СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Окуучуларга эссеникантип жаздырыш керек

Нажмите, чтобы узнать подробности

эссе жонундо тушунук

Просмотр содержимого документа
«Окуучуларга эссеникантип жаздырыш керек»

Окутуу кыргыз, өзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептер үчүн “Орус тили” мектеп курсунун алкагында жана окутуу орус, өзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептер үчүн “Кыргыз тили” эссе жазуу практикасын киргизүү жөнүндө”



КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНИН УСУЛДУК - НУСКАМА КАТЫ



Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2017-2018-окуу жылында тил боюнча бүтүрүүчү экзамендин түрү катары эссе жазууну сунуш кылат. Экзамен тапшыруу тажрыйбасы көрсөткөндөй, 2016-2017-окуу жылы экзамендин түрүн өзгөртүүгө жалпысынан жакшы баа берилгени менен, айрым окуучуларга эссе жазуу кыйынчылыктарды жаратып жатканы көрүнүп турат.

Мунун бир себеби бүтүрүүчүлөрдүн эссе жазуу тажрыйбасынын жоктугу, анткени Кыргызстандын мектептеринде текст менен иштөөнүн негизги түрлөрү катары жат жазуу, баяндама жана дилбаян болуп саналат.

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги бүтүрүүчүлөрдү мамлекеттик жыйынтыктоо аттестациясына даярдоо боюнча нускама катты жолдойт.

Мында эссенин ар түрлөрүнүн талдоосу көрсөтүлгөн:

  • Эссе-баян,

  • Эссе-сүрөттөмө,

  • Салыштырмалуу эссе,

  • Далилдөөчү эссе.

Окуучуларды ар кандай түрдөгү эссе жазууга даярдоо үчүн орус тили жана адабияты сабактарында айрым темаларды өткөндө убакыт берүү сунушталат. Ошондой эле, мүмкүнчүлүккө жараша эссени жазууга үйрөтүү үчүн атайын бир нече сабакты (мисалы, кайталоого кеткен убакыттан) бөлүп берүү маанилүү.

Класста эссе жазып жатканда, окуучуларга орфографиялык жана түшүндүрмө сөздүктөрдү колдонууга уруксат берилет.

Эссе менен иштөө функционалдык жазуу сабатын, анын ичинде жазуу көндүмдөрүн да өнүктүрүүнүн маанилүү жолдорунун бири болуп саналат. Ал когнитивдик (өз божомолдорун, идеясын билдирүү, баа берүү жана маалыматтарды талдоо жөндөмү) жана ошондой эле тил жөндөмдөрүн (өз оюн иретке келтирип жана тил каражаттарынын жардамы менен сүйлөм, абзац, тексттин деңгээлинде аны түзүү жөндөмү).

Ошондой эле окуучуларды төмөнкүлөргө үйрөтүү зарыл:

  • өзүнүн оригиналдуу идеяларын иштеп чыгаруу;

  • өз каалоосу боюнча маалымат булактарын колдонуу менен, өз көз карашын негиздегенге жана далилдегенге;

  • оозеки жана жазуу тилин түзүүгө; так жана ырааттуу бир ойду билдиргенге.




ЭССЕ ЖАЗУУ КӨНДҮМДӨРҮН КАЛЫПТАНДЫРУУ БОЮНЧА УСУЛДУК СУНУШТАР


1-бөлүм. ЭССЕ. ЭССЕНИН ТҮРЛӨРҮ ЖАНА АЛАРДЫН ТҮЗҮЛҮШҮ

Эссе – бул курамдык бүтүндүгү жана логикалык ырааттуулугу бар чоң эмес көлөмдөгү прозалык чыгарма. Эссе белгилүү бир тема же маселе боюнча жеке пикирин, жеке таасирленүүнү чагылдырат жана толук сүрөттөөнү талап кылбайт. Өз пикирин адабий тексттерден, массалык маалымат каражаттарынан же турмуштук байкоолордон алган мисалдар аркылуу толуктаса болот.

Эссе жазуунун максаты тандап алган тема боюнча окуучулардын чыгармачылык ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү, өз позициясын далилдеп, коюлган маселе боюнча өз ой-пикирин билдирүү.

Эссе жазууга үйрөтүүнү иштелип чыккан критерийлерге ылайык ишке ашыруу керек: тапшырмага ылайык мазмунду ачып көрсөтүү, теманы толук жана кеңири элестеткенге мүмкүнчүлүк берген түзүлүшүнүн болушу, лексикалык жана грамматикалык материалдын ар түрдүүлүгү, байланышы.

Ушуга байланыштуу, эссе жазууга даярдоо боюнча сабактарда адатта окуучуларды төмөнкүлөргө үйрөтөт:

  • берилген теманы түшүнүү же өз темасын табуу, анын мазмунун жана көлөмүн, чектерин аныктоо, аңгемени даярдоо жана аткаруунун бардык баскычтарында темадан алыстабоо;

  • материалга, жалпы темага баа берип, сүрөттөлүүчү нерсеге өз мамилесин билдирип, эссенин текстинде аны толкундаткан маселелерге байланыштуу өз көз карашын чагылдыруу;

  • материал топтоо: байкоо, тандалган темага таандыгы бар өз тажрыйбасынан негизги нерселерди белгилөө; далилдерди түшүнүү, өз билимин, сезимдерин билдирүү;

  • материалды ырааттуулук менен жайгаштыруу, план түзүү жана байланышылган текстти түзүүдө аны кармануу, зарыл болгон учурларда ырааттуулугун өзгөртүү;

  • керектүү сөздөрдү жана башка тил каражаттарын тандоого, синтаксистик конструкцияларды түзүү жана байланышылган текстти түзүү;

  • орфографиялык жактан текстти туура жазып, тыныш белгилерин коюп, текстти абзацтарга бөлүп, кызыл сызыкты, талааларды жана башка талаптарды сактоо;

  • өзүнүн эссесиндеги кемчиликтерди, ошондой эле башка окуучулардын сөзүндөгү каталарды табуу, өзү жана башкалар кетирген каталарды оңдоп, туура жазууну өркүндөтүү.


Эссе-баян

Эссенин мүнөздөмөсү

Эссе-баянда белгилүү ыраатта окуялар сүрөттөлөт, көбүнчө - хронологиялык тартипте бир окуя баяндалат. Адатта, жазуучу окуялардын ырааттуулугун гана көрсөтпөстөн өз көз карашын да билдирет.

Эссе-баяндын композициялык өзгөчөлүктөрү:

1. Башталышы

2. Окуялардын өнүгүүсү

3. Кульминация (абдан кызыктуу, курч же окуялардын бурулган учуру)

4. Корутунду


Ар бир баяндоо үчүн төмөнкү компоненттер маанилүү:


  • Орду - окуя болуп жаткан жер.

  • Каармандар - эсседе баяндалып жаткан адамдар.

  • Сюжет - окуяда болуп жаткан нерсе, окуялардын ырааттуулугу. Көп учурда эсседе каармандардын мүнөзү же сүрөттөлүп жаткан окуя өзгөргөн кульминация же бурулуп кетүүчү учурлар бар.

  • Мааниси - автор окурманды алып келген негизги идея. Көп учурда окуянын маанисин окуянын темасынан айырмалай алышпайт, ал туура эмес. Туулган шаары жөнүндө (тема) ар башка түрдө айтып берсе болот (мааниси): окурманды эс алууга чакыруу, курч социалдык же экологиялык маселелерге көңүл буруу же шаардын кереметтүү тарыхы тууралуу маалыматтар менен бөлүшүү ж.б.

