Просмотр содержимого документа
«Жылуулук кыймылы турлору»
САЛАМАТСЫҢАРБЫ
МЕНИН
СҮЙҮКТҮҮ
ОКУУЧУЛАРЫМ
ФИЗИКА
Сабактын темасы: Ички энергия жана анын өзгөрүшү. Газдар кысылганда жана кеңейгенде аткарылган жумуш.
Сабактын максаты
Окуучулар ички энергия жана анын өзгөүшү жөнүндө түшүнук алышат.
Окуучуларгазга карата сырттан, же газ тарабынан сырткы нерселерге карата жумуш аткаруудан ал газдын ички энегиясы өзгөрөөрүн айтып беришет.
Окуучулар бири-бирин сыйлоого, алган билимин турмушта колдонууго тарбияланышат.
Ички энергия – термодинамикалык система абалдык функциясы. Анын бар экендиги термодинамиканын биринчи башталышы менен аныкталган. Ал энергиянын бардык түрүн (мол-лар кыймылынын кинетикалык энергиясы, ички энергиясы, системадагы электролиттик нурлануу энергиясы жана башка) камтыйт. Энтропия, көлөм жана компоненттер молдук саны менен көрсөтүлгөн ички энергия - мүнөздүү функция болуп саналат. Термодинамикалык теңдештик шартында энтропия, көлөм жана компоненттер молдук саны туруктуу болгон системанын ички энергиясы минималдуу. Ички энергиянын бирдиги Дж же Дж/моль менен эсептелет (молдук ички энергия).
Газдын ички энергиясын жылуулук берүү же андан жылуулук алуу жолу менен өзгөртүүгө болорун баамдадык.Ички энергияны өзгөртүүнун дагы бир долу болуп, жумуш эсептелет. Цилиндрге камалган газды поршень аркылуу кысуу менен жумуш аткарып, газдын температурасын, аны менен бирге ички энергиясын чоңойтобуз. Кысылган газ өзү поршенди жылдырып, кеңейүу менен жумуш аткарса, анда газдын ички энергиясы азаят. Ошентип, газга карата сырттан, же газ тарабынан сырткы нерселерге карата жумуш аткаруудан ал газдын ички энергиясы өзгөрөт.
Ошентип, жылуулук менен жумуш газдардын ички энергиясын өзгөртүүнүн эки жолу болуп эсептелет.
Газдын баштапкы көлөмү V 1, басымы Р болсун дейли. Поршендин бетинин аянтын S менен белгилейли. Поршень басылып,газдын көлөму V 2, чейин кичирейгенде көлөм
V 2 -V 1 =- Δ V га өзгөруп поршень Δ h аралыгына жылган болот. Механикада аткарылган жумуш аракет кылган күчтүн ал нерсенин которулган аралыгына болгон көбөйтүндүсүнө
барабар экендигин билебиз. Поршенди жылдырууга аракет кылган күчту F менен белгилесек, анда анын жылган аралыгы Δ h болгондуктан, жумуш
А = FΔh болот.
Күчтун чоңдугун газдын басымы аркылуу туюндурабыз. F = Р S болгондуктан
А = Р S Δ h = Р Δ V
Ошентип, газ кысылганда же кеңейгенде аткарылган жумуш газдын басымын көлөмүнун өзгөрүшунө көбөйткөнгө барабар. Газ кысылганда көлөмдөрдүн V 2 -V 1 айырмасы терс маанини берет. Демек, сырткы күчтун газды кысууда аткарган жумушу терс чоңдук болот:
А =- Р Δ V
Үйгө тапшырма
Физика китебинин 43-44-бет
20-21-параграфтар
Окуп түшүнүгүңөрдү
айтасыңар