СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жаныбарлар дуйносу 4 класс

Просмотр содержимого документа
«Жаныбарлар дуйносу 4 класс»

Бүгункү таймаш 3 турдан турат.1 тур бул тандап алуу туру.Анда капитандардын баарына тең бир гана суроо берилет.Эгер туура жооп берген командалардын саны 10дон көп болсо алардын ичинде чучукулак кармалат,ал эми 10дон аз болсо туура эмес жооп берген командалардын арасында чучукулак кармалмакчы. 2-турда болсо жалпы командага 15 суроо берилет.Ал эми 3-турда капитандар таймашында ар дайымкыдай 5 суроо берилмекчи.

Командаларды тандап алуу: Бул жаныбар эң жогорку бийиктикке секире алат жана да уктаганда бир көзүн ачып уктайт.Суроо:Бул кайсы жаныбар? Ж:Дельфин

Кайсы жаныбар башка жаныбарлардан айырмаланып эң чоң жүрөккө ээ? Ж: Жираф

Латын тилинде mollis жумшак деген маанини билдирет.Суроо; Кайсы жаныбардын аты бул сөздөн келип чыккан? Убакыт кетти. Ж: Моллюскалар

Капитандарга суроолор

1-раунд.Кунг-фу Панданын экинчи бөлүгүндө Анжелина Жолли кайсы жаныбардын үнүн коштогон? Ж:Жолборс

2-раунд.Жылнаамада биринчи жана акыркы турган жаныбарларды атаңыздар? Ж:Чычкан жана доңуз

3-раунд. Бул жаныбар туулган учурда БИР ЖАРЫМ метр жогору жактан жерге түшөт.Суроо: Бул кайсы жаныбар? Ж:жираф

4-раунд.Кайсы канаттуу башын 270 градус бура алат ? Ж: Үкү

5-раунд. Арабызда англис тилин билгендер бар.Европада жайылган ”Покетбук” деген китепче чыгаруучу мекеменин аты кыргызча “чөнтөк китепчеси” деп которулат.Суроо:Бул мекеменин эмблемасында кайсы жаныбар тартылган? Ж: Кенгуру

Кошумча суроолор

Суроо:Кайсы кичинекей жаныбардын тишинин саны 25 000 ге чейин жетет? Ж:үлүл

Суроо: Кайсы жаныбар өзүн күзгүдөн көргөндө тааный алат? Ж:Шимпанзе

Суроо:Крокодилдин жүрөгу канча камералуу? Ж 4

Суроо: Ал – 1923 ж.туулган. Ал 9 жылдан ашуун өмүрүн күтүү менен өткөргөн. 1987-ж. Анын элесине арналган кинотасма тартылган. 2009-жылы бул кинонун америкалык версиясы да жарык көргөн. Суроо:Кеп эмне жөнүндө болуп жатат. Убакыт кетти Жооп: Хатико тууралуу.

Суроо:Чыгыштын кээбир календарларында жаныбарлардын аты жазылбай алардан чыккан тууранды сөздөр жазылат.Суроо: жазыныздар мен тамгалап айтам:ГАУ жана МАО деген сөздөр кайсы жаныбарларды туюндурат? Ж; Мышык жана ит

Суроо: Чаяндардын канча жуп буту бар? Ж:4



1-раунд.Эң оңой суроо:Курманжан Датка энебизди коштоп анын жанында жүргөн колдоочусу кайсы жаныбардын элесинде болгон? Ж: Жолборс

2-раунд.Бул жаныбар салмактуу келип,сууда мыкты сүзө алат.Башка жаныбарлардан айырмаланып бир гана бул жаныыбардын төрт тизеси бар.Суроо:Бул кайсы жаныбар? Ж:Пил

3-раунд.Бул жаныбарлардын эң кичинекейинин узундугу 10 см түзүп, омурткасынын көптүгү менен башка жаныбарлардан айырмаланат. Омурткаларынын саны 200-450гө дейре жетет.Суроо: Бул кайсы жаныбар? Ж:Жылан

