СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жрт боюнча материал

Категория: География

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Жрт боюнча материал»

ЖРТны даярдоодогу эфективдүүлүк

ЖРТны даярдоодогу эфективдүүлүк

ЖРТ кайдан келген?  2002-жылы USAID (АКШнын эл аралык өнүктүрүү агентиги) жана ошондой эле Билим берүү жана илим министирлиги биргелешип жалпы республикалык тестирлөөнү иштеп чыгышкан. Ал “Билимди баалоо жана окутуу усулдары” деп аталган көз карандысыз мекеменин жетегинде ушул күнгө чейин иштеп келет. Тестирлөөгө катышкан ар бир мектеп бүтүрүүчүсүнө өзүнүн баллы көрсөтүлгөн сертификат тапшырылып, тесттен алган баллы боюнча окуу жайларга контрактык жана гранттык орундарга өтүү мүмкүнчүлүгү каралган. Кыргзстанда быйыл 19-жолу жалпы республикалык тест өткөрүлүп, жыйынтыктар чыгарылды. Эң жогоркусу 286 балл, эң төмөнү 23 балл болду.  Жалпы республикалык тертирлөөнү киргизүүдөгү негизи максат Билим берүүдөгү коррупцияны ооздуктоо болчу. Антени контрактык жана гранттык орундарга өтүү аябай коррупциялашып кеткен эле.

ЖРТ кайдан келген? 2002-жылы USAID (АКШнын эл аралык өнүктүрүү агентиги) жана ошондой эле Билим берүү жана илим министирлиги биргелешип жалпы республикалык тестирлөөнү иштеп чыгышкан. Ал “Билимди баалоо жана окутуу усулдары” деп аталган көз карандысыз мекеменин жетегинде ушул күнгө чейин иштеп келет. Тестирлөөгө катышкан ар бир мектеп бүтүрүүчүсүнө өзүнүн баллы көрсөтүлгөн сертификат тапшырылып, тесттен алган баллы боюнча окуу жайларга контрактык жана гранттык орундарга өтүү мүмкүнчүлүгү каралган. Кыргзстанда быйыл 19-жолу жалпы республикалык тест өткөрүлүп, жыйынтыктар чыгарылды. Эң жогоркусу 286 балл, эң төмөнү 23 балл болду. Жалпы республикалык тертирлөөнү киргизүүдөгү негизи максат Билим берүүдөгү коррупцияны ооздуктоо болчу. Антени контрактык жана гранттык орундарга өтүү аябай коррупциялашып кеткен эле.

Жалпы республикалык тестирлөө — жаркын келечектин жолу. Бул жол баарына ачыкпы?  Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) — бүтүрүүчүлөр үчүн Жогорку окуу жайына тапшыруу мүмкүнчүлүгү. Бул нерсе алар үчүн оңой сыноо эмес. Жогорку окуу жайына бюджеттик негизде ар бир абитуриент өтүп кете албайт.   

Жалпы республикалык тестирлөө — жаркын келечектин жолу. Бул жол баарына ачыкпы? Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) — бүтүрүүчүлөр үчүн Жогорку окуу жайына тапшыруу мүмкүнчүлүгү. Бул нерсе алар үчүн оңой сыноо эмес. Жогорку окуу жайына бюджеттик негизде ар бир абитуриент өтүп кете албайт.  

ЖРТ окуучулар үчүн татаалбы?     ЖРТ – жогорку билим алуу жана жаңы багытка кадам таштоо үчүн мыкты мүмкүнчүлүк. Бирок, бүтүрүүчүлөр ЖРТни татаал нерседей кабыл алышат. Изилдөө көрсөткөндөй, ЖРТге даярданууда бир катар көйгөйлөр бар.     Ата-энелер үчүн жүргүзүлгөн сурамжылоодо он ата-эненин тогузу (9/10) баласынын ЖРТ тапшыруусу абдан маанилүү деген пикирде. Ошондой эле, ЖРТинин суроолору татаал экендигин ата-энелердин ​үчтөн бир бөлүгү (1/3) белгилеп, тестке атайын даярдык зарыл деп жооп беришти.

