СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жайкы тапшырмалар Биология 7-класс

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Жайкы тапшырмалар Биология 7-класс»

№ 11 В.В.Терешкова атындагы мектеп-интернаты Биология «Жаныбарлар» 7-класс Мугалим: Кимсанова Максуда Жайкы тапшырмалар

№ 11 В.В.Терешкова атындагы мектеп-интернаты

Биология «Жаныбарлар» 7-класс

Мугалим: Кимсанова Максуда

Жайкы тапшырмалар

Жайкы тапшырмалар Жаныбарлардын жаратылыштагы,адамдын тиричилигиндеги маанисин түшүнүү үчүн алардын тиричилигине, өрчүшүнө байкоо жүргүзүү зарыл. Жайкы тапшырманын мазмуну ар түрдүү болуп,зоология курсунун программасындагы темаларга туура келет. Жай мезгили ар кандай жаныбарлардын тиричилигине жаратылыштык шартта байкоо жүргүзүү үчүн ыңгайлуу. Жаныбарларды бардык жерден учуратасыңар Адегенде тапшырмаларды көңүл коюп окуп чыккыла да, аны аткарууга аракет жасагыла. Күнүгө жүргүзүлгөн тажрыйбаңарды ,байкоолорду талаа күндөлүгүнө ирети менен жазып жүргүлө. Жаныбарларга жүргүзүлгөн байкоолордун учурунда,кызыктуу учурларды сүрөткө тартып алгыла

Жайкы тапшырмалар

  • Жаныбарлардын жаратылыштагы,адамдын тиричилигиндеги маанисин түшүнүү үчүн алардын тиричилигине, өрчүшүнө байкоо жүргүзүү зарыл.
  • Жайкы тапшырманын мазмуну ар түрдүү болуп,зоология курсунун программасындагы темаларга туура келет.
  • Жай мезгили ар кандай жаныбарлардын тиричилигине жаратылыштык шартта байкоо жүргүзүү үчүн ыңгайлуу. Жаныбарларды бардык жерден учуратасыңар
  • Адегенде тапшырмаларды көңүл коюп окуп чыккыла да, аны аткарууга аракет жасагыла. Күнүгө жүргүзүлгөн тажрыйбаңарды ,байкоолорду талаа күндөлүгүнө ирети менен жазып жүргүлө. Жаныбарларга жүргүзүлгөн байкоолордун учурунда,кызыктуу учурларды сүрөткө тартып алгыла
Сөөлжандарга байкоо жүргүзүү   Топурактын пайда болушуна сөөлжандын абдан чоң мааниси бар. Ага тажрыйбаларды жасап, байкоо жүргүзүү менен ишенесиңер. Үч литрдик (айнек) банкага жарымына чейин топурак салып, ичине 4-5 сөөлжанды кое бергиле. үстүнөн калыңдыгы 1-2 см кум аралаш топуракты себелеп койгула. Кийинки күндөн баштап көргөнүңөрдү ирээти менен күндөлүккө жазып, корутунду чыгарууга аракет кылгыла. Башка банкага жарымына чейин таза кумду салып, 4-5 сөөлжанды кое бергиле. Кумду кургатпай, суу сээп тургула. Сөөлжанды ар кандай өсүмдүктөрдүн бөлүкчөлөрү түшкөн жалбырактар, сабактар менен азыктандыргыла. Банканын топурагын кургатпай, суу сээп бир айга чейин караңгы жерге кармагыла. Пайда болгон чириндиге жакшы көңүл бургула. Жасалган байкоолордун негизинде кыскача корутунду чыгаргыла. Байкоо жүргүзүүлөр аяктагандан кийин курттарды банкалардын ичинен чыгарып, алган жериңерге кое бергиле.

