СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Урматтуу достор!

Категория: Астрономия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Урматтуу достор!»

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ



КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ









«ИНФОРМАТИКА»

боюнча

предметтик стандарт



5-9 - класстар









Эксперт: п.и.д., профессор А. Мамытов





Иштеп чыккандар:

п.и.д., доцент У.Э.Мамбетакунов,

п.и.к. Ибирайым кызы Айжан,

п.и.к., доцент М.У.Касымалиев








Бишкек ш. 2016-ж.


МАЗМУНУ



I. БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБО



1.1.

Документтин статусу жана түзүмү……………………………........

3

1.2.

Жалпы билим берүүчү уюмдар үчүн негизги нормативдик документтердин системасы .............................................................


4

1.3.

Негизги түшүнүктөр жана терминдер ..…………………..............

4


II. БӨЛҮМ. ПРЕДМЕТТИН КОНЦЕПЦИЯСЫ



2.1.

Предметти окутуунун максаты жана милдеттери ..…..................

9

2.2.

Предметтин методологиялык негизи ....…………………..............

10

2.3.

Компетенттүүлүктөр ............................……………………..............

11

2.4.

Негизги жана предметтик компетенттүүлүктөрдүн байланышы……………………………………………………………

17

2.5.

Мазмундук багыттар. Курстун логикалык түзүмү...........……....

18

2.6.

Окуу материалдардын мазмундук багыттарга жана класстарга бөлүштүрүлүшү……………………..............................


23

2.7.

Предметтер аралык байланыш .......……………………................

24


III. БӨЛҮМ. БИЛИМ БЕРҮҮНҮН НАТЫЙЖАЛАРЫ ЖАНА БААЛОО



3.1.

Окутууда окуучулардан күтүлгөн натыйжалар (окутуунун баскычтары жана класстары боюнча) ...….....................................

25

3.2.

Окуучулардын жетишкендиктерин баалоонун негизги стратегиялары .....................................................................................

34


IV. БӨЛҮМ. БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОЦЕССИН УЮШТУРУУГА КОЮЛГАН ТАЛАПТАР



4.1.

Ресурсттук камсыздоого коюлган талаптар ..………....................

40

4.2.

Шыктандыруучу окуу чөйрөсүн түзүү ....……………...................

42


Колдонулган адабияттар...………………………………………......

43


I. БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБО

1.1. Документтин статусу жана түзүмү


Информатика предмети боюнча предметтик стандарт Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамынын 5-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы «Кыргыз Республикасынын жалпы жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандартын бекитүү жөнүндөгү» №403 Токтомуна ылайык иштелип чыкты жана окутуу баскычтарында стандарт Информатика предметин Кыргыз Республикасынын мектептеринде окуучулар сөзсүз ээ болууга тийиш болгон билимдердин мазмунунун минимумун жана предмет боюнча даярдык деңгээлдерине коюлуучу талаптарды аныктайт.

Предметтик стандарт базалык жана автордук программалар менен окуу китептерин түзүүгө негиз болуп берет жана багыт катары кызмат кылат. Мугалимдин позициясын жана чыгармачыл потенциалын, окуучулардын индивидуалдык жөндөмдүүлүктөрүн, кызыгууларын, муктаждыктарын, билим берүү уюмунун материалдык базасын, жергиликтүү социалдык шарттарды, улуттук каада-салттарды, эмгек рыногунун өзгөчөлүгүн эске алуу менен автордук окуу курсун түзүүгө карата ар кандай жолдорду ишке ашырууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Предметтик стандарт билим берүү процессинин бардык катышуучуларынын “Информатика” предметин окутуунун максаттары, мазмуну, ошондой эле окуу каражаттары аркылуу окуучуларды окутуу, тарбиялоо жана өнүктүрүүнүн жалпы стратегиялары тууралуу маалымат алуусун камсыздоо менен бирге, предметтин мазмундук жана тематикалык багыттарын аныктайт, предмет аралык байланыштарды, негизги жана предметтик компетенттүүлүктөрдү, окуу процессинин логикасын, ошондой эле окуучулардын жаш өзгөлүктөрүн эске алуу менен бөлүмдөр боюнча окуу сааттарынын болжолдуу бөлүнүшүн жана аларды окутуунун ырааттуулугун камсыз кылат.

Табигый билимдер, маалымат технологиялары, ишкердик, гуманитардык жана техникалык илимдер тармагындагы билимдерди синтездеген «Технология» аттуу билим берүү тармагы адамдын иш-аракетинин түрдүү багыттарында колдонулушун аныктайт жана жалпы билим берүүнүн прагматикалык багытын камсыздайт. Билим берүүнүн бул тармагында окуучулардын чыгармачыл багытта өнүгүүсүнө көмөктөш болгон өз алдынча аткара турган долбоордук жана изилдөө иш-аракеттери негизги ролду ойнойт.

Стандарттын Жобосу төмөнкүдөй билим берүү мекемелери тарабынан колдонулууга жана сакталууга тийиш:

  • тибине жана түрүнө, мамлекеттик же жеке менчик экендигине карабастан Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мекемелеринде;

  • Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы лицензиялоо жана аттестациялоо боюнча мамлекеттик инспекциясында.

1.2. Жалпы билим берүүчү уюмдар үчүн негизги нормативдик документтердин системасы

Бул стандарт төмөнкү нормативдик документтердин негизинде түзүлдү:

- Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамы. - Бишкек, 2003-ж.

- КР жалпы билим берүүчү мектептеринде информатика предметин окутуунун Концепциясы (2015-ж. май айында жаңыланган).

- «Кыргыз Республикасынын мектептеринде жалпы орто билим берүүнүн мамлекеттик стандартын бекитүү жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы №403 Токтому.

- Кыргыз Республикасын 2013-2017-ж.ж. туруктуу өнүктүрүү багытындагы улуттук стратегиясы;

- Кыргыз Республикасын 2013-2017-ж.ж. туруктуу өнүктүрүү багытындагы улуттук стратегиясын ишке ашыруу боюнча Өкмөттүн программасы;

- Кыргыз Республикасынын жалпы орто билим берүүчү уюмдары үчүн Базистик окуу планы.


1.3. Негизги түшүнүктөр жана терминдер


Информатикалык билим берүүнүн предметтик стандартында негизги түшүнүктөр жана терминдер төмөнкү мааниде пайдаланылат:

Мамлекеттик стандарттагы терминдер:

  • Баа – окуучунун жетишкендиктерин баалоонун сандар, тамгалар же башка түрдөгү сапаттык туюндурулушу.

  • Баа берүү – Мамлекеттик жана предметтик стандарттарда белгиленген компетенттүүлүктөрдүн окуучуларда калыптануу даражасын сапаттык жактан аныктоо.

  • Баалоо – окуучулардын когнитивдик (таанып-билүү), аффективдик (эмоция жана баалуулук) жана жүрүм-турумдук иш-аракеттерин, мугалимдин, класстын, мектептин ишмердүүлүгүн байкоо, ошондой эле билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында маалыматты сыпаттоо, жыйноо, каттоо жана интерпретациялоо процесси. Индивидуалдык билимдердеги жетишкендиктерди аныктоодо баалоонун үч формасы: диагностикалык, формативдик жана суммативдик баалоо колдонулат.

