СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ысык - Көлдүн жети акеси

Категория: География

Нажмите, чтобы узнать подробности

Ысык - Көлдүн жети акеси. Ыйык жерлер боюнча

Просмотр содержимого документа
«Ысык - Көлдүн жети акеси»

Сабактын темасы: Ысыккөлдүн жети Акеси
Билим берүүчүлүк максаты: Окуучуларды берилген темада ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү.
Өнүктүрүүчүлүк максаты: Мекенди сүйүү, киндик кан тамган жерди, көлдү коргоо жана сүйүү ар бир атуулдун парзы экенин, анын ыйыктыгын түшүндүрүү.
Тарбиялык максаты: Окуучуларды патриоттук сезимге тарбиялоо, намыскөйлүккө, чечкиндүүлүккө, эр жүрөктүүлүккө ак эмгек менен кызмат кылууга көнүктүрүү.
Тарбиялык сабактын жабдылышы: Ысыккөлдүн картасы тартылган плакат, автобус, окуучулар өз колу менен тартышкан көлдүн пейзаждык сүрөттөрү. Акелердин сөздөрү жазылган плакат.
Сабактын жүрүшү: Уюштуруу иши (класска жагымдуу жагдай түзүү). Окуучулар менен саламдашып, өтүлүүчү тарбиялык сааттын темасы, максаты менен кыскача тааныштыруу.
XVII кылымдан XX кылымдын башталышына чейин кереметтүү көл боорунда бир топ акылман акелер жашап өтүшкөн экен. Акелер бүт өмүрүн эл кызматына арнап, адилеттүүлүктү, калыстыкты, адамгерчиликти ыйык тутуп, калк арасында тынчтыктын тиреги болушкан. Анткени акелер жер жүзүндөгү баа жеткис байлык, тынчтык, бейкут жашоо экендигин билишкен. Ушундай кадырман акелер көлдүн тегерегинде жетөө болгон. Саякатка чыгабыз. Көлдү тегеренип келебиз. Жети акеге саякат жүрүшкө чыгардын алдында жети санынын ыйыктыгын дагы билип алалы. Кана, балдар, жети санын ыйык дейбиз. Кимдин ою кандай? 
- Асмандагы жетиген жылдызы! Класстагы парталардын жети жерге коюлганы асмандагы жылдызды түшүрүп койгондой. Окуучулар төрттөн бөлүнгөн. 7х4=28 окуучу. Манаста 7 осуят бар. 6-осуяты - Табият менен таттуу мамиледе болуу. Демек, Ысыккөлдүн жаратылышын сактайбыз. Бир бак кыйылса, канча бак отургузуш керек? 
- Жетини.
Асмандагы жети керемет
1. Египет пирамидасы
2. Вавилондогу Семирамиданын алма багы.
3. Артемиданын храмы
4. Галикарнастагы мовзолей
5. Грециядагы Зевстин статуясы
6. Родос аралындагы Родостун колосу
7. Александриядагы Маяк
- Сүрөттө 7 боек түс, Күндүн желеси 
- Курандагы 7 парз
- Жети кишинин бири кыдыр
- Жети өлчөп бир кес
- Жети атаңды бил
- Музыкада 7 нота бар
- Кыргызстанда 7 область бар
- Көлдүн тегерегинде 7 борбор
5 райондун борбору 2 шаар. Балыкчы, Каракол, Аксуу, Түп, Чолпоната, Бөкөнбаев, Кызылсуу. Биз 7-класспыз. Мектептен чыгып автобус менен Аксуу районундагы Керегеташ айлына жеттик.
Кыдыр аке тарыхын Азамат, Назгүл, Эдиса жактап беришет.
Азамат: - Ак ниеттен жол тартсаң, 
Өз жолуң шыдыр болот, 
Жолдошуң Кыдыр болот, 
Жолуңдан үзүр болот. 

Назгүл: - Кыдыр аке төрөлөрдө, 
Кызыр алей салам болгон, 
Кыдыр деп атын койгон, 
Касиет калган ушул бойдон. 

Эдиса: - Көл айлана Бугу уруусу, 
Кыргыз-казак элин билген, 
Кайтарып эки жолборс, 
Ээрчий кошо жүргөн. 

Назгүл: - Кыдыр акемди карачы, 
Калк ичинде даңкталган. 
Калыстыгы касиет, 
Кара кылды как жарган. 

Эдиса: - Ай ааламга билинип, 
Арык элин билгизип, 
Айкелдеп күмбөз коюлду, 
Айтарлык берип тоюңду. 