ЖРТ окуучулар үчүн татаалбы?   ЖРТ – жогорку билим алуу жана жаңы багытка кадам таштоо үчүн мыкты мүмкүнчүлүк. Бирок, бүтүрүүчүлөр ЖРТни татаал нерседей кабыл алышат. Изилдөө көрсөткөндөй, ЖРТге даярданууда бир катар көйгөйлөр бар.   Ата-энелер үчүн жүргүзүлгөн сурамжылоодо он ата-эненин тогузу (9/10) баласынын ЖРТ тапшыруусу абдан маанилүү деген пикирде. Ошондой эле, ЖРТинин суроолору татаал экендигин ата-энелердин ​үчтөн бир бөлүгү (1/3) белгилеп, тестке атайын даярдык зарыл деп жооп беришти.

Эмне себептен ЖРТге олуттуу даярдык көрүлбөйт?

Балдардын жарымынан көбү ЖРТге 11-класстан баштап даярданышат. 11-класста даярдыкты баштагандар он бир жылдык программаны кантип бир жылда кайталап бүтө алат? Демек, ЖРТни ийгиликтүү тапшыруу үчүн, мектептеги окуу жылдарынын бардык аралыгында көңүл бурулушу керек.

Биздин мектепте болгон сурамжылоодо балдардын жарымы түрдүү себептер менен ата-энелер алардын окуусун көзөмөлдөбөйт экенин айтышты. Ал эми чогулушта ата-энелердин дээрлик баары балдарынын ЖРТге даярданышы үчүн шарт түзүп беришерин айтышкан. Анда эмне үчүн бүтүрүүчүлөр керектүү баллды топтой албай жатышат?

ЖРТ тесттерине даярданууга ​үй жумуштарынан улам мүмкүнчүлүк болбойт — муну ар бир бешинчи респондент айтты. Бештен бир бөлүктү түзгөн бул жооп — айыл-кыштактардагы окуучулардын ЖРТни ийгиликтүү тапшыруусуна үй жумуштары тоскоол экенин билдирет.

80 пайызга жакын ата-эне кошумча даярдык — бул атайын курстарга катышуу деп жооп берген. Бирок, курстарга окутууга ата-энелердин 54 пайызынын гана шарты туура келет. Демек, ЖРТ курстары деле бардык окуучуларга жеткиликтүү эмес экен.

Ошого карабай, ата-энелер балдарынын ЖРТга даярданышын колдоого аракеттенгенин белгилөө маанилүү. Окуучулардын 75 пайызынын айтымында, курстарга каттоодон сырткары, мугалими менен же үй шартында интернет булактарынан даярданышат.

Ата-энелер, окуучулар ЖРТге 10-11-класстан баштап гана даярданышат жана ата-энелер балдарынын билим алышына мектептеги бардык окуу жылдарында көңүл бөлүшпөйт. Буга балдардын үй жумуштарынан колу бошобой, түйшүк тарткандыгы себеп. Айрыкча, элеттеги окуучулар кичинекейинен үй, талаа жумуштары менен алек болушат. Мындан улам, аларда сабакка жетиштүү убакыт бөлүү мүмкүнчүлүгү жок.

Эгерде баланын окуусуна 1-класстан баштап убакыт бөлүнсө, анда ЖРТти жеңил тапшырууга шарт түзүлмөк. ЖРТти ата-энелер да, балдар дагы кандайдыр татаал нерседей көрүшөт. Бирок, тесттин суроолору болгону окуу программасын гана камтыйт. Демек, бул нерсе балдардын окуу программасын жетиштүү өздөштүрө албаганын, билим деңгээли төмөн экендигин билдирет.

Албетте, тестти ийгиликтүү тапшыруу өлкөнүн, аймактын экономикалык абалынан да көз каранды. Анткени, көп учурда ата-энелер күнүмдүк акча табуу же талаа жумуштары менен алек. Бул учурда үйдөгү жумуштун баары мектеп курагындагы баланын мойнунда кала берүүдө.

Мындан улам, окуучулар ​ЖРТни ийгиликтүү тапшыра албай, кайсы бир кесиптин ээси болууга окубай калышат. Натыйжада, алар өлкөнүн жарды жашаган катмарын толуктап калышы толук мүмкүн.

