СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жаштардын саяпкери

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Жаштардын саяпкери»

Жаштардын саяпкери

Ар дайым студенттер менен жолугушканда «Мен чыгармачыл, жүрөгүндө эрки, көзүндө оту, оозунда сөзү бар жаштарды жакшы көрөм жана жанашып жүрүп аларды өстүрүүгө кеп кеңештеримди аябайм» - деп, көп айтар эле. Бул сөздөн улам менин ким жөнүндө сөз кыларымды дароо эле тапсаңыз керек урматтуу окурманым. Ооба, туура таптыңыз, ошол сиз ойлогон инсан жөнүндө жүрөгүмдү өйүп жүргөн айрым сезимдер менен сизди ортоктош болууга чакырамын.

Эмнегедир азыр да ОГПИге барсам кабинетинен чыгып калчуудай болуп, үйрөнгөн адат боюнча коридордун бир тарабында басам. Менин сүйүктүү агайым Каныбек Абдуваситовичтин ОшМУга которулуп кеткенине бир топ жыл болуп калса да, барыбир жолумдан жолугуп калчудай боло берет.

Албетте, бул айткандарым бийлик деп ректорлугуна кошомат кылганым эмес, жөн гана карапайым кыргыздын уулу, биринчи жолу сезимимде калган кадырман мугалимим катарында адамдык касиетин сыйлагандыгым. Сөзүм далилдүү болуш үчүн, жаркын келечекке карай жол көргөзгөн, жакшы пикирди жараткан учурду айтайын. Ал мезгил менин өмүр боюу жүрөгүмдүн түпкүрүндө сакталат.

2009-жылдын 6-августунда үйдөгүлөр окутпайм дегенине болбой, Ош шаарына качып келдим. Анан ордолуу Оштун куту, ооматтуу билим журту болгон ОГПИге окууну чечип, документтеримди тапшырдым. 7-август күнү сынактын жыйынтыгын көргөнү келсем, окууга өтпөй калыпмын, үйдөн качып келгем, эми кайра үйгө кантип барам, же Россияга жумуш издеп кетсемби деп ар нерсени ойлонуп акыры өзүмдүн тапшырган тесттеримди бир көрөйүнчү, менимче оңой эле суроолор келди эле го, неге жыгылдым экен? Эмнеси болсо да барып көрөйүн деп аппеляцияга арыз жазып, кабыл алуу комиссиясына кайрылдым. Кабыл алуу комиссиясы: “мүмкүн өзүң өтпөй калгансың, сен туура белгилесең биз кантип өткөрбөйлү”- деп жатканда, ары жактан шашпай басып бир чоң киши келип, эмне болуп жатат деп иштин чоо-жайын сурап калды. Бул ким болду экен деп турдум, көрсө ал Каныбек Исаков экен. Анан агайга үй-бүлөбүз жөнүндө айтып бердим, «Биз үй-бүлөдө он бир бир тууганбыз, мен эң кичинесимин. Менден чоң агаларым, эжелерим баары орто билимдүү. Атам мугалим болсо да эмнегедир бизди окуткан эмес. Мен да турмуш шарттын айынан окууга тапшыра албай калып кийин качып келе бердим» - десем, Каныбек агай ха-ха-ха деп коңур үнү менен күлдү да, «Азыр сага суроо берем, жооп берсең окууга аламын, кичине чымыны бар кыз окшойсуң», - деди. Ал мезгилде ЖРТ дегенге каалоочулар эле тапшырып, окуу жай өзүнөн тест алчуу эле. Сүйүнгөнүмдөн көзүмдөн жаш тегеренип кетти, агайдын күтүүсүздөн эле суроо берем, жооп берсең окууга өтөсүң деген сөзүнө бир аз толкунданып да кеттим. Ошентип суроолорунун баарына жооп бердим, анан агай күлүп, «Жакшы, окууга өттүң сентябрдан келе бер, айтаарым сага мойнунан байлаган ит ууга жарабайт, туулган адам жаман эмес, турмуштан ордун таппаган адам жаман. Ушунча качып келип, окууга тапшырыпсың эми адам бол. Жыйынтыгы жок эле айылда жүргөндөн көрө деп келген болсоң адашасың, эл катары окууга келип кете бере турган болсоң анда окубай эле кой», - деди. Мен «жок, агай окуймун» деп ыйлап жибердим. Ошол күнү биринчи жолу Каныбек агай менен жолугушканмын жана сынак менен эмес, агайдын суроолоруна жооп берип окууга өткөнмүн.