  • Маанай – эссенин автору өз окуясы менен жараткан белгилүү бир атмосфера. Бул атмосфера жагымдуу, сергитүүчү, белгисиз, коркунучтуу, ж.б. болушу мүмкүн.



Эссе-баяндын түзүлүш компоненттери


Киришүү

Киришүүнүн биринчи бөлүгүн баяндама баштайт. Бул жерде орду сүрөттөлөт, каармандарды тааныштырып, окурмандарды кийинки боло турган окуяларга даярдайт.

Киришүүнүн экинчи бөлүгү (адатта биринчи сүйлөм) –окурмандардын көңүлүн бурушу керек (кызыктыруучу бөлүк). Баяндама эсседе окурмандын мындан ары эмне болоору жөнүндө өзү ойлоп таба турган сезимди ойготуу маанилүү.

Мисалы: “Мен турмушумда эч качан бул жолкудай тынчсызданган эмесмин. Аэропортко баратканда жолго кеткен акыркы үч саат көп убакытка созулгандай”.

Бул маалымат окурмандарды кызыктырып, автор менен эмне болгону жөнүндө билгиси келет. Аны окуган окурманда көптөгөн суроолор жаралат.


Мисалы:

- Автор ким?

- Эмнеге ал мынча тынчсызданды?

- Кайсы аэропорт жөнүндө сөз болууда?

- Эмнеге автор аэропортко чейин мынча көп убакыт жүрдү?

- Автор керектүү рейске жетиштиби же жокпу?

- Эгерде кечиксе, ал эмне кылды?

Ырастоо

Ырастоодо эссенин эң негизги мааниси камтылат жана анын түзүмү белгиленет. Баяндама эсседе, эссе багытталган окуяны көрсөтүүдө ырастоодон башталат. Ырастоодон окурман чынында эмне болгонун түшүнбөөсү маанилүү. Бул жерде негизги бөлүктө эмне жөнүндө айтылаарын кыйытма гана айтып өтүүгө аракет кылуу керек.

Негизги бөлүк

Эссенин негизги бөлүгүндө негизги аракет камтылган. Окуялар тууралуу ар кандай айтып берсе болот. Көбүнчө хронологиялык тартип колдонулат. Мында окурман текст менен ырааттуу таанышуу аркылуу болгон окуялар жөнүндө билет: биринчи абзацта окуянын башталышы сүрөттөлөт, экинчисинде – анын уландысы (окуялардын өнүгүүсү) жана башка (кульминация жана корудунтуга чейин).

Сүйлөмдөрдүн байланышы

Эссени хронологиялык түзүүдө ар бир абзац байланыш-сүйлөм менен аяктайт. Мындай сүйлөмдөр абзацтын аягын белгилөө жана бир абзацтагы сүйлөм менен экинчи абзацтагы сүйлөмдү байланыштыруу үчүн жазылат. Бул сүйлөмдөр окуя бир бүтүн болуп кабыл алынуу үчүн, ошондой эле окурманга окууга ыңгайлуу болушу үчүн зарыл.

Мисалдар:

Биринчи абзацтын аягы: “Бирок бир окуя менин ишенимдүүлүгүмдү козголтту”.

Экинчи абзацтын башы: “Бир жолу, шаарда сейилдеп жүрүп мен ачка болгонумду сездим”.

Экинчинин аягы: “Мен стойкага ишенимдүү келип, кезекке турдум”.

Үчүнчү абзацтын башы: Кезекти күтүп жатып, мен чоң плакатты окудум”.

Үчүнчүнүн аягы: “Десертке буйрутма берүүнүн кереги жогуна мен сүйүндүм”.

Төртүнчүнүн башталышы: “Өз буйрутмамды берип, мен кызыгуу менен батынысты карап турдум”.

Жыйынтыкоочу идея

Эссе-баян жыйынтыктоочу идеяга муктаж. Акыркы абзацта окуянын сүрөттөлүшү аяктайт. Акыркы сүйлөм эки функцияны аткарышы мүмкүн:

  1. Автор айтылган окуяны корутундуласа болот же сүрөттөлгөн окуядан улам окуянын катышуучулары эмнени үйрөнгөндүгү жөнүндө өз ою менен бөлүшсө болот.

  2. Автор келечекте эмне болоору жөнүндө божомолун айтса болот же өзүнүн ачылышы менен бөлүшсө болот (эгерде ал буга чейин билбеген жаңы нерсени билген болсо).

Мисалдар:

Мораль: “Акыр аягында, айдоочу жол жүрүүнүн эрежелери жолдо жүрүү коопсуз жана ыңгайлуу болушу үчүн түзүлгөндүгүн мойнуна алганга аргасыз болду”.

Божомолдоо: “Күндөрдүн биринде, цыган аялдар өз кызматтарын сунуш кылган тиги бечарага жардамга келем деп үмүт кылам”.

Ачылыш: “Мен ушинтип, улгайып калган аялдардын балдарды тарбиялоого болгон көз карашын билдим. Мен уулум менен паркка сейилдегенге барган сайын ошол жолугушуу жөнүндө эстей берем”.



Ошентип, эссе-баян ийгиликтүү болот, эгерде:

  • аны далилдөө импульс катары кызмат кылса жана анын жардамы менен андан аркы баяндоо өркүндөсө;

  • текстте окуялардын ортосундагы байланышты көрсөтүп туруучу жана окурманга сюжеттин өркүндөөсүн байкоого жардам берип турса;

  • текст корутунду чыгаруу, божомолдоону айтуу менен же автор тарабынан жасалган ачылышты билдирүү менен аяктайт.




























Эссе-сүрөттөө

Мүнөздөмө

Сүрөттөө – бул предметтердин олуттуу белгилерин тартипке келтирип саноо (буюмдарды, адамдарды, жаныбарларды, окуяларды, процесстерди ж.б.).

Мындай эсседе кандайдыр бир объект сүрөттөлөт. Бул гүл, адам же жаныбар, сүрөтчүнүн иши, китеп же фильм ж.б. болушу мүмкүн. Сүрөттөөдө объекттин негизги мүнөздөмөлөрүн жөн гана – тышкы көрүнүшүн, жытын, фактурасын берүү эмес, ал эми өз туюмду көрсөтүү маанилүү. Эссе-сүрөттөөдө сындоо жана талдоонун кереги жок. Бул жерде субъективдүүлүк белгилердин өзүндө, туюндурууда, эмоциялык түс берүүдө көрсөтүлөт.



Текстти сүрөттөөнүн композициялык өзгөчөлүктөрү:

  1. Жалпы таасири

  2. Майда бөлүктөрүн сүрөттөө

  3. Баалоо


Мисал: Эгерде сиз пейзажды сүрөттөп беришиңиз керек болсо, сиз кайсы максатты көздөйсүз, ошол маанилүү. Мисалы:

  • Пейзаж таасирин тийгизген маанайды берүү.

  • Окурманга сиз көргөн нерсени көрүүгө жардам берүү.

  • Бул пейзажды көрүүдө пайда болгон ойду берүү.


Эссе-сүрөттөө белгилүү бир түзүлүшкө ээ:




Майда бөлүктөрдү мүнөздөөдө адатта төмөнкүлөр колдонулат

  • Ассоциациялар (окуучунун аң-сезиминде белгилүү бир предмет, көрүнүш, окуя, факт ж.б. менен байланыштуу пайда болгон байланыш жана башка нерсе жөнүндө ойлонтот. Мисалы, түлкү – куулук, коен – коркуу, ак түс – тазалык ж.б.).

