СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Бул тегерек столго 9-11-класстардын окуучулары менен бирдикте ЖӨИ кызматкерлерин, ата энелерди катыштырса болот

Просмотр содержимого документа
«Жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу»


Алымкул Үсөнбаев атындагы “Арал” орто мектеби









Сабактын темасы: Өспүрүмдөр кылмышка каршы











Мугалими: Арапова Кундуз

2018 – 2019 – окуу жылы







Алымкул Үсөнбаев атындагы «Арал» орто мектебинде 9-10-11-класстардын окуучулары менен биргеликте өтүүчү «Өспүрүмдөр кылмышка каршы» деген ураандын астында өтүүчү тегерек стол

Мугалими: Арапова Кундуз

Максаты:

А) Окуучулар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алууга жана улуттар арасындагы достукту, ынтымакты чындоо керектигин үйрөнүшөт;

В) Жаштар ан-сезиминде кылмыштын зыяндуулугун аңдап сезешет;

Г) Өспүрүмдөр милициянын катарына тартылышат жана спортко шыктанышат;


Жабдылышы: слайд, сүрөттөр, интерактивдүү доска, видеодисктер, маркер, стикер ж.б.


Уюштуруу:

Амансыздарбы, узун күндөр энедей ардактоочу, элдин баласына мээрим берип сүйүп эркелетүүчү, бүтүндөй чынар даражасына жеткирүүчү, ниети асмандай тунук адамзаттын багбаны болгон мугалимдер!

Биздин Алымкул Үсөнбаев атындагы «Арал» орто мектебине кош келиниздер! Мына, биздин тоолуу мекенибиз эмне деген керемет жер! Дүйнөдө мындай табияты кооз, төрт мезгили түгөл жер барбы? Болсо да Кыргызстаныма жетпес деп ойлойм. Бул жөнүндө канча айтса да жетишсиз.

Куш өңдүү аба жиреп уча алабыз,

Балыктай сууда калкып сүзө алабыз.

А бирок, аттигиниң, айткылачы,

Канткенде, адам болуп бейкут өмүр сүрө алабыз,- демекчи, мамлекетибиздин тынчтыгына, саламат жашап жатканыбызга каниет кылалы.


- Кымбаттуу коноктор, ардактуу мугалимдер, ошентсе да, «Сен айтпасан, мен айтпасам, ким айтат?» демекчи, айтып деп, ортого алып чыгуучу маселе жаралып жатат. Ал өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук, мектеп рекети – коомду каптаган социалдык жарага айланып, кылмыштын жүзү жылдан – жылга жашарып бараткандай. Андыктан ийри олтуруп түз кеңешели деген максатта чогулуп отурабыз. Силер менен өтүлүүчү тегерек столдун темасы: «Өспүрүмдөр кылмыштуулукка каршы» деген ураандын астында өтүлмөкчү.


- Айткылачы, балдар, дегеле кылмыш деген эмне?

- Кылмыш- бул бейбаштык, ээнбаштык, адепсиздик, зөөкүрлүк, бекерчилик, уурулук, тарбиясыздык, ыймансыздык.

- Кылмыш – коом үчүн коркунуч туудурган иш аракет, же болбосо. мыйзамдуу түрдө чара көрүлө турган кайдыгерлик.

Бүгүн биздин коомдун алдында эң актуалдуу, социалдык мааниси терең маселелердин бири – өспүрүмдөр арасындагы кылмышты азайтуу жана алардын алдын алууну жогорку деңгээлге чыгаруу болуп эсептелет. Өлкөдө татаал криминалдык абал сакталып турганынан улам, баарынан мурда, өспүрүмдөрдүн коркунучтуу кылмыштарга баруусу бүгүнкү күндө азайбагандыгынан, алардын арасындагы доочулук, же мындайча айтканда, «мектептеги рекет» курч көйгөй болуп турганынан улам, бул маселени тезинен чечүү зарыл.


Ой-чабыт:

- Айткылачы балдар, кылмыштын түрлөрү деп кайсыларды эсептейсинер?

- Уурулук, тоноо, коркутуу, каракчылык, хулиганчылык, мушташуу, мажбурлоо, денеге залал келтирүү, алдамчылык.


Ой-чабыт: Туура айтасынар, балдар, силер айткан кылмышты кимдер, кимдин балдары жасашат?

1. Мигранттардын балдары: ата-энелер жумушсуздуктан улам балдарын кароосуз калтырып жатышат

2. Тарбиясы жок , тарбия көрбөгөн балдар.

3. Байдын балдары.


- Андай болсо төмөндөгү эпизоддорго көңүлүңөрдү бурамын. (слайд көрсөтүлөт). Бир нече көрүнүш көрсөтулүп талкууга коюлат

- Бул кылмыштын кайсы түрү, эмне үчүн?

- окуучулардын жооптору


- Балдар силер айткылачы, укук бузуунун түрлөрү кайсылар?

1.Административдик жаңылыштык.

2.Тартиптик жаңылыштык.

