СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Сухомлинскийдин педагогикалык иш тажрыйбалары

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Сухомлинскийдин педагогикалык иш тажрыйбалары»

Нурматова Мехрибону

В.А.Сухомлинскийдин педагогикалык ишмердүүлүгү жана тажрыйбалары

План:

1.В.А.Сухомлинскийдин өмүр баягы.

2.В.А.Сухомлинский "Мугалимге жүз насаат"

3.В.А.Сухомлинский: Баланы тарбиялоодо үй бүлөнүн орду.

Василий Александрович Сухомлинский 1918-жылы Херсон облусунун Васильевка айылында кедей дыйкан үй-бүлөсүндө туулган. 1933-жылы ал жети жылдык мектепти бүтүргөн. Ошол жылдары өлкөдө мугалимдерге болгон муктаждык чоң болчу. 1934-жылы Сухомлинский Кременчуг педагогикалык институтунда даярдоо курсун аяктаган. 1935-жылы В.А.Сухомлинскийдин узак педагогикалык жолу башталды.

1938-жылы Полтава педагогикалык институтун бүтүргөн. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. 1941-жылы июлда Кызыл Армияга чакырылган. Кенже саясий офицер наамында Батыш жана Калинин фронтторунда согушуп, Смоленск жана Москва салгылашууларына катышкан. 1942-жылы январда ал жүрөгүнөн снаряддын сыныгы менен катуу жарадар болду. Кереметтүү түрдө аман калып, Урал ооруканасынан дарыланып чыккандан кийин 1942-1944-жылдары Удмурт Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасынын Ува айылындагы мектептин директору болуп иштеген. Мекенине кайтып келгенде, ал партизандарга катышкан жубайынын немец баскынчылары тарабынан жаш баласы менен өлтүрүлгөнүн билет.


1944-жылдан - Онуфриев райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы. 1948-жылдан өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин Украинанын Кировоград облусунун Онуфриевский районундагы Павлыш айылындагы орто мектептин директору болуп иштеген. 1955-жылы "Мектеп директору - окуу процессинин уюштуруучусу" деген темада кандидаттык диссертациясын жактаган.


Сухомлинский 30га жакын китептин жана 500дөн ашык макалалардын автору. Анын "Мен жүрөгүмдү балдарга берем" деген китеби Украина ССРинин Мамлекеттик сыйлыгына татыган (1974-ж., өлгөндөн кийин). Анын жашоосу балдарда кадыр-барк сезимин көтөрүп, ар намыстуу жаранды тарбиялоо менен өттү.


В.А.Сухомлинский баланын инсандыгын тарбиялоону билим берүү процесстериндеги эң жогорку баалуулук катары тааныган, ошондой эле пикирлеш мугалимдер менен окуучулардын ынтымактуу коллективинин чыгармачылык ишмердүүлүгүн жүргүзгөн, гуманизмдин принциптерине негизделген оригиналдуу педагогикалык системаны түзө алды., . В.А.Сухомлинский коммунисттик тарбияны партиялык топтордун тил алчаак аткаруучулары эмес, "ой жүгүртүүчү инсандардын" калыптанышы деп түшүнгөн. В.А.Сухомлинский окуу процессин кубанычтуу ишмердүүлүк катары уюштурду; окуучулардын дүйнө таанымын калыптандырууга чоң көңүл бурган; билим берүүдөгү мугалимдин кебине, көркөм стилине, балдар менен жомокторду, көркөм чыгармаларды колдонуусуна ж.б. чоң маани берген ("Жүрөгүмдү балдарга берем", 1969). "Сулуулукка тарбиялоо" деген комплекстүү эстетикалык программасын иштелип чыккан. Сухомлинскийдин системасы авторитардык тарбияга каршы чыгып, расмий педагогикалык чөйрөлөр тарабынан "абстрактуу гуманизм" деп сынга алынган. Сухомлинскийдин көз караштары жалпыланган түрдө "Коммунисттик тарбиялоо тууралуу этюддар" (1967) деген жана башка эмгектеринде берилген.


В.А.Сухомлинскийдин идеялары көптөгөн мектептердин тажрыйбасына киргизилген. Сухомлинскийдин эл аралык ассоциациясы жана Эл аралык изилдөөчүлөрдүн Сухомлинский бирикмеси жана Павлыш орто мектебинде 1975-жылы Сухомлинскийдин педагогикалык музейи түзүлгөн.


В.А.Сухомлинский баланын турмушундагы мугалимдин ролу жана мааниси жөнүндө өз көз карашын билдирген. Мугалимдин балдарга болгон сүйүүсү болушу керек. Адамга, аны тарбиялоонун күчүнө чексиз ишеними болгон.


В.А.Сухомлинский “Мугалимге жүз насаат” деген эмгегинде балдарды тарбиялоодогу мектеп менен үй-бүлөнүн биргелешкен аракетине чоң баа берген. Ал “Инсанды тарбиялоого көп күч катышат, анын ичинде, бнринчиден, үй-бүлө бар, ал эми үй-бүлөдөгү эң чебер жана акылман скульптор – бул эне; экинчнден, рухий асылдыгы жана байлыгы, акылы, билими, иш билгилиги, дилгирлиги, турмуштук тажрыйбасы, интеллектуалдык, эстетикалык жана чыгармачылык керектөөсү, кызыгуусу, умтулуусу бар педагогдун инсаны; үчүнчүдөн, ар бир инсанга тарбиялык таасир көрсөтүүчү кубаттуу күчү бар коллектив (балдар, өспүрүмдөр); төртүнчүдөн, тарбиялануучунун өз инсаны (өзүн-өзү тарбиялоо); бешинчиден, интеллектуалдык, эстетикалык жана моралдык байлыктар дүйнөсүндө (бул жерде баарынан мурда – китеп) тарбиялануучунун өз инсаны; алтынчыдан, таптакыр күтүлбөгөн скульпторлор (сиздин тарбиялануучуңуз). Эгерде бул скульптор-тарбиячылардын баары ар дайым тегиз ойногон снмфониялык оркестрдей аракет кылса, педагогикалык кылычтар жана найзалар чабышып, көп проблемалар женил чечилер эле” – деп жазат.




В.А.Сухомлинский ата-энелерди балдарды тарбиялоо жумушуна тартуудагы төмөнкүдөй өз тажрыйбалары менен бөлүшкөн: “Бизде ата-энелер үчүн педагогикалык мектеп бар, анда мектенке чейннки, I—III класстардагы, IV—VIII класстардагы, IX—X класстардагы окуучулардын ата-энелери деген бөлүмдөр бар. Балдарын окууга берерден үч жыл мурда эле ата-энелер ата-энелерднн педагогикалык мектебинен окуй

башташат. Эки жумада бир жолу алар мектеп директорунун, окуу-тарбия иши боюнча директордун орун басарынын, класстан тышкаркы иштер боюнча орун басардын, үч жылдан кийин биринчи классты окутуучу мугалимдин лекцияларын угушат. Мына, педагогикалык мектептин мектепке чейинки бөлүмүнүн 1964-1967-жылдар үчүн иш планы (педагогикалык мектепте окуй турган ата-энелердин балдары I класска 1967-жылдын күз айында киришти):


4төн 7ге чейинки баланын дене жана психикалык жактан өсүшү.


Баланын ооруп калышын алдын алуу.


Баланын режими, тамагы, ден соолугун чыңдоо.


4төн 7 жашка чейинки баланы акыл жактан кантип тарбпялоого болот.


Баланын сөзүн жана акыл жөндөмүн өстүрүүгө эненин жана атанын камкордугу.


Балдардын нерв системасынын жабыркашын кантип алдын алуу керек.


4төн 7 жашка чейннки баланы эмгекке тарбиялоо.


Улууларга карата ызат-сыйды кантип тарбиялоо керек.


Окуучуну тарбиялоодо жаратылыштын мааниси.


Мектепке чейинкилерднн ксректөөсүнүн жана кызыгуусунун өсүшү.


Мектепке чейннки балада чындыкты таанып-билүүнүн жана эмоциянын өсүшү.


Балада кишини туюуну кантип тарбиялоо керек.


4төн 7 жашка чейинки баланы тарбиялоодогу кооздуктун ролу.


4төн 7 жашка чейинки баланын чыгармачылыгы.


Балдарды таш боордуктан кантип сактап калуу керек.


Каалоосун кармана билүүнү балага кантип үйрөтүш керек.


Тарбия каражаты катары өсүмдүктөр менен жаныбарларга балдардын камкордугу.


Мектепке чейинки балдарды акыл, адеп, эмоция жана кооздукка тарбиялоодо оюн жана анын ролу.Эне – баланын биринчи тарбиячысы жана мугалими.


Үй-бүлө – адамдык өз ара мамилелердин мектеби.


Ата жана уул.


Эне жана кыз.


Мектепте окууга баланын психикалык даярдыгы.


Баланын моралдык маданиятынын биринчи элементтери.


Сиздин балаңызды биз жана сиз кандай элестетебнз.


Өз балдарын тарбиялоодо ата-эне кандай ката жиберет жана ал каталардан кантип кутулуу керек.


Чоң ата жана чоң эне булар да тарбиячылар.


Мектепке чейин баланы эмнеге жана кантип үйрөтүү керек.


Үй-бүлөдө ак ниеттүүлүк жана ынтымактык өкүм сүрүүгө кантип жетишүүгө болот.


Балдарды жароокерликке кантип тарбиялаш керек.


Өз ара кантип тил алчаак болуш керек.


Эмоциялык эргүүнү кантип токтотуп калуу керек.


Жакшы болууну каалоону балада кантип тарбиялаш керек.


Балалык кежирликти кантип болтурбоо керек.


Ата-энелик бийлик деген эмне жана аны кантип пайдаланууга болот.


Жазалоону колдонбой кантип тарбиялаш керек.


Жазалоодо эмне көп – пайдабы же зыянбы.


Балдардан эмнени талап кылууга мүмкүн жана эмнени талап кылууга болбойт.


Балдарды тарбиялоо – атанын жана эненин коомдук маанилүү милдети.


Ушундай темаларда лекция даярдоого жана окуута сизге, мугалимге, туура келгендиктен бул татаал иш жөнүндө бир топ кеңеш бергим келет. Ата-энелерди коомдук жогорку милдетти орундатуу сыяктуу эң асыл, адамгерчиликтүү, бийик чыгармачылыкка тарбиялоого үйрөткүлө. Бизде ата-энелерге жасаган ар бир лекциясыида жана аңгемесинде адамды жаратуу идеясын ачык-айкын көрсөтө бнлишкен, энеде жана атада жер бетинде эң сонун, эң асыл нерселерди түзүп жатышкандыгына сыймыктандырган эң сонун класс жетекчилер бар. Алар ата-энелик педагогиканы эмгек, илим, устаттык жана чыгармачылык катары ачып беришет”- деп жазат.

Андан ары сөзүн мындай деп улантат: “Бул класс жетекчилер эч убакта лекция менен аңгемесин тарбия ишинде ката жана жаңылыштык кетирген ата-энени «чымчып коюу» максатында түзүшпөйт. Сага да антпөөгө кеңеш берем, жаш досум. Айрым үй-бүлөлөрдүн турмушунда терс көрүнүштөр али да бар, эгерде сиз бирөөнүн «жан дүйнөсүн матап» алардагы өкүттү (тарбиялоону билбегендик – бул баарынан мурда өкүт) жалпы элге ашкерелесеңиз, сизге ата-энелер улам аз келише баштайт, сиз аларды мектептен алыстатасыз, анан да өтө коркунучтуусу, алар: мен канчалык аракеттенсем да жакшы ата боло албайм, башка ата-энелердин балдары жакшы, меники жаман болуп калышы таалайдан, - деп баарына кол шилтешет. Ата-энелер менен алардын балдары жөнүндө сүйлөшүп баштап, аларды сиз күзгүгө кароого аргасыздандыр. Кандай болоруңузду эч убакта унутпаңыз. Эгерде адамга: көрүңүзчү, кейпиңиз кандай суук, - деп айтсаныз, ал сиздин сөздөргө кандайча карар эле...”

В.А.Сухомлинскийдин бул кеңештери тарбиялоонун курч маселелерин буйтап өтүү жана жымсалдоо дегенге жатпайт. Тескерисинче, бирөөлөрдүн ишинин оңунан чыкпай калышы башкалар үчүн сабак болууга тийиш. Мектептик-үй-бүлөлүк тарбиялоодон татаал жана карама-каршылыктуу эч нерсе жок; ал акылдуулук, билгичтик, сылыктык менен кыйкырык-чуусуз жана тополоңсуз чечүүчү миңдеген кагылыштарга толгон. Бирок жамандык жөнүндө куйтуңдабай айтып ошол элеучурда адамды кемсинтпөө керек. Көп учурда жаман иш жөнүндө жай сүйлөшүүгө туура келгенде ката, жаңылыштык жиберишкен ата-эненин аты-жөнүн айтпайбыз.

В.А.Сухомлинский “Бир үй-бүлөнүн жаңылыштыгы жана катасы жөнүндө терең ой жүгүртүү, айкын шарттарда тарбия жөнүндө ачык сүйлөшүү үчүн иштин башка формасы – ата-энелер менен жскече аңгемелешүү, өзгөчө аял мугалимдердин эне менен, эркек мугалимдин ата менен аңгеме жүргүзүү формасы бар. Ата-энелердин жалпы рухий жана педагогикалык маданиятын аныктоочу шарттары жана өбөлгөлөрү таптакыр бирдей болгон эки башка үй-бүлө жок. Ар бир үй-бүлөнүн өзүнө гана таандык бнр нерселери бар. Мына ошондуктан эне жана ата менен, балдарды катыштырбай жекече аңгемелешүү биздин педагогикалык мектептин ишине органикалык бөлүк болуп кирет. Балдарсыз аңгемелешүү деген сөздү мен атайын баса айттым. Тарбия ишиндеги кыйынчылыкты жана өкүнүчтү, ийгиликти жана жаңылыштыкты балдардын көзүнчө эч убакта айтууга болбойт – бул зыяндан башка эч нерсе алып келбейт. Жакшы үй-бүлөлөрдө ак ниеттик жана ынтымактык, өз ара кадырлашуу, ата-энелердин сүйүү жана эпке келишүүсү – тарбиялык таасирдин башкы күчү болуп эсептелет, бирок үй-бүлөдө баары жакшы болуштун өзү аларды тарбиялап жаткандыгын балдар байкашпайт” – деп жазат.

“Педагогикалык бир катар идеяны биз мектептин ата-энелер менен жүргүзгөн бардык жумуштарында ишке ашырабыз” – деп жазуу менен В.А.Сухомлинский мындай деп сөзүн улантат: “Үй-бүлөнүн рухий турмушу менен баланы мектепте окутуу биримдигине биз өзгөчө маани беребиз. Педагогикалык коллектив үй-бүлөдө илимди, маданиятты, китепти кадырлоо өкүм сүрүүгө тийиш экендигине эне-аталарды ишендирүүгө умтулат. Биз үй-бүлө менен бирдикте китеп майрамын өткөрөбүз. Анын максаты – ата жана энеге өздүк китепканасы үчүн көркөм адабиятты алдыруу. Үй-бүлөдө жана үй-бүлө коллективинин рухий турмушунда китептин ролу жөнүндө биз ата-энелер үчүн педагогикалык мектептин бардык бөлүмдөрүндө лекция окуйбуз, жекече аңгеме өткөрөбүз. Балада көп кырдуу рухий кызыгуунун жана керектөөнүн пайда болушуна умтулабыз, алардын арасында биринчи орунда китепке болгон керектөө туруу керек. Көп үй-бүлө кечкурун китеп окушуна жетише алдык: балдар жана өспүрүмдөр үйлөрүндөгү же мектептеги китепканадан китеп алып окушат”.