 

Жалпы республикалык тестирлөө Кыргызстанда 2002-жылдан баштап өткөрүлүп келе жатканы баарыбызга маалым. Мындай система Кыргызстанга керекпи же өз максатына жеттиби? Негизинен мындай система биздин мамлекетке өтө керектүү экенин башка өнүккөн мамлекеттерден байкасак болот. Бирок бир катар көйгөйлөр бар экенин да белгилей кетели. Мындай система АКШ, Россия, Германия жана Түркия сыяктуу мамлекеттерде кеӊири колдонулат. Алгач бул мамлекеттердин жалпы республикалык тестирлөө системасы тууралуу статистикалык маалыматтарына токтоло кетели. Андан соӊ Кыргызстандагы жалпы абалды анализдеп чыгалы. Орус мамлекетиндеги ЕГЭ тууралуу өлкөбүздө кеӊири жеткиликтүү маалыматтар бар. Андыктан башка мамлекеттердин маалыматтарына баш багалы.

Жалпы республикалык тестирлөө Кыргызстанда 2002-жылдан баштап өткөрүлүп келе жатканы баарыбызга маалым. Мындай система Кыргызстанга керекпи же өз максатына жеттиби? Негизинен мындай система биздин мамлекетке өтө керектүү экенин башка өнүккөн мамлекеттерден байкасак болот. Бирок бир катар көйгөйлөр бар экенин да белгилей кетели. Мындай система АКШ, Россия, Германия жана Түркия сыяктуу мамлекеттерде кеӊири колдонулат. Алгач бул мамлекеттердин жалпы республикалык тестирлөө системасы тууралуу статистикалык маалыматтарына токтоло кетели. Андан соӊ Кыргызстандагы жалпы абалды анализдеп чыгалы. Орус мамлекетиндеги ЕГЭ тууралуу өлкөбүздө кеӊири жеткиликтүү маалыматтар бар. Андыктан башка мамлекеттердин маалыматтарына баш багалы.

АКШ

Америка Кошмо Штаттарында окуучулар 12 жыл мектепте билим алышат. 12 жылдын соӊунда ар бир штат бүтүрүүчүлөрдөн жалпы тест алат. Бул тест ар бир штатта ар түрдүү аталат. Мисалы, Флорида (FCAT), Массачусетс комплекстүү баалоо системасы (MCAS), мектепке жарактуу тести (SAT), Америка колледж тести (ACT) ж.б.у.с. Бул тесттердин ичинен SAT жана ACT бүткүл Америкада кеӊири жайылган.

  SAT стандарттуу кеӊири колдонулган тест жана биринчи жолу 1926-жылы колдонулган. Тест “College Board” жеке коммерциялык эмес уюму тарабынан басылган. Андан ары 1947- жылдан тарта “Educational Testing Service” (ETS) жеке коммерциялык эмес уюму тарабынан өнүктүрүлүп жана башкарылып келе жатат. Мекеме Нью-Дже́рси штатына караштуу При́нстон шаарына жакын жерде жайгашкан. При́нстон демекчи, бул мекеменин тестирлөөгө даярдоочу китеп жыйнактары шаардын атын алган “The Princeton Review” басмаканасы тарабынан басылат. Америкада көпчүлүк экзамендерге даярдоочу китептерди дал ушул басмакана чыгарат.

Ал эми ACT мекемеси болсо профессор Эверетт Франклин Линдквист (Everett Franklin Lindquist) (1901 – 1978) тарабынан 1959-жылы ачылган. Бул мекеме “College Board” мекемесине атаандаш катары ачылган жана төрт предметтен сынак өткөрөт: математика, англис тили, жалпы билимдер, жана так илимдер тести. ACT тестине катышкандардын саны улам көбөйүп 2011-жылы SAT сынагын ашып өткөн. Ошол жылы 1 666 017 окуучу ACT сынагына, ал эми 1 664 479 окуучу SAT сынагына катышышкан.