  • Салыштыруу (эки предметти же абалды салыштыруунун негизиндеги стилистикалык ыкма “кантип”, “сыяктуу”, “так”, “эмне” (эмне менен) салыштыруу байламталардын жардамы менен түзүлөт: мисалы, “токой так сүрөт тартылган тереми”; түзүүчү жөндөмө түрүндө: мисалы, “көздүн жашы мөндүр болуп түшүүдө”, “уюлгуп өйдө чыккан түтүн” ж.б.; сын атоочтун же тактоочтун салыштыруу даражасынын түрүндө: мисалы, “мышыктан күчтүү жырткыч жок”; лексикалык – “сыяктуу”, “окшош” сөздөрүнүн жардамы менен.

  • Аныктамалар (эпитеттер) – предметтин аталышына көбүрөөк сүрөттөө кошуу үчүн аныктамалар: мисалы, көк деңиз, алтын күз ж.б. Көбүнчө сын атооч менен аталат, ошондой эле тактооч менен (“абдан сүйүү”), зат атооч менен (“көңүлдүү чуруу-чуу”), сан атооч менен (экинчи өмүр), этиш (“алагды болууну каалоо”).


Сүрөттөө-эссе жазуунун алгоритми

  • Жазуунун максатын тактоо.

  • Жалпы таасирди берүү.

  • Салыштыруу, ассоциация, аныктаманы колдонуу менен сүрөттөлүп жаткан объекттин же көрүнүштүн бардык мүнөздөмөсүн элестетүү.

  • Сүрөттөлүп жаткан объектке баа берүү.



Эссе-сүрөттөө жазуунун көндүмдөрү эреже катары, салыштырма эссе жазуу көндүмдөрүн калыптандырууга мүмкүндүк берет.

Салыштырма текстте предметтер же көрүнүштөр салыштырылат. Автордун көңүлү эки адамдын, предметтин (көрүнүштүн) жалпы мүнөздөрүнө, алардын айырмасына же бир эле учурда тигиге же буга топтолот. Максат – окурманга салыштырылуучу предметтердин (көрүнүштөрдүн) эмнеси окшош же эмне менен айырмаланат, алардын артыкчылыгы жана кемчилиги эмнеде экенин көрсөтүү.

Салыштыруу эссе жазуунун негизги эки ыкмасы бар: комплексттик жана кадамдык.

Комплексттик ыкма

Бул ыкманын жардамы менен биринчи салыштырылуучу бир объект каралат жана анын мүнөздөмүсүнүн комплекси сүрөттөлөт, андан кийин экинчи салыштырылуучу объект менен дал ошондой нерселер аткарылат. Бул учурда бир адамдын, предметтин (көрүнүштүн) “портрети” экинчинин “портретине” коюлбайт.

Кадамдык ыкма

Мында тигил же бул салыштыруучу параметр боюнча эки объектти кароо мүнөздүү, андан кийин салыштыруунун башка пунктуна өтүү.

Эгерде комплексттик ыкмада экинчи жана үчүнчү абзацтар өзүнүн түзүлүшү боюнча төртүнчү жана бешинчи абзацтарга окшош болсо, кадамдык ыкмада бардык абзацтар бир схема боюнча түзүлөт: салыштыруунун параметрин аныктоо – биринчи объекттин артыкчылыктарын сүрөттөө – экинчи объекттин артыкчылыктарын сүрөттөө. Эки учурда тең кайталанылуучу түзүлүш колдонулат, ошондуктан текстти түзүүнүн мындай түрү параллелдик деп аталат.

Эссени башка түрлөрү сыяктуу эле салыштырмалуу ээсе башталышты, андан соң негизги бөлүктү (эки-үч абзац сүрөттөө стилинде (параметрлерден көз каранды) камтуучу киришүүдөн башталат, андан соң корутунду.

Далилдөөчү эссе

Мүнөздөмө

Далилдөөчү эссе логикалык түзүлгөн фактыларга таянуу менен окурманды кээ бир ой-пикир менен макул болууга, кандайдыр бир аракет кылууга же экөөнү тең жасоого ынандырууга умтулат. Далилдөөчү эссенин автору өз максатына кадыр-барктуу адамдардын ой-пикирине, статистикалык маалыматтардын ж.б., эмоциялык жана этикалык таасирдин негизинде жетет.

Акыркы учурда бул ар кайсы кесиптик жааттардагы жазуу чыгармачылыгынын популярдуу түрү.

Далилдөө текстинин композициялык өзгөчөлүктөрү

  1. Киришүү


а) Киришүү ырастоолор (окурмандын көңүлүн бурууга жана андан ары окуу кызыкчылыгын пайда кылууга көмөк көрсөтүүчү стандарттык эмес, өзгөчө суроолор, кызыктуу цитаталар, статистика, айтуулар).


  1. Негизги бөлүк.


а) Тезистик ырастоо: 1) бир сүйлөм болуп түзүлгөн сиз далилдей турган тезис же абал; 2) тезистин түшүндүрмөсү (2-3 сүйлөм).

б) Далилдер (эки) 1) билдирүү (ырастоолорду айтып берүү); 2) колдоо (фактылар, мисалдар, ой-пикирлер ж.б.); 3) негиз (алардын негизинде негизделген билдирүүнүн далилин күчөтүү үчүн болжол колдонулат); негиз билдирүүгө караганда фундаменталдык, ал усулдардын, идеологиянын, философиянын абстрактуу суроолоруна тиешелүү.

в) Каршы далилдөө (бир) (экинчи тараптын болжолдуу каршы пикирин далидөөнү күчөтөт, анткени далилдерге көбүрөөк ишенет, себеби карама-каршы пикирлер унчукпай калбайт): 1) карама-каршы тараптын божомолу; 2) каршы пикирди далилдөөдө алсыз жакты же көйгөйдү аныктоо.

г) Карама-каршы тарапты канааттандыруучу компромисстик чечим сунуштаса да болот.

3. Корутунду.

а) далилдердин синтези; б) тезисти кайрадан түзүү; в) корутунду бекитүү (далилдин келечеги; ой жүгүртүү үчүн суроо же айтуу; кириш далилдерди эскертүү; көйгөйгө башкача кароого мүмкүндүк берүүчү оригиналдуу суроолорду коюу).

Окуучудан төмөнкү жөндөмдүүлүктөр талап кылынат:


  • өз позициясын так түзүү жана жазуу түрүндө аны түшүндүрүү;

  • өз позициясын бекемдөө үчүн негиздүү далилдерди тандоо жана аларды сабаттуу жазуу түрүндө көрсөтүү;

  • текст-далилдин түзүмүн сактоо;

  • жазуу түрүндө өз оюн сабаттуу жазуу.










































АР КАНДАЙ ТИПТЕГИ ЭССЕ ЖАЗУУДА ЭМНЕДЕН АЛЫС БОЛУШ КЕРЕК


  1. Берилген теманын маанисин түшүнбөөдөн.

  2. Жазууда түзүлүштүүлүктүн жок болуусунан.

  3. Негизги суроого карата жоопту сактоону билбегендиктен (темадан учу кыйры жок алагды болуу).

  4. Далилдөөнүн (далил) ордуна риториканы колдонуудан (ырастоо).

  5. Маалыматтарды одоно пайдалануу, анын ичинде ашкере жалпылоодон.

  6. Аналитикалык материал менен бекемделбеген өтө чоң баяндоочу бөлүктөн.