Агай, студенттер менен жолугушканда ар дайым дарегине жакшы пикирлер айтылаар эле. Ошондо агай тамашалап рахмат, жакшы сөз бардык адамга жагат, бир мезгилде менин жардамым, көмөгүм тийген студент достордон бир нерсе суранаарым, мага ыраазычылык кылуунун бир жолу бар деген эле, ошондо баарыбыз тыңшап калганыбызда: “Мен аркы дүйнөдө бейиштин көпүрөсүнөн өтүп кетип жатканда, а бечера жакшы агай эле, мени окууга өткөргөн агай эле, - деп кол чаап турсаңар болду» - деп тамашалап айтар эле.

Чынында, Каныбек агай Асан кайгыга окшоп бардык нерсеге чын көңүлдөн мамиле жасайт, ошондо Каныбек агайдан башка ректорлор болгондо кандай болор эле ким билет?.. Андан бери көп убакыт өттү. Азыр менда мектепте мугалим болуп иштейм, менин да сүйүктүү окуучуларым бар, үй – бүлөдө 2уул, 1кыздын апасымын. Агайдын ошондогу айткандарын тумардай жүрөгүмө сактап жүрөмүн. Бош убактымды көбүрөөк изденүүгө, окуучуларымдын сүймөнчүлүгунө ээ болгонго, кесиптештеримдин арасында өз кадырымды сактоого, ата-энемди жана устаттарымды кубантууга болгон күч аракетимди жумшап жатамын.

Эгер окууга өтпөй калганымда билбейм, азыр кайсы жерде эмне менен алек болор элем… Себеби, турмуштун оош-кыйыштарынан көңүлүм чөгүп жүргөн болчу. Мен окууга өткөндөн кийин кайра Чаткалга барбай, сентябрга чейин шаарда жүрдүм. Окуу жылы аяктап, сессия башталган тушта июнь окуясы башталып кетти. Биз жатаканада калып калдык. Ошол күндөрү да Каныбек агайдын чыныгы атанын уулу экенине күбө болуп, бир жагынан сыймыктанып да жаттым. Ала-Букадан Ош шаарына гуманитардык жардам алып келген камаз менен көп студент кыздарга кошулуп, жөнөп кеттим. А агайлар жатаканада калышкан.

Айылга баргандан кийин атама бир жылдык отчет бердим. Атам баарын уккандан кийин «Качып барган сени окууга алган Каныбек Исаков кандай адам экен деп жүрсөм, көрсө ал чыныгы мугалим турбайбы. Андай жигиттер “Эл мугалими” деген наамга да татыктуу», - деп айтты. Ошол агайың менен бир кол алышып, жолугушсам деген тилеги ишке ашпай, атам кокустан каза болуп калды... Мен эмес атам да Каныбек агайдан ыраазы болгон.

Ч.Айтматовдун “Биринчи мугалим” чыгармасындагы Алтынайдын сезиминде Дүйшөн кандай мугалими катары сакталса, Каныбек Исаков да менин өмүрүмдө, алгач адам болууга үндөгөн, билимдүү адамдын келечеги жаркын болорун айткан, тикенектүү жерден гүл тапкан, кумдуу жерден суу тапкан, адабияттын алпы, кара сөздүн устазы, жакшы иштердин тарапкери, “Жаштардын саяпкери” катары кала бермекчи.

Бир мезгилдеги студенттиңиз: Нургүл Тайыр кызы
















Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!