Негизинен бардык окуу жайлар бул эки тесттин жыйынтыктары менен абитуриенттерди кабыл алышат. Бирок кээ бир университеттер башка тесттердин жыйынтыктары менен кабыл алышы мүмкүн. Мындай тесттер да мамлекет тарабынан өткөрүлгөн жалпы тест деп эсептелет .

Германия

Германиянын билим берүү системасы таптакыр башкача. Бул системада окуучулар улам сынактан өткөрүлүп гимназия же жалпы билим берүүчү мектептерге бөлүштүрүлөт. Гимназияны иийгиликтүү аяктаган окуучулар абитуриент боло алышат. Ал эми жалпы билим берүүчү мектептердин гимназиялык деӊгээлдеги класстары гана абитуриент боло алышат. Абитуриенттер биздегидей сынак тапшырып түз эле жогорку окуу жайларына бет алышпайт. Алар Германиянын штаттарына карап 2 же 3 жыл дагы окушат. Андан соӊ аларга мамлекеттик жалпы сынак болот. Сынакты ийгиликтүү аяктагандар жогорку окуу жайларына тапшырышат. Сынактан өтпөй калган абитуриенттер кайра бир жыл кайталап окуса болот же болбосо кесиптик окуу жайларына тапшырышат. Ал эми абитуриент боло албаган окуучулардын баары кесиптик окуу жайларына тапшырышат. Ал жерди ийгиликтүү аяктаган окуучулар жогорку кесиптик окуу жайларына тапшырганы мүмкүнчүлүк алышат. Кесиптик окуу жайлар өлкөдө аябай сапаттуу билим берип, Германиянын өнөр жайы үчүн сапаттуу жумушчуларды даярдап берет. Дал ошондон улам мамлекеттин өндүрүш тармагы сапаттуу жана кирешелүү. Жогорку окуу жайлары да кадимки эле университеттер жана жогорку кесиптик окуу жайлары болуп экиге бөлүнөт. Жогорку кесиптик окуу жайлары жогорку билимдүү инженерлерди, програмисттерди, архитекторлорду ж.б. мыкты кесиптин ээлерин даярдап чыгарышат. Көбүрөөк практикалык сабактарды окуу менен кадимки университеттердей эле билим алышат. Ал эми университетте көбүрөөк илим жагына басым жасалат.

Германиянын 16 штатынын 15 и абитуриенттерге жалпы борбордук сынак өткөрүшөт. Бул сынак эреже боюнча штатка карап 4 же 5 сабактан болот. Ошондой эле сынактар жазуу жана оозеки түрдө өткөрүлөт. Ошондуктан сынак аябай катуу тартипте өтөт. Мына ошондо гана чыныгы жогорку билимди алганга татыктуу абитуриенттер даярдалат. Чындыгында, бул эӊ туура ыкма болуп эсептелет. Анткени, алар кесиптик окуу жайларга көбүрөөк көӊүл бөлүшүп өлкөнүн экономикасын өнүктүргөнгө өбөлгө түзүшөт.

Түркия   Түркияда да окуучулар 12 жыл мектепте билим алышат. Бул өлкөдө окуучуларды бөлбөй баарына тегиз билим беришет. Окуучулар 12-класска чейин жалпы билим ала алышат. Андан соӊ мамлекеттик жалпы сынака киришет. Бул сынактын негизинде алган упайларына жараша университеттерди жана кесиптерин тандай алышат. Бирок Түркияда жалпы мамлекеттик тест аябай татаал. Ошондуктан мектеп окуучулары негизинен мектептен сырткары билим алуу борборлорунан кошумча сабак алышат. Бул өлкөдө билим алуу борборлору аябай жакшы өнүккөн. Мындай борборлордун иштөө системасы жада калса Европа мамлекеттерин да жолдо калтырат. Мамлекеттик тестирлөө “ÖSYM” мамлекеттик мекемеси тарабынан уюштурулат. “ÖSYM” 1974-жылы 22-ноябрда мамлекет тарабынан курулган мамлекеттик мекеме. Бул мекеме окуучулардын гана эмес Түркиядагы бардык кесиптик жана тил тестирлөө сынактарын да уюштурат.