Азамат: - Кыдыр акенин ата-бабасы көлдүн көкүрөгүнөн орун очок алып келишкен. Арык тукумунан тарайт. Арык мырзанын Балтатыр, Жоотатыр аттуу эки баласынын Жоотатырынан Күчүк, Күчүктөн Байым, Сейитказы, Сейиткулу, Калматай, Сейитказыдан Бөбөн, Бөбөндөн төрт уулунун бири Түлөберди, Түлөбердиден Олжобай.
Олжобай илгери калмак менен кыргыздардын элчиси катары ак үйлүү атанып, кийин бий болгон киши. Олжобайдын аялынан Байсары менен Токсоба туулат. Байсары Кайыңды деген жерде турганда эркек балалуу болот. Атын думана келип Кыдыр деп коет. Бул окуя 1843-жылы болгон. Акелердин эң кичүүсү.
Керегеташ Күңгөй, 
Жерин билсек Кыдырдын, 
Эштек, торок аралаш, 
Кебин билсек Кыдырдын. 

Сары алтындай сөздөрүн, 
Сактап келген эл дечи. 
Өз ордун алды тарыхтан, 
Калыстан жок теңдеши. 
Көлдүк акылмандардын, 
Кыдыр аке кенжеси. 

Кыдыр акенин арбагына бата кылып, кайра Караколго келип, Түптөгү Жылуубулакка Карач акеге бардык. Бул командада Чынгыз, Анара, Сарыке, Бактыгүл төртөө.
Чынгыз: - Бул бир мисал турмуштагы атанын, 
Таамай айткан нечен сөзүн укканмын, 
Чечен Карач, калыс Карач, 
Карач аке аталып, 
Бийик туткан элдин ыйык тумарын. 

Анара: - Атаке сизде болгон улуу 
Чындык деп чырылдаган калкка калыс. 
Мейли топ, мейли жыйын кайсы кезде, 
"Жарк" этип, чагылгандай жанган алыс. 

Сарке: - Аталар сөз атасы, сөз батасы 
Акылдын чалкып жаткан океаны, 
Көк теңир, Түптүү жерди ээлеп, 
Таркаган чар тарапка даңазасы. 

Бактыгүл: - Белек, Шапак атанын балдары Ысыккөлдүн чыгыш тарабынан орун алып Түп, Жыргалаң сууларынын күңгөй-тескейинде жайгашкан. Азыркы кезде ондон ашык айыл кыштактарда жашап, күндөлүк тиричилигин өткөрүп келишүүдө.
Шапак атанын баласы Чүрүм, Чүрүмдөн Эсенбай, Эсенбайдан Мендегул, Мендегулдан Карач. Карач жаш кезинде эле өзүнүн зиректиги менен сөзгө алынып, Өмүр баатырдын алтын шакегин алууга татыктуу болгон. Өмүр баатыр Карачтын чоң атасы Эсенбай менен уялаш бир тууган. Өмүр баатыр өлөөрүндө түш көрүп, өзү менен улуу жортуулга тогуз жаар кезинен жанына ала жүргөн иниси Мендегулдун уулу Карачка алтын шакегин тапшырып баш батасын берген экен.
"Отурчу, балам - Карач садагасы 
Түш көрсөм бийик терек чынар башы 
Ошол кылда учунда олтурупмун 
Балдарым жете албады мага баары" 
Карач акенин арбагына бата кылып, Орто Өрүктүнү көздөй жол тарттык. Жолдо карата автобус менен баратып көл жөнүндө обондуу ыр менен көңүлдүү барабыз. 
Хор: 
Атың жакшы Ысыккөл, 
Ата-бабам сыйлаган. 
Айланасы жашыл төр, 
Сулуулукту жыйнаган. 
Көрбөй калсам сагынып, 
Куса болуп, куса болуп кыйналам. 
Ысыккөл районундагы Орто Өрүктү айылында Мойт аке жашаган бул командада Айбек, Айзада, Илгиз, Карачач.
Айбек: - Мойт аке көзү ачык, олуя чалыш, согуш тактикасын мыкты билген, адамды бир көрүп сын берген, айтканы эки чыкпаган, мүнүшкөр саяпкер, батакой касиеттүү инсан, аба ырайын кандай болоорун да алдын ала айта турган тубаса астроном болгон.
Айзада: - Кыргызда "Жети атасын билбеген жетесиз", "Тегин билбеген тексиз" деген сөз бар, мунун маанисин ата-бабаңды, элиңдин өткөн тарыхын, ким экендигин билип унутпай жүр, жакшыларынан таалим ал, жамандыгы болсо кайталаба дегенди түшүндүрөт, дегеле кыргыз баласы жети атасына чейин жаңылбай билүүгө милдеттүү, мойнундагы парз. Демек, билбегенибизди билип алсак жаман болбойт деп улуу-кичүүгө акыл кылып айткандан тажачу эмес экен.
Илгиз: - Сабатар Атакандын денеси жара басып дары дегендерден айыкпай коет. Мойт аке келип көрүп: "Мунуң жылдан өтүп кетиптир, сазда солкулдаган ак тикендин бойго жетип, бышып турган кези, бир боодой түбүнөн кесип келип, казанга салып жаш козунун эти бышкыдай убакыт кайнатып, кабыгын аарчып үч маал бергиле, жума өтпөй айыкпаса мага келгиле", - дептир. Атакан чын эле төшөгүнөн турат.
Карачач: - Мойт аке бүркүт, ителги, куш таптаган, көздөгөн олжосун жаземдебей алдырган чыгаан мүнүшкөрлөрдүн бири.
Мойт аке 86 жаш курагында каза болуп өзүнүн керези менен Тоң районундагы Манжылы ата мазарына анын айтканы менен өлгөн адамдардын денесин Анжиянга алып барып коюу көлдүктөрдө токтотулган. Мойт акенин арбагына бата кылып жол тарттык. Автобуска түшүп "Ысыккөл вальсы" хор ырдалат.
Жай-кышы бийлеп, сайран куруп, 
Толкундар жээкте ойногон. 
Аккуудай канат жайган булут, 
Кылоолоп көлдү бойлогон. 

