясаттын негизги атрибуту болуу менен, ал өлкөнүн расмий турмушуна жанаша жашаш керек деп ойлойм.

Өлкөнүн расмий турмушунан, б.а. мамлекеттик бийик деңгээлдеги иш чаралардан четтетилип калса, анда ал күнүмдүк турмуш-тирчиликтин гана тили катары гана жашап, өзүнүн жалпы улуттук милдетин жоготот. Тилди өнүктүрүүнүн чоң системасын түзүшүбүз зарыл. Айрымдар улуттук тилибиз саясий, экономикалык, укуктук тил катары калыптана элек деген ойлорду айтат. Бул тек гана улуттук тилдин кадырын түшүрүү деп баалайм. Тил ийкемин ошол деңгээлге көтөрүүгө өзүнчө бир мамлекеттик саясатты, тилдик маданиятты, системаны түптөө кажет.

Биз улуттук тилибизге ыңгайлуу чөйрөнү түзмөйүн аны өнүктүрө албайбыз. Тил саясаты бала бакчадан, Жогорку Кеңешке чейин, өкмөттүк жыйын, протоколдорго чейин жүргүзүлүшү зарыл. Улуттук тилибиз - эчен кылымдар бою ата-бабаларыбыздан бизге жетип келген улуу дөөлөт. Демек, биздин милдет - аны кийинки муундарга калтыруу. Эгерде биз тилибизди ыйык тутуп, кийинки муундарга жеткире албасак, тил гана эмес, улут да жоголуп кетет.

Тил алдындагы жоопкерчилик жөнөкөй букарадан тартып, жогорку бийлик өкүлдөрүнө, президентке дейре бирдей. Эгер бу жоопкерчиликти сезбесек, анда жакшылык жок... Ырас, улуттук тилдин алкагында эле чектелип калуунун өзү да прогресске алып келбейт. Азыркы өзгөрмөлүү дүйнөдө бир нече тил билүү турмуштук зарылчылык катары бааланат. Мына ушул жагдайдан улам мен мындай бир формула чыгардым: азыр эки үзөңгүнүн заманы, эки үзөңгүнү теминмейин алдыга жыла албастыгыбызды да эстен чыгарбайлы...

Султан Раев: Чыңгыз Төрөкулович, бир жолу Сиз “кыргыз тили оң колум, орус тили сол колум” деп айттыңыз эле. Акыркы кезде чыгармаларыңызды “сол колуңуз” менен жаза баштадыңыз, бу сол кол жүрөккө жакын деген түшүнүктөн келип чыккан жокпу?..

Мен бу турмушта кайсы бир бийиктикке чыга алдым десем, аны эне тилимдин улуу духунан көрөм...

Чыңгыз Айтматов

Чыңгыз Айтматов: Жок. Азыркы заманда тил – коммуникациянын гана эмес, дүйнө таанымдын башкы куралына айланды. Биз каалайбызбы, же каалабайбызбы, көпчүлүк учурда орус тили аркылуу дүйнөнү таанып, дүйнөлүк маалыматтан тартып, дүйнөлүк дөөлөттөргө дейре ушул тил аркылуу аралашып жатабыз. Кеп, эң оболу тилде эмес, дилде. Адам өз тилин дилинде ыйык тутса, ал эч качан уңгу тилин чанып кете албайт. Кыргыз баласына бу эки тил бир куштун эки канатындай. Тил - адам ааламынын алака мейкиндигин кеңейткен касиеттүү күч. Кыргыз тили мен үчүн Мекен, эне, киндик кан тамган жер сыяктуу эле ыйыктын ыйыгы. Мен бу турмушта кайсы бир бийиктикке чыга алдым десем, аны эне тилимдин улуу духунан көрөм...

Чыңгыз Айтматов.

Бөлүшүңүз

Пикирлерди көрүңүз

 Принтер








12-декабрь залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов туулган күнү. Бул күн ошондой эле Кыргызстанда Адабият күнү деп жарыялаган. Адабиятчы жана философ Калык Ибраимовдун залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов жана анын чыгармачылыгы тууралуу блогу.