Түркия

 

Түркияда да окуучулар 12 жыл мектепте билим алышат. Бул өлкөдө окуучуларды бөлбөй баарына тегиз билим беришет. Окуучулар 12-класска чейин жалпы билим ала алышат. Андан соӊ мамлекеттик жалпы сынака киришет. Бул сынактын негизинде алган упайларына жараша университеттерди жана кесиптерин тандай алышат. Бирок Түркияда жалпы мамлекеттик тест аябай татаал. Ошондуктан мектеп окуучулары негизинен мектептен сырткары билим алуу борборлорунан кошумча сабак алышат. Бул өлкөдө билим алуу борборлору аябай жакшы өнүккөн. Мындай борборлордун иштөө системасы жада калса Европа мамлекеттерин да жолдо калтырат. Мамлекеттик тестирлөө “ÖSYM” мамлекеттик мекемеси тарабынан уюштурулат. “ÖSYM” 1974-жылы 22-ноябрда мамлекет тарабынан курулган мамлекеттик мекеме. Бул мекеме окуучулардын гана эмес Түркиядагы бардык кесиптик жана тил тестирлөө сынактарын да уюштурат.

Кыргызстан   Эми Кыргызстандын кээ бир статистикалык маалыматтарына токтоло кетели. 2009-жылы жалпы бүтүрүүчүлөрдүн 46,7% ы, 2010-жылы 49,2% ы жана 2012-жылы 54,9% ы жалпы сынакты ийгиликтүү тапшырып, жогорку окуу жайларына жолдомо алышкан. Бул көрсөткүч 2003-жылы 39,2% ы жана 2006-жылы 43,4% ы түзгөн.   Ал эми 2013-жылкы маалыматка таянсак, тест баллдарынын орточо мааниси 109,8 жана тест баллдарынын стандарттык четтөөсү 33,2 болгон.

Кыргызстан

 

Эми Кыргызстандын кээ бир статистикалык маалыматтарына токтоло кетели. 2009-жылы жалпы бүтүрүүчүлөрдүн 46,7% ы, 2010-жылы 49,2% ы жана 2012-жылы 54,9% ы жалпы сынакты ийгиликтүү тапшырып, жогорку окуу жайларына жолдомо алышкан. Бул көрсөткүч 2003-жылы 39,2% ы жана 2006-жылы 43,4% ы түзгөн.

 

Ал эми 2013-жылкы маалыматка таянсак, тест баллдарынын орточо мааниси 109,8 жана тест баллдарынын стандарттык четтөөсү 33,2 болгон.

Демек, Кыргызстанда 2013-жылы эле абитуриенттердин болжолдуу 56 % жогорку окуу жайларына жолдомо алышкан. Ал эми 2014-жылкы маалыматтар боюнча абитуриенттердин 50% жогорку окуу жайларга кирүүгө мүмкүнчүлүк алышкан. Ал эми 1854-жылдан бери борбордук сынакты өткөрүп келаткан Германия 2013-жылы мындай көрсөткүчкө жетишкен. Ошол эле учурда Германия окуучуларды улам электен өткөрүп, эӊ мыктыларын абитуриенттер мектебине жиберишет. Бүгүнкү күндө 80 млн. калкы бар Германиянын 423 жогорку окуу жайы бар, анын ичинен 106 гана университет деген статуска ээ. Калгандары жогорку кесиптик окуу жайларына кирет. Ал эми 6 млн. калкы бар Кыргызстанда 52 жогорку окуу жайы бар. Демек, Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын саны Германияга караганда 1,6 эсе көп.  

Демек, Кыргызстанда 2013-жылы эле абитуриенттердин болжолдуу 56 % жогорку окуу жайларына жолдомо алышкан. Ал эми 2014-жылкы маалыматтар боюнча абитуриенттердин 50% жогорку окуу жайларга кирүүгө мүмкүнчүлүк алышкан.