Сөөлжандарга байкоо жүргүзүү

  • Топурактын пайда болушуна сөөлжандын абдан чоң мааниси бар. Ага тажрыйбаларды жасап, байкоо жүргүзүү менен ишенесиңер.
  • Үч литрдик (айнек) банкага жарымына чейин топурак салып, ичине 4-5 сөөлжанды кое бергиле. үстүнөн калыңдыгы 1-2 см кум аралаш топуракты себелеп койгула. Кийинки күндөн баштап көргөнүңөрдү ирээти менен күндөлүккө жазып, корутунду чыгарууга аракет кылгыла.
  • Башка банкага жарымына чейин таза кумду салып, 4-5 сөөлжанды кое бергиле. Кумду кургатпай, суу сээп тургула. Сөөлжанды ар кандай өсүмдүктөрдүн бөлүкчөлөрү түшкөн жалбырактар, сабактар менен азыктандыргыла. Банканын топурагын кургатпай, суу сээп бир айга чейин караңгы жерге кармагыла. Пайда болгон чириндиге жакшы көңүл бургула. Жасалган байкоолордун негизинде кыскача корутунду чыгаргыла. Байкоо жүргүзүүлөр аяктагандан кийин курттарды банкалардын ичинен чыгарып, алган жериңерге кое бергиле.
Жылаңач былжырлуу үлүлдөргө байкоо жүргүзүү.   Былжырлуу үлүлдөрдүн сыртында катуу үлүл кабы болбойт. Арка жагында гана тегерек өңдүү мантиянын калдыгы сакталган. Биздин жерибизде талаачыл былжырлуу үлүл кезигет. Силер өзүңөрдүн огородуңардан 3-4 үлүл таап, бир аз топурагы бар айнек банкага салгыла. Былжырлуу үлүлдөр жеш үчүн салаттын жалбырагын, кулпунайдын мөмөсүн салып койгула. Банканы полиэтилен капкак менен жаап, мык же темене менен капкакты тешип койгула. Андан кийин күнүгө байкоо жүргүзгүлө. Сырткы көрүнүшүн ачык, даана сүрөттөп жазып, кайсы өсүмдүктөрдү жакшы жешин байкагыла. Кайсы убакта алар активдүү кыймылда болорун аныктагыла ж.б.

Жылаңач былжырлуу үлүлдөргө байкоо жүргүзүү.

  • Былжырлуу үлүлдөрдүн сыртында катуу үлүл кабы болбойт. Арка жагында гана тегерек өңдүү мантиянын калдыгы сакталган. Биздин жерибизде талаачыл былжырлуу үлүл кезигет. Силер өзүңөрдүн огородуңардан 3-4 үлүл таап, бир аз топурагы бар айнек банкага салгыла. Былжырлуу үлүлдөр жеш үчүн салаттын жалбырагын, кулпунайдын мөмөсүн салып койгула. Банканы полиэтилен капкак менен жаап, мык же темене менен капкакты тешип койгула. Андан кийин күнүгө байкоо жүргүзгүлө. Сырткы көрүнүшүн ачык, даана сүрөттөп жазып, кайсы өсүмдүктөрдү жакшы жешин байкагыла. Кайсы убакта алар активдүү кыймылда болорун аныктагыла ж.б.
Чоң көлчүкчү үлүлгө байкоо жүргүзүү Көлчүктүн же сайдын суусу куюлган бир литрлик банкага чоң көлчүкчү үлүлдү салгыла. Ошондой эле сууда өскөн өсүмдүктөрдүн бир нече бутакчаларын да салгыла. Банканы жарык жерге койгула (күндүн нуру тик тийбеген жерге). Көлчүкчү үлүлдүн кыймылдашын байкагыла. Ал дем алуу үчүн суунун үстүнө канча жолу көтөрүлгөнүн санагыла. Бир жумадан кийин банканын капталы бир клеткалуу балырлардын жашыл жугу менен капталат. Көлчүкчү үлүл бул балырларды майдалагычы менен кандайча кырып жээрин байкагыла. Байкоо жүргүзүп бүткөндөн кийин көлчүкчү үлүлдү көлмөгө кое бергиле.