Айтматовдун казынасы

Чыңгыз Айтматовдун чын дүйнөгө жаралып келгенине жана жалган дүйнөгө кеткенине канча жыл болсо да, биз аны ажайып чыгармалары аркылуу эч качан унута албайбыз. Убакыт өткөн сайын, планеталык масштабдагы кандай улуу жазуучу жана орошон ойчул инсан менен улутташ, жердеш, замандаш болгонубуз үчүн сыймыктануу сезимибиз уламдан улам артыла берээр. Анын чыгармаларындагы түпсүз тереңдикти түшүнө билүү – арийне, мезгилдин иши. Адам урпактарынын ар мууну ал сыр сандыкты ачууга аракет кылаар. Бул макала да, буюрса, ошого арзыбаган бир азыноолак кошумча болоор. Анда эмесе, сунушталган темага жана козголгон маселеге ылайык, сөз башынан болсун.

Жалпыга маалым, Совет доорунда кыргыз эли өз социалдык-тарыхий жана интеллектуалдык-рухий калыптануу процессинде дүйнөлүк цивилизациянын дээрлик бардык баскычтарын тездик менен басып өттү. Бул, албетте, коомдо жана аң-сезимде “архаика” менен “азыркынын” ажайып айкалышып аралашуусуна алып келбей койгон жок. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын тереңден териштирип, аңдаган айтылуу философ-адабиятчы Г. Д. Гачевдин пикиринде, жашоо-турмуштун жана ой чабыттын баштапкы эпикалык калыптары ката элек ушундай чөйрөдө өскөн Чыңгыз Айтматов сыяктуу жазуучу үчүн азыркы учурду уюп калган өткөн мезгилдин көзү менен карап, аңдап-билүү жөндөмү абдан эле жемиштүү болууга тийиш. Анткени бул ага адам менен дүйнөнү бир эле убакта баёо-патриархалдык жана өнүккөн, азыркы көз-караштан туруп, башкача айтканда, баш-аягын чогуу тутуп, жашоо-турмушту жалпылаштырып, бүкүлү бүтүн баамдап түшүнүүгө мүмкүндүк берет. Ал эми бул болсо дүйнөнү көркөм аңдап-билүүнүн айныгыс өзгөчөлүгү болуп саналат.

"Айтматов үчүн Кыргызстанды бир көрүүгө зар болгондор бар"

"Айтматов үчүн Кыргызстанды бир көрүүгө зар болгондор бар"

Жефф Лили Кыргызстанга алгачкы жолу 2004-жылы барган. Эл аралык уюмдардын Бишкектеги кеңселеринде иштеп жүрүп, ал Чыңгыз Айтматов менен Азамат Алтайдын тагдырына кызыгып калат. Анын бул эки кыргыз тууралуу жазган китеби АКШда жакында жарык көрөт.

Көпчүлүк изилдөөчүлөрдүн ою боюнча, мына ушул көркөм тенденциянын башында, сөз жок, Чыңгыз Айтматов турат. Ушундан улам, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы чындыгында да көркөм маданияттын тарыхында рухий универсумдун эки катмары жашаарын тастыктайт. Биринчиси, албетте, социалдык-актуалдуу катмар. Анда тарыхий-конкреттүү социалдык-руханий жана көркөм-эстетикалык проблемалар жүзөгө ашырылат. Муну менен катар түпкүр тереңде архетиптик-мифологиялык катмар да катылган. Анда доорлорду карыткан универсал көркөм формалар менен ой чаргытуу калыптары сакталып калган. Азыркы адамдын ашкан акыл-эси, илим-билим, интеллекти жана эстетикалык интуициясы социалдык-руханий жашоо-турмуштун татаал табиятын адекваттуу аңдап-билип, көркөм чагылдыруу аракетинде мифтер менен архетиптерге кайрылып, андан философияны да, поэзияны да, аллегорияны да, метафора, символду да, жалпылап айтканда, “парабола” поэтикалык принциби боюнча дүйнө сүрөтүнүн глобалдык философиялык-көркөм концепциясын түзүүгө жөндөмдүү структураны таап чыгууда. Бул концепция бир гана тарыхий жана мифологиялык эртеги өткөндү эмес, ошондой эле мүмкүн болуучу келечекти да өз ичине камтыйт.

Айтматовдун сүрөттөрү.

Ошентип, адам менен ааламды аңдап билүүдө философиялык тереңдикти жана гуманисттик позицияны туу туткан Чыңгыз Айтматов үчүн архетиптер менен мифтердин “универсал синкреттүүлүгү” түбөлүктүү темалар менен сюжеттердин булагы, поэтикалык формалар менен каражаттардын казынасы болуп калды. Мифологиялык образдарды жана аларга байланыштуу окуя-коллизияларды азыркы учурдагы руханий-ыймандык изденүүлөргө кооштуруу аркылуу Чыңгыз Айтматов өз чыгармаларында аябагандай таасирдүү ассоциациялар менен терең маңыздуу метафора-символдордун бүтүндөй бир көп маанилүү катмарын түзө алды. Анын артында, сөз жок, Батыш менен Чыгыштын интеллектуалдык-эстетикалык жана философиялык-мифологиялык системаларынын зор контексти турат. Өткөн менен бүгүндүн, жаратылыш менен коомдун, адам менен жаныбарлар дүйнөсүнүн ажырагыс байланышын аныктаган мына ошол аналогиялар жана ассоциациялар түрмөгү, антика философиясынын терминологиясы боюнча айтканда, Чыңгыз Айтматовго өз Космо-Психо-Логосун жаратууга өбөлгө болгон. Бул аркылуу автор адам менен дүйнөнүн түпкүрүндөгү түбөлүктүү көйгөйлөр менен түгөңгүс маани-маңыздарды эң бир бийик философиялык-эстетикалык синтезде чагылдырууга жетишкен.

Чыңгыз Айтматов - улуу ойчул, залкар данышман

Чыңгыз Айтматовду, чынында да, XIX жана ХХ кылымдагы ашкан улуу ойчул-жазуучулардын эң бир кемеңгери жана универсал даанышманы десек жаңылбайбыз. Ал кадимки «Библиядагы» даңазалуу пайгамбарлар сыяктуу: түпсүз түбөлүктү да түшүнөт, өмүр-дүйнөнүн өзөгүн да көрө билет. Ошон үчүн, оролу келгенде анын ысымы Л. Толстой, Ф. Достоевский, М. Шолохов, Т. Манн, У. Фолкнер, Г. Гессе, Э. Хемингуэй, Г. Маркес, жана башкалар менен бир катарда аталып жүргөнү жөн жерден эмес.

Рим клубунун (Чыңгыз Айтматов да мына ушул абройлуу эл аралык футурологиялык уюмдун мүчөсү болгон) мурдагы президенти, италиялык окумуштуу жана коомдук ишмер А. Печчеи өз убагында мындай деп белгилеген: «Дүйнөдө эч качан мынчалык башаламандык өкүм сүргөн эмес; жана эч качан ааламда азыркыдай албан алаамат коркунучтар болгон эмес. Ал анткени буга дейре адам баласынын жан дүйнөсү мынчалык дүрбөлөңгө түшкөн эмес».

Кыргыздар жана Чыңгыз Айтматов

Кыргыздар жана Чыңгыз Айтматов

«Байыркы кыргыз рухунун туу чокусу» деп Айтматов өзү эң таасын баа берип кеткен «Манастан» баштап бүгүнкү жетишкен руханий, маданий деңгээлибизге чейинки узак жолдун терең маани-маңызын кайра эле ушул залкар адамдын бийиктиги менен гана өлчөөгө болот.

Дүйнө жүзү мындай акыбалга бир гана прогресстин айынан эмес, ошондой эле маданият, илим жана техника кескин түрдө секулярлашып кеткенинен улам да туш болду. Ал өз кезегинде адам акыл-эсинин трансценденттик илмекайып күч-кудуретин, инсандын теңир даарыган ажайып рух дараметин, ички ыймандык көрөңгөсүн кедерине кетирди. XX кылымдын көйгөйлүү тарыхы тарабынан көкөйү кесилип, супсуну сууган адам баласы үрөй учурган акыр заман алааматын күтүп, жан дүйнөсү удургуган дүмөктүү жагдай менен жападан жалгыз бетме-бет калды. А мындай апокалиптика алдында, Советтик доордун соңку классикалык философу А. Ф. Лосевдин пикиринде, адам, асыресе Чыңгыз Айтматов шекилдүү акын жана жазуучу «эсхатологиялык» мүнөздө, арийне акыр заман сөзсүз болбой койбойт деген мааниде эмес, «акыркы маселелер» түйүнүн агер азыр, күнү бүгүн ушу мен өзүм чечишке аракет кылбасам, анда мындай акыр-кыяматтан кутулуу кыйын дегендей кыязда ой жүгүртүшкө милдеттүү. Ч. Айтматов өзүнүн кийинки убактардагы полифониялык романдарында дал ушул миссиясын орундатты.

Маселен, «Кылым карытаар бир күн» романын алсак, чыгарма дүйнөнүн улуттук модели турпатын көз алдыга тартат. Ал азыркы цивилизация менен кагылышта канча бир адамдык драмаларды жана трагедияларды туудурган азаптуу сыноолорго туш келет. Мына ушул өңүттөн көз салганда, романдын бүт сюжетин рефрен өңдүү тепчип өтүп, батыштан чыгышка, чыгыштан батышка баймабай жүрүп турган поюздардын тынымсыз кыймылы жана ошондой эле жерге жакын орбитага окторулуп учуп атышкан ракета-роботтор токтоо билбес цивилизациянын белги-символдору сыктуу туюлат. Ыйык Ана-Бейит – бул космодром аркылуу көрсөтүлгөн тоталитардык-технократиялык күчтөрдүн зордугунан улам сакралдык кадыр-касиетин түп-тамыры менен жоготкон улуттук космос. А Ана-Бейит аңызынан агып чыккан маңкурт туурасындагы уламыш болсо - чыгарманын концептуалдык чордону. Бул чордондон кабат-кабат катмарланган көп маанилүү символдор менен метафоралардын бүтүндөй бир системасы чубалып чыгат. Алар романга полифониялык жаңырык жана голографиялык түр-сыпат берет. Алсак, адегенде аңызда айтылган маңкурттун башындагы шири кийин Ана-Бейитти курчаган зым тор шириге, андан соң адамзатты өткөнүн унуттуруп, келечек эскерүүлөрүнөн айрыш үчүн жер шарын курчаган ракеталык-космостук шириге айланат.

Ошондо Эдигей төөсү, ити болуп ракета-роботтордун учушунан улам аяк асты жер козголуп, төбө башы көк жарылып, аалам астын-үстүн чайпалып, жан-жактын баарын жалын-өрт жалмаган алааматка кабылган эпизоддо мифо-поэтикалык ойлом мыйзамдарына ылайык, кайып дүйнөсүнөн капилет ажайып Дөнөнбай куш пайда болот. Бир заманда маңкурт баласынын ок-жебеси жүрөгүнө сайылып, Акмаянын өркөчүнөн жылбышып кулап бараткан Найман-Эненин башынан шыпырылган ак жоолук, жерге жетпей ак чалгын болуп кайкып учкан ак жоолук-куш ушул азыр ак куш болуп, адам уулу Эдигейди жандай учат... Адам уулун ак чалгын куш жандай учат да, акыр-кыяматтын кулак тундурган күр-шарында чырылдап адамча сүйлөп учат: Кимдин уулусуң? Атың ким? Атаңды эсте! Сенин атаң Дөнөнбай, Дөнөнбай, Дөнөнбай, Дөнөнбай, Дөнөнбай, Дөнөнбай, Дөнөнбай...

Айтматовдун Москвадагы эстелиги.

Ушундан улам эмнегедир байыркы түрктөрдүн Тонүкөк, Билге каган жана Күлтегин сыяктуу өкүмдарларга арналып жазылган эпитафиялык тексттердеги адам жана тарых тууралуу салттуу түшүнүгү эске түшөт. Ал түшүнүк боюнча, адам баласына татыктуу жападан-жалгыз жашоо калыбы түрк малчысынын жана жоокеринин дүйнөсү менен байланыштуу. Түрк кудайлары – Көк Теңир менен Жер-Суунун эрки түрк социокосмосун колдошту башынан жазмыш катары жазып койгон. «Төбөдөгү түрк Теңири жана ыйык түрк Жер-Суусу: «Түрк тукуму үзүлбөсүн; эл болсун, журт болсун»,-дешти. Көк Теңир өз бийигинен менин атам Ильтериш-каган менен менин энем Ильбилге-катунга жол көрсөтүп, аларды элдин төбөсүнө көкөлөтүп көтөрдү».

Бул өзгөрүлбөс өкүм; анткени, эгер өзгөрүлсө, анда ай-ааламдын жалпы тартиби дароо бузулат: «Токуз-огуз журту менин өз элим эле; Көк менен Жерге бүлүк түшкөндүктөн, ал бизге кас жоо болуп калды». «Төбөңөн Көк Теңир баспай, астыңан жер жарылбай турган чакта, о түрк эли, дөөлөтүңдү ким бузалмак эле?»

Чыңгыз Айтматовдун чыгармасында дал ушул төбөдөн Көк Теңир басып, астыдан жер жарылып, түпкүлүктүү дөөлөт астын-үстүн чайпалып, кыйрап түшкөн кыямат кырдаал көрсөтүлгөн. Көзү өткөн каармандын сөөгүн жерге берүү зыйнаты, тирүүсүндө башынан өткөргөн өмүр таржымалы бүтүндөй доордун тарыхын өзүнө сыйдырган өлчөмгө чейин өсүп жеткен. Адам, индивидуум тагдыры тарыхтын чордонуна коюлуп, коом жана мамлекет ташпиши менен ажырагыс бирдикте аңдалган. Акыр-кыямат күн, башкача айтканда, бүткүл планеталык Апокалипсис чынга чыгышы мүмкүнбү? Тилекке каршы, бүгүңкү дүйнөнүн цивилизациялык-технологиялык жана геосаясий өнүгүү мүнөзү, ошондой эле, ааламдашуу (глобалдашуу) логикасы андай мүмкүнчүлүктү азырынча жокко чыгарбайт.

Бул проблема Чыңгыз Айтматовдун «Кыямат» романында асыресе курч коюлган. Азыркынын апокалиптиги Чыңгыз Айтматов чыгармасында байыркы пайгамбар саабалардын санжыргалуу салтын улап, социокосмостун түпкү маңызын туюндурган кейипкерлердин кейиштүү тагдыры аркылуу бүгүнкү цивилизация дүйнөсүндөгү акыр соңу антропологиялык алаамат менен бүтүшү ыктымал болгон дүмөктүү экологиялык-ыймандык кырдаалдын түпкү философиялык жагдайларын, жана ошондой эле, эртеңки эсхатологиялык көйгөйүн астейдил аңдап, асерлүү көрсөткөн. Романда христиандардын дүйнө кабылдоосу жана аң-сезими үчүн айрыкча мааниге ээ болгон Христтин тарых-таржымалы инварианттык парадигма катары алынган. Автордун идеялык изденүү борборунда көп жагынан Христтин трагедиялуу тагдырын кайрадан кайталаган Авдий кайбардын айрыкча фигурасы турат.

