СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

7-класстар учун Чейректик тест

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«7-класстар учун Чейректик тест»

Мектеби: __________________________________________________________

Окуучунун аты-жөнү:________________________________________________



1.”Биз жаратылыштан ырайым күтүп отура албайбыз, биздин максат – аны багынтып, тартып алуу”,- деп ким айткан?

А)Кожожаш

Б)Мичурин И.В.

В) Тумаш мерген

2. «Кожожаш» эпосунда Кожожаш мергендин кайберендерди атканы келгендигин Алабашка ким кабарлайт?

А)башка мергенчилер б)Кожожаштын атасы Карыпбай

В)Кожожаштын аялы Зулайка г)Сур эчкинин эки улагы

3. «Эр табылды» эпосундакыргыздын жылкысын тийип кеткендиги ж.дө Табылдыга ким кабарлайт?

А)Табылдынын эмчектеш досу Элдияр

Б)Табылдынын дагы бир ДОСу Эрмек

В)Табылдынын аталаш тууганы КудайназарГ)Чалкалмактын өзү

4.Токтогул санат,насыят ырында эр жигитти кандай адам болууга чакырат?

А)жоокер болууга б)ач көз, соодагер болууга

В)адам бетин тик карабаган жалтак болууга

г)эринбей иштеген эмгекчил болууга

5.Жеңижок менен болгон айтышта «дарактын мөмөсү, арактын шишеси,санаттын сабагы,жылкынын асылы» -деп Эсенаман кимди айтат?

А)Калыгулду б)Арстанбекти в)Токтогулду г)Эсенаман өзүн -өзү

д) Жеңижокту

6.Молдо Кылычтын «Чүй баяны» поэмасы кандай окуяларды сүрөттөө менен башталат?

А)өткөн кылымдагы Кокон бийлигинин учурундагы окуяларды сүрөттөө менен

Б)тээ байыркы турмушту сүрөттөө менен

В)Октябрь революциясына байланыштуу окуяларды сүрөттөө менен

Г)орустардын келүүсу менен өзгөргөн кылым башындагы окуяларды сүрөттөө менен

7.Калык Акы уулунун «Баскан жол» деген китебинде окуялар кандай ыкмада баяндалып берилип жана кимдин өмүр тагдыры сүрөттөлгөн?

А) жалаң кара сөз түрүндө: Токтогулдун өмүр тагдыры

Б)жалаң ыр түрүндө; Тоголок Молдонун өмүр тагдыры

В)сахналык чыгарма түрундө;Осмонкулдун өмүр тагдыры

Г)ыр жана кара соз түрүндө; Калыктын өзүнүн өмүр тагдыры жөнүндө

8.Калык Акы уулунун «Баскан жол» деген китеби жанрдык жактан кандай чыгарма болуп эсептелинет?

А)тарыхый б) фантастикалык в)лирикалык г)мемуардык

9. «Бир тыйынга экиден

Алмалардын сарысы.

Арабада кону,

Алты тыйын, беш тыйын

Дарбызынын жоону» -делип Молдо Кылычтын «Чүй баяны» поэмасында кайсы мезгилдеги, кайсы шаардын базары сүрөттөлүп жатат?

А)өткөн кылымдагы Кокон базары

б)өткөн кылымдын соңундагы Анжиян базары

в)үстүбүздөгү кылымдын башындагы Токмок шаары

г)элүүнчү жылдардагы Фрунзе базары

10. «Эр Табылды» жанрдык жактан кандай эпос?

А)баатырдык б)турмуш-тиричиликтик

в)лиро-эпикалык г) архаикалык

11.Кыргыз тилинде китеп болуп чыккан биринчи көркөм чыгарма?

А)”Кысаи-зилзала” Б)”Шаңдан жүрөк” В) “Алиппе”

12.Мемуардык чыгарма деген эмне?

А) эскерүү деген мааниде

Б)ойдон чыгарылган чыгармалар

В)фантазиялуу, кереметтүү

13.Коргол Досу уулу. “Токтогулдун баласынын өлгөнүн угузганы. (Баласынын аты)

А) Топчубай Б) Бабажан В) Тотуя

14. Мейизден жеген жем болуп

Аттардын качып ашканы

Алты адыр, бел болуп

Аябай чуркап жаныбар

Калган экен тер болуп. (Сөз кайсыл жаныбар жөнүндө?)