  • Базалык мазмун – билим берүү мекемелеринин кайсы бир тибине киргендигине карабастан, бардык жалпы билим берүүчү мектептер үчүн информатика боюнча билим берүүнүн негизги компоненти болгон туруктуу (инварианттык) ядро катары эсептелет;

  • Базистик окуу планы – милдеттүү предметтердин тизмесин, аларды окутуунун ырааттуулугун, окуу жүктөмүнүн көлөмүн жана формасын аныктаган документ;

  • Билим берүү тармагы – адам баласынын белгилүү бир ишмердүүлүк тармагына тийишелүү болуп, илимий жана практикалык иш-аракеттин педагогикалык жактан адаптацияланган тажрыйбасы катарында берилген билим берүүнүн мазмуну.

  • Билим берүүнүн сапаты – билим берүүнүн натыйжасынын билим берүү тармагынын ар кандай субъектилери (окуучулар, педагогдор, ата-энелер, жумуш бергендер, коом) тарабынан күтүлгөн натыйжаларга же коюлган максат, милдеттерге ылайык келүү даражасы.

  • Жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандарты – жалпы билим берүү программаларынын милдеттүү мазмунунун минимумун жана окуучуларга бериле турган окуу жүктөмүнүн максималдуу көлөмүн, билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнүн даярдык деңгээлин, ошондой эле билим берүү процессин камсыз кылуу (материалдык-техникалык, маалыматтык жана лабораториялык, маалыматтык жана методикалык, кадрлык камсыз кылуу менен бирге) боюнча негизги талаптарды аныктай турган мамлекеттик билим берүү стандартынын бир бөлүгү;

  • Индивидуалдык билим берүү траекториясы – ар бир окуучунун билим берүүдөгү жекече максаттарын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттеринин ырааттуулугу. Мындай ырааттуулук окуучулардын жөндөмдүүлүгүнө, мүмкүнчүлүгүнө, мотивациясына, кызыгуусуна ылайык келип, мугалимдин ата-энелер менен биргелешкен координациялык, уюштуруучулук, консультациялык иш-аракети аркылуу ишке ашырылат;

  • Инклюзивдик билим берүү – улуттук билим берүү системаларынын окуучулардын керектөөлөрүнө жана муктаждыктарынын түрдүүлүгүн эске алуусу. Процесс балдарды сегрегациялоонун эч кандай формасына жол бербейт жана окуунун ийгиликтүү болушу менен социалдашуусуна шарт түзөт;

  • Компетенттүүлүк  белгилүү бир кырдаалда (окуу, инсандык, кесиптик иште) адамдын өз алдынча билимдерди, ыктарды жана жөндөмдүүлүктөрдү жана алардын ар кандай элементтерин колдоно алуучу өзүнүн көп кырдуу жөндөмү.

  • Маалыматтык компетенттүүлүк – 1) инновациялык технологиялар тармагында теориялык билимдер менен практикалык билгичтиктерди интеграциялоонун жана жеке касиеттердин белгилүү топтомунун негизинде ишке ашырылган татаал жеке психологиялык билим; 2) адам тарабынан технологиялык каражаттардын жардамы менен өз алдынча активдүү маалыматты иштеп чыгуу, алдын ала байкалбаган абалдарда принципиалдык жаңы чечимдерди кабыл алуу билгичтиктерин камтыган жаңы билим.

  • Натыйжалар (билим берүүчүлүк) – инсандык, жарандык жана кесиптик жактан өзүн-өзү аныктоону ишке ашыруу үчүн жетиштүү болгон индивидуалдык компетенттүүлүктөрдүн жыйындысы.

  • Негизги компетенттүүлүк – коомдун, мамлекеттин, жеке инсандын кесиптик буйрутмасына (заказына) шайкеш келген, окуу предметтеринин базасында жүзөгө ашырылган, окуучунун социалдык тажрыйбасына негизделген, көп функционалдуу, предметтик билимден жогору турган билим берүүнүн өлчөнүүчү натыйжасы.

  • Окутуунун максаттары окуучулардын когнитивдик (таанып-билүүчүлүк), аффективдүү (эмоционалдык-баалуулук) жана жүрүм-турум эрежелерин камсыз кылган окутуунун жыйынтыктоочу жана аралык натыйжалары. Алар окуучудагы негизги жана предметтик компетенттүүлүктөрүнүн мугалим өлчөп, баалай ала турган белгилүү бир деңгээли менен туюндурулат.

  • Окутуунун технологиялары – билим берүү максаттары менен натыйжаларына жетүү жана баалоого багытталган окуу процессин уюштуруу жолдору менен методдордун системасы.

  • Окуу материалдары – окуу ишмердүүлүгүн колдоо жана окуу процессин уюштурууга багытталган методикалык материалдар, тематикалык топтомдор, программалык жана таяныч каражаттар.

  • Окуу программасы – милдеттүү билим берүүнүн мазмунун аныктаган жана билим берүү процессин багыттап турган негизги документ. Окуу программасы методикалык жактан иштелип чыккан конкреттүү окутуу стратегиясын жана тактикасын көрсөтөт. Окуу программасындагы окутуунун максаты окутуу курсунун мазмуну жана милдеттери көрсөтүлөт.

  • Өзүн-өзү уюштуруу жана проблемаларды чечүү компетенттүүлүгү – окуудагы жана/же турмуштагы ар кандай абалдарда ээ болгон информацияны ар түрдүү карама-каршылыктарды жоюуда, аларды ар кандай ыкмаларды колдонуу менен өз алдынча же болбосо башкалар менен биргелешип чечүүдө, андан аркы иш-аракеттерди белгилөөдө колдоно алуу билгичтиги.

  • Предметтик компетенттүүлүктөр – негизги компетенттүүлүккө карата жекече компетенттүүлүк, т.а. ар бир предметтин материалында билим берүүнүн натыйжаларынын топтому түрүндө аныкталат.

  • Социалдык жана коммуникативдик компетенттүүлүк – башка адамдар менен мамиле түзүү жана ал мамидени улантуу жөндөмдүүлүгү. Компетенттүүлүктүн курамына натыйжалуу мамиле жана байланышты камсыз кылган билим, билгичтик жана көндүмдөрдүн жыйындысын киргизүүгө болот. Социалдык жана коммуникативдик компетенттүүлүк байланыш чөйрөсүн жана тереңдигин өзгөртүүнү, байланыш түзгөн адамдарды түшүнө билүүнү жана аларга түшүнүктүү болууну талап кылат.


Предметтик терминдер:

  • Алгоритм – Коюлган максатка ылайык иш-аракеттердин так жана удаалаш аткарылуу ырааттуулугу.

Алгоритмди ар түрдүү ыкмалар менен берүүгө болот (текст, оозеки, графика, сүрөттөө - блок схема, белгилүү бир программалоо тилдери аркылуу ж.б.). Программабул программалоо тилинде жазылган алгоритм болуп эсептелет.

  • Долбоор –практикалык же теориялык мааниге ээ болгон маселени чечүүдө алына турган натыйжага багытталган, окуучулардын өз алдынча же топтун ичиндеги ишмердүүлүгүн талап кылып, алардын когнитивдик (таанып-билүү), аффективдик (эмоция жана баалуулук) жана жүрүм-турумдук иш-аракеттерин уюштурууну камсыздаган педагогикалык технология;

  • Интернет (англ. Internet лат. Inter – аралык жана англ. net – түйүн –желе, байланыш) – регионалдык, улуттук, жергиликтүү жана башка байланыштарды бириктирген электрондук байланыштын эл аралык (дүйнөлүк) компьютердик түйүнү. Илимий-техникалык маалыматтар маалымат алмашуунун жогорку деңгээлге чыгуусун шарттайт.

