СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

КРнын символдору

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

интернет булагы

Просмотр содержимого документа
«КРнын символдору»

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу

Туу Кыргызстан Республикасынын Жогорку Советинин

1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген.

Авторлук жамаат:Э. Айдарбеков, Б. Жайчыбеков,

С. Иптаров, Ж. Матаев, М. Сыдыков.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын, күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурчтуу кызыл кездемеден жасалган. Туунун эни анын узундугунун бештен үчүн түзөт. Нурлуу алкактын диаметри туунун энинин бештен үчүн түзөт. Күндүн жана нурлуу алкак диаметрлеринин катышы - бештен үчкө барабар. Түндүктүн диаметри нурлуу алкактын диаметринин жарымына барабар.







Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

Герб Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

1994-жылдын 14-январындагы токтому менен бекитилген.

Автор: А. Абдраев и С. Дубанаев.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби ак кырбууланган көк түстөгү тегеректин ортосундагы канатын жайган ак шумкардын сүрөтүнөн, көлдүн нары жагында жайгашкан Ала-Тоо тоо кыркаларынан жана алтын нурун чачыратып чыгып келе жаткан күндөн, тегеректин эки капталынан орун алган пахтанын жана буудайдын сабындагы башынын сүрөтүнөн, тегеректин жогорку бөлүгүндө орун алган "Кыргыз" жана тегеректин төмөнкү бөлүгүнөн орун алган "Республикасы" деген жазуудан турат.







Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимни

Ак мөңгүлүү  аска-зоолор, талаалар,

Элибиздин жаны менен барабар.

Сансыз кылым Ала-Тоосун мекендеп,

Сактап келди биздин ата-бабалар.

Кайырма:

Алгалай бер, кыргыз эл,

Азаттыктын жолунда.

Өркүндөй бер, өсө бер,

Өз тагдырың  колуңда.

Байыртадан бүткөн мүнөз элиме,

Досторуна даяр дилин берүүгө.

Бул ынтымак эл бирдигин ширетип,

Бейкуттукту берет кыргыз жерине.

Кайырма:

Алгалай бер, кыргыз эл,

Азаттыктын жолунда.

Өркүндөй бер, өсө бер,

Өз тагдырың  колуңда.

Аткарылып элдин үмүт, тилеги,

Желбиреди эркиндиктин желеги.

Бизге жеткен ата-салтын, мурасын,

Ыйык сактап урпактарга берели.

Кайырма:

Алгалай бер, кыргыз эл,

Азаттыктын жолунда.

Өркүндөй бер, өсө бер,

Өз тагдырың  колуңда.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил гимни

Сөзү: Сейит Алтымышовдуку,

Музыкасы: Бакыт Алишеровдуку

Тил жаралып Көкө-Теңир таңынан, Адамзаттын дөөлөтүнө буйруган. Адам деген түп сөзүнөн элимдин, Кыргыз тили ай-ааламга жаңырган.

Кайырма: Кыргыз тили - жүрөгүм, Манас ата туу туткан. Кыргыз тили - Мекеним, Менин өлкөм Кыргызстан!

Мекен тили Ата журттун кареги, Биримдиги, күч-кубаты тиреги. Мекен тили куттуу кыргыз элимдин, Көкүрөктө согуп турган жүрөгү.

Кайырма: Кыргыз тили - жүрөгүм, Манас ата туу туткан. Кыргыз тили - Мекеним, Менин өлкөм Кыргызстан!

Мекен тилин ыйык тутуп сактайлы, Мекен тили бак-таалайдын кутманы. Мекен тили кан жаныбыз, туубуз, Ата журттун келечеги, ак таңы.

Кайырма: Кыргыз тили - жүрөгүм, Манас ата туу туткан. Кыргыз тили - Мекеним, Менин өлкөм Кыргызстан!


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!