4-раунд.Анекдот.Бир күнү ,бир жаныбар башын жерден чыгарып турса, ары жагында да бириси башын жерден чыгарып туруптур.Бири экинчисине карап,-Мен сизди сүйүп калдым –дептир,Ал эми тигиниси –Акмак болбо мен сенин куйругуңмун- дептир.Суроо:Анекдот кайсы жаныбар жөнүндө? Ж:сөөлжан

5-раунд.Сирия ,Египет,АКШ Албания ж.б мамлекеттердин гербинде кайсы жаныбар тартылган? Ж:Буркүт

6-раунд.Жаныбарлар аркандай символ катары пайдаланабыз,мисалы: көгүчкөн- тынчтыктын символу.Суроо:1929-жылдан баштап экологияны коргоонун символу катары кайсы жаныбар деп айтылып келүүдө? Ж:Панда

7-раунд.Окумуштуулардын аныктоосунда бул жаныбар ядролук жардыруудан кийин да аман калуучу жалгыз жаныбар болуп эсептелинет.Суроо: Бул кайсы жаныбар? Ж:Таракан

8-раунд.Уламыштарга таянсак Рим мамлекетин негиздеген Рем жана Рамулду кайсы жаныбар эмизип чоңойткон?Ж:Карышк

9-раунд. Европалыктар биринчи жолу бул жаныбарды көрушкөндө, бул жаныбар төө менен леопарддын аргындашуусунан келип чыккан жаныбар дешкен.Суроо:Алар кайсы жаныбар жөнуңдө кеп кылган? Ж:Жираф

10-раунд. Бир топ Африка тилинде бул жаныбардын атынын мааниси “Жунглидеги киши” дегенди билдирет.Суроо:бул кайсы жаныбар? Ж: Орангутан

11-раунд.Бул жаныбардын мүйүзү абдан баалуу болуп,көпчүлук учурда алардын өлүмүнө себепкер болот.Мүйүзүн алууга аракет кылган мергенчилер бул түр жаныбарларды өлтүруп келишкен.Бирок кийин Дүйнөлүк Жаныбарларды Коргоо уюму бул жаныбарларды коргоо максатында аларды өлтүрбөстөн мүйүзүн кесип алууга мажбур болушкан.Суроо: кеп кайсы жаныбарлар жөнүндө болуп жатат? Ж:носорог керик

12-раунд.Кыска суроо “Арахналогия” кайсы жаныбарларды изилдөөчу илим? Ж:Жөргөмүштөр

13-раунд. Австралиягадагы жергиликтүү калк аборигендер бул жаныбарды ” Биз түшунбөйбүз” деп аташат.Суроо: “Биз түшүнбөйбүз”деген сөздү аборигендердин тилинде айтып бериңиздер? Ж:Кенгуру

14-рауанд.Бул бизге тааныш болгон канаттулар дээрлик учушпайт.Окумуштуулардын изилдөөсүнө таянсак,эң узак убакыт 13 секунд ганауча алышат.Суроо:бул кайсы канаттуу? Ж:Тоок

15-раунд.Жомокто айтылгандай куу тулкүгө ишенип куйругу менен балык кармайм деп куйругун тоңдуруп алып кыска куйруктуу болуп калган жаныбар кайсы? Ж:Сулөсүн

Орто кылымдарда орустардын традициясы боюнча ан уулоого жараган жаныбарлардан бешөө гана болгон.Алар: Марал, Элик , Кийик эми сиздер мага калган эки жаныбарды б.а.мультфилмдеги атаандаш каармандарды айтып бериниздер.? Ж: Карышкыр жана коён

Байыркы убактарда укмуштуудай мыйзамдар болгон.Мисалы: Байыркы Египеттин мыйзамындарында өрт учурунда эн биринчи кезекте бул үй жаныбарын куткарылышы зарыл экендиги жазылган. Суроо:Бул кайсы жаныбар? Ж: Мышык.Анткени аларда мышыкты ыйык жаныбар катары көрүшкөн.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!