  • Информатика (информация жана автоматика сөздөрүнөн) – информация жана информациялар менен иштөө процесстеринин (чечим кабыл алууда информацияны колдонуу топтоо, сактоо, иштеп чыгуу, берүү, анализдөө жана баалоо) мыйзам ченемдүүлүктөрүн окутуп үйрөтүүчү илим. Мындан сырткары, “информатика” түшүнүгү механикалык процедуралардын (же алгоритмдердин) максатка ылайыктуулугун, түзүлүшүн, туюндурулушун жана механизациясын системалык түрдө окуп үйрөнүүгө негизделген эсептөө жана аны колдонууга карата илимий-практикалык ыкма маанисине ээ. Булар информацияны алуу, элестетүү, иштетүү, сактоо, берүү жана ага жетүүнүн негизинде түзөт. Информациялар компьютердин эсиндеги бит түрүндө, же болбосо генде жана биологиялык клетканын белоктук түзүлүшүндөгү коддолгон маалымат түрүндө да болот. Информатика эсептөө машиналары менен эсептөө түйүндөрүндөгү информацияны иштетүүгө тиешелүү болгон дисциплиналарды камтыйт. Информациялар алгоритмдин анализи сыяктуу абстракттуу жана маалыматтарды өткөрүү боюнча программалоо жана протоколдоо тилдерин иштеп чыгуу сыяктуу конкреттүү информация болушу мүмкүн.

  • Информация жана коммуникациялык технологиялар (ИКТ) – информацияны топтоо, иштеп чыгуу, сактоо, жайылтуу, чагылдыруу, аны колдонуу максатында интеграцияланган программалык жана техникалык каражаттардын, методдордун жана процесстердин топтому. ИКТ компьютердик техниканын негизинде иштеген ар түрдүү программалык жана аппараттык каражаттарды, ошондой эле информацияны алууну, топтоону, сактоону, өндүрүүнү жана жеткирүүнү камсыздаган маалымат алмашуунун заманбап каражаттарын жана системаларын камтыйт.

  • Кибернетика – бул жаратылыш системасынын татаал динамикасын башкаруунун оптималдуулугун, башкаруунун жалпы принциптерин, байланыштарын – өзүн-өзү башкаруучу ракета-снаряддардан баштап жогорку ылдамдыктагы машиналар, өтө татаал тирүү организмдерге чейинки ар түрдүү ишмердүүлүктүн негиздерин окутуп үйрөтүү жөнүндөгү илим.

  • Модель – объекттин сырткы чагылдырылышы (кичирейтилип жасалышы, көрсөтүлүшү, сүрөттөлүшү) б.а. чыныгы объект процесс же болбосо кубулуш боюнча жөнөкөйлөштүрүлгөн элестетүүнү пайда кылып, кандайдыр бир максатка ылайык изилденген объекттин моделдештирилиши же анын маанилүү жактарынын жасалма жол чагылдырылышы. Моделдөө – бул объектилердин, процесстердин жана кубулуштардын моделдерин түзүү иш-аракети.

  • Объект – баштапкы жана ага аныктама берилбеген илимий түшүнүк.

  • Программалык камсыздоо – бул маалыматтарды компьютерде автоматтык түрдө иштеп чыгууга мүмкүндүк берген программалардын жыйындысы. Программалык камсыздоо системалык (жалпы) жана колдонмо (атайын) болуп экиге бөлүнөт.

  • Система – (system – бөлүктөрдүн биригүүсү; грек.) кандайдыр бир кубулуштун же изилдөө предметинин (объектилердин) бүтүндүгүн пайда кылган жана алардын өз ара байланышын түзүп турган элементтердин жыйындысы.

II. БӨЛҮМ. ПРЕДМЕТТИН КОНЦЕПЦИЯСЫ


2.1. Предметти окутуунун максаты жана милдеттери

Учурдагы информациялык билим берүү коомундагы окуу-тарбия процессин уюштуруу – заманбап мектеп окуучусунун информациялык маданиятынын калыптандыруучу, ошондой эле информациялык жана коммуникациялык технологияларды (ИКТ) пайдалануу муктаждыктарын канааттандыруучу негизги шарттардын бири болуп саналат.

ИКТ каражаттары окуу процессин индивидуалдаштырууга, анын таасирдүүлүгү менен натыйжалуулугун жогорулатууга шарт түзөт. Дал ушул “Информатика” курсунда окуучулар маалымат технологияларынын теориялык негиздери менен таанышып, ИКТ каражаттарын колдонуунун практикалык билимине ээ болушат. Бүгүнкү күндө ИКТ каражаттары башка предметтерди өздөштүрүүдө да, күнүмдүк турмушта да кеңири колдонулууда.

Информатиканы окуп, аны өздөштүрүү – жалпы билим берүүнүн башкы максаттарына жетишүүсү үчүн маанилүү салым кошуу менен бирге, төмөнкү милдеттерди ишке ашырууга көмөк көрсөтөт:

5 – 6- класстар

– окуучуларда жалпы билим, билгичтиктерди информатиканын жана ИКТнын методдорунун, каражаттарынун жана ыкмаларынун негизинде өнүктүрүү, тактап айтканда, информациянын ар кандай түрлөрү менен иштөө, өз алдынча иш-аракеттерди пландоо, жекече жана топто маалыматтык ишмердүүлүгүн жүргүзүү, натыйжаларга жетишүү жана аларды баалоо жөндөмдүүлүктөрүн өздөштүрүү;

– окуучуларда информация менен иштөөгө карата жоопкерчиликтүү жана тандоочу мамилени калыптандыруу, таанып-билүү, интеллектуалдык жана чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү.

7 – 9-класстар

– окуучуларда бирдиктүү, бүтүн дүйнөлүк көз карашты калыптандыруу, инсан жана коомдун өнүгүүсүнүн негизги стратегиялык ресурсу катары эсептелген информация тууралуу билимди жогорулатуунун, ошондой эле бүгүнкү күндө информациялык процесстердин аткарган ролун түшүнүүнүн эсебинен илим жана коомдук практиканын учурдагы деңгээлине дал келген көз карашты калыптандыруу;

– окуучуларда жалпы окуу жана маданий көндүмдөрдү андан-ары өркүндөтүү; информатика жана ИКТ багытындагы билимдерди, билгичтиктерди жана көндүмдөрдү жалпылоо жана системалаштыруу процессинде информация менен иштөө боюнча окуучулардын өз алдынча окуу иш-аракетин (долбоор, моделдөө, изилдөө иш-аракети ж.б.) өнүктүрүү;

– окуучуларда информация менен иштөөгө карата жоопкерчиликтүү жана тандоочу мамилени калыптандыруу, укуктук жана этикалык тараптарын эске алуу менен билим алууну улантууга умтулуу жана ИКТ каражаттарын колдонуу аркылуу жаратуучулук ишмердүүлүк аткаруу шыгын калыптандыруу.


2.2. Предметтин методологиялык негизи


Предметтин методологиялык негизин компетенттик жана системалык-ишмердүүлүк мамиле түзөт.

Компетенттик мамиле түшүнүгүнүн маңызы жалпы адамзаттык, улуттук баалуулуктардын алкагында окуучуларда коом үчүн, анын жеке өзү үчүн зарыл болгон компетенцияларды калыптандырууда жана өнүктүрүүдө турат. Стандарттын биринчи мууну «билимге ээ болуучулук», «билим алуучулук» парадигмасына ылайыкталгандыгына күбө болсок, эми учурдагы зарылчылык – стандарттын жыйынтыктуулук, кайтарымдуулук, б.а. «ишмердүүлүк» парадигмасына негизделиниши белгиленди.

