СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жугуштуу сарык ооруусу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Жугуштуу сарык ооруусу

Просмотр содержимого документа
«Жугуштуу сарык ооруусу»

Жугуштуу сарык оорусу (вирусный гепатит) жугуштуу оорулардын бири. Айрыкча жаш балдардын арасында бул оору кеңири жайылган.

Сарык оорусу – бул боордун вирустар жана организмдеги уулуу заттар, ошондой эле иммунитеттин төмөндөшү менен пайда болгон сезгенүүсү. Бул «А сарык» оорусу же жугуштуу сарык оору деп да аталат. Бул –жөнөкөй түрүнө кирет. Анын жугуу механизми ичеги жугуштуу ооруларына да окшош болот. Кирдеген кол аркылуу жана ооздон жугат. Вирустан улам боордун сезгенүүсү жугуштуу сарык оору деп аталат. Вирустук сарык оорусу жугуштуу оору болуп саналгандыктан, негизинен боордун ткандарын бузуп, өзүнүн функциясын аткарууга зыянын тийгизет. Азыркы учурда 1 жаштан 14 жашка чейинки балдарда вирустук сарыктын А деген түрү кездешет. Сарыктын арасында А вирустук гепатити 6 жашка чейинки балдарда 90 пайызга жакыны, 6-14 жашка чейинки балдарда 50 пайызга чейинкиси болот. Бул мектептеги жана балдар бакчасындагы балдардын санынын бир имаратта көп болушу, жай, күз айларында мөмө-жемиштерди таза жууп жебегенден улам болот. Сарык оорусу ичеги жугуштуу ооруларындай эле адамдын организмине ооз аркылуу тамак-аш жегенде жана арыктардан суу ичкенде кирет. Ошондой эле айлана-чөйрөгө оорулуунун заңы менен бөлүнүп чыгат жана ага конгон чымын- чиркейлер сарыктын таралышына жол ачып берет. Андыктан ден соолукка өзгөчө кам көрүү маанилүү. Азыркы тапта базарлардын четинде, көчөдө ар кандай тамак-аш саткандар көбөйгөн. Алардын биринде да санитардык талапка жооп бере турган кагазы жок. Демек, кайсы бир жугуштуу ооруну жугузуп албоого кепилдик жок.

Белгилери кандай болот?

Сарыкты жугузуп алгандан кийин температура 38 градустан жогору көтөрүлөт. Жүрөгү айланып, тамак ичпейт, ичи ооруйт, териси, көздөрү, заарасы саргая баштайт. Алгачкы бир жума аралыгында көп билинбейт. Ошондуктан көпчүлүк сарыкты сасык тумоо менен алмаштырып алышат. Сасык тумоодо оорулуунун температурасы түшөт, ал өзүн жакшы сезип калат. Ал эми А сарык оорусу менен ооруганда температура болбошу деле мүмкүн, оорулуунун абалы көпкө жакшы боло албайт. Оорулуу чарчап-чаалыгып, бир күндө бир нече жолу уктайт. Оорунун вирусу адамдын организмине келип түшкөндөн кийин ал 10 күндөн 35 күнгө чейинки убакытта вирустун инкубациялык мезгили кармалат, бул аралыкта дарттын белгилери пайда боло баштайт. Инкубациялык мезгил учурунда оорулуу алсырайт, тамакка табити тартпайт, кускусу келет, ичи өтөт, денесинин температурасы көтөрүлөт, териси жана көзүнүн агы саргаят, зааранын өңү кочкул тартып заңдын түсү болсо агыш  тартат. Мындай белгилер байкалса дароо ооруканага жеткирүү керек.

Тазалыкты ар дайым сактаңыз

 Сарыкты дарылаганга караганда алдын алуу бир топ оңой. Сарыктын жугуу жолдору өздүк гигиенаны сактоо менен тыгыз байланышта экендиги тууралуу жогоруда айтылды. Өзгөчө жай айларында күн ысык болуп, чымындардын тамак-ашка конуусу аркылуу адамдарга берилет. Тазалыкты сактабаган жайларда чымын көбөйөт. Алар тамак-ашка, сууга, биз колдонуп жаткан буюм-тайымдарга конот. Өзгөчө кайнатылбаган чийки сууда ал вирустар өлбөйт. Ошондуктан кайнатылган гана сууну ичүү талап кылынат. Тамак-аш таза даярдалган жайлардан гана тамактануу талапка ылайык. Жер-жемиш, жашылча-мөмөлөрдү сөзсүз түрдө тазалап жууп алып андан кийин гана пайдалануу зарыл. Эң башкысы – тамак ичердин алдында, колду самындап жууп, анан гана ичүү маанилүү экендигин унутпаңыз. Балакай эшиктен ойноп келгенден кийин сөзсүз түрдө колун самындап жуудурууга көндүрүңүз.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!