СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ушул басылма менен

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Ушул басылма менен»

Ушул басылма менен орус илими өзүнүн мойнундагы эчаккы милдеттен кутулат; 1920ж. каза болгон орус окумуштуусу Александр Григорьевич Туманскийдин аракетинин натыйжасында 1892ж. Бухарада1623 табылган мусулман географиялык адабиятынын баалуу эстелигин окумуштуулар дүйнөсүнө жеткирүү зарыл эле.

Исламдын алгачкы кылымдарындагы дээрлик араб тилинде жазышкан окумуштуулардын ишмердигин алардын азыркыга чейин сакталып калган эмгектеринен гана эмес, жоголгон китептерге берилген шилтемелер менен алардан алынган дитаталардан гана эмес, ошол мезгилдерде эле зарыл болгон библиографиялык обзорлордон да билебиз. Туманскийдин кол жазмасында сакталып калган чыгармадан болгону беш жылдан кийин1624 эле ан-Недимдин Фихристи түзүлгөн; европалык окумуштуулар ушул эмгектен жана кыйла кийинки библиографиялык чыгармалардан (ан-Недимдии ишин түздөн-түз улантуучу вазир Магрибинин1625 эмгеги бизге жеткен жок) бир кезде белгилүү болгон эмгектердин ичинен кайсылардын ушул убакка чейин Европанын китепканаларында жок экендиги жана кайсыларды издөө зарыл экендиги жөнүндө маалыматтарды алышкан. Мындай издөөлөр, албетте, ийгиликтүү болуп калганда деле кээде көңүл калтырган учурлар болду, өзгөчө, ал жоголду деп эсептелген эмгек белгилүү ысым менен байланыштуу болгон учурда. Баалуу кол жазманы таап алган перс Абул-Фазл Гульпаегани Туманскийдин тапшыруусу боюнча Бухарада Улугбектин тарыхый эмгегин издеп жүргөн; бул издөө, ушул эмгек жөнүндөгү бар маалыматтарга караганда, илимге эч деле пайда келтирмек эмес1626. Анын ордуна ушул убакка чейин такыр белгисиз, эч бир библиографиялык обзордо эскерилбеген, өзүнүн илимий маанилүүлүгү боюнча биринчи даражадагы эстелик табылган.

Кол жазмада автордун ысымы жок, бирок жазылган убагы көрсөтүлгөн1627; автор эмгегин хижранын 372жьшында (982-жылдын 26июнунан 983-жылдын 14июнуна чейин) азыркы Афганстандын түндүк-батыш бөлүгүндөгү Гузган же Гузганан (араб орфографиясы боюнча Жузжан же Жузжанан) аймагынын акими Абул-Харис Мухаммед б. Ахмед үчүн жазган. Автор бул аймакка ошол кезде Гузган Феригунилер сулалесинин бийлигинде болуп, чындыгында саясий жана маданий гүлдөө доорун өткөрүп жатса деле анын башкалардын арасындагы абалына ылайык күтүлгөндөй эмес, көп орун бергени (206—21а -барактар) табигый иш.

Туманскийдин макаласында1628 Гузган жана Феригунилер жөнүндө Рашид ад-диндин «Жылбаяндар жыйнагынан» үзүндүлөр гана келтирилген; ал «Жылбаяндар жыйнагынын» туура келген бүт бөлүктөрүндөй эле Утбинин чыгармасынан, Абул-Шереф Жербадеканинин1629 персче котормосунда сөзмө сөз көчүрүлгөн. Мен ошол эле эмгегимде XI кылымдагы башка автор Гардизинин Феригунилердин башчысы менен самани эмир Нух б. Мансурдун (976—997) туугандашкандыгы жөнүндөгү маалыматын келтиргенмин. Бул кабар Нухтун (такка 13 жашында отурган) падышалыгынын баш жагына тиешелүү; анда гузгандын башкаруучусу биздин автордукундай эле, Абул-Харис Мухаммед б. Ахмед (Утбиде: Ахмед б. Мухаммед)1630 ысымын алып жүрөт.

Биздин автордун жана X кылымдагы башка географтардын маалыматтары Феригунилердин Гузганы араб жеңип алуучуларынын доорундагы жана исламдын алгачкы үч кылымындагы Гузгандан кыйла чоң экендигин көрсөтөт. Жеңип алуу1631 жөнүндөгү баянда кийинки IX кылымдагы географтардыкындай эле Фарьяб (Даулетабад шаары же Хайрабад кыштагы жайгашкан жерде1632) Гузганга таандык деп эсептелбейт; Ибн Хордадбек1633 жазган маршрут боюнча Гузган аймагынын батыш чеги Фарьяб менен Шабуркандын1634 (же Шубуркан1635, биздин автордо: Ушбуркан же Ашбуркан1636, азыр Шиберган) ортосунда, эки тараптан бирдей алыстыкта (9 фарсахтан) өткөн. Я'куби боюнча Фарьяб «эски шаар болгон»; экинчи шаар жана ошол эле учурда Фарьябдын араб башкаруучусунун (амил) турган жери Йехудан шаары болгон (Истахриде жана башкаларда — Йехудийя, биздии автордо —Жухудан, Меймененин ордунда). Бирок Гузганга Аби Меймене дарыясынын жогорку агымындагы тоолуу Гурзиван аймагын да киргизишкен; бул жерде Гузгандын жергиликтүү башкаруучусу (мелик) жашаган; Гузгандын араб башкаруучулары Анбарда (биздин автордо — Анбир), азыркы Серипул шаары орун алган жерде жашашкан. Истахринин (же анын дареги Балхинин) мезгилинде абал өзгөргөн. Ошол кезде Фарьяб Гузгандын курамына киргенкирбегени айтылбайт, бирок Йехудийя Гузганга киргизилген, ал тургай бул аймактын негизги шаары деп эсептелген. Өкмөттүн (султан; арийне, ошол мезгилде эле араб башкаруучусу менен жергиликтүү акимдин ортосунда айырма болбой калган) орун алган жери Анбар болгон. Биздин автор, тескерисинче, Йехудийяны «Гузган падышасы» турган жай, Анбарды аймактын негизги шаары (касаба; Бируниде1637 да ушундай эле айтылыш пайдаланылган, ошондой эле андан Анбирди да кезиктиребиз) деп атайт.

Биздин автор, Саманилер мамлекетиндеги жергиликтүү акимдердин (му-лук-и атраф) ичинен саясий мааниси боюнча да, «билимге умтулуусу» боюнча да Гузган башкаруучусун биринчи орунга коёт. Ошол кезде түндүк жагы нан Гузган Аму-Дарыяга чейин созулуп жаткан; түштүктө Гузган акимине Гарчистан жана Гур тоолуу аймактарындагы бардык башкаруучулар (мехтер) баш ийишкен. Гарчистандын бир бөлүгү «Гузган Гарчистаны» аталып, түздөн түз Гузган акими башкарган: Гузгандын чек арадагы шаары катары Кала-Велинин1638 ордундагы Талькан шаары ага баш ийген. Гузган аймагынын Герируддун жогорку агымындагы чек ара пункту деп Истахридегидей1639 эле Рабати Караван шаары аталат. Гузган акиминин ээлеген аймагы Мургабдын жогорку агымында Хильменддеги Буст шаарынын акими ээлеген аймак менен чектешкен; мындан дээрлик бүт Гур аймагы Буст акимине баш ийген деп жыйынтык чыгарууга болор эле; бирок автор Гур жөнүндө жазганда (210-барак) ушул аймактын башкаруучусу гур-шахты Гузган эмиринин вассалы деп атайт. Ушул эле эмирге Хорасандагы бардык арабдардын ичинен эң бай деп эсептел ген жана короо-короо койлору жана үйүр-үйүр төөлөрү бар коңшу талааларда көчүп жүрүшкөн арабдар 20 000ге жакын эркек эсебинде салык төлөп турган.

Феригунилер өзүлөрүн мифтик Феридундун1640 тукумдарынанбыз дешкен. Кыязы, бул сулаленин кайсы жерден чыкканы, качан жана кантип өз бийлигин орноткону, ал сулале мусулманчылыкка чейинки Гузган аймагынын башкаруучулары гузган-худаттар менен туугандыгынын баржогу жөнүндө эч кандай маалыматтар жок1641. Сулаленин аты аймактын эң түндүгүндөгү жердин аталышына байланыштуу болгон. Макдисиде1642 Андхойдон бир күндүк, Керкиден эки күндүк жолдогу Афригун рабаты эскерилет. Нершахинин1643 айтымында, IX кылымдын акыркы жылдарында Сафари Амр б. Лейс менен Самани Исм'аил б. Ахмеддин ортосундагы байланыш үзүлгөн мезгилде эле Гузгандын эмири Ахмед б. Феригун болгон. Истахриде1644 Абул-Харис б. Феригун эскерилет, калыбы ал ошол эле АбулßХарис Мухаммед б. Ахмед, ал биздин автордун замандашы болгон, демек, ал абдан узак жашаган1645. Мүмкүн, Балхи де бул ысым жок чыгар: ал Хорасан жөнүндөгү бапта кездешпейт, бирок де Гуенин1646 пикири боюнча Балхиге эмес, шексиз Истахриге тиешелүү Фарс жөнүндөгү бапта кездешет; бирок Истахри да, де Гуенин ою боюнча, бул бапты өзүнүн эмгеги жарыкка чыгардан кыйла мурда, 933-жылдан кеч эмес, баш кача айтканда, биздин автордун эмгеги жаралганга чейин жарым кылым мурда жазган. Ушундай эле Истахриде Гузган эмиринин катчысы же министри (катиб) Шираздан чыккан Марзбан б. Задия тукумунан тараган Жа'фар б. Сахл б. Марзбан эскерилет. Ибн Хаукал китебинин бул бөлүгүн жазып жатканда, башкача айтканда, 960жылдардын аягында ушул Жаф'ар али тирүү болучу1647, Ибн Хаукал1648 өзү ага жолуккан жана бул гузгандык ишмерди замандаштарынын бири калбай макташкандыгын айтат. Калган бардык башка ишмерлер жөнүндө алардын жакшы жактары менен бирге терс жактарын да жазышканын окудук же уктук; бирок Ибн Хаукал Жа'фар б. Сахлды начар киши деп айткан адамдарды кезиктире алган эмес. Акыркы элүү жыл ичинде Хорасанга ким келсе да баары ага милдеттүү болушкан; өзүлөрү келип кезиге албагандар да четте калган эмес, мындай адамдар андан кат жана белек алыш чу. Ал өзүнүн жерлерине рабаттарды салган жана ал жерлерден түшүүчү кирешелерди рабаттарга чегерген; ары-бери өткөндөр сүтүн ичсин үчүн аларда уйлар багылган; бул үчүн ар бир кыштакта жана ар бир рабатта 100 же андан көп уй болгон; бул жагынан да, тиги жагынан да Хорасанда ага окшогон киши болгон эмес. Биздин автордун эмгегинин жаралышына Жа'фар б. Сахл себеп болушу толук ыктымал.

Автордун кандайдыр бир жакка саякатка барганы анын эмгегинен билинбейт; ал маалыматтарды китептерден алганын гана жазат, бирок өзү колдонгон мусулман даректеринен бирди да атабайт. Туманскийдин1649 байкашына караганда «ал Птолемейден башка даректер жөнүндө эч жерде сөз кылбайт, сыягы, аны да риторикалык ыкма катары гана айткан». Бул байкоо чындыкка толук туура келбейт; Птолемейден башка Аристотель эскерилип (2а-барак), ал тургай анын Асари 'улва, башкача айтканда, ал-Асар алулвиййат «Меteorologica» эмгегинен цитата келтирилет. Дал эле ошол жерин (жерди курчаган океан жөнүндө) XII кылымдын баш жагындагы автор ал-Хараки1650 цитата келтирет. Птолемейден өзүнчө аймактарга арналган баптарында эмес, жалпы бөлүмүндө гана, башкача айтканда дүйнө жүзүн сүрөттөгөндө, тактап айтканда, аралдар жөнүндөгү бабында 2 жолу (4а жана 5а -барактар) цитата келтирет. Он үч арал жана Инди океанындагы деңизге кирип турган атактуу эки тоо жөнүндө, анын үстүнө бул эки тоо Птолемейдин китептеринде эскерилгени кошумчаланган; Птолемейдин географиясында бул маалымат негизделгендей текст жок. «Батыш океанда» (Птоломейде ) автордун айтымында 25 арал болгон, алардын аталыштары Птолемейдин китебинде саналган. Бул аталыштар келтирилген; алардын көпчүлүгү 6 «бактылуулар аралдарынан» баштап, чынында эле Птолемейден алынган ( , Птолемей, IV, 6, 34, араб авторлорунун көпчүлүгүндө биздин автордо Баттанидегидей )1651. Птолемейден «Британиянын аралдары» жөнүндө билишкен, алар биздин автор боюнча жана араб географтары1652 боюнча 12 арал болгон (Птолемейде бул сан жок). Биздин автор «бактылуулар аралдары» (Канар аралдары) жөнүндө да, Британия жөнүндө да, балким, башка даректерде жок маалыматтарды билгизип жатат. «Бактылуулар аралдарында» алтын кени бар экендиги айтылат; «жылына бир жолу ал жакка Судан өлкөсүнөн жана Сус ал-Аксанын шаарларынан адамдар барышат жана ошол кендерден алтын алып келишет; абдан ысык болгондук тан ал жакта эч ким жашап тура албайт». Британия (37-барак) «Византиянын (Рум) жана Испаниянын (Андалус) товарлары топтоштурулган жер». Бирок аты аталган 25 аралдын ичинде Птолемейде жоктору да бар; Родос менен Арвад батыш океанга жаңылыш жайгаштырылган; уламыш болуп кеткен «эркектер аралы» жана «аялдар аралы» эскерилет, бул ислам доорунун таасири менен пайда болгон, балким, амазонкалар жөнүндөгү уламыштарды Балтика деңизине1653 байланыштырган лингвистикалык жаңылыштыктан келип чыккан. Автордун шилтемеси башка көпчүлүк мусулман географтарынын шилтемесиндей1654 эле Птолемейдин өзүнүн чыгармасынан эмес, арийне, арабдар оңдогон нускалардан алынган, бирок бул шилтемелерде эч кандай риторика жок.

2

Араб география илиминин тарыхы жетишерлик изилдене элек1655. «Ислам энциклопедиясында», бул басылманын анча ырааттуу эмес системасынан улам (салыштыр, «Аdab», «al-Djabr», экинчи жагынан «Astrologie», «Аstronomie») биз бул предмет боюнча же Djaghrafiyа же Geographie деген теманын астын да атайын макала берилишин күтсөк болмок; бирок тигинисинде да, мунусунда да мындай макала жок. Брокельмандын «Geschichte der arabischen Literatur» китебинде географиялык адабиятка арналган бөлүмдөрү бар, бирок басма сөздө белгиленгендей1656, ал китептин канааттандырарлык эместиги дал ушул баптардан айрыкча ачык көрүнөт. Ушул пикирди айткан ошол эле окумуштуу ошондо эле (1909ж.) араб географиялык адабиятына берилген мыкты обзор деп Ренонун 1848ж.1657 жарыкка чыккан эмгегин атайт. IX кылымдын биринчи жарымында араб географиялык илимине негиз салган эмгек — Абу Жа'фар Мухаммед б. Муса Хорезминин эмгеги 1926ж.1658 гана басылып чыгып, окурмандарына жетти. Андан мурдараак, 1895ж. Наллино1659 бул эмгекке эң мыкты изилдөө жүргүзгөн; ошол эле окумуштуу 929ж. өлгөн астроном Баттани жөнүндө латын тилиндеги көлөмдүү эмгегинде1660 кийин Хорезмиге жана жалпы эле араб география илимине байланыштуу көп маселелерге кайра кайрылган.

Араб географиясы араб астрономиясындай эле Птолемейге негизделгени толук аныкталды. Орто кылымдарда Птолемейди Чыгышта гана эң мурда христиандар, андан кийин мусулмандар үйрөнүшкөн жана ал Батыш Европада1661 XV кылымга чейин таптакыр унутулган. Птолемейдин астрономиялык эмгегинен тарыхый канонду да — биздин заманга чейинки VIII кылымдан биздин доордун II кылымына чейинки падышалык кылуунун хронологиясын тарых Авраамдан жана ага, анын тукумдарына замандаш падышалардан башталган, христиан дүйнөсү кабыл алган Евсевийдин (биздин замандын IV кылымы) хронологиясы менен бирге алышкан1662. Ушунун натыйжасында мусулман адабиятында дайыма ийгиликтүү болбосо да античный тарыхый уламыштарды географиялык жактан дал келтирүүгө айрым аракеттер жасалган; XI кылым да эле Бирунинин окуусунан (канон) байыркы Илион менен Сириядагы Триполи1663 экөө бир эле шаар деп көрсөтүүгө аракеттенүүнү көрөбүз. Птолемейдин араб тилинде так берилген текстин билбейбиз; мусулман окумуштуулары башынан эле, кийинки батыш европалыктарга караганда, бул текстке кыйла эле эркин мамиле кылышкан, Мухаммед Хорезминин эмгегинен эле биз бир бөлүгү оңдолуп жана толукталып, бир бөлүгү бурмаланып кайра иштелип чыккан Птолемейди көрөбүз. Наллинонун белгилөөсү боюнча1664, илимий ишмердиктер өзүнүн алгачкы кадамын шилтеген мезгилде да европалык улут Хорезминин чыгармасындай чыгарма жарата алмак эмес. Бирок бул эрте өз алдынчалыктын оң жактары менен катар терс жактары да болгон; илимий ой үчүн бекем жана аныкталган башталыш түзүлгөн эмес; ар кайсы даректерден алынган маалыматтарды так ажыратып берүүгө мүмкүнчүлүк болгон эмес. Биз көргөндөй, ал тургай X кылымдын эле географтары Птолемейде эмнелер айтылганын жана мусулман авторлору эмнелерди кошконун билбей калышкан.

Мухаммед Хорезминин эмгегинин жазылган мезгили так аныкталган эмес. Ал тууралуу өтө жарды таржымалдык маалыматтар Э. Видемандын1665 макаласында жакында кайтадан жыйналган. Ал-Кутруббули деген ылакап ысымы ал Хорезм менен гана эмес Тигрдеги жер менен дагы байланышкандыгын көрсөтүп турат, балким, ал жакка анын ата-бабалары көчүп барган; ал-Мажуси ылакап ысымы анын ата-бабалары христиан эместигин, бирок зороастризмди тутунгандыгын билгизет; балким, анын ишмерлигине гректердин салттарына караганда индиялык жана персиялык салттардын таасири көбүрөөк тийгендиги кандайдыр бир даражада ушуну менен түшүндүрүлөт. Астрономиялык жана математикалык чыгармалардан (белгилүү болгондой, ал-Хорезми ысымын өзгөртүп түзсө логарифм сөзүн берет) тышкары ал тарыхый эмгек жазганын алгачкы тарыхчы Ахмед б. Абу ТахирТайфурдун1666 анын чыгармасына берген шилтемелеринен билебиз; Табаридеги Хорезминин эмгегине болгон биринчи шилтеме халиф Махдинин өлүмүнө (785ж.)1667, акыркысы 325-жылдын аягына жана 826жылдын башына1668 байланыштуу берилген. Хорезми халиф Мамундун (813—833) убагында жүргүзүлгөн илимий иштердин катышуучусу болгон; анын географиялык эмгеги Мамун үчүн түзүлгөн коллективдүү чыгарма деп эсептелген картага байланыштуу1669 экендиги шексиз; кийин Библиянын жана ушул сыяктуулардын жетимиш талкуулоочусу жөнүндөгү уламыштардын таасиринде бул эмгекке жетимиш окумуштуунун1670 катышкандыгын айтышкан. Ушундан улам, Наллинонун пикири боюнча1671, Хорезминин эмгеги, албетте, Мамундун падыша болуп турган мезгилине, мындайча айтканда 813 жана 833-жылдардын аралыгына тиешелүү. Ошону менен бирге terminus post quem жана terminus ante quem түшүнүктөрүн тагыраак аныктоого аракет кылынган. 3абалдагы шаарлардын арасында жогорку Египеттеги кичинекей Киман1672 кыштагы эскерилет, бул кыштак 201/816-17ж.1673 өкмөт аскерлери козголоңчуларды жең генден кийин белгилүү болуп калышы мүмкүн; демек, Хорезми хижранын 201 жылынан мурда жазбаган болот. Аnte quem термин катары 210/826-27-жылы сунуш кылынат, бирок дал ушул датанын тандалып алынган себеби көрсөтүлбөйт. Чындыгында, Хорезминин эмгегин азыр бизге келип жеткени боюнча Мамундун падышалык кылып турган мезгилине тиешелүү дешке болбойт, себеби халиф Му'тасимдин (833—842) тушунда пайда болгон жаңы борбор Сурра манра'а (Самарра)1674 эскерилет, анын үстүнө ал 2211675/836-ж курула баштаган. Тerminus post quem демек, 20 жылга жылдырылууга тийиш; эгерде ушул дата бизге белгилүү болсо, анда terminus ante quem Хорезминин өлгөн жылы деп эсептелиши мүмкүн эле; акыркы жолу Хорезми, сыягы, 847ж. халиф Васиктин өлүмү жөнүндөгү аңгемеде эскерилет1676.

