СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жолдо жүрсөң абайла!

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Жолдо жүрсөң абайла!»

Жалал-Абад шаарындагы И.Сатыбаев атындагы №19 жалпы орто билим берүүчү мектеп-мекемеси



Тарбиялык саат

Тема: Жолдо жүрсөң абайла!




Мугалим:___________________

Сабактын темасы: Жолдо жүрсөң абайла!


Сабактын максаты:


  • Окуучуларга жолдо жүрүү эрежесин түшүндүрүү

  • Жол белгилерин так билүүгө үйрөтүү

  • Жолдо жүрүүдө жол эрежесин сактап, абайлап жүрүүгө тарбиялоо

Сабактын жабдылышы:

Светофор, жол белгилери тартылган сүрөттөр

Сабактын жүрүшү:

—Ар бирибиз жолдо жүрүү эрежесин так билүүгө тийишпиз. Жөө жүргөн адамдардын да жолдо жүрүү эрежеси бар.

Жол эрежесин үйрөнүп, дайыма так сактоо милдетибиз.

Жол эрежелери

Көчөдө бара жатканда шашпай, жолдун чети менен басуу керек. Көчөнүн бир жагынан экинчи жагына өтүүдө ар дайым эки жакты карап өтүү зарыл. Адамдар дайыма светофорго карап, ал жок жерде атайын адамдар өтүүчү жерден (зебрадан) өтүү керек.

(сүрөттөр көрсөтүлөт)

Жол эрежеси боюча ырлар

Болбос үчүн кырсыктар,

Айталы жол эреже.

Эсиӊерге туткула,

Билбегендер билишсин.

Жолдо жүрүү өзүнчө,

Кызык экен окусаӊ.

Эрежени үйрөнсөӊ,

Эркин басып жүрөсүӊ.

Эрежени сакташат,

МАИ деген ар дайым.

Эрежени үйрөнүп,

Эрежени бузбайбыз.

Жол үстүндө үч кабат

Илинген нурду карагын.

Светофор деп коёт,

Эсиӊе ал, өчүп,жанганын.

Жол эрежеси ушундай,

Айткандарды уккула.

Жол эрежесин так окуп,

Жол кырсыкка кабылба.


Жол эрежени так билсек,

Кырсык болбойт эч качан.

Өмүрүӊө коркунуч,

Алып келбейт эч качан.

Уят болбой окуйбуз,

Жол эрежесин баарыбыз.

Эрежени бузбастан,

Эстүү балдар болобуз.

Жол үстүндө үч кабат,

Илинген нурду карайбыз.

Светофор деп коёт,

Эсиӊде болсун ар дайым.

Сарысы күйсө камданып,

Кызылы күйсө токтойбуз.

Туура эмес өтүп көчөдөн,

Машина жолун тоспойбуз.

Жол белгисин билбесек,

Жаман жорук башталат.

Шашпай жүргүн көчөдө,

Кокустук деген балакет.


Ошондуктан окуйлу,

Жол белгини жакшылап.

Жолдо болбойт кырсыктар,

Эрежени так билсек.

Алды-артыӊды байкагын,

Алданбагын оюнга.

Чуркап өтөм дебегин,

Жолдун аркы боюна.

Кызыл күйдү карагын,

Токто, кайда шашасыӊ.


Суроолор


Светофордун жөө жүргүнчүлөргө кандай пайдасы бар?

Жолдо жүрүү эрежесин кимдер сактоосу зарыл?

Жөө жүргүнчүлөр жолдун кайсы жеринен өтүүсү керек?

Көчөдө болгон жол кырсыктын баарына айдоочулар күнөөлүүбү?

Кандай бала жол эрежесин бузбайт?

Жол белгилери жолдун кайсы жагында жайгашкан?


Кроссворд

Светофордун кайсы түсү жанса токтойбуз? (кызыл)

Светофор жок болсо, кайсы жерден өтөбүз? (зебра) Жөө жүргүнчүлөрдүн жолу эмне деп аталат? (тротуар)

Светофордо “даярдан” деген белги кайсы түс менен белгиленет? (сары)

Жолдон өтүп жатканда, эӊ биринчи кайсы тарапты карайбыз? (сол)

Светофордун кайсы түсү жанганда өтөбүз? (жашыл)

Жүргүнчүлөр кичи автобусту кайсы жерден тосо алат? (аялдама)

Жол эрежелеринин кызматкерлерин атагыла. (МАИ)


Сабакты бышыктоо :



Үй тапшырма: Жол эрежелерин билип келүү




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!