Чоң көлчүкчү үлүлгө байкоо жүргүзүү

  • Көлчүктүн же сайдын суусу куюлган бир литрлик банкага чоң көлчүкчү үлүлдү салгыла. Ошондой эле сууда өскөн өсүмдүктөрдүн бир нече бутакчаларын да салгыла. Банканы жарык жерге койгула (күндүн нуру тик тийбеген жерге). Көлчүкчү үлүлдүн кыймылдашын байкагыла. Ал дем алуу үчүн суунун үстүнө канча жолу көтөрүлгөнүн санагыла. Бир жумадан кийин банканын капталы бир клеткалуу балырлардын жашыл жугу менен капталат. Көлчүкчү үлүл бул балырларды майдалагычы менен кандайча кырып жээрин байкагыла. Байкоо жүргүзүп бүткөндөн кийин көлчүкчү үлүлдү көлмөгө кое бергиле.
Колорадо коңузуна байкоо жүргүзүп, өрчүшүн үйрөнгүлө   Кийинки жылдарда бул Америкалык коңуз абдан көбөйүп кетти. Аны картошка айдалган аянттардан бат эле табасыңар. Алар эртең менен же күндүз эле картошканын жалбырактарынын асты жагына быжылдаган саргыч жумурткаларын туушат. Жумурткалардан личинкалары чыгат. Чоңдору деле ошол эле жерде өскөн картошканын сабагында жүрөт. Коңуздун өрчүшүнө, жумурткаларына, личинкаларына, чоңдоруна байкоо жүргүзгүлө. Кийин байкоо жүргүзүлгөн участоктогу коңуздарды банкага чогултуп, үстүнөн кайнак суу куюп салгыла.

Колорадо коңузуна байкоо жүргүзүп, өрчүшүн үйрөнгүлө

  • Кийинки жылдарда бул Америкалык коңуз абдан көбөйүп кетти. Аны картошка айдалган аянттардан бат эле табасыңар. Алар эртең менен же күндүз эле картошканын жалбырактарынын асты жагына быжылдаган саргыч жумурткаларын туушат. Жумурткалардан личинкалары чыгат. Чоңдору деле ошол эле жерде өскөн картошканын сабагында жүрөт. Коңуздун өрчүшүнө, жумурткаларына, личинкаларына, чоңдоруна байкоо жүргүзгүлө. Кийин байкоо жүргүзүлгөн участоктогу коңуздарды банкага чогултуп, үстүнөн кайнак суу куюп салгыла.
Колорадо коңузу

Колорадо коңузу

Капуста көпөлөгүнө байкоо жүргүзгүлө Огороддогу өсүп турган капустадан же башка кайчы гүлдүү өсүмдүктөрдөн капуста көпөлөгүнүн гусеницаларын тапкыла. Бир нечесин айнек банкага салгыла. Аларды капустанын же башкат кайчылаш гүлдүү өсүмдүктөрдүн жалбырактары менен баккыла. Алар түлөп, куурчакчага айланабы жана куурчакчалардан көпөлөк учуп чыгабы, аны байкагыла.

Капуста көпөлөгүнө байкоо жүргүзгүлө

  • Огороддогу өсүп турган капустадан же башка кайчы гүлдүү өсүмдүктөрдөн капуста көпөлөгүнүн гусеницаларын тапкыла. Бир нечесин айнек банкага салгыла. Аларды капустанын же башкат кайчылаш гүлдүү өсүмдүктөрдүн жалбырактары менен баккыла. Алар түлөп, куурчакчага айланабы жана куурчакчалардан көпөлөк учуп чыгабы, аны байкагыла.
Аарылардын гүлдөрү чаңдаштыруусуна байкоо жүргүзүү   Мөмө бактарда, көп жылдык тоют өсүмдүктөр айдалган жерлердеги аарыларды байкагыла. Алар кайсы өсүмдүктөргө конуп, алардын гүлдөрүнүн чаңчаларын жыйнаарын байкап көргүлө. Алардын активдүүлүгү кайсы убакта: эртең менен, түштө, кечинде экенин белгилегиле. Алардын жыюучу буттарындагы чаңчалардын томолокчолоруна көңүл бөлгүлө. Жаан-чачын убагында аарылардын кыймыл-аракеттери токтолобу же улантылабы, аны тактагыла.