Хорезминин чыгармасында бул мусулман мезгилиндеги географиялык аталыштар менен катар биз көп сандагы байыркы аталыштарды да кезиктиребиз; кийин бул аталыштар тез эле жок боло баштаган; Якуттун мусулманчылыкка чейинки авторлордо кезиккен географиялык аталыштардын сөздүгүндө «көп убакыт өткөндүктөн»1677 алардын көпчүлүгү түшүнүксүз болуп калды деп айтылат. Хорезминин байыркы аталыштарды өз мезгилиндеги аталыштар менен жакындатууга жасаган аракети кызык. Германия славян өлкөсү деп аталат; эки Сарматия дунай болгарларынын өлкөсү жана аландардын өлкөсү менен, эки Скифия — жалпы эле түрк өлкөсү менен жана эң чыгыштагы түрктөр — тугузгуздар менен жакындаштырылат. Серика Синистан, мындайча айтканда Кытай менен1678 окшоштурулат; акыркы мисал грек терминдери менен салыштырыш үчүн перс географиясынын терминдери пайдаланылгандыгын көрсөтөт.

Птолемейдин китебинин так аталышы арабча өзгөртүлгөн (жаграфийа) «география» деген сөз менен алмаштырылган; бул сөз көбүнчө «жердин түшүрүлгөн сүрөтү» 1679 делип которулган, сыягы, Хорезминин китебинин аталышы да ушуну менен түшүндүрүлөт. Птолемейдин эмгеги сегиз китептен же бөлүмдөн (грекче , арабча ) турарын Фихристин1680 автору билген; биринчи котормо, анын үстүнө канааттандырарлык эмес, Хорезминии кичүү замандашы, халиф Му'тасимдин уулу Ахмеддин тарбиячысы жана жакын кишиси Юсуф Я'куб алКинди үчүн ишке ашырылган. Киндини 260/873-74-ж.1681 өлгөн деп эсептешет. Кинди өзүнүн Мас'удиде1682 эскерилген «Жер жүзүнүн калк жашаган бөлүгүн сүрөттөө» (Раст ал-ма'мур мин ал-ард) деген географиялык эмгегин жазганда ушул котормодон пайдаланышы толук ыктымал1683. Киндинин окуучусу Ахмед б. Мухаммед б. Ат - Таййиб Серахси (899-ж. өлгөн)1684 да географиялык эмгектин автору болгон; бул эмгекке араб географиялык адабиятында көп кезигүүчү «Жолдордун жана мамлекеттердин китеби» (Китаб ал-масалик ва-л-мамалик) деген ат ыйгарылып жүрөт1685. Птолемейдин өркүндөтүлгөн котормосу ушул мезгилге тиешелүү; анын автору Харран шаарынын бутпарас чөйрөсүнөн чыккан бутпарас маданиятынын патриоту Абул-Хасан Сабит б. Курра (836—901) болгон. Наллинонун1686 пикири боюнча, Харран бутпарастарынын же «сабилеринин» чөйрөсүнөн чыккан Баттанинин айрым убактарда Хорезмиден Птолемейге кайтууга жасаган аракети ушундай бутпарастык патриотизм менен түшүндүрүлөт, бул чынында артка шилтенген кадам (un vero regresso) эле.

Хорезми, Кинди, Сабит б. Курра жана Баттани сыяктуу математиктер менен астрономдордун географиялык эмгектеринен «Жолдордун жана мамлекеттердин китептери» абдан айырмаланышат, буларда математикалык жана физикалык географияга караганда саясий жана экономикалык географияга кыйла көп орун берилген. Бул эмгектерден араб илимине белгилүү жер жүзү, көбүнчө мусулман дүйнөсү бөлүнгөн аймактардын тизмесин, шаарлар жөнүндөгү, соода жолдору жөнүндөгү, айрым аймактардан жана шаарлардан алынып кетүүчү буюмдар жана башкалар жөнүндөгү маалыматтарды кезиктиребиз. Фихристин1687 айтуусу боюнча, «жолдор жана мамлекеттер» жөнүндөгү биринчи эмгектин автору Абу-л-Аббас Жа'фар б. Ахмед Мервези болгон; анын эмгеги бүтпөй калган; ал өзү Ахвазда өлгөн; анын китептерин Багдадга алып кетишкен жана 274/887-88-ж сатып жиберишкен. Бул маалыматтардан улам Мервезинин эмгеги ушул жылга жакын жазылган деп жыйынтык чыгарса болор эле. Бул Мервезинин биринчи экендигинен шектенүүгө мажбурлайт; «жолдор жана мамлекеттер» жөнүндөгү эмгектин дагы бир автору IX кылымдагы географ Абу-л-Касим Убейдаллах б. Абдаллах б. Хордадбек болгон. Бул эмгек да Фихристе эскерилет жана дагы автордун жашаган мезгили жөнүндө ал халиф Му'тамиддин (870—892)1688 жакын адамдарынан болгондугу гана айтылат. Ибн Хордадбек өзүнүн эмгегин Аббасилер сулалесинин бир мүчөсүнө арнаган, бирок ысымын атабайт. Ибн Хордадбектин жашаган мезгили жана ал эмгегин жазган учуру тексттин басылмасына де Гуенин алгы сөзүндө толук каралган, де Гуе Ибн Хордадбек өзүнүн эмгегин алгач 232/ 846-47-ж. башкача айтканда, халиф Васиктин (842—847) убагында жазган жана 272/885-86-ж. Му'тамиддин тушунда аны экинчи жолу оңдоп чыккан деп далилдөөгө аракет кылат1689. Эгерде биринчи дата туура болсо, анда Ибн Хордадбектин «Жолдордун жана мамлекеттердин китебинин» биринчи редакдиясы Мервезинин эмгегинен эчак мурда пайда болгон жана ан-Недим дин катасын анын халиф Му'тамид жөнүндөгү сөзүнө караганда ага Хордадбектин чыгармасынын экинчи редакдиясы гана белгилүү болгондугу ме нен түшүндүрүлүүгө тийиш. Гуенин пикирине Маркварт1690 каршы чыккан, Ибн Хордадбектин хижранын 272-жылынан кийин бүткөн эмгеги бир гана жолу басылып чыккан деп далилдеген. Маркварт үчүн чечүүчү мааниге ээ факт де Гуе Ибн Хордадбектин эмгегинин алгачкысы деп эсептеген редакциясында тугузгуздардын эскерилгени болуп саналат, ушинтип адатта арабдар уйгурларды атаган; бирок Ибн Хордадбек тугузгуздар жөнүндө маалыматты уйгурлар басып алган тугузгуздардын жерине, кытай маалыматтары боюнча 866ж. гана барган саякатчы Темим б. Бахр ал-Мутавви'иден алган. Бирок Маркварт өзү чыгармасынын башка1691 бир жеринде 255/868-69-ж. өлгөн Жакиздин текстин келтирет (аны туура эмес түшүндүрсө да), анда тугузгуздар харлуктар (карлуктар) өлкөсү менен коңшу, ошол эле жердин жаңы келгиндери эмес, эчакы тургундары катары эскерилет. Арийне, тугузгуз деген сөз этимологиясы боюнча (токузогуз=тогуз огуздар) биз күткөндөй эле ар дайым уйгурларды билгизген эмес; сыягы уйгурлар жеңип алган аймактардагы элдин аты менен арабдар уйгурларды атап калышкан1692. Де Гуенин эки редакция тууралуу пикирин жокко чыгаруу үчүн, демек, башка далилдерди келтирүү керек (маселен, Ибн Хордадбек халиф Васик жөнүндө айтканда ал тирүү кезде ушундай учурларда айтылуучу салттуу кабыл алынган сөздөрдү колдонбогондугу күмөндүү; бирок Ибн Хордадбектин кыскартылбаган толук тексти бизге келип жеткенде гана бул далилдин мааниси болмок).

Марвезинин эрте унутулган эмгегиндей эмес, тескерисинче, Ибн Хордадбектин эмгеги кеңири тараган жана көптөгөн окумуштуулар, анын ичинде, түздөн-түз болбосо да, сөзсүз биздин автор тарабынан да пайдаланылган. Кийинки авторлор тарабынан Ибн Хордадбектен эмнелер өздөштүрүлгөн, анын үстүнө кайсы эмгектеринен алынганы жөнүндөгү маселени чечүү бир топ кыйынчылыктарды туудурат, себеби, де Гуе1693 далилдегендей, «Жолдордун жана мамлекеттердин китеби» бизге кыскартылган түрдө келип жетти. Ибн Хордадбектин чыгармаларынын белгилүү эки кол жазмасына караганда, башка авторлор Ибн Хордадбектен алышкан ңитаталардан биз кээде кыйла толук текстти кезиктиребиз; Иби ал-Факих1694, Я'куби, Иби Русте1695 сыяктуу жана башка авторлордун көп маалыматтары Ибн Хордадбекке негизделген. Ибн Хордадбек «Жолдордун жана мамлекеттердин китебинен» башка дагы бир нече чыгарма жазган, алардын ичинен мазмуну боюнча «Жолдордун жана мамлекеттердин китебине» баарынан жакын турганы аталышына караганда «Перстердин жана алардын ээликтеринин санжырасы тууралуу китеби» болуп эсептелет; балким, Ибн Хордадбекке берилген айрым шилтемелер ушул чыгармага таандыктыр. Кээ бир авторлор Ибн Хордадбектин маалыматтары негизделген ошол эле даректерди түздөн-түз пайдалана алышканбы деген маселе да карап көрүүнү талап кылат.

Ибн Хордадбек өзүнүн алгы сөзүндө Птолемейди1696 географиясын чет тилинен (грекчеденби же сирия тилиненби, айтылган эмес) которгондугун айтат; бул котормо араб адабиятында эскерилбейт. Наллинонун1697 пикири боюнча, Ибн Хордадбек Птолемейдин географиясын өзү колдонуу үчүн которгон жана ал жарыкка чыккан эмес. Ал тургай өзүн Птолемейдин котормочусумун деп эсептеген ушул автор ошол кезде жер жүзүндө бардыгы 4200 шаар болгон деп грек текстинде жок маалыматты Птолемейге ыйгарганы кызык1698. Птолемейде шаарлардын эсептелип чыккан мынча саны жок.

Птолемейди окуп үйрөнсө да Ибн Хордадбек өзүнүн эмгегин таптакыр башка системада жазган. Астрономиялык бөлүнүүлөр таптакыр четте калган; негизги орун жол көрсөткүчтөргө — аймактар менен шаарларды байланыштырган жолдорду аралыктарды так көрсөтүү менен сүрөттөөгө берилген. Мас'уди1699 географияны Ибн Хордадбек түшүнгөндөй эле, анча барктабай, аны чабармандарга, кат ташуучуларга арналган илим (орустарга бул сөз Фонвизиндин «Кемпайындагы» Простакованын белгилүү сөздөрүн эске салат) деп атайт. Азыр дал ушул «жолдордун жана мамлекеттердин китептери» араб география адабиятынын абдан баалуу чыгармалары экендигин эч ким жокко чыгарбас. Ал чыгармалардын натыйжасында биз мусулмандар жердеген Алдыңкы Азиянын IX—X кылымдардагы топографиясын античный дүйнөнүн топографиясынан кыйла жакшы билебиз жана античный адабият эстеликтеринин арасында Исидор Харакскийдин жол көрсөткүчү (ушуну менен Кара деңиз жана Инди океанынын чет жакаларын кандайдыр бир даражада салыштырууга болот) өңдүү чыгарманын жалгыз турганы гана өкүнүчтүү. Птолемей, балким, бул чыгармаларды илимий географияга өзү каршы коюп жүргөн «хорография» чыгармаларына ыйгарат беле.

Птолемейдин котормосу Ибн Хордадбектин замандашы, көбүнчө математикалык географияга байланышын көрсөтүп башка аталыштагы, географиялык эмгек жазган Киндинин да колунда болгонун көрдүк; бирок Киндинин окуучусу Ахмед Серахси Ибн Хордадбек сыяктуу жолдор жана мамлекеттер жөнүндө китеп жазган. Серахси, анын ылакап ысымы көргөзүп тургандай Хорасандан чыккан, бирок белгилүү болгондой анын өмүрү жана ишмерлиги Багдад менен гана байланыштуу болуп, 899ж., кыязы, хан сарайындагы кагылыштын курманы болгон1700. Киндинин башка бир окуучусу, Иракка чыгыш аймактардан келген Абу Зейд Ахмед б. Сахл ал-Балхи өзүнүн мекенине кайтып кеткен, ал жерде узак жашаган (ал 934-ж. өлгөн) жана бул жерде кийинки географтарга, ошонун ичинде биздин авторго чоң таасир тийгизген өзүнүн географиялык эмгегин жазган.

3

Балхинин географиялык эмгеги жөнүндөгү маселеге жана Йстахри менен Ибн Хаукалдын бизге келип жеткен эмгектеринин ага байланышына де Гуе өзүнүн чоң макаласын1701 арнаган, анда ошондой эле Сафадинин ал-Вафй би-л-вафайат1702 өмүр баян сөздүгүнөн Балхинин өмүр баяны жөнүндө маалыматтарды келтирет. Бул маалыматтарды Сафади Якуттан1703 алгандыгын эми аныктоого болот. Якут болсо аларды өз кезегинде автору Абу Мухаммед Хасан б. Мухаммед ал-Везири болгон Балхинин алгачкы өмүр баянынан пайдаланган, «дин мусулмандарга буйрук берүүчүнүн кардары» Абу Сахл б. Убейдаллах б. Ахмед түзгөн Абу Зейд жөнүндөгү китептен алган; Везири болсо Абу Зейд Балхини өзү тааныган жана андан окуган1704.

Балхи жөнүндө де Гуе жыйнаган маалыматтарга толуктоонун эң негизгиси — бул якуттун Балхи 87 же 88 жашында (зулка'да айында 322-934ж. октябрь-ноябрда) өлдү деп айтканы, демек, Балхи болжолу 235/84950ж. туулган болот1705. Анын географиялык эмгеги, Гуенин1706 жыйнагандарына караганда, хижранын 308 же 309ж. (920ж. же бир аз кийинчерээк), демек, өтө карыган кезинде жазылган деп жыйынтык чыгарууга болот. Балхинин де Гуе да эскерген Иракка саякаты (Якутта1707 ал ошол жакка ажыга бараткандардын кербени менен кошо жөө барган деп айтылат) анын жаш кезине таандык, бул жогору жакта айтылгандай, 870жылдан кийин тез эле өлгөн Киндиден окугандыгы жөнүндө маалымат менен да далилденет. Балхи Иракта сегиз жыл болгон жана коңшу өлкөлөргө да барган. Ап кеңири жана ар тараптуу билим алгандан кийин өзүнүн мекенине Герат аркылуу кайтып келген жана Балхта өзүнүн билимдүүлүгү менен атагы чыккан1708. Иракта өткөн сегиз жыл, кыязы, анын саякатынын бүт мезгилин кучагына албайт көрүнөт; анын Наср II (914—943) тактыга келгенге чейинки Балхтагы жашоосу жөнүндө эч нерсе айтылбагандыктан, ал мекенине карып калганында келген деп жыйынтык чыгарса болот. Наср II падышалык кылган алгачкы жылдарга Фихристтеги1709 Балхинин өз оозунан жазып алынган анын кол башчы Хусейн б. Али Мервези (же Мерверруди) жана вазир Абу Абдаллах (Фихристте Абу Али деп жаңылыш берилген) Мухаммед б. Ахмед Жейханиге карата мамилелери жөнүндө айткандары тиешелүү окшойт. Балхи Хусейнден жана анын бир тууганы Мухаммед Са'луктан1710 убагында төлөнүп туруучу белгилүү материалдык жардам алып турган, бирок диний мазмундагы чыгармасынан улам бул жардам берилбей калат, чыгармасы кийин мусулмандар чөйрөсүндө жогору бааланган; Якуттун1711 эмгегинде Балхинин бул китеби деги эле мусулмандар үчүн жазылган китептердин эң пайдалууларынын катарына кошулган пикир келтирилген (Хусейн еретикисмаили болгон; Балхи да жаш кезинде шиит болуп, кийин андан кол үзгөн). Вазир Жейхани Балхиге белек катары күңдөрдү жиберип турган, бирок Балхинин ага жакпай калган курмандыктар жөнүндөгү чыгармасы үчүн ал мындай көңүл буруудан ажырап калган. Вазир Жейхани дуалист деп эсептелчү; анын жеке турмушундагы таң калыштуу жактарын диний көз карашына байланыштырышкан: бирөөгө чүпүрөк же кагаз аркылуу колун тийгизчү, мышыкты жаман көргөн1712.

Белгилүү болгондой, Балхи перс падышаларынын тукумдарынан1713 деп эсептелген мервдик тектүү дихкан Ахмед б. Сахл Хорасанды кыска мөөнөткө башкарган мезгилде (918—919) гана мамлекеттик кызматта иштеген. Хусейн Мерверрудинин көтөрүлүшүн баскан Самани аскерлеринин башында Ахмед турган, анын үстүнө Хусейндин өзү туткунга алынган, бирок ошондон кийин бат эле Ахмед Нишапурда Саманилерден бөлүнүп чыккан, Мервге кетүүгө мажбур болгон, ал жерде талкаланып, колго түшкөн жана Бухаранын абагын да өлгөн. Ахмед б. Сахл абдан берилген иран патриотторунун үй-бүлөсүнөн чыккан; анын бир туугандары арабдардын улутук фанатизминин (та'ассуб) курманы болушкан; Ахмед менен бирге Мервде Серв деген жашаган. Фирдоуси өзүнүн Рүстөм (Рустам)1714 жөнүндө жомогун жазганда ага шилтеме берген. Ошол мезгилде Абу Зейд арабдардын же перстердин артыкчылыгы жөнүндөгү улуттук талаш-тартыштардан жана ошондой эле Аалынын же пайгамбардын бөлөк жолун жолдоочулардын артыкчылыгы жөнүндөгү диний талаштар тыштардан1715 четте болууга аракет кылган. Ал кайсы улуттан чыкпасын жана анын эне тили кайсы тил болбосун ал окумуштуу катары адабий араб тилинде сүйлөгөн жана эмир Ахмед б. Сахл1716 Балхка (Ахмед б. Сахлдын бул шаарга келгендиги тууралуу башка маалымат жок) келгенде, ийгиликтүү бөлбөсө да, аны менен ошол тилде сүйлөшүүгө аракеттенген. Ахмед б. Сахл Балхиге вазирлик кызматты сунуш кылган; ал макул болгон эмес; Балхинин жолдошу, ал да Балхта туулган, ал да диний мазмундагы, бирок мусулманчылыктан кыйла алыс турган чыгармалар жазган Абу-л-Касым Абдаллах б. Ахмед б. Махмуд Ка'би вазир болгон; Сам'аниде ал мутализилердин1717 башчысы деп аталган. Балхи анын убагында катчынын ордун ээлеген; ага айына 500 дирхем маяна дайындалган. Абу-л-Касымдыкы эки эсе көп болгон, бирок Абу-л-Касым казыначы ага 900 гана, Балхиге 600 дирхем берижин деп буйрук кылган, анын үстүнө Балхи маянасын жакшы акчалар менен алышына чара көрүлгөн; бардык бузулган тыйындар Абу-л-Касымдын1718 маянасына кошулууга тийиш болгон. Балхи үчүн бактылуу мына ушул мезгилде эмир менен вазирдин марттыгынын натыйжасында ал өзүнүн туулуп өскөн кыштагы Шамистияндан Балхтын чет жакасын сугаруучу 12 каналдын бири Гарбенги каналынан чарбак сатып алган; ал чарбак кийин анын укум-тукумуна өткөн1719.