А)Аккула Б) Сурэчки В ) Арчатору





1.“Эрте келген турналар” повестинде Иңкамал апай кайсы сабакты окутат? *

1 балл

А) башталгыч классты

Б) географияны

В) тарыхты

Г) сүрөт сабагын

2Аалы өтүк ултарганды, сөөктөн топчу жасаганды кимден үйрөнөт? *

1 балл

А) энеси Уулбаладан

Б) Урак дубанадан

В) эжеси Батмадан

Г) жездесинен

3Борукчуну боздоткон ким? *

1 балл

А) Көкүмбай

Б) Курман

В) Мырзабек болуш

Г) Куйручук

4.Чыгарманын жалпы курулушу, анын бир бөлүктөрүнүн өз ордунда туура жайгаштырылышы эмне деп аталат? *

1 балл

А) сюжет

Б) композиция

В) лирикалык чегинүү

Г) окуянын чиелениши

5.А.Токомбаев кимдин жараланган жүрөгү жөнүндө чыгарма жазган? *

1 балл

А) өзүнүн

Б) Айшанын

В) Табылдынын

Г) Бектургандын

6.Куйручуктун образы кайсы чыгармада реалдуу чагылдырылган? *

1 балл

А) “Атанын тагдыры”

Б) “Акылмандын жообу”

В) “Акылман куудул”

Г) “Ким болду экен?”

7.“Жараланган жүрөк” повестиндеги Бөкөнчү: *

1 балл

А) боорукер, ак көңүл

Б) Айшага жардам берген

В) байлыгына чиренген, мерез, таш боор

Г) Ысаны өлтүргөн

8.1904-жылы кемин районунда туулган акын, жазуучу: *

1 балл

А) Ж.Бөкөнбаев

Б) А.Токомбаев

В) К.Акиев

Г) Ж.Турусбеков

9.Айша кайсы чыгарманын каарманы? *

1 балл

А) “Керээз”

Б) “Бизден мурда өткөндөр”

В) “Жараланган жүрөк”

Г) “Уялам”

10.Ак –Сай десанттарынын жана аттарынын саны *

1 балл

А) беш бала, беш ат

Б) беш бала, он ат

В) төрт бала, он беш ат

Г) беш бала, жыйырма ат

11.“Ачарчылыктын тырмагына илинген биз сыяктуу шордуулар го”-деп арстандай жүрөгүн ачкачылык талыткан каарман: *

1 балл

А) Токтогул

Б) Бектурган

В) Өмүрбек

Г) Метрей

12.“Акылман куудул” деген чыгармасында жазуучу Т.Сыдыкбеков чыныгы турмуштагы кимдин образын жазган? *

1 балл

А) Мидиндин

Б) Шаршендин

В) Куйручуктун

Г) Кудайбергендин

13.А.Токомбаевдин алгачкы “Эркин Тоо” газетасына басылып чыккан чыгармасы кайсы? *

1 балл

А) “Өз көзүм менен” поэмасы

Б) “Өктөбүрдүн келген кези”

В) “Таң алдында” ыр түрүндөгү романы

Г) “Күүнүн сыры” аңгемеси

14.“Бул үй эмес, мүрзө тура? Бул отургандар тирүү адам эмес, арбак турбайбы? Тирүү кыйналган ач арбактарга жардам кылбайбы?-деп ким айтып жатат? *

1 балл

А) Ысман

Б) Өмүрбек

В) Айша

Г) Бектурган

15.Чабдар кимдин аты? *

1 балл

А) Чалкалмактын

Б) Эр Табылдынын

В) Султанмураттын

Г) Куйручуктун

16.“Эрте келген турналар” повестинде кайсы мезгилдеги окуялар сүрөттөлөт? *

1 балл

А) 1920-жылдардагы турмуш

Б) 1916-жылдагы үркүн

В) согуш мезгилиндеги айыл турмушу

Г) согуштан кийинки калыбына келтирүү учуру

17.“Жараланган жүрөк” повестиндеги өз баласын асырай албай жарык дүйнө менен коштошкон каарман ким? *

1 балл

А) Гүланда

Б) Айша

В) Алиман

Г) белгисиз аял

18. Ч.Айтматовдун “Балалыгым” чыгармасы кыргыз тилинде качан жарык көрдү?