Аарылардын гүлдөрү чаңдаштыруусуна байкоо жүргүзүү

  • Мөмө бактарда, көп жылдык тоют өсүмдүктөр айдалган жерлердеги аарыларды байкагыла. Алар кайсы өсүмдүктөргө конуп, алардын гүлдөрүнүн чаңчаларын жыйнаарын байкап көргүлө. Алардын активдүүлүгү кайсы убакта: эртең менен, түштө, кечинде экенин белгилегиле. Алардын жыюучу буттарындагы чаңчалардын томолокчолоруна көңүл бөлгүлө. Жаан-чачын убагында аарылардын кыймыл-аракеттери токтолобу же улантылабы, аны тактагыла.
Ала жөргөмүштөргө байкоо жүргүзгүлө   Мөмө бактардын арасындагы бийик өскөн өсүмдүктөн, бадалчадан, жөргөмүштөрдүн желелерин кезиктиресиңер. Мындай торлор көбүнчө бизде кезигүүчү азиялык кадимки ала жөргөмүштөрдүн торлору. Ала жөргөмүштөр башкалардан жонундагы кайчылаш ала тагы менен оңой айырмаланат. Жөргөмүштүн торунан кумурска сымалдардын катып калган калдыктарын, тыбырап жаткан торлорун көрүүгө болот. Бир аз байкап турсаңар, тордун бир жагынан жемин көздөй келе жаткан жөргөмүштү байкайсыңар. Эгерде жөргөмүш торуна түшкөн жандыкты “жеп” жатса, аны чочутпай, байкап тургула. Ал табылгасын кантип жансыздандырарын өз көзүңөр менен көрүп, жыйынтык жасагыла. Жөргөмүштөрдүн жаткан жерин табууга аракеттенгиле. Жумурткалары бар пиллаларын кандай жерге жашырарын байкагыла.

Ала жөргөмүштөргө байкоо жүргүзгүлө

  • Мөмө бактардын арасындагы бийик өскөн өсүмдүктөн, бадалчадан, жөргөмүштөрдүн желелерин кезиктиресиңер. Мындай торлор көбүнчө бизде кезигүүчү азиялык кадимки ала жөргөмүштөрдүн торлору. Ала жөргөмүштөр башкалардан жонундагы кайчылаш ала тагы менен оңой айырмаланат. Жөргөмүштүн торунан кумурска сымалдардын катып калган калдыктарын, тыбырап жаткан торлорун көрүүгө болот.
  • Бир аз байкап турсаңар, тордун бир жагынан жемин көздөй келе жаткан жөргөмүштү байкайсыңар. Эгерде жөргөмүш торуна түшкөн жандыкты “жеп” жатса, аны чочутпай, байкап тургула. Ал табылгасын кантип жансыздандырарын өз көзүңөр менен көрүп, жыйынтык жасагыла. Жөргөмүштөрдүн жаткан жерин табууга аракеттенгиле. Жумурткалары бар пиллаларын кандай жерге жашырарын байкагыла.
Баканын көнөк баштарына байкоо жүргүзүү Жашаган жериңерден алыс эмес саздак, көлмөлүү жерди тапкыла. Баканын көнөк баштары учурайт бекен, ага көңүл бөлгүлө. Эгерде көнөк баштарды көрсөңөр, бир азын сузма тор (сачок) менен кармагыла. Суусу бар бир литрлик айнек идишке салып коюп, байкоо жүргүзгүлө. Алардын түзүлүшүн, кыймыл аракеттерин толук жазып алгыла. Андан кийин көнөк баштарды ошол көлмөдөн дагы кармагыла. Өткөн убакыттын ичинде аларда кандай өзгөрүүлөр жүргөнүн белгилегиле. Алардын түзүлүшүн чоңдору менен салыштырып көргүлө.