Ахмед б. Сахл тактыдан түшкөндөн кийин, сыягы, Балхи жеке адам катары өзүнүн чарбагында жашап турса керек. Самани эмиринен (Насрдан болсо керек) Бухарага чакыруу кагазын алганы убактысы көрсөтүлбөстөн айтылат (Макдисиде гана1720). Балхи Аму-Дарыянын катуу агымынан жана чоңдугунан коркконун шылтоолоп, чакырууну кабыл алган эмес. Жогорку даражалуу адамдардын ичинен Балхи Саганиандын эмирлери (кийин Хорасандын башкаруучулары) Абу Бекр Мухаммед жана анын уулу Абу Али Ахмед1721 менен кат жазышып турган, бирок өзү алар менен көрүшпөсө керек.

Балхинин чыгармаларынын саны, анын небересинин1722 айтымында, алтымышка чейин жеткен. Алардын арасында Балхинин, кыязы, Сувар алакалим. («Климаттардын сүрөттөлүшү») аталган географиялык эмгеги ачык айтылган эмес (бул жөнүндөгү маалыматтар бир аз карама-каршы)1723; белгилүү болгондой, Балхинин эмгегине негизделген Истахринин эмгегинин мазмуну дүйнө жүзүнүн калк жашаган бөлүгүнүн түштүктөн түндүккө карай жети климатка бөлүнүшү эмес, бирок климаттар өз алдынча бир бүтүндүктү түзгөн географиялык аймактар катары берилет деп болжоого бизди мажбурлайт. Мындай климаттар Истахриде 20, Макдисинин1724 айтымында Балхиде да ушул санды түзгөн. Балхинин эмгектеринин тизмесинде1725 чыгармаларынын кээ бирлери, аталыштарына караганда, географиялык мазмундагы эмгектери эске алынган; мисалы, «Асман жана дүйнө тууралуу китеп» ушуларга кирет. Башка эмгектердин арасында «Сүрөттөлүштөргө комментарийлер» (Тафсйр ас сувар) деген китеп бар; балким, Балхинин географиялык эмгеги жөнүндө сөз болуп жаткандыр, анын үстүнө Макдиси да бул эмгекти анын карталарына эң эле кыска комментарий гана деп айтат.

«Bibliotheca geographorum arabicorum» аттуу жыйнактын азыр биринчи томун түзгөн чыгарманын автору жөнүндөгү маселе ал кезде айкын эмес болучу. Макдиси1726 бул эмгектин үч нускасын көргөн; биринчисин Рейден1727, экинчисин — Нишапурдан, үчүнчүсүн Бухарадан; биринчисинин автору Балхи, экинчисиники (кол жазманын өзүндө автору көрсөтүлбөгөн) 309/921-22-ж. өлгөн Абу Бекр Мухаммед б. Ал-Марзбан ал-Мухаввали ал-Кархи, үчүнчүсүнүку кол жазманын өзүндө айтылган Абу Исхак Ибрахим б. Мухаммед ал-Фариси ал-Истахри деп эсептелген. Истахрини билишкен жана анын эмгеги жазылып жатканда катышкан бир нече кишини көргөндүктөн Макдиси баарынан туурараагы акыркысы деп эсептейт; ошол күбөлөрдүн бири Бухара1728 шаарынын муктасиби Абу Наср ал-Харби болгон. Автору Кархи делип эсеп телгени жөнүндө, Макдисиде дагы башка1729 жеринде, Синд жөнүндөгү бапта айтылат; бирок шилтемелерде жана келтирилген үзүндүлөрдө ал Балхини же Истахрини гана атайт. Де Гуенин айтымында1730, Балхинин ысымы аталган келтирилген бардык үзүндүлөр Истахринин текстине толук дал келет; анын үстүнө де Гуе Макдисинин колунда Истахринин текстинен башка да Балхинин1731 тексти да болушу мүмкүн деп эсептейт; ал эми Якуттун колунда болсо бир эле чыгарма болгон; андан үзүндү келтиргенде ал көбүнчө Истахриге, бирок «кандайдыр бир белгилүү системага баш ийгенсип» кээде Балхиге да шилтеме берет1732. Акыркы болжол чындыкка туура келе бербейт го; Якут Истахри жөнүндө эскербей туруп, Балхиге бир гана жолу Жедда менен Адендин1733 аралыгы женүндө айтканда шилтеме берет; ал сөздөр, албетте, Истахринин текстинде да бар1734. Башка бардык учурларда, анын ичинде Хадрамаут менен Адендин аралыгы1735 тууралуу да Истахриден гана үзүндүлөр келтирилет, ал тууралуу Истахриде ошол эле жерде айтылат. Де Гуе бекер эле Якуттан издеген ырааттуулукту Макдисиден гана табууга мүмкүн: жыйырма климаттын ичинен көбүнчө Балхиден үзүндүлөр келтирилген үчөөнү (тактап айтканда, акыркы үчөө: Хорасан, Сеистан жана Мавераннахр) жана да көбүнчө Истахриден үзүндүлөр келтирилген үчөөнү (Фарс, Керман жана Синд) бөлүп көрсөтүүгө болот.

Истахринин эмгеги, де Гуенин1736 пикири боюнча, Балхинин эмгегинин абдан толукталган экинчи басылышы болуп саналат, 318 жана 321/930—933 жылдардын аралыгында, башкача айтканда Балхи тирүү кезинде эле ишке ашырылган. Орус чыгармаларында1737 Истахри тууралуу эскергенде анын эмгегин көбүнчө 951жылга, башкача айтканда, хижранын 340-жылына таандык кылышат; де Гуенин1738 пикири боюнча бул ошо кезде Чыгышта тараган көпчүлүк кол жазмалардын тизмеси башталган кол жазманын датасы болучу; ошол кезде андан жыйырма жыл мурда түзүлгөн эмгек басылып чыккан. Де Гуе ошол эле мезгилге (бир жеринде «vermutlich nicht später als 340» деп, экинчи учурда: «schwerlich früher»1739 деп айтылат, бирок сөз ошол эле дата жөнүндө болот) Истахри менен Ибн Хаукалдын кезигишүүсүн алып барат жана Истахринин макулдугу менен анын эмгегин кайтадан оңдоп чыкканын Ибн Хаукал өзү баяндап айтат. Ибн Хаукалдын кезигишүү качан жана кайсыл жерде болгону жөнүндө эч нерсе айтпаганы өкүнүчтүү; болгону ошол мезгилде ал Азербайжандын (Ибн Хаукалдын эмгегинин акыркы бүткөн редакциясында Азербайжан Истахридегидей Армения жана Арран менен чогуу түшүрүлгөн) жана Месопотамиянын картасын түзүүгө үлгүргөнү гана айтылган1740. Ибн Хаукал өзүнүн эмгегинин аяк жагына өзүнүн саякаттарына1741 толук обзор бергиси келген, бирок аны аткарган эмес; ал жаш жигит кезинде Багдаддан кеткен датасы гана келтирилет, кыязы, анча так эмес окшойт (хижранын 331ж рамазандын 7синде бейшембиде, башкача айтканда, 943жьшдын 15майында; мында жуманын күнү айдын күнүнө туура келбейт)1742. Айрым учурларда автордун кайсы күнү кайсы шаарда болгондугу айтылат. 367/977-78ж.1743 эмгегин жазып бүткөн жыл делип эсептелинет; арийне ал ушундай узак мөөнөттө ошол эле шаарларда бир нече жолудан болуп чыгууга үлгүргөн; ал Мосулда акыркы жолу 358/968-69ж. болгон1744. Ал өзүнүн эмгегин Фатими халифинин букарасы катары жазган жана ошого чейинки өмүрүнүн акыркы жылдарын, кыязы, батышта өткөргөн; ал 361/971-72ж. Сицилияда болгон1745. Балким, ушул себептен анын эмгеги мусулман дүйнөсүнүн чыгыш аймактарына андан мурунку автордун эмгегиндей белгилүү болбой калган. Истахринин эмгеги гана перс тилине которулган; саякатчы Аузли (Ouseley) Ибн Хаукалдын эмгегинин которулган нускасы катары кабыл алган жана ушул аталыш менен басып чыгарган кол жазма Истахринин1746 эмгегинин кыскартылган версиясы экен. XV кылымда Истахринин арабча түп нускасын Шахрухтун китепканасынын алышы Хафизи Абрунун1747 перс тилиндеги эмгегин түзүүгө себеп болгон.

Биздин автордо Балхинин же Истахринин чыгармасынын нускасы болгондугу күмөн туудурбайт. Өзгөчө бул батыш аймактарга арналган баптарда ачык көрүнөт; мисалы, биздин автордун (34б-барак) Малатия жөнүндөгү сөздөрү Истахринин (62) текстине толук дал келет:

Истахринин тексти кээде анча так берилбейт; биздин автордун Марид жөнүндөгү «Андалустагы эң улуу шаар» (З6б-барак) дегени Истахридеги (43) «Андалустун эң улуу шаарларынан» дегенге туура келет. Биздин автордун Афины жөнүндөгү сөздөрү Истахриден сөздөрдү толук туура түшүнбөй эле алгандыгы менен түшүндүрүлөт. Истахри Константинополдон түштүккө жана батышка кеткен Афины жана Рим жээктерин ажыратып ай тат, бирок Афины (Асинас) жана Рит (Румия) сөздөрү ал үчүн шаарлардын аттары боюнча калат; Афиныны шаар катары карап, анда «гректердин акылмандуулугу турган жай» (йунанийун) болгон дейт. Биздин автордун айтуусун да (37б-барак) Константинополь кысыгынан (Босфордон) Андалуска (Испанияга) чейинки бүт жээк Афины жээги деп аталган; Асинас деген сөз ага байыркы мезгилдерде Йунанийан деген шаар болгон жердин аталышы катары гана белгилүү болгон жана буга «бардык акылмандар жана философтор ушул Асинас аймагынан чыгышкан» деп кошумчаланат.

Истахриден (же Балхиден) кээ бир учурларда тарыхый окуялар жөнүндөгү аңгемелерди да алышкан. Тоолор жөнүндөгү бапта (7б-барак) Истахридеги араб жарым аралы жөнүндөгү аңгемедегидей (24) эле, айланасы 20 фарсах болгон мейкиндикти ээлеген, айдоо аянттары бар жана суу агып чыккан чокулуу тоо жөнүндө баяндалат, анын үстүнө Истахридегидей эле ал жерди кармат Мухаммед б. Ал-Фазл каратып алгандыгы айтылат. Биздин автордун сөзүнө караганда бул окуя «байыркы» мезгилде болгон, бул анча деле туура сөз эмес, себеби сөз хижранын III кылымынын аягында же IV кылымынын башындагы1748 окуя жөнүндө гана болушу мүмкүн; балким мурда эки сап жогору Йемен падышаларынын байыркы борбору тууралуу айтылганда колдонулган сөздөрүн көчүрүп жазган киши жаңылыш кайталап жазып койсо керек. Биздин автордун тексти ВGАнын биринчи томунун текстине караганда экинчи томунун текстине жакын жерлер кезигет. Ирак (31б-барак) тууралуу бапта Касрибн-Хубейра жөнүндө ал Багдад менен Куфанын аралыгындагы эң чоң шаар экендиги айтылат; бул сөздөр де Гуе кабыл алып басып чыгарган Истахринин (85) текстинде жок, бирок алар Ибн Хаукалдын (166) текстинде бар. Мындан биздин автор Ибн Хаукалдын чыгармасынан пайдаланган деп айта албасыбыз түшүнүктүү; ушундан жана башка учурлардан Нёлдекенин1749 Ибн Хаукалдын Истахриге болгон мамилеси ВGАнын II жана I томдорунун тексттерин жөнөкөй салыштыруу жолу менен аныкталбайт дегени туура болуп чыгат. Де Гуенин басылмасы боюнча Истахринин тексттеринде кезикпеген сөздөр гот кол жазмасынын кыскартылган версиясында жана Аузлинин басылмасынын персче котормосунда бар экендигин аларга берилген түшүндүрмөлөрдөн көрүүгө болот, демек алар, албетте, Истахриде да болгон.

Сыр-Дарыянын төмөнкү агымындагы үч мусулман колониясы жөнүндө1750 Ибн Хаукал1751 менен биздин автордун (26а-барак) айткандары сөзмө-сөз дал келет. ВGАнын биринчи томунда бул колониялар эскерилбейт; бирок Сыр Дарыянын агымы де Гуенин1752 басылмaсы боюнча ойлоого мүмкүн болгонго караганда Истахриде бир топ толук жазылгандыгына ишенүү үчүн де Гуенин1753 басылмасы боюнча Истахринин текстин Истахринин Якуттагы1754 текстинен алынган үзүндүсү менен салыштыруу жетиштүү.

Биздин автордо Балхинин эмгегинин алгачкысы болгонбу же Истахри кайтадан иштеп чыккандан кийинкисиби? Кээ бир жерлеринде ВGА 1деги көбүнчө Истахринин чыгармалары деп эсептелген баптардын тийгизген таасири байкалат, мисалы, Синд жөнүндөгү баптар, айрыкча Мансурду сыпаттоо (26а-барак) менен Истахринин (173) текстин салыштыр. Бирок ушул жери, балким, Балхиде да болгондур. Истахринин Балхиге көз карандылыгы Балхиге тиешелүү экендиги шексиз Хорасан жана Мавераннахр жөнүндөгү баптардан дагы ачыгыраак байкалат. Буга Герат мечити жана ал жерде убактысын өткөргөн көптөгөн адамдар жөнүндө айтылган сөздөр (19б-барак; салыштыр: Истахри, 265); Бушенгди сүрөттөө (ошондо эле, салыштыр: Истахри, 268); Дизе кыштагын бөлүп аккан Мургаб суусу жөнүндө (20а-барак, салыштыр: Истахри, 270); Бутман же Буттем үч тоо тизмеги тууралуу (23б-барак салыштыр: Истахри, 328); Оштогу кароол пункттары жөнүндө айтылган сөздөр (24а-барак, салыштыр: Истахри, 333); эмир Насрдын туулган жери катары Хатлам же Хайлам тууралуу айтылгандар (ошондо эле, салыштыр: Истахри, 334) тиешелүү. Эки учурда биздин автордун айткандарын BGAнин тексти менен гана салыштырууга болот, себеби BGA Iдин текстинде Балхи — Истахринин текстинин тиешелүү жерлери сакталбай калган: буга Мерсмендедеги базар тууралуу (23б-барак, салыштыр: Ибн Хаукаль, 384) жана Сохтун жанындагы 60 кыштак жөнүндө айтылган сөздөр кирет (24а-барак, Ибн Хаукаль, 396,,). Кыязы, биздин авторго айкын таасир эткен Балхи—Истахри чыгармаларынын ичинен хронологиялык негизде алганда Истахриге гана таандык болуучу жери жок. Биздин автордо эскертилген (28а-барак) 309/922ßж. өлүм жазасына тартылган Халлаж Истахриде (148 жана кийинкилер) айтылган жана Балхиде аталбаса деле керек; бирок ал учурда автордо башка дарек болушу мүмкүн; Истахриде Халлаж жөнүндө ал чыккан шаарды (ал-Байда) жазганда айтылбайт. Мындан тышкары араб кол жазмаларында Истахринин версиясы менен катар Балхинин да версиясы сакталып калганбы деген маселе, мүмкүн, азыр кайта карап чыгууга муктаж. Де Гуенин колундагы кол жазмалардын баары, ошону менен бирге де Гуенин изилдөөсүнүн жыйынтыгына карабастан Брокелман1755 Балхиге ыйгарган Берлиндеги кол жазмада, Истахринин версиясын камтырын толук ишенерлик далилдеди1756, бирок ошондон кийин Балхиге тиешелүү деген дагы жаңы кол жазмалар табылды, булар Ахмед-Зекибей1757 Египетте алган жана Багдаддан Гамбург китепканасы үчүн алынган «Balhikodex mit schönen Karten» деген кол жазма1758. Бул кол жазмалардын тексти ВGА Iдин1759 текстинен канчалык айырмаланарын текшерүү зарыл.

4

Ошондой эле салт болуп калган «Жолдордун жана мамлекеттердин китеби» деген аталыш менен географиялык чыгарманы Балхинин өмүр баянында эскерилген Самани вазири Абу Абдаллах Мухаммед б. Ахмед Жейхани жазган. Бул чыгармага берилген шилтемелер көп кезигет, бирок чыгарманын өзү, кыязы, жиги билинбей жоголгон; бул чыгарманы X кылымдын географтары Ибн Хаукал1760 жана Макдиси пайдаланышкан. Макдисинин сөзүнөн1761 бул чыгарманын негизин Ибн Хордадбектин эмгеги түзгөндүгүн билебиз: кээде бир эле кол жазманы, эгерде анда автору жазылбаса бирөөлөрү аны Ибн Хордадбектин чыгармасы дешсе, экинчилери Жейханиники дешкен. Ошол эле Макдисинин айтканына караганда, Жейхани жазма даректерден башка дагы оозеки маалыматтарды пайдаланчу экен. Ал чет өлкөлүктөрдү чогултуп алып, аларды өзүлөрүнүн мекени жана ал жакка барчу жолдор тууралуу айттырчу. Макдиси1762 боюнча Тункеттен1763 (Ташкенден түштүктө, Ангренде) Кытайдын негизги шаарына чейин 140 күндүк жол экенин «элчилер Жейханиге айтышкан жана бул жөнүндө ал өзүнүн китебинде эскерген жана мунун бардыгын ачык жазып көрсөткөн».

Бул маршрутту Макдиси да, башка авторлор да бизге жеткире албаганы өкүнүчтүү; андан үзүндүлөрдү да кезиктире алган жокмун. Ал эми рriori тууралуу болсо Орто Азияга тиешелүү географиялык аталыштардын көптүгү биздин автордун Жейханиде келтирилген маршрутка көз карандылыгын көрсөтөт деп болжоого мажбурлайт. Мындай көз карандылыкты так көрсөтүү биздин автордун эч бир маршрутту айтпагандыгы менен бир аз кыйындайт; бирок Туманскийдин кол жазмасындагы көп географиялык аталыштар XI кылымдагы автор Гардизиде1764 да келтирилет, анын үстүнө шаарлардын ортосундагы аралыктар көрсөтүлөт жана маршруттар айтылат, башкача айт канда, Туманскийдин кол жазмасындагы жетишпеген маалыматтар берилет. Гардизи өзү келтирген маалыматтарын Ибн Хордадбектен, Жейханиден, дагы автору белгисиз «Жер жүзүнүн тардыгы» (Тавадфу' аддунйа')1765 деген чыгармадан алганы тууралуу айтат. Бир жеринде1766 Гардизинин сөздөрү Бируни келтирген1767 Жейханиден алынган үзүндүнүн сөздөрүнө дал келет; бул үзүндү Кытайга барчу жолго эмес, бирок Хотандан Тибетке барчу жолго тиешелүү. Бирунинин айтымында, «илгерки заманда Хотанда Тибет1768 каганынын аймагына барчу жолго кытайлар бир тоонун чокусунан экинчи бир тоонун чокусуна чейин көпүрө салышкан; бул көпүрөдөн өтүп, бир аймакка келишет, ал жерде абасынан дем кысылып, тил оозго батпай калат; бул жерден өткөндөрдүн бир тобу өлүп калышат, бир тобу айыгып кетишет. Тибеттиктер ушул тоону уу тоо деп аташат». Ушунун эле өзү, дээрлик ошол эле сөздөр менен (албетте, персче которулган) Гардизиде айтылат. Ал көпүрөнү хотандыктар салган дейт, бул көчүрүп жазган кишинин жаңылыштыгы ( дегендин ордуна ) менен түшүндүрүлүшү мүмкүн. Арийне, азыр деле Чыгыш Түркстандан Индияга1769 барчу жолдордогу бийик ашууларда дем алууну кыйындаткан түтөк жөнүндө сөз болуп жатат.

Гардизинин Жейханиге көз карандылыгынын ушундайча далилдениши Туманскийдин кол жазмасынын Жейханиге көз карандылыгы жөнүндөгү божомолду канчалык далилдейт, айтуу кыйын, себеби Тибет жөнүндөгү аңгемеде башка жерлердегиге караганда Туманскийдин кол жазмасынын тексти1770 менен Гардизинин текстинин окшоштугу аз, мисалы, тугузгуздар жана Кытай жөнүндөгү аңгемеде Гардизи Тибеттин шаарларынын бирин да эскербейт, ал эми Туманскийдин кол жазмасында бир катар шаарлар эскерилет, анын үстүнө Гардизи Кашкардан Хотанга барчу1771 жолго жайгаштырган бир нече шаарды Тибетке ыйгарат, бирок Хотан шаары Гардизидегидей эле Кытай жөнүндөгү (14а-барак) бапта сүрөттөлөт, анын үстүнө Туманскийдин кол жаз масында Хотан Кытай менен Тибеттин чек арасына жайгаштырылган. жана Хотан бийлөөчүсүнө «түрктөрдүн жана тибеттиктердин башчысы»1772 титулун таандык кылат.