Ал эми системалык-ишмердүүлүк мамиленин чегинде мектептик билим берүүнү бардык предметтерин окуп-үйрөнүүдө, ошондой эле сабактан жана мектептен тышкаркы иш-аракеттерде информатиканын колдонулушун талап кылган окутуунун заманбап стратегиялары ишке ашырылат.

Информатика предметин окуу предмети катары да, окутуунун каражаты да окуу предметтер аралык байланыштар менен окутуу өзгөчөлүгү бар. Информатика сабагында өздөштүрүлгөн билимдер жана иш-аракеттер (ИКТ каражаттарын колдонуу менен бирге) окуучулар тарабынан башка предметтерди окуп-үйрөнүүдө да, башка турмуштук кырдаалдарда да колдонулууда. Мындай билимдер инсандын калыптануусунда маанилүү роль ойноодо. Мектепте информатика предмети окутула баштаган күндөн тартып, билим берүү натыйжаларын калытандыруу тажрыйбасы топтолуп келген. Муну азыркы күндө билим берүүнүн заманбап натыйжалары деп аташат.

Бүгүнкү биз жашап жаткан мезгилдин негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири катары бизди курчап турган айлана-чөйрөдө токтоосуз өзгөрүүлөрдүн болуп турушу. Жашоонун мындай шарттарында адамдын профессионалдуу мобилдүүлүгүн, маалымат технологиялары менен бирге башка көптөгөн жаңы технологияларды өздөштүрүүгө даярдыгын камсыз кыла турган негизги билим берүү абдан маанилүү болуп саналат. Инсанды коомдогу болуп турган ылдамдыгы өтө тез өзгөрүүлөргө даярдоо муктаждыгы окуучулардагы ой жүгүртүүнүн ар түрдүү формаларын, окуучуларда өздүк билим алуу ишмердүүлүгүн уюштуруу жөндөмдүүлүгүн, алардын ишмердүүлүгүнүн жашоо позициясына багытталуусун калыптандырууну талап кылат.

Негизги мектептин информатика курсунун мазмунунда информатиканын фундаменталдык негиздерин окуп-үйрөнүүгө, маалыматтык маданияттын калыптанышына, алгоритмдик ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө басым жасалышы керек. Башкача айтканда, аталган курстун жалпы билим берүүчүлүк потенциалын толугу менен ишке ашыруу зарыл. Негизги мектепте окутулган информатика сабагы башталгыч мектепте пропедевтикалык курсту жана жогорку класстарда информатиканы үйрөтүү курсун камтыйт (негизги же профилдик деңгээлде). Ал эми башталгыч билим берүүнүн мамлекеттик стандартына ылайык, башталгыч мектептин акыркы класстарында окуучулар баштапкы ИКТ-компетенттүүлүктөрүнө ээ болуулары зарыл. Кийинки, негизги мектепте, 5-класстан тартып, алар өздөштүргөн техникалык билимдерди жана көндүмдөрдү башка сабактарды окуу учурунда колдонуу аркылуу андан-ары өнүктүрүшөт.

Базистик окуу планынын мамлекеттик компонентине ылайык, жалпы орто билим берүүнүн негизги жана жогорку баскычтарында Информатика предметине төмөндөгүдөй окуу жүктөмү аныкталган:

  1. Негизги класста (5-9-класстарда) – жумасына 1 саат, окуу жылына 34 саат каралып, анын ичинен:

  • 5- класс – жумасына 1 саат

  • 6- класс – жумасына 1 саат

  • 7- класс – жумасына 1 саат

  • 8 - класс – жумасына 1 саат

  • 9- класс – жумасына 1 саат

  1. Жогорку класста (10-11-класс) – жумасына 1 сааттан бөлүнгөн.


    1. Компетенттүүлүктөр


Мектепте Информатика предметин окутууда окуучулар негизги жана предметтик компетенттүүлүктөргө ээ болушат.

Компетенттүүлүк – (лат. ылайык келүү, шайкештик) – белгилүү бир кырдаалдарда (окуу, инсандык, кесиптик иште) окуучунун билимдерди, ыктарды жана жөндөмдүүлүктөрдү жана алардын ар кандай элементтерин өз алдынча колдоно алуучу өзүнүн көп кырдуу жөндөмү.

Негизги компетенттүүлүктөр конкреттүү предметтин мазмунунда калыптанып, ишке ашырылган жана окуучунун социалдык тажрыйбасына негизделген билимдин натыйжалары болуп эсептелет. Негизги компетенттүүлүктөр көп функциялуулулугу менен айырмаланат.

Негизги компетенттүүлүктөрдүн топтомун аныктоо үчүн критерий катары ресурстардын негизги категориялары кабыл алынган, аларды адамдар азыркы дүйнөдө ийгиликтүү жана атаандаштыкка жарамдуу болуу үчүн инсандык жана кесиптик чөйрөлөрдө колдонушат:

  • маалыматтык ресурстар;

  • ресурс катары башка адамдар жана адамдардын топтору;

  • ресурс катары адам өзү.

Ушуга байланыштуу негизгилер катары төмөнкү үч компетенттүүлүк каралат:

1) маалыматтык компетенттүүлүк – өз ишмердүүлүгүн пландаштыруу жана ишке ашыруу, аргументтүү тыянактарды чыгаруу үчүн маалыматты пайдаланууга болгон даярдык. Маалымат менен иштей билүү төмөнкүлөрдү: жетпеген маалыматты максаттуу издөөнү, айрым фрагменттерди салыштырууну; бүтүн алып анализдөө көндүмдөрүнө ээ болууну; божомолдорду (гипотезаларды) коё билүүнү карайт. Адамга сынчыл ой жүгүртүүгө негизделген маалыматтын негизинде ойлонулган чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк берет.

2) социалдык-коммуникативдик компетенттүүлүк – өз умтулууларын башка адамдардын жана социалдык топтордун кызыкчылыктары менен шайкеш келтирүү, позициялардын ар түрдүүлүгүн таануунун жана башка адамдардын баалуулуктарына (диний, этникалык, кесиптик, инсандык ж.б.) сыйлуу мамиленин негизинде өз көз карашын цивилизациялуу коргоого болгон даярдык. Диалогдо керектүү маалыматты алуу жана инсандык, социалдык жана кесиптик проблемаларды чечүү үчүн аны оозеки жана жазуу жүзүндө туюнта билүү зарылдыгы. Милдеттерди чечүү үчүн башка адамдардын жана социалдык институттардын ресурстарын пайдаланууга мүмкүндүк берет.

3) өзүнзү уюштуруу жана маселелерди чечүү компетенттүүлүгү – маалыматта, окуудагы жана турмуштук кырдаалдардагы карама-каршылыктарды табууга жана ар түрдүү ыкмаларды өз алдынча жана башка адамдар менен өз ара биргелешип колдонууга, ошондой эле андан аркы аракеттер тууралуу чечимдерди кабыл алууга болгон даярдык.

Компетенттүүлүктөрдүн калыптануу деңгээлдерин аныктоо үчүн негиз болуп окуучунун өз алдынчалыгынын деңгээли жана маселени чечүүдө ишмердүүлүктүн пайдаланылган түрлөрүнүн татаалдыгы эсептелет. Компетенттүүлүктүн ар бир түрү бир катар аспектилерди камтыйт. Ар бир аспект үчүн калыптануунун үч деңгээли белгиленген.

