СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жомоктор дуйносу

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Жомоктор дуйносу»

Абышка менен Дөө

Илгери кедей абышка ар кимдин ишин иштеп, эптеп оокат өткөрчү экөн. Бир күнү жолдон жумуртка таап алды. Андан ары барса дөө жолукту. Абышка дөөдөн аябай коркуп, бирок ошол замат амал ойлоп:

— Эң сонун болду, сени таап кел деп, кудай мага тапшырды эле, издеп жүрүп чарчадым, — деди.

— Кудай мени эмне кылат экен, биле алдыңбы? — деп сурады дөе, шаштысы кетип.

Абышка дөөнүн коркконун сезип:

— Кудай өзүнө алтын сарай салдырат экен. Ошонун ылайыктуу устуну жок болуп жатат. Ага сен ылайыктуу экенсиң, ылдам жүр, кечигип калдык, — деди.

Абышканын айтканына анчалык ишенбей, дөө муну менен сынашып көрмөк болду. Куу тобулгунун сары суусун чыгара кармаш үчүн убада кылышты. Дөө куураган тобулгуну бычырата кармады эле, суу чыккан жок. Кезек абышкага келип, колундагы жумуртканы тобулгу менен кошо кармаганда жумуртка жарылып, сары суу агып кетти.

Муну көргөн дөө абышкадан чындап эле коркуп:

— Айланайын абышка, ырайым кылып мени бошот, азырынча муну ала тур, — деп ат башындай алтын берди.

Абышка алтынды алып:

— Мейли эми, дөөнү издеп таппадым деп, кудайга айтып коёюн, — деди да, өз жолуна түштү.



Көнөчөк кийген түлкү

(жомок)

Илгери бир кемпир-чал болуп, алардын жалгыз кара ую бар экен. Уюн саап, сүтүн ичип, каймагын каттама кылып жеп күн көрүшчү. Кемпир табакка жыйнаган каймагын тактанын алдына койчу. Муну бир шум түлкү байкап калып, күн алыс келип жеп кетчү болду. Кемпир аны мышыктан көрдү да каймакты оозу тар көнөчөкке салды.

Күндөрдүн биринде түлкү кемпир-чалдын үйүнө дагы келди.

Каймак табакта эмес, көнөчөктө экен. Түкөң жанталашып жатып көнөчөккө башын салып, каймакты жеп алды. Анан башын кайра чыгармакчы болду эле бирок болбоду. Куткарар эмес. Түлкүнүн айласы кетти да:

-Көнөчөк аке, эми тамашанды кой. Ушунчалык убара кылганың да жетишет. Үйдө балдарым бар, кое бериниз.-деп жалынды.

Анда көнөчөк ага кекээрдүү сөзүн жөнөттү.

-Кайран түлкүм, келип жатат күлкүм! Сени конокко чакырдым беле, эми кое бер дебе. Каймак жейм деп үйгө киресиң, анын таттуу экенин билесиң. Мен бир аз тамаша кылсам, “үйгө барайын, балдарым бар” деп чебелектейсиң! Жок, сен үйүңө барбайсың, экинчи көнөчөккө башыңды да салбайсың!

Түлкүнүн күйбөгөн жери күл болду:

-Эмесе сенин жазаңды берейин да, сууга агызып жиберейин,-деп өзөндү карай жөнөдү.

Түлкү келип башын сууга салды. Көнөчөккө суу толуп, түлкү тумчугуп кулап түштү. Куу түлкү дал ушинтип өлгөн экен.



Коркок баатыр

АВТОР: KMB3 · 30.10.2014

(жомок)

Илгери Сокбай деген жигит үйдөн чыкпай, атасынын тилин укпай, даяр оокатты ичип жата берет. Эгер эшикке чыкса, желп эткен жел, кылт эткен куурай, чыңылдаган чымындын баарынан коркот. Анын коркоктугун шылдың кылып, эл аны коркок «баатыр» деп аташчу болду.

Акыры атасы өлүп, оокаты өтпөс жагына ооп калды. Сокбай эсин жыйып: «Кой минтип жүрсөм болбойт экен, коркоктугумду коёюн, бул адатты жоёюн», - деп ойлоп, сыртка чыгып, оболу өз эрдигимди сынайын деди: аттын өркөчүнө үйүлгөн калың чымынды алаканы менен кагып алып, анан санап көрсө — туура жүз экен. Сокбай бул ишин чын эле эрдик деп, эми жортуулга жөнөмөк болду. Атын токунуп минип, күн батышка карай жол жүрдү. Акыры үч айрылыш жолго келсе, жолдун так ортосунда чоң кара таш туруптур. Сокбай бир аз ойлонуп, аттан түшө калып: «Ортоңку жолго түшкөн адам өлөт» — деп ташка жазып койду да, өзү ошол жолго түшүп, андан ары жөнөдү. Сокбайдын артынан келаткан эки баатыр таштагы жазууну көрүп:

— Өлсөк өлөлү, эгер мындан корксок — биздин баатырдыгыбыз кайсы — дешти да, ортоңку жолго түштү. Алар Сокбайга бат эле жете барып, салам айтышты. Сокбай эси чыкты, бирок аны билдирбей:

— Алейкум ассалам, жол болсун, балдар? — деди. Берки экөөнүн ачуусу келип:

— Биз бала эмеспиз, — дешти.

— «Бул жолго түшкөн өлөт» деген жазууну таштын бетинен окуган жок белеңер?.. Окусаңар — кайткыла! — деди Сокбай.

— Окудук, бирок сиз барган жерге биз да барабыз, — дешти эки баатыр.

— Эмесе болуптур. Мен атактуу Сокбай баатырмын. Эми силер мага ат токур болгула.

Эки баатыр таң калып:

— Сокбай баатыр, сиз бир чапканда, канча кишинин башын ыргыта чабасыз? — деп сурашты.

— Жүз кишинин, ачуум чындап келсе, канчаны чапканыма санат жетпей калат, — деди Сокбай кайраттуу сүйлөп. Анан эки баатырга көтөрүлө карап:

— А силерчи? — деп сурады.

— Көп болсо эки-үч кишииин башынан ашпайт, — дешти беркилер жерди тиктеп.

Булар ушинтип кызык кепте баратканда, так алдынан жоо чыгып калды.

— Баатыр, сиз баштап кирсеңиз экен, — деп берки экөө коркконунан карбаластай түштү.

— Былжырабай силер баргыла! Мен артыңардан карап турам... Мени ушул бир ууч жоого булгайсыңарбы?.. Эгер көп болсо, анда кеп башка. Качыргыла! — деп Сокбай ачууланып койду.

Эки баатыр айласыз макул болуп, жоону качырып кирди да, бат эле кыйратып кайтышты.

Үчөө дагы алга жүрүп отурушту. Бара жатып, эми аябаган көп жоого жолугушту. Эки баатыр Сокбайга карап:

— Кана эми, баатыр, сиз барыңыз, — дешти.

Сокбай макул болду. Жоого каршы качырып, бирок коркконунан чыдабай, жолдо эки көзүн жоолук менен чылк таңып алды. Жоо Сокбайдын бул кылыгын көргөндө, аң-таң болуп, «биз да ушинтели» деп көздөрүн таңып алышты. Жоону аралай чаап баратканда, Сокбайдын жоолугу түшүп калды. Караса: жоонун көзү бүт таңылуу, бир-бирин кыя чаап кырып жатат. Аны көргөн Сокбай карап турсунбу: кылычты кындан сууруп алып, жоо башчысынын мойнун кыя чапты да:

— Башчыңар өлдү! Бөөдө кырылбагыла, жайжайыңа тарап, тынч оокатыңарды кылгыла! — деп кыйкырды.

Муну уккан душмандар көзүн ачып, башчысынын өлгөнүн көрүп, жарактарын таштап, Сокбайга багынды. Сокбай жоону таратып, анан эки баатырга келип:

— Баатыр болбой калгыла! Ушуга мени бекер эле жиберипсиңер, ачуум келип, бөөдө баарын кырып коё таштадым, — деп мактанды.

Эки баатыр Сокбайдын эрдигин көрүп, ага чыны менен баш ийип, өздөрүнө башчы кылып алышты. Ошондон кийин Сокбай абдан күчөп, коркоктугу калып, бүт элге барктуу, нарктуу, атактуу баатыр болуптур дешет.

Өнөрү бар мышык

АВТОР: KMB3 · 27.10.2014

(жомок)

Өткөн заманда Сулайман аттуу бай адам жашап, анын жападан жалгыз уулу болуптур. Атасы уулуна кеп акыл айтып, кеңеш берсе, уулу кулак какпайт. Акыры бул чоңоюп жеткенден кийин, атасы атайлап чакырып, минтип айтты:

— Балам, мен карыдым, өлерүме аз калды. Сенин жалгыз жүргенүң болбойт. Өз көзүм керүп өтсүн: элжуртту аралап, жакшысын тандап жүрүп, бир колукту тап. Бирок жаштык кылып, жалаң гана өңүнө кызыкпай, акылэсине карап танда.

Баласы атасынын сөзүн укмаксан болду. Өзүнө киши теңебей, айткан сөздү кенебей, ат ойнотуп, чаң ызгытып, өз билгенин кылып жүрүп аны эстен чыгарды да, эрден чыккан, өзүнөн улуу, өңү сулуу жубайды алды.

Атасы буга аябай кайгырып, «сак бол» деди да, тим койду.

Бир күнү Сулайман бай ооруп калды. Өзүнүн өлерүн билип, келинин жанына чакырып алды:

— Сага айта турган аманат сөзүм бар: балам жаш калды, дүнүйөгө мас калды. Мен елгөндөн кийин жакшы менен да жүрөр, жаман менен да жүрер. Ошентип жүрүп, акыры оокатын түгетер. Өзүң эстеп кой: жер астында жети казнам жатат. Балам аркыберкини көрүп, кагылган кезде аны ачып оокат кылгыла, бирок азыр эч кимге айтпа, — деп казнанын ачкычтарын келинине берди. Келини эч кимге айтпоого убада кылды.

Арадан кеп күн өтпөй, Сулайман бай өлдү. Баласы жаман менен да, жакшы менен да жүрдү. Аны «кой... кой!» деп колтукка түрткен эч ким болгон жок. Арак ичти, кумар ойноду, ошентип бирэки жылдын ичинде атасынан калган мал менен мүлктү түгөтүп бүтүрдү.

Зайыбынын кеңүлү бузулуп, казна жөнүндө балага айткан жок, Малмүлк түгөнгөндөн кийин, эми казынаны жалгыз өзү ээлеп калууну ойлоп, күндө чырчатак чыгара берди. Бир күнү күйөөсүнө.

— Малмүлктү арак ичип, кумар ойноп бүт түгеттүң. Эми ачжылаңач кала турган болдук. Айла түгендү. Акылга көн да, үйжайды бирөөге саткын, антпесең мен сага бүлө боло албайм,— деди.

Күйеесү ары ойлоп, бери ойлоп туруп, акыры макул болду.

— Эмесе мындай кыл, — деди зайыбы, — эгер бөлөк кишиге сатсак арзан өтөт. Ошондуктан, өзүбүзге жакын байбичеге саталы. Анын акчасы көп. Сен барып аны конокко чакырып кел, мен тамак даярдап турайын, — деп күйөөсүн байбичеге жиберди.

Байбиче келди, булар аябай конок кылды. Зайыбы күйөөсүн мас кылып жыгуу үчүн аракты үстөккөбосток сунду. Кээде байбиче кашын серпип, жылмая күлүп коюп отурду. Күйөөсү мындан шек алды да, ырас эле м,ас болгон кишиче жатып калды.

Зайыбы аны керүп, байбачанын жанына жакын келди да:

— Биз үйжайды сатканы жатабыз. Эгер мени өз катынын кылып алсаң сага сатабыз. Бирок кымбат деп кыйылба. Бу жерде жети казна бар. Ачкычтары менде. Эрим аны билбейт, — деди.

Байбача казнаны ез көзү менен көрүп, анан гана макул болорун айтты. Тили катып колуна шам алып, казналарды бирден ачып, байбачага көрсете баштады. Эри акырын ордунан туруп, билдирбестен, алардын соңунан ээрчип жүрүп, атасы жыйнаган мүлктөрдү көрүп өзүнүн өткөндөгү жоругун эстеп, атам мага «сак бол» деп ушуну айткан экен деди да, кайрадан ордуна келип, тынч жатып калды.

Аңгыча байбиче менен зайыбы келди. Байбача катынга:

— Мен макулмун, эртеңден калбай сатып алайын. Анан күйөөңдөн чыгып, мага тийгин, — деди.

Экөө сездү бүтүрүп, байбача үйүнө кетти. Күйеөсү сыр билгизбей эртеси үйдү сатууга макул экенин айтты. Байбача келип, ооз ачпай он миң дилде акча берди.

— Кире турган короожай таап алып, анан бошотуп берейин, ага чейин бир ай мөөнөт бериңиз, — деди бала.

Байбача кьщк этпестен макул болуп, кеңүлү кубанычка толуп үйүнө жөнөдү.

Эки үч күн өткөндөн кийин, зайыбы дагы чатак чыгарды.

— Короожайдан да, малдан да бүт айрылдык. Эми кантип күн көрөбүз! Мен сени менен тура албайм, кетем! — деди.

Эри мейлиң деп, зайыбын жолго салды. Анан бала атасынын досуна барып, жүзтөөнү айдап келип, түн бою казнаны ташып бүтүп, ордуна көң, саман топонду толтуруп, анан байбичеге барды.

— Корожайыңыз бошоду, кечүп кирип алыңыз, — деген гана сөздү айтып, өзү аяш атасыныкына жүрүп кетти.

Тиги катын байбичеге тийип алды. Экөө үйгө кечүп келип, казнада байлык бар дешип, таңтамашага батып, ичипжеп кумар ойноп, колундагы акчаларын бүт түгөттү. Кумарга чачынан карыздар болду.

Бир күнү байбиче карызына берүүге алтын алыш үчүн казынага кирди. Казнада чирик самантопон, тезек менен кыктан бөлөк эч нерсе жок... Ал ачуусуна чыдабай, зайыбын елөрчө тепкиледи да, баланын үстүнөн арызданып бийге барды. Катын, бала, байбача үчөөнү чакырып алып, бий сурак кылды.

— Силер жалаң короожайды соодалашкан экенсиңер, бирок короонун ичиндеги казна жөнүндө сөз болбоптур. Ошондуктан казнаны кантип доолайсыңар,— деп бий байбиче менен катынды айдап чыкты. Байбача үйүнө келер замат.катынынын чачын кыркып, байталга мингизип, төркүнүнө кубалап жиберди.

Аяш атасы өзүнүн кызын балага берди. Бул зайыбы экөө акылкеңеш менен жакшы оокат кылышты. Арадан бир жыл өткөндөн кийин бала аяш атасынан шаарга барып соода кылып келүүнү сурады. Атасы жүз төөнүн жүгүн берип, кербенчилерге кошуп жөнөттү.

Кербенчилер күнүтүнү жүрүп отуруп, акыры ээн талаа эрме чөлдө баратышты. Ошондо кербен башы:

— Эми жарым күндүк жерден жалгыз ак ергөө кезигет. Андан бир кемпир чыгып, конуп кеткиле дейт. Ага эч кимиңер макул болбогула, — деди.

Кербен башынын айтканы чын экен: ак өргөөнүн жанына келгенде кемпир чыга калып:

— Алыска баратыпсыңар, кагылайындар, ушул үйгө конуп кеткиле! — деп эпилдей баштады.

Сулайман байдын баласынан башкасы конбой кетип калышты. «Кой» дегенге болбостон, бул бала кала берди. Кемпирдин бутуколу жерге тийбей, анданмындан бир секирип, баланын төөлөрүн чегерүп, жүгүн түшүрүп, коюнсоюп, колун куушуруп, чайын кайнатып, дасторконун жайнатып, аябай сыйлай баштады.

