СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Иш жыйынтыгымдын отчету

Нажмите, чтобы узнать подробности

жалпы мугалимдердин иштери

Просмотр содержимого документа
«Иш жыйынтыгымдын отчету»

Бишкек шаарындагы №42 жалпы орто билим берүүчү мектебинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча аткарылган иш пландарынын 1-жарым жылдык жыйынтык отчёту



2019-жыл Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынгандыгына 30 жыл белгилөө менен башталды. Сентябрь айында мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча кыргыз тили жана адабияты усулдук бирикмеси иштин башын мектеп ичиндеги көрнөк жарнактарды жаңыртып, дубалдарга мамлекеттик тилге карата айтылган ар кандай учкул сөздөрдү жаңылоо менен баштады

Мамлекеттик тил күнүнө арналган улуттук филармониянын алдында өткөрүлгөн көргөзмөгө окуучулардын Ч.Айтматовдун чыгармаларынан алынып, колго жасалган, тартылган сүрөттөрүн жана иш чаралардагы сүрөттөрүнөн алып көргөзмөгө илдик.

1-сентябрь билим күнү! Президенттин буйругу менен “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы” деп жарыяланган . Бардык класстарга кыргыз, орус тилинде класстык сааттар өтүлдү.

9-сентябрь комуз күнүнө арналган иш чара жана класстык сааттар өтүлдү. Атайын окуучулар үчүн жыйын пландаштырылып, комуз черткен окуучулардын коштоосунда кыргыздын эң негизги бирден-бир аспабы “Комуз” жөнундө баяндар, уламыштар айтылып комуз күнү белгиленди.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил макамынын 30 жылдыгына арналган атайын концерттик программа 23-сентябрда өткөрүлдү. Ар бир класста класстык бурчтар уюштурулду. Мамлекеттик тил мугалимдери тарабынан мектептин тегерегиндеги айрым көчөлөргө окуучулар жүрүшкө чыгышты. Мугалимдер жалпы активдүү катышышты. Айрым класстар эне тилге арналган акын жазуучулардын ырларын көркөм окуп мамлекетибизди тили ар бир окуучунун жүрөгүндө сакталып турары жана кеңири жайылтууга окуучулардын салымы негизги орунда турары айтылды жана дубал-гезиттери илинди.

“Кыргыз тили кылымдарды карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан” аттуу мыкты видеоролик кароо-сынагынан сүрөттөр (район ичинде)

Атайын башкармалыктан келген Мамлекттик тил күнүнө арналган буйруктар, кароо сынактар да өз убагы менен аткарылып жатат. Октябрь айында “Кыргыз акын-жазуучулардын чыгармаларынан сюжеттүү сүрөттөр” кароо-сынагы мектеп ичинде 1-7-класстар аралыгында Н.А. Абдразакова жана Н.К. Таштакеева мамлекеттик тил мугалимдеринин көзөмөлүндө өткөрүлдү.



Билим берүү башкармалыктан “Тил келечеги улуу муундардын чыгармаларында” изилдөө долбоору жарыяланган. Мектептен Б.К.Алияскаровага жүктөлүп жогорку деңгээлде 11-е классынын окуучусу даярдаган, райондон III орунга ээ болду.

Ленин районунун мектептеринде окуган 8-11-класстарынын арасында “Китеп-билим булагы” аттуу сынакка мектептен 12 окуучу катышты, анын ичинен бир окуучунун дил баяны канааттандыраарлык деп бааланган.

Ноябрь айында кыргыз тили жана адабияты усулдук бирикмесинин жумалыгы өттү. Жумалыкты өткөрүүнүн негизги максаты: мугалимдер бири-бири менен тажырыйба алмашуу жана окуучуларга өтүлүп жаткан сабактын темасына байланыштырып кыргыздын каада-салтын, маданиятын, руханий баалуулуктарын, ыр-бийлерин байланыштырып кеңири жайылтуу болуп саналат. Бул жумалыкта мамлекеттик тилге өзгөчө басым коюлуп мамлекеттин гимни, мам.тил гимни ырдалып улуу акын-жазуучулардын кылым карыткан ыр саптары жаңырып, салтанаттуу кечелер, стандарттык эмес сабактар өтүлдү.



Мамлекеттик тил комиссиясынын буйругу менен ноябрь айында “Бөбөк сенин жомогуң” кароо-сынагынын бир айлыгы жарыяланып мектеп ичинде окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн башталгыч класстарында өткөрүлдү. Ага ата-энелер да активдүү катышып, жыйын залында өтүлдү.”Карышкыр, түлкү жана короз”жомогу мамлекеттик тил мугалими Абдумомунова Мээлкан Жапаровна тарабынан даярдалды. Атайын колго тартылган сүрөттөр, жомоктордогу каармандар түшүрүлгөн саймалар жана атайын балдарга кийимдерди алып келип, эң жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Балдар үчүн китеп көргөзмөсү уюштурулду. Орус улутундагы балдар кыргыздын калпагын, сайма чапанын кийип аксакал карыянын образын жаратты. Токойдун элесин бериш үчүн желим балатылар орнотулдулду.

Мамлекттик тилдин 30 жылдыгына карата жана “Манас” күнүнө карата улуу манасчылардын таймашы өттү. Ага 8-класстын окуучусу Мансур уулу Жалилди Ниязалиева Э.Ш. даярдап, манасчылардын катарын толуктады.

Декабрь айында Манас күнү менен удаалаш Ч.Айтматовдун туулган күнүн ар бир кыргыз тил мугалимдери эскерүү менен өтүлүп залкар жазуучунун чыгармаларынын негизинде реферат, эссе, дил баяндар жазылды. Атайын сабакттар, класстык сааттар өтүлдү.

Жыл мамлекеттик тилдин 30 жылдыгын жыйынтыктоо менен аякталды.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү ар бир мамлекеттик тил мугалимдеринин милдети. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү мектептен башталат. 2019-окуу жылы жакшы өнүгүүлөр, жетишкендиктер менен аяктады. 2020-жыл дагы ийгиликтүү жыл болсун.















Мам. тил боюнча директордун орун басары: Өмүралиева Ж.Т.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!