Биринчи деңгээл (репродуктивдүү) окуучулардын үлгү боюнча (аткаруунун берилген алгоритмин) аткара билүүсү менен мүнөздөлөт.

Экинчи деңгээл (продуктивдүү) окуучулар жөнөкөй ишмердикти аткаруу, ал ишмердиктин өздөштүрүлгөн алгоритмин башка кырдаалда колдонуу жөндөмдүүлүгү менен мүнөздөлөт.

Үчүнчү деңгээл (креативдүү) окуучулардын өз алдынча конструкциялоонун элементтери жана аны негиздөө менен коштолгон татаал составдуу ишмердикти аткарууну билдирет.

Компетенттүүлүктүн белгиленген деңгээлдери окутуу баскычтары менен түздөн-түз салыштырылган эмес. Окутуунун ар бир деңгээлинде окуучунун курактык жана жеке өзгөчөлүктөрүнө ылайык жана билим берүү шарттарын эсепке алуу менен бардык деңгээлдердеги компетенттүүлүктөргө ээ болушу күтүлөт.

Мындай мамиле ар бир окуучунун жакынкы өнүгүү зонасын эсепке алууну жана билим берүү жыйынтыктарына жетишүүнү камсыз кылат.

Компетенциялар

Негизги компетенттүүлүктөрдүн калыптануу деңгээлдери








Маалыматтык


Репродуктивдүү

- Информатика предмети жана анын методдору жөнүндө түшүнүккө ээ болуу;

- операциялык система жана стандарттуу колдонмо программалык камсыздоонун милдети туурасында жөнөкөй түшүнүккө ээ болуу;

- мектепте окутулуп, турмушта кездешкен натуралык жана маалыматтык моделдерди бири-биринен ажырата билүү;

- электрондук документтер (тексттер, электрондук таблицалар) менен иштөө үчүн керек болгон Office колдонмо программаларынын пакети жөнүндө түшүнүккө ээ болуу;

- реляциондук маалыматтар базасынын жардамы менен маалыматтарды түзүү жана иштетүүгө арналган прикладдык программалар тууралуу билүү;

- коомдун жана инсандын маалыматтык коопсуздугуна байланыштуу проблемалар жөнүндө; программалык камсыздоого болгон автордук укуктар жана аларды колдонууга карата колдонуучу укуктар жөнүндө түшүнүккө ээ болуу;

Продуктивдүү

- окуучулар күнүмдүк турмушта кездештирген маалыматтарды алып жүрүүчүлөрдү сүрөттөп берүү;

- алгоритмдин жазылышын бир формадан экинчи формага өткөрө билүү;

- компьютерди программалык жана аппараттык каражаттарынын бирдиктүү иштөө функцияларын анализдөө;

- негизги жана перифериялык жабдууларды ажырата билүү;

- мультимедиялык файлдарды түзүүнүн ыкмаларын айтып берүү, музыка угуу, видеолорду көрүү;

- ар бир позициялык системаны белги катары анализдөө;

- видеофайлдардын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу;

- видео файлдарды иштеп чыгуучу программалардын функционалдык маанисин аныктоо;

- түзүлүп жаткан мультимедиялык объектинин идеясына ылайык келген иллюстрациялык материалдарды тандай алуу;

- Дүйнөлүк желенин түзүлүшүн сүрөттөө;

- Web-баракчасын түзүүнү элементардык долбоорлоо, түзүү, жайгаштыруу жана алып баруу ыкмаларын сүрөттөп берүү.

- татаал графикалык объектилердин ичинен жөнөкөй объектилерди бөлүп көрсөтүү (графикалык примитивдер);

- сүрөттөрдү түзүүгө арналган негизги операцияларды аткаруу үчүн графикалык редактордун каражаттарын аныктоо;

- маалымат моделдеринин өзгөчөлүктөрүн жана маалыматтык моделдөө принциптерин түшүндүрүп берүү;

- маалыматтык коомдун негизги өзгөчөлүктөрүн жана маалыматтык маданиятты түзүүчү компоненттерди классификациялоо.

Чыгармачыл

- өздөштүрүлгөн теориялык билимдердин негизинде күнүмдүк жашоодо колдонулуучу алгоритмдерди түзүү;

- объектинин моделин чыгармачылык менен сүрөттөө;

- өз алдынча долбоорлорду, М.: кийимдердин, имараттардын, машиналардын ж.б. пландаштырат;

- долбоорлордун ишенимдүүлүгүн жана туруктуулугун өз алдынча текешере алат;

- оозеки презентацияларды жеңилдетүү максатында жазуу иштерин даярдай алат/же тескерисинче.









Социалдык-коммуникативдик

Репродуктивдүү

- күнүмдүк турмуш менен байланышкан маалыматтарды талкуулоо иш-аракетине активдүү катышуу;

- жеке турмуштук тажрыйбасынан алынган алгоритмдерге мисал келтирүү;

- компьютерди адамдын коом ичиндеги маалыматтык ишмердүүлүгүнүн куралы катары көрсөтүү.

Продуктивдүү

- комплекстүү Web-долбоорлор менен топтун ичинде иштөө жөндөмдүүлүктөрүн колдонуу;

- тармактык программаны жана аппараттык камсыздоону колдонуу;

- видеофайлдарды иштеп чыгуучу программаларды жана видео (видеоролик) менен иштөө редакторун колдонуу менен топтук долбоорлорду жаратуу;

- жеке жана топ ичинде графикалык долбоорлорду жаратуу;

- плакаттарды жана презентацияларды жасоо менен командалык-долбоордук иштерге катышуу.

Чыгармачыл

- инструменталдык программалык каражаттардын жетишкендиктери менен кемчиликтерин аныктоо боюнча топтук талкууларга катышуу;

- моделдөөчү объектинин моделинин, дегеле моделдөөнүн максатына ылайык келүүсүн баалоо;

- жөнөкөй электрондук схемаларды анализдөө;

- катышуучулардын жана/же өзүнүн кызыкчылыгында коммуникацияны колдонуунун алгылыктуу жана кемчилик жактарын анализдөө;

- өзүнүн (же башканын) ишмердүүлүгүнө карата аргументтүү бүтүм чыгаруу;

-













Өзүн-өзү уюштуруу жана проблемаларды чечүү

Репродуктивдүү

- техникалык кесиптер туурасында негиздүү түшүнүккө ээ, ошондуктан кесипти аң-сезимдүү түрдө тандай алуу;

- Интернет жана башка маалымат булактарынан алынган маалыматтарга анализ жүргүзө алуу;

- кабинетте жана үйдө ПК менен иштөө учурунда техникалык коопсуздук эрежелерин сактоо.

Продуктивдүү

- компьютерди башка предметтерди окуп-үйрөнүү максатында колдонуу;

- ар түрдүү предметтик тармактардан алынган даяр компьютердик моделдер менен иштөө;

- электрондук документтерди түзүүдө тексттик редакторлорду колдонуу;

- ар түрдүү сүрөттөрдү графикалык программалар менен иштеп чыгуу;

- навигация программалардын жана издөө программалардын жардамы менен Интернеттен маалыматтарды издөө, маалыматтарды электрондук почта менен жөнөтүү ж.б.;

  • күнүмдүк турмушунда мектепте өздөштүргөн билимдерин, жөндөмдүүлүктөрүн, көндүмдөрүн техникалык жактан туура жана коопсуз формада колдонуу;

- жумуш ордун уюштурууну жана куралдарды, жабдууларды, станокторду техникалык коопсуздук жана өзгөчөлүк жагынан туура колдонууну билүү.