А) 2011-ж

Б)2002-ж

В)2003-ж

Жооптор таблицасы:

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

16

17

18




















3-чейреги учун тесттик тапшырмалар.

Окуучунун аты-жөнү:________________________________________

1..Дартка чалдыккан акындын абалы жана чыгармачылык менен өлүм жөнүндө А.Осмонов кайсы чыгармасында баяндайт?

А)”Кыргыз тоолору” б) “Ата Журт” в) “Оорулуу акын”


2.”Улам алыс, арышым бек чоюлбайт,

Такам болот, тамандарым оюлбайт.

Тирүү жаным буюрбаган сыяктуу

Мен өлгөндө сөөгүм сага коюлбайт”,-деген саптарда А.Осмонов кайсы жер жөнүндө айтып жатат жана бул чыгарма кандайча аталат?

А)Дарыланып жүргөн Койсары курорту жөнүндө , “ Койсары”

Б)Сүйгөн шаары Фрунзе жөнүндө, “Фрунзем”

В) Туулган айылы Кайыңды жөнүндө, “Кайыңды”.


3.АОсмонов кайсы жылы кыздуу болгон? А)1942-ж б) 1943-ж В) 1945-ж

4.Ж.Садыковдун “Манастын уулу Семетей” драмасы кантип башталат?

а)Көкөтөйдүн ашын сүрөттөө менен

Б)Каныкей менен Чыйырдынын Букарга качып келген окуясын сүрөттөө менен

В)Манас баатыр каза болуп, элдин кара кийип, аза күтүп отурганын сүрөттөө менен


5.Т.Касымбековдун “Адам болгум келет” повести кандай темага арналган чыгарма?

А)өткөн кылымдагы окуяларга арналган чыгарма

Б)аялдар теңдигине арналган чыгарма

В) жаштар темасына арналган чыгарма

6..Т.Касымбековдун “Адам болгум келет” повестинде кандай уламыш окуя баяндалат?

А)олжого кеткен Чынар сулуунун күйүттүү тагдыры жөнүндө

Б) Бугу-Эне жөнүндө

В)Раймалы, Бегимай ырчылар тууралуу


7.Ж.Мамытовдун “Буурул таңдын жомогу” чыгармасында Чилтен баатырдын жакшы көргөн кызы ким жана ал кыз үчүн ал ким менен күрөшөт?

А)Айкөкүл; Чортон баатыр менен күрөшөт

Б) Айжамал; Чөөлөрдүн падышасы менен

В)Үпөлтай; Жалпак-Таман менен күрөшөт

8.Т.Кожомбердиевдин “Апа” поэмасында окуя кандай ыкмада берилген?

А) апа менен баланын сүйлөшүүсү катары

Б)апанын монологу катары

В)лирикалык каармандын апасы жөнүндө эскерүүсү катары

Г)Апасынын өз башынан өткөргөн окуяларын айтып берүүсү


9)Төмөндө кайсы акын жөнундө айтылууда?___________________________________

Жалпы маалымат


Туулган жылы:

1935-жылы 23-март

Туулган жери:

Жалал-Абад, Кыргызстан

Өлкө:

Кыргызстан

Ишмердүүлүгү:

жазуучу, драматург

Жанры:

роман, повесть



10.”Бир тоголок самын” кимдин чыгармасы, негизги идеясы эмне?

А)М.Байжиев. Балалыктагы алгачкы тунук сезимдер

Б)Т.Кожомбердиев. Араккечтиктен алыс болуу

В) Т.Касымбеков. Самындын жетишпестиги, Зайра менен Турусбектин сүйүүсү

11 1931-жылы Ак-Жол айылында туулган акынды белгиле._______________________________________________________________

12.18. Ч.Айтматовдун “Балалыгым” чыгармасы кыргыз тилинде качан жарык көрдү?

А) 2011-ж

Б)2002-ж

В)2003-ж

13 . «Биринчи жолу тилмеч болгонумда … жашта элем. Ал үчүн … эттин ээси да болгом (Ч. Айтматов, «Өзүм жөнүндө»).

а) 6, 1кг; б) 5, 1кг; в) 5, бир жилик; г) 6, бир жилик эт

14 .Таяныч сөздөрдү пайдалануу менен, аңгеменин мүнөздөмөсүн тактагыла. Аңгеме – көлөмү …, каармандары – …, адам турмушунун … эпизодун көркөм чагылдырган адабий жанр.

а) аз, көп, бир; б) чоң, аз, бир; в) чакан, аз, бир; г) чоң, көп, кенен.

15. Таяныч сөздөрдү пайдалануу менен, көркөм чыгарманын сюжетинин мүнөздөмөсүн такта: адабий чыгарманын сюжетин …, окуянын башталышы, өнүгүшү, … чечилиши жана … түзөт.

а) эпилог, пролог, чиелениши; б) пролог, чиелениши, эпилог; в) эпилог, чиелениши, пролог; г) пролог, эпилог, монолог

16. .А.Жакыпбековдун “Айкашка” аңгемеси кайсы жылы жазылган?

А) 1959-жылы жазылган

Б) 1935-жылы

В)1965-жылы

17.”Айкашка” аңгемесинде кандай проблемалар көтөрүлөт?Кимдердин ортосунда?

А)Аталар жана балдар , Кылычбек жана Сарыбек

Б) Ат проблемасы , Кылычбек жана Осмон чабандес

В) Жаштар жана карылар, Кылычбек жана Турусбек

18.”Апакемди кээде эсимен чыгарып,

Асты унутпайм сени эстеп сагынып”,- деп акын эмне жөнүндө айтып жатат?Ырдын автору жана аталышы.

А)О.Султанов “Кош Ысык-Көл”.

Б)О.Султанов. “Алтай,Алтай”

В)А.Осмонов . “Ысык-Көлдө төрт мезгил”

Г)Т.Кожомбердиев. “Апа”

Тапшырмаларды түзгөн предметтик мугалим: ___________________________________

















2021-2022-окуу жылынын 4-чейреги үчүн тесттик тапшырмалар

Окуучунун аты-жөнү:________________________________________________________

1.Белгилүү жазуучу Ташым Байжиев 1930-жылдарда уулуна кайсы жазуучунун ысымын берген?

А)Николай Марр б) Мар Байжиев в) Константин Мар

2. “Бир тоголок самын” чыгармасы кайсы жылы жарык көрдү?

А) 2005-ж б)2000-ж в) 1941-ж

3.”Эшек куртун мурдунан түшүрүү оңой эле . Кайсы чыгармадан, ким жөнүндө?

А)”Жоронун жоруктары” . Жылкычы жөнүндө

Б “Жоронун жоруктары” Жоро жөнүндө

В)”Байчечек” Кыяз жөнүндө

4.”Байчечек” чыгармасы качан жазылган?

А) 1935-ж б)1970-ж в)1980-ж

5.Ч.Түлөбердиевдин акыркы каты кимге арналган?

А)апасына б)сүйгөнүнө в) Мекенине

6.1942-жылдын 6-августу. Кандай окуя болду?

А) М.Гапаров төрөлдү

Б)Ч.Түлөбердиев дүйнөдөн өттү.

В)Э.Ибраевдин “Ойгон кыргыз!” ыры жаралды

7.”Каадасыз кыз болсода , калыңсыз кыз жок”. Калыңдын курмандыгы болгон Арзыгүлдүн калыңын таап келген адам

А)Жоору б) Ибрагим бек в) Самат ажо

8. А.П.Чеховдун “Чиновниктин өлүмү” аңгемеси биринчи жолу качан жарык көрдү?

А) 1988-ж б) 1983-ж в) 1985-ж



1

2

3

4

5

6

7

8











Окуучунун аты-жөнү:____________________________________________________

1-чейректе өтүлүүчү темаларды жыйынтыктоочу тесттик тапшырмалар

1.Тексттин бөлүктөрүнүн аталышы:

А)абзац, тема, идея

Б)ойдун башталышы, өнүгүшү, аякташы

В)тексттин планы, аты, темасы

2.Тексттеги сөздөрдүн кайталанышы ...... деп аталат?

А) ээрчишүү б) кезектешүү же ыңгайлашуу в) орундуу жана орунсуз кайталоо

3.Логикага жараша мазмунду тереңдетүү максатында зарыл сөз каражатын кайталап баса айтуу.......... деп аталат.

А) орундуу кайталоо б) орунсуз кайталоо в) гипербола

4. Орундуу кайталоого мисал жаз:__________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

5. Тексттеги жаңы ойдун башталышы......

А) абзац б) пролог в) текст

6. Ат атоочтордун маанилик түрлөрү боюнча бөлүнүшүн жазып, сүйлөм түз:

Ат атооч сөздөр

Маанилик түрлөрү

Сүйлөм түз

Мен,сен , ал




Эч ким, эч кайсы, эч качан



Ким?эмне? качан?




Бул, ошол, тигил




Кимдир бирөө, бир нерсе, алда ким



Бүткүл, баары



7.Кыймыл-аракеттин ар түрдүү кырдаалын билдирген сөз түркүмү:

А) зат атооч б) этиш в) тактооч

8.Татаал тактоочтор:

А)быйыл, күзүндө, кечинде б) аз-аздан, колмо-кол

В) жакыныраак, адамча

9. Туунду тактооч:

А) ылдам б) бетме-бет в) жазында г) түнү бою

10.Анын мында келгенине көп болду. Сүйлөмдөгү орун тактооч:

А) анын б) мында в) көп

11.Султанмурат Мырзагүлдү алдыртадан карап койду. Тактоочтун маанилик түрү:

А) мезгил б) себеп в) сын-сыпат

12. Венндин диаграммасы:

Мезгил тактооч

_____________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

Орун тактооч

___________________________________________________________________________________________________________________________________________________________





Айырмачылыгы

______________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________





















2-чейректе өтүлүүчү темаларды жыйынтыктоочу тесттик тапшырмалар.

Кыргыз тили-7-кл. Окуучунун аты-жөнү:_____________________________

1.Кептин стили деген..............

А) тилдин колдонулуш өзгөчөлүгү

Б) белгилүү максатка ылайык оозеки же жазма формада тилдин колдонулуш өзгөчөлүгү

В)көркөм адабияттын тили

2.Стилдин түрлөрү:

А)илимий, көркөм, баяндоо, сүрөттөө

Б)илимий, көркөм, публицистикалык,официалдуу-иштиктүү

В) сүрөттөө, баяндоо, ой жүгүртүү

3.Тактоочтор боюнча таблица менен иштөө:

Берилген сөз

Тиешелүү сөз жасоочу мүчөлөр

Туунду тактоочтор

Кыш, жаз, эрте, кеч, эртеси, орус




-лап, -лай, -лата, -ча,-сын,-ында




_______________________________

4.Өзгөчө сөз түркүмдөрү:

А) тууранды сөздөр, сырдык сөздөр б) кызматчы сөздөр в)зат атооч,этиш

5.Тууранды сөздөрдүн сүйлөмдөгү милдети:

А) ээлик гана

Б)баяндоочтук гана

В) баш жана айкындоочтук

6. Экөө тең маани бербеген тууранды сөздөр:

А) жалт-жулт , шуу-шуу, солк-солк

Б)тап-туп.ызың-кызың,ыпың-сыпың

В)нан-пан, бак-бак, солк-солк

7.Бийик аскадан ........... этип атырылып агып түшүп жаткан шаркыратманы балдар бир топко карап турушту.Көп чекиттин ордуна туура келген табыш тууранды сөздү белгиле.

А)шуу б) тарс-тарс в) шар-шар г)жылт-жулт

8.Бадал арасында ...... серең-серең деп чуркап баратты. Терезелердин туштарына тамган .......... кулак тундуруп, тып-тып этет.Боштуктун ордуна туура келген сөздөрдү белгиле.