Ача туяк адал жандыктан канкор карышкырларга чейин алаамат кыргынга учураган Моюнкумдагы кандыбулоон калайман чыгармада христиан окуусу боюнча адамзат тарыхынын тамам болушун тастыктаган «глобалдык эсхатология» катары ойнолот. Ал эми Бостондун башына түшкөн трагедия болсо, ар кандай адам өмүрүнүн өчкөнүн - бүтүндөй бир дүйнөнүн көчкөнү деп билген «кичи эсхатологиянын» бир көрүнүшү таризинде көз алдыга тартылат.

Ошондуктан, дейт автор, расмий христиан дини жар салган Акыреттин соту, анын догматтарысыз эле, адамзат тарыхында эбактан бери болуп келет. Адамгерчилик жадырап гүл ачкан чыныгы жаркын тарых жер жүзүндө али баштала элек. Ааламды апаат кылчу кыямат-кайым кудайдан эмес, бөөдө кырсыктардан эмес, адамдардын өздөрүнүн араздашып касташуусунан болот. Ошон үчүн, эртең Кудай кандай – жакшы же жаман, ырайымдуу же ырайымсыз болобу – ал кишилердин өзүнөн. Ал анткени, адам өз өмүрүнүн ар бир күнүнө өзү ээ, өзү сот. «Кыямат» романындагы терең философиялык-көркөм жалпылоонун маани-маңызы мына ушунда.

Өз кезинде орус демократ-ойчулу, «Былое и думы» аттуу айтылуу эмгектин автору Герцен жазгандай, чынында да “толкунду жээкти карай сүрүп үрөгөн океан сыяктуу бизди да аркабыздан бүткүл дүйнөлүк тарыхтын бүтүндөй бир мухити сүрөп-тиреп турат; ушул көз ирмем учурда кылымдар кыйырынын бүт ой-санаасы биздин мээбизде”. Айтылган мааниде, Ч.Айтматовдун таланттуу талдоочусу Г. Д. Гачев таамай мүнөздөгөндөй, ал өзү акыйкатта да – дал ошол “ой-санаага чөмүлгөн скиф”. Чыңгыз Айтматов – кудум ошол ой баскан, санаа тарткан скифтин куп өзү, кара көзү. Адам-аалам бүткөндү аңдап түшүнүүдө эбегейсиз эрдикке тете эмгек өтөгөн Ч.Айтматовго аңыз-мифтердин тили да, дүйнөлүк ой-сезимдердин дили да бирдей ачык эле. Андыктан, жалпы адамзатка тийиштүү болгон интеллектуалдык-эстетикалык саралуу салтка жана гуманисттик руханий-маданий наркка таянуу аркылуу Ч. Айтматов дагы Сфинкс сыяктуу өзүнө өзү, ошондой эле, жер жүзүндө жашаган пенделердин баарына “Адам баласы канткенде адам болот?”, "Канткенде пейил оңолот?" деген түбөлүктүү суроону кайра-кайра какшанып коёт. Эзелки грек мифинде Эдип Сфинкстин табышмагын тапканы маалым. Арийне, жандырмагы анча акылмандыкты деле талап кылбаган ал табышмактын жообу, чындыгында, суроонун купуя маани-маңызын жаап-жашырган жамынчы гана болгон. Ал эми символдун жандырмагы, Гегель белгилегендей, иш жүзүндө адам затынын жан-дүйнөсүндө катылып жаткан. Орошон ойчул сүрөткер Ч. Айтматов миң жылдыктардын тогошунда эртеңки экологиялык, ыймандык-моралдык апокалипсисти эсхатологиялык эс-акылы менен алдыртан сезип, миң ойлонуп, миң толгонуп, жандуу жашоонун түбөлүктүү табышмагы болгон адам баласынын жан дүйнөсүнө ошон үчүн кайра-кайра кан какшап кайрылат. Агер тарых ушул жүрүшүнөн жазбаса, анда алдыда адамзатты мындай кой, тоолор томкорулуп, аска-зоолор кулаарын, жер планетасы тыптыйпыл жок болоорун эртелеп эскертет. «Кассандранын эн тамгасы» романында атүгүл энесинин курсагында жаткан эмбрион-түйүлдүктөр да жарык дүйнөдө болуучу алаамат кырсыктарды туюк туйгандан улам туулгусу келбей, ошол эсхатологиялык коркунуч туурасында кош кабат аялдардын как чекесинде бүлк-бүлк эткен эн тамга аркылуу тынымсыз каңкуулап кабарлашат.