Чыгармачыл

  • ар түрдүү программалоо тилдерин колдонуп, программаларды иштеп чыгуу;

  • жеке маалыматтык маданиятынын деңгээлин баалоо;

  • ар түрдүү материалдардан жана технологиялык тармактардан алынган техникалык чийүүлөрдүн негизинде продуктыларды жаратуу жөндөмдүүлүгү;

  • чыгармачыл идеяларын ишке ашыруу жана тийиштүү ыкмаларды колдонуу;

  • тандалган тема боюнча Web-баракчаларын түзүү;

  • мультимедиялык файлдарды түзүү;

  • өзүнүн ишмердүүлүк багыттарын жана өзүнүн иштерин өз алдынча пландаштырып, көзөмөлгө алуу.


Жогоруда сүрөттөлгөн компетенттүүлүктүн үч түрүнө ылайык, Билим берүүнүн мамлекеттик стандартында өзүнчө (предметтик) компетенттүүлүктөр орун алган. Негизги компетенттүүлүккө караганда жекече мааниге ээ болгон компетенттүүлүк предметтик компетенттүүлүк деп аталат. Бул компетенттүүлүктөр “Технология” деп аталган билим берүү тармагынын чегинде жана окуу предметинде пайда болот.

Предметтик компетенттүүлүктөргө окуучулар тарабынан предметти окуп-үйрөнүү учурунда өздөштүрүлгөн, предметтик тармакка тийиштүү билимдер жана жөндөмдүүлүктөр, окуу предметинин чегинде жаңы билимдерди өздөштүрүүгө, окуу, окуу-долбоордук, социалдык-долбоордук абалдарда кайрадан түзүү жана колдонууга багытталган ишмердүүлүктүн түрлөрү, илимий ой жүгүртүү жөндөмдүүлүктөрү, негизги теориялар, мамиленин типтери жана түрлөрү боюнча илимий түшүнүккө ээ болуу, илимий терминологияны өздөштүрүү, негизги түшүнүктөргө ээ болуу, методдорду жана ыкмаларды үйрөнүү сыяктуу иш-аракеттер кирет. Мындай иш аракеттер төмөнкүдөй предметтик компетенттүүлүктөрдүн аныкталышына негиз боло алат:

  • Маалыматтык сабаттуулук, маалыматтарды издөө, кабыл алуу, аралыкка берүү ыкмаларына ээ болуу. Мында маалыматтар ар түрдүү болушу мүмкүн: текст, таблица, диаграмма жана алардын жыйындысы;

  • Логикалык жана алгоритмдик компетенттүүлүк, логикалык жана алгоритмдик ой-жүгүртүүнүн негиздерин билүү, жөнөкөй алгоритмдерди түзүү жана алгоритм аркылуу иш жүргүзө алуу;

  • ИКТ-квалификациясынын негиздери, маалыматтык маселелерди чечүүдө компьютерди колдонуунун негиздерин жана ИКТнын башка каражаттарын колдоно билүү;

  • Моделдөө жана дизайн. Өндүрүш материалдарына коюлган техникалык-эстетикалык талаптары, өңүнө, түсүнө карата дизайны, түстү көркөмдөп жасалгалап пайдалануунун принциптери тууралуу түшүнүккө ээ болот. Информациялык объекттин моделин түзүп, аны пайдалана алат. Маалымдоо системасын өзүнүн ишинде пайдалануу аркылуу базалык берилиштердин моделин түзө алат. Информациялык моделди топтоодо өзүнүн чөйрөсүндөгү адамдардын телефонунун, кийимдеринин, эмеректеринин жана башка информациялык процесстердин базасын түзө алат.

  • Коммуникациялык компетентүүлүк маалыматтарды аралыкка берүүгө жана алууга байланышкан маалыматтарды алмашуу компетентүүлүктөрүнүн активдүү жагдайы менен байланыштуу.

Жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандартына ылайык, мектепте Информатика сабагын окуунун негизги предметтик натыйжалары «Информация жана информациялык процесстер», «Компьютер», «Алгоритм жана программалоо», «Информациялык-коммуникациялык технологиялар» аттуу мазмундук багыттарда чагылдырылган:

  • маалыматтык жана алгоритмдик маданиятты калыптандыруу;

  • компьютерди маалыматтарды иштетүүчү универсалдуу каражат катары кабылдоо;

  • компьютердик жабдууларды колдонуунун негизги билгичтиктерин жана көндүмдөрүн өнүктүрүү;

  • «информация», «алгоритм», «модель», «программа» сыяктуу негизги түшүнүктөрүн, алардын маанисин, касиеттерин түшүндүрүү;

  • учурдагы коомдун кесиптик ишмердүүлүк үчүн абдан зарыл болгон алгоритмикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү; конкреттүү аткаруучу үчүн алгоритм түзүү жана жаздыруу боюнча билгичтиктерин өнүктүрүү; алогоритмикалык конструкциялар, логикалык маани жана операциялар тууралуу билимин калытандыруу; программалоо тилдеринин бири жана тармактуу, шарттуу, циклдүү деп аталган негизги алгоритмикалык түзүлүштөр менен тааныш болуу;

  • маалыматты формалдаштыруу, структуралаштыруу билгичтиктерин калыптандыруу, алдыга коюлган маселеге таблица, схема, график, диаграмма менен иштөөгө ылайык, маалыматтарды иштетүү боюнча тийиштүү программалык каражаттарды колдонуу, база менен иштөө ыкмасын тандоону билүү;

  • компьютердик программалар жана Интернет менен иштөө учурунда коопсуз жана максатка ылайык иш-аракет аткаруу билгичтиктери менен көндүмдөрүн, ошондой эле маалыматтык этика жана укуктук нормаларын сактоо билгичтиктерин калыптандыруу.


2.4. Негизги жана предметтик компетенттүүлүктөрдүн байланышы


«Информатика» предмети көбүнчө прикладдык мүнөзгө ээ жана интеграция функциясын аткарат. Математика, табигый илимдер, экономика, тил илимдери ж.б. сабактарда өздөштүрүлгөн билим жана компетенцияларды максатка ылайык колдонбой туруп, технологияны түшүнүп, үйрөнүү мүмкүн эмес.

Окуучуларда калыптанып, өнүгө турган билимдер менен маалыматты кабыл алуу жана колдонуу компетенциясы башка компетенциялардын ичинен информацияны издөө, салыштыруу, баалоо жана модификациялоо жөндөмдүүлүктөрүн камтыйт. Сунушталган компетенциялардын ар бири окутуу стратегиялары жана сунушталган баалоо окутуу процесси менен бирдиктүү иш-аракет ичинде болуусун камсыздай тургандай болуп туюндурулушу керек. Таанып-билүү компетенттүүлүктөрү предметке багытталып, түшүндүрүү, колдонуу, интерпретациялоо жөндөмдүүлүктөрүн, ошондой эле чыгармачылык, анализ, баалоо жана туура чечим кабыл алуу сыяктуу мета-таанып билүү жөндөмдүүлүктөрүн камтыйт.