“Буга байланыштуу биз дагы бир эң маанилүү педагогикалык идеяга балдар, өспүрүмдөр, уландар жана кыздар өзүн-өзү тарбиялашына көп көңүл бурабыз, бул үй-бүлөсүз жана китепсиз мүмкүн эмес. Калыптанып жаткан адамдын бош убактысын пайдалана билишине, рухий керектөөлөрүнүн өсүшүн зарыл иштер менен толуктап, аны терең ойлонуу менен баалай билишине жетишебиз.

“Балага адеп акыл киргенден тартып эле анын жан дүйнөсүндө граждандык белгилер кантип түзүлөрү, толукталары, бекемделери жөнүндө эие-аталарга айтып беребиз. Граждандык ан-сезимдин жана граждандык туюмдун тамыры балалык кезден башталат; баланын жан дүйнөсүнө

себилген үрөн дүркүрөп өсөт, тамырын терең жайылтат.

Бул граждандык үрөн кантип себилери, граждандык аң-сезим кантип пайда болору жөнүндөгү кеңештерге биз чоң маани беребиз. Үй-бүлө коллективинде, демек, баланын рухий турмушунда коомдук кызыкчылыктарды чагылдырууга ата-энени үйрөткөнүбүз өтө маанилүү. Жалпы жыргалчылык, башкалардын жыргалчылыгы жөнүндө кам көрүү – болочок гражданиндин жеке иши болуп калышына баланын аң-сезимин тарбиялаңыз; анын ою менен сезими материалдык жана рухий байлыктарды керектөө менен чектелип калбасын. Адамдын адептүүлүгү көбүнесе ал балалык кезде көргөн жыргалынын башаты каерде экенине байланыша тургандыгын бул жерде кайрадан эске салууга туура келет. Турмуш дегенде тиешеси жоктой көрүнгөн нерсени кичинекей адам жүрөгүнө жакын кабыл алышы көп мүмкүнчүлүктү берет. Ата-энелерге бул мүмкүнчүлүктөрдү көрүүгө, жүрөгү менен сезүүгө жардам берип, биз аларга тарбиялоо ишин чыгармачылык катары үйрөтөбүз. Мына, көчөдө, сиздин короонун маңдайында ким тарабынан жана качан отургузулганы белгисиз какжырап бараткан дарак турат. Эгерде аны бакпаса, ал куурап жок болот. Ушул кезге чейин көрбөгөн нерсеге экинчи класстагы балаңыздын көзүн ачыңыз, эгерде анын жүрөгүндө граждандык сезимди ойготпосоңуз анда аны эч качан көрө албайт. Куурап бара жаткан даракты баксын, сугарсын, зыянкечтерден

коргосун. Ага дагы үч көчөт отургузууга жардам бериңиз – адамдар үчүн бир нерсе кылгандыгына эң биринчи жолу сыймыктанып көрсүн. Баланын жашы жогорулаган сайын анын иши да граждандык сезим, тыичсыздануу, камкордук үчүн турмуштук негнз боло алгандай олуттуу болууга тийиш” –дейт.


