Просмотр содержимого документа
«7-класс алгебра сабагы»
Кочкор району Ү.Бейшеев атындагы орто мектебинин математика мугалими Төлөкова Айзада Баккубатовна
7 – класс А л г е б р а
Кутмандуу күнүңөр менен балдар!!!
Биздин бүгүнкү өтө турган темабыз
Эки өзгөрмөсү бар сызыктуу теңдеме
Бүгүнкү сабакта биз
- Эки өзгөрмөсү бар сызыктуу теңдеме боюнча маалымат алып, формуласы, касиеттери менен таанышабыз.
- Аныктамаларын, формуласын пайдаланып тамыры бар же жок экендигин аныктайбыз
- Сабакка активдүү, көңүлдүү катышууга жана жоопкерчиликтүү болууга үйрөнөбүз
х + у = 5, 5А + 2в = 10
Мындай барабарсыздыктар эки өзгөрмөсү бар теңдемелер же эки белгисизи бар теңдемелер деп аталат.
Бул теңдемелер а х + в у = с түрүнө ээ болот
булар сандар
Мындай теңдемелер эки өзгөрмөсү бар сызыктуу теңдеме деп аталат
Келгиле анда аныктама берип көрөлү
Эки өзгөрмөсү бар сызыктуу теңдеме деп,
а х + в у =с түрүндөгү теңдеме аталат, мында
х жана у өзгөрмөлөр, а , в жана с кайсы бир сандар.
Мисалы: х – у = 5 барабардыгын алып көрөлү эгерде х=8 , у=3 маани берип көрсөк, анда
8 – 3 = 5 туура барабардыгына айланат.
Өзгөрмөлөрдүн түгөй маанилери х=8 жана у=3 ушул теңдеменин чыгарылышы болот.
Аныктама
Эки өзгөрмөсү бар теңдеменин чыгарылышы деп, ушул теңдемени туура барабардыкка айландыруучу өзгөрмөлөрдүн түгөй маанилери аталат.
Кээде түгөй маанилерин кыскача мындай жазабыз
х у
М: х = 8, у = 3 (8 ; 3)
Эки өзгөрмөсү бар теңдемелер эки Касиетке ээ
- Бирдей чыгарылыштарга ээ болушкан эки өзгөрмөсү бар теңдемелер тең күчтүү деп аталат.
- Чыгарылыштарга ээ болушпаган эки өзгөрмөсү бар теңдемелер да тең күчтүү деп аталат
Келгиле анда Мисал келтирип көрөлү
5х + 2у = 12 теңдеменин касиеттерин пайдаланабыз
у ти х аркылуу туюнтуп алабыз
Анда 2у = - 5х + 12 / 2ге бөлөбүз
у = - 2,5х + 6
Эгер х = 2 болсо, анда у = - 2,5 – 2 + 6 = 1
Эгер х = 0,4 болсо,анда у = -2,5 ·0,4 + 6= 5
Түгөй сандар ( 2 ; 1 ) ( 0,4 ; 5 )
Анда эмесе келгиле балдар көнүгүү иштеп көрөлү таблицада х жана у өзгөрмөлөрүнүн түгөйү көрсөтүлгөн
-6
Х
0
У
-4
-3
3
4
-1
0
-3
-5
4
5
-3
0
2х + у=-5 жана х+3у =-5 теңдемелеринин чыгарылыштары боло алат?
Үйгө тапшырма: 1096 – 1097- көнүгүүлөрүн аткаруу.
Бүгүнкү сабагыбыз ушуну менен аяктады саламатта болуңуздар!!!