Туманскийдин кол жазмасында Тибет жөнүндө баптын эң баш жагында Ибн Хордадбектен1773 алынганы ачык билинип турган маалымат (Тибетке келген ар бир кишиде эч бир себепсиз эле шайырдуулук пайда болгон) берилген. Тибет шаарлары жөнүндөгү маалыматтар, кыязы, ар түрдүү даректерден алынган; сыягы, ошол эле бир шаарга тиешелүү жана 1774 деген эки аталыш эки башка шаардын аттары катары берилет. Ушундаи мисалдар Туманскийдин кол жазмасында башка бардык көчүрүлүп жазылган эмгек тердегидей эле көп кезигет. Туманскийдин кол жазмасында (38б-барак) буртастар ( ) жана берадастар ( ) жөнүндө эки бөлөк эл катары айтылгандыгын жана Хузистан (28б-барак) жөнүндөгү бапта башкача айтканда, (Балхи—Истахридегидей1775 эле бул шаарда Манинин өлтүрүлгөнү жөнүндө айтылат) жана Фарс менен Хузистандын чек арасындагы чоң жана бай соода шаары жөнүндө өз өзүнчө эскерилгендигин эске салуу жетиштүү; анткени менен бул экинчи аталыш ошол эле аталыштын перс тилиндеги кыйла туура жана толук айтылышы гана болуп саналат. Ушул эле Хузистан жөнүндөгү бапта арабча айтылышынын ордуна персче айтылышы берилген дагы бир чоң шаардын аты келтирилет: дегендин ордуна Туманскийдин кол жазмасындагы жазылышы Нёлдеке1776 болжолдогон Wandrew-Sapur деген аталышка жакын турат. Автор кээде Балхи — Истахриден алынган кабарлардагы араб адабий түрдү жергиликтүү перс тилиндеги түргө алмаштырат; ал Балхи—Истахриден (265) алынганы ачык билинип турган Герат жөнүндөгү аңгемеде дегендин ордуна деп жазат (19б-барак).

Кытай тууралуу жана тугузгуздар жөнүндөгү баптарда, балким, биздин аноним менен Гардизинии окшоштугу жана экөөнүн тең жалпы дарекке көз карандылыгы даана байкалат. Көп шаарлардын аталыштары эки автордо тең кезигет, ошонун ичинде Турпан менен Хаминин аралыгындагы жана Шачжоу менен Сучжоунун аралыгындагы жерлердин аталыштары катары жана 1777 деген персче аталыштар да бар. Гардизиде жолдордун багыты көрсөтүлгөн, анонимде болсо бул жок, бирок эки автордогу аталыштардын орун алган тартибин салыштырсак, анда жолдордун багыт алышы анонимге да белгилүү болгондугун көрөбүз; чыгарманын жалпы планына ылайык анонимде шаарлар чыгыштан батышты көздөй саналат. Гардизиде тескерисинче. Анонимдин тексти менен Гардизинин тексти бири-бирине толук дал келбейт1778; анонимде (14а-барак) дагы «таш мунара» эскерилет, бул Птолемейдин географиясынын (I, 12, 9 ; Кудамада1779 деп

берилген; Гардизиде бул аталыш жок) ушул жердеги бирден бир изи болуу керек. Анонимде Гардизиде1780 эскерилген Камул же Хами шаары жок. Мындан Гардизинин тексти бул жерде географиялык таанымдын кыйла кийинки стадиясын бергендиги жөнүндө жыйынтык чыгарууга болот; аноним бул жерде Ибн Хордадбекке, Гардизи Жейханиге көз каранды болушу мүмкүн. Дегинкиси, анонимдеги маалыматтар анын дооруна, ал тургай Жейханинин дооруна да тиешелүү эмес. Айрыкча, Ганьчжоу ( 13б-барак жана кийинкилери; Гардизиде да ушундай) шаарын сүрөттөө мүнөздүү: «Анын жарымын кытайлар, жарымын тибеттиктер ээлеп турушат; алардын ортосунда ар дайым согуш болуп турат; алар бутпарастар; анын (Ганьчжоунун) султаны Тибет каганына көз каранды». Мындай абал Ибн Хордадбектин же анын дарегинин, саякатчы Темим б. Бахр ал-Муттавви'инин1781 мезгилинде болушу мүмкүн; бирок бүт X кылымда Ганьчжоуда уйгур акимдиги болгон1782.

Анонимдин Индия жөнүндөгү маалыматтары да X кылымга аз тиешелүү. Мындай учурда Ибн Хордадбектин жана алгачкы араб географтарынын түпкү дареги Кмерде башкача айтканда, Камбожада1783 эки жыл жашаган сая катчы Абу Абдаллах Мухаммед б. Исхак болгон; андан ошол аймакта бузукулук кылууга катуу тыюу салынганы тууралуу аңгеме (14б-барак) алынган1784. Ошондон эле Ориссаны башкарган аял жөнүндөгү аңгеме да алынган. Ориссанын аталышы эки түрдө жолугат: деген менен бирге, Ибн Хордадбектегидей 1785 жана ханыша жөнүндөгү аңгемеде Ибн Рустедегидей1786 Ошондой эле Балхи—Истахринин чыгармасы, мисалы, Мультандагы жана (Истахриде ) шаарындагы араб башкаруучулары жөнүндөгү аңгемеде пайдаланылган. Истахринин1787 айтуусунда Мультанда хутба халифке арналып, Ибн Хаукалдыкы1788 боюнча «Аббасилерге» арналып окулчу, Фатимилер мамлекетинде жазган Ибн Хаукал аларды халифтер деп эсептеген эмес, Макдиси боюнча хутба «Фатимиге»1789 арналып окулчу. Биздин аноним (15а-барак) хутба окуу жөнүндө деп түшүнүксүз айтат, көчүрүп жазган адамдын (Фатими халиф Му'изз 953-жылдан 975-жылга чейин башкарган) дегендин ордуна жаңылыш жазып алганын божомолдоо керекпи же «Му'иззи» деген термин, балким Му'изздин уулу жана анын ордун басуучу халиф Азизге тиешелүүдүр. Ушул болсо молдордун ар бирин кабыл алуу аноним, балким оозеки маалыматтар боюнча, Ибн Хаукалдан кийин жана Макдисиге чейин Мультанда болгон шииттердин төңкөрүшү жөнүндө билген деген жыйынтыкка алып келээр эле. Мультан 1006-ж1790 газневи Махмуд жеңип алганга чейин еретиктердин колунда болгону белгилүү; XII кылымда жазган Ибн Хаукалдын эпитоматору Махмуддун чабуулун түшүндүрүш үчүн Мультан Ибн Хаукалдан кийин бир аз мезгилге кайтадан индилердин колуна өткөн деп бекер эле божомолдойт.

Орто Азия жана Кытай жөнүндөгү маалыматтарда чыгарма жазылаарга чейинки аз мезгилдеги окуяларга эч кандай көрсөтмө жок. Балким, башка кеп учурлардагыдай эле, мында да ар түрдүү даректерди пайдалануунун таасиринен бир эле жерлер ар түрдүү аталыштар менен эскерилиши мүмкүн. Пенчул шаары, кытай даректеринде Вэньсу, сыягы, азыркы Үч-Турпандын1791 ордунда болгон: муну ошол эле шаар Юйчжоу деп аталганын маалымдаган кытай кабары да көрсөтөт. Гардизиде 1792 деген аталыш бар жана деген аталыш жок; Махмуд Кашкариде1793 (XI кылымда) бар, деген аталыш жок; биздин автордо (18а-барак) да да өзүнчө аталган, анын үстүнө жөнүндө болсо башка даректерде жок бул шаар

«азыр» кыргыздарга тиешелүү деген кабар маалымдалат. Бул маалымат автордун мезгилине тиешелүү деп айтууга деле болбойт; аны IX кылымдын аягындагы жана X кылымдын1794 башындагы улуу кыргыз мамлекети мезгили не гана тиешелүү десе болот; бул Ибн Хордадбекте да, Жейханиде да болушу мүмкүн.

Көлдөр жөнүндөгү бапта халлуктар (карлуктар) өлкөсүндөгү узундугу 10 фарсах, туурасы 8 фарсах келген жана жети уруу карлуктар туз алышчу Туз Көл менен чигилдердин жана тугузгуздардын ээликтеринин аралыгындагы жээгинде Барсхан шаары бар узундугу 30, туурасы 20 фарсах келген Ысык Көл катар эскерилет. Көлдүн чоңдугун аныктоо боюнча айырмачылыктарга карабастан (Гардизиде1795 Ысык-Көлдүн узундугу кыйла чоң деп берилген — жети күндүк жол делет), Туз-Көл жөнүндөгү маалымат да Ысык-Көлгө1796 тиешелүү болушу толук ыктымал. Наллино1797 тактагандай, Ысык-Көл XII кылым дагы автор Хараки шилтеме берген Жейханиде айтылган; Жейханидеги Наллино байкабай калган цитата Якутта да бар, бирок көчүрүп жазган кайсы бир адам Ысык-Көл деген аталыштын ордуна Каспий деңизиндеги1798 Абескун гаванынын аталышын жазып койгон.

Автор өзүнө жакын мезгилдеги окуялар жөнүндө эскерген бир аз учурларда, ал окуялар мусулман дүйнөсүнүн тарыхына таандык болуп саналат. Хижранын ошол эле 372-ж. автор эмгегин жазган учурда Адуд аддауля деген ылакап аттуу буи шаханшахы Фанахусрау (биздин автордо Банахусрау) өлгөн (8шаввал 372/26 март 983-ж.)1799; биздин автор (26б-барак) жана андан кийин Макдиси1800 айткан анын белуждарды кырганы, балким, падышалык кылган мезгилинин аяк ченине1801 туура келет. Кум шаарын сүрөттөгөндө (29а-барак) Амиддин уулу, чиновник (дабйр) Бу-л-Фазл ошол шаардан экендиги айтылат. 6-сафарда 360/8-декабрда 970-ж. бейшембиге1802 караган түнү Хама данда өлгөн белгилүү буи министри АбулФазл б. Ал-Амид1803 жөнүндө сөз болуп жатат. Биздин автордун (ЗЗа-барак) Азербайжан, Армения жана Арранды сүрөттөгөн жана Берда'а шаарынын дарбазасынын жанындагы чоң кыштак Мубареки жөнүндөгү кабарлары таптакыр жалгыз турат, бул жерде «орустар Берда'аны алганда алардын лагери» болгон жана алар кийин ошол жерде курчоодо калышкан, бул, белгилүү болгондой, 332/943-44-ж.1804, башкача айт канда, ушул китеп жазылганга чейин кырк жыл мурда болгон.

Орустардын кол салуусу жөнүндө эскерүү, балким, мен башка бир жерде белгилеген1805 факт менен байланышкан, биздин анонимде Каспий боюндагы аймактар өзгөчө толук жана, балким, так баяндалып жазылган. Бул жерде ал бизге башка бир да даректе жок бир катар көп маалыматтарды берет. Бул Каспийдин түштүк-чыгыш жээгине бир аз тиешелүү; балким, башка даректерде жок Астрабадда (29б-барак) сүйлөшкөн эки тил жөнүндөгү маалымат өзүнө көңүлдү бурат. Ошентсе да автор Каспийдин чыгыш жээктерин анын батышына караганда начар билген жана ал жерлерди сүрөттөөдө так эместиктер кезигет. Экижеринде (11а жана 29б-барактар) Хиренд ( ) суусу эскерилет; бул суу Тус тоосунан агып чыгып, Устувду жана Жермуканды1806 аралап өтөт да, Гурган шаарынын1807 эки тарабынын ортосунан агып өтөт, Абескун шаарын көздөй агат жана Хазар (Каспий) деңизине куят. Мындан көрүнүп тургандай, Атректин жогорку агымы менен Гюргендин төмөнкү агымы бир дарыяга бириктирилген (Дихистан шаары жана анын айланасындагы1808 жерлер сугарылгандыгына карабастан бул Атрек дарыясы X кылымдын географ тарында эскерилбейт). Эгерде анонимдин Каспий боюндагы аймактар жөнүндөгү маалыматтары бир даректен алынса, анда бул дарек Каспий боюндагы аймактардын чыгыш бөлүгүндө эмес, батышында жазылган.

Автор географиялык жагынан көбүрөөк тааныш болгон азыркы Афган стандын аймактары толук жазылбаса да афгандарды ( 16а-барак) эл катары эскерип кеткени кызык; ушул мезгилге чейин бул этнографиялык термин кезиккен эң байыркы дарек Утбинин1809 эмгеги деп эсептелчү.

Ошол убакта Афганстандын кийин күчтүү сулалеге айланган Газнёвилер сулалесинин негиздөөчүсү, 977-ж.1810 такка отурган Себуктегин башкарган бөлүгү боюнча маалыматтар өтө аз айтылат. Сыягы, ушул жерде текст көчүрүп жазгандар тарабынан бир аз бурмаланып калган. Газна шаарынын аты бир нече жолу кадимки эле түрүндө деп берилет, бирок ошол эле шаарга мурда Индияга тиешелүү делген, кийин исламдын бийлигине өткөн жана мусулмандар менен капырлардын (22а-барак) чек арасындагы шаар болуп калган бай соода шаары Газак жөнүндө баянды ыйгаруу эч мүмкүн эмес.

5

Орус окурмандары Туманский которгон алгы сөздөн1811 автор өзүнүн милдетин кандай түшүнгөнү жөнүндө түшүнүк ала алышат. Китептин Китаб худуд ал-алам мин ал-машрик ила-л-магриб деген аталышынын «Жер жүзүнүн чыгыштан батышка кеткен чек аралар китеби»1812 же «Жер жүзүнүн чыгыштан батышка кеткен чектери»1813 деген котормолору анча түшүнүктүү эмес. Туманский мүмкүн китептин аталышы менен чыгарманын автор «эң алды ар кандай аймактын чек арасын берген» өзгөчөлүгүн байланыштырса да, котормонун экинчи варианты, сыягы, туурараак. Худуд деген сөз араб географиялык адабиятында чек ара сызыгы деген маанидеги 'чек араны' гана эмес, аймактын баары маанисиндеги аймактын 'чегин' да билгизет. Ибн Хордадбектин1814 айтымында, Птолемей дегенди де Гуе «a donne une bonne description»1815 деп которот. Биздин автор Хорасан, Мавераннахр деген эки аймакты сүрөттөгөндө худуд деген сөздү өзгөчө, анча айкын эмес мааниде колдонгон. Аймактардын өзүн сүрөттөөдөн бөлөк алардын худуду сүрөттөлөт, анын үстүнө бүт крайдын башкаруучулары Саманилер жөнүндө минтип айтьшат (19а-барак): «Бүт Хорасанда алар койгон башкаруучулар, ал эми Хорасандын чегинде ( ) падышалар бар, буларды энчи алган баш каруучулар 1816дешет. Эгерде автор муну менен Хорасан жөнүндөгү бапта түздөн-түз Саманилер башкарган аймактарды жазганын, «Хорасандын чеги» тууралуу бапта ага көз каранды акимдиктерди сүрөттөгөнүн айтмакчы болсо, анда бул айырмачылыктарды ал ырааттуу келтирбейт; энчи алган башкаруучулардын эң башкысы болгон Гузган эмиринин ээлиги «Хорасандын чегине» киргизилбестен, Хорасандын өзүнө (20б-барак) киргизилген.

Араб тилинде жазган X кылымдын географтарынын эмгектерине салыштырганда бул көлөмү чакан чыгарма жер жүзүндөгү аймактар менен падышалыктар жөнүндө «ошол мезгилге чейинки белгилүү болгон» бүт маалыматтарды, окумуштуулардын1817 китептеринен же аңгемелеринен эмнелерди билүүгө мүмкүн болсо, баарын камтууга тийиш эле. Алгы сөздө айтылган бул тaлап текстте да жер шарынын калк жашаган бөлүгүнүн физикалык-географиялык сүрөттөлүшүнөн кийин автор өзүнчө мамлекеттерди жана шаарларды баяндоого өткөндө, «дүйнөнүн бардык абалын кудайдан башка эч ким биле албайт» (13б-барак) деген кошумча менен кайталанып айтылат. Кээ бир жерлерде келтирилген маалыматтардын толук экендиги ушундай эле ишенимдүүлүктө айтылат. Тузсуз көлдөр (4а-барак) жөнүндөгү бап тын акырында мындай деп айтылат: «Бул көлдөр белгилүү көлдөр, бул көлдөр жөнүндө маалыматтар китептерде айтылат; булардан башка дагы бир топ чакан көлдөр бар, алардын бири Гузгандын тоолорундагы Манишанда, Бистерабга1818 жакын; анын узундугу бир, туурасы жарым фарсах. Ушундай эле көлдөр Тустун тоолорунда жана Табарстандын тоолорунда бар; бирок булар белгисиз көлдөр жана байыркы да эмес; азыр деле алар кургап, суусу соолуп калган учурлары болот, ошондуктан биз аларды эскерген жокпуз». Андан ары ушундай эле кошумча саздар (батйхаха) жөнүндө айтканда да келтирилген. Аралдар жөнүндөгү бап төмөнкүдөй сөздөр менен аяктайт (5б-барак): «Биз эскерип өткөндөн башка белгилүү жана калк жашаган башка арал жок; бул деңиздердин, булуңдардын жана аралдардын бардыгын алар кандай болсо ошондой кылып (картага)1819 түшүрдүк жана алар кайсы жерде болсо ошол жерде турат». Чөлдөр тууралуу баптын аягында (13а-барак) мындай делет: «Мусулман дүйнөсүнүн чегиндеги чоң жана белгилүү чөлдөр жана кумдар — биз эскерип кеткендер; түрктөрдөн (аймагынан) башка капырлар аймагындагылар да биз эскерип өткөндөр жана кудай баарынан жакшы билет жана андан жардам болот». Башкача айтканда, автор түрктөр өлкөсүндөгү чөлдөр менен кумдардын (ал жерде алар бардыгынан көп) баары толук саналбай калышы да мүмкүн экендигин айтат; башка учурларда талаалар жана кумдар жөнүндөгү ал келтирилген маалыматтар ага шексиз толук болуп сезилет.

Толук айтууга аракеттенүүгө так сан менен берүү аракети байланыштуу; автор деңиздердин, туздуу жана тузсуз көлдөрдүн, аралдардын жана башка ушул сыяктууларды, ошондой эле жер жүзүнүн калк жашаган бөлүгү бөлүнгөн аймактардын санын так аныктоого аракеттенет. Бизге келип жеткен араб географиялык адабиятынын эстеликтери боюнча карап көрсөк, өзүнүн географиялык жалпылоолорунда жана терминологиясында автор бир топ даражада өз алдынча. Жети деңиз жөнүндөгү биздин анонимде көрсөтүлгөндөй түшүнүк (Чыгыш океан, Батыш океан, Инд океаны, Жер Ортолук деңиз, Каспий деңизи, Кара деңиз, Арал деңизи, 2б-барак жана кийинкилер) сыягы, башка эч жерде жок. Автор «Жашыл деңиз» же арабча терминин ) Чыгыш океанга, «Улуу деңиз ) терминин Инди океанына таандык кылат; Мухаммед б. Муса Хорезмиде1820 Инди океанына эки термин (Улуу деңиз— ) тең таандык. Мухаммед б. Муса Хорезмиде Каспий1821 деңизи Хорезм деңизи деп айтылат жана араб географтарынын ушул баштапкы терминология менен, балким, орусча «Хвалимское» же «Хвалынское» море1822 деген аталыштын келип чыгышы түшүндүрүлөт. Кара деңиз «грузин деңизи» деп айтылат, бул термин, сыягы, биздин эле автордо кезигет. Грузиндер Кара деңиздин айлана сында жашаган элдердин ичинде, ал тургай Туманскийдин кол жазмасында да эскерилбейт; башка бир жерде Византияны сүрөттөөдө Кара деңизи деп аталат (17а-барак), айрым мусулман даректеринде Крымдагы Керч шаары да ушундай жазылат; ушундан улам Вестбергдин1823 биздин автор Азов деңизин (Фракия менен чектеш деп айтканына караганда чындыгында сөз Кара деңиз жөнүндө болуп жатат) «Керч деңизи» деп атаган деген болсо молу келип чыккан. Вестберг башка бир жерде Керч деген аталышты Моисей Хоренскийдин географиясы боюнча болгарлар өлкөсү менен кара деңиз аралыгында жашаган кайсы бир гарше (Garschen)1824 деген элдин аталышы менен түшүндүрүүгө аракет кылса да, деген вариант бул болсо молдун пайдасына чечпейт.