Социалдык жана коммуникативдик өнүгүү компетенциясында “социалдык” жана “коммуникативдик” деп аталган предметтик жөндөмдүүлүктөрдү өнүктүрүүгө байланышкан бардык абалдар көрсөтүлгөн. Мындай компетенттүүлүктөр өз ичине белгилүү кырдаалдарда (предметтик багыт боюнча) башкалар менен иш алып баруу, жеке жана башка социалдык баалуулуктарды предметтин контекстинде кабыл алууну билүү, окуучу коомдук маселе жана көйгөйлөргө учураганда туура жыйынтык жана тандоо жасоо, же болбосо, өз пикирин билдирүүнүн ар түрдүү формалары (жазуу жүзүндө, оозеки түрдө, символдодун жардамы менен, искусство, музыка, театр аркылуу, же физикалык жол менен) аркылуу натыйжалуу баарлашуу үчүн коммуникативдик билгичтиктерин колдонуу жөндөмдүүлүктөрүн камтыйт. Аталган жөндөмдүүлүктөрдүн баары предметтин контексти аркылуу берилген.

Өзүн-өзү уюштуруу жана проблемаларды чечүү компетенциясында өзүн-өзү уюштурууга (чынчылдык, бүтүндүк, аракетчилдик, лидерлик сапат ж.б. инсандык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү) же болбосо проблемаларды чечүүгө (проблема жана маселени аныктоо, проблеманы чечүүдөгү кадамдарды пландаштыруу, далилдерди издөө, жоопторду издөө ж.б.) багытталган компетенттүүлүктөр кирет.


2.5. Мазмундук багыттар. Курстун логикалык түзүмү.


Информатика предметин окуп-үйрөнүүдө жогоруда аталган компетенттүүлүктөрдү калыптандыруу максатында төмөнкүдөй мазмундук багыттар ишке ашырылат:

  • Информация жана информациялык процесстер;

  • Компьютер;

  • Алгоритм жана программалоо;

  • Информациялык-коммуникациялык технологиялар.


«Информация жана информациялык процесстер» мазмундук багыты

Информация. Информациялык объект. Информациялык процесс. Информацияны кабыл алуунун жекечелигине жана информацияны кабыл алуунун абалына байланышкан информациянын субъективдүү өзгөчөлүктөрү: «маанилүүлүгү», «өз убагындагы», «жеткиликтүүлүгү», «актуалдуулугу» ж.б.

Информацияны берүү. Информацияны берүүнүн формалары. Тил информацияны берүүнүн ыкмасы катары: табигый жана формалдык тилдер. Алфавит, алфавиттин ылдамдыгы.

Информацияны коддоо. Коддоонун тарыхый мисалдары. Дискреттик (сандык, анын ичинен экилик) коддоонун универсалдуулугу. Экилик алфавит. Экилик код. Экилик коддун разряддуулугу. Коддун разраяддуулугунун жана коддун комбинацияларынын байланышы.

Эсептөө системалары. Экилик, сегиздик жана он алтылык эсептөө системалары менен таанышуу, алардын ичинен 0дон 256га чейинки бүтүн ондуктарды жазуу. Экилик эсептөө системасынан кичине бүтүн сандарды ондук эсептөө системасына которуу. Экилик арифметика. Позициялык эсептөө системасы. Позициялык эмес эсептөө системасы.

Тексттик информациянын компьютердик берилиши. Коддук таблицалар. Информация алуудагы стандарттуу коддор, улуттук алфавиттин тамгаларын кодировкалоого мисалдар. Юникод стандарты жөнүндө түшүнүк.

Аудио-визуалдык берилиштерди дискреттик берүү мүмкүнчүлүгү (сүрөттөр, фото-сүрөттөр, оозеки кеп, музыка, кинофильмдер). Аудио-визуалдык информацияны сактоонун стандарттары.

Информацияга камтылган маалыматтын өлчөмүн (узундугун) эсептөө ыкмасы. Мындай ыкманын жетишкендиктери жана кемчиликтери. Информацияны өлчөөнүн башка да жолдору. Информацияны өлчөөнүн бирдиктери.

Информациялык процесстин негизги түрлөрү: информацияны сактоо, иштеп чыгуу жана берүү. Ар түрдүү чөйрөлөрдүн системасындагы информациялык процесстерге мисалдар, алардын заманбап жашоодогу аткарган ролу.

Информацияны сактоо. Информацияны алып жүрүүчүлөр (кагаз, магниттик, оптикалык, флэш-эс). Заманбап информация алып жүрүүчүлөрдүн сапаттык жана сандык өзгөчөлүктөрү: Информацияны алып жүрүүчүдө сакталган маалыматтын көлөмү, информацияны жаздыруу жана окуу ылдамдыгы. Информацияны сактоо жайы. Информацияны тармактык сактоо.

Информацияны жеткирүү. Информация булагы, информация каналы, информацияны кабыл алуу. Информацияны жеткирүү ылдамдыгы. Каналдын өткөрүү жөндөмдүүлүгү. Информацияны заманбап байланыш системалары аркылуу жеткирүү.

Информацияны иштетүү. Жаңы информацияны алууга байланыштуу иштетүү. Информациянын мазмунун өзгөртпөстөн, тибин, формасын өзгөртүүгө байланыштуу иштеп чыгуу. Информацияны издөө.

Башкаруу, башкарган жана башкарылган системалар, түз жана карама-каршы байланыш. Жандуу жаратылыштагы, коомдогу жана техникадагы башкаруу.

Моделдер жана моделдөө. Объектинин (предмет, процесс же кубулуштун) натуралык жана информациялык моделдери жөнүндө түшүнүк. Математика, физика, адабият, биология жана башка предметтердеги моделдер. Моделдерди практикалык ишмердүүлүктө колдонуу. Информациялык моделдердин түрлөрү (оозеки сүрөттөө, таблица, график, диаграмма, формула, чийүү, граф, дарак, тизме ж.б.) жана алардын колдонулушу. Моделдин моделдештирилген объектиге жана моделдөө максатына ылайык келүүсүн баалоо.

Графикалар, дарактар, тизмелер, алардын табигый жана коомдук процесстер менен кубулуштарды моделдөөдө колдонулушу.

Компьютердик моделдөө. Илимий-техникалык маселелерди чыгарууда компьютердик моделдерди колдонууга мисалдар. Компьютердик моделдөө цикли жөнүндө түшүнүк: математикалык моделдин түзүлүшү, анын программалык аткарылышы, компьютердик эксперимент жүргүзүү, анын натыйжаларын анализдөө, моделди тактоо.

Сүйлөмдөрдүн логикасы (логика алгебрасынын элементтери). Логикалык маанилер, операциялар (логикалык тануу, логикалык көбөйтүү, логикалык кошуу), туюнтмалар, чындыктын таблицалары.


«Компьютер» мазмундук багыты

Компьютер информацияны иштетүүчү универсалдык түзүлүш катары. Жеке компьютердин негизги компоненттери. (процессор, оперативдүү жана узак мезгилдик эс, информацияны киргизүүчү жана чыгаруучу түзүлүштөр), алардын функциялары жана негизги белгилери (учурдагы абалы боюнча).

Компьютердин иштөөсүнүн программалык принциби.

Программалык камсыздоонун курамы жана функциялары: системалуу программалык камсыздоо, колдонмо программалык камсыздоо, программалоо системалары. Программалык камсыздоону колдонуунун укуктук нормалары.

Файл. Каталог (директория). Файл системасы.

Колдонуучунун графикалык интерфейси (жумушчу столу, терезелер, диалог терезелери, меню). Компьютердин информациялык объектилер менен көрүү-графикалык формасында операцияларды аткаруу: объектилерди түзүү, атоо, сактоо, өчүрүү, алардын байланышын уюштуруу. Жеке компьютердеги колдонуучунун интерфейсин стандартташтыруу.