Ысыккөл районундагы Кожояр айылынын кире беришинде жолдун боюндагы Садыр акенин күмбөзүнө келдик. Бул командада Эрлан, Атыркүл, Мирлан.
Эрлан: - "Бул Садырдын тилинде мөөрү бар, таңдайында сөөлү бар, оң жагында бөгүп жаткан бөрү бар" (Эл сөзүнөн).
Айтканы аңыз кепке айланган, аткарган элдик иши унутулбай адамдардын жүрөгүндө сакталган "Акелердин" бири Садыр аке. Түбү саяк, уругу Кожояр, өз атасы Жолболду, ата-бабалары Тагай бийдин уулу Карачорону ээрчип келип, адегенде Алабука, Нарын, андан кийин көлдөгү Корумду, Сөгөттү, Торуайгыр, Чырпыкты айылдарында жайгашкан.
Атыркүл: - Садыр акенин айтканы айткандай төп келген, жекече касиет жылоологон, качан болсо калыс кебинен жүргөн адам болгондуктан жеке гана бугу уруусуна эмес, сарбагыш, солто, албан элинде кадыры чоң болгон. Ошол доордогу "атка минерлер" катары таанылган. Шабдан, Байтик баатыр, Чыныбай, Балбай баатыр, Кыдыр аке сыяктуу аттын кашкасындай белгилүү инсандар анын ыгынан, акылынан чыгышкан эмес. Садыр акенин адамдык дагы бир артыкчылыгы кайсы жерде, кандай шартта болбосун кээ бирөөлөрдөй кеп тапкычтыкка таянып, өзүн мактап, өзгөлөрдүн жаманчылыгын бетке кармабай кемчиликти моюнга ала билген.
Мирлан: - Сөзүнөн бал таамп, уккан адамдын бүйүрү кызыйт: "Дүйнөдө жети жетим бар, тыңшабаган сөз, чөп чыкпаган жер, багылбаган мал, кемпири жок чал, бойго жетип эр албаган кыз, элинен кеткен эр, башчысы жок эл жетим дейт, анысы кандай башчысы өлгөн бугу бүгүн жетим болуп отурат, ошондуктан бүгүн биз татыктуу адамды "хан" шайлап алалы деп мында чогулуп отурабыз", - деп Балтабайды калыстап хан шайлаган. Садыр аке каза болгондо көл башындагы Балтабай жүз жигити менен келип "абакелеп", "алтыным" деп бир чай кайнам өкүрүп басылбай коет, анын кылыгын жактыра бербеген бугунун бир жигити:
- "Хан" балтабай улук башын кичик кылып саяк садырга эмне мынча күйдү? - десе Балтабай аны чаап ийчидей обдула түшүп, көзүнүн жашын аарчый: - Садыр аке бугу, саяк гана эмес калыстыгы менен казак, кыргызга тең киши, эл үчүн күйгөн мындай акылман болуш да, бий да болгон эмес деген экен.
- Садыр акенин арбагына бата кылып андан ары жол тарттык. Автобуска түшүп "Ысыккөл" деген ырды ырдадык:
Кайдадыр бир күйүү сезим агылып, 
Бүт дүйнөгө мончоктору чачылды. 
Эң биринчи бул дүйнөдө үн катып, 
Ким койду экен Ысыккөл деп атыңды, 
Жетиөгүз районундагы Дархан айлына Карга акенин күмбөзүнө келдик. Бул командада Нурсултан, Чынара, Айпери, Акылтай.
Нурсултан: - Карга аке акелердин эң улуусу (1718-1828). Карга акенин теги: Долон-Агуул-Тагай-Кылжыр-Орозбак-Мырзакул мырза Алсеит Туумакашка-Каракозу-Желдең баатыр Түлөкө-Мендегул-Карга. Карга аке болжолуу Мойт акеден отуздай, Сарт акеден элүүдөй, Тилекмат акеден сексендей, Садыр акеден жүз үч, Карач акеден жүз жыйырма, Кыдыр акеден жүз жыйырма беш жаш улуу. "Улуу жаш, асыл баш издегендер Карга акеге барышсын" (Сарт акенин сөзү)
Көбүнчө Карга акенин 
Калууда аты аталбай 
Көп урук көлдүн элине 
Кадырлуу экен Бакайдай 