  7. Аталган идеялардын авторлоруна шилтемени көрсөтпөстөн башка көз караштарды жазуу жана өз позициясын жазбай коюудан.

  8. Зарылсыз кайталай берүүдөн.













































2-бөлүм. УСУЛДУК СУНУШТАР



2.1. ЖАЛПЫ СУНУШТАР


Эреже катары окуучуларга эки түрдөгү эссе сунушталат: окулган тексттин негизинде эссе (баштапкы текст) жана эркин темада эссе.

Окуучуларды эссе жазууга даярдоо технологиясы төмөнкүдөй болушу мүмкүн:

1-этап: окуучулардын эссе менен өз алдынча таанышуусун уюштуруу-адабий жанр жана эссе жазууга талаптар менен;

2-этап: окуучуларды эссенин үлгүсү менен тааныштыруу;

3-этап: “калем сыноо” же окуучулар тарабынан эссе жазуунун алгоритмин өздөштүрүү боюнча пратикалык иш жүргүзүү (аталган этапты интерактивдүү режиминде уюштурууга да болот, окуучулар иштөө үчүн керек болгон бардык материалдарды колдонуу менен кичи топтордо эссе жазса болот: окуу китептеринен баштап маалыматтын башка булактарына чейин);

4-этап: эссени презентациялоо үчүн даярдоо;

5-этап: эссени презентациялоо жана коллективдик баалоо;

6-этап: эссе жазуу учурундагы жалпы кыйынчылыктарды (каталарды, кемчиликтерди) жана аларды чечүү жолдорун аныктоо (оңдоо);

7-этап: алынган тажрыйбаны эске алуу менен эссе жазуу.

Кандай болбосун эссе жазуу учурунда окуучулар бир нече этаптан өтүүсү керек:

  1. Эссенин планын түзүү

Эссенин планын түзүү жеке текст түзүү үчүн зарыл болгон маанилүү: өз оюн ырааттуу түрдө, туура, далилдүү айтууга көндүмдөрдү түзөт. Жакшы ойлонуштурулган план темадан жана иштин негизги оюнан алыстап кетпөөгө жардам берет. План боюнча эссе эмне жөнүндө, анын негизги ою кандай – идеясы, бул идеяны далилдөөнүн системасы кандай жана эссенин автору кандай тыянактарды чыгараары түшүнүктүү болуусу зарыл.

Окуучулар пландын ар кандай түрүн колдоно алышат:

Суроо планы – темага же баштапкы текстке карата суроолордон түзүлгөн план. Мисалы: Кыргызстанда туризм канчанчы орунда турат?

Аталыш планы – баштапкы тексттин микротемаларынан жана микротексттердин аталышынан түзүлгөн план. Аталыштар этишсиз берилет, башкы сөз – зат атооч. Мисалы: Кыргызстандагы туризмдин орду.

Тезистик план – баштапкы тексттин микротемаларынын жана микротексттеринин негизги оюн билдирүүчү тезистерден - сунуштардан түзүлгөн план. Бул сунуштарды тексттерден жазып алып, маанилүү маалыматты алып жүрбөгөн сөздөрдүн эсебинен кыскартууга мүмкүн. Мисалы: Туризм мааниси боюнча чарбанын экинчи тармагы болуп саналат.

Баштапкы тексттин негизинде план түзүү үчүн:

  • текстти окуу;

  • текстти бөлүктөргө бөлүү (микротесттер);

  • ар бир бөлүктө негизги болуп эмне саналаарын аныктоо;

  • микротексттин негизги (эң маанилүү) сөздөрүн табуу;

  • тексттин бөлүктөрүнө (микротексттерге) ат коюу.


Татаал пландын формасы төмөнкүдөй болушу мүмкүн, мисалы:



I. Киришүү.

II. Негизги бөлүк.

1.

2.

3.

4.

III. Корутунду.


Планга баа берүүгө төмөнкү суроолорго жооптор жардам берет:

1. Идеясы кандай?

2. Бул идеянын далилинин жүрүшү кандай?

3. Баяндоонун логикасы кандай?


2. Эссе жазуу


Киришүүнүн жазылышы



Киришүүнүн башкы функциясы – “темага киришүү”. Теманы ойлонуштурууда ал бир нече багытка ээ болушу мүмкүн экендигин эске алуу зарыл. Алардан бирөөнү тандоо жөнүндө киришүүдө сөзсүз эскертүү керек. Бул теманы бир тараптуу кылып ачуудан алыс болууга мүмкүндүк берет.

Киришүүдө айтып берүүнүн максатын аныктоого болот, башкача айтканда эссенин идеясы кандай жана башкы бөлүгүндө ал эмне менен далилденет (баяндалат); эгерде керек болсо теманы ачууга жардам берүүчү тарыхый-маданий, тарыхый-адабий же башка мүнөздөгү маалыматтарды билдирүү.

Киришүүнүн төмөнкү түрлөрү болушу мүмкүн:

  1. тарыхый (доордун кыскача мүнөздөмөсү);

  2. биографиялык (кыскача биографиялык маалымкат);

  3. салыштыруучу (теманын баяндалышына киргизүү менен ар кандай авторлордун көйгөйгө карата көз караштарын, позицияларын салыштыруу);

  4. аналитикалык (теманын башкы сөзүн талдоо);

  5. философиялык (теманын түзүлүшүндөгү философилык түшүнүктү түшүнүү).


Негизги бөлүмдү жазуу


Негизги бөлүмдү жазуу процессинде төмөнкүлөр маанилүү:

  • темадан четтеп кетпөө;

  • план боюнча жазуу;

  • эссенин бөлүмдөрүнүн шайкештигин сактоо (мисалы, киришүү жана корутунду биргелешип иштин ¼ бөлүгүн ээлөөгө тийиш, эгерде идеяны далилдөө үчүн үч аргумент колдонулса, анда эссенин негизги бөлүгү болжолдуу түрдө бири-бири менен бирдей үч бөлүктөн турууга тийиш);

  • түз кайра айтып берүүдөн оолак болуу: кайра айтып берүү теманы ачууга, эссенин идеясын далилдөөгө багытталган чечмелөөсү менен болушу керек;

  • цитаталарды киргизүү (мисалы, өз оюн далидөө үчүн, туура ойду далилдөө максатында башка бирөөнүн оюн жокко чыгаруу үчүн, кимдир бирөөнүн кадыр-барктуу ою менен тааныштыруу ж.б.)


Корутунду жазуу


Корутунду чек коет, эсседен чыгарат. Корутундунун кийинки түрлөрү бар: корутунду-тыянак, корутунду-натыйжа.

Корутунду-тыянак өзүнө башкы бөлүмдүн далилдеринин негизинде пайда болгон жалпы мүнөздөгү жаңы ойду камтыйт. Корутунду-тыянак далилдердин бардык системасынын алдына чек коет жана эссенин идеясы ачылгандыгын билдирет.

Корутунду-натыйжа теманын чегинен, иштеги жазылган бардык чектен чыгат. Бул жерде тема жөнүндө, аталган чыгарма жөнүндө: жазуучунун чыгармачылыгындагы, доордун, жашоонун ж.б. адабий процессиндеги чыгармачылыктын орду жөнүндө билимди колдонсо болот.



2.2. ОКУУЧУЛАР ТААНЫШУУГА МИЛДЕТТҮҮ ТЕОРИЯЛЫК МААЛЫМАТТАР


2.2.1. Тексттин түзүлүшү деген эмне?