Күүгүм кирип, көз байланганда кемпир колуна шам кармап, колтугуна мышыгын кысып келип:

— Менин мышыгым ушул шамды түшүрбөй кармап, таң атканча сенин маңдайыңда турат, — деди.

Бала кемпирдин бул сезүнө ишенбей койду. Анда кемпир:

— Эгер ушул мышык таң атканча шамды кармап чыкса, жүз теөңдү жүгү менен бер: кармап чыга албаса, мен жүз төөнү пулу менен берейин, — деди.

Бала кемпирдин сөзүнө макул болуп, экөө кол кармашты. Кемпир мышыкка шамды карматып, бул экеө карап отурушту. Мышык көзүн жумбастан таң атканча шамды карман турду Баласы эртеси кемпирге төөсүн жүгү менен берип, атына минип, кербенчилердин артынан шаарга жетти. Кербенчилер соодасын бүтүрүп, айлына кайтканы жатышкан экен.

— Жүз төөнү жүгү менен уттуруп койдум, эми уялбай үйгө кантип барайын,— деп бала ошол шаарда калды.

Кербенчилер айылга келип, баланын аяш атасына болгон ишти төкпөйчачпай айтып өтүштү. Аяш атасы малга кайгырган жок, бирок баланын келбегени үчүн катуу кайгырды.

Бала шаарда жүрүп, киерине кийим, ичерине аш таппай, жедеп айласы кеткенде, ашпозчуга жалданып кирди. Күндөн кийин түн, андан кийин жыл алмашты. Сулайман байдын баласынан эч кабар болбоду. Акыры колуктусу атасынан:

— Мен шаарга барып, соода кылып келейин., күйөөмдү да издеп керөйүн,— деп суранды.

Атасы ары ойлонуп, бери ойлонуп:

— Барсаң баргын,— деди да, жүз төөнүн жүгүн берип, кызын шаарга жөнеттү.

Кыз эркекче кийинип, белине кылыч байланып, саадагын асынып, багып үйрөткөн чычканын койнуна катып, кербенчилер менен кошо шаарга жөнөп калды. Бир нече күн жол жүрдү. Кербенчилер баягы кемпирдин үйүнө жетишти. Бөлөктерү алга карай жүрө беришти. К.ыз өз жигиттери менен кемпирдин үйүнө түштү. Кемпир аябай кубанып, какаңдап басып, кабагын ачып, калп эле шашып, колуколуна, бутубутуна тийбей кызмат кылды. Нечен түркүн тамакашын берди. Тамак ичилип бүткөндөн кийин, шам менен мышыкты көтөрүп келди да:

— Бул мышык ушул шамды таң атканча кармап турат, — деди.

— Эгер кармай албай калса, эмне бересиң? — деп кыз айтканда, кемпир «оюмдагыны тапты» деп ойлоп:

— Эгер кармап чыга албаса, жүз төенү жүгү менен берейин, — деди.

Кемпир мышыкка шамды карматып койду. Кыз колундагы чычканды алып, кемпирге билдирбестен акырын коё берди. Мышык чычканды көргөндө көзү кызарып, тилин жаланып, шамды шак таштап жиберип, чычканды карай жүгүрдү. Чычкан жылт коюп эшикке чыга качты. Мышык босогого келип, аны аңдып отуруп калды.

Кыз кемпирди катуу түртүп:

— Эне, шамың кайда, мышыгың кана? — деди. Мышыкты улагада отурганын көргөндөн кийин, кемпир жүз төөнү жүгү менен ошол замат берди. Кыз шаарга келип, соодасын бүтүрүп, анан күйөөсүн издеди. Көчөдөн - көчө койбой кыдырып жүрүп, акыры бир ашпозго келип, күйөөсү от жагып отурганын көрдү. Анысы кийимден бүт ажырап, чачы алынбай, тырмагы өсүп кетиптир, колуктусун тааныган да жок. Ошондо бул ез жанына чакырып, беш сомдук алтын берип:

— Менин жаткан жерим көченүн башындагы чоң сарайда: кечинде ошол жерге манту жеткирип бер, — деди да, кетип калды.

Кечке жуук бала убадасы боюнча манту жеткирип, бирок үйгө кирбей, эшикти гана ачып, манту сунду эле, колуктусу: «Үйгө кирсин» деген буйрукту кылды. Күйөөсү үйгө кирип, чапанын кымтыланып отура кетти. Колуктусу аны жанына отургузуп, тамакты бирге жеп, анан сөзгө алганда, бала өз башынан өткөндөрдү бүт айтып өттү.

— Колуктуң бар беле?—деп сурады колукту күлүмсүрөп.

— Бар эле. Аяш атамдын кызы болчу.

— Аны жакшы көрчү белең?

— Абдан жакшы көрчүмүн. Бирок эми ага жетүүгө эч арга жок, — деп бала башын жерге салды.

Колуктусу чыдап тура албай, ичтеги сырын айтып жиберди. Анан күйөөсүн мончого түшүрүп, асыл кийим кийгизип, астына ат мингизип ашпозчуга акысын берип бошотуп алды да, айлын карай кайтты.

Кийин алар балалуу болушту. Баласы чоңойгондо, атасы ага ез башынан еткөндү сүйлөп:

— Карынын сөзүн капка сал, балам. Колуктуну өңүнө эмес, акылына карап ал, — деген осуятты көп айтчу экен.

Жылан менен кишинин арбашы

АВТОР: KMB3 · 21.10.2014

(жомок)

Илгери- илгери бир дыйкаң болгон экен. Эгинин отоп жүрсө, жакын эле жерден ышкырган дабыш чыгат. “Эмне болду экен?”- деп карай калса, бет маңдайында эки- үч кадам аралыкта эгинден да бийигирээк болгон жылан куйругу менен тикесинен турат. Дыйкан апкаарып жыланды тиктеген боюнча туруп калат. Баягы жылан да кишиден көзүн албай, тостоё тигилет. Дыйкан да көзүн ирмебей көпкө чейин карап тура берет.

Бир топтон кийин дыйкан жылан менен арбашып калганын билип, бир аз эсин жыйып, мындай учурда эмне кылуу керзк экенин элден уккандары боюнча жасоого аракет кылат. Жылан менен арбашып турганда ал кыймылдап, же бурулуп кетпей, жыландын атын табууга аракет кылып, ар кандай ысымдарды айта баштайт: “Мар”, “Могой”, “Мокочо”, “Кайыш”, “Айнек”, “Айнеккөз”, “Уу”, “Заар”, “Чаар”!

Бирок жылан эч кыймылдабай тикесинен катып турат. Дыйкан жыландын аты ушул болуп калбасын деп болжогон сөздөрүн жобурап улантат. Бирок таба албайт. Жылан анда- санда ышкырып коюп, тилин соймоңдотуп, дыйкандан көзүн албай кыймылсыз. Булардын арбашуусу созула берип, бир топ убакыт өтөт.

Түш ченде дыйкандын кызы атасына тамак алып келет. Келсе, атасы жылан менен тиктешип турат. Атасы күндүн ысыгына какталып тура берип, бүткөн боюнан шорголоп тер кетип, деми кыстыгып, ичи көөп бара жаткан экен. Жыланды караса анын да ичи көөп, шайы кетип, көзү тостоюп чанагынан чыгарына аз калыптыр. Кыз жүрөгү түшүп бир кадам жасай албай каккан казыктай туруп калат.

Кызынын келгенин билген дыйкан: “Топчумду чеч!”- деп айтууга гана араң кудурети келет. Эмнегедир шол замат баягы жыландын ичи тарс эте жарылып, сулап жатып калат. Көрсө, жыландын аты “Топчу” экен. Жыландын аты табылган соң, ичи жарылып кетиптир.

Жылан менен арбашкан адам, жыландын атын таба албаса ичи көөп, жарылып өлөт экен.

Ошентип дыйкан жыланды жеңип бала- бакырасы менен аман- эсен оокатын кылып жатып калган экен.

Булардын кайсынысы чоң?

АВТОР: KMB3 · 20.10.2014

(жомок)

Алабаш деген чалдын жалгыз карала өгүзү болуптур. Өгүздү дайыма өзү бакчу. Күндөрдүн биринде Алабаш узак жолго камынып, улуу баласына: Сен өгүзгө убактысы менен жем-чөп бергин,-деп кичүү баласына:

-А сен убактысы менен жетелеп барып сугарып тургун,-дейт да, өзү жүрүп кетет.

Алабаштын улуу баласы өгүздүн оозун тындырбай чөп берип турду. Арадан бир жума өттү. Сегизинчи күнү өгүз такыр чөп жебей калды.

- Буга эмне болду?. Ылаңдап калдыбы? Сен бирдеме билчү белең?-деп сурады агасы инисинен.

- Жок, муну атам гана билет.

Эки бир тууган жолдун боюнда өткөн-кеткенден өгүз канткенде чөп жей турганын сурай беришти. Күүгүм кире бир абышка өтүп:

-Өгүзүңөр чөп жебесе, суусап калганы ошол, эртең Ала-Көлгө жетелеп барып сугаргыла,-деди.

Атасынын тапшырган ишин аткарбаганын кичүүсү ошондо гана эстеди. Көрсө, өгүз бир жумага чейин суу ичпептир.

Эртеси өгүздү Ала-Көлгө алып барып сугарды эле, ал көлдү бүт ичип койду. Көл таза соолуп калды. Бала бул укмушту агасына айтмак болуп, өгүздү ошол жерде таштады да, өзү үйгө жүгүрдү.

Соолгон көлдүн ордунда калган балык өгүздү шак жутуп алды. Ал таноосун дердендетип оозун ачып, ары-бери ооналактап жатканда, кайдан келгени белгисиз кара бүркүт шукшурулуп кирди да, балыкты зооканын үстүнө көтөрүп барып жей баштады. Балыктын ичинен чыккан суу дарыядай ташкындап акты.

Ал аккан суу асканын түбүндө уктап жаткан абышканын бетине куюлганда, чал чочуп ойгонуп: “Күн азыр ачык эмес беле” деп күндү караса, көзүнө эмнедир бир неме түшүп кеткен сыяктанды. Абышка үйүнө келип, көзүн кызына каратты. Кызы ары карап, бери карап көзүнүн кычыгынан бир нерсени алып ыргытты. Көрсө, көлдү жуткан өгүздүн далыcы экен.

Арадан бир нече күн өткөндө кербенчилер:

- Ушул жер түз жер экен,-дешип кыз ыргыткан далынын үстүнө жатып калышты. Таң аппак атты. Кербенчилер ойгонуп, кайдадыр жылып баратканын сезишти. Карашса кызыл түлкү бир нерсенин четинен тиштеп сүйрөп баратат. Кербенчилердин бири мылтыгын алып, түлкүнү атып жибергенде, түлкү жыгылып калды.

Кырк кербенчи кырк жагынан түлкүнүн терисин сыйрышты. Бул ишти күн чыга баштап, күн бата бир капталын зорго сыйрып бүтүштү. Экинчи капталын сыйрыш үчүн аны оодара албай коюшту.

Аңгыча жолоочу катын жетип келди да:

-Соогат! Ушул түлкүңөрдүн бир капталын мага бергиле, мен сыйрып алайын. Жаңы төрөлгөн балам бар, ошого тумак чыгар,-деди.

Аябай чарчап, муну эми оодара албасына көзү жеткен кербенчилер:

-Ала коюңуз,-дешти.

Катын ат үстүнөн туруп эңип алды да, бастырып кетти. Кана, ойлонуп көргүлөчү: өгүз, көл, балык, бүркүт, чал, түлкү, катын жана жаңы төрөлгөн баланын кайсынысы чоң?



Камыр балбан

АВТОР: KMB3 · 17.10.2014

(жомок)

Мурунку өткөн заманда баласыз кемпир- чал болгон экен. Бир күнү кемпир камыр жуурганда: “Алда кудай ай, ушул менин камырым бала болуп калсачы” деп арманын айтып, тышка, чыгат.
Тыштан кайра келсе, баягы камыры бала болуп калыптыр. Анда баягы кемпир- чал бир бирине сүйүнчү айтышып, абдан кубанычта болушуп, той беришип, атын Камыр балбан коюшуптур. Ал абдан балбан, кайраттуу, эр чыгыптыр. Камыкең алтымыш өгүз, элүү ат, араң кыймылдата турган, темир таяк жасатып алып, он жети жашынан саякатка жөнөйт. Жолундагы шаар эли үркүп кете баштайт. Себеби, таягы жерди дүңгүрөтүп солкулдатса, эл “жоо келе жатабы” деп качат экен.

Ошентип жүрүп отурса, алдынан Тоотолтоң деген адам чыгат. Андан Камыр балбан:

- Эмне өнөрүң бар?- деп сурайт.

- Балбандыгым бар,- деп жооп берет.

- Эмесе жүр, экөөбүз жоддош бололу,- деп ээрчитип алып жүрүп олтурса, алдынан Суусулпаң деген кездешет. Андан:

- Эмне өнөрүң бар?- деп сурашат.

- Менин өнөрүм: агып бара жаткан деңиздерди, сууларды алаканым менен токтотомун,- дейт.

Ал үчөө жолдош болуп жүрүп отурса, жолунан Айалпаң чыгат. Андан:

- Эмне өнөрүң бар?- деп сураса:

- Менин өнөрүм: тоодогу айбанаттардын баарын таш менен урсам, өлбөй калбайт,- дейт.

Төртөө биригип алып, өзүлөрүнчө тоого чыгып, аң ууламакчы болушат. Алардын бирөө күндө кошто калып эт бышырып турмакчы болот. Адегенде Айалпаң калат. Беркилер кечинде келишсе, эч кандай тамак жок, бир Жез Тумшук от аламын демиш болуп келип, этин жеп, өзүн аябай сабап кетет.

Экинчи күнү Суусулпаң эт бышырганга калат. Анын да Жез Тумшук мурункудай этин жеп кетет. Анда да ачка калышат.

Үчүнчү күнү Камыр балбан калып, эт бышырып отурса, Жез Тумшук келип:

- Эт берчи!- деп Камыр балбанга айтат. Анда Камыр балбан:

- Эт жебей, чок же!- дейт.

Ал экөө ошол жерден кармашып, Камыр балбан баягы темир таягы менен чабаарда, Жез Тумшук качып жөнөйт, тиги кууп жетпей калат. Ал кара үңкүргө кирип кетет.

Кечинде жолдоштору келгенде, Камыр балбан болгон ишти айтып үчөөнү ээрчитип, үңкүргө түшсө, бир ак үй бар экен. Ал үйгө кирсе, үч кыз ыйлап отурат. Баягы Жез Тумшук уктап жатат. Аны Камыр балбан таягы менен бир- эки чаап жиберее, тура калып кармашат. Үч кыз унчукпай отура беришет. Камыр балбан баягы Жез Тумшукту өлтүрүп, үч кыздан сыр сураса, ал үчөө зордуктап алып келген хандын кыздары экен.

Үч кызды Камыр балбан тышка алып чыгып, үч жолдошуна барып үч кыздын бирөөнү өзү алып, экөөнү Тоотолпоң менен Суусулпаңга берет. Айалпаң кур калат. “Үч кызды үчөөбүзгө бербейт”,- деп үчөөнүн ичинен нааразылык чыгып, балбанды өлтүрмөк болушат. Аны балбан билип калып, үчөөнү тең кызылдай сабай турган болгондо, качып кетишет. Үч кызды балбан ханга кабар айттырып, шаарга барат.

Барса баягы үч кыз ошол хандын кыздары экен. Хан өзү хандыктан түшүп, балбанды хан көтөрөт. Ошентип, Камыр балбан хан болуп карыган ата- энесин багып калыптыр.

Сыйкырдуу сака

АВТОР: KMB3 · 16.10.2014

(жомок)

Илгери- илгери миң койлуу киши менен жүз койлуу киши кошуна жашайт. Койлорун балдары кайтарып жүрөт.

Күндөрдүн бир күнүндө миң кой кайтарган бала менен жүз кой кайтарган бала койлорун эки бөлөк жайып коюп, чүкө ойношот. Кечке ойноп, жүз койлуу бала чүкөсүн бүт уттуруп, бир сакасы эле калат. Ошондо гана кайтарган кою эсине түшүп, койлоруна келсе, баарын карышкыр кырып кетиптир.

Үйүнө баргандан коркуп, бала бир үңкүргө түнөйт. Курсагы ач, ичерге тамак жок, кою кырылып, чүкөсүн уттуруп, ичи күйүп уктай албай коёт. Ошондо сакасын колуна алып: “Сакам, сен да жакшы конбой койдуң, мен да жакшы ойной албадым. Чүкөмдү уттурганым аз келгенсип, койлорду карышкыр кырып кеткенин карачы. Эми кантип жан сактайбыз? Эт, май, сүт, кийим- кечекти кайдан табабыз? Атаңдын көрү ай, кайра жүз койлуу болсок, чүкө ойногонду коюп, жакшылап кайтарып жүрөр элем”,- деп көз жашын сакасына тамчылатат. Ошентип санааркап жатып уктап кетет.

Эртең менен эрте ойгонуп, бала өз көзүнө өзү ишенбейт. Тегерете койлору жуушап жатат. Бала сүйүнүп, койлорун айдап үйүнө келет. Бирок кечээ болгон окуяны ата- энесине айтпайт.

Дагы кой жайып чыкканда кечээ койлорун карышкыр кырып кеткенин, уктап калса, койлору жуушап жатканын миң койлуу балага айтып берет. Миң койлуу бала укканын атасына айтат.

Миң койлуу киши сыйкырдын баары жүз койлуу баланын сакасында экенин билип, дагы байыгысы келет, да, өз баласына: “Тиги жолдош балаңдын сакасын бүт чүкөңдү берсең да, бир койго сатып алсаң да алып кел”,- дейт. Эртеси бала бүт чүкөсүн бир сакага алмашып, атасына алып келип берет. Саканы колуна алып, баласы экөө «Миң коюбуз эки миң болсо экен, элдин баарынан бай болсок экен, айланайын сака, тилегибизди бере көр» ,- деп тилеп, экөө тең таң атканча койлор кантип көбөйөр экен деп тирмийип карап турат.

Аңгыча таң да атат. Короого келип, койлорун караса, миң коюунун бири да калбай кырылып калганын көрөт. Ошондо ачуусу келип, саканы отко ыргытат. Сака отко түшөр замат жарк этип жалын чыгып, жалындын арасынан он эки мүйүздүү бугу чыгып, токойго чуркап кетет.

Отунчу падыша

АВТОР: KMB3 · 15.10.2014

(жомок)

Бир заманда Султаналы деген отунчу болгон экен. Өзүнө ылайык кембагалдын кызы Умсунайга баш кошуп “эки бакыр, бир тукур” болуп оокат кылышат. Аялы көп кечикпей эле эркек төрөп бериптир. Баланын кубанычы менен жылаңач- жабык эстен чыгып кетет. Мырза аттуу баласы бат эле чоңоюп, он жашка чыгат.

Султаналы үй- бүлөсүн, өз кардын тойгузуу үчүн “өлбөс оокат, чыкпас жан” дегендей, кара жанын карч уруп, күнүгө талаадан отун терип калаага сатуучу экен.

Күндөрдүн биринде кылаңгыр чайга тоюп, өлбөс оокатка жан талашат. Койнуна бир көмөчтү салып, жолду карата көп ойлорду ойлоп баш катырды. “Мен алтымыштан, кемпирим элүү жаштан аштык. Демек экөөбүз тең картайдык. Артыбызда керки, чотту жыйнап, атыбызды өчүрбөй турган тукумум Мырза бар. Жалгызымдын колун адалдап коюуга кудуретим келбеди. Атаганат!”- деп далай жерге келип калганын да өзү билбей калыптыр.

Отун алуучу жеринде эмне кыларын билбей, “урушарга жоо таппай, урунарга тоо таппай” жолдун боюнда сары сан болуп терең ойго батып отуруп калат. Бир убакта ордунан ыргып туруп артын көздөй жөнөйт. Баратып кантип уулунун тоюн берүүнү ойлонду: “Кой, аздан акча жыйнайын, катып койгон акчамды таптакыр унутуп калбайын, күрүч, кой алып туруп, уулума той берип, элден бата алайын” деп кызык кыялга батты.

Жолдо келе жатып көздүн жоосун алган сонун куурайларга көзү түшөт. Ана- мына деп карап турбай Султаналы жол боюндагы шуудурап турган куурайларды оро баштады. Күндөгүсүнөн алда канча көп куурай жыйнап, бекемдеп таңып, көтөрүүгө көп аракеттенип, кара терге түштү. Бир маалда эптеп дөңгө сүйрөп жеткирип, чарчап алы кеткендиктенби, аны ордунан кайра жылдыра албады.

Бүткөн бою суу болуп, өзү кара терге түштү. Көтөрө албайт, көтөрүп тура калайын дегенде, башынан ашып көмөлөнүп кетет. Бир туруп ызаланып, бир туруп капаланды. Кандай жеткирүүнүн амалын таппай, казыктай болуй жолду карап туруп калды.

Жолдон өтүп бараткан жолоочу көрүп- билип тургансып Султаналынын кыжырын кайнатып суроо берди. Ал жини келип:

- Көзүң көр, кулагың кереңби? Бооруң ачыса жеткирип бер, болбосо эмнеге куру сүйлөйсүң,- деп кыйкырып үнүн катуу чыгарды.

- Ачууланба, чабалдык кылба, билем сенин эмне кылганыңды, балаңа той берүүнүн камын көрүп, азап тартып, убара чегип жатасын. Сен куу жаныңды кууратып эмне кыласың. Ыракаттан жүзүн көргөн жериң жок, дүйнөгө келгениңден кийин жыргайм деп ойлосоң боло. Отунчум куу жанынды кууратпай менин акылыма көн. Тетиги чоң ташты көтөргүн, астындагы чуңкурга колуңду салсаң бир тасторкон, бир бешмант, бир сака бар. Ошолорду алгын, көктөн тилегениң жерден табылат.

- Аларды шаарга сатамбы?- деп Султаналы сураганда, жолоочу:

- Кокуй, андай кыла көрбө, кайсы тамакты көңүлүңө түшүрсөң ошол замат даяр болот, каалаганча жеп, тасторконду кайра катып коюп жүргүн. Бешмантты кийип алсаң, эл көзүнө көрүнбөй каалаган жерге жетесиң! Саканы болсо, башыңа кыйын иш түшкөндө курал кыл. Саканы тамдын төбөсүнө коюп туруп анын артынан өзүң чуркап бар. Сака түшкөн жерде эшик ачылып калат. Ичине кирип ылдый түшсөң адамдын көңүлүн чайыткан бак пайда болот. Ортосунда чоң жолу бар, жол менен басып бараткаңда оң жагыңды карасаң бышып жетилген мөмөлөрдү көрөсүң. Бирок сол жакка карабай, ар убак оң жактын мөмөлөрүн же. Сол жактагы мөмөнү сага мурда ким жамандык кылса ошолорго берип жедир. Аны жегенден кийин алар таш болуп катып калат. Каргап туруп берсең, сен жаман санагандай болот. Кыскасы кандай ойлосоң ошондой болот,- деди дагы жолоочу көздөн кайым болду.

Султаналы: “өңүмбү, түшүмбү”, деп бир топко дал болуп туруп калып, араң- араң эсине келди.

Султаналы жолоочу айткан чоң ташты ордунан жылдырып коюп, дагы колун ийнине чейин төмөн карай салып, төмөнүрөөк жибергенге коркту. “Колумду улам салам деп отуруп, өзүмдү сордурбайын, кой кемпиримди жардам бергенге алып келейин” деди. Үйүнө барып кемпирине сүйүнчүлөп, “жүр, кемпирим” деп, алып келди.

Султаналы чөк түшүп отурду да, артынан кемпирине этегин карматып:

- Сак бол, кокус мени ары карай тартса, сен бери карай тарт, андай кылбасаң мен өлдүм,- деди.

Кемпири ээгин тиштеп, Султаналыны бекем тартып, кыйналып кысталып туруп тасторкон, бешмант, саканы сууруп алып чыкты. Кубанычтары койнуна батпай, абдан сүйүнүштү.

- Кемпирим эмне жегиң келет?- деп жалт карады. Умсунай:

- Сары майга бышырылган каттама болсо!

- Мен да ошону каалаймын,- дей салды Султаналы. Ичинен сары майга бышырылган каттама чык,- деп тасторконду ачты эле, тасторкон толду, өлгөнчө жеп тоюшту.

Баягы жолоочу айткандай жеп бүтүп, кайра жаап коюшту. Айт тамактар болуп, береке жайнап ырахаттын жүзүн көрө башташты.

Анан бешмантты кийип, Султаналы шаарга чыкмакчы болду. Бешмантты алып, жолоочу айткандай эч кимге көрүнбөй шаарга кирип барды. Султаналы шаарды аралап, бир жерди караса набайчы нан чыгарып жатыптыр, “ушундан бирди алып көрөйүн, билинер бекен, билинбес бекен”, деп нанды алды дагы, тыяк- быякка карап көрдү. Бир аз басып, кайра турду, набайчы аны менен иши да болбоду.

Султаналы дагы сынап, бир киши алма сатып отурган жерден алмасын алды эле, эч ким көрбөдү. Андан ары бал саткан жерге келип, оюндагысын алып, керек дегенин колуна кармады. Бирок такыр адамдын көзү чалбады.

Султаналы кездеме саткан соодагердин жанына келип: “Бул адамдын акчасын алайын” деп ойлонуп, коюн кончуна тыгып акчаны ала берди. Бул дагы көргөн жок.

Анан Султаналы келатса, базарда чөнтөкчү уурдаган акчасын санап туруптур. “Мейли бул дагы бирөөлөрдү какшаткан акча”, деп анын дагы акчасын, алды.

Ары барса, кай бирөө какшап, кай бирөө боздоп жүрүшөт. Султаналы абайлап канча жоготсо, ошончо акчаны орундарына салат.

Андан ары сыйкырдуу бешмант менен жүрүп отуруп кайыр - тилеген пенделердин арасына келип баягы акчаларды берип отуруп, аны дагы апың- упуң кылды.

Жолдо келе жатып Султаналы бир казыга кезигип калды. Казынын башындагы жибек жоолугуң алып жаман чүпүрөктөрдү ороп койду. Казы бул ишти байкабай жүрө берди, ары өткөн, бери өткөндөр шылдың кылышып шермендеси чыкты.

Сыйкырдуу бешмант менен аман- эсен Султаналы үйүнө келип болгон иштердин чыпчыргасын коротпой аялына айтып берди.

Арадан көп убакыт өтпөй Султаналы: “Эми саканы сынайынчы”, деп үйүнүн үстүнө чыгып, жолоочу айткандай саканы атып жиберип, анын артынан өзү келди. Шарт этип эшик ачылып, мөмөлүү бактар көрүндү. Мөмөлөрдү көрүп, айран таң калып, оң тарабындагы жемиштерди татып көрдү.

Жолдун сол жагындагы ашпурт, анжыр, алмаларга көзү түштү. Самсаалап турган анжырдан бирди үзүп алып, өзү жебей: “Умсунай муну жакшы көрүүчү эле”,- деп сүйүнгөн бойдон кемпирине аласала алып келди.

Умсунай “жеп коеюн” деп, оозуна салаары менен мышык болуп мыялап калды.

Султаналы аргасы кетип, айласы түгөндү. Умсунай дубалга чыгып, эмне кыларды билбей жалдырап турду.

“Бир анжырдын азабынан кемпиримден айрылдым”, деп кокуйду үстөккө- босток айтып, эстен танды. Аргасы кетип көзү карайлап, баягы сакасын калчап, бактын оң тарабындагыга барып, анжыр, ашпурт, анар, жүзүм терип алды дагы, бирден мышыкка зордоп жедирди. Анжырды жегенден кийин кемпир өз калыбына келди.

Султаналы сүйүнүп, “Кемпиримден бөөдө ажырап кала жаздадым”, деп мөмөлөрдүн кандайы дабаа, кандайы залал боло турганын жакшы билди. Султаналы сыйкырдуу бешмантты көп кийип күндө базарга барат. Арам тамак соодагер, байлардын акчасын алып, кембагалдарга таратып берет. Кембагалдар тоюнуп жыргашты. Кандын казынасын чачты. Короо- короо кой, өрүшү менен жылкыны таратып, кедейлердин жарпы жазыла баштады.

Жердин үстүндөгү жемиштер дагы калганы жок, утурумдук оокат үчүн Султаналы Умсунай экөө алтын саканы ыргытып коюп жер астындагы бактардын мөмөлөрүн сата баштап турмушу оңолду.

Бир күнү Султаналы баласына той берип шаардын падышасын вазирлери менен чакырып ааламда жок даамдарды тасторкон жасап, аябай тан калтырды.

Кетээрде падыша Султаналынын сыйкырдуу бирдемеси бар экенин билип, анын сырын билиш үчүн:

- Мындан ары жакшы жүрөлү, келишип кетишип туралы, балким кудалашып каларбыз,- деп өзөр- мазир сөзүн айтты.

Султаналы кубанычы терисине батпай:

- Кулдук- кулдук,- деп таазим кылды.

Мына ушундан баштап падышанын кызы Айжамал менен Мырза көп ойной турган бодду.

Бир күнү Султаналы менен Умсунай бир жакка кетишип, баягы сыйкырдуу бешмантты үйгө унутуп калтырышат.

Айжамал менен Мырза бышып турган коонго барат да ээси кармап алып, Айжамалды жибербейт. Ошондо Мырза кызга боору ачып, сыйкырдуу бешмантты алып келип, коонду оюнча жеп, каалаганча алып кетишет.

Бешмантты үйүнө коюп, Мырза билмексен болуп калды.

Айжамал болгон ишти төкпөй, чачпай атасына айтып келди.

- Сен ошол бешмантты алып келсен, алтындан сөйкө жасатып берем,- деп падыша кызына убада кылды.

Кыз атасынын айтканын орундатып, сыйкырдуу бешмантты алып келип берди. Падыша сыйкырдуу бешмантты сынап көрүп, бекем катып таштады.

Бир күнү Султаналы менен Умсунай экөө дагы айылчылап кеткенде, Мырза Айжамалдын астына барбактап тасторконду жайып, түрдүү оокатты жайнатат. Каалаганча жешип, тасторконду кайра ордуна илип коюшат.

Айжамал үйүнө келип атасына сыйкырдуу тасторкон жөнүндө айтып берет. Атасы аябай кубанып кызына:

- Сага алтын шакек берем, ошол тасторконду алып келсең,- деп дагы жумшайт.

Сыйкырдуу тасторкон да алынып келди.

Султаналынын тырпы тышына айланып, бешмант, тасторкондон ажыраганына аябай капаланды. Ким колдуу болгонун дароо байкады.

Алтын саканы ыргытып, анан өзү чуркап жердин алдындагы бакка барып, мөмөлөрдү эки- үч чакадай жыйнады. Кыштын кырчылдаган күнү падышага тартуу кылып алып барып берди. Баарысы аң- таң калып, жеп жыргашты.

- Эртең дагы алып келем,- деп убада кылды.Султаналы бактын сол жагындагы мөмөлөрдү терип туруп падышаныкын көздөй басты. Султаналы:

- Мен бирден оозуңарга салам, оозуңарды ачып, көзүңөрдү жумуп тургула – дегенине падыша менен вазирлер макул болду.

- Падыша мышык, вазирлери ит болсун,- деп Султаналы шыбырап, колун бир силкип койду.

Ошондон кийин баарысы айткандай болду. Падышанын тактысына өзү олтуруп, адил иш жүргүздү. Жоголгон буюмдарын таап, жаркырап- жайнап жатып калган экен.

Үч ууру

АВТОР: KMB3 · 14.10.2014

(жомок)

Үч жерден үч ууру аттанып, бир жерден үчөө тең кезигишет. Бул уурулар сөзгө келип, бири- бири менен таанышышат. Биринчи ууру:

- Мен жанда жок уурумун- дейт.

Экинчи ууру:

- Мен жанда жок баатырмын- дейт.

Үчүнчү ууру:

- Мен жанда жок ченчимин. Мен отун бар деген жерде отун, суу бар деген жерде суу, эл бар деген жерде – эл бар, кыскасы бар деп айткандарымдын баары бар, баарын караңгы, жарыкта болсун жазбай табам,- дейт.

Ошентип узак жол жүрүшөт. Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп бир жерге келгенде ченчи жолдошторуна:

- Менин шакегимди алып атымдын басып кеткен изине көөмп кеткиле, кайта келиште жазбай табам,- дейт.

Баатыр менен ууру баягы шакекти ченчи айткандай жерге көөмп андан ары кетишти.

Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп бир оокумда баатыр менен ченчи жанда жок ууруга:

- Сен уурулугум ашык дейсиң, эмесе өнөрүңдү көрсөтүп, хандын казнасынан аттын башындай алтын уурдап кел,- дешет.

Бир күнү ууру түн жарымында хандын казынасына кирмек болуп келе жатса, шаардын четинде бир кыз отуруптур. Көрсө, ал хандын кызы экен. Ат башындай алтынды алып бир жигит менен качмак болуптур. Ууру келер замат кыз:

- Жүр, кеттик,- деп атка минип жөнөшөт.

Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп ууру кыз менен баягы баатыр ченчиге келип:

- Ээ, баатырлар, ата казынасы кызбы, же алтынбы?

- Ата казынасы кыз,- деп жооп беришет.

Баягы үчөө кызды ээрчитип жүрүп олтуруп бир жерге келгенде ченчи:

- Ой, баатыр, баягы шакекти менин атым басып калды, ала кой!- дейт.

- Калп айтпасаңчы, атыңдын бутунун астындагы шакекти кантип эле биле койдуң?- дейт.

Ченчи:

- Атыңдан түшүп, батыраак кара,- дейт. Баатыр түшүп, изин караса, шакек жатат.

Баягылар бир жерге келгенде жаан жаайт. Ченчи менен ашкан ууру баатырга:

– Сен баатыр эмессиңби, мүрзөдөгү жыгачтарды алып кел,- дейт.

Ошентип коюп ууру дароо барып жыпжылаңач болуп, баткакка оонап, төбөсү ачык көргө кирип кетет. Баатыр болсо бир бейиттин жанына барып муштагылап жыгачты алып, бир тең отунга жеткирип, бутун үзөңгүгө саларда, ууру кыйкырыкты салып:

- Сен малды айдап, майды чайнап жүрөсүң, биздин үстүбүзгө көлөкө кылган жыгачты да аласыңбы?!- деп жакадан алат.

Ошондо да баатыр кабагым кашым дебей:

- Сен эрте өлүп кудайга бардың, сага теңелип биз да ачка өлөлүбү, - деп ууруну жыга муштап, отунду арта салып жайбаракат кете берет.

Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп кыз үчөө бир айылга келип: “Кимибиздин өнөрүбүз күчтүү” - деп казыга калыстыкка барышты. Ар кимиси өз өнөрүн төкпөй-чачпай айтып берет.

Ошондо казы булардын өнөрлөрүн угуп отуруп:

- Баарыңдан баатырдын өнөрү ашык экен,- деп кызды баатырга берет.

Карачач

АВТОР: KMB3 · 13.10.2014

(жомок)

Илгерки заманда Каракан деген кан болуптур. Бир күнү Каракан өзүнүн кол астындагы элдерди чакырып алып:

- Менин сурай турган үч суроом бар. Ошол суроого жооп берген адамга ат башындай алтын беремин,- деп өзүнүн карамагындагы элдерге кабар кылат. Кандын мамлекетиндеги эл чогулгандан кийин:

- Биринчи, дүнүйөдө эмне таттуу? Экинчи, дүнүйөдө эмне катуу? Үчүнчү, дүнүйөдө эмне оор?- деп элге суроо берет.

Ошондо бир балыкчы чал:

- Мен табамын сурооңузду. Убадаңызды бузбасаңыз менин бир Карачач деген кызым бар, мен үчүн ошол айтып берсе болобу?- дейт.

Андан Каракан:

- Сиз үчүн кызыңыз айтып берсе болот,- дегенден кийин, экинчи күнү балыкчы чал кызын ээрчитип келет.

Кыз:

- Таксыр каным, “кандын суроосуна жооп бер”,- деп атам ээрчитип келди, сурооңузду айтыңыз, жооп берейин,- дейт. Кан баягы cуроолорду берет. Карачач ойлоно калып чечмелеп кирет.

- Балдан ширин – жигиттин алган жары, таштан катуу – жокчулук, жокчулуктун зары. Чын убададан – оорду көрө албадым! Мен деңиздин жээгиндеги балыкчы чалдын кызымын. Картаң ата- энемдин менден башка баласы жок. Атамдын балыктан башка күндөлүк тапкан табышы жок. Мен атама жардам берип, деңиздин жээгинде атам менен жүрөмүн. Атам чал, энем кемпир, экеө мени “кызым, сенден башка көрөр күнүбүз, жыттар жытыбыз жок”, деп дайыма мага жалынып, экөө ортосуна алып жатышат. Атам менен энеме менден жакыны жана аларга менден ысык нерсе жок экен го деп ойлочу элем. Эртең менен ойгонгондо карасам, мен четте жатып каламын, ошону көрүп бала канча жакшы, абдан ысык болсо дагы, эри менен аялдан жакын” боло албайт экен го деп ойлоймун.

Экинчи жокчулук таштан катуу экен деп айтканым, кайсы бир убактыңарда атам балыктын чабагын да ала албай, үйгө сабыры суз кайтат. Ошол убактыларда, үйгө атамдын курбу курдаштары келип калганда, тамак бере албай, “айжокчулук” деп, капаланып олтурган күндөрү болучу. Ошондуктан, жокчулук таштан катуу экен го деп ойлоймун.

Үчүнчү, убада оор дегеним, ушуну менин айткан сөзүмө сиз убада кылып, убаданы буза албай мага ат башындай алтынды бергени турасыз. Ошондуктан, барыдан убада оор экен деп ойлоймун.

Ошондо кан: “Суроомө туура жооп берди”, деп убадасы боюнча кызга ат башындай алтынды берген экен. Андан кийин кан кызга:

- Үч күндөн калтырбай атаңды мага жибергин. Сен убаданын жайын билет экенсиң, менин сөзүмдү орундатпай койбогун,- дейт.

Карачач кыз болсо кандан алган ат башындай алтынды үйүнө алып барып, атасы менен энесин кубандырды.

Үч күндөн кийин канга берген убадасы боюнча кыз канга атасын жиберет да:

- Кан оңой суроо берсе жооп бериңиз, эгер кыйын суроо бере турган болсо, “үч күнгө чейин уруксат бер” деп кайта үйгө келерсиз,- дейт.

Баягы чал канга баргандан кийин кан аны ордосуна чакырып алып:

- Ээ чал, кечээ кызыңа ат башындай алтын бердим, өзүңө дагы көп дүнүйө беремин. Жокчулук менен өмүр өткөргөн адам экенсиз, сени өмүрүнчө байлыкка тундурам. Менин мурун тогуз аялым бар эле, бир да балалуу болгон жокмун. Эми айтарым Карачач кызыңды мага бергин, мен эрке токол кылып алайын,- дейт.

Анда чал:

- Сизге кызымды токолдукка сатып, көп мал алганымдан көрө өзүмдүн күндөлүк эмгек кылып, кармаган балыгым артык эмеспи,- дейт.

Бул сөзгө кандын ачуусу келип:

- Чалды дарга тарткыла,- деп желдеттерине буйрук берет. Ошондо чал абдан коркуп, кандан үч күнгө уруксат алып, үйүнө кайтмак болот. Кетээрде чалга кан:

- Үч күнгө чейин сөзүмдү орундатпасаң, баары бир курулгандар ушул калыбында турат. Тирүү кутуламын деп ойлобогун. Мен айткан сөздү аткарып, кызынды бересиң,- дейт. Чал корккон бойдон сандалып баса албай үйүнө келет да тескери карап жаткан жеринде кыңылдап ыйлай берет.

Кыз атасына:

- Ээ ата, ыйлабаңыз, “миң күнкү өлүктөн, бир күнкү тирик артык” деген бар. Ата, кайта канга барып, сөзүнө макул дей бериңиз. Көп берсе алтын албаңыз. Кан кызыңды бергин деп, сизге айткан чыгар. Анда сиз төмөнкүдөй малды берсеңиз, мен кызымды беремин деп гана жооп берип кайтыңыз. Ал калың: биринчи, кийиктин он улагын, жыйырма түлкү, отуз карышкыр, кыр карстан, элүү ат, алтымыш чидер, жетимиш аркан, сексен каны жок кургаган жүрөк берсин деңиз. Ушуну берсеңиз, мен кызымды беремин! “Эң алды менен муңу жок, картаң молдого кызым экөөңөр никеңерди кыйдыргыла де”,- деп айтаар сөзүн үйрөтүп, атасын жөнөтөт. Кызынын бул сөзүнө чал аң- таң калып, канга барганда коркуп жатып араң айтат. Чалдын сөзүнө кан кубанып, сыйлыкка деп көп алтын берет. Калган малды дагы таап беремин деп, чалды үйүнө кайтарат. Кан өзүнө караштуу вазирлерин, карыяларын, билимдүү көсөмдөрүн жыйнап алып, алиги чалдын айткан сөздөрүн кандай кылабыз деп акылдашат. Отурган адамдардын ичинен бир чал туруп:

- Түлкү, карышкырды кармоо оңой, арстанды кармоо кыйын,- дейт. Андан кийин бир карыя тура калып:

- Муну айткан кыз Карачач арстанды кармоону дагы билет. Кызды алдырып сурайлы,- дейт. Кан макул болуп, Карачач кызга киши жиберип алдыртат. Карачач келгенден кийин, кан:

- Жырткыч айбандардын сага жана ата- энеңе эмне кереги бар? Андан көрө алтын алын, ата- энеңе берсең, жеп- ичип, жыргап жата бербейби,- дейт. Анда кыз Карачач унчукпай көпкө олтурду.

- Аталар, агалар, мен жырткыч айбандарды сураган эмес элем. Кан башыма боштондук берсе экен деп, боштондук сураган элем. Мен айткан калың мал эмес, силер өзүңөр ойлоп көрсөңүздөр, кан экөөбүздүн башыбызга келе турган табышмак. Калың малга он улак берсин дегеним, менин жашым ондо, улактай ойногон кыз кезим, жыйырма түлкү берсин дегеним, киши жыйырмага чыкканда түлкүдөй булактабайбы, отуз карышкыр дегеним, адам отузга чыкканда карышкырдай жүткүнбөйбү. Кырк арстан дегеним, кыркка чыккан адам арстандай күчүнө келбейби, элүү ат берсин дегеним, элүүдө адам ат болбойбу. Алтымыш чидер дегеним, алтымыштагы адамдын бутуна чидер түшүп, өзүнчө басып кете албайт дегеним. Жетимиш аркан берсин дегеним адам жетимишке чыкканда аркандалбайбы. Сексен каны жок жүрөк берсин дегеним, сексенге чыккан адам каны жок жүрөктөй кургабайбы. Муңу жок картаң молдого никемди кыйдырсын дегеним, картаң адамдын ичинен капа- кайгысы жок, бир да адам болбойт. Ошондуктан, менин никемди кыйдыра албай, мага уруксат бербейби,- деп менин канга карата айткан табышмактуу суроом болучу. Ушул олтурган аксакалдар, кан баш болуп, менин суроомду текшерип көргүлөчү, айткан сөзүмдүн катасы болсо кайта алайын. Болбосо, канга тийбеймин! Кан мени албайт деген сөзүм эмеспи. Бул сөзүмдү ойлоп чечип, мени кыйноодон бошотуп, уруксат берүүңүздөрдү сураймын,- деп кыз айткан экен.

Ошондо олтурган элдердин ичинен бир аксакал адам:

- Балам, кыз Карачач, бактың ачылсын, жолуң болсун,- деп кандан уруксатсыз эле, кызга бата бере кетет.

Кан аксакалдын сөзүн кубаттап, отурган бардык эддер чурулдап кошо бата кылат. Кан көпчүлүк элден чыга албай кызга уруксат берүүгө амалсыздан макул болот. Ошол кыз Акыл Карачач деп акылдуулугунан айтылып, эл оозунда сөз болуп калган дейт.

Мүнүшкөр

АВТОР: KMB3 · 10.10.2014

(жомок)

Илгери-илгери он жети жашар мүнүшкөр бир байдын үйүнө келип консо бир бүркүт турат. Эртең менен бай байбичеси экөө желеге бээ байлайлы деп кетишет. Бала бүркүткө карап:

-Кайран асыл, билген кишинин колуна тийбей, билбес кишинин колуна тийипсиң,-деп сүйлөнөт.

Анын сөзүн угуп калган бир бала байга барып:

-Үйдөгү конок бала бүркүттү “кайран асыл, билген кишинин колуна тийбей, билбес кишинин колуна тийип калыпсың”-деп жатат,-дейт.

Балага келип бай:

- Бүркүттү таптап бергин,-дейт.

- Бүркүттү таптоону билбеймин,-дейт бала.

- Балам, ушул бүркүттү таптап берсең, кызымды сага беремин,-дейт бай.

Ошондо бала макул болуп:

-Эки жыл туу калган бээ тап, бир боз үй тиктирип коюңуз, ал үйдүн ичинде эч нерсе болбосун, ага бүркүттү коёмун жана бээни союп этин киргиземин,-дейт. Бай эки жыл туу калган бээни алып келет жана бир үйдү тиктирип даярдайт, үйдүн ичине эч нерсе койдурбайт.

Бала бээни сойдурат, аны бүтүн үйгө киргиздирет. Бүркүттү да кийирип байлабай бош коет. Ал чыгып кетпей турган кылып үйдү жылчыгы жок бекитет. Ошентип бүркүттү камап коет да, кээде гана суу берип коюп жүрөт. Бүркүт бээнин этин жеп бүтүп, семизинен басалбай калат. Бала: “Басалбай калган бүркүт таптоого оңой болот” деп, таптай баштайт. Бир ай таптагандан кийин аны түлкүгө салуу үчүн алып чыгат. Бир топ киши менен бала кыдырып жүрсө, бир кара түлкү чыга качат да, бүркүттү көрө салып тиктеп туруп калат, ал жөн түлкү эмес калтар экен. Бала бүркүттүн томогосун башынан алат да, бирок бүркүттө калтарга салбай томогосун кайра кийгизип коет. Бала менен бирге жүргөн кишилер: “Бүркүттү эмне салбайт?” деп таң калышат.

Бала бүркүттү томогосун дагы башынан шыпырып алып, бүркүттү салбай томогосун кайра кийгизип коет. Баланын жолдоштору “бул бала бүркүтүн эмне салбайт, калтарды бизге ыраа көрбөй турат го” дешип наалышат.

Бала томогону алып бүркүттү шилтейт. Бүркүт калтарга карабай асманга кетет. Калтар болсо алдыңкы эки бутун көтөрүп асманды тиктеп калат. Бүркүт өтө бийик көтөрүлүп, карааны көзгө көрүнбөй үлбүлдөп калган кезде шукшурулуп тик сайылып келип калтарды башынан мыкчый кармап көккө көтөрүлдү да, жерге таштап жиберди. Калтарды алышкандан кийин жолдоштору:
- Эки жолу бүркүттүн томогосун алдың, бирок салбадың, үчүнчү жолу гана салдың, мунун себеби кандай?-деп баладан сурашат.

- Биринчи жолу асыл менен асыл кантип беттешет деп бүркүттү калтарга салууга колум барбады. Экинчи жолу асылды асыл кантип кыят деп салууга колум барбады, үчүнчүсүндө тобокел деп чымырканып туруп бүркүтүмдү кое бердим, бүркүттүн асманга бийик чыкканынын себеби, ал канчалык бийик көтөрүлсө, ошончолук тиктей берип түлкүнүн көзүнө жаш толот, качырып келе жаткан бүркүттү көрбөй калат. Акчекир деген бүркүт ушул,-деди бала.

Эл: “Чынында байдын кызы балага ылайык экен” дешип, баланы үйлөндүрүп-жайландырып коюшат.

Жез кемпир

АВТОР: KMB3 · 07.10.2014

(жомок)

Илгери-илгери бир эки кыздуу жесир аял болгон экен. Күндөн күнгө оокаты начарлап, бир күнү аял бир кызын оң колуна, бир кызын сол колуна жетелеп, оокат издеп жөнөйт. Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп бир алачыкка туш келишет. Киришсе, төрдө бир териге оронгон кемпир жатат. Аял ал-абалын түшүндүрүп:

- Багар көрөрүбүз, барар жерибиз жок, бир жүргөн жанбыз. Түнөп кетүүтө уруксат берер бекенсиз,-дейт.

- Менин эле үйүмдө жүрө бергиле,-дейт кемпир. Ошондон кийин алар кемпирдин үйүндө жашап калышат. Кемпир керээли кечке тери жамынып жата берет. Аял болсо, күнү-түнү менен жаны тынбай оокат кылып жүрөт. Күндөрдүн биринде кемпир:

- Жүрү, кийиз өтүктүн таманына салгандай чөп жулуп келели, деп келинди токойго алып келет. Баягы аял чөп жулганы эңкейе бергеңде кемпир койнунан бычагын сууруп чыгып, бир саят. Отту чоң кылып жагып, баягы келинди шишкебек кылып жеп коёт. Көрсө, ал кемпир киши жегич экен. Кемпир алачыкка кирер замат кыздар:

- Апабыз кайда?-деп сурашат. Анда кемпир:

- Камырабай эле койгула, силердин энеңер өтүгүңөрдүн таманына салгандай чөп жулуп жүрөт, жакында келер,-деп коёт. Өзү босогону аттаар замат коңурукка кирет. Кыздар ары оодарылышып, бери оодарылышып уйкулары келбей жатышат. Күтүп отурушуп, күтүп отурушуп, бир маалда кыздардын улуусу:

- Эмне энем кечикти,-деп тынчсызданып, токойду көздөй жөнөйт. Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп токойго барса, бир жаңы эле өчкөн оттун ичинде адамдын сөөктөрү жатат. Ошол жерден энеси байланып жүргөн бүлөөнү, оттукту жана энесинин тарагын табат. Кыздар өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлап, энесинин бүлөөсүн, оттугун жана тарагын алып кайра алачыкка келет. Жолдо келатып эки чымчык кармай келет. Кыздар чымчыктарды көшөгөнүн ичине кое берет да сиңдисин колдон жетелеп, тезинен күн чыккан тарапты көздөй бет алып качып жөнөшөт. Ал эми кемпир болсо уктай берип, уктай берип бир оокумда ойгонсо, көшөгөдө бир нерсе бүлкүлдөйт. “Кыздар ордунда экен”-деп кемпир кайрадан уйкуга кирет. Кемпир жети күн, жети түн уктайт. Бир маалда курсагы ачканынан ойгонот. “Эми кыздарды жейин”-деп, көшөгөнү ачса, ичинде эки чымчык тыпырап учуп жүрөт. Ошол жерден кемпирдин ачуусу аябай келип, баягы кыздардын аркасынан кууп жөнөйт. Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп кууп жетип кармай турган болгондо улуу кыз:

- Эне, энекебай бизге жардам бер!-деп бүлөөнү ийнинен алыс таштап жиберет. Бүлөө түшкөн жерге чоң дарыя болот. Кыздар бир өйүзүндө, кемпир экинчи өйүзүндө калат. Кемпир сууга киргенден коркуп, өкүрүп, ачууланган бойдон кала берет. Кыздар артын карабай алдыга кетишет. Дарыя жети күн агат да, андан кийин кургап, ал эми бүлөө болсо, улуу кызга кайра барып калат. Кемпир кайра кыздардын артынан түшөт. Анын жакын калганын укканда улуу кыз:

- Эне, энекебай, бизге жардам бер!-дейт да, оттукту ийнинен алыс ыргытып жиберет. Бир паста түптүз талаада бийик зоо пайда болот, тоо жети күн турат. Ошентип кемпир жете албай кала берет. Эже-синди артын карабай жүрүп олтурушат. Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп баягы эки кыз бир аралга туш келет. Аралдын наркы өйүзүндөгү алачыкта жашаган бир кара кемпирди көрүп, эки кыз:

- Эне, бизге жардам берип коюңуз,-деп чакырышат. Анда баягы кемпир:

- Мени карап көргүлөчү өңүм сулуу бекен?-дейт. Кыздар:

- Биз көптөн бери адам көрө элекпиз, бизге өңүңүз күндөн да жарык, колуңуз биздин энебиздин колундай жумшак көрүнөт,- дешет. Ошентип кемпир кыздарды суудан көтөрүп чыгат. Кыздарды кемпир өз кыздарындай багып жүрөт. Күндөрдүн биринде кемпир:

- Менин эки балам бар, алар мергенчилеп кеткенине бир нече жыл болду, ошол экөөнү таап келгиле. Токойго барсаңар бугуга чана сүйрөткөн эки бала көрүнөт, силер койнуңардагы бугунун терисинин өңүн көрсөткүлө. Колуңардагы бугунун терисинин өңүн көрөр замат менин балдарым силерди ээрчип жөнөйт,-дейт. Ошентип кыздар кемпирдин эки баласын издеп жөнөп, жүрүп олтуруп токойго келишет. Балдарды таппай көп кыйынчылыктарды тартып, акыры бир күнү араң табышат. Балдар кыздардын койнундагы бугунун терисин көрүшүп, “апам бул кыздарды бизге жиберсе керек” деп кыздарга жакындашса, алар болгон окуяны толугу менен айтып беришет. Үйлөрүнө келип улуусу улуу кызды, кичүүсү кичүү кызды алып, жыргап жатып калышкан экен.

Байдын эрке баласы

АВТОР: KMB3 · 02.10.2014

(жомок)

Илгери, илгери бир байдын жалгыз эрке баласы болгон экен. Ал бала: “О атамдын ушунча малы, дүнүйө-мүлкү, өзүмдүн сулуу аялым бар. Атам өлсө да мен эчтемеден кор болбойм”, деп ойлочу экен. Баланын колуктусу акылдуу болот.

Күндөрдүн биринде атасы өлүп, энеси, аялы үчөө калат. Атасынын жыйган мүлкү, малы түгөнөт. Эч кандай оокат кылар нерсеси жок калганда, баланын колуктусу:

- Ой, атаңын жыйып берген мал-мүлкү, дүнүйөсү түгөндү. Сен иштеп оокат тапсаң боло,-дейт күйөөсүнө. Анда күйөөсү:

- Жо-ок, мен иштебейм, сени кайтарып олтура берем. Болбосо сулуулугуңа кызыгып бирөө алып кетпесин,-дейт. Анда келинчеги:

- Жо-ок, мен сенден бөлөк эч кимге көңүл бурбайм. Сага мен бир гүл берейин, ошону жакаңан түшүрбөй тагып ал, эгер ошол гүл солуп калса, анда мени бирөө алып кеткени! Жок, эгерде солубаса, кетпегеним,-дейт.

Бала аялынын бул айтканына макул болуп, бир шаарда жашаган үч бир тууган байга малайлыкка барат. Үч бир туугандын улуусунун аты -Адыл, ортончусунун аты -Мадыл, кичүүсүнүн аты – Жалын экен. Ошентип бала оокат кылып жүрө берет. Күндөрдүн биринде Адыл:

- Ой, иним, алдагы жакаңдагы кызыл гүл эмнең – деп баладан сурайт. Анда бала:

- Бул менин аялымдын белеги. Эгер ушул гүл солуп калса, аялымды бирөө зордуктап алып кеткени. Солубаса, аялым мени күтүп үйдө отурганы,-деп сырын айтат.

- Ал аялың кандай, кереметтүү эме беле?-деп Адыл сурайт. Анда бала:

- Аялым дүйнөдө жок ашкан сулуу,-дейт.

Ошондо Адыл: “А бул бала кем акыл турбайбы. Мен буга билгизбей мунун үйүнө барып, байлыгымды айтып, сулуу аялын бузуп алайын”,-деп ойлонуп калат. Күндөрдүн биринде Адыл баягы келиндин үйүнө келет. Келсе, баланын аялы жакшынакай кабыл алып, коюн союп, коногун кылат. Жатаар мезгилде аял эшиктеги баланы чакырып:

- Коноктун атын жайла,-дейт.

- Атты кандайча жайлайм?-деп бала сурайт. Анда келин:

- Атты ала баканга аса байла, төрт туягы булганып, конок капа болбосун, төрт туягын сыйпалай таза байла,-дейт. Ал сөз атты тазалап союп, этти ала баканга аса байлап, илип кой, төрт туягын тазала дегени, терисин жайып, туздап кой дегени экен. Андан кийин келин балага:

- Куш коңгуроо чалбасын, муну байка,-дейт. “Куш коңгуроо чалбасын муну байка”, дегени эшикти калдыратып табыш бер дегени экен. Бала атты байлап, ишти жайлап, эшикти кагат. Эшикти какканда келин тура калып конокко карап:

- Кокуй, конок аке, айып этпей тура кал, кайненем катуу киши эле, каарданып келе жатат,- деп үй астындагы ордун оозун ачат. Конок чуңкурдун түбүндө калат, келин шып этип ордун оозун мыктайт. Тыптынч жакшынакай уктайт. Ошо боюнча конок эшикке чыкпайт. Эртең менен эрте, таң агарып атканда, тараза жылдыз батканда келин:

- Бу да сиздин насибиңиз, – деп эки сындырым нанды конокко таштайт. Андан кийин баладан сырды сурап билип, Адылдын үстүнө Мадыл, экөөнүн үстүнө өрт жалындай Жалын барат. Үчөө бир чуңкурга түшүп калат. Ошентип акылман келин үчөөнүн бирдей акылын табат. Ошондуктан ушундай аялдарды упалуу аял деген экен.

Күндөрдүн биринде баягы бала иштеп таап келген оокаты жок кур алакан үйгө келет.

- Алган нерсең кана? Бир жыл бою талаалап жүрдүң, бир тыйын тапкан пулуң жок. Сенин тапкан пайдаң кайда? Үч байдын өзүн же өлүгүн көрсөтөйүнбү?-дейт аялы.

- Кой, өлүгүн көрсөтүп эмне кыласың, өзүлөрүң көрсөт, – дейт. Анда келин:

- Кой, өзүлөрүн көрсөтсөм, түбү өзүңө зыян болор,-деп келин айтса, бала кежирленип болбой ордун оозун ачып, баягы Адыл, Мадыл жана Жалынды чыгарып алат. Ошондо баягылар:

- Биздин аттарыбыз кайда?-деп келинден сурашат. Анда келин:

- Ала бакандан сурагыла,-деп жооп кайтарат. Баягылар:

- Ала баканың эмне?-деп барышса, аттын туягы, кулагы ала баканда илинип турат. Ошондо Адыл, Мадыл жана Жалын: “Бул келин өзү сулуу болгону менен акылы ашкан шум келин экен. Биздин төбөбүзгө жете электе көзүнө көрүнбөй эптеп качып кетели”, – деп түнү менен качып кетишет. Ошентип бала акылдуу аялы менен түбөлүккө бактылуу жашап калган экен.

Жээренче чечен

АВТОР: KMB3 · 01.10.2014

(жомок)

Мурунку өткөн заманда өзү чечен, сөзү бекем Жээренче аттуу киши болду. Анын Төлемырза делчү уулу бар экен. «Өмүрүндө чын айтпаган калпычы бала» деп уулу жөнүндө элдин айткан сөзүн Жээренче күн сайын угуп жүрдү. Бир күнү уулун сынамак үчүн, караңгы түндө ээрчитип келатып атасы

— Балам менден көрө көзүң курч эмеспи, асты жагыңды карачы: мага аркарга окшош бирдеме көрүнөт,— деди.

— Ырас эле аркар экен, козусун эмизип турат, — деди уулу.

— Жаның чыккыр, баламдын жалганчы экени чын турбайбы» — деп Жээренче катуу капаланды.

Төлөмырза карга атса «кийик аттым» деп элге мактанат. Бирок колунан эчтеке келбейт. Мунусу элге да, атасына да бүт маалим болду. Бир күнү көпчүлүк элге адатынча дагы калп айтып мактанып калды: «Бая күнү бир кийикти атып жиберсем, огум кулагынын учу менен туягынын учуна тийип, кийигим аман кутулуп кетти»— деди.

Анда Жээренче чечен: «Атаа, баламай, туягы менен кулагын кашынып турган кезинде аткан экенсиңэ» — деди. Ошентип, баласын уяттан куткарып, анан үйүнө келгенден кийин:

— Атаа, жаның чыккан баламай, калпты эпсиз айтып салдың, аны эбине келтире албай эсим ообадыбы. Адам болом десең, мындан кийин эч калп айтпа. Калп сөзүң өмүрүң менен ырысыңа чоң зыян келтирет... — деп, жалгыз баласы жанына тынчы жок, сөзүндө чыны жок, анык жаман бала чыгып калганына ого бетер катуу капаланды.

Бир күнү баласын ээрчитип жолдо келатып:

— Ат жалына казан ас, балам,— деди. Төлөмырза жерге түшө калып, аг)гын жалына от коюп, өрттеп жиберди.

— Эй, балам, ат жалына казан асуу — канжыгадагы тамакты ат үстүнөн жейли деген сөз,— деди атасы.

Дагы бир топ узагандан кийин:

— Балам, узун жолду кыскарт,— деди.

Телөмырза аттан түшө калып, жолду кетмендеп жиберди.

Жээренче чечен:

— Жолду кетмендеп кыскарта албайсьң, балам. Узун жолду кыскарт деген — кызыктуу кеп сал деген сөз. Көп эрмек болуп, жолдун кандай өткөнү билинбей калат. Узун жолду жүрүштүү ат менен кызык сөз гана кыскартат,— деди.

«Минте берсе жалгыз уулум Төлөмырза — мырза да, тукумтуяк да болбойт. Карылардан калган ылакап бар эмеспи: «Аял жакшы — эр жакшы» «Акыл оошот, ырыс жугушат» дейт. Издеп жүрүп, буга эми анык бир жакшы колукту табайын деп ойлоп, Жээренче атты тандап минип, эл аралап кыз издөөге жөнөдү.

Барбаган эли, бастырбаган жери калбай, алты ай чамасында кыдырып жүрдү. Кыз элде көп, бирок Жээренче чечендин издеген кызы эч табылбайт. Элдин баарын бүт аңтарып, капа болуп, кайгы чегип, акыры Жээренче үй жагына кайтмак болду. Балам бактысы жок жаралган экен, ушунча журттан ылайыктуу кыз табылбаганын көрчү» деп келе жатса, айылдан окчун жерде отун кетергөн бир топ кызкелин керүнөт. Ангыча күн жаап жиберди. Келиндеидин алы жеткени музоосуң жетелеп, отунун кетөрө качты. Кыздардын баары үйлөрүн көздөй чымынкуюн чуркашты. Бир кыз музоосун кармап, отунун чапан менен жаап, өзү отуиду далдаа кылып отуруп калды.

— Ээ, балам, тиги кыздар жүгүргөн бойдон үйүнө кетти. Сен эмне себеп менен жаанды тосуп отуруп калдың? — деди, Жээренче.

— Ээ, ата, ал кыздардын төрт зыяяы бар, менин бир зыяным, үч пайдам бар,— деди кыз.

— Пайдаң кайсы?

— Музоом эмген жок, отунум кургак бойдон калды, өзум суу болгои жокмун. Үйгө барганда энем урбайт — бул үч пайдам. Чапаным суу болду — бир зыяным ушул. Ал эми кыздардын музоосу эмди, отуну жана кийими суу болду, ошону менен бирге музоону эмиздиң деп энеси урат... Мына ушинтип, качып кеткен кыздардын төрт зыяны бар.

— Жарадың, балам. Силердин үйүңөр кайсы?

— Биздин үйдү айьглга барсаныз эле таап аласыз, ата. Кырк найзаны кыдырата сайган үй биздики...

Жээренче чечен «издегеним табылды» деп ичинен кымыңдап, айылды бүт аралап жүрүп, бирок үйүн такыр таппай койду. Анан «бул кыз мага табышмак кылып айткан экен, кырк найзасы — үзүгүнөн кырк уугу көрүнүп турган үй чыгар» деп ойлоп, так ощондой үйгө барыЬ түштү.

Атаэнеси жакшы адамдар экен: алынча сыйлап, сылык сүйлөп отурушту. Аңгыча күн ачылды. Отунду көтөрүп, музоону жетелеп, кызы келди. Кыздын аты Карачач дешти. Тамак желип, эл жатар мезгилде, Карачачтын атаэнесине Жээренче сөз баштады:

Менин жалгыз балам бар. Өзүмдүн атым — Жээренче чечен, баламдын аты — Төлөмырза. Балама элден кыз жакпай, атайы кыз издеп чыкканыма алты айболду. Акыры ушул сиздин кызыңызга көңүлүм түштү. Куда болсом, эгер силер эп көрсеңөр, балам экөөнүн бактысы ачылса деген тилегим турат,— деди.

Мунуңуз жакшы кеп. Бирок биз өзүбүз бечара адамбыз, жалгыз кызыбыз бар, а сиз айтылуу Жээренче чечен болсоңуз, балаңыз Төлөмырза элденжурттан кыз жактырбай тандап жүрсө, менин кызым көңүлүнө жакпас бекен, буга жоопту кызым өзү берсин,— деп Карачачтын атаэнеси жер карашты.

— Бул киши алыстан келген азиз конок экен,— деди Карачач,— кызым билет деп мага шылтаганыңар жарабайт. Берер болсоңор, мага шылтоо кылбай эле, абийирдүү кишиге ачык жообуңарды айткыла.

Кыздын сөзүнө Жээренченин ичи жылып, чындап киришти:

— Кана эми, кудагый оозум батып айта албай отурган сөзүмдү балам өзү баштап берди. Карачачтын аты — Акылкарачач болсун, мындан ары бактысы ачылсын. Эл көзүнө көрүнгөндөй болуп куда түшкөнүм жакшы. Салтыбыз, наркыбыз орду менен өтсүн: төөдөн, жылкыдан, уйдан, койдон канча менен келейин? Мына ушуну ачык айткыла,— деди Жээренче.

— Жалгыз кызыбыздын калыңын айтып, башына аркан салгансып, малга кантип айырбаштайм? Калыңкаадасын, жолжобосун эмне кылса кызым өзү билсин,— деди кыздын энеси.

Менин атаэнем бечара киши,— деди Карачач. — Кызын малга сатууга алы келбейт, кызы да малга сатылып барбайт. Карачач кадыркөңүл түз келген жерге барат...

Жээренче ушуну угуп, таң калган бойдон үйүнө кетти. Төлөмырзаны аябай кийинтип алып, Карачачка кайрадан жетти.

«Томаяк Токсон жалгыз кызын Жээренче чечендин Төлөмырза деген уулуна берет имиш!» деп, ал айылда сөз таралды... «Адам ээй, Карачач атасына калың жедирбей, Жээренче чечендин уулуна жен эле барганы жатыптыр. Калыңсыз кыз болсо да, каадасыз кыз болбойт дептир. Барып жеңгетай алып, тоюн жеп келебиз» — дешип, айыл ападагы кызкелиндер чогулуп келишти.

Тойго Жээренче жыгылыштуу болуп, малды арбын союп башьша той башкаруучу коюп, жети күн той берип, сегизинчи күнү Карачачты үйүнө алып кетти. Карачач келгенден тартып, чечендин иши ого бетер оңоло баштады.

Мунун кабары Жаныбек ханга угулду. «Анык жакшы келин экен. Баягы Төлөмырза жок, атайы киши болуп калыптыр» деген сөздү уккандан кийин:

— «Барып келинин көрөйүн» — деп Жаныбек хап келди.

Чечен алынын жетишинче кызмат кылып, Жаныбек.тин келгенине кубанып, коноктоп сый көрсөттү.

Хан келинди көрүш үчүн үстүнө чакыртып алып, өз ичинен: «Мага ылайык катын экен» деп ойлоду.

— Келинге төрт суроом бар. Ушуга сен жооп бересиң — деп Карачачты хан кепке кармады.

— Эби келсе жооп берейин, сурай бериңиз, — деди Карачач.

Тулпарды уйга сатса не болот?
Атты эшекке сатса не болот?
Туйгунду каргага сатса не болот?
Башы ачык катынды нааданга сатса не болот?..

— Так ушул төрт суроомдун жообун таап койгун, эртең кабар алам,— деп Жаныбек хан аттанып кетти.

Буга Жээренче чечен капаланып калды.

— Сиз неге капа болосуз? Жообу табылар. «Хандын пейли бузулса — калкына түйшүк түшөт, ез башына бүлүк түшөт» дептир. Хан Жаныбек арты жакшылык көрбөс, өзүнүн жакынынан өлөр, аман жүрсөңүз, көзүңүз көрөр. Мен аңын сөзүнө жооп берем,— деди Акылкарачач.

Хан Жаныбек эртеси эртелеп келип, сөзүнүн жообун сурады. Камыкпаган Карачач:

— Жаныбек ханым, бузулду заңың, бул кандай жорук, тынчыбаган жаның? — деп сөзүн дагы улантты:

— Тулпар тушунда, күлүк күнүндө: күч бербеген тулпардан сүт берген уй жакшы, чабал аттан чарчабаган эшек жакшы; жаш отундан шыркырап күйгөн куу отун жакшы; канаты жок туйгундан канаттуу карга жакшы... Ханым, менин тапканым ушул, сиздин укканыңыз ушул,— деп Акылкарачач басып кетти.

Хан Жаныбек жеңилип, үйүнө кайтты. Карачачты хан ңантсе да алууну ойлоп, каарын төгүп, Жээренчеге жигитин жиберди.

— Эртең менен Жээренче менин алдыма келсин: ат минбесин, жөө да келбесин, жол менен жүрбөсүн, жолсуз талаа менен да жүрбөсүн! — деп, кандайдыр адам таң каларлык катуу буйрукту берген экен. Жигит муну айтканда, чеченге убайым түшүп, келини менен кеңешти. Акылкарачач атасы Жээренчеге минтип айтты:

— Эртең эрте туруп, текени жука токуп минип, эки жолдун ортосундагы кыр менен барыңыз. Хан суроо сураса: ат же төө минген жокмун, теке минип келдим; жол менен да, талаа менен да келген жокмун, кыр менен келдим деген жоопту бериңиз, ошондо хан Жаныбек сөзгө жыгылат.

Жээренче тепейтип теке минип, эки жолдун ортосундагы кырга кирип, хан Жаныбөктин ордосуна барды:

— Хан, буйругуңду аткарып келдим. Ат же төө мингеним жок, жөө келгеним да жок, теке минип келдим, адам учкаштырбай жеке минип келдим. Жол менен да, талаа менен да келгеним жок, эки жолдун ортосундагы кыр менен келдим. Ханым, каарыңа калган окшойм, азыр кайгылуу сыр, калың чыр менен келдим,— деди.

Жээренченин сөзүн токтотуи, хан мунун алдынз кырк ирик салып: «Кырк күндүн ичинде так ушул кырк ириктин бирин жоготпой, кырк козу туудуруп берерсиң» — деди.

Кыр ирикти илеңсалац айдаи, өзү абдан каиа болуп, Жээренче үйүнө кайтты. Акылкарачач алдынан тосуп чыгып: —Ата, бүгүн койлуу болуп калыпсыз го,— деди.

— Ээ, балам, өлбөгөн жан курусун, каардуу ханды каргыш соксун: ушул ириктердин көзүн бурбай жана бирин да жоготпой, бүт бойдон козулатып бер дейт. Айла барбы, айдап келдим,— деди Жээренче кайгылуу сүйлөп.

— Ата, капа болбонуз, бул арзан иш турбайбы... — деп, кырк күнгө чейин ириктин улам бирин союп, Акьць карачач атасына жедире берди. «Эрте өлгөн кулмун» деп чечен ириктин этин аябай жеп жата берди. Кырк күнү бүткөндөн кийин, хан салтанат менен аттанып, жооп алыш үчүн чечендин үйүнө карай женөп калды.

Хан келөр күндө Карачач отун алымыш болуп, анын жолун тосуп чыкты. Көңүлү кызып калган хан Карачачты көрөр замат бура тартып: — Келиним, өзүн. отун алып жүрүпсүң, ал эми атаң эмне кылып жатат? — деп сурады.

— Өзүм жалгыз бой болгон соң отунга келдим. Ал зми атам болсо, үйдө толгоосу күчөп, азыр эле төрөп койгону жатат — деди Карачач.

— Жаның чыккан Карачач, эркек киши да терөчү беле?! — деп хандын ачуусу келе түштү.

Хан Жаныбек өзүнөзү байлап бергендей болуп, сөзгө жыгылып, үйүнө дагы кайгылуу кайтты. Ал кетери менен Акылкарачач ханга кайтарган жообун кайнатасына келип айтты. «Бул өлүмдөн кутулган экем» деп Жээренче аябай кубанды.

Эртеси хандын дагы бир жигити келип, минтип айтты:

— Хан буйрук кылды: «Отуз күндүн ичинде таштан тарамыш жасап, кумдан өтүк тигесиң».

— Иш кыйын... Таштан тарамыш, кумдан өтүк болчубу? Кулак угуп, көз көрбөгөн балакет эми басты? Көп каарына албай, мынчалык азапка салбай, колунан келип турган мен шордууну биротоло өлтүрүп тынсачы! — деп Жээренче чечен эми жанынан чындап кечти.

Анда Акылкарачач:

— Ата, сабыр кылыңыз. «Сабырдын түбү сары алтыи», Сабыры жок Жаныбек саманын сапырьш, өз калкын кыстап, напсин бузуп жатат. Аман болсонуз, мындан арзан кутуласыз. Мен сизге айтпадым беле:

Адамды шайтан азгырат,
Артык дөөлет мас кылат.
Тумшугуташтай катарда,
Тууганы менен кастыгат.

Жалан, эле биз змес, жандын баарына көзү өтүп, жабыркатып бүттү. Жетимжесирдин ыйлаган үнү жетер, хандын да күнү бүтөр,— деп Карачач атасы Жээренчеге акыл айтты.

Жаныбек чектеген күнү бүткөнге чейин, Карачач өз оокатын кылып жүрө берди да, бир күнү башкача кийинип, түсүн буруп, Жаныбектин алдына барды.

— Таксыр ханым, бечаралык кыйын экен, кумдан өтүк тиктирип жаттым эле, буга таштан тарамыш табылбай койду. Балким, сиздин казнаңызда бардыр, ушуну сурап келдим,— деди.

Мурдагы буйругу эсинен чыгып кеткен Жаныбек хан:

— Сен кандай акмаксың? Жиндисиңби же соосуңбу? Кумдан етүк, таштан тарамыш болчу беле? Калжырабай тезинен жогол! — деди.

Акылкарачач бетине жапкан жаман жоолукту өйдө көтерүп, өз жүзүн көрсөтүп: —Ханым, оюңузга кулдук, сиз тапшырган кум өтүк, таш тарамьцптын камында жүрдүм эле, демек, хандын буйругунан кутулган экенбиз! — деп акырын гана чыгып кетти. Жаныбек анын айтылуу Акылкарачач экенин билип, жерди караган бойдон отуруп калды.

Акылкарачач үйүнө келип, Жээренчеге бүгүнкү окуяны айтып берди. Карачачтын акылына атасы абдан ыраазы болду.

Ангыча хан Жаныбек бурканшаркан түшө жетип келип, Жээренче чечендин колун байлап, Алтай тоосундагы кара калмакка айдап, буга кошуп Толубай сынчынын уулу Миңжашарды, Асанкайгынын уулу Төлөнгүттү жиберди. Калмактын ханы булардын жайын байкап көрүп, үчөөнү үч жерге бөлүп жиберди.

Жаныбек Төлөмырзаны жан ордуна көрбөй жабыркатып, эң эле оор ищке сальш, Карачачты алыш үчүн өз кашына көчүрүп кондурду. Бирок ошондо да Карачтын айласын таппай, ортодо бир жыл өткөрдү.

Акылкарачач жакшы сез аркылуу Жаныбектин өз иниси Бердибекти бузуп:

— Жаныбек эч адамга жакшылык кылбайт, андан көрө агаңды өлтүрүп калкыңа езүң хан бол, — деп аны кепке көндүрдү. Бул кабар астыртадан алыскы туткунда жүргөн Жээренче чеченге угулду.

Кабарды уккандан кийин Жээренче жалпы элине табышмак кылып сүйлөп теменкүчө жооп кайтарды: «Эгиндериңер жакшы чыгып, жакшы бышты деп уктум. Орокчулар шай экен, кыштын арты кандай болот, кышка калтырбай эрте оруп алгыла. Толубай, Токтогул, Асанга кабар бергиле. Сокур кара теке бар, аны сакалынан байлап, көзүн оюп, көлгө салгыла. Болорболбос бычагым бар, мизи курч кестигим бар, унутулуп журтта калбасын» — деп өзүнүн эски ордуна атайы киши жөнөттү. Бул сөз жеткен соң, түйүнүн чече албай, эл аңтаң калат. Акырында «Жээренче чечендин келини Акылкарачач чечер» — деп ага барышып, көпчүлүк андан жооп күтөт. Карачач табышмактуу сөздүн ар бирин чече баштайт:

— «Айдаган аштыгыңар бышты» дегени — душманыңар болушунча болду, толушунча толду, — дегени. «Орокчуңар шай экен, кышка калтырбай оруп алгыла» дегени — мынчадык кайрат кылыпсьщар, эми кол салгыла, орок менен буудайды оргондой кылгыла, — дегени. «Кыштын арты кандай болот?» дегени — Толубай, Токтогул, Асаңга кабар бергиле; алар эл карысы: иштин убагы келди, жаштарга акылын айтсын, — дегени. «Сокур кара теке бар, аны сакалынан байлап, көзүн оюп, көлгө салгыла» дегени — Жаныбек ханды өлтүрүп, сакалын кыркып, көзүн чукуп өзүн көлге салгыла, — дегени. Болорболбос бычагы — Төлемырза; мизи курч к.естиги — мен, Акылкарачач... «Кечкөн журтта унутулуп кор болбосун» дегени — Төлөмырза кепкеңештен четте калып, кемчилик тартпасын, кошуп ала жүргүлө, — дегени... Калк атасы карыялар, кайраттуу эр жигиттер, кара сокурду тезинен жоготкула! — деп Акылкарачач сөзүн аяктады.

Ошондо кепчүлүк Жаныбекти жанчкылап өлтүрүп, Алтайга айдалып кеткен Жээренче жолдоштору менен бүт көчүп келип, чоң той өткөрүп, кеңкесири жана тынчтыкта жашап калышкан экен.

Үч кыз

АВТОР: KMB3 · 30.09.2014

(жомок)

Илгери-илгери бир кишинин үч кызы болуптур. Улуусу күзгүгө каранып отурганды жакшы көрсө, ортончусу таранганды сүйөт. Кичүү кызы куурчагына кийим тигүү, менен алек болот. Күндөрдүн бир күнү энеси кыздарды карагат терип келүүгө жиберет. Үчөө үч баштык алып, карагат терүүгө женөйт.

Карагат калың өскөн жерге келишип, а дегенде кызыгып жешет. Бир аздан кийин тиштери камалып, карагат жегиси келбей калат. Анан баштыктарына тере баштайт. Толоюн деп калганда шагылга улам бири төгүп алып, кайра терип отурат, кыздар кеч киргенин байкабай калат. Күн батканын акыры байкашып, кыздар үйүн көздөй жол тартат. Бир аз баскан соң караңгы кирип, үй кайда экени билинбей калат. Кыздар коркуп, ылдыйлап басып келе жатса, үлпүлдөп күйгөн жарык көрүнөт. Ошол жарыкка бет алып үчөө жүрө берет, жүрө берет. Чарчап-чаалыкканда акыры жарык күйгөн жерге да келип жетишет. Жыртык-тешиги көп жаман үйгө кирип келишсе, босогонун бир жагында турган соку, экинчи жагында турган сок-билектен башка эч нерсе көрүнбөйт. Коломтодо жылтырап от күйүп турат, оттун жанында саксайган бир кемпир отурат. Ал кыздарды көрө коюп:

- Ырас келбедиңерби, отургула. Далайдан бери жолум болбой жүрдү эле, бүгүн бир курсагым тоет экен,-дейт.

Анын кейпин көрүп, сөзүн уккан кыздар коркконунан очоктун жанына отура калышат. Анда баягы кемпир: “Сен үйдүн үстүндөгү чамгаракка чыгып, эки жакты карап жат”,-деп кыздардын улуусун ал жакка жиберет. “Сен туурдук менен чийдин ортосуна жат, сырттан бирөө келе жатса мага айт”,-деп туурдук менен чийдин ортосуна таңып коет. Кыздардын кичүүсүнө: “Сен кичинекей экенсиң, мен өз койнума алып жатайын, чачыңдан жыттап, көңүлүмдү ачайын”,-деп айтат.

Кичүү кызды койнуна алып жатып баягы жез кемпир чачын жыттамыш болуп кыздын канын соро баштайт. Ошентип жатып баягы кыз да, кемпир да уктап калат. Чамгаракта жаткан улуу кыз эки жакты карап көрүп, башка жакка адашып келгенин, саксайган неме жөн кемпир эмес, жез кемпир экенин билет. Акырын түшүп келип туурдук менен чийдин ортосундагы сиңдисин бошотот. Анан кичүү сиңдисине келишип, акырын караса, жез кемпир канын соруп жатып уктап калганын көрүшөт. Жерде жаткан талпактын бир учун жез кемпирдин оозуна салып, сиңдисин бошотуп алып үчөө качып жөнөйт.

Аз жол жүрдүбү, көп жол жүрдүбү, бир маалда канын сордуруп койгон эң кичүү кыз чарчап, жүрбөй калат. Кыздар бир аз дем алып олтурат. Ошол мезгилде таң атып, айланага жарык кирет. Бир аз дем алып олтурганча жерди жарган дабыш чыгат. Кыздар ары-бери караса баягы жез кемпир чачын саксайтып, көзүн ыкшыйтып сокусун минип, сок билегин камчыланын келе жатат. Кыздар коркуп эмне кыларын билбей, дал болуп калат. Аңгыча жез кемпир ат чабым жерге жакын келип калат. Ошондо кыздардын улуусу күзгүсүн ала коюп: “Сени далай карадым, Бир керекке жарагын”,-деп ыргытын жиберет. Күзгү жез кемпирге жакын барып түшөт. Анын түшкөн жерине көз ачып-жумгуча баш-аягына көз жетпеген деңиз пайда болуп, жез кемпир аркы өйүздө, кыздар берки өйүздө калат. Кыздар сүйүнүп, үйлөрүн көздөй жол тартышат.

Жез кемпир сокусун кайык кылып минип, сок-билегин калак кылып деңизден сүзүп жөнөйт. Кыздар жол жүрүп отуруп курсагы ачып, өздөрү чарчап бир жерге түнөп чыгат. Эртең менен күрүлдөгөн дабыштан кыздар ойгонуп кетип, эки жагын караса, баягы жез кемпир жакын келип калганын көрүшөт. Эмне кыларын билбей, шашып турганда жез кемпир бута атымдай жакындап калат. Ошондо ортончу кыз: “Тарагым, тарагым, Бир керекке жарагын”,-деп жез кемпирди көздөй тарагын ыргытып жиберет. Анын тарагы жез кемпирге барып түшөт. Тарак түшкөн жердин айланасына чычкан мурду жөргөлөгүс чытырман токой пайда болот. Жез кемпир аркы жакта, кыздар берки жакта бөлүнүп калат. Кыздар сүйүнүп, үйлөрүн көздөй жолун улантат.

Ал мезгилде жез кемпир сокусун араа кылып, сокбилегин балта кылып, түнт токойдун жоон жыгачын аралап, ичкесин балталап кесип, алдыга жыла берет. Аз жол жүрдүбү, көп жол жүрдүбү, кыздар курсагы ачып, кубаты качып, бир жерге түнөп жатат. Таң агарып аткан кезде жерди жарган үн чыгып, баягы жез кемпир келе жатканын көрүшөт. Кыздар коркуп, эмне кыларын билбей дал болуп туруп калат. Аңгыча жез кемпир чукул кирип келет. Ошондо кыздардын эң кичүүсү: “Ийнем-ийнем, ийип кет, Жер түбүнө кирип кет”-деп ийнесин жез кемпирди көздөй ыргытып жиберет. Ийне жез кемпирдин жанына барып түшөт. Ийне түшкөн жер көз ачып-жумгуча оюлуп, түбү жок чуңкур ор жаралат, ага сокусун минип, сокбилегин камчыланып жез кемпир кирип кетип, ошо бойдон жок болот. Кыздар сүйүнүп, бир аз дем алып, эки жагын карайт. Караса, жакын эле жерде өздөрүнүн үйү көрүнөт. Сүйүнүчү койнуна батпай кыздар үйлөрүнө чуркап келишет. Эмне көрүп, эмне кылгандарын биринен бири талашып айтып беришет.

Алданган бүркүт

АВТОР: KMB3 · 19.09.2014

(жомок)

Куу түлкү жойлоп жүрүп, акыры бир айылдын четиндеги дөбөгө туш келет. Ал дөбөнүн күн батыш тарабында момолой чычкандардын бир нече ийини бар экен, аны көрүп түлкү кубанычка батып, ылайыктуу жер таап ошого жашынып жатат.

Бир маалда күнгө кактанганы чыккан чычкандар бири бирине кабар бергенсип чыйылдашып жатып сыртка чыгышат. Ушуну эле күтүп турган куу түлкү бир-эки секирүү менен эки чычканды кармап жеп курсагын кампайтып эми өзү күнгө кактанып жатканда аркы дөңгө чыга келген бүркүтчү дароо түлкүнү көрүп, колундагы бүркүтүн коё берет.

Кылактап дөңдү айлана качкан кызыл түлкүнү көргөн бүркүт анын артынан түшөт. Бүркүттү көргөн түлкүнүн да айласы кетип, кайда качарын билбей, туш келди чуркап отуруп эски конуштун ордуна туш келет. Ары чуркап, бери чуркап, баары бир бүркүттөн кутула албасына көзү жетип, айласын таппай турганда, эски журттун четиндеги казыкты көрө коюп сүйүнүп кетип, ажалдан арачалап кала турган нерсе табылды дегендей дароо казыкты эки бутунун ортосуна кыпчый чокчойуп отуруп берет.

Куу түлкүнүн оюн түшүнбөгөн эр көкүрөк бүркүт бир аз бийиктей түшүп, анан түлкүнү карай шукшурулуп жөнөйт. Түлкү эч кыймылсыз бүркүттүн зуулдап келе жаткан кебетесинен көз албай тура берет. Бүркүт мына чапчып аларда булт этип казыктан чыга берет. Күү менен келген алгыр бүркүт кайра кайкып кетерде казыктын учу ичин жарып, ошол жерде мүрт өлүмгө туш болот.

Бүркүттүн артынан чаап келе жаткан мүнүшкөрдү шылдыңдагандай куу түлкү чокчойуп тура калып, анан ылдыйкы токойду көздөй зымылдап жөнөй берди. Ошентип куу түлкүнүн оюна түшүнбөй бүркүт бөөдө өлгөн экен.

Дөөтү уста менен ителги

АВТОР: KMB3 · 19.09.2014

(жомок)

Илгери өткөн заманда колунан көөрү төгүлгөн зергер уста Дөөтү жашаптыр. Ал кызыл чокко колун салса да күйүүчү эмес экен. Темирди камырдай жууруп, түркүн буюм жасачу, алтын күмүштөн оймо-чийме чегүүчү. Баатырларга соот-чопкут, жоо-жарак жасаса, элге алтындан баалуу буюмдар жасады, шаарга чеп курду, желге жел тегирмен, сууга суу тегирмен чуркатты.

Калкы кадырлап, атагы алыска жайыла баштады. Миңдеген шакирттер өнөрүн үйрөндү. Алыскы өлкөдөн да келип үйрөнүп кетип жатты. Дөөтү алардан өнөрүн эч аянган жок, баарына бирдей үйрөттү. «Бирок, - деди ал шакирттерине, - эч убакта мактанбагыла. Эгер мактансаңар усталык өнөрдүн сыры ачылып калат да, оттогу темирди колуңар менен кармай албай каласыңар». Шакирттеринин баары устатынын айтканын эске тутушту. Ошентсе да алардын ичинде бирөө бар экен.

Бир күнү бир кары адам: «Балам, усталыгың кандай, бардыгын үйрөнүп калдыңбы?» - дептир. Анда алакөөдөн: «Дөөтүдөн да өтүп калдым», - деди устанын айтканын эстен чыгарып. Дүкөнүн ачып, отко темир салып көрүгүн басып, темир кызыганда кармайын десе, колуна ысык темир шыр этип жабыша түштү. Алакөөдөн ошондо гана мактанып койгонун билди. «Аттиң», - деп эрдин тиштенди. Жолоочулап кетимиш болуп, колун айыктырып алды, бирок дүкөнүнө кирип алып миң аракет кылса да эч нерсе чыкпады. Ошол кезде Дөөтү уста бут ааламды кыдырып, шакирттерин көрүп жүргөн кези эле. Ал бул шакиртине да кезикти, бирок дүкөнүнө барган жок, жөн гана: «Балам, иш кандай» деп сурамыш болду. Бала уялып эч нерсе айткан жок.

Дөөтү уста билди да: «Ит сөөктү кантип кармап жегенин да билбейсиңби?» - деди да, артына кылчайбай жок болду. Бала эми түшүндү. Дүкөнүнө келип эптеп бир кычкач жасады. Ошондон баштап иши кайра илгери жүрө баштады. Экинчи мактанганды койду.

Бир күнү Дөөтү уста тегирменин жүргүзөйүн деп ташын чегип болуп, суу жыгайын деп жатса, тегирмендин чатырында бир ителги отурган экен. Дөөтүгө салам берип, өзүнүн эмнеге келгенин айтты: «Мен сиз менен мелдешейин деп келдим эле. Эгерде мен сиздин тегирмендин ташын жара тээп, жүргүзбөй койсом, мага алтындан текөөр салып бересизби?» - деп сурады. Дөөтү уста: «Кой, антип бекер убара болбо. Эгер жара тебе албасаң уят болосуң». Ителги болбоду. Ошентип мелдеш башталды. Ителги асманга атып чыгып, типтик куушурулуп келип тегирмендин ташын жара тээп, кайра асманга атып чыкты. Дөөтү уста ителги кайра имерилгенче ташка кадоо салып сууну жыгып, тегирменди жүргүзүп жиберди. Ителги кайрылып келип караса, тегирмен кадимкидей эле жүгүрүп жатат. Өз көзүнө ишенбей көпкө таңыркап карап турду. Качан гана устанын айлакерлигине жана амалына түшүнгөндө, ыза болгон ителги ыйлап жиберет. Ошондон ителгинин көзүнө жаш тоңуп калган. Көзүнүн жашын ушул кезге чейин аарчыбастан, ителги ички ызасын чыгаруу үчүн түркүн кушка кас болуп, алдынан чыкканын жара тээп кете берет экен.

Ал эми Дөөтү устага ителги кайрылып келген жок. Эгер келсе тегирменин токтотуп, чын эле анын эрдигин көрсөтмөк, ызасын басмак. Дөөтү уста да ушул кезге чейин ителгини келип калабы деп күтүп жүргөнүн айтышат.

«Кабарат»

Айлакер бала

АВТОР: KMB3 · 22.05.2009

(жомок)

Илгерки заманда Багдад шаарында багар-көрөрү жок, бир тоголок жетим жашаган экен. Ал эл кыдырып тилемчилик жасап, өлбөстүн суусун ичип, өчпөстүн отун жагып, эптеп күн өткөрчү экен. Күндөрдүн биринде жетим бала адатынча эл кыдырып жүрсө, бир адам жолугуп: "Балам, кайдан жүрөсүң, атың ким?" дейт. Анда бала: "Атым - Айлакер, кайдан келгенимди, эли-журтумду билбеймин, ата-энем үч жашымда көз жумган дешет" дейт.


- Ээ, балам, эмне айла-амалың бар? Атыңды Айлакер деп ким койгон?

- Менде эч деле айла-амал жок, ата-энемдин койгон аты ушул экен.

- Эмесе, балам, баары бир ата-энең, багар-көрөрүң жок экен, мага бала болгун, - дейт.

Бала: "Жакшы болот, ата, сокурдун тилегени эки көз дегендей, менин тилегеним да ошол эмеспи" деп, ал адамга бала болуп жүрүп калды.

Күнү эшикте ойноп отурса атасы чакырып: "Ээ, Айлакер, сен мына бул бактын башында эмне бар экенин билесиңби?" дейт. Бала: "Билем, ата, анда ак сары деген куштун уясы бар" деди. "Эмесе, куш азыр уясында жатат, сен кушка билгизбей бир жумурткасын уурдап келгин" дейт. Айлакер бакка чыгып барып, кушка билгизбей бир жумурткасын уурдап келет.

Чал: "Эми кайра алып барып, жумуртканы уясына салып келгин" дейт. Айлакер бакка чыгып барып, кушка билгизбей жумуртканы уяга салып кайра келди эле, атасы: "Колуң эптүү, өзүң тири карак экенсиң, ишке жарай турган кебетең бар көрүнөт" дейт. Кечке маал болгондо атасы: "Мына бу жердеги абышка-кемпирдин үйүн билесиңби?" дейт. "Ошол кемпир-чалдын бир карын сарын майы бар. Аны же өздөрү жебейт, же кишиге бербейт. Түн ичинде уурудан коркуп, экөө ортосуна алып жатат, баргын да, ошону уурдап келгин" дейт.

Айлакер макул болуп, абышканын үйүнө жетип барат. Барса, чынында эле абышка-кемпир төшөгүн кенен салып, майды ортосуна алып уктап жатышкан экен. Айлакер жыла басып, төшөктүн жанына барат да, абышканын үнүнө окшотуп кырылдап, "кемпир, ары жат" деп кемпирди акырын түртүп коет. Кемпир арылап кетет. Андан кийин "абышка ары жат" деп кемпирдин үнүнө окшотуп, үнүн жасап абышканы түртөт. Абышка арылап кетет. Ушуну эле күтүп турган Айлакер карап турчубу, майды уурдап алып, чыгып кетет.

Аңгыча абышка ойгонуп калып, эки жагын сыйпаласа, карындагы май жок. Абышка өзү да жаш кезинде кыйын амалдуу экен, бул иштин Айлакер колдуу болгонун түшүнүп, төшөгүнөн дароо тура жүгүрүп, Айлакердин атасынын үйүнө жетет. Барса бала үйүнө жете элек экен. Абышка үйгө кирип, бир чаканы уурдап алып чыгып, эшиктин алдынан тосуп тура калат. Аңгыча Айлакер майды көтөрүп алып келип калды эле, абышка: "Келе, балам, майды мага берип, буга суу алып жетип кел" деп, шаштыра колундагы чаканы кармата койду. Бала: "Өзүмдүн атам экен" деп, майды берип, чаканы алып сууга жөнөйт. Жүгүргөн бойдон суу алып келип: "Мына, ата, суу алып кел дедик беле" дейт.

Айлакер алдатканын билет да кайта жүгүрүп, абышканын үйүнө жетет. Барса, абышка үйүнө жете элек экен. Үйгө кирип кемпирдин жоолугун алып, башына салынып, абышканы тосуп турат да, "Түлөөң курган чал, кайда кеттиң, эчкилериңди карышкыр кууп кетти" дейт. "Кайда кетти, ме майды" деп, абышка майды бере салып, эчкилерин издеп кетет. Айлакер болсо майды алып үйүнө келет. Абышка талаадан эчкилерин таппай кайта келсе, эчкилери короодо жатат. Аны көрүп кемпирине ачууланып: "Эчкини карышкыр кууп кетти дебедиң беле" дейт. Анда кемпири: "Сен эчкиге кеттиң беле, майга кетпедиң беле?" дейт. Абышка Айлакерге алданганын билип, өзүн санга бир чаап кала берет.

«Көк асаба» («Кыргыз гезиттер айылы»), 20.05.2009-ж.

Кирпи

АВТОР: KMB3 · 17.04.2009

(Латыш жомогу)

Кирпи тыйын таап алды. Жанынан бир бай кетип бараткан.

Кирпи байды карап-карап туруп:

-         Менде болгон байда жок! - дейт.


-         Сенде анчалык эмне бар болду экен? - дейт бай.

Кирпи колундагы тыйынды көрсөтөт. Бай жини келип аны тартып алат.

Анда кирпи айтат:

-         Ии, мен айтпадым беле, менде болгон сенде жок деп. Сенде болсо менден жанталашып тартып албайт элең.

Байдын ого бетер жини келип, тыйынды ыргытып ийет. Анда кирпи күлөт:

- Аа, менден коркуп ыргытып ийдиңби?

Бай кирпини сабайын дейт, бирок сайып салат деп коркот. Ошентип жини келген боюнча арабасына түшүп алып кетип калыптыр.

Которгон Жыргалбек Касаболотов

Эң сараң киши жөнүндө жомок

АВТОР: KMB3 · 16.04.2009

(Чыгыш эл жомогу)

Хаус аттуу өлкөдөгү шаардын биринде На-хан деген адам жашаптыр. Ал эң эле сараң киши болуптур. Узак жолдон чарчап-чаалыккан жолоочудан жарым кашык суусун да аячу экен. Токмок жесе да топтоп чогулткан байлыгынан бир тыйын чыгарчу эмес экен. Байлыгы болсо көп болуптур. Канча байлыгы бар экенин На-хан өзү да так билбесе керек.


Бир жолу ал жайлоодон түшүп келип эчкилеринин бири башын карапага салып алып чыгара албай жатканын көрөт. На-хан эчкинин башын карападан бошотом деп көпкө убараланат. Бирок анысынан майнап чыкпайт. Анда ал касапчыларды чакырып, көпкө соодалашкандан кийин аларга эчкисин сатат. Бирок эчкини сойгондон кийин карапаны бошотуп кайрып бергиле деген шарт коет. Касапчылар эчкини соет, бирок анын башын карападан чыгарып жатып, карапаны сындырып алышат. На-хан катуу ачууланат.

- Мен эчкини ансыз да арзан саттым, чыгымга түштүм, а силер болсо эми карапаны да сындырып салдыңар, - деп кыйкырат ал. Ызасынан ыйлап да жиберет. Ошондон бери ал эчки менен койлор дагы башын салып алып кайра чыгымга түшүрбөсүн деп, карапаларды жерге калтырбай, бийик жерге коюп калыптыр. Ал эми эл-журт болсо аны сараңдын сараңы деп атап калышыптыр.

Которгон Марат Токоев

Сүйлөбөс кыз

АВТОР: KMB3 · 02.02.2015

(жомок)

Өткөн заманда бир хан болуп, анын акыл кошкуч мыкты вазири бар экен. Хан да, вазир да бала кербөй, көпкө чейин зарлап жүрүштү. Бир жылы хандын зайыбы эркек, вазирдин зайыбы кыз төрөдү. Бой жетип чоңойгондо, атаэнелери экөөнү үйлентүп коюшту. Хандын уулу Мээнетбек акылы тайкы, шайкелең, вазирдин кызы Акылжан акылэстүү, токтоо киши болду. Күндердүн биринде Мээнетбек ойлонуп отуруп, Акылжанды чакырып алды да:

— Мен сени менен тура албайм! Мен вазир эмес, хандын кызын алышым керек,— деди.

Акылжан муну угуп, сөздү кесе сүйлөдү:

— Өз оюңдан калба, мен макулмун. Сага эми эн, акыркы жолу дагы бир акыл айтайын. Үзүр шаарында Жаннат аттуу акылман, сулуу кыз бар. Аны ким үч ирет сүйлөтсө — ошол алат. Эгер мыкты болсоң — ошого жет,— деди.

Арадан кеп күн етпөй, Жаннатты издөегө Мээнетбек 5калгыз аттанып кетти. Нечен күн, нечен түн жол жүрдү. Арыпачып, аты ыргайдай, езү торгойдой болду.

Кеп күн жана түндөр етүп, акыры толук токсон күн дегенде, Жаннат кыздын шаарына жетти. Анын ордосуна кирип баратып, дарбазада мындай деп жазылган жазууну окуду: «Ким да ким үч сүйлөтсе — Жаннат ошого тиет. Эгер сүйлөтө албаса — өлөт».

Ордонун сакчылары Мээнетбектин атын алып, өзүнө тамак берип, бир аз тыныккан соң, Жаннаттын үстүнө ээрчитип киришти.

Мээнетбек Жаннатка кол куушуруп таазим кылды да, анын жанынан орун алды. Эртең менен сөз баштаган Мээнетбек езү туулгандан берки көргөнбилгенин бүт айтып, таң атырды. Жаннат эч үн чыгарган жок. Таң аппак атып, боз торгой чурулдаган кезде, хандын коңгуроосу кагылды.

«Кечеги келген жигит Жаннатты сүйлөте алган жок, эми хан ага жаза колдонот» деп жарчы жыйылган элдин баарына маалымдады. Хандын буйругу боюнча Мээнетбек зындандын түбүнө түштү.

Жаннат кыздын ордосунда тамак бышырган аял Мээнетбекке жаны ачып, бир күнү аны чыгарып алды да, үйүнө ээрчитип келип, эки жума баккандан кийин музоо кайтартып койду. Ошентип, бир жылдан ашык убакыт өттү.

Мээнетбек жөнүндө эч кабар билбеген Акылжан атасынан уруксат сурап, эркекче кийинип, жаракжабдык асынып, күйөөсүн издеп чыкты. Бир нече күн жол жүрүп, Үзүр шаарына келди. Хандын сакчылары Акылжандын атын алып, өзүнө тамак берип, тыныккан соң, Жаннат кыздын үстүнө киргизди. Акылжан кол куушуруп таажым кылды да, Жаннаттын бет маңдайына отурар замат сүйлей баштады:

— Жаннат, кыз, мен сүйлөген сөзгө кулак салып, адилеттик кылыңыз. Менин айтайын дегеним элдин сөзү. Эч ким туура чечпегендиктен сизге келдим. Ал мындай: жакында эле жыгач уста, темир уста, кийим тиккич жана молдо узак жолго чыгышат. Жүрүп отуруп бир күнү кеч киргенде калың токойдо өргүп калышат. Токойдун жырткыч айбандары көп болгондуктан, кезек менен аттарын кайтарышат. Биринчи кезек баарынан кичүү жыгач устага ыйгарылат. Ал аттарды карап отуруп эригет да, бир дөңгөчтү жонуп, келишкен сулуу кыздын кебетесин жасап тургузуп коёт. Экинчи кезек кийим тиккичке келет. Жыгачтан жасалган кызды көрүп, анан ал ез өнөрүн көрсөтмөк болуп, кездемеден кийим тигип, кызга кийгизип салат. Үчүнчү кезек темир устага жетти. Ал берки экөөнүн өнөрүн көрүп: «Мен булардан кем бекем» деп, алтын күмүштөн шөкүлө, билерик, сейкө, кала берсе топчусуна чейин тагат. Акыры кезек молдого келет да, ал барып жасалгалуу жансыз кызды көрүп: «Мен да өз өнөрүмдү көрсөтөйүн» деп, кызга жан киргизет... «Бул кыз мага тийиштүү» деп талашыптартышып, эртеси төртөө тең чарчап бүтөт. Акыры биздин элдеги кара кылды как жарган калыстарга келишет. Калыстар: «Ушул ишти биринчи ойлогон жыгач устага тийиштүү» дешет. Буга сиз кандай дейсиз?

Эч качан үн чыгарбас Жаннат эми чыдай албай:

— Жок, кызга жан киргизген молдо алышы керек, — деп кыйкырып жиберди.

Жаннаттын сүйлөгөнүн билдирип, ошол замат коңгуроо кагылды.

— Эмики сез мындай, — деп дагы сүйлөдү Акылжан: — Бир кишинин үч баласы болот. Алар үйлөнүш үчүн бир кызга үчөө тең кызыгат. Чатак ырбап кетпесин дейт да, атасы үчөөнүн ар бирине миң дилде берип:

— Эң баалуу буюмду кимиң алып келсең — бул кыз ошонуку, — деп балдарын алыскы шаарга жөнетөт.

Буларды эң улуусу кырк күнчүлүк жерге бир күндө учуп жете турган килем, ортончусу төгөрөктүн терт бурчун тегиз көрсөтө турган таш күзгү, эң кичүүсү бир тиштеп жесе өлгөнү жаткан киши тириле турган алма сатып алды. Үчөө кайра жолго чыгып, эмне сатып алганын өз ара айтып өтүштү.

— Кана эмесе, күзгүң менен өзүбүздүн айылды көрөлүчү,—деди улуусу ортончусуна.

Үчөө күзгүден караса: баары эле аманэсен, бирок баягы кыз өлгөнү жатканын жана анын төшөгүн курчаган элди көрүштү. Үчөө килемге отурушту да, учуп жөнөштү. Кыз ырас эле өлгөнү жаткан экен. Балдардын эң кичүүсү алмасын тиштетер замат ал кыз: «Оф, ушунчалык катуу уктаган экем» деп тура келет.

Үчөө кызды дагы талашты. Калыстар: «Биринчи көргөн күзгүнүн ээси алат» дешти. Мен буга макул эмесмин, эми сйз калыстык кылыңыз: кыз кимге ылайык?

Жаннат шашып:

— Алмасын тиштеткен балага ылайык, а берки экөенүн буюму эч корогон жок, — деди.

«Жаннат экинчи ирет сүйлөдү» деген кабарды салып, коңгуроо дагы кагылды.

Акылжан үчүнчү суроосун чечип берүүнү өтүндү:

— Кыйын ууру, чоң балбан жана жел жетпес күлүк үчөө жол жүрүп келатса, бир жерде атаэнеси кызын алтымыш жаштагы абышкага бергени жатыптыр. Кыз ага «барбаймын» деп ыйлаганын угуп, үч жолдош кызды куткарып калмакчы болот. Бирок кантип ала качат: кызды кайтарып калышкан экен.

— Мен уурдап келем,—дейт да, ууру бир үйгө кирип, кыздын кийимин уурдап кийип, анан чалга бергени жаткан кызга жетип, аны эптеп сыртка ээрчитип чыгат. Даяр турган жел жетпес ошол замат кызды көтөрүп сызат. Жер жайнаган киши кууп жөнейт. Балбан жигит алардын жолун тосуп, бирин да жибербей кайра айдайт. Үчее айлына келип талашып: «Кыз кимибизге тийиштүү» деп калыска келишет. Калыстар: (Ууру алсын» деп чечишти. Буга сиз кандай дейсиз?

Жаннат дагы шашып:

— Жок андай эмес, жел жетпес алышы керек, — деп үчүнчү жолу сүйлөдү.

— «Жаңы жигит Жаннатты үч жолу сүйлөттү» дегенди билдирип, коңгуроо эми үч жолу урулду. Шаар ичи дүңгүрөп калды. Жалпыга маалым убада боюнча, Жаннат бул жигитке тийүүгө макул болду.

— Сени алуудан мурда элижуртуң менен таанышайын, шаарыңды аралап көрөйүн, — деди да, аттанып шаар аралап, айыл кыдырып, Мээнетбекти издеди. Бир күүн талаада музоо кайтарып жүргөн Мээнетбекке жолукту. Анын чачы менен тырмагы аябай өсүп, этин какач басып, кийими тытылып, кейпи кетип, алсырап кеткен экен. Акылжан аны киринтип, өз кийимин бүт кийгизип, күйөөсүн дал өзүнө окшотуп:

— Сен эми мен болуп калдың... Жаннат кыз тиет сага. Бирок ал кызга эч сөз айтпай кирип бар, — деген акылды үйреттү да, езү ошол жерден үйүнө кайтып кетти.

Мээнетбек Жаннатты алып, элине шааншөкөт менен келип түштү. Эл чогулуп, чоц той болду. Мээнетбекке учурашуу үчүн Акылжан да келди. Мээнетбек аны көрер замат:

— Мага жолобосун, ары жибергиле! — деп кыйкырды.

Акылжан кайра басып, эми ханга барды:

— Ханым, датым бар: сиздин алдыңызда балаңыздын эки ооз сөз сурамак элем... Уруксат болсо, көпчүлүктүн көз алдында мен айтып, сиз уксаңыз, — деди.

Хан макул болуп, жашкарынын баарын чакырды. Жаннат кошо келди. Акылжан Мээнетбектен минтип сурады:

— Жаннат кызды сиз кандай аракет, кандай сөз менен сүйлөттүңүз? Сиз музоб кайтарып жүргөн кезде кимге жолуктуңуз? Ал ким эле?

Хандын уулу Мээнетбек моюн бербей:

— Өзүм эле сүйлөшүп алгам, мен эч качан музоо кайтарган эмесмин, эч кимге да жолуккан эмесмин, — деп тайсалдады.

Акылжан ачуусу келди да:

— Жаманга жакшылык жарашпайт. Мына бул кийим, бул чач, тырмактар эмне? — деп куржундагы Мээнетбектин «жасалгасын» чачып жиберди да, Жаннатты кандай жол менен сүйлөткөнүн айтып өттү. Жаннаттын ичи күйүп:

— Мен муну билген эмесмин, эми мен хандын уулуна турбайм, азыр кетем! — деди.

Хан башынан макоо уулуна нааразы, Акылжанга ыраазы болуп, эли менен кеңешип, хандыкты Акылжанга, вазирликти Жаннатка берген экен. Ошондон кийин «Акыл айга учурат» деген сөз тараптыр.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!