СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Санариптик сабаттуулук

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Санариптик сабаттуулук бүгүнкү күндө ар бир адамга нан менен суудай керек экендигин турмуш өзү тастыктап жаткандыгы белгилүү. Ошондуктан ар бирибиз компьютердик сабатыбызды мүмкүн болушунча жоюуга аракет кылуубуз керек.

Просмотр содержимого документа
«Санариптик сабаттуулук»

Компьютердик сабаттуулукту жогорулатуунун артыкчылыктары

Компьютер – бүгүнкү адамзаттын жеке жашоосунун эң актууалдуу бөлүгү катары болуп жаткандыгы баарыбызга маалым. Анткени ал адамзаттын жашоосунда өзгөчө маанилүү роль ойноп жаткандыгы менен баалуу.

Биз окуп жаткан сем инардык курс жаңы баштагандарды санарип дүйнөсү, компьютерде иштөөнүн негизги түшүнүктөрү менен тааныштырууга жана көндүмдөрүнө үйрөтүүгө арналган. Бул видео сабактардан биз компьютер – эмне экендигин жана анын кандай түрлөрү болорун биле аласыз. Биз тексттик редакторлорду өздөштүрүп, алар менен иштөөнү үйрөнөсүз, презентацияңызды түзөсүз. Интернеттен маалымат издеп табууга, электрондук почтасы боюнча кат жөнөтүүгө, онлайн сактагычтардын, заманбап платформалардын жана мессенджерлердин артыкчылыктарын талдай билүүгө ж.б. көп нерселерге үйрөнөсүз. Бул семинардык курс компьютерде иштөө тармагындагы билимди кеңейтүүгө жардам берет. Ошондой эле түшүнүксүз маселелер болсо, бизде менторлордон кеңеш алууга мүмкүнчүлүгүңүз болот.

Азыркы күндө пилоттук санариптик семинарлар окутулуп баштады. Бул долбоорго тренер тартылган: Акматов Талантбек. Азыркы күндүн талабы функционалдык сабаттуулукту калыптандыруу жана заманбап технологияларды окуу процессинде максаттуу пайдалануу. Бул долбоор бир гана технология менен иштөөнү гана үйрөтпөстөн, билим берүү стандарты, сабакта колдонулуучу интерактивдүү жана пассивдүү усулдарды колдонууну да үйрөтүүгө багытталган. Жасалып жаткан бардык иш-аракеттер негизинен студенттердин алган билимин турмушта пайдалана алуусун көрсөтүү жана турмуштук мисалдар менен берүү. Ошону менен бирге эле заман талабына шайкеш билим берүү, бул санарип технологияларын окуу процессине натыйжалуу кийирүү. Дагы бир максат PISA – 2025 эл аралык баалоо изилдөөсүнө катышууда жакшы жыйынтык көрсөтүү болуп саналат.

Аталган  семинар-тренингге окуу жайдан 20 окутуучу тартылып, окууга катышып жатат. Ар бирине http://consultingac.org/ сайтынан жеке кабинет ачылган жана ал жакта өтүлгөн материалдар электрондук түрдө жайгаштырылган. Негизинен окуу тренинг бир нече модулдарга бөлүнгөн.

1-модуль: Курстун максаттары жана милдеттери, күтүлүүчү натыйжалар жана билим берүүдө МКТнын актуалдуулугу; 2-модуль: Санариптик сабаттуулук; 3-модуль: Активдүү окутуу үчүн МКТнын стратегиялары жана офлайн инструменттер, окуу жетишкендиктерин баалоочу компьютердик технологиялар (платформалар), дистанттык форматта окутууну баалоо инструменттери жана платформалар; 4-модуль: МКТны колдонуу менен проблемалык окутуу, предмет мугалимдери үчүн санариптик ресурстар; 5-модуль: Кесипти жогорулатуу боюнча камтылган. Ар бир модулда кейстик жана тесттик тапшырмалар камтылган. Алган билимдерин практика түрүндө аткарып, кейстерге жүктөп, ал жактан баалоого коюлат. Бул долбоордун жетишкен жагы окутуучуларга колунда бар техникалык каражат (смартфон, ноутбук, мультимедиалык проектор ж.б.) менен натыйжалуу сабак өтүүнү үйрөтүү. Эң эле жөнөкөй mindomo сайтында интеллект карт түзүүнү көрсөтүп бергенимде, сабакка даярдык көрүү ушунчалык жеңил жана убакыт үнөмдүу болорун айтышты.