В.А.Сухомлинский үй-бүлө менен бирдикте балдардын эмгегине кантип жетекчилик кылуу керектиги тууралуу тажрыйбасын мындай деп бөлүшөт: “Баланын, өспүрүмдүн, улан-кыздын эмгеги үй-бүлөнүн экономикалык, материалдык турмушуна кошулуп, жуурулушуп турушун ата-энеси аны балдардын ыйык милдети катары карашынын өтө маанилүү экенин дагы бир ирет белгилейм. Эгерде мындай болбосо, мектептин педагогикалык ар кандай амал-айласы эч кандай натыйжа бербейт. Эгерде баланын эмгеги үй-бүлөгө керек болбосо, эгерде ата-эне өздөрү балдарын иштен бошотуп, алардын турмушун жеңилдетүүгө жанталашса (мындай да болот), мектеп уюштурган эч кандай жумалык, эки жумалык, айлык практикумдар балдар үчүн иш болбойт да, алар оюн болгондо да тезирээк эле кутулгусу келген тажатма жана кыйын оюн болуп калат. Качан эмгек экономикалык зарылчылык болуп калганда гана ал тарбиялык күчкө ээ болот. Эгерде ушундай болсо, айда калган бардыгы өзүнөн өзү келет: окуу да эмгек болуп калат, атасы ооруп иштей албай калса, өспүрүм накта чоң адамдай ой жүгүртө баштайт.

Элет жеринде баланын эмгегиндеги уюштуруучулук-педагогикалык маселе жеңил чечилет. Ооба, кайталап айтамын, сөз бул жерде баланын эмгеги жөнүндө бара жатат. Эмгек педагогикалык абстракттуу көнүгүү эмес, ансыз эч нерсе жей албай, кийинүүгө да болбой турган иш болуп калганда гана нагыз мээнеткеч, деги эле адам болуп туулган чыныгы адам болушу мүмкүн. Биз ата-энелер менен бирдикте балдарга алы жете турган жана ошол убакта өндүрүмдүүлүгү боюнча маанилүү жумушту табууга кам көрөбүз. 7-8 жашар балдар энелери жана эжелери, агалары менен бирге жнбекчилер звеносунда нштешет: тыттын бутактарын кесип, текчелерге жыйышат, таштандыларды чыгарышат. 9-10 жашар балдар жана кыздар жибекчилер звеносундагы жумуштан башка да жүгөрүнүн үрөндүк сотолорун ылгап алышат, жашылча уруктарын даярдашат, кык чогултушуп, жашылчалардын жөөктөрүнө төгүшөт. 11-12 жашар балдар чөп кургатышат, жашылча-жемиш жыйышат, мал кайтарышат.

В.А.Сухомлинский балдарды тарбиялоодогу коллективдин таасирин да абдан жогору баалаган. Бул багыттагы тажрыйбаларын төмөнкүдөй бөлүшкөн. “Балдар, өснүрүмдөр, жаштар коллективи – өтө татаал биримдик. Бул мицдеген булактан кошулган өзөн. Коллектив акырындап түзүлөт. Отуз эки жылдан бери мен бириичи класстардын турмушун байкап келе жатам, биринчиден 1-класска чейинки кичинекей балдардын көп муунун өзүм окуттум – балдар мектеп босогосун аттагандан кийинки кандайдыр бир мезгилге чейин коллектив деген түшүнүк класста болбойт жана болууга мүмкүн эмес деп айтууга менде укук бар деп ойлойм. Коллектив бара-бара жаралат. Коллективди түзгөн башкы нерсе – бул

уюштуруучулук көз карандылыктардын талабы жана системасы деп ырастоо мага мажүрөөдөй көрүнөт. Талаптуулук, жоопкерчилик, баш ийүү жана жетекчилик – коллектив таянган эң маанилүү шарттар ушулар, бирок мындан

башка да маанилүү нсгиздерсиз коллектив болбойт жана болууга мүмкүн эмес. Эгерде окуучулардан жетекчи шайлап, милдеттерди бөлүштүрүп, талап койсо эле коллектив түзүлүп калат деп ойлошкон кээ бир тарбиячылардын үмүтү иш жүзүндө натыйжасыз болуп калат”.






Колдонулган адабияттар:

1.В.А.Сухомлинский "Мугалимге жүз насаат"

2. www.melimde.com


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!