Тексттин түзүлүшү – бул маалыматты окуган адамга тез жана ыңгайлуу кабыл алууга мүмкүндүк берүүчү анын түзүлүшү. Түзүлүш тапшырмага жана тексттин багытына жараша болот, бирок төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт:

  • Көңүл буруучу аталыш

  • Киришүү/киришүүчү бөлүк (көйгөйдү белгилөө)

  • Негизги бөлүк (көйгөйдү чечүү, маселени ачуу)

  • Корутундулоочу бөлүк (тыянактар, аракетке чакыруу).

Киришүү жана корутунду – кандай болбосун тексттин маанилүү түзүүчүсү. Алардын негизги касиети төмөнкүлөрдө: киришүү окурмандын алдына көйгөйдү коет жана ага сөз боло турган башкы теманы/идеяны билдирет, ал эми корутунду жыйынтык чыгарат жана келечекке багыт алат.

Тексттин түзүлүшү сүйлөмгө-абзацка караганда чоң бөлүктөргө бөлүнөт.

Ар бир абзац өзүнүн микротемасына ээ жана ал аталган тексттин бөлүгүнүн башталышын байланыштыруучу ролду ойнойт. Бирок бир абзацта бир нече тема кээ бирде гана ачылышы мүмкүн.



2.2.2. Тексттин биримдиги деген эмне?

Тексттин биримдиги абзацтын биримдиги сыяктуу эле башкы идея менен аныкталат жана бүткүл текст аркылуу өтөт. Бул идея тема түрүндө киришүүдө тезистик сүйлөм менен көрсөтүлөт, андан кийин өзүнчө аспектилерге бөлүнөт жана алардын ар бирине бир абзац туура келет.

Абзацтар аспекттер логикалык ырааттуулукту түзө тургандай, окурманды корутундуда көрсөтүлгөн негизги тыянакка алып келгендей болуп тартипке келтирет. Ушундан улам текстте биринчиден, өзүнчө бир аспектте негизги идеяны колдобой турган бир да абзац жок экендигин, экинчиден абзацтын ырааттуулугу аспекттерди белгиленген тартипте түзүүчү бирдиктүү логикага баш ийет жана тиешелүү түрдө ар бир абзац үчүн текстте белгилүү бир орунду талап кылат.

Логикалык тартиптин ылайыктуу түрлөрүнүн бири болуп хронологиялык тартип, идеяларды логикалык бөлүү, себеп-натыйжалаш тартип, салыштыруу/ карама-каршы коюу саналат.

Хронологиялык тартип – бул убакыт ичинде баяндоонун тартиби, башкача айтканда окуялардын же процесстин фазаларынын ырааттуулугу.

Идеяны логикалык бөлүүдө тема бөлүктөргө бөлүнөт жана ар бир бөлүк өзүнчө талкууланат.

Себеп-натыйжалаш тартипте кандайдыр бир аракеттин, окуянын же процесстин себеби же натыйжасы талкууланат. Текстте бир эле учурда себеби да, натыйжасы да талкууланат.

Салыштыруу/карама-каршы коюу – бул эки же андан ашык көрүнүштүн же предметтин ортосундагы окшоштук жана/же айырмачылыгы талкуулануучу логикалык тартип.

Тексттин биримдиги логикалык тартип менен гана эмес туура түзүлүш менен аныкталат. Текстти бириктирүүгө мүмкүндүк берүүчү жана окурманга негизги идеяны өткөрүп жибербөөгө жардам берүүчү маанилүү тилдик каражаттар бар. Биринчи кезекте бул өтүү сигналдары (мындан тышкары, ошентсе да, биринчиден, биринчи иретте, акыры, дагы ... бирок, кантип ж.б. сыяктуу сөздөр). Башка жагынан бул негизги сөздөрдүн жана ат атоочтордун кайталанышы.


2.2.3. Абзац жана башкы сүйлөм деген эмне?

Абзац – бул бир негизги ой талкууланган өз ара байланыштуу сүйлөмдөрдүн тобу. Абзац бир же он сүйлөмдөн турушу мүмкүн. Сүйлөмдөрдүн саны маанилүү эмес; бирок ойду ачык билдирүү үчүн алар жетиштүү болушу керек.


Абзац үч элементтен турган түзүлүшкө ээ: бардык абзацтар башкы сүйлөмгө жана колдоочу сүйлөмдөргө ээ, ал эми кээ бир абзацтар корутундулоочу сүйлөмгө ээ болот.


Башкы сүйлөм абзацтын негизги оюн көрсөтөт. Ал абзацтын темасын гана эмес бир абзацта толук каралуучу теманын белгилүү бир апсекти боюнча чек коет. Бул аспектти атоочу башкы сүйлөмдүн бөлүгү контролдук ой деп аталат. Башкы сүйлөмдөр абзацта ачылуучу негизги идеяны камтыйт, ошондуктан текстте автордун оюнун ырааттуулугун көрүү үчүн абзацтардын биринчи сүйлөмдөрүн кароо жетиштүү. Текст логикалык түзүлүшкө ээ болгондуктан абзацтардын тартиби ар кандай болушу мүмкүн эмес.

Колдоочу сүйлөмдөр теманы өркүндөтөт, башкача айтканда алар кеңири маалыматты сунуштоо менен башкы сүйлөмдү түшүндүрөт же тастыктайт. Корутундулоочу сүйлөмдөр абзацтын аягын көрсөтөт жана окурманга эстеп калуу үчүн маанилүү учурларды калтырат.


2.3. ЭССЕ ЖАЗУУ КӨНДҮМДӨРҮН КАЛЫПТАНДЫРУУГА КӨМӨК КӨРСӨТҮҮЧҮ ТАПШЫРМАЛАР


2.3.1. Эссенин түзүлүшүн жана мазмунун калыптандырууну камсыз кылуучу тапшырмалардын түрү.


Эссе жазуунун алдында окуучуларды машыктыруу үчүн ар түрдүү көнүгүүлөрдү колдонуу зарыл. Ар бир көнүгүүнүн түрү үчүн адабий материал мугалим тарабынан топтолуп түзүлөт жана /же материалды топтоп түзүү тапшырма иретинде окуучулардын өзүнө берилет.

Киришүү – тапшырмада көрсөтүлгөн көйгөйдү башкача кылып өзгөртүп сүйлөө:

  • ырастоо / тапшырма / теманы аны сөзмө сөз кайталабастан башкача кылып өзгөртүп сүйлөө;

  • берилген сүйлөмдөрдүн тизмесинин ичинен силер эссени баштай турган сүйлөмдү тандагыла;

  • аталган сөздөрдү / сөз айкаштарын синонимдер менен алмаштыргыла.


Далилдөө / каршы далилдөө үчүн тапшырмалар:


  • аталган ырастоону жана айтылган сөздү окугула. Айтылган сөздөрдүн ичинен ырастоого кайсынысы “Макул”, ал эми кайсылар “Каршы” экенин аныктагыла.

  • берилген ырастоолор / тапшырмалар / тема менен макул болгула / макул болбогула, далилдерди түзгүлө жана өз оюңарды айткыла;

  • аталган сөздөрдү жана сөз айкаштарын колдонуу менен берилген ырастоого “Макул” же “Каршы” далилиңерди түзгүлө.