Автордун маданий дүйнөнүн дүйнө бөлүктөрүнө жана өзүнчө аймактарга бөлүнүшү тууралуу түшүнүгү да, кыязы, өзгөчөлөнүп турат. Бардык эле араб географтары сыяктуу ал дүйнө жүзүн Асия, Европа жана Ливия деп үчкө бөлүүнү кабыл алат. Албетте, чоңдугу боюнча Асия биринчи орунда турат жана (13а-барак) деген термин Птолемейдеги (V жана VII китептердин баш жагы, ошондой эле VIII, 3) деген терминге дал келет. Автордун пикири боюнча Асия жер жүзүндөгү калк жашаган жердин ⅔ бөлүгүн, Европа ¼, жана Ливия 1/12 бөлүгүн ээлеген. Асиянын аймагы дүйнө жүзүнүн башка бөлүктөрүн чогуусу менен алганда алардан эки эсе чоң деген түшүнүк башка араб авторлорунда, мисалы, Бируниде1825 кезигет (Ибн Хордадбек1826 болсо Асияны таптакыр билбейт жана дүйнөнү Европа, Ливия, Эфиопия жана Скифия деп төрткө бөлгөнүн белгилөөгө болот), Европа Африкадан үч эсе чоң экендиги тууралуу түшүнүктү кандайдыр бир автордон таба аларыбызды кудай билет. Гректерден алынган жер жүзүнүн бөлүктөргө бөлүнүшүнө автор башка мусулман географтары сыяктуу эле анча деле маани бербейт жана кээ бир аймактарга мүнөздөмө бергенде да алар Азияда же жер жүзүнүн башка бөлүктөрүндө жайгашкандыгы тууралуу маселеге кайрылбайт. Биздин анонимдин аныктоосу боюнча бардык аймактар —51: бешөө түштүк жарым шарда, бирөө так экватордун өзүндө (Судан) жана 45и түндүк жарым шарда. Аймактардын саны Хорезмиде көрсөтүлгөн санга (56) кыйла жакындайт, бирок аймактардын аталыштары Хорезмиде1827 такыр башкача, анын үстүнө алардын көпчүлүгү Птолемейден алынган, булар биздин анонимде жок. Экватордун түштүк жагында жайгашкан аймактар адаттагыдай эле чыгыштан батышты көздөй катары менен айтылат, анын үстүнө биринчи эле айтылат (башка эки жерде, 2бжана 39а-барак жана араб географтарында )); андан ары Зенгистан (зенжилер же негрлер өлкөсү, мындан азыркы Занзибар келип чыккан), Хабаша (Абиссиния), Божа өлкөсү (же Бежа азыр да бар жана бир нече бутакка бөлүнгөн хамит уруусундагы эл)1828 жана Нубия. Экватордун (39а-барак) түштүгүндөгү өлкөлөрдү сүрөттөөдө тартип бир аз башка: Зенгистан, Забаж, Хабаша, Божа жана Нубия. Забаж өлкөсүн автор Зенгистан сыяктуу деңиздин түштүк тарабына жайгаштырат (39а-барак). Араб географтарында да бул аталыш так колдонулбайт, кээде жана 1829аталыштары аралаштырылып айтылат; кандай болсо да Забаж термини дайыма Малайя жээгине же архипелагына таандык1830. аралынан башка (Инди океанындагы аралдар жөнүндөгү маалыматтар Ибн Хордадбектен алынган), сыягы, Ибн Хордадбектин1831 «индилик Жаба падышалыгына» туура келген «материктеги Жаба» 6б-барак) эскерилет. Балхинин бир аз таасири билинип турат; анткени менен зенжилер өлкөсү Истахридегидей1832 эле Фарс менен Кермандын каршысына (арийне, Африканын жээги чыгышты көздөй, өзүнүн чыныгы абалынан алда канча ары созулуп жатат деп божомолдонгон болот) жайгаштырылган. Бирок, автор чыгармасынын бул бөлүгүн жазганда, кыязы, бизге чейин жетпеген даректерди пайдаланган; Абиссиния да деңиз жээгиндеги падыша туруучу Расун, аскерлердин Севар жана аскер башчысы жашаган Рин шаарлары эскерилет. Башка авторлордон такыр эле бөлөк аталыштарды кезиктиребиз1833. Божа жана Нубия өлкөлөрүн сүрөттөөлөр кол жазманын -барактарынын бүлүнүшүнөн кыйла зыян тарткан.

Экватордун түндүк тарабында жайгашкан 45 аймакты жалпы санап чыгуу да (13а-барак) саноо тартиби аларды сүрөттөө тартибинен бир топ башка. Жалпы саноо боюнча бул 45 өлкө төмөнкүлөр:

1) Кытай, 2) Тибет, 3) Индия, 4) Судан, 5) Хорасан, 6) анын чеги, 7) Мавераннахр, 8) анын чеги1834, 9) Керман, 10) Фарс, 11) Керескух чөлү, 12) Дейлеман (бул аталышка Каспий деңизинин бүт түштүк жээги бириктирилген), 13) Хузистан, 14) Жи-бал, 15) Ирак, 16) Аравия, 17) Жезира (Месопотамиянын түндүк бөлүгү), 18) Азербайжан (арийне Арран жана Армения менен чогуу), 19) Сирия, 20) Египет, 21) Магриб, 22) Испания, 23) Рум (Византия), 24) серирлер, 25) аландар, 26) хазарлар, 27) славяндар, 28) Хазар печенегдери, 29) мирваттар, 30) ички болгарлар, 31) орустар, 32) мадьярлар, 33) нендерлер (сүрөттөөдө, 38б-барак, венендерлер), 34) түрк печенегдери, 35) берадастар, 36) буртастар1835, 37) кыпчактар, 38) гуздар, 39) кимактар, 40) чигилдер, 41) тухсилер, 42) халлуктар (карлуктар), 43) ягмалар, 44) тугузгуздар, 45) кыргыздар. Баптардын жайгашуу тартиби Туманский басып чыгарган мазмун дан көрүнүп турат1836; жалпы кириш сөзүнө караганда, баптарда аймактардын чыгыштан батышка карата жазылыш принциби кыйла тыканыраак сакталган. Бирок толук ырааттуулук бул жерде да сакталган эмес; мисалы, текстте Индиядан чыгыш жакта Кытай менен Тибет, Тибеттен чыгышта Кытай эле бар деп айтылса да, Индия жөнүндө Тибеттен мурда айтылат. Тибеттен кийин түрк элдеринин аймактары сүрөттөлөт; тибеттиктердин батыштагы коңшусу тугузгуздар, тугузгуздардан батыш жакта ягма1837 эли айтылат; ушундан кийин автор түндүккө өтөт жана анын пикири боюнча чыгышта Кытайга жана Чыгыш океанга (океан жөнүндө Истахри да айтат)1838 чейин жашашкан кыргыздар жөнүндө айтат, кайра түштүккө өтөт да, аймагы чыгышта Тибет менен чектешкен жана ягмалар менен тугузгуздардын чегине чейин жеткен халлуктарды (карлуктарды) сүрөттөйт, андан ары халлуктардан бөлүнүп кет кен, аймагынын чыгыш жана түштүк жактары халлуктардын чегине канат таш жаткан чигилдер жана алардын батыштагы коңшулары—тухсилер1839 айтылат. Кайра түндүккө өтүп, автор кыргыздардан батыш тараптагы жана Иртыштан түндүк жактагы кимактар жөнүндө жана гуздар тууралуу баяндайт. Гуздар жөнүндөгү үзүндүдө алардын аймагынан чыгыш жана түштүк тарапта гуздардын чөлү1840 жана Мавераннахрдын шаарлары бар экендиги айтылат; жогор жакта кимактар жөнүндөгү үзүндүдө алардын гуздар1841 менен тынч тык алакалары жана согуштук кагылышуулары тууралуу айтылса да, кимактар бул жерлерде эскерилбейт. Андан кийин гуздардан батышта жашаган түрк печенегдери жана түштүк жагынан печенегдер, ал эми бүт башка тарап тарынан түндүктөгү чөл менен чектешкен кыпчактар айтылат; бирок ушул эле жерде кыпчактар кимактардан бөлүнүп кеткен деп айтылган, мындан кыпчактардын чыгыштагы коңшусу кимактар болгон деген жыйынтык чыгарууга болот. Кыпчактардан кийин араб географтарынын аныктоосу боюнча бир гана «түрк» эли—мадъярлар экерилет. Алар менен кыпчактардын чек аралары жөнүндө эч нерсе айтылбайт; мадьярлар өлкөсүнөн чыгышта — тоолор, түштүктө—венендер деген христиан эл, батышта жана түндүктө — орустардын аймагы жайгашкан. Текст Ибн Рустеге1842 (мисалы, 20000 атчан жөнүндөгү эскерүү) жана Гардизиге1843 (мындан башка дагы мадъярлар өлкөсүнүн кеңирилиги тууралуу эскерүү, Гардизиде анын узун туурасы 100 фарсахтан делет, биздин анонимде болсо узундугу 150 жана туурасы 100 фарсах деп айтылат) бир аз окшошуп турат. Кыязы, бул үч текст тең бир даректен (балким Ибн Хордадбектен) чыккандай, анын үстүнө ал дарек Гардизиде баарынан толугураак берилген.

Мадъярлар жөнүндө жана алардын коңшулары менен болгон күрөшүн эскерүү менен, автор бардык түрктөрдү айтып бүттүм деп ойлойт: «Эми мен исламдын бүт аймактарын санап өтөмүн жана андан кийин каапырлардын батыштагы башка аймактарын ирети менен айтамын». Ушул оюна карабастан, мусулман аймактарын жазгандан кийин деле автор мадъярлардан кыйла чыгыш тарапта жашаган элдерге кайра кайрылат.

6

Мусулман дүйнөсүн сүрөттөө аймактарды сүрөттөөнүн көп бөлүгүн түзүп, ага 26 -барактын 17 Уг барагы арналган; ушундай болсо да араб географтарына караганда мусулман эмес дүйнөгө бир топ көп орун берилгендиги көрүнүп турат. Мусулман аймактарын сүрөттөөдө да чыгыштан батышка багытталган жалпы тартип түштүктөн түндүккө өтүү менен көп учурда бузулат. Хорасан жана ага чектеш аймактардан, буларга Сеистан жана Хильменд боюнча аймактар киргизилет, автор түндүккө—Мавераннахрга жана аны менен чектеш аймактарга өтөт. Керескух чөлү жөнүндө, башкача айтканда, Балхи— Истахринин1844 «хорасан чөлү» жөнүндө өзүнчө бап жок. Андан ары түштүк аймактар сүрөттөлөт: Синд, Керман, Фарс, Хузистан. Хузистандан кайта түндүккө Жибал менен Дейлеманга (Дейлем дегендин көптүк түрү) өтөт. Дейлеманга же Дейлемге Кумиш (араб географтарында Кумис) аймагы Бистам, Дамгам жана Семнан менен кошо Каспийдин түштүк жана түштүк-чыгыш жээктериндеги бардык аймактар киргизилет. Рей Хувар менен кошо жана Казвин Балхи—Истахридегидей1845 Дейлемге эмес, Жибалга таандыкталат. Рей «Жибал падышасы турган жай» (29а-барак) деп айтылат. Мына ушундан кийин гана Хузистандан батыш тарапта жайгашкан Ирак сыпатталат; ушул сүрөттөөдөн кийин кайтадан түндүк аймактар Жезира, Азербайжан, Армения жана Арран айтылат. Кийинки үч аймакты сүрөттөө Балхи—Истахридегидей бир бапка бириктирилген, тартип кана: Армения, Арран, Азербайжан1846; биз дин автор Арранды Армениядан мурда коерун күткөн элек. Мусулман дүйнөсүнүн башка аймактары—Аравия, Сирия, Египет, Магриб жана Андалус.

Мусулман дүйнөсүнүн башка бөлүктөрүнө караганда Хорасан, Маве раннахр жана алар менен чектеш аймактар толук сүрөттөлгөн, себеби автордо ушул аймактар боюнча толук маалыматтар болгон; бирок анда батыш аймактардын эсебинен чыгыштагылардын пайдасын көздөөгө умтулуу ниети жок жана мусулман дүйнөсүндөгү кандайдыр бир жагдайда абдан өзгөчө деп эсептелген аймактар менен шаарлардын ичинде чыгыштагы аймактар да, шаарлар да жок. Хорасан дүйнөдөгү калк жашаган жерлердин ортосуна жакын жайгаштырылган (19а-барак); бирок Ирак болсо дегеле дүйнө жүзүнүн ортосуна жакын. Ушул эле Ирак мусулман дүйнөсүндөгү эң маданияттуу1847 аймак болгон, дүйнөдөгү абдан маданияттуу шаар — Багдад, Ирактагы абдан жетишкендиктин, жыргалчылыктын шаары — Васит (31а-барак). Исламдагы абдан жетишкендиктин, жыргалчылыктын аймактары Азербайжан, Армения жана Арран болгон (32б-барак). Бул пикир ошол эле Каспий боюндагы аймактар жөнүндөгү маалыматтар алынган даректерден алынышы толук ыктымал. Дүйнөдөгү эң асыл шаар—Меке, пайгамбар туулган жер жана кудайдын үйү. Мекени Адам курган; курулушту Авраам аяктаган; Адамдын мезгилинен бери кудай бул үйдү жактырып калган (Ка'бу, ЗЗб-барак). Топон суудан кийин курулган биринчи шаар — Йемендеги Сан'а (34а-барак). Оман1848 аймагынын башкы шаары Сохар (шаардын аталышы эмнегедир аймактын аталышы менен алмаштырылган) — бүт дүйнөдөгү товарлар жыйналуучу жай; дүйнөдө мындан бай көпөстөрү бар мындан башка шаар жок; чыгыштын, батыштын, түштүктүн жана түндүктүн товарлары ушул шаарга алып келинет жана бул жерден ар түрдүү жактарга алып кетилет. Хузистанда ага коңшу бүт башка аймактарга салыштырганда жетиштүүлүк1849 жогору турат (28б-барак). Египет—мусулман дүйнөсүндөгү эң бай аймак; Фустат (Каир) — дүйнөдөгү эң бай шаар (35а-барак). Египет пирамидаларын топон сууга чейин эле Гермес курган. Эки чоң пирамиданын ар биринин узуну, туурасы жана бийиктиги 400 ушул жерин Ибн Хордадбектин1850 тексти менен салыштыруудан персче менен арабча берилгени көрүнөт. Автор кээде анын дарегинде, Балхи — Истахриде мусулмандар дүйнөсүндөгү өзгөчө мааниси тууралуу гана айтылган курулуштун бүт дүйнөлүк өзгөчө мааниси тууралуу айтат. Ал жерде Эдесстеги ( ,32а-барак) христиан чиркөөсү жөнүндө жана Евфраттагы (34б-барак) чоң көпүрө жөнүндө сөз болгон жердеги деген сөздөргө Истахридеги1851 деген сөздөр туура келет.

Бардык учурда тигил же бул жерден кандай товарлар алып чыгылат жана кайсы жерлер соода үчүн өзгөчө мааниге ээ экендиги тыкандык менен белгиленет. Товарлар жөнүндө маалыматтар биздин араб географиялык адабияты нан мусулман дүйнөсүндө өнөр жайдын ар түрдүү тармактары жөнүндө бил генибизди көп жагынан толуктагандыгы шексиз. Бул маалыматтар өзгөчө изилдөөнүн предмети болушу мүмкүн эле, анын үстүнө изилдөөчү өзү кызык кан терминдин так котормосун сөздүктөрдөн ар дайым эле таба албайт.

«Көпөстөрдүн орду» кээде мунун ордуна

ал жерде «көпөстөр көп» * деп айтылат) деген сөздөр көп кезигет; ушинтип бүтүндөй бир аймактар, ошонун ичинде Мавераннахр (22б-барак), жана өзүнчө шаарлар аталат; Сирия жөнүндө Магрибден, Египеттен, Византиядан жана Испаниядан алып келингендердин бардыгы ошол жакка жеткирилип турат (34б-барак) деп айтылганы менен, көпөстөр тууралуу Месопотамия, Сирия, Египет жана Испания жөнүндөгү баптарда гана эскерилбейт. Кээ бир жерлер менен шаарлар жөнүндө тигил же бул өлкөлөргө ачылган дарбаза же тигил же бул өлкөнүн товарлары турчу жая жана деп айтылган. Шаардын же жерлердин тигил же бул жолдун боюна жайланышы чыгыш аймактары жөнүндөгү баптарда гана айтылат; мисалы, Мекеге зыяратка баруучу жолдордун ичинен авторду хорасандык зыярат кылуучулардын жолу гана кызыктырат1852 (29а-барак).

Самаркан (23а-барак) ошондой эле Исфижаб (24б-барак; бул жерде деген сөздүн ордуна деген сөз колдонулган) жана Гургендин чатындагы Каспий деңизиндеги Абескун гаваны (29б-барак) бүт дүйнөдөгү көпөстөрдүн орду болгон. Бүт Мавераннахр (22б-барак), Хорасан (29а-барак) жана Фергана өзүнчө (23б-барак) жана Хорезмдеги Гурганж шаары (23б-барак) «Түркстанга ачылган дарбазалар» деп эсептелчү. Хорезмдин негизги шаары Кят «түрк ( дегендин ордуна деп окуңуз) - гуздарга дарбаза жана түрктөрдүн, Түркстандын, Мавераннахрдын жана хазарлардын товарларынын орду болучу». Исфижаб аймагына «бүт Түркстандан алып келингендердин бардыгы жетчү» (24б-барак); Сабран же Сауран (бул жерде ) шаары «гуз көпөстөрүнүн жайы» болучу (ошондо эле). Керминенин, Дабусиянын, Ребинжандын Самарканга (226—23а-барактар) барчу (Бухарадан) жолдогу абалы белгиленет. Чаганиандагы чакан Басенд1853 шаары «Бухарадан Самарканга барчу жолдо» жайгашкан (23а-барак). Чаганиан аймагы «байлыгы көп болсо да кедейлердин жери болучу»; Чаганиан шаарынын тургундары да кедей болгон (ошондо эле). Гиндикуш тоосундагы (21б-барак) чоң эмес Секлекенд же Искелкенд1854 шаары жана азыркыдай эле аталган Заравшан тоосу (23б-барак) дагы «кедейлердин жайы» болгон. «Негизги жол» (шахрах) же «негизги кербен жолу» деген айтылыш Мерверрудlан Фарьяб жана Шапуркан (же Ушпуркан, 21а-барак) аркылуу Балхка барчу жолго гана колдонулат, Бухара тарыхында Нершахи1855 Бухара менен Самаркандын ортосундагы жолго колдонгондой. Бирок Балхтын товарларынын орду Гузганандын эскерилген жолдон четте жайгашкан негизги шаары болгон Анбир (же Анбар, ошондо эле) болгон. Индиянын товарларынын орду Балх (ошондо эле) жанa Ламган, башкача айтканда Лагман (16а-барак) болгон; Хильменддеги Буст (22а -барак) жана Гиндикуштун этегиндеги (22б-барак) Перван Индияга дарбаза делип эсептелген. Пянжхирдин жана Жерьябанын кендеринен Гиндикуштун этегиндеги Андерабга кумуш ташылып келүүчү жана ал жерде андан дирхемдер чыгарылчу (21б-барак). Вахандын чек арасында «Тибетке дарбаза» деп аталган кыштак бар; бул жерде мусулмандардын бажыканасы жана күзет каароолу бар (25б-барак). Вахандын бир нече шаарлары саналып өтүлөт; Мавераннахрдын чегиндеги эң акыркы жер Самаркандек («кичине Самаркан») деген чоң кыштак болгон, мында индиялыктар, тибеттиктер, вахандыктар жана мусулмандар жашашкан (ошондо эле); ушул жерде араб географтарында айтылбаган Болор (Капырстан, ) жөнүндө жазылган.

Синд бай эмес аймак болгон, бирок ал жакта көпөстөр көп болгон; бир нече шаарларда деңиз соодасы жүргүзүлүп турган (26а-барак).

