СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Уулу Жеӊиш унутулбайт. 9 – май жеӊиш күнү

Нажмите, чтобы узнать подробности

Уулу Жеӊиш күнү жөндөн жөн оӊой эле келе койгон жок. Канчалаган өмүрлөр кыйылды. Канчалаган тагдырлар талкаланды. Канчалаган айыл – кыштак шаарлар өрттөлдү.

Просмотр содержимого документа
«Уулу Жеӊиш унутулбайт. 9 – май жеӊиш күнү»

Класстык саат

Сабактын темасы: Уулу Жеӊиш унутулбайт. 9 – май жеӊиш күнү

Сабактын максаты: а) Окуучуларга Уулу жеӊиш күнүн мааниси, жеӊиш күнүн келиши тууралуу маалымат берүү.

б) Ѳз оюн эркин далилдүү айта билүүгө машыгышат.Анализ жүргүзүү, талкуулай билүү көндүмдөрүн өнүктүрүшөт.

в) Окуучулар мекенди сүйүүгө, аны көздүн карегиндей сактоого, коргоого тарбияланышат.

Сабактын тиби: Жаңы теманы түшүндурүү

Сабактын методу: Айттып берүү

Сабактын жабдылышы: Дептер

Сабактын жүрушү

Уюштуруу: Саламатсынарбы, балдар? Маанайынар жакшыбы? Сабакка жакшы даяданып келдикпи? Бүгүн кайсы күн жана кайсы ай?

Үй тапшырма: текшерүү

Жаңы тема: Уулу Жеӊиш күнү жөндөн жөн оӊой эле келе койгон жок. Канчалаган өмүрлөр кыйылды. Канчалаган тагдырлар талкаланды. Канчалаган айыл – кыштак шаарлар өрттөлдү.

9 – май Жеӊиш майрамы – совет элинин эӊ ыйык, эӊ улуу майрамы. Анткени бул күнгө жетүү үчүн совет эли 27 млн адамынан ажыраган. Бул күн – совет элинин 4 жылга созулган эӊ оор, эӊ кайгылуу Уулу Ата Мекендик согуштагы фашисттик Германиянын үстүнөн жеӊишке жетишкен күн. 1945 – жылдын 8 – май күнү саат 22 ден 43 мүнөт өткөндө фашистик Германия баш ийип беришкен. Бул мезгилде Москва шаарында 9 май кирип калган эле И. Сталин ошол замат 9 – майды Жеӊиш күнү деп жариялаган. Бул күндөгү, эӊ биринчи согуш күнүн майрамдоо болуп көрбөгөндөй майрамдалган . Көчөдө чогулган эл бирин – бири куттуктап, ыйлап, өөп, куттуктап жүргөн. Кечинде саат 22: 00дө Москвада 1000 замбиректен СССРдин тарыхында болуп көрбөгөндөй масштабдагы 30 залп менен Жеӊиш салюту берилген.

Бышыктоо:

Чолпонбай Түлөбердиев, СССРдин баатыры. 1942 – жылы 6 – аввгуста Дон дариясынын жээгинде душмандын дзотун жок кылуу максатында, дзотун оозун денеси менен тосуп, жапкан.

Дайыр Асанов, СССРдин баатыры. 1943 – жылы 23 – мартта салгылашуу учурунда 4 сааттын ичинде душмандын 8 танка, 6 бронемашинасын жана 40 ка жакын фашистти жок кылган.

Дүйшөнкул Шопоков, СССРдин баатыры. 1941 – жылы 16 – ноябрда душмандын 50 танкасынын чабуулун токтотуу учурунда бир да огун сая кетирбей, кашык каны калганча каӊкор фашисттерди сулатып жатып, теӊдешсиз салгылашууда курман болго.

«Өлгөн жоксуӊар» Алыкул Осмонов

Кечээ жаштык түтүн эле жана элек,

Жүзүм эле тамчы суу тама элек.

Тагдыр кошуп жолдош кылган турмушка,

Тамашалуу бир топ, бир топ бала элек.

Бир топ бала сен гана да, мен гана ?..

Көп азайдык жалган айттып не керек.



Көп азайдык күн батышта жоо жеӊдик,

Жеӊиш үчүн тобокел деп жан бердик.

Жылуу үйгө, жумшак сыйлуу төшөккө,

Бир кайрылып, канат серпип келбедик.

Бакыт үчүн муздак жерди кучактап,

Өмүрлүккө чоочун жерди жердедик.

Жыйынтыктоо: Жеӊиш күнү бизге качан келиптир?

Кыргызстандык эр жүрөктөр кимдер экен?

Алар кандай эрдиктерди көрсөтүшүптүр?

Баалоо:

Үй таршырма: Ырды жаттап келүү


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!