А)ат, кар б) кашкулак, шамал в) бала, теше г) коен, тамчы

9.Кайсы вариантта элести туюндурган сөз катышты?

А)Жылмайса көрүнүшү көзгө сүйкүм жан экен.

Б)Келе жатып эле дыр этип качып сала берди.

В)Четки арыкта кун түшкөн айнектей жылт-жылт эткен чагылыш көрүндү.

10. Тууранды сөз катышкан сүйлөм:

А)Өш, тойбогур, өш! Б) Тамчы тып-тып таамп жатты.

В) Албетте, эртең келем

11. “Капырай, кантесиң, деги”. Сырдык сөз, анын мааниси

А) кантесиң, чочуганды б)капырай, ички сезимди в)капырай, турмуш-тиричиликте колдонулат

12.Бах!Кыргыз жергесинин кооздугу ай. Сырдык сөз:

А)кыргыз жергесинин б) бах в) кооздугу

13. Жарк,тып,тарс.Ушул сөздөргө кайсы мүчө уласак, жаңы сөз жасалат?

А)-ып б) -ыра в) –ый г) –ылда

14.Таблицаны толтур:

Сезимди билдирүүчү сырдык сөздөр

Айбанга карата мамилени билдирүүчү сырдык сөздөр





______________________________________









_____________________________________







1

Тубаса тактооч

________________________________________________________________________________________________________________

Туунду тактооч

____________________________________________________________________________________________________________________________________

5. Венндин диаграммасы.



Айырмачылыгы

___________________________________________________________________________________________________________________















































Окуучунун аты-жөнү:_____________________________________________________

  1. Илимий стилге кирүүчү иш кагазы:

а) тил кат б) указ в) монография

2.Көркөм стиль мүнөздүү сүйлөм:

А)Муз эрип жатканда, анын температурасы өзгөрбөйт.

Б)Көңүл буруңуздар, сиздер түз эфирден угуп жатасыздар.

В)Бул аныктама тиешелүү жерге көрсөтүү үчүн берилди

Г)Сабакты класс, парталар

Шыбырап турчу билбесем

3.Таблица менен иштөө:

Этиштин өзгөчө формалары

Атоочтуктар

чакчылдар

Кыймыл атоочтор











4. Дал келтирүү.

1. барган


А).чакчыл

Туура жообун жаз:

1.Б

2.Шашып

Б) атоочтук


3.окуу

В_) кыймыл атооч


4.келбес

Г_чакчыл


5.бармайынча

Д)атоочтук


6.Баруучу

Ж)атоочтук


5.Атоочтуктардын этиштик белгилери:

А)баяндоочтук милдет аткарат

Б)-са мүчөсү уланат

В)чакты билдирет, тескери – ба мүчөсү уланат

6.Атоочтуктардын заттык мааниде колдонулушу

А)Көп жашаган адам билбейт.

Б)Көптү көргөн адам билет

В) Отургандар сууну көздөй басышты.

7. Таблицаны толтуруу

Атоочтуктарды уюштуруучу мүчөлөр

Атоочтуктар

Сүйлөм түз
















8. Жакты жана чакты көрсөтпөй туруп, негизги этиштин кошумча кыймыл-аракетин билгизүүчү туунду форма:

А) чакчыл б) атоочтук в) кыймыл атооч

9.Өз максатыма жетмейинче окуганым окуган.

Чакчыл этиштин өзүнөн мурунку сөздү жөндөмөгө салып башкарышы:

А)атооч жөндөмөдө б) табыш жөндөмөдө в) барыш жөндөмөдө

10.Кыймыл атоочтун сүйлөмдө аткарган милдети:

А)аныктооч, баяндооч, тактооч

Б)толуктооч, бышыктооч, ээ.

В)этиш, баяндооч

11.Ээлик милдет аткарган кыймыл атоочтор бар сүйлөм:

А)Көрмөксөнгө салды.

Б)Издегени табылды

в)Оору-жыюу аяктады.

12.Кыймыл атоочтордун атооч сөздөргө жакындашкан белгилери:

А)кыймыл-аракетти билдириши

Б)этиштин суроолоруна жооп бериши

В)таандык, жөндөмө, көптүк мүчөлөрүнүн уланышы

13. Таблица менен иштөө:

Атоочтуктардын сүйлөм мүчөлүк милдети.

Ээлик



Аныктоочтук



14. Венндин диаграммасы

Атоочтуктар

______________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

Окшоштугу

_________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________ _____

Чакчылдар

_________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________ _____



































Окуучунун аты-жөнү: __________________________________________

1.Иш кагаздарына мүнөздүү белгилер:

А) ой жүгүртүүнүн күчтүүлүгү

Б) көркөмдүүлүк

В) тактык

2.Маалыматтарынын тактыгы бири-бирине окшош стилдер:

А)Илимий жана көркөм

Б) публицистикалык жана илимий

В) илимий жана иш кагаз

3. Окулган чыгарма боюнча ,же болбосо бир китептин негизги кыскача музмуну, аталышы, чыккан жылы, авторлору жана башка маалыматтары кыскача түрдө берилген иш кагазы:

А) түшүнүк кат б) аннотация в) тил кат

4.Кызматчы сөздөрдүн башка сөз түркүмүнөн айырмасы:

А)маани бериши

Б) сүйлөмгө мүчө боло албашы

В) сүйлөмдө баш мүчөлүк милдетти гана аткарышы

5.Жандоочтун жөндөмөлөр менен сөз айкашына карата бөлүнүшү:

А) 2 б)4 в) 5

6.Жандооч катышкан сүйлөм:

А) Бермет менен келдим

Б) Бермет менен Асел келди

Акыл менен апасы базарга кетти

7.Байламталардын сүйлөмдө аткарган милдети:

А)сөз менен сөздү гана байланыштырат

Б) кошумча маани берет

В) сөз менен сөздү, сүйлөм менен сүйлөмдү байланыштырат.

8.Ал бүгүн келеби, же келбейби, билбейм. Сүйлөмдөгү байламтанын маанисин белгиле.

А)байланыштыргыч б) ажыраткыч в) себеп-натыйжалаш

9. Тексттер менен иштөө:

Текст №1.

Портфель менен сүйлөшүү.

«Сен ага ишенбе, менин таятам андай эмес. Таятам булардай куу эмес, ошол үчүн баары күлө берет. Ал экөөбүздү мектепке жеткирип турат. Мектеп каерде экенин сен али билбейсиң ээ? Алыс эмес, бир күнү көрсөтөм. Экөөбүз кароол дөбөгө чыгып алып, мектепке дүрбү салып көрөбүз. Анан дагы дүрбү салып, мен сага Ак Кемени көрсөтөм. Ага чейин бастырмага жүгүрүп кирип чыгалы, дүрбү ошерде катылуу. Торпокту откозуш мойнумда, бирок мен болбой эле Ак Кемени көргөнү кетип калам. Чоң торпогубуз бар, алым жетпейт, сүйрөп кетет, анан барып күндө эле энесин ээмп коёт. Энеси торпогунан сүт аямак беле, ийип берет. Эне деген баласына дайыма ийип турат окшобойбу. Гүлжамал ушинтип айтат, кызымы тим эле жакшы көрөм, эзилип турам дейт. Азыр уйду саап алсын, анан экөөбүз торпокту откозгону кубалап кетебиз. Ошерден Кароол Дөбөгө чыгабыз да, дүрбү салып, Ак Кемени көрөбүз. Сен али билбейсиң го, дүрбү экөөбүз да ушинтип сүйлөшө беребиз. Эми бүгүндөн баштап мен, сен, дүрбү үчөөбүз болобуз...»(149сөз)

Текстти окуп түшүнүп, төмөндөгү грамматикалык тапшырмаларды аткаргыла:

1.Тексттен маани берүүчү сөз түркүмдөрүн тапкыла:__________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

2.Тексттен этиш сөздөрдү таап, чагы жана ыңгайлары боюнча мүнөздөгүлө:_____________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

3. Кызматчы сөздөрдү белгилегиле:________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________



10 . Тексттер менен иштөө

2. Баланы бешикке салуу



Наристенин төрөлүшү –ошол үйдүн абдан чоң кубанычы. Бешик той берилет. Бешик тойго колдо бар мал союлат. Тойго чакырылгандар мал, көйнөк-кече, ороо-чулгоо, акча-тыйын ыроолошот. Адатта баланын таеке тарабы бешик алып келет. Бешиктеги төшөнчү-орончусун жасалгалап, шимегин кошо ала келет.

Байбичелер дасторконго отуруп даам сызган соң баланы бешикке салуу жөрөлгөсүн кылышат. Бешик менен шимекти майлап, арча менен «аластап» алат. Байбичелер оң-сол, чүкөлөрдү бешиктин баш жагынан көтөрүп эңкейтип, «оң бол», «оң бол» -дегенде, ал чүкөлөр күлтүгүнө түшүп кетет. Чүкөнү алып, колдорун тийгизип ырымдашкан соң, наристени бешикке жаткырышат.

-«Бешик апа, бек карма, умай эне, уйку бер» -дешип баланы бешикке таңышып, үстүнө жапкан жууркан-төшөгүн апасына карматат. Апасы бешикти көтөрүп алып, төрдөн эшикке, эшиктен төрдү көздөй жүгүнөт. Байбичелер бата берип, алкашат. Анан бешик терметилет.

Бешик –ыйык буюм. Анда бул жарык дүйнөгө келген наристе жатат. Баланын тазалыгы, организминин ойдогудай өсүшү үчүн бабалардан калган таберик. Ал көчүп-конууга да ылайыкташкан.(147 сөз)

Текстти окуп, грамматикалык тапшырмаларды аткарабыз.

1.Тексттен этиштин өзгөчө формаларын тапкыла:______________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

2. 1-абзацтагы 4-сүйлөмдөгү атоочтуктар синтаксистик жактан кандай сүйлөм мүчөлүк милдет аткарды:______________________________________________________________________________________________________________________________________________

3. Акыркы абзацтагы акыркы сүйлөмдөгү кыймыл атоочтун синтаксистик милдети:___________________________________________________________________

4. Этиштин өзгөчө формалары кайсы мүчөлөр менен уюшулду?___________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________


Кийинки текстти окуйбуз. Текст №3.

Таягына сүйөнүп Каныбек бийик асканын башында ырдап турат. Күндөп-түндөп жол жүрүп Жеңижок Аксыга келди. Эч бир балага ыркын кошпой Өмүрбек четте турду. Алардын ары-бери баскан-турганы айрымдарынын жөн гана эс алып жатканы Ажардын көзүнө элестеди.

1.Жогорудагы тексттен чакчыл түрмөктөрдү тапкыла:_______________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

2.Чакчыл түрмөктөргө тиешелүү тыныш белгилерин коюп, синтаксистик кызматын аныктайбыз:_____________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

3.Уюштуруучу мүчөлөрун таап жазабыз:_______________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

Текст №4

Эр-азаматтар жоо менен беттешүүгө (кайда?) аттанышты. Эгин-тегиндерин жыйнаштырууга (эмнеге?) киришишти .Өткөндөгү окуядан кеп салууну (эмнени?) жакшы көрөт. Шашып иштөөнү (эмнени?) каалаган эмес. Инисинин жүдөшүн (эмнесин?) агасы адегенде жол тартып келгендики чыгар деп ойлоду .Тартыштар (эмнелер?) башталды. Колдогу бирин-эки чолокторубузга ээ кылбай, ылоого минип кетиш (эмне?) көбөйдү. Ысык-Көлдү сүрөттөмөк кыйын. Тоолуу-таштуу жерлерде эчки кайтаруу (эмне?) азап. Ээрде олтурушу (эмнеси?) кыт куйгандай бекем.

1.Тексттен кыймыл атоочту тапкыла:_________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

2.Кыймыл атоочтордун синтаксистик кызматын аныктагыла:_________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

3.Кыймыл атоочторго морфологиялык талдоо жүргузгүлө:__________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________



Тапшырмаларды даярдаган кыргыз тили, адабияты мугалими: _____________________


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!