Хорасандан Бехменабад жана Мезинан аркылуу Рейге барчу жол жана Жажерм аркылуу Гурганга барчу жол эскерилет; Жажерм Гургандын товарларынын орду болгон (19б-барак). Каспий боюндагы аймактардагы бир нече соода жана өнөр жай шаарлары эскерилет; тоолуу Карен1856 аймагындагы башкы шаар—Пиримди (же Фиримди) сүрөттөгөнү кызык: «Ал жакта мусулмандар турушат, алардын көпчүлүгү чет элдиктер — кол өнөрчүлөр менен соодагерлер, себеби бул аймактын калкын жоокерлер менен дыйкандар гана түзөт» (ЗОа-б-барактар). Каспий жээгиндеги аймактарды толук жана так сүрөттөөдө көзгө урунган түшүнүксүз жана таң каларлык нерсе Курандын (XVIII, 78) ар бир кемени күч менен тартып алып турган бийлик ээси жөнүндөгү сөздөрү Азербайжандагы континенттик Ахар шаарына (32б—ЗЗа-барактар) тиешелүү деп берилгени. Уламыш, Истахридегидей1857 эле Жуланилер сулалесине таандык, анын үстүнө Истахри бул сулаленин Оманды1858 башкарган негизги бутагын эмес, Керман менен чектешкен Фарс жээгиндеги чөлкөмдү ээлеген «Омари тукумун» айтат. Бул чөлкөм биздин автордо да (27б-барак) эскерилет, дагы ал жакта «балыкчылар үчүн орун жана көпөстөр токтоочу жай бар» экендиги айтылат. Эмне үчүн Жуланилер жөнүндө сөз жана Курандагы уламыш ушул жерден аларга эч бир тиешеси жок башка жерге таандыкталганы түшүнүксүз. Башка анык жана түшүнүксүз ката Ирак жөнүндөгү баптын аяк жагында бар, анда Самарранын жанындагы Карх жана Дур (текстте делип ката жазылган) деген чакан шаарларды Му'тасим салдырып, курулуштарды Мамун куруп бүткөн деп айтылган.

Товарлар топтолуучу жай Керманда Хормуз (26б-барак), Фарста Сираф жана Махирубан1859 (же Махрубан, 27б-барак), Хузистанда Сус (28б-барак, мында жана башка жерлерде Шуш) болгон, башкача айтканда, мындай маани Керман менен Фарста деңиз жээгиндеги, Хузистанда континенттеги шаарларга ыйгарылган. Иемен тууралуу Истахриге караганда кыйла толук жазылган (34а -барак); биздин автордун айтымында, Сан'адан кийин экинчи орунда турган деңиз жээгиндеги Зебид шаары Истахриде таптакыр эле эскерилбейт1860.

Калк жашаган жер жүзүнүн батыштагы акыркы шаары «эң четки Сус» ( З6б-барак) болгон. Ал жакта алтын чексиз көп болгон; кишилер кулк-мүнөзү боюнча адамдарга азыраак окшойт; чет өлкөлүктөр ал жакка сейрек келишкен; берберлердин аймагынан баарынан көп илбирстерди (же кабыландарды, ) алып кетишчү, берберлер аларга аңчылык кылышкан жана алардын терилерин мусулмандардын шаарларына алып барып сатышкан.

7

Автор Испаниядан кайта мусулман эмес аймактарга, эң алды менен Византияга өтөт, ал жөнүндөгү маалыматтар негизинен Ибн Хордадбектен алынган. «Румда (Византияда) байыркы шаарлар бар; мурда шаарлар кеп болгон, азыр болсо аз» деп белгиленгени кызык (37а-барак). Бир катар жаңылыштыктар бир чети араб текстин берүүдөгү көңүл коштугу менен, экинчи жагы автор адатынча ар түрдүү даректерден алган маалыматтарды ажыратып талдай албагандыгы менен түшүндүрүлөт. Ибн Хордадбекте1861 Фракия «Константинополдун ары жагында буржандар (дунай болгарлары) тарабында» болгон. Биздин автордо башкача айтканда, делип, буржандардын шаары аталат. Румдан түндүк-батышка автор болгарларды булар азыр эле өзү атап кеткен буржандар экенин абайлабай, жайгаштырып койгон. Византия императоруна1862 салык төлөп турушкан «христиан динин кабыл алган славяндар» болгарлардан белек аталат, бирок өзүнчө айтылбайт. Рум өлкөсү Батыш океанга чейин созулат да, бул жерде түштүк тарабынан Испания менен чектешет. Франктар жана франктар менен Испаниянын аралыгында жашашкан элдер жөнүндө Истахриге1863 караганда азыраак айтылат. Рум франктар өлкөсүнө кошулган. Биз көргөндөй Рум менен Испаниянын товарларынын орду катары Британия жөнүндөгү кабар өзүнчө жалгыз турат. Жогоруда да гректер жана Афины жөнүндөгү Балхи — Истахринин1864 сөздөрү бурмаланып берилгени белгиленген.

Андан кийин славяндар жана орустар (376—38б-барактар) жөнүндөгү Туманский басып чыгарган баптардын тексти орун алган; бул баптар, белгилүү болгондой, жаңылык берип деле жарытпайт. Туманскийдин1865 натыйжасыз коньектурасынан «алардын (орустардын) урууларынын биринде мирваттар бар» деген текстте жок маалымат жаралган. Орустар жөнүндө бап ар кайсы мезгилге таандык маалыматтардын бир бүтүнгө бириктирилип берилгенинин мүнөздүү мисалы; кыязы, Ибн Хордадбектеги бирдиктүү орус кагандыгы жөнүндөгү аңгеме жана, сыягы, Ибн Фадданга таандык өз алдынча үч орус шаары жөнүндөгү аңгеме бир бүтүнгө бириктирилген. Автордун өз эркинче айкалыштыруусунун натыйжасы деп, кыязы, үч шаардын тең бир эле Рус дарыясынын боюнда жайгашканы тууралуу маалыматты эсептөө керек, Рус дарыясы деп Туманский болжолдогондой1866, Волганын Кама куйган жерге чейинки агымын эмес, Донду1867 эсептөө керек. Орустардан кийин Маркварт1868 дунайлык, Вестберг1869«Убактылуу жылдардын повесттериндеги» жана Константин Багрянородныйдагы Дондогу жана Азов деңизиндеги кара болгарлар деп билген «ички болгарлар» айтылат. Бизге келип жеткен толук эмес, үзүндү материалдарга негизделген мындай божомолду сындоонун зарылчылыгы деле жок, анын үстүнө компилятор ар түрдүү мезгилге тиешелүү кабарларды бир көрүнүшкө бириктирген жана өзүнүн маалыматтарынын жардылыгына карабастан өлкөлөрдүн жана шаарлардын географиялык абалын элестетил ген тактыкта көрсөтөт. Бул жагынан алганда, биздин автордун системасын да, сыягы, карама-каршылык деле жок, бирок бул система качандыр бир убакта да чындыкка туура келбесе керек.

Кавказда мусулмандардын ээлеген жерлери менен, биздин автор боюнча (38а-барак) Армения, чындыгында Дербент жана Дагстандын1870 түштүк бөлүгү менен батышында Византия менен жанаша жаткан серирлердин (авар) аймагы чектешкен. Серирлерден түндүктү жана батышты көздөй аландар жашаш кан, булардын аймагы мусулмандар ээлеген жерлер менен эмес, Византия менен гана чектешкен; аландардын аймагы түндүк жагынан Кара деңизге (же Азов) жана Хазар печенегдеринин ээликтерине чейин жеткен. Аландардын түндүк жагындагы коңшулары Хазар печенегдери Кара деңиздин түштүк тарабында эмес, чыгыш тарабында жашашкан; алардын аймагынын чыгыш чек арасын «Хазар тоолору», башкача айтканда, автордун пикири боюнча Хазар аймагынын батыш чек арасы болгон тоолор түзгөн; анын түшүнүгү боюнча (8а-барак) тоолор Каспий деңизинен батышты көздөй серирлер менен хазарлардын ээликтеринин ортосу аркылуу аландардын чегине чейин барат, андан кийин түндүктү көздөй багыт алып, хазарлардын ээлигинин аягына чейин жетет, андан кийин славяндардын чегине жеткенге чейин Хазар печенегдеринин, ички болгарлардын жана орустардын (текст бул жерде толук оңдолгон эмес) аймактары аркылуу өтөт, андан ары түндүктү көздөй славяндардын аймагын аралап, славян шаары Хурдабдын1871 жанынан кыйгап өтүп, славян аймагы бүткөн жерге чейин жетет. Тоолордон (сыягы, ошол эле тоолор) батышты карай, Кара деңизден түндүктү көздөй жана Хазар печенегдеринин түндүк-батыш тарабында мирваттар жашашкан (алар үчүн Хазар печенегдеринин бир бөлүгү чыгыш, экинчи бир бөлүгү түштүк коңшулары болгон); Кара деңиз алардын аймагына батыш жагынан да чек тешкен. Мирваттардан түндүк-батышты көздөй жана дагы Кара деңиздин түндүк тарабында ички болгарлар жашашкан, алардын аймагы түндүгүндө «орус тоолоруна» чейин жеткен. Кара деңиздин түндүк жээгиндеги батышты көздөй кеткен четки аймак славяндардын түштүгүнөн Византия менен да чек тешкен аймагы болгон. Ички болгарлардан тышкары орустар да славяндардын чыгыштагы коңшусу болушкан; славяндардын аймагына түндүгүнөн да, түштүгүнөн да, «түндүктүн калк жашабаган чөлдөрү» чектешкен. Орустардын түштүгүндө Дунайга чейин жеткен, славяндардын башкы шаары Хурдаб жайгашкан аймагы түндүгүндө ошол эле ээн чөлдөр менен чектешкен.

Экинчи жагынан, түндүк-чыгышынан (автор түндүк жөнүндө гана айтат; хазарлар өлкөсүнүн батышында «тоолор» болгон) серирлердин аймагы хазарлардын аймагы менен чектешкен; анын чыгыш чек арасын «тоолор менен деңиздин ортосундагы дубал, деңиз жана Итил дарыясынын бөлүгү» түзгөн (38б-барак). Хазар аймактарына Тулас менен Лугар киргизилген, бирок алардын жайгашкан орду көрсөтүлгөн эмес; Ибн Русте1872 боюнча хазарлар өлкөсүнүн четжакаларынын биринде Тифлиске чейин созулуп жаткан бийик тоолордун этегинде жашаган элдер ушундай аталган. Маркварт1873 Ибн Рустенин туластары Туманскийдин кол жазмасындагы жана Гардизидеги нендерлерге (же венендерлерге), ал эми лугарлар — мирваттарга туура келет деп далилдөөгө аракеттенет, анын үстүнө деген сөз бурмаланган же (мүчө менен) сөзү, башкача айтканда, мында абхаздар жөнүндө сөз болуп жатат1874. Ошол эле учурда, ал Туманскийдин аноними жана Гардизи пайдаланган жалпы даректе бул элдер жөнүндөгү маалыматтар чаташтырылып берилген жана сүрөттөлүшү боюнча аландарга туура келген нендерлер абхаздардын аты менен аталып калган. деген (аралык түрү болгон деп болжолдолот) сөзүнөн, деген сөзүнөн келип чыккан. Албетте, булардын бардыгы талаш маселе жана Туманскийдин кол жазмасын да туластар менен лугарлар мирваттар менен нендерлерден бөлөк эскерилгендиги белгилүү болгондон кийин ого бетер чындыкка жакындабай калат.

Хазарлардан түндүктү карай Волганын батыш тарабында берадастар, берадастардан батыш тарапта венендерлер жашаган. Волганын чыгыш тарабында буртастар, буртастар менен берадастардан түндүктү карай мадьярлар жашашкан. Буга Гардизинин1875 нендерлерди (венендерлерди) мадъярлардан Дунай бөлүп турат жана өзүлөрүнүн жээгинен (сыягы, түндүк жээги) мадъярлар нендерлерди көрүшчү деген сөзүн кошумчалоого болот. Дарыянын жээгинде тоо болгон; тоонун капталынан суу агып түшөт; тоонун аркы жагында мардаттар (мирваттар) жашашат; алардын аймагы менен нендерлердин аймагынын аралыгы 10 күндүк жол. Буртастардын түштүк-чыгыш жактагы коңшулары орто азиялык гуздар болгон. Болгарлар жөнүндө бол со алардын Итилде жашагандыгы гана айтылган, бирок алардын коңшулары кимдер экендиги жөнүндө сөз болбойт.

Печенегдер жана өзүлөрүн түркпүз деп эсептеген башка элдер, ошонун ичинде мадъярлар жөнүндө, биз көргөндөй, башка жерде айтылат. Дүйнө жүзүнүн калк жашаган түндүктөгү чети чыгышта кыргыздардын аймагынан башталат; кыргыздардын батыштагы коңшусу кимактар, кимактардын коңшусу кыпчактар (18б-барак) болгон, бирок ушул эле жерде (19б-барак) кыпчактардын печенегдер менен чектешкен түштүк тарабынан башка тараптары түндүктүн калкы жок ээн чөлү менен чектешкени айтылат. Печенегдер жөнүндө алардын чыгыштагы коңшусу гуздар, түштүктө буртастар менен берадастар, батышта мадьярлар менен орустар деп айтылат; же дарыясы (19а-барак)1876 жөнүндө айтылганды ага таандык деп эсептесек, анда алардын аймагынын түндүктөгү чегин Дунай түзөт. Мындан көрүнүп тургандай, печенегдерди алыс түндүккө алар эч качан болбогон Волганын ортоңку агымына жаңылыш жайгаштыруудан башка дагы, печенегдердин мурдагы жана жаңы мекени жөнүндөгү маалыматтар, алардын жер которгондугу жөнүндө эскерилсе дагы, биз эми билебиз, бир бүтүнгө бириктирилген. Мадъярлардын түштүктөгү коңшулары венендерлер, батышта жана түндүктө орустар болгон; чыгыш тарабы жөнүндө, ал жерде тоо болгон деп гана айтылат.

Бул маалыматтардын анча так эместигине карабастан Туманскийдин кол жазмасынын бул бөлүгүнүн окумуштуулар тарабынан көңүл бурууга арзыгандыгынан улам Туманский (38а-барак) токтогон жерден баштап, жогоруда келтирилген чек аралар жөнүндөгү маалыматтардан башка жер жүзүнүн калк жашаган түндүк бөлүгү жөнүндөгү бөлүмдүн (38б-барак ылдыйда) аягына чейин тиешелүү толук котормосун берүү ашыктык кылбайт деп ойлойбуз.

«Ички болгарлардын аймагы жөнүндө сөз. Бул—бир да шаары жок аймак; тургундары эр жүрөк, жоокер жана жүрөктүн үшүн алып турушат. Алардын кулк-мүнөзү хазарлардын аймагына коңшу жашаган түрк төрдүкүндөй. Бардык орустар менен алар согуш абалында; бардык жакын аймактар менен соода жүргүзүшөт. Алардын койлору, куралдары жана согушка ылайыкталган буюмдары бар1877.

Мирваттардын аймагы жөнүндө сөз. Алар—христиандар; эки тилде—арабча жана грекче сүйлөшөт; арабдардын1878 кийимдерин кийишет. Алар гректерге жана түрктөргө кол салып турушат; чатырлары жана алачыктары бар.

Хазар печенегдеринин аймагы жөнүндө сөз. Алар илгери түрк печенегдеринен чогулган топ болгон, ушул жерге келишкен, бул аймакты күч менен тартып алышкан жана ушул жерди жердеп калышкан1879. Алардын алачыктары, чатырлары, [түркүн] малы жана койлору бар. Алар Хазар тоолорундагы жайыттарга карата аймакта улам журт которуп көчүп жүрүшөт. Мусулман аймактарындагы хазар туткундары, көбүнчө ушул жактыктар.

Биз эскерип кеткен бул үч аймак — бай эмес аймактар.

Аландар аймагы жана анын шаарлары жөнүндө сөз. Бул аймак капчыгайларда жана тоолордо жайгашкан; бай жер; алардын падышасы христиан дининде. Алардын миң чоң кыштагы бар; тургундарынын арасында христиан дининдегилер жана бутпарастар, тоолуктар жана талаада жашагандары да бар. Касек1880—аландар өлкөсүндөгү Кара деңиз жээгинде жайгашкан шаар; бай жер; анда көпөстөр бар. Хайлан—бул падышанын аскери туруучу шаар. Алан дарбазасы—сепилге окшогон тоо чокусундагы шаар; бул сепилдин дубалын күн сайын 1000 киши кезектешип күзөтүшөт1881.

Серирлер аймагы жана анын шаарлары жөнүндөгү сөз. Абдан көп байлыктары бар, тоолуу жана талаалуу аймак. Ошол тоолордо чымын...1882 бар деп айтышат. Бул падыша өлтүрүлгөн жана өлгөн малдын жана мергенчилик олжолорунун көп тарптарын ошол жерге алар жесин үчүн алпарып таштоого жөнөтүп турат, себеби алар ачка болгондо келишип табылган кишилерди жана ар кандай жаныбарларды жешет. Падышанын сепили — тоо чокусундагы эң чоң сепил; падыша турган жай ушул сепилде. Анын кызыл алтын дан жасалган эң чоң тактысы бар деп айтышат. Хандан1883— бул падышанын аскер башчылары жашаган шаар. Ренжес (?) жана Маскат1884— эки шаар, абдан бай шаарлар.

Бул эки аймактан (башкача айтканда, аландар жана серирлер аймак тарынан) көп туткундар мусулман өлкөлөрүнө алып кетилет.

Хазарлар аймагы жөнүндө сөз. Бул абдан бай жана калктуу, кирешелүү көп нерселери1885 бар аймак; бул жактан өгүздөр, койлор жана туткундар санак жеткис көп алынып чыгылат. Итил — шаар, анын ортосунан Итил дарыясы агып өтөт; бул хазарлардын борбору жана падыша турган жай, аны тархан-хакан деп аташат; ал Анса1886 (?) тукумумдарынан. Ал бардык аскерлери менен ушул шаардын батыш бөлүгүндө жашайт; бөлүгү дубал менен курчалган. Экинчи жарымында мусулмандар жана бутпарастар жашашат. Бул падышанын ушул шаарда жети түрдүү дин [өкүлдөрүнөн] жети соту (хаким) бар. Аларга жогорку даражадагы сот (давар) туш келип кажа, алар ар дайым падышадан руксат сурашат же ал соттун токтому тууралуу1887 [ага] маалымдашат. Семендер — деңиз жээгиндеги бай шаар; базарлар жана көпөстөр бар. Хамиж, Баланжер, Байда, Савгар, Хтлг, Лкн, Сур, Масмада1888— хазарлар өлкөсүндөгү бардыгынын бекем дубалдары бар бай шаарлар. Хазар падыша сынын кирешеси көбүнчө деңиз бажысынан түшүп турат. Тулас жана Лугар хазарлар өлкөсүндөгү эки аймак; [ал жактагы] кишилер согушчан жана алардын курал-жарактары көп.

Буртастар аймагы жөнүндө сөз. Ал жактагы кишилер мусулмандар1889, алардын тили өзгөчө; падышасын М-с деп аташат. Алардын чатырлары жана алачыктары бар. Алар бахдула, ишкил1890 жана булгар деген үч топтон турушат; алардын бардыгы бири-бири  менен согуш абалында; душмандар келип калганда алар бири-бири  менен дос болуп калышат.

Берадастар аймагы жөнүндө сөз1891. Алар гуздардын динин тутунган адамдар; чатырлары бар; өлгөндөрүн өрттөшөт1892; хазарларга баш ийишет; кирешени арс терисинен алышат. Алардын бири-бири  менен катташып сүйлөшпөгөн эки падышасы бар.

Венендерлер аймагы жөнүндө сөз. Алар коркок, алсыз жарды адамдар; кирешелүү тармактары аз.

Булгар — Итилдин боюндагы анча чоң эмес аймактуу шаар. Андагы [тургундардын] бардыгы мусулмандар; атчандардын саны 20 000ге чейин жетет. Капырлардын кандай гана аскери жана канчалык көп болбосун согушушат жана жеңип чыгышат. Бул—бекем жана бай жер. Сувар1893— Булгарга жакын шаар; бул жердегилер Булгардагыдай эле диний ишеним үчүн күрөшкөндөр».