Файлдын көлөмү. Файлдарды архивдөө.

Компьютерди колдонуунун гигиеналык, эргономикалык жана техникалык коопсуздук эрежелери.


«Алгоритм жана программалоо» мазмундук багыты

Аткаруучунун түшүнүгү. Формалдык эмес жана формалдык аткаруучулар. Формалдык аткаруучулардын үлгүлөрү. Алардын милдеттери, колдонуу тармагы, иштөө режими, буйруктардын системасы.

Алгоритм түшүнүгүн берилген баштапкы информацияны аткаруучунун иш-аракетинин ырааттуулугунун формалдык сүрөттөлүшү катары түшүнүү. Алгоритмдердин касиеттери. Алгоритмдерди жазуунун жолдору.

Алгоритмикалык тил – алгоритмдерди жазуу үчүн колдонулган формалдык тил. Программа – алгоритмди алгоритмикалык тилде жазуу. Аткаруучу тарабынан түздөн-түз жана/же программалык башкаруу.

Сызыктуу алгоритмдер. Шарттарды текшерүү менен байланышкан алгоритмикалык конструкция: тармактуу жана кайталоо. Алгоритмдерди иштеп чыгуу: маселени бөлүктөргө ажыратуу, жардамчы алгоритм түшүнүгү.

Жөнөкөй чоңдуктар түшүнүгү. Чоңдуктардын типтери: бүтүн, материалдык, символдук, саптык, логикалык. Өзгөрмөлөр жана турактуулар. Таблицалык чоңдуктар (массивдер) менен таанышуу. Чоңдуктар менен иштөөнүн алгоритми – аралык натыйжаларды колдонуу аркылуу берилген баштапкы информацияны эсептөөнү жүргүзүү боюнча максатка ылайык болгон иш-аракеттердин планы.

Программалоо тили. Процедуралык программалоо тилдеринин биринин негизги эрежелери (Паскаль, мектептик алгоритмикалык тил ж.б.): информацияны берүү эрежелери; негизги операторлорду жазуу (киргизүү, чыгаруу, ыйгаруу, тармактуу, цикл) жана жардамчы алгоритмдерди чыгаруунун эрежелери. Программа жазуунун эрежелери.

Маселелерди компьютерде чыгаруунун этаптары: моделдөө – алгоритмди иштеп чыгуу – программаны жазуу– компьютердик эксперимент. Тандалып алынган программалоо чөйрөсүндө программаларды иштеп чыгуу жана аткаруу боюнча маселелерди чыгаруу.


«Информациялык-коммуникациялык технологиялар» мазмундук багыты


Тексттерди иштеп чыгуу. Тексттик документтер жана алардын структуралык бирдиктери (бөлүм, абзац, сап, сөз, символ). Тексттик документтерди түзүүнүн технологиясы. Компьютерде тексттик документтерди түзүү жана редакциялоо (символдорду коюу, өчүрүү жана алмаштыруу, тексттердин фрагменттери менен иштөө, туура жазууну текшерүү, ташымалдарды жайгаштыруу). Символдорду форматтоо (шрифт, чоңдук, жазуу түрү, түсү). Абзацтарды форматтоо (түздөө, биринчи саптын башындагы кемтик, саптардын ортосундагы аралык). Стилдик форматтоо. Тексттик документке тизмелерди, таблицаларды, диаграммаларды, формулаларды жана графикалык объектилерди кошуу. Гипертекст. Шилтемелерди түзүү: сноскалар, мазмундар, предметтик көрсөткүчтөр. Тексттер менен компьютердик котормолорду аныктоо каражаттары. Документтин үстүндө жамаат менен иштөө. Эскертүүлөр. Өзгөртүүлөрдү жазуу жана бөлүп көрсөтүү. Документтин беттерин форматтоо. Беттердин багыты, өлчөмү, жээктеринин чоңдугу. Беттерди номерлөө. Колонтитулдар. Документти ар кандай тексттик форматтарда сактоо.

Графикалык информация. Монитордун экранына сүрөт коюу. Түстү компьютер менен берүү. Компьютердик графика (растрдык, вектордук). Графикалык редакторлордун интерфейси. Графикалык файлдардын форматтары.

Мультимедиа. Мультимедиа технологиясы түшүнүгү жана колдонулуу тармактары. Үн жана видео мультимедианын негизги түзүүчүлөрү катары. Компьютердик презентациялар. Презентациянын жасалгасы жана слайддардын макеттери. Үн жана видео маалыматы.

Электрондук (динамикалык) таблицалар. Формулаларды колдонуу. Салыштырмалуу, абсолюттук жана аралаш шилтемелер. Эсептөөлөрдү аткаруу. Графикаларды жана диаграммаларды түзүү. Маалыматтарды сорттоо (тартипке келтирүү) жөнүндө түшүнүк.

Реляциялык маалыматтар базасы. Негизги түшүнүктөр, маалыматтардын типтери жана алар менен иштөөнүн принциптери. Текстти киргизүү жана редакциялоо. Маалыматтарды издөө, өчүрүү жана сорттоо.

Байланыш технологиялары. Локалдык жана глобалдык компьютердик желелер. Интернет. Браузерлер. Компьютердик желелердин негизинде биргелешкен иш-аракет: электрондук почта, чат, форум, телеконференция, баракча. Компьютердик желелердин маалымат булактары: Дүйнөлүк желе, файлдык архивдер, компьютердик энциклопедиялар жана справочниктер. Файлдык системадан, маалымат базасынан жана Интернеттен маалымат издөө. Маалыматтарды издөөнүн каражаттары: компьютердик каталогдор, издөө машиналары, бир же бир нече белгиси боюнча суроо жиберүү.

Алынган маалыматтын жеткиликтүүлүгү. Маалыматтын жеткиликтүүлүгүн баалоонун мүмкүн болгон формалдык эмес ыкмалары (булактын ишеничтүү болуп-болбогондугун баалоо, ар түрдүү булактардан жана ар башка убактарда алынган маалыматтарды салыштыруу ж.б.). Заманбап коммуникациялык технологиялардын жардамы менен берилген маалыматтын жеткиликтүүлүгүн далилдөөнүн формалдык ыкмалары: электрондук жазуу, сертификациялоо борборлору, сертификациядан өткөн баракчалар жана документтер ж.б.

Социалдык информатиканын негиздери. Информация жана ИКТнын адамдын жана коомдун турмушундагы ролу. ИКТ колдонууга мисалдар: байланыш, маалыматтык кызматтар, илимий-техникалык изилдөөлөр, өндүрүштү башкаруу жана өнөр-жай буюмдарын долбоорлоо, эксперименттик маалыматтарды анализдөө, билим берүү (сырттан окуу, билим берүүнүн булактары).

ИКТнын өнүгүү этаптары

Инсандын, мамлекеттин жана коомдун маалыматтык коопсуздугу. Өздүк маалыматты уруксатсыз кирүүлөрдөн коргоо. Компьютердик вирустар. Антивирустук профилактика. Компьютердик программаларды колдонуу жана Интернет тармагында иштөөнүн укуктук жана этикалык аспектилери жөнүндө негизги түшүнүк. Азыркы коомдо бардык жерде ИКТны колдонуунун мүмкүн болгон терс таасирлерин алдын алуу (медициналык, социалдык).


2.6. Окуу материалдардын мазмундук багыттарга жана класстарга бөлүштүрүