СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Уруулук эн тамгалар

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Эн тамга белгилери - Уруулук, урук, үй-бүлөлүк жана жеке колдонуудагы белги тамгалар түрк-монгол тилдеринде «тамга» деп аталып («тавро», «клеймо», «печать»), өтө баалуу тарыхый булак болуп саналат.

Кыргыз тилинде «тамга» же «эн тамга белгилери» деп аталып жүрөт. Эн тамгалар этногенезисти, этностук тарыхты, этностук маданиятты иликтеп үйрөнүүдө тарыхый жазма булактар, жер-суу, уруу-урук, эл аталыштары, элдик оозеки чыгармалардын маалыматтары менен катар негизги булактардын бири болуп эсептелет. Аска, таш беттеринде, бейиттерде ж.б.у.с. эзелки эстеликтерде чегерилген тамга жана ушул сыяктуу белгилердин этностук тарыхты иликтөөдөгү ролу өтө зор.

Просмотр содержимого документа
«Уруулук эн тамгалар»

Тейит уруусунун эн тамгалары



Менин Ата журтум

Менин Тага журтум

Атам Эрназардын Тага журту

Апам Уулбүнүн (Зулпиянын) Тага журту



Википедия:

Эн тамга белгилери - Уруулук, урук, үй-бүлөлүк жана жеке колдонуудагы белги тамгалар түрк-монгол тилдеринде «тамга» деп аталып («тавро», «клеймо», «печать»), өтө баалуу тарыхый булак болуп саналат.

Кыргыз тилинде «тамга» же «эн тамга белгилери» деп аталып жүрөт. Эн тамгалар этногенезисти, этностук тарыхты, этностук маданиятты иликтеп үйрөнүүдө тарыхый жазма булактар, жер-суу, уруу-урук, эл аталыштары, элдик оозеки чыгармалардын маалыматтары менен катар негизги булактардын бири болуп эсептелет. Аска, таш беттеринде, бейиттерде ж.б.у.с. эзелки эстеликтерде чегерилген тамга жана ушул сыяктуу белгилердин этностук тарыхты иликтөөдөгү ролу өтө зор.

Даректүү жазма булактардын жоктугуна жана алардын өтө сейрек кездешкен шарттарында эн тамгалар айрым этностук топтордун миграциялык ареалын, этностук-маданий байланыштарын ж.б. маалыматтарды тактоого көмөк берери маалым. Евразиянын талаа аймактарында эн тамга белгилери б.з.ч. I-миң жылдыктан белгилүү болуп келет.

Уруулук эн тамга белгилери түрк-монгол, угро-фин, иран тилдүү элдерде эзелтеден сакталып, айрым ареалдарда, өзгөчө кыргыздарда байыртадан туруктуу колдонулуп келди. Уруулук байыркы образдарды, символдорду жана менчикти, көз каранды эместикти чагылдырган белгилерди мамлекеттик, уруулар аралык, чарбалык ж.б. багыттагы керектөөлөрдө пайдалануу түрк тилдүү элдерде бир кылка тараган эмес.

Тагыраак айтканда, эн тамга белгилерин коомдо жогорудагыдай максаттуу пайдалануу түрк тилдеринин генеалогиялык жиктешүүсүндөгү кыргыз-кыпчак, кыпчак, огуз (түркмөн), тукюй-уйгур бутактарында сүйлөгөн элдерге (кыргыздар, кара калпактар, хакастар, алтайлыктар, тувалар, башкырлар, ногойлор, казактар) мүнөздүү көрүнүш. Көчмөн жана жарым көчмөн шартка ыңгайлашкан кыргыз коомундагы эн тамга белгилеринин өзгөчө маанисин этностук аталыштар (этнонимдер) да чагылдырары анык. Мисалы, кош тамга (мунгуш), жагалмай тамга (мунгуш), ача тамга (жору), кайчы тамга (жору), кош бычак (багыш), жогору тамга (кытай), төмөн тамга (кытай), кылыч тамга (басыз), керки тамга (басыз), жаа тамга (азык), ай тамга (саруу), жогору чекти (багыш), төмөн чекти (саяк), үчек (басыз), үч ок тамга (каңды), жогор тон (мундуз), төмөн тон (мундуз), кырк тамга (каңды) ж.б.

Белгилей кетчү маселе, эн тамганын аталышына байланышкан этнонимдердин басымдуу бөлүгү уруулук ири топтордун (фратриалдык топтор) аталыштары катары да маалым. Чарбалык жана аскердик керектөөлөрдөн келип чыккан мындай системадагы (дуалдык) жиктелүү байыркы хуннулардан белгилүү.

Уруулук (урук) эн тамгаларды тотем сыяктуу эле уруу-уруктарды, этностук топторду бирин экинчисинен айырмалоочу агрибуттар катары кызмат кылган этностук мүнөздөгү маанилүү булак катары караса болот. А.Аристов б.з. V к. байыркы гаогюйларда (теле уруулары) төрт түлүк малга айырмалоочу эн тамга белгилери коюлганын жазат.

Кытай жыл баяндарында чагылдырылган бул даректүү маалыматтарда эн тамгалуу малга бөтөн кишилер кол салышпагандыктары баяндалат. Дегеле, байыркы көчмөндөр дүйнөсүндө жана көчмөндөрдүн аң-сезиминде менчик малга кол салуу кылмыштын эң жогорку чеги катары кабыл алынып келген.

Мал уурдагандар сөзсүз өлүм жазасына тартылышкан. В.В.Радлов алтайлыктар өз жылкыларын эркин коё беришерин, менчиктеги эн тамгалуу жылкыга кол салуу кулак угуп, көз көрбөгөн кылмыш болорун байкаган. Тамга мамлекеттик жана уруулук бирикмелер деңгээлиндеги маанилүү иштерде, жалпы уруулук менчиктеги байлыкка, төрт түлүк малга белги коюуда пайдаланылып, көз каранды эместиктин, эркиндиктин, өз алдынчалыктын белгисин аныктап келген. Көчмөндөр көз каранды эместиктин даана атрибуту - жалпы уруулук (сөөк) эн тамгага өтө ыйык нерсе катары мамиле жасашкан. Эн тамгаларды коомдук, чарбалык ж.б. иштерде пайдалануу эзелки коло доорунан эле белгилүү. Арийне, алардын маанилери жана келип чыгыш принциптери жалпы болгону менен, эн тамгалардын пайда болгон мезгилдерин, толук маани мазмунун так аныктоо татаалга турат. Айрым илимпоздордун пикирлеринде уруулук эн тамга белгилери коомдук процесстин эволюциялык өнүгүүсүнө байланыштуу жалпы уруулук (урук) менчиктеги тамгадан жеке менчикти аныктаган белгиге өсүп чыккан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!