3.Жарандык - укуктук жаңылыштык.

Туура айтасынар. Анда силер өз ойлоруңарды жазгыла (стикерге жазышат).


1.Административдик жаңылыштыкка укук бузуунун кайсы түрлөрү кирет?

2.Тартиптик жаңылыштыккачы?

3.Жарандык - укуктук жаңылыштыкка укук бузуунун кайсы түрү кирет?


Демек буларды аныктап алдык. Андай болсо «Укук бузууну аныкта» деген тапшырма берем. ( Экранда төмөнкү кырдаалдар сунуш кылынат)

1.Тимур милицияга телефон чалып, мектепке бомба коюлган деп жалган айтты.

2. Асан коруктагы даракты сындырды.

3.Бектур менен Тилек өтүп бараткан жолоочуга таш ыргытышты.

4. 9 – класстын окуучулары кинотеатрда кино көөрүү учурунда спирт ичимдигин ичип отурушту

5. Акмат бирөөнүн автоунаасына кирип, магнитафонун уурдап алды.

6. 11 – класстын 4 баласы мектептин 2 компьютерин уурдап кетишти.

ТАПШЫРМА:

Көрсөтүлгөн кырдаалдар укук бузуунун кайсы түрүнө кирээрин аныктагыла.

Административдикпи, тартиптикби, же жарандык укук бузуубу? (Талкуу жүрөт)


Ой-чабыт- Укук бузуунун канчалык деңгээлде зыяны бар?


Ой-чабыт – «Кылмыш эмне үчүн коркунучтуу»? ( жоопторун доскага жардамчы мугалим жазып турат)

Демек, балдар – кылмыш коомдун өнүгүүсүнө каршы жасалган, өтө зыяндуу иш – аракет экен.


Ой-чабыт. Анда, мен дагы төмөнкүдөй суроо менен кайрылгым келип турат.

Кылмышка баруунун көпчүлүк себептери кайсылар деп ойлойсунар?


1.Адамдын озунун кылган ишине жоопкерсиздиги

2.Жалкоолук, оройлук, эрдемсинуу, мыкаачылык. Ички дүйнөнүн жардылыгы.

3.Үй - бүлөнүн, көчөнүн терс таасири.

4.Мыйзамды сыйлабоо же билбөө.

5.Мыйзамдардын чалалыгы.

6.Өлкөдөгү экономикалык жана саясий туруксуздук.


- Мыйзамдар дединер «Кылмыш жана жаза» кодекси жөнүндө билесиңерби? (Окуучулар өз ойлорун айтышат)

Жаш өспүрүмдөр инспекциясынын кызматкери, милициянын полковниги Ураимова Назгүл Ноокат районундагы мектеп окуучулары арасында катталган кылмыштардан факты келтире кетейин (Назгүлдүн сөзү


- Өспүрүмдөр тарабынан болуп жаткан кылмышты канткенде токтото алабыз, аны менен кантип күрөшүү керек?

- (Жооп) Туура тарбия берүү, балдарды бош койбой пайдалуу иштерге жумшоо, бала өзүндөгү жакшы сапаттарды өнүктүрүү керек. Баланын тарбиясына эң оболу ата-эне жооптуу, андан кийин мектеп, коомчулук, мамлекет ж.б.


Бышыктоо:

Илгертеден сөзгө чечен ата – бабаларыбыз жакшыга да, жаманга да кыска жана нуска таамай айтылган сөздөр менен жаштарды тарбиялап келишкен. Ал сөздөр муундан - муунга маанисин жоготпой пайдаланууда. Андыктан ушундай болгон тарбиялык мааниси бар макал – лакаптар менен сабагыбызды жыйынтыктайлы.

Жамандан орой көңүлгө, так саларын ойлончу.

Сен – деген сенек сөз, сиз – деген сылык сөз.

Оң келбейсин адамга, орой болуш жаман да.

Таш аласын – таш урсаң, жаш аласын, жаш берсең, кыш берсең кыш алаарсын, аш берсен, аш алаарсын.

Бөлтүрүгүн урсан, бөрү да өч алат.

Бирөөгө жамандык салганың, өзүңдү бутуңдан чалганың.

Ышкырышса – ынтымак качат, ызаатташса көңүл ачат.

Кыңыр иш кырк жылда билинет.

Жыйынтыктоо:

Ошентип, балдар, биз бүгүнкү тегерек столубузду төмөндөгү эки түрдүү көрүнүштөгү гүл менен жыйынтыктайбыз.

  1. Абдан сонун ачылып, элдин баарын суктандырып, көргөн сайын көңүлүң ачылган гүлгө – жакшы, акылдуу, эл үчүн эмгектенген баланы;

  2. Куурап, соолуп, таштандыга айланган гүл – кылмышкер, жаман баланы элестетип ойлорун жазышат.


Сабакка катышканыңар үчүн рахмат.


Үй тапшырмасы: “Мен келечекте ким болом” деген темада эссе жазуу

















Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!