Бул которулган чакан үзүндүдөн андагы бир нече аталыштардын айтылышын аныктоо мүмкүн эместигин көрдүк. Айтылышы белгисиз бойдон калган географиялык аталыштардын көптүгү менин кол жазманын толук котормосун берүүгө аракеттенүүдөн баш тартышымдын жана ушул кириш соз менен гана чектелишимдин негизги себеби болду жана кол жазманын сырткы көрүнүшүн сыпаттоого кайрылбаганым, бул жөнүндөгү маалыматтар Туманский тарабынан маалымдалган. Кол жазманын факсимилеси туурасында анын ачык эмес бозомук жерлери нускада кызыл сыя менен жазылган мазмунуна жана шаарлардын аталыштарына туура келет. Кол жазманын барактарынын четтериндеги белгилер (NВ жана башка ушул сыяктуу) барон Розенге таандык. Факсимиледе барактардын четине окурмандар, алардын арасында кол жазманы тапкан Абу-л-Фазл Гульпаеганинин колу менен жазылган жазуулар факсимиледе жакшы чыкпай калган (салыштыр: 22б-барак).

[ Үйгө | Мурунку | Бөлүмдөрдүн тизмесине | Кийинки ]

1623:  Туманскийдин кол жазмасынын табылышы жана анын мазмуну жөнүндө кара: Туманский, Новооткрытый персидский географ.

1624:  Эми биз, 377/жыл, Брокельманда айтылгандай, САЬ, Вс1 I, 5. 147, Лейден кол жазмасында гана эмес, мисалы, Якутта да (Иршад, VI, 408) көрсөтүлгөндүгүн билебиз. Ушул эле дата бар нече жолу чыгарманын өзүндө да айтылганы белгилүү (салыштыр: Розен, Был ли 988 г. в Константинополе автор Фикриста?, стр. 402); ал тургай биринчи жана экинчи бөлүктөрүнүн бүткөн күнү да көрсөтүлөт (1 ша'бандын ишембиси 377/987жылдын 27ноябры), бирок айрым жерлеринде, кыязы, башка кишиге таандык, бир топ кийинки даталар келтирилген. Айрыкча II жумадада 297/910 жылдын февраль—мартында туулган окумуштуу Марзбани жөнүндө айтылган сөздөр өзгөчө (Фихрист, I, 132) мүнөздүү: «Ал ушул биздин мезгилде, 377ж. тирүү; анын [кудайдын] кайрымдуулугунан жана марттыгынан биз кудайдан ага ден соолук жана аманчылык сурайбыз; 378ж. ал өлдү, кудай ага ырайым кыжын». Кийинки сөздөр, сыягы, авторго эмес (мындай болбосо ал мурдагы сөздөрдү сызып салмак), башка адамга таандык.

1625:  Якут, Иршад, VI, 467. Вазир Магриби жөнүндө кара: Вrockelmann, GAL, Bd I, S. 353; Zambaur, Manuel, р. 15.

1626:  Бартольд, Улугбек, стр. 113 и сл.; .

1627:  .

1628:   Новооткрытый персидский географ, стр. 128 и сл.

1629:  Түп нуска жана котормо жөнүндө салыштыр: менин Туркестан, . Феригунилер жөнүндөгү баптын Утбинин (Джербадекани, 305 и сл.) персче котормосунан алынган текстин Рашид ад-дин бир аз өзгөртүүлөр жана кыскартуулар менен келтирген. Арабча түп нускасы: Утби—Манини, II, 101

1630:  Гардизинин тексти (кембрижд. рук. л. 1046):

1631:  Мисалы, Балазури, 406 внизу.

1632:  Бартольд, Историко-географический обзор Ирана, стр. 23; .

1633:  Ибн Хордадбех, текст, 32

1634:  Үндүү тыбыштарды мындай берүү Истахриде, 270, салыштыр: Марко Поло, пер. Минаева, 61, Сапурган жана варианттары.

1635:  Үндүү табыштарды берүү: Ибн Хордадбех, текст, 32; Ибн Русте, изд. де Гуе, 287, ; Якут өзү ал жерден өтсө дагы, Якутта үндүү тыбыштар бурмаланып берилген, Му-Ужам, III, 254,10 и 305,4.

1636:  Ибн Хаукаль 321,17 и 322,7: Ашбуркан.

1637:  А. 3. Валидовдун азыр басылып жаткан эмгегинде ушундай , р. 18, Берлиндеги кол жазмада (ал жөнүндө Ahlwardt, Verzeichniss, Bd V, № 5667), 134-баракта дегендин ордунда деп турат.

1638:  Жайгашкан жери жөнүндө кара; Бартольд, Мерверруд, стр. 031; .

1639:  Истахри, 272; салыштыр: ошондо эле, 265 внизу

1640:  Туманский (Новооткрытый персидский географ, стр. 130) сунуш кылгандай дегендин ордуна деп окууга эч бир негиз жок.

1641: Marquart, Eransahr, S. . 80.

1642:  Макдиси, 347,

1643:  Изд Шефера, 85.

1644:  Истахри, 148,2.

1645:  Анын өлгөн жылы, кыязы, эч жерде айтылган эмес. 999ж. Хорасанды Махмуд басып алганда ал али тирүү болчу (Утби—Манини, I, 316); Шархияндагы (1008ж. 4январда, салыштыр: менин Туркестан, ч. II, стр. 287; ) салгылаш жөнүндөгү аңгемеде 401/1010-11-ж. өлгөн анын уулу жана ишин улантуучу Абу Наср (Утби—Манини, II, 84) Гузгандын башкаруучусу катары айтылат. Марков (Инвентарный каталог, стр. 178 и сл.) жана Цамбаур (Manuel, р. 205) жазышкандай Феригунилер Балхты ээлеп турган эмес жана тыйын чыгарышкан эмес. Цамбаур келтирген аталыштар жана даталар таптакыр чындыкка туура келбейт жана Цамбаур шилтеме берген Sachau макаласы менен салыштырганда бир кадам артка чегингендик болуп эсептелет.

1646:  Die Istakhri-Balkhi Frage, S.50

1647:  Ибн Хаукал ага замандаш болгон деп Самани эмир Мансур б. Нухту (961—976) айтат, Ибн Хаукаль, 341,14. Ал 358/96869ж. Гюргенде (ошондо эле, 282,10), ошол эле жылы Мосулда «акыркы жолу» болгон (ошондо эле, 146, :1) жана кыязы, ал чыгышка башка келген эмес.

1648:  Ошондо эле, 208.

1649:  Новооткрытый персидский географ, стр. 132.

1650:  Тексти ал-Баанниде, I, 175.

1651:  Ал-Баттани, I, 17, прим. 2. Бул Баттанинин тексти биздин автордун текстине дал келген жалгыз эле учур эмес; Баттани (ошондо эле, 18, прим. 5) менен биздин автордуку (4-барак) боюнча Индия менен Цейлондун жанындагы аралдардын саны 59, Ибн Русте (изд. де Гуе, 84,15) менен Харакиники боюнча Птолемейдин (VII, 4,п_и) текстине ылайык 19 арал болгон. Наллинонун пикири боюнча Баттани анын тизмесиндеги деп жазылганды деп окуган; арийне, бул ката Баттани менен биздин автор колдонгон жалпы даректен кеткен.

1652:  Ибн Русте, изд. де Гуе, 85,13; ал-Баттани, I, 18.

1653:  Куник—Розен, Известия ал-Бекри, ч. 1, стр. 80; Peschel, Geschichte der Erdkunde, S. 90; Nallino, Al-Huwarizmi, р. 50.

1654:  Nallino, Al-Huwarizmi, р. 52.

1655:  Америкада кеңири ойлонулган «Тарых илимине киришүүнү» басып чыгаруу колго алынып (Sarton, Introduction, t. I; Е рецензияны салыштыр: J. Holmyard, JRAS, 1929, рр. 209—211), мында «Гекатейден Бируниге чейинки» география илимине орун берилген. Грек таанып-билүүсү христиан мектеби аркылуу башка чыгыш христиандарга — сириялыктар менен арабдарга — акыркы жыйынтыгында (finally) мусулмандарга өткөнү айтылат. VIII кылымдын экинчи жарымынан XI кылымдын аягына чейин араб тили илимдин жана прогресстин негизги тили болгон, ХII кылымда «the intellectual supremacy of the Muslims had already come to an end» (р. 18) болгон деш туура деле болбойт. Арабская географическая литература макаласын.

1656:  Seybold, Edrisiana I, S. 596.

1657:  Абул-Фида, Таквим, пер. Рено, I.

1658:  Хорезми, Китаб сурам ал-ард.

1659:  Al-Huwarizmi

1660:  Үчүнчү бөлүгү (арабча тексти) 1899-ж., биринчиси 1903-ж., экинчиси 1907-ж. чыккан.

1661: Wright, The geographical lore, рр. 10, 19.

1662:  Птолемейдин канонунун тексти мисалы, Wachsmuth, Einleitung, S. 305, sq. Евсевий жөнүндө Ibid., S. 163 sq. Евсевий боюнча да, ошондой эле Бируни боюнча да падышалардын тизмеси Ниндин атасы Белден башталат (Бируни, Асар, изд. Захау, 85).

1663:  Бируни, Китаб ал-Канун, рук. берлин. Б-ки, л. 34а:  

Салыштыр: Асар, изд. Захау, 86.

1664:  Al-Huwarizmi р. 53.

1665:  Al-Huwarizmi, S. 978.

1666:  Ибн Тайфур, изд. Келлера, 349.

1667: Табари, III, 551.

1668:  Ошондо эле, 1085,13.

1669:  Мас'уди, Танбйх, 33,м.

1670:  Абул-Фида, Таквйт, пер. Рено, I, р. XIV, прим. 2; Nallino, Al-Huwarizmi, р. 13.

1671:  Al-Huwarizmi, р. 22

1672:  Мүлк басылмасында (Хорезми, Китаб

1673:  Кыйла тагыраак дата Киндиде (1669,,): жумада айынын I 201/816-жылдын 25 ноябрь—24 декабры.

1674:  Мzik басылмасында (Хорезми, Китаб cурат ал-ард)—№ 301.

1675:  Табари, III, 1180; Мас'уди, Танбйх, 357.

1676:  Табари, III, 1364,16.

1677:  Якут, Му‘джам,

1678:  Бардык мындай жакындаштыруулар Мйк басылмасында (Хорезми, Китаб (урат аларф), 105 (№1593, 1596, 1599, 1600, 1601, 1602).

1679:  Мисалы, Якут, Му'джалг, I, 6,7; ошондой эле Хажи Халифа, II, 602. Мас'удиде (Танбйх, 33,13), ('жердин тоому') дегендин котормосу.

1680:  Фихрист, I, 268; Steinschneider, Die arabischen Übersetzungen, S. 213.

1681:  Наллинонун 40 лекций аттуу арабча чыгармасында ушундай, стр. 115; de Boer, al-Kindi, S. 1095, макаласында 256/870ж. ал али тирүү экендиги гана айтылган.

1682:  Танбйх, 25,19.

1683:  Ушундай: Вгосkelmann, GAL, Bd I, S. 225.

1684:  Автор жөнүндө: Вгосkelmann, GAL, Bd I, S. 210; Фихрист, I, 261.

1685:  Хаджи Халифа, V, 509, (№ 11870).

1686:  Al-Huwarizmi, р. 24.

1687:  Фихрист, I, 150; Якут, Иршад, II, 400.

1688:  Фихрист, I, 149.

1689:  Ибн Хордадбех, стр. XX;

1690:  Streifzüge, S. 390. Салыштыр: Вестберг, К анализу восточных источников, стр. 374.

1691:  Marquart, Streifzüge, S. 91.

1692:  Салыштыр: мисалы, менин Отчет о поездке в Среднюю Азию, стр. 33. и сл.;

1693:  Ибн Хордадбех, стр. XV и сл.

1694:  ВGA, V.

1695:  ВGA, VII.

1696:  Ибн Хордадбех, текст, 3,9.

1697:  Al-Huwarizmi, р. 5,4.

1698:  Ибн Хордадбех, текст, 5 .

1699:  Мурудж, II, 70 и сл.; Ибн Хордадбех, стр. XII.

1700:  Фихристтин (I, 261) вазир Касим өлүм жазасына өкүм кылынгандардын халиф бекиткен тизмесине Серахсини ысымын алдамчылык менен жазып койгону тууралуу аңгемеси, Якутта берилген (Иршад, I, 159), халиф Му'тадидге жакын болгон Ибн Хам дундун-халифтин өзүн динден чыгууга азгырмакчы болгону үчүн халиф билип туруп эле Серахсини еретик катары өлүмгө буюргандыгы жөнүндөгү аңгемесине карама каршы келет.

1701:  De Goeje, Die Istakhri-Balkhi Frage.

1702:  Вгосkelmann, GAL, Bd I, S. 32, .

1703:  Иршад, I, 141—152.

1704:  Ошондо эле, 143, 144 жана 147.

1705:  Ошондо эле, 141.

1706:  Die Istakhri-Balkhi Frage, S. 49.

1707:  Иршад, I, 145.

1708:  Ошондо эле, 147.

1709:  Фихрист, I, 138, Якуттагы ушундан, Иршад, I, 141 и сл.

1710:  Ал жөнүндө De Goeje, Die Istakhri-Balkhi Frage, S. 54, Anm. 1.

1711:  Иршад, I, 149 внизу.

1712:  Бул жөнүндө Якут, Иршад, VI, 293, Селламинин жоголуп кеткен эмгеги «Хорасанды башкаруучулардын тарыхы» боюнча. Ал жөнүндө салыштыр: менин эмгегимди Туркестан, ч. II, стр. 11 (Barthold, Turkestan, р. 10); .

1713:  Ал жөнүндө Бартольд, Туркестан, ч. I, стр. 6 и сл.; ч. II, стр. 231 и сл.; .

1714:  Бартольд, К истории персидского эпоса, стр. 280; Бартольд, Соч., т. VII, стр. 405.

1715:  Якуд, Иршад, I, 148.

1716:  Ошондо эле, 150.

1717:  Сам'ани, изд. Марголиуса, л. 485. 319/931ж. өлгөн Ка'би да тарыхый чыгар малар жазган; салыштыр: Бартольд, Туркестан, ч. II, стр. 11; .

1718:  Якут, Иршад, I, 147.

1719:  Ошондо эле, 143 и сл.

1720:  Макдиси, 4. De Goeje, Die Istakhri-Balkhi Frage, S. 55) Макдиси менен Сафадиге шилтеме берет, бирок Якуттун (Иршад, I, 152) Макдисиге берген шилтемеси Сафади бул кабарды Якут аркылуу ошол эле Макдисиден алгандыгын көргөзөт.

1721:  Якут, Иршад, 1,143.

1722:  Ошондо эле, 150.

1723:  De Goeje, Die Istakhri-Balkhi Frage,  S.

1724:  Макдиси, 4,10.

1725:  Бул Фихристте бар жана Фихристтин (I, 138) жарыкка чыккан басылмасына караганда Якутта (Иршад, I, 142 и сл.) толугураак берилген. Якуттун басылмасында (Иршад, I, 142 внизу), кыязы, чекит жаңылыш коюлган: Фихристтегидей эле (138,24) «Абу Жа'фар ал-Хазиндин асман жана жер жүзү тууралуу китебиндеги карталардын түшүндүрмө китеби» эскерилет. Эгерде бул аталыш Балхинин географиялык эмгегине тиешелүү болсо, анда Балхиге карталардын өзү эмес, аларга берилген түшүндүрмөлөр гана таандык деген жыйынтык чыгарса болор эле. Астроном Абу Жа'фар алХазиндин ысымы араб адабиятында көп айтылат, мисалы, Бируниде (кара: Sachau, «Хронологиянын» басылмасынын көрсөткүчүн).

1726:  Макдиси, 5а.

1727:  Министр Ибрахим б. Аббаддын бул шаардагы китепканасы жөнүндө кара: ошондо эле, 391

1728:  Ошондо эле, 136,12.

1729:  Ошондо эле, 475,10; салыштыр: тексттин түшүндүрмөсү ошондо эле, 5а аяк жагында, De Goeje, Die Istakhri-Balkhi Frage, S. 48, каршы. Бирок грамматикалык жактан мурунку түшүндүрүлүшү кыйла туура экендиги талашсыздай көрүндү эле.

1730:  Die Istakhri-Balkhi Frage, S. 47

1731:  Ibid., S. 52

1732:  Ibid., S. 46

1733:  Якут, Му'джат, II, 41,17.

1734:  Истахри, 27 вверху.

1735:  Якут, Му'джат, II, 285,19.

1736:  Die Istakhri-Balkhi Frage, S. 50

1737:  Ошонун ичинде Туманскийдин Новооткрытый персидекий географ, стр. 127, аттуу макаласында да.

1738:  De Goeje, Die Istakhri-Balkhi Frage, S. 51

1739:  Ibid., S. 48 и 51 (внизу).

1740:  Ибн Хаукаль, 236,6.

1741:  Ошондо эле, 5—6.

1742:  Ошондо эле, 5,18. Эгерде дегендин ордуна деп окуса, анда 943-жылдын 1июну деген дата болот. Бирок бул божомол жокко чыгарылууга тийиш. Ибн Хаукал ошол эле күнү Багдаддан түрктөрдөн Хамданид Насир ад-даулянын качкандыгын кошумчалайт. Насир ад-дауля хижранын 330-жылынын 1 ша'банында (942-жылдын 21апрелинде; Ибн Мискавейхте да, изд. Амедроза—Марголиуса, II, 28 жана Ибн ал Асирде да, изд. Торнберга, VIII, 286, даталар бирдей) Багдаддын башкы эмири (атйр алутара) болгон; анын башкаруусу Ибн Хаукал эскерген салгылашуудан кийин аяктаган; бул башкаруу Ибн Мискавейх боюнча (изд. Амедроза—Марголиуса, II, 41) 13 ай жана 3 күнгө, Ибн ал-Асир боюнча 13 ай жана 5 күнгө созулган, бул бизди эң кур дегенде хижранын 331-жылынын; рамазан айынын биринчи күндөрүнө алып барат; балким, 3рамазандын бейшембиси/943-жылдын 11майы айтылып жатат. Zambaur’a (Manuel, р. 9) 331жылдын 7рамазанын/ бийлик Насир ад-даулядан түрк Тузунга өткөн күн катары көрсөтөт; бирок Ибн ал-Асир (изд. Торнберга, VIII, 298) боюнча Тузун халифтен атйр аяутара' наамын 25рамазанда гана алган.

1743:  Де Гуенин (ВGА, IV, р. V) пикири боюнча, Зиядилер (Лэн-Пуль, Мусулманские династии, стр. 72; Zambaur, Manuel,, р. 115) сулалесинен чыккан Йемендин башкаруучусу Фатими халифинин ысымына арнап өткөн жылы окуган хутба тууралуу сөз (Ибн Хаукаль, 20,15) ушул датаны билгизет. Тилекке каршы, де Гуе бул жерде да, кыязы, башка жерлерде да 366/ж. Йеменде хутбанын өзгөргөндүгү жөнүндөгү маалыматты кайсы даректен тапканын айтпайт. Ибн ал-Асирде бул жөнүндө кабар жок. Хазражинин (I, Inrod., р. 11) Йемендин тарыхы тууралуу эмгегине жазган кириш сөзүндө Sir J. W. Redhouse «the Hiwaliyy ruler ot San'a’» 377/987-ж. Зебидди алгандыгын айтат; ошондо эле ал Аббасилердин ысымына арналган хутбаны алып салып, Фатимилердин ысымына арналган хутбаны киргизген. Reinaud (Абул-Фида, Таквйт, пер. Рено, I, Introd., р. LХХХIII) далил келтирбей эле Ибн Хаукалдын эмгегинин бүткөн убагын 366/976-жылга алып барат.

1744:  Ибн Хаукаль, 146,3; кара: Бартольд, Соч., т. VIII, стр. 507, прим. 25

1745: . Ошондо эле, 22 .

1746:  Rieu, Pers. МSS, vol. I, р. 416;

1747:  Бартольд Хафизи-Абру, стр. 3, 13 жана 18; .

1748:  Кармат Мухаммед б. Ал-Фазл, кыязы, Лэн-Пуль (Мусулманские династии, стр. 72) боюнча 292/

1749:  ZDMG, Bd LVI, S. 433.

1750:  Бартольд, Туркестан, ч. II, стр. 179, ; ошонуку эле, Орошение, стр. 149, .

1751:  Ибн Хаукаль, 393.

1752:  Де Гуенин өзү ВGА I де Мавераннахрды сүрөттөөдө кыскартылган гана текст бергенин айтат: «während der eigentliche Text des Istakhri bei Ibn Haukal und in den Anmerkungen dazu zu finden ist».

1753:  Истахри, 333.

1754:  Му'джат, II, 104 и сл. Якутта, эскертүүсүндө де Гуе да белгилегендей (Ибн Хаукаль, 393с), текст бузулуп берилген, айрыкча 405,5, мында дегендин ордуна деп окуш керек.

1755:  GAL, Bd I, S. 229, .