Логикалык негиздөө үчүн тапшырмалар жана тексттин байланышын камсыздоочу тилдик каражаттарды тандоо:


  • абзацтарды логикалык негизде ырааттуулук менен орду-ордуна коюу;

  • белгилөө үчүн колдонууга мүмкүн болгон берилген тилдик каражаттардын ичинен тандагыла: себептер жана натыйжа; жаңы маалыматты киргизүү; убактылуу мамилелештирүү жана жазуунун тартиби; салыштыруу жана карама-каршы коюу; толуктоо же тактоо; буга чейин айтылган сөздөргө карата шилтемелер, айтылганды иллюстрациялоо; жалпылоо, тыянактар ж.б.;

  • бир нече сүйлөмдү бир кылып бириктиргиле.


Жалпылоо жана корутундулоо үчүн тапшырмалар:

  • ырастоону окугула. Болгон варианттардан ага тыянакты тандагыла.

  • аталган ырастоону түшүндүргүлө;

  • берилген абзацтын негизинде тыянак чыгаргыла.

Жазуу түрүндөгү сүйлөө, сүйлөй билүүнүн татаал түрү болуп эсептелет. Эссе жазууга үйрөтүү менен төмөнкү ыктарды өнүктүрүүгө көңүл буруу зарыл: фактылардын жеке чечмеленишин берүү, өз оюн, идеяларды билдирүү, өз оюн иллюстрациялоо, далилдөө. Ошондой эле окуучуларда эссенин түзүлүшүн сактоо зарылдыгы жөнүндө түшүнүктүн болуусу зарыл жана өз оюн билдирүү үчүн ар түрдүү тилдик каражаттарды колдонуу.


Ушуга байланыштуу сабак учурунда окуучулар менен бирге текстти бирдиктүү түзүлүштөгү бүтүн кылып түзүүнүн негизги ыкмаларын кароо зарыл.
































2.3.2. Текстти бирдиктүү түзүлүштөгү бүтүн кылып түзүү көндүмүн калыптандыруучу тапшырмалардын түрү.


Окуучулардын тексттин түзүлүшү жана тексттеги байланыштын мүнөздөмөсү менен тааныштыруу. Иш жеке да, ошондой эле топтордо да аткарылышы мүмкүн.

  • Тексттин түзүмү жана байланыштын түрлөрү менен таанышкыла, эссе жазууда жетекчилик кылуу үчүн негизги эрежелерди түзгүлө.


  • Тексттеги киришүү жана корутундуну тапкыла, аларды К тамгалары менен белгилегиле жана аларды тексттин аталган бөлүмдөрүнүн алдына койгула. Калган абзацтарды башкы (биринчи) сүйлөмдөрдүн негизинде тартипке келтиргиле жана аларга ар бир абзацтын алдына номер койгула.


  • Автор кандай логикалык тартипти колдонууда? Текстте кайталануучу негизги сөздөрдү белгилегиле жана тексттин башкы идеясын түзгүлө (Аталган тапшырма бир эле учурда тексттин түзүлүшүн түзүүчү бир нече маанилүү түшүнүктөргө тиешелүү: киришүү, корутунду, абзац жана баш сүйлөм. Мындан тышкары, тексттин логикалык тартиби жана негизги идеяны белгилөө козголот).


  • Силердин алдыңарда бир катар сүйлөмдөр турат. Алардан башкы деп эсептеле турганын аныктагыла. Башкы сүйлөмдөрдө теманы жана контролдук ойду белгилегиле.


  • Башкы сүйлөмдөр менен тексттин логикасын калыбына келтирсе болот. Текстти толугу менен окубастан башкы сүйлөмдөрдү туура логикалык тартипте жайгаштыргыла.


  • Тексттеги абзацтын биринчи сүйлөмдөрүн окугула (б.а. башкыдан бөлүнүп алынгандан кийинки экинчилер) жана башкы сүйлөмдөрдөн алардын негизги айырмачылыгын аныктагыла.


  • Башкы сүйлөмдөрдүн астын сызуу менен текстти абзацтарга бөлгүлө. Башкы сүйлөмдөрдөгү теманы жана контролдук ойду белгилегиле. Ар бир абзацтын негизги оюн белгилегиле. Автор кандай логикалык тартипти колдонууда? Тексттин түзүлүшү канчалык туура?


  • Киришүүнү көңүл коюп, кайрадан окугула. Киришүүдөгү көйгөй менен тааныштыруучу тексттин бөлүгүнүн астын толкундуу сызык менен сызгыла жана түз сызык менен – тезистик ырастоону сызгыла. Корутундудагы негизги тыянактын астын сызгыла. Киришүү жана корутунду тексттин идеясы менен кандай байланышта экенин талдагыла.


  • Текстке карата жетишпеген киришүү жана корутундуну жазгыла.


  • Эссени окугула (бул кесипкөй автор тарабанын же буга чейин окуучулардын бири жазган текст болушу мүмкүн). Көнүгүүлөрдү аткаргыла: Бул эсседеги салыштырылуучу объекттерди атагыла. Автор колдонуучу салыштыруу ыкмасын аныктагыла. Бул эссенин көйгөйлүү бөлүгүн жазгыла. Тексттеги ырастоонун астын сызгыла. Бул ырастоо корутундуда кайталанып жатабы? Эгерде кайталанса, анда корутундуда да астын сызгыла.


  • Көбүнчө эссе-баян хронологиялык принцип боюнча түзүлөт. Биринчи болгон окуя киришүүдө сүрөттөлөт, андан кийинки окуялар негизги бөлүктө чагылдырылат жана окуя толугу менен корутундуда аяктайт. Окурман силердин текстти жеңилирээк түшүнүү үчүн атайын тексттик байланыштыруу каражаттарын колдонуу керек. Сөздөрдүн жана билдирүүлөрдүн тизмесин толуктоого аракет кылып көргүлө:


Хронологиялык тартиптин көрсөткүчтөрү

Маалыматты кошуу

Мурунку менен кийинки маалыматтын байланышы

Биринчиден, экинчиден...

Ошондой эле

Ушул сыяктуу

Андан кийин

Ошол эле учурда

Ылайык, жараша, карата

Кийинчерээк

Ошону менен бирге

Мен буга чейин айткандай

Акыры

Мындан тышкары

Жогоруда сүрөттөлгөндөй

(мурда)

Бир убакта

Айтмакчы

Соңку (андан кийинки)




















  • Маалыматтын бөлүктөрүн салыштыруу үчүн кандай тилдик каражаттар колдонулууда? Таблицаны өз мисалдарыңар менен толуктагыла.


Байланыш каражаттары

Мисал

Ошондой эле

Сиз деңиздин жээгинде сонун эс алсаңыз болот. Ошондой эле өргүүңүздү дачада, токойдогу көлдүн жээгинде сонун өткөрсөңүз болот.

Так ошондой, сыяктуу

Биздин маданият жана эс алуу Паркыбызда заманбап аттракциондор бар. Ал жерде убакытты кызыктуу өткөрсө болот: чоң карусельдерге, «америкалык горкага» түшүп, коркунучтар үңкүрүндө коркунучтарды көрүү. Бардыгы чет өлкөдөгү оюн-зоок борборлорундагы сыяктуу.

Дал ошондой


Ушундай эле жол менен


Окшош


Ушул сыяктуу



  • Маалыматтын бөлүктөрүн карама-каршы коюу үчүн кандай тилдик каражаттар колдонулууда? Таблицаны өз мисалдарыңар менен толуктагыла.


Байланыш каражаттары

Мисал

Бир жактан..., экинчи жактан

Бир жактан, биздин климат адамдын ден соолугуна абдан зыян. Экинчи жактан шаарда сонун догдурлар жана заманбап клиникалар бар.

