Просмотр содержимого документа
«7-класс алгебра»
Кочкор району Ү.Бейшеев атындагы орто мектебинин мугалими Төлөкова Айзада Баккубатовна
Алгебра
7-класс
Бүгүнкү сабактын темасы:
Көбөйтүүчүлөргө ажыратуу үчүн түрдүү жолдорду ( ыкмаларды) колдонуу
Сабактын максаты:
- Бүгүнкү сабакта биз көбөйтүүчүлөргө ажыратуу үчүн түрдүү ыкмаларды пайдаланабыз.
- Көбөйтүүчүнү кашаанын сыртына чыгаруу,топтоштуруу,кыскача көбөйтүүнүн формулаларын пайдаланабыз.
- Көп мүчөгө ажыратуунун жолдорун үйрөнөбүз.
Эсиңерге салабыз
- Көбөйтүүнүн топтоштуруу закону:
(а ·в) ·с = а·(в·с)
- Кыскача көбөйтүүнүн формулаларын
а²-в² = (а+в)(а-в)
а²+в² = (а+в)(а+в)
- Кубдарынын суммасы жана айырмасы
а³ -в³ = (а-в) (а² + ав+ в²)
а³ +в³ = (а+в) (а² - ав+ в²)
- Жалпы көбөйтүүчүнү кашаанын сыртына чыгаруу
9ах² - 6а²х = 3ах(3х – 2а)
Ушул эрежелерди пайдаланып көбөйтүүгө ажыратуунун жолдорун карап көрөлү
10а³ - 40а көп мүчөсүн көбөйтүүчүлөргө ажыратабыз.
Бул көп мүчөнүн мүчөлөрү 10а болгондуктан жалпы көбөйтүүчүгө ээ болот. Бул көбөйтүүчүнү кашаанын сыртына чыгарабыз:
10а³ - 40 = 10а (а² - 4)
(а+2)(а-2) көбөйтүүгө ажырайт.
Анда: 10а (а² - 4) = 10а (а+2)(а-2)
Демек балдар 10а³ - 40 = 10а (а+2)(а-2) деп жазабыз.
Келгиле анда экинчи жолун карап көрөлү.
18х² + 12х² +2х көп мүчөсүн көбөйтүүчүгө ажыраталы
Бул көп мүчөнүн бардык мүчөлөрдүн жалпы көбөйтүүчүсү 2х ке ээ болушат. Ошондуктан бул көбөйтүүчүнү кашаанын сыртына чыгарабыз.
18х² + 12х² +2х = 2х (9х² + 6х + 1) (3х + 1)² эки
мүчөнүн квадыраты
түрүндө жазууга болот
Ошентип ,
18х² + 12х² +2х = 2х (3х + 1) ² алабыз
Үчүнчү ыкманы чыгарып көрөлүчү
а² - 4ах – 9 + 4х² көп мүчөсүн көбөйтүүчүлөргө ажыраталы. Анда балдар биз бул ыкмада биринчи, экичи, жана төртүнчү мүчөлөрүн топтоштуруп алабыз.
Анда: а² - 4ах + 4х² алабыз
Айырманын квадратын көрсөтөт (а – 2х)² - 9
көбөйтүүчүгө ажыратсак (а-2х) (а-2х) -3 ²
а² - 4ах – 9 + 4х² = ( а - 2х - 3)(а - 2х + 3)
келип чыгат
Балдар келгиле ушул ыкмаларды пайдаланып көнүгүү аткарып көрөлү
990-көнүгүү
а) 5х² -5у² = 5 (х ² - у² ) =5(х-у)(х+у)
б) а m² - аn² = а (m² - n²) = а(m – n) (m + n)
в) 16х² - 4 = 4(4х² - 1) = 4(2х – 1) (2х+1)
Кана балдар эми өз алдыңарча 991-992-көнүгүүлөдү чыгарып көргүлөчү
Азаматсыңар!!!
Үйгө тапшырма : 995-996-көнүгүүлөр
Бүгүнкү сабагыбыз ушуну менен аяктады, көрүшкөнчө!!!