Просмотр содержимого документа
«Жер жонундо презентация»
Жердин атмосферасы
Атмосфера – бул (грек. атмос-буу, сфера-шар) Жердин газдуу катмары
Абанын курамы
Аргон , көмүр кычкылынан 1%
Кычкылтек
Атмосферанын пайда болушу менен бул планетада жашоо мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Жер шарынын атмосферасы азоттон, кычкылтектен, суу буусунан жана аз көлөмдөгү башка газдардан турат. Ошондой эле, атмосфера Жер шарын Күндүн зыяндуу ультрафиолеттик нурдануусунан коргоочу кызматты аткарат. Атмосфера өзү бир нече катмардан турат.
Тропосфера — төмөнкү катмар болгондуктан, башкаларына караганда көбүрөөк изилденгени. Уюлдук аймактарда 8-10 км, башка аймактарда 10-12 км болот. Тропосферада бардык атмосферанын 80—90%ы, ал эми суу буусунун дээрлик бардыгы жайгашкан. Ар 100 м бийиктеген сайын температура орто эсеп менен 0,65° төмөндөп, жогорку чегинде 220 К (−53°C) ге жетет. Тропосферанын жогорку чеги тропопауза деп аталат. Тропопауза – калыңдыгы бир нече метрден 1,5-2 км ге чейин болот. Тропосферада жер бети менен атмосферанын ортосундагы жылуулук алмашуу, нымдуулуктун өзгөрүшү, булуттардын пайда болуша сыяктуу аба ырайын өзгөртүүчү бардык процесстер тынымсыз жүрүп турат.
Стратосфера — 11-50км ге чейинки аба катмарын камтыйт. Мына ушул стратосферада, б.а. 15-20 км ден 55-60 км ге чейинки аралыкта биосферанын жогорку чегин аныктаган «озон катмары» деп аталган катмар жайгашкан. Озон катмары жер бетиндеги тиричилик үчүн зыяндуу болуп эсептелген ультрафиолеттик нурданууну жутуп алат. Бул коргонуучу катмар жок жер бетинде жашоо болмок эмес. Стратосферанын төмөнкү катмарында, 11-25 км аралыгында температуранын өзгөрүшү дээрлик байкалбайт. Ал эми 25-40 км аралыгында − 56,5°С ден 0,8°С ге чейин өзгөрүү болуп, 40 км бийиктикте температура 0°С дин тегерегинде болот да, 55 км ге чейин дээрлик өзгөрбөйт.
Стратосфера менен тропосферадагы абанын калың катмары бизди космостон келген радияциядан сактайт.
Мезосфера 50 км ден башталык 80–90 км ге чейин созулат. Мында абанын температурасы 75–80 км бийиктикте – 88°С ге чейин төмөндөйт. Мезосферанын жогорку чеги мезопауза деп аталат. Мезопаузанын аймагында , 70–90 км бийиктикте муз кристаллдарынан, вулкандык жана метеордук чаңдардан турган жука катмар болот жана ал күн батып бараткан кезде күмүш булуттарды элестеткен кооз көрүнүштү пайда кылат. Жерден улам бийиктеген сайын (100—130 км) биз үчүн көнүмүш болгон үндүн таралышы, абанын каршылык күчү сыяктуу кубулуштар азайып, бара-бара жок болот
Термосфера ( ионосфера ) мезасферадан кийинки аба катмары, 80–90км ден 800км ге чейин созулуп жатат. Мында абанын температурасы тез өсө баштайт, ал гана эмес бир нече миң градуска чейин чыгат .
Атмосферанын эң жогорку, тышкы катмары экзосфера деп аталат. Ал 800 км ден жогору бийиктикте жайгашкан. Анда газдар өтө сейрек жайгашкан. Физикалык закондорго таянсак, 100 км ден ашкан бийиктикте газдардын абалы алардын малекулалык массаларынан көз каранды болот, башкача айтканда, жер бетинен улам жогорулаган сайын оор газдардын саны азая баштайт. Газдардын тыгыздыгы азайган сайын температура төмөндөп, стратосферада –110°С ка чейин түшөт. Ал эми 200–300 км бийиктикте экзосфера акырындап космостук вакуум абалына өтөт. Анда планеталар аралык газдар, негизинен суутектин атому жана космостук чаңдар гана ээлик кылып калат.
Аба-ырайы хаотикалык система болуп саналат, айлана чөйрөдөгү кичинекей жеңил өзгөрүүлөрдөн ал бат эле өзгөрүлүшү мүмкүн, ошондуктан азыркы убакытта аба-ыйрайынын болжолу бир нече күн менен эле чектелип атат. Азыркы убакытта дүйнө боюнча эки процесс жүрүп жатат. ортоңку температура көтөрүлүп жана аймактык климаттар кыйла өзгөрүүлөргө дуушар болууда.