1756:  De Goeje, Die Istakhri-Balkhi Frage. Тыянагы 57-бетте: эки кол жазма тең, Болоньядагы (ал жөнүндө Rosen, Remarques, р. 94) жана Берлиндеги (басылып чыккан А жана В) басылманын негизин түзүп, Истахринин эмгегинин бардыгын болбосо да, көпчүлүк бөлүгүн камтыйт.

1757:  Кгаtchkovsky, Preface etc. a Abu Hanifa, р. 24.

1758:  Seybold, ZDMG, Bd LXVII, S. 541.

1759:  Гамбург кол жазмасы менен ушул эмгекти басмага тапшыргандан кийин 1929ж. жайында таанышууга мага мүмкүн болду, . Берлиндеги кол жазма сыяктуу эле Гамбургдагы кол жазма да Балхиники эмес эле Истахринин чыгармасы болуп чыкты; анда автордун Самарканда (Истахри, 318) болгондугу жөнүндөгү белгилүү аңгеме бар, бул Балхиге таандык боло албайт, себеби, Макдисинин (4,14) түздөн-түз күбөлөндүрүүсү боюнча ал Аму-Дарыядан өткөн эмес.

1760:  Ибн Хаукаль, 236,2. Мында Жейханинин эмгегине да, ошондой эле Ибн Хордад бектин эмгегине да жакшы эмес пикир айтылган.

1761:  Салыштыр: Бартольд, Туркестан, ч. II, сгр. 12 и сл.; .

1762:  Макдиси, 346 (345).

1763:  Балким, Тункет дегендин ордуна Невикет деп окуу керек; Невакет же Невикет шаары Кытайга баруучу бир нече маршруттун башталган пункту болгон (Бартольд, Отчет о поездке в Среднюю Азию, стр. 114, прим. 1; ).

1764:  Бартольд, Отчет о поездке в Среднюю Азию, стр. 78—126; .

1765:  Ошондо эле, стр. 103 (текст) жана стр. 126 (котормо); .

1766:  Ошондо эле, стр. 88 (текст), стр. 112 (котормо); .

1767:  Асар, изд. Захау жана 271.

1768:   дегендин ордуна деп окуңуз.

1769:  Корнилов, Кашгария, стр. 349.

1770:  Салыштыр: Бартольд, Рукопись Туманского, стр. 73 и сл.; .

1771:  Бартольд, Отчет о поездке в Среднюю Азию, стр. 94 (текст) и стр. 119 (перевод): кара: Бартольд, Соч., т. VIII, стр. 49—50; андагы эскерилген Тадруф жана Рестуе Туманскийдин кол жазмасында мурда Кытайга, азыр Тибетке таандык шаарларга киргизилет.

1772:  XII кылымдагы автордогу титулу менен салыштыр, Бартольд, Туркестан, ч. I, стр. 20,2

1773:  Ибн Хордадбек, текст, 170,9.

1774:  XVI кылымдагы автор Мухаммед Хайдерде (Мухаммед Хайдер, 136 и 411).

1775:  Истахри, 93.

1776:  Табари, пер. Нёльдеке, 42.

1777:  Рукопись Туманского, л. 136 и л. 14а; Бартольд, Отчет о поездке в Среднюю Азию, стр. 92 (текст), стр. 117 (перевод) .

1778:  Салыштыр: мисалы Гардизидеги маршрутту, текст—стр. 91, перевод—стр. 116, жана Туманскийдин кол жазмасындагы, л. 17а, шаарлардын саналыш тартибин.

1779:  Кудама, текст, 264,15. Салыштыр: Маrquart, Eransahr, S. 316. Бирунидеги текст, Индия, изд. Захау, 149,13; салыштыр: М Маrquart, Eransahr, S. 155. Мухаммед Хорезмиде (Китаб сурат ал-ард, № 865)

1780:  Бартольд, Отчет о поездке в Среднюю Азию, стр. 92 (текст) и стр. 117 (перевод); .

1781:  Якут, Муджат, I, 840 вверху; Бартольд, Отчет о поездке в Среднюю Азию, стр. 34, .

1782:  Мисалы, Bretschneider, Researches, vol. 1, р. 241.

1783:  Ибн Русте, изд. де Гуе, 132.

1784:  Ошондо эле жана Ибн Хордадбех, текст, 66 и сл.

1785:  Ибн Хордадбех, текст, 64,2

1786:  Изд. де Гуе, 134,13.

1787:  Истахри, 175.

1788:  Ибн Хаукаль, 230,4.

1789:  Макдиси 485,3

1790:  Бул жөнүндө: Утби—Манини, II, 72; Elliot, The history of India, vol. II, р. 441. деп окуган, ушуга ылайык котормосу: «... жана Батыш Башкаруучунун ысымына хутба окуйт», кара: Худуд ал-'алам, пер. Минорского, 89, 246; изд. Сотуде, 68

1791:  Chavannes, Documents, р. 9, Вэньсуну АкСуунун ордуна жайгаштырган, бирок кийин (Stein, Ancient, Khotan, vol. I, р. 544, китебинде) Вэньсу Үч-Турпан деген пикирге кошулган.

1792:  Бартольд, Отчет о поездке в Среднюю Азию, стр. 91 (текст), стр. 116 (перевод); .

1793:  Махмуд Кашкарский, I, 38; бир нече жолу (I, 335, 381; II, 121) ушул шаардык тар сүйлөгөн тилдеги сөздөр келтирилет.

1794:  Бартольд, Очерк истории Семиречья, стр. 19; ошонуку эле, Киргизы, стр. 19; .

1795:  Бартольд, Отчет о поездке в Среднюю Азию, стр. 89 (текст), стр. 114 (перевод); .

1796:  Салыштыр: капитан Ив. Унковскийдин (1722—1724; Веселовский, Посольство Унковского, стр. 187 и 193) элчилиги боюнча отчетту жана Ысык-Көл Тускөл деп ата лып, отчетко тиркелген картаны.

1797:  Ал-Баттани, I, 172 (перевод) и 175 (текст).

1798:  Му-Ужат, II, 22,4.

1799:  Ибн ал-Асир, изд. Торнберга, IX, 13; Zambaur, Manuel, р. 212.

1800:  Макдиси, 489,5.

1801:  Ибн Хаукал (221,]2) Адуд ад-даулянын белуждардын жардамы менен куфиждерди жеңип чыккандыгы жөнүндө гана айтат; белуждар менен кийин араздашса керек.

1802:  Ibid., р. 346; котормодо (р. 339) жаңылыш Wednesday делип кеткен. Тyура котормосу (night of Thursday) мында: Eclipse, V, 293.

1803:  Салыштыр: анын (Ибн Мискавейхтеги) омүр баянын, Amedroz, The vizier Abu-l-Fadl.

1804:  Салыштыр: Якубовский, Ибн Мискавейх; Туманскийдин кол жазмасынын сөздөрү жөнүндө—стр. 91.

1805:  Бартольд, Гилян по рукописи Туманского, стр. 63 и сл.; .

1806:   лл. 11а и 196. Макдиси, 300 внизу 320 жайгашкан жери жөнүндө ошол эле жерде 352г, анда Несадан 3 өткөөл аралыкта.

1807:  Салыштыр: Ибн Хаукаль, 273; Макдиси, 358 и сл.

1808:  Бартольд, Орошение, стр. 32; .

1809:  Dames, Afghanistan, S. 159, аттуу эмгекте да ушундай. Салыштыр: Утбидеги афгандар жөнүндө бап менен, Утби—Манини, II, 300; .

1810:  Бартольд, Туркестан, ч. II, стр. 274; .

1811:  Туманский, Новооткрытый персидский географ, стр. 127.

1812:  Ошондо эле, стр. 125.

1813:  Ошондо эле, стр. 128.

1814:  Ибн Хордадбех, текст, 3,9.

1815:  Ошондо эле, пер. 1.

1816:  андар хаддха дегенди 'чегинде' деп которот, бирок бул айтылыш 'чек арасында' (on the frontiers) деген түшүнүктү билгизет; экинчи жагынан ал мулук-и атраф деген сөздөрдү 'энчи алган башкаруучулар' деп берген, бирок мен маркграфтар терминине артыкчылык берер элем, себеби ушул [термин] түп нускадагы 'периферия акимдери' (атраф) деген маанини толугураак берет». Кара: Худуд ал-алам, пер. Минорского, 30, прим. 7.

1817:  Кириш сөздөгү анча түшүнүктүү эмес деген сөздөргө 13б-барактагы деген сөздөр туура келет.

1818:   дубаны жөнүндө Гузганды сүрөттөөнү да кара: 20б-барак; анда шаары эскерилбейт.

1819:  Биздин нускада жок карта жөнүндө тексттеги эскертүүгө Туманский мурда эле көңүл бурган (Новооткрытый персидский географ, стр. 128).

1820:  Китаб оурат аларф, 74

1821:  Ошондо эле, 80.

1822:  Салыштыр: Ваrthold, Bahr al-Khazar, .

1823:  Beiträgе, 5. 214. деп окууну сунуш кылат. Араб географтары кээде Каспий деңизинин аталышын Кара деңизге колдонушкан, мындай учурда көчүрүп жазгандар кетирген кадыресе катанын натыйжасында деген форма пайда болгон, аны Худуд ал-аламдын автору деп персчелеген, толугураагын кара: Худуд ал-алам, пер. Минорского, 180, 421—423; Minorsky, Addenda, р. 267.

1824:  Westberg, Beiträge, S. 309 (Паткановдун орусча котормосуна шилтеме, 29. Шилтеме туура эмес жана мен аны Моисей Хоренскийдин географиясынан эч таппай койдум).

1825:  Салыштыр: Якуттагы (Му'джат, I, 63) цитатаны.

1826:  Ибн Хордадбех, текст, 155.

1827:  Китаб сурат ал-ард, 101—105, №№ 1548—1603.

1828:  ЕIдеги макалаларды салыштыр: Vollers, Ababde; Becker, Bedga; R. Hartmann, Bisharin.

1829:  Ибн Хордадбех, пер. 46, прим. 2; ошондой эле Nieuwenhuis, Java, S. 615; .

1830:  Бируни боюнча (Индия, изд. Захау, 103 вверху) Забаж аралдары Индияга караганда Кытайга жакын.

1831:  Ибн Хордадбех, текст, 66,5

1832:  Истахри, 11. Биздин автордо да Истахриникиндей Синддин каршысында, бирок Истахринин башка бир жеринде (36) Иңдиянын бир бөлүгүнүн каршысына жайгаштырылган.

1833:  Guidi, Abbysinien.

1834:  Худуд деген сөздүн бул жердеги колдонулушу жөнүндө кара: Бартольд, Соч., т. VIII, стр. 530.

1835:  Бул жөнүндө кара: Бартольд, Соч., т. VIII, стр. 526.

1836:  Новооткрытый переидский географ, стр. 130 и сл.

1837:  17а-баракта бирок 13а, 17б жана 18а-барактарда деп туура жазылган. Бул эл жөнүндөгү бапта Кашкар жөнүндө айтылган, бирок ушул эле жерде шаар ягмалар, тибеттиктер, кыргыздар жана кытайлар ээлеген жерлердин аралыгындагы чек арада жайгашкандыгы айтылат.

1838:  Истахри, 9 внизу.

1839:  Гардизинин текстинин котормосунда (Отчет о поездке в Среднюю Азию, стр. 125 жана Очерк истории Сетиречья, стр. 15 ) мен «тахсилер» деп жазгамын; бирок Махмуд Кашкаринин кол жазмасында, басылып чыкканы боюнча (I, 28, 85, 342; II, 243) бардык жерде делип турат.

жерлери оңдолду.

1840:  Балхи-Истахриде (217 и сл.) деген айтылыш дегенге туура келет.

1841:  Истахри боюнча (222) кимактар менен гуздар ээлеген аймактардын чек арасы Итил дарыясы болгон, сыягы, Каманын төмөнкү агымы жөнүндө сөз болуп жатат окшойт (салыштыр: менин Ghuzz, 3. 178, деген макаламды; ).

1842:  Изд. де Гуе, 142.

1843:  Бартольд, Отчет о поездке в Среднюю Азию, текст, стр. 98, перевод, стр. 121 и сл.;

1844:  Истахри, 227.

1845:  Ошондо эле, 207.

1846:  Ошондо эле, 180.

1847:  Персче деген терминдин мааниси так которулбайт; мында жер ээн калган абалга карама-каршы калктын отурукташкандыгынын жана жыргалчылыгынын абалы тууралуу соз болуп жатат, анын үстүнө элдин саны көп болбошу да мүмкүн; 34б-барактагы Месопотамиянын чек ара тилкесиндеги эки шаар жөнүндө салыштыр:

1848:  Кол жазмада бардык жерде дегендин ордуна деп туура эмес берилген.

1849:  Текстте Туманскийдин кол жазмасында көп учурда жана

катар турат, бирок синоним катары эмес. Экөөнүн мааниси бир эмес экени өлкөдө аз болуп жана көп болушу мүмкүн (16б-барак) же тескерисинче (37а-барак) болгондугунан көрүнөт. Кыязы, деген сөз менен байлыктын жана жыргалчылыктын жалпы деңгээли, . деген сөз менен жыргалчылыктын өзүнчө булактары, кирешелүү тармактар туюнтулса керек, мисалы мал: 16б-барактын жогор жагында Тибеттин бир аймагынын тургундары жөнүңдө: «алардын — койлор» деп айтылган.

1850:  Ибн Хордадбек, текст, 159,3. Жазуулар жөнүндө айтылгандар да андан алынган.

1851:  Истахри, 62 (көпүрө жөнүндө) и 76 (чиркөө жөнүндө).

1852:  Хорасандын зыяратка баруучулары Багдад аркылуу өтүшчү; балким ушул себептен Кадисиянын «зыяратка баруучулардын жолунда» жайгашканы тууралуу эскерилген (31б-барак).

1853:  Ал жөнүндө менин эмгегимди кара: Туркестан, ч. II, стр. 76; Ваrthold, Turkestan, р. 74; .

1854:  Якутта айтылышы ушундай, Му‘джат, I, 254 и III, 108; салыштыр: Истахри, 275 d.

1855:  Изд. Шефера, 11.

1856:  Салыштыр: менин эмгегиме, Историко-географический обзор Ирана, стр. 155. .

1857:  Истахри, 140.

1858:  Ал жөнүндө: ЛэнПуль, Мусулманские династии, стр. 284 и сл.; Zambaur, Manuel, р. 125.

1859:  Ал жөнүндө: Истахри, 29с; Якут, Му'джат, IV, 699.

1860:  Макдиси боюнча Зебид йемендик Багдад болгон жана чоңдугу жагынан Сан'а дан (өнүкпөй начарлоо абалында эле) гана кийин турган (Макдиси, 84 и 86).

1861:  Ибн Хордадбех, текст, 109 вверху.

1862:  Бул жерин Туманский басып чыгарган (Новооткрытый персидский географ, стр. 132; котормосу менен эскертүүлорү—134бетте). «Болгар деген шаардан» (куур Белград деген жерде) чыккан куур жөнүндөгү маалыматтан улам (Ибн Русте, изд. де Гуе, 126,18) арабдарда пайда болгон Болгариядан агып чыгып, Фракия аркылуу Босфорго куйган суу тууралуу түшүнүктү биздин автор кабыл алган.

1863:  Истахри, 43.

1864:  Ошондо эле, 70.

1865:  Новооткрытый персидский географ, стр. 136, прим. 3. деген сөз текстте бар, кыязы, арабча (Ибн Русте, изд. де Гуе, 146,м) деген сөздүн котормосу.

1866:  Новооткрытый персидский географ, стр. 137, прим.

1867:  Ибн Хаукаль, 276.

1868:  Streifzüge, S. 517

1869:  К анализу восточных источников, стр. 387 и сл.

1870:  Салыштыр: ЕIдеги Дагстан жөнүндөгү макаланы—Barthold, Daghestan, S. 925;

1871:  Салыштыр: бул шаар жөнүндө Маркварттын (Streifzüge, S.. 471) жана Весгбергдин (К анализу восточных источников, стр. 12) бирдей даражада ишенимдүү эмес божомолдорун.

1872:  Изд. де Гуе, 139,

1873:  Streifzüge, S. 31, 176 и 496.

1874:  Мирваттарды Вестберг да (К анализу восточных источников, стр. 388) абхаздар деп эсептегенге ынайт.

1875:  Бартольд, Отчет о поездке в Среднюю Азию, стр. 98 (текст) и стр. 122 (котормо); кара: Бартольд, Соч., т. VIII, стр. 37 и 58. Биздин автордун ошол дарыя тууралуу сөзү, сыягы, Дунайга тиешелүү, биздин кол жазмада дарыянын аталышын же деп окууга болот (Туманский, Новооткрытый персидский географ, стр. 135, прим. 11). Араб адабиятында Дунайдын ар кандай аталыштары тууралуу кара: Мас'уди, Танбйх, 67о; ошондой эле Худуд ал-алам, пер. Минорского, 217—218).

1876:  Мурунку эскертүүнү кара.

1877:  Истахриде (225) «ички болгарлар христиандар» экендиги гана айтылган.

1878:  Кийим жөнүндө Гардизиде да бар, (Отчет о поездке в Среднюю Азию, текст, стр. 98; перевод, стр. 122) анда мардаттар (мирваттар) «көбүнчө арабдар менен соода жүргүзөт» деп кошумчаланган; .

1879:  Печенегдердин жер которгондугу жөнүндө ошондой эле Истахриде бар, 10.

1880:  Мас'удиде (Танбйх, 184,8) элдердин (касоги) аталыштарынын ичинде, салыштыр: Marquart, Streifzüge, S. 175. Балазури, 202 и 207 Бардадан 40 фарсах жана Тифлистен 20 фарсах аралыктагы шаар.

1881:  Ибн Русте, изд. де Гуе, 148.

1882:  Кыязы, текст бузулуп берилген.

1883:  Ибн Русте, изд. де Гуе, 147,20 кол жазмада

1884:  Ибн Русте, изд. де Гуе, 148,4 бир гана шаары аталган. Маскат жөнүндө салыштыр: Ибн Хордадбех, 124,1 4 Балазури, 204,

1885:   жана сөздөрүнүн мааниси жөнүндө жогоруда 228-эскертүүнү кара.

1886:  Бул титул жана ата-бабалардын ысымы, кыязы, башка эч бир даректерде жок. Итил жөнүндөгү маалыматтар Ибн Фадланга (Якут, Му'джам II, 436,20) таандык, Истахри (220 и сл.) менен Мас'уди (Мурудж, II, 11) ошондон алышкан.

1887:  Кыязы, бул жерде Ибн Фаддандын тексти анча туура берилген эмес. .

1888:  Ибн Русте, изд. де Гуе, 139,14; Гардизи—Бартольд, Отчет о поездке в Среднюю Азию, текст—стр. 95 внизу, перевод — стр. 120; Куник—Розен, Известия алБекри, ч. 1. стр. 43, эки гана шаарды, биздин автордогу төртүнчү жана бешинчи шаарды гана атаган; салыштыр: кош шаар Сарыгшар-Капубалык жөнүндө Маркварттын (Нistorische Glossen, S. 194 жана Streifzüge, S. 18) божомолун. Биринчиси, Маркварттын пикири боюнча, бешинчиге (Ибн Хордадбех, текст, 124,12, 154,12, 155,5, ), үчүнчүсү (арабча аталышы «ак») төртүнчүгө туура келет, ушул шаар жана Беланжер жөнүндө дагы Barthold, Khazar, S. 1003 ; —Ибн Хордадбех, текст, 124,14 (бул жерде басып чыгаруучунун «vulgo » деген эскертүүсү туура эмес). Лкн жана Масмада деген аталыштар жаңы.

1889:  Болгарлар жөнүндө маалыматтар жаңылыш буртастарга таандык делген (Ибн Русте, изд. де Гуе, 141): падышанын титулу мусулманчылык, үч уруу Болгарларды буртастар менен алмаштыруу Якутта (Му'джат, I, 567) да бар

1890:  Ибн Русте, изд. де Гуе, 141,4 жана төмөн жагында

1891:  Ошондо эле, 140,15 Гардизиде да ушундай (Бартольд, Отчет о поездке в Среднюю Азию, стр. 96 ). Автор алардын Истахридеги (225,3) менен бирдей экенин байкаган эмес.

1892:  Ибн Русте, изд. де Гуе, 141,4: «Алар эки уруу: биринчилери өлгөндөрдү өрттөшөт, экинчилери көмүшөт». Бул жерде эки падыша жөнүндө жок.

1893:  Ал жөнүндө Истахри, 225.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!