Дүйнөлүк цивилизацияны курутуучу алаамат апааттар коркунучу алдында Адам баласы кандай арга кылышы кажет? Ушул экзистенциялык кырдаалдан кандай жол менен чыкса болот? Деги ошондой жол барбы? Балким, изделип жаткан идеал «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» баянында көрсөтүлгөн жашоо жагдайында жаткандыр? Анда Хаос стихиясына туш болгон адам уругу тукумун сактап, жашоосун улаш үчүн бүт турмуштук-руханий тажрыйбасын урпагына берип, жарык дүйнө менен кош айтышат эмеспи. Андан соң бири шамал, бири жылдыз, бири толкун, башакача айтканда, жаш мураскордун тирүү калышына көмөк күрсөтүүчү табигат күчтөрү болуп кубулуп, ушундай курмандыктын куну менен Хаос туңгуюгун жеңип, алар акырында аны ирет-тартипке келтирилген Космоско айландырышпады беле. А балким, адам жашоосунун максат-маңызы анын дал ушул социотабигый жана социомаданий жактарынын гармониялуу бүтүндүгүнө жетишүү муратында болуп жүрбөсүн?..

Калык Ибраимов.

Мына, улуу ойчул-жазуучунун, дүйнөлүк интеллектуалдык элитанын гениалдуу өкүлүнүн, көптөгөн эл аралык мартабалуу коомдук уюмдардын лидери болгон атактуу улутташыбыздын бизге калтырганы. Чыңгыз Айтматов эбегейсиз рухий потенциалга эгедер адам эле. Ал адам менен дүйнөнүн түпкүрдөгү түмөн сырларын таанып-билүүгө шумкардай шукшурулган жана бараткан жолунда токтоп калуу эч оюнда жок дулдул эле. Бирок жараткандын жазмышына арга жок экен. Түгөнбөгөн мезгил закымында Жер-Суу барында, а жер жүзүндө адам уругу жашап турганда Чыңгыз Айтматов да турмуш деңизинин үстүндө Орган-шамал болуп шуулдап, мухит бетинде акимылгун-толкундардай зуулдап, агарган таңкы асман кыйырында балбал жанган Эмрайин-жылдыздай түбөлүк жаркырай бермекчи. Ал бир жарк этип, жалп өчкөн чагылгандай жашап өттү. А чагылганды, Чыңгыз Айтматов өзү айткандай, асман чагат. А асман болсо – түбөлүктүү. Демек, Чыңгыз Айтматов да түбөлүк жашайт.

Калык Ибраимов, Философия илимдеринин кандидаты, СССР жазуучулар союзунун мүчөсү,

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

Бардык пикирлер (42)

  • Чаке

12,12,2017 10:57

Жазмакерлер угуп тургула Чыкемдин чыгармасында тоолор ажайып жайлоолор кандай гана суроттолот. чиркин деп айтуунун эмнеси жаман сен жанагы жасалма пластилин Академик окшойсун кошоматка кой сойгон чондордун туулган кундорун жазып алып болмоно илип алган жасалма академик болуп журо бергиле . а мен эркин кушмун мага жакты макала ошон учун айттым чиркин деп. колдон келсе жазбайсынарбы ушинтип. а жазса тим эле чычалайсынар. макала жакшы жазылган.






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!