Чынара: - Жөнөкөй сөзү тарбия, 
Жок экен ага тең келген. 
Дөөлөтү болгон журтунун, 
Карга аке Бугу желдеңден. 

Айпери: - Кеменгер Карга акебиз, 
Жашаган кылым карыта. 
Жашоодо айткан нускасы, 
Кылымдар менен жарыша. 

Акылтай: 
Баарына тегиз караган, 
Бий болгон Карга элине. 
Өмүрү өтүп күн бүтүп, 
Коюлган Дархан жерине. 

Нурсултан: - Элине болуп коргоочу, 
Жашап өткөн жупуну, 
Конушунда азыр да. 
Карга аке укум-тукуму. 

Ошол райондогу Аңөстөн айылына Сарт акеге бардык. Бул командада: Руслан, Жеңишбек, Багдагүл, Элвира.
Руслан: - "Нукура акыл сурасаң Сарт акеге бар" (Эл накылы). Сарт аке Кызыл уулдан тараган Дөөлөс уруусунун урпактары. Асандагы аты Сартбай, атасы Доскулу, чоң атасы - Байболот, бабасы Кудаш. Сарт аке асыл ойдон келип чыккан насыят нуска сөздөрдү көп айткан. Чоң жыйындарда, эл чогулган жерде, аш-тойлордо сыйлуулар отурган үлпөттөрдө элдер жүйөлүү суроо беришип, сабырдуулук менен жообун күтүшүп, ооздон чыккан жообун эске сактоого аракеттенчү экен.
Сарт акенин арбагына бата кылып, андан ары жол тарттык. Жетиөгүз районундагы Шалбаа айлындагы Тилекмат акенин күмбөзүнө келдик. Бул командада: Азат, Жазгүл, Гүлниза, Бурул.
Азат: - Ашуусу бийик белдеймин 
Агыны катуу селдеймин. 
Эми эле табылбайт 
О-о Тилекмат сендейим (Сартакенин күйгөнүнөн). 
"Асыл сөз сурасаң, Тилекмат акеге бар" (Эл накылы). Тилекмат Баатыр менен бет маңдай тике багынып сүйлөшкөндө туруштук бере албаган, эч ким даай албаган, арыстандай сүрдүү адам экен.
Күңгөй, Тескей Алатоону курчаган, 
Тоолорунда жайлоолор көп сандаган, 
Кадимки эле Көкөтөйгө аш берген 
Көлдүн башы Каркыраны жайлаган, 
Калка болуп элин сактап жоосунан. 
Калың топто Тилекматы сайраган. 

Жазгүл: - Тириликте ар пенденин жолу бар, 
Тилекмат ааламда жок чечен болгон, 
Ташка түшкөн журт тагдырын чечишкен, 
Туюктурган кыйын кезде, тайгак жолдон. 
Туура сүйлөп башка элдерге кадырлуу, 
Тууган элге болуптур бекем коргон. 

Үйгө тапшырма: "Ысыккөлдүн жети акеси" жөнүндө чакан дилбаян жазып келүү. Синквейн, кластер, Венндин диаграммасы түзүлөт. Каалоочулар ыр жазып, элестетип сүрөт тартып келүүгө уруксат берилет. Сабактын соңунда окуучулардын билимдери бааланат.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!