СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жонокой жана татаал заттар конспект

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кыргыз тилинде 8-класстар учун сабактын иштелмеси

Просмотр содержимого документа
«Жонокой жана татаал заттар конспект»


  1. Району: Араван

  2. Мектеби: №19 Салижан Шарипов атындагы орто мектеби

  3. Мугалим: Абдирахманов Акбарали Аскаралиевич

  4. Предмети: Химия

  5. Класс: 8-класс




Химия сабагы

8-класс

Сабактын темасы: 6§ Жөнөкөй жана татаал заттар.

Сабактын максаты:

Күтүлүүчү натыйжа:

Когнитивдүү:

Дүйнөдө жандуу жана жансыз жаратылыштын системасындагы жөнөкөй жана татаал заттардын курамы, түзүлүштөрү, айланыштары закон ченемдүүлүктөрдүн негизинде экендигин түшүнөт.

Окуучулар:

-Жөнөкөй жана татаал заттарды айырмалай алышат;

-Заттардын түзүлүшүн билишет.

Жүрүм-турумдук:

Заттарды рационалдуу жана коркунучсуз колдонуунун практикалык көндүмдөрүн билишет.

Окуучулар:

-Топтордо иштөө менен жөнөкөй жана татаал заттарга мисалдар келтиришет;

Баалуулук:

Химиялык экологиялык маданий сабаттуулукка ээ болушат.

Окуучулар:

Бири бирин угуп, бири бирине көмөктөшөт.


Компотенттүүлүк:


Негизги компотенттүүлүк

Предметтик компотенттүүлүк

Маалыматтык


  1. Таанып билүү жана илимий суроолорду коё билүү.

Социалдык-коммуникативдик




Сабактын усулу: топтор менен иштөө.

Ресурстар: темир, жездин бирикмелери, кумшекер, суу ж.б.

Сабактын жүрүшү:

  1. Саламдашуу, окуучулардын карым-катышын аныктоо.

    • Окуучулар кандайдыр бир түстөгү карточканы тандашат (кызыл, көк, сары ж.б.) карточкалардын саны топтогу катышуучулардын санына жараша болот.

    • Карточкалардын түстөрүнө карата окуучулар тапшырмаларды аткаруу үчүн топторго бөлүнүшөт.

2. Муз жаргыч

Бардык окуучулар тегерек болуп турушат. Мугалим өзүнүн атын айтат жана өзүнүн ысымынын биринчи тамгасына окшош оң маанайдагы же мактоодон турган сын атооч сөздү кошуп, толуктап айтат. Мисалы, «Салам, мен акылдуу Акбаралимин». Бардык окуучулар айлана боюнча кезеги менен ушундай маанайда өздөрүн тааныштырат.

3. Үй тапшырмасын текшерүү.

Жаңы тема: 6§ Жөнөкөй жана татаал заттар.

1-топ жөнөкөй заттар жөнүндөгү

2-топ татаал заттар жөнүндөгү

3-топ жөнөкөй жана татаал заттардын айырмасы жөнүндөгү тапшырмаларга даярданышат.

Презентация.

Топтордун башчылары берилген тапшырмалар боюнча презентация кылышат. Башка окуучулар толукташат.

Физминутка: «Абышканын буудайы»

Бара жатып абышка

Чагып алды буудайын.

Тооктор келип чокуду,

Каздар келип таптады.

Кароол келип шыпырды,

Шамал келип учурду.

Мугалимдин сөзү: анда эмесе окуучулар мен сиздердин аткарган тапшырмаларыңа кошумча малыматтарды айтам. (Схема көрсөтүлөт)



З аттар


Жөнөкөй Татаал



Бир түрдөгү атомдордон Ар түрдөгү атомдордон

турган заттар турган заттар



темир, күкүрт, жез ж.б суу, кумшекер, туз ж.б.


Рефлексия:

─ Окуучулар бул сабакта эмнени билгенин жана эмнени үйрөнгөнүн суроо; ─ Сабактагы негизги идеяларыңызды жазыңыз;

─ Окуучунун топтогу ишин баалоо. Баалоо: баалоо баракчасы

Окуучунун аты-жөнү

Тер- мин- дерге жооп бердим

Дол-боор түзүүгө катыш- тым

Жак- тоого катыш- тым

Окуп, айтып бердим

Өзүн- өзү баа-лоо

Топтун баасы

Муга- лим- дин баасы

Жалпы баа

1










2










3










4










5










6










7











Үйгө тапшырма: 32-бет, 1-схема



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!