Азыркы учурда окуу жайда жеткиликтүү иш жүргүзүү үчүн мүмкүнчүлүк же шаймандар жок дейбиз, ал эми колубузда турган смартфон аркылуу иштетүү бул коркунучсуз, кызыктуу жана жеткиликтүү болорун көрүшүп, сабактарга колдонобуз деген пикирлерин билдиришти. Мисалы: музыка сабагында минус даярдап, аны аткаруучунун үнүн тонго тушүрүү, геометрия сабагында чиймелер (фигуралар) 3Д форматта мейкиндикте көрсөтүү, астрономия предметинде Галлактиканы мейкиндикте (көз алдыга) чагылдыруу, биологиядан адамдын ички органдарынын жашоосун көрүү, химиялык реакцияларды жүргүзүү жана натыйжасын көрүү жеткиликтүү жана кол алдыбызда экенин билдик деп окутуучулар ыраазычылыгыбызды билдиребиз.


Компьютер - бул эсептөөлөрдү аткарган жана маалыматты өтө тез иштеткен машина. Компьютер көп сандагы маалыматты иштетип, татаал маселелерди чече алат. Эң күчтүү компьютерлер секундасына миллиарддаган эсептөөлөрдү жасай алат.

Компьютерлер бизнес, билим берүү, транспорт жана башка тармактарда колдонулат. Компьютердин эң кеңири таралган түрү санариптик компьютер. Бардык санариптик компьютерлерди үч категорияга топтоого болот: 1) камтылган компьютерлер; 2) жеке эсептөө; 3) негизги рамкалар.

Бардык орнотулган компьютерлер микропроцессорлор. Персоналдык компьютерлерди бир адам колдонот. Алар столдун үстүндө орнотулуп, текстти иштетүү, жөнөкөй эсептөөлөрдү жүргүзүү жана компьютердик оюндарды ойноо үчүн колдонулат.

Майнфреймдер – бул чоң эс тутумга жана чоң файлдарды сактоо тутумуна ээ болгон күчтүү компьютерлер. Алар бир нече кабинеттерде жана лабораторияларда колдонулат жана алар бир жумушту аткарышат.

Компьютердик сабаттуулук – түтүмдүү билим жана билгичтик, адамдын жашоосуна өтө керектүү, эмгек, компьютердик коомдогу эс алуу, компьютерди интеллектуалдык эмгекте курал катары пайдалануу. Ал жалпы билим берүүчүлүк жана профессионалдуу сабаттуулукта базаланат, математикалык негиздөө, физика, электрониканын элементтери, программалоо, электрондук-эсептөө машиналары ж. б.:
– алгоритм, анын катмары, каражаты жана баяндоо методу жөнүндө түшүнүк;
– алгоритмдин ЭЭМ үчүн сунушталган программасынын калыпы жөнүндө түшүнүк;
– алгоритмдик программалоонун биринин негиздерин (Бейсик, Паскалы, Фортран) билүү;
– ЭЭМдеги практикалык пикир алышуунун жолдору;
– түшүнүүнүн мааниси, электрондук-эсептөө техникасынын турмушта, адамдын жашоосунда, илимде, өндүрүштө колдонулушу жана ролу.

Жогоруда аталган элементтер компьютердик сабаттуулуктун жөнөкөй негиздери болуп саналат. Жогорку деп эсептелген тепкичтерге төмөнкүлөр кирет:
– ишемдүү компьютердик сабаттуулук, ЭЭМ менен иштөөнүн алдын ала берилген божомол билгичтиги, татаал алгоритмдерди иштеп чыгуу жана аларды бир же бир нече программаларга сырбелгилөө, пайдалануучу ЭЭМ жөнүндө жакшы билим, өзүнүн ишмердүүлүгү үчүн татаал эмес программаларды билүү, стандарттык программа менен камсыздоону чыгармачылык ийкемдүүлүк менен колдонуу, информатика боюнча өзүнүн билим деңгээлин кеңейтүүгө умтулуу;
– түтүмдүү компьютердик сабаттуулук – максаттуу билим түтүмү жана компьютер аймагындагы аткаруу, компьютердик дүйнөдөгү техниканы кеңири ориентирлөө, бир ЭЭМден экинчи ЭЭМге, бир программалоо тилинен экинчи программалоо тилине кенен өтүү, компьютерлештирүүнүн коомдогу оң жана негативдүү кыймылдарын баамдоо, программалык каражаттарды кенен иштеп чыгуу жана жогорулатуу жана компьютердин бардык тармактардагы пайдаланылып жаткандыгы.


Чет тили окутуучусу: Мааткеримов Зайналабудун Жеенбекович







Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!