Ал эми 1854-жылдан бери борбордук сынакты өткөрүп келаткан Германия 2013-жылы мындай көрсөткүчкө жетишкен. Ошол эле учурда Германия окуучуларды улам электен өткөрүп, эӊ мыктыларын абитуриенттер мектебине жиберишет. Бүгүнкү күндө 80 млн. калкы бар Германиянын 423 жогорку окуу жайы бар, анын ичинен 106 гана университет деген статуска ээ. Калгандары жогорку кесиптик окуу жайларына кирет. Ал эми 6 млн. калкы бар Кыргызстанда 52 жогорку окуу жайы бар. Демек, Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын саны Германияга караганда 1,6 эсе көп.

 

Эми эӊ негизги проблемага келели. Дүйнөнүн эч бир өлкөсүндө жалпы математика сынагы башка предметтерден аз мааниге ээ эмес. Математика предмети сандар менен болгон амалдарды аткаруу үчүн эмес, негизгиси адамдын логикасын өнүктүрүү үчүн окутулат. Мындайча айтканда, мээни математика шыктандырат. Шыктуу мээ адам затынын ар бир кадамында, айрыкча күнүмдүк проблемаларды чечүүдө өтө керектүү. Ошол эле учурда чет өлкөлүк окуу жайлар биздин ЖРТ баллдарынын негизинде да ала башташты. Алардын мамлекет-тик сынактарында математика биринчи орунда тургандыктан, бизди да ошондой эсептешип, кабыл алып жатышат. Германияны өрнөк катары алсак болот. Бул мамлекеттин математика сынагында, жада калса гуманитардык багытта окуган абитуриенттер да, толук мектеп программасы боюнча сынактан өтүшөт. Ошондой эле орус мамлекетинин ЕГЭ сынагын алып карап көрсөк, сынактагы математиканын деӊгээлин биздики менен салыштырып болбойт. Мурдагы советтик учурда өтө чоӊ айырмачылык деле болгон эмес.   Математика — илимдердин падышасы экенин унутпайлы.

Эми эӊ негизги проблемага келели. Дүйнөнүн эч бир өлкөсүндө жалпы математика сынагы башка предметтерден аз мааниге ээ эмес. Математика предмети сандар менен болгон амалдарды аткаруу үчүн эмес, негизгиси адамдын логикасын өнүктүрүү үчүн окутулат. Мындайча айтканда, мээни математика шыктандырат. Шыктуу мээ адам затынын ар бир кадамында, айрыкча күнүмдүк проблемаларды чечүүдө өтө керектүү. Ошол эле учурда чет өлкөлүк окуу жайлар биздин ЖРТ баллдарынын негизинде да ала башташты. Алардын мамлекет-тик сынактарында математика биринчи орунда тургандыктан, бизди да ошондой эсептешип, кабыл алып жатышат. Германияны өрнөк катары алсак болот. Бул мамлекеттин математика сынагында, жада калса гуманитардык багытта окуган абитуриенттер да, толук мектеп программасы боюнча сынактан өтүшөт. Ошондой эле орус мамлекетинин ЕГЭ сынагын алып карап көрсөк, сынактагы математиканын деӊгээлин биздики менен салыштырып болбойт. Мурдагы советтик учурда өтө чоӊ айырмачылык деле болгон эмес.

 

Математика — илимдердин падышасы экенин унутпайлы.

Суроолор: 1. ЖРТ системасына ишенесизби? 2. Система паракорлукка каршы күрөшүүгө жардам бере алабы? 3. ЖРТ тууралуу кеӊири маалыматыӊыз болду беле? 4. ЖРТ билим деӊгээлин өлчөй алабы? 5. Өткөн жылдардын ЖРТ суроолору басылып, коомчулукка чыгарылып туруш керек беле? 6. Сынактын жыйынтыктарын эсептөөдө эмне маанилүү? Математика же тилби?

Суроолор:

1. ЖРТ системасына ишенесизби?

2. Система паракорлукка каршы күрөшүүгө жардам бере алабы?

3. ЖРТ тууралуу кеӊири маалыматыӊыз болду беле?

4. ЖРТ билим деӊгээлин өлчөй алабы?

5. Өткөн жылдардын ЖРТ суроолору басылып, коомчулукка чыгарылып туруш керек беле?

6. Сынактын жыйынтыктарын эсептөөдө эмне маанилүү? Математика же тилби?