Бирок

Эгерде сиз шаардын сыртында жашасаңыз сиз жумушка көп убакытта жетүүгө туура келет. Бирок жумуштан келе жатканда таза аба менен дем алып, өз үйүңүзгө жана сергек жашоо мүмкүнчүлүгүнө кубанасыз.

Ошентсе да

Акыркы жылдары Бишкекте жакшы заманбап жолдор пайда болду, ошентсе да башка жерлердеги жолдор мурдагыдай эле оңдоого муктаж.

Ага карама-каршы


Тескерисинче


Каршы


Гана эмес.., бирок



  • Төмөндө көрсөтүлгөн себеп-натыйжалаш эсседе колдонулуучу байланыш каражаттары менен таанышкыла жана өз мисалдарыңар менен таблицаны кошумчалагыла.


Себепти көрсөтүүчү байланыш каражаттары


Себептен (эмне үчүн (себептен)

Шаардын юбилейи жакындоодо. Ошол себептен жолдор оңдолууда, имараттарды кайрадан сырдоодо, коомдук транспорт паркы жаңыланууда.

Аркылуу

(эмне)

Имаратты калыбына келтирүү көптөгөн демөөрчүлөрдүн жардамы аркылуу жасалды.

Байланыштуу (эмне менен)

Ар жай сайын шаардын тургундары бир айга ысык суусуз калууда. Администрация мындай ыңгайсыздык суу менен камсыз кылуу системасын чыңоого карата көрүлгөн чараларга байланыштуу болбой койбос деп түшүндүрүүдө.

Улам (эмне себептен)


Себеби боюнча (эмне)


Натыйжасында (эмне)


Андыктан


Ошондуктан


Болушу керек,


Демек,


Жыйынтыгы болуп, эмне...


Мыйзам ченемдүү натыйжасы болуп...

Кайсы болбосун шаардагы экологиялык абал дурус эмес. Аба булганган, жашыл бактарды отургузуу жетишсиз, машиналардын саны абдан көп, кээ бирде булардын баарына фабрика жана заводдордон чыккан зыян заттар кошулууда. Мыйзам ченемдүү натыйжасы болуп көптөгөн шаар тургундарында пайда болгон аллергия эсептелет.

Натыйжасы катары — ...


Ошентип,


Ушундай,


Анын баары (эмнеге) алып келет



  • Төмөндө жазылган маалыматты силердин варианттарыңарда ар кандай байланыш каражаттары колдонулгандай кылып бергиле.

  • Төмөндө берилген сөз айкаштарынын кайсынысын колдонууга болбоорун аныктаганга аракет кылгыла.

  • Сөздүк каталарды тапкыла жана кийинки сүйлөмдөрдүн туура вариантын сунуштагыла.

  • Төмөнкү түзүлгөн суроолордун ар бирине үчтөн кем эмес ар түрдүү жооп сунуштоого аракет кылгыла.

  • Төмөнкү берилген тексттин сабатсыз фрагменттерин оңдоого аракет кылгыла: тиешелүү этишти же башка сөздөрдү киргизүү аркылуу сызыкча жана кош чекиттерди алып салгыла, текст ачык-айкындыкка ээ болгондой кылып субъекттерди жана этиштерди калыбына келтиргиле, аралашып калган бөлүктөрдү ордуна койгула жана бузулган ээрчишүүнү оңдогула. Бул циататаларды сабаттуу жана түшүнүктүү кылып кайра жазгыла.


Ошондой эле, окуучуларга даярдоочу/машыктыруучу тапшырма катары чыгармачылык тапшырма менен жат жазуу сунушталышы мүмкүн.

Чыгармачылык тапшырма тексттин көйгөйү менен байланыштуу суроо түрүндө түзүлөт. Коюлган көйгөйгө карата комментарий берүүгө жана өз позициясын далилдөөгө багыттайт. Угулган текст далидөөчү эссе жазууга карата стимул катары каралат.

Окуучулар ар бир микротеманын да, жалпы тексттин да негизги мазмунун берүү менен кыскартылган жат жазууну жазуусу керек.

Кыскартылган жат жазуу олуттуу маалыматты тандоо, тексттеги негизги микротемаларды бөлүү, баштапкы тексттин мазмунун жалпылоо көндүмдөрүн талап кылат. Текстти кыска жазуу менен окуучулар коммуникативдик маалыматты иштеп чыгууга: негизги микротемаларды сактоо менен майда-чүйдө нерселерди алып таштоо жана бир түрдүү көрүнүштөрдү жалпылоого байланыштуу жөндөмдөрдү көрсөтө алышат.

Чыгармачылык тапшырманы жазуу төмөнкү тапшырмалардын түрлөрү менен коштолот:


  • Текстти бөлүктөргө бөлгүлө;

  • Маанисин өзгөртүүгө жана аны түшүнбөй калууга алып келүүчү сүйлөмдөрдүн астын сызгыла; анчалык маанилүү эмес жана алар жок болсо тексттин маанисин түшүнүүгө таасирин тийгизбей турган материалдарды ылдый түшүргүлө; керек болгон учурда кээ бир сүйлөмдөрдү кайрадан түзгүлө; бир нече сүйлөмдөн бир сүйлөм түзгүлө (б.а. текстти кыскарткыла).

  • Текстти кыскартуунун ыкмаларын эстегиле:


  1. майда-чүйдө нерселерди алып салуу;

  2. конкреттүү, айрым көрүнүштөрдү жалпылоо;

  3. алып салуу жана жалпылоону айкалыштыруу.


  • Текстти кыскартуу үчүн колдонулуучу ыкмаларды колдонгула:


  1. сүйлөмдүн кээ бир мүчөлөрүн алып салуу, сүйлөмдүн кээ бир бир түрдүү мүчөлөрүн; өтө маанилүү эмес бөлүгүнүн эсебинен татаал сүйлөмдү кыскартуу;

  2. экинчи даражадагы фактыларды камтыган сүйлөмдөрдү, сүрөттөө жана ой-жүгүртүүсү менен сүйлөмдөрдү өткөрүп жиберүү.

  3. бир түрдүү мүчөлөрдү жалпылоочу сөз менен алмаштыруу;

  4. түз сүйлөөнү кыйыр сүйлөө менен алмаштыруу;

  5. татаал сүйлөмдү кыскартылган жөнөкөй сүйлөмдөргө бөлүү;

  6. сүйлөмдү же анын бир бөлүгүн шилтеме ат атооч менен алмаштыргыла;

  7. семантикалык окшош жөнөкөй сүйлөмдөрдү бириктирүү менен татаал сүйлөмдү түзүү.










3-бөлүм. ЭССЕНИ БААЛОО КРИТЕРИЙЛЕРИ



Эссени баалоо үчүн критерийлердин комплекси колдонулат.

Эссе-баяндын мазмунун баалоо критерийлери

Критерийлер

Балдардын саны

  1. Тексттин тематикалык биримдиги (сүйлөмдүн бардык мазмуну баяндын тамасына ылайык келүүсү, окурмандын көңүлүн башка жакка бурбоочу сүйлөмдөрдүн жоктугу)

1

  1. Маанилик биримдиги (бул текст кандай максатта жазылганын түшүнүктүү кылуу менен тексттин мааниси так берилет)

3

  1. Баяндын кеңдиги (автор кайда, качан, ким менен окуянын жүрүшүн элестетүүгө жардам берет, текстте болуп жаткан нерсени “көрүүгө” жардам берген фразалар бар)

3

  1. Композициялык жыйынтык (текстте кириш сөз, негизги бөлүм, жыйынтык камтылып, алар бир бүтүмдү түзүшөт)

1

Жыйынтыгы

10 балл



Эссе-сүрөттөмөнүн мазмунун баалоо критерийлери

Критерийлер

Балдардын саны

Эссе-сүрөттөмөнүн негизги структуралык түзүлүштөрүн берүүнүн толуктугу (текстте жалпы таасир белгиленген, анын белгилери, мүнөздөмөсү, баалоо)

4

Эссенин мазмундук бүтүмдүгү: бардык структуралык түзүмдөрү бир темага камтылган

3

Образдуулук, тилдин ачык-айкындуулугу (сүрөттөмө-текстти жазууда салыштырмалар, ассоцияциялар, метафоралар, эпитеттер колдонулат)

3

Жыйынтыгы

10 балл



Далилдөөчү ээсенин мазмунун баалоо критерийлери

Критерийлер

Баллдардын саны

Далилдөөчү эссенин композициялык жыйынтыгы (текстте далилдөөнүн бардык компоненттери камтылган)

3

Берилген позициянын кеңдиги жана бүтүндүгү

  1. Берилген тезистин жана далилдин бири бирине дал келүүсү.

  2. Автордун позициясы толук жана кеңейтилип берилген.

  3. Далилдер такталган булактардан алынган жана ишеништүү (эссенин темасына дал келген далилдин (-дердин) көркөм чыгармадан болушу, автордун позициясын тактаган далилдин (-дердин) ар кандай булактардан болушу, автордун жеке позициясынын болушу).

  4. Далилдер мисалдарга таянат.

  5. Цитаталар киргизилген.

  6. Теманы ачууга багытталган тексттин керектүү бөлүгүн кошумча түшүндүрмө менен кайра айтып берүү.

7

Жыйынтыгы

10 балл



Эссенин сабаттуулугун жана фактту тактыгын баалоо критерийлери

Критерийлер

Сүрөттөмө

Баллдар

Орфография 3 балл

Орфографиялык каталар жок, же 1 одоно эмес ката кетирилген

3

1-2 ката кетирилген

2

3-5 ката кетирилген

1

5тен жогору ката кетирилген

0

Пунктуация 3 балл

пунктуациялык каталар жок же 1 одоно ката кетирилген

3

2-3 ката кетирилген

2

4-5 ката кетирилген

1

5тен жогору ката кетирилген

0

Грамматикалык нормалардын сакталышы 2 балл

грамматикалык каталар жок же 1 ката кетирилген

2

2-3 ката кетирилген

1

4төн жогору ката кетирилген

0

Сүйлөө жана стилистикалык нормалардын сакталышы 2 балл

Сүйлөө жана стилистикалык каталар жок же 1 ката кетирилген

2

2-3 ката кетирилген

1

3төн жогору ката кетирилген

0


Максималдуу балл

10



Ар түрдү эссени объективдүү баалоо максатында төмөнкү жалпы критерийлерди колдонууга болот:

Критерийлер

Сүрөттөмө

Баллдар

Теманын ачылышынын тереңдиги жана ишенимдүү ой-пикири 2 балл

Берилген темага ынандыруучу ой-жүгүртүүлөр

1

Эссе темага дал келбейт

0

Көйгөйлөрдү бөлүп чыгаруу

1

Эсседеги көйгөйлөр ачылган эмес же туура эмес чагылдырылган

0

Далилдөө 3 балл

Эссенин темасына ылайык келген көркөм чыгармадан келип чыккан далилдер

1

Көркөм чыгармадан келип чыккан далилдердин жоктугу

0

Автордун позициясын далилдеген башка булактардан далилдер

1

Автордун позициясын далилдеген башка булактардагы далилдердин жоктугу

0

Автордун жеке позициясынын бар болушу

1

Автордун жеке позициясынын жоктугу

0

Композициялык бүтүмдүк жана логикага негизделүү

3 балл

Композициялык бүтүмдүктүн болушу, айтылган нерселердин бөлүктөрү логикалык негизде байланыштуу, ой ырааттуу түрдө өнүгүүдө

1

Тезистик бөлүктүн жоктугу

0

Ички логиканын болушу, жекеден жалпыга өтүү жөндөмү, жалпыдан жекеге өтүү.

1

Логикалык бузуулар түшүнүүгө тоскоол болууда

0

Оригиналдуулук (кызыктуу байланыштар, сюжеттин күтүүсүз бурулуусу)

1

Чыгармачыл ыкма көрсөтүлгөн эмес

0

Тил маданияты 2 балл

Көркөм-сүрөт каражаттарын жана стилистикалык фигураларды колдонуу, лексиканын байлыгы

1

Сүйлөө түзүлүшүнүн грамматикалык бир түрдүүлүгү

0

Сүйлөөнүн жандуулугу, эмоциялуулугу

1

Бир типтүү лексика, ар кандай көркөм ыкмалардын жоктогу

0


Баллдардын максималдуу саны

10



Баллдарды баага которуу шкаласы

Баллдар

Баа

9-10

5

7-8

4

4-6

3

0-3

2













ОКУУЧУЛАРГА ЭСКЕРТМЕ:

Эссени жазуу алгоритми

  • Эссени жазууга сунушталган бардык темаларды (ой-пикирлерди) көңүл коюу менен окугула;

  • Бир нече талаптарга жооп бергенин тандап алгыла: а) силерге кызыктуу; б) силер бул ой-пикирдин маанисин түшүнүп билесиңер; в) бул тема боюнча силер айта аласыңар (терминдерди билесиңер, мисалдарды келтире аласыңар, жеке тажрыйбаңар бар ж.б.);

  • Ой-пикирдин башкы маанисин аныктап алгыла (ал эмне жөнүндө?), ал үчүн өзгөртүп сүйлөө ыкмасын колдонгула (ошону эле өзүңөрдүн сөзүңөр менен айткыла);

  • Бул ой-пикирге далилдерди “макул” жана/же “каршы” кылып аныктагыла (эгерде силер тема катары алынган ой-пикирге далилдерден “макул”, жана “каршы” экенин аныктап алсаңар, силердин эссе полемикалык мүнөздө болот);

  • Ар бир далил үчүн мисалдарды, фактыларды, адабияттан жана/же турмуштан, жеке тажрыйбадан ж.б. алынган жагдайды тандап алгыла;

  • Иштелген далилдерди кайрадан карап чыккыла: предмет боюнча силер өзүңөрдүн билимиңерди колдондуңарбы (терминдер, адабий жана коомдук турмуштан алынган фактылар ж.б.);

  • Ойлонгула, эссеңердин тилин кызыктуу жана жандуу кылуу үчүн кандай адабий ыкмаларды колдонууга болот (салыштырмалар, окшоштуктар, эпитеттер ж.б.);

  • Кенен далилдерди жана/же каршы далилдерди ирети менен бөлүштүргүлө (бул силердин болжолдуу планыңар болот);

  • Ой-жүгүртүүнү айтуу үчүн, чыгып сүйлөөнү даярдагыла (анда силер бул теманы эмнеге тандаганыңарды жазсаңар болот, цитатанын авторуна өзүңөрдүн сурооңорду берсеңер болот ж.б.);

  • Өзүңөрдүн көз карашыңарды тандап алган иретте баяндагыла;

  • Иштин жалпы жыйынтыгын түзгүлө, эгер керек болсо аны оңдоп чыккыла.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!