Баканын көнөк баштарына байкоо жүргүзүү

  • Жашаган жериңерден алыс эмес саздак, көлмөлүү жерди тапкыла. Баканын көнөк баштары учурайт бекен, ага көңүл бөлгүлө. Эгерде көнөк баштарды көрсөңөр, бир азын сузма тор (сачок) менен кармагыла. Суусу бар бир литрлик айнек идишке салып коюп, байкоо жүргүзгүлө. Алардын түзүлүшүн, кыймыл аракеттерин толук жазып алгыла. Андан кийин көнөк баштарды ошол көлмөдөн дагы кармагыла. Өткөн убакыттын ичинде аларда кандай өзгөрүүлөр жүргөнүн белгилегиле. Алардын түзүлүшүн чоңдору менен салыштырып көргүлө.
Баканын көнөк баштары

Баканын көнөк баштары

Куштардын уялоо мезгилине байкоо жүргүзүү Жаныбарлардын ичинен куштар активдүүлүгү менен айырмаланат. Алардын уялоо жана балапандарына кам көрүү учуру абдан кызык. Куштарга байкоо жүргүзүү үчүн алыс жерлерге баруунун кажети жок. Алар силердин үйүңөрдүн жанында, парктарда, бадалчаларда тиричилик аракеттерин өткөрүшөт. Чабалекейдин, кара чыйырчыктын, таранчынын уясын таап, байкоо жүргүзгүлө. Балапандарын чыгаргандан кийин ата-энелери балдарына жем ташый баштайт. Эртең менен, күндүз, кечке жуук алар балапандарына канча жолу жем алып келерин санагыла. Балапандарын учургандан кийин, алардын канча экенин тактагыла. Ата-энедери аларды уядан кийин кандай карашарын белгилегиле. Байкоо жүргүзүүдөгү кезиккендерди, көргөндөрүңөрдү толук жазып алгыла.

Куштардын уялоо мезгилине байкоо жүргүзүү

  • Жаныбарлардын ичинен куштар активдүүлүгү менен айырмаланат. Алардын уялоо жана балапандарына кам көрүү учуру абдан кызык. Куштарга байкоо жүргүзүү үчүн алыс жерлерге баруунун кажети жок. Алар силердин үйүңөрдүн жанында, парктарда, бадалчаларда тиричилик аракеттерин өткөрүшөт. Чабалекейдин, кара чыйырчыктын, таранчынын уясын таап, байкоо жүргүзгүлө. Балапандарын чыгаргандан кийин ата-энелери балдарына жем ташый баштайт. Эртең менен, күндүз, кечке жуук алар балапандарына канча жолу жем алып келерин санагыла. Балапандарын учургандан кийин, алардын канча экенин тактагыла. Ата-энедери аларды уядан кийин кандай карашарын белгилегиле. Байкоо жүргүзүүдөгү кезиккендерди, көргөндөрүңөрдү толук жазып алгыла.
Канаттуулардын уялоосу

Канаттуулардын уялоосу

 Бакма жаныбарлар Силер кайсы бакма сүт эмүүчүлөрдү билесиңер? Алардын практикалык мааниси кандай? Мал чарбачылыгы деген эмне? Жергиликтүү чарбанын мисалында азыркы кездеги бакма жаныбарлардын чарбасынын жетишкедиктерин карап көргүлө. Кыргызстанда уйдун, койдун, тооктун, жылкынын, эчкинин, чочконун кандай породалары өстүрүлөрүн блокнотуңарга жазгыла. Алар бири-биринен эмнеси менен айырмаланат? Адамдын жашоосунда бодо мал кандай мааниге ээ?

Бакма жаныбарлар

  • Силер кайсы бакма сүт эмүүчүлөрдү билесиңер? Алардын практикалык мааниси кандай? Мал чарбачылыгы деген эмне? Жергиликтүү чарбанын мисалында азыркы кездеги бакма жаныбарлардын чарбасынын жетишкедиктерин карап көргүлө.
  • Кыргызстанда уйдун, койдун, тооктун, жылкынын, эчкинин, чочконун кандай породалары өстүрүлөрүн блокнотуңарга жазгыла. Алар бири-биринен эмнеси менен айырмаланат? Адамдын жашоосунда бодо мал кандай мааниге ээ?
Таблицаны толтургула. Айыл чарба жаныбарларынын породалары Породанын аталышы Кой Мааниси 1.   2. Ж.б.

Таблицаны толтургула. Айыл чарба жаныбарларынын породалары

Породанын аталышы

Кой

Мааниси

1.

 

2.

Ж.б.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!