Жыйынтык   Жогоруда аталган мамлекеттердин тажрыйбаларын карап, ошондой эле өзүмдүн билим берүү тармагындагы тажрыйбама таянып төмөндөгү жыйынтыкты белгилей кетүүнү туура көрдүм: • Ар жылы экзамендерге даярдануу үчүн китептер басылып чыгарылуусу. Ошондой эле өткөн жылдагы тесттин суроолору да жарыкка чыгарылуусу; Математика предметинин деӊгээлин көтөрүп, математика баллдарынын тилдерге караганда көбүрөөк эсептелүүсү; • Кошумча билим берүү борборлору жанданып жана абитуриенттерди жогорку окуу жайларга жайгаштыруучу автоматтык компьютерлешкен системанын ишке кирүүсү; • Сынактар таза жана жогорку деӊгээлде өтүшү үчүн бир гана мекемеге уруксат бербей башка тестирлөө мекемелеринин да ачылышы.  

Жыйынтык

 

Жогоруда аталган мамлекеттердин тажрыйбаларын карап, ошондой эле өзүмдүн билим берүү тармагындагы тажрыйбама таянып төмөндөгү жыйынтыкты белгилей кетүүнү туура көрдүм:

• Ар жылы экзамендерге даярдануу үчүн китептер басылып чыгарылуусу. Ошондой эле өткөн жылдагы тесттин суроолору да жарыкка чыгарылуусу;

Математика предметинин деӊгээлин көтөрүп, математика баллдарынын тилдерге караганда көбүрөөк эсептелүүсү;

• Кошумча билим берүү борборлору жанданып жана абитуриенттерди жогорку окуу жайларга жайгаштыруучу автоматтык компьютерлешкен системанын ишке кирүүсү;

• Сынактар таза жана жогорку деӊгээлде өтүшү үчүн бир гана мекемеге уруксат бербей башка тестирлөө мекемелеринин да ачылышы.

 

Урматтуу кесиптештер!  Өмүрдөн кийинки эле баалуу байлык – акыл менен билим байлыгы. Мына ошол байлыкты жаратуучулар мугалимдер, Силер! Бала окутуп, билим берүү ар заманда сыймыктуу кесип болуп келген. Мугалим – коомдун жана мамлекеттин түркүгү. Мугалим курган билим пайдубалына бир эле адамдын тагдыры эмес, бүтүн өлкөнүн тагдыры байланыштуу.

Урматтуу кесиптештер!

Өмүрдөн кийинки эле баалуу байлык – акыл менен билим байлыгы. Мына ошол байлыкты жаратуучулар мугалимдер, Силер! Бала окутуп, билим берүү ар заманда сыймыктуу кесип болуп келген. Мугалим – коомдун жана мамлекеттин түркүгү. Мугалим курган билим пайдубалына бир эле адамдын тагдыры эмес, бүтүн өлкөнүн тагдыры байланыштуу.

Караңгыны жарык кылган шам чырак катары, жаратмандык жана бийик атуулдук рух менен эмгектенип келаткан кесиптештер силердин ак эмгегиңердин аркасында окуучулар бир топ ийгиликтерди жаратышты. Алдыдагы жаңы жылды үй бүлөңөрдүн курчоосундо эң мыкты деңгээлде тосуп алууңуздарды каалайбыз!

Караңгыны жарык кылган шам чырак катары, жаратмандык жана бийик атуулдук рух менен эмгектенип келаткан кесиптештер силердин ак эмгегиңердин аркасында окуучулар бир топ ийгиликтерди жаратышты. Алдыдагы жаңы жылды үй бүлөңөрдүн курчоосундо эң мыкты деңгээлде тосуп алууңуздарды каалайбыз!

Бардык адам өзүн сезген билимдүү, Космонавттар, окумуштуу, илимдүү, Жазуучулар, композитор, врачтар, Президент да Сизден алган билимди.    

Бардык адам өзүн сезген билимдүү,

Космонавттар, окумуштуу, илимдүү,

Жазуучулар, композитор, врачтар,

Президент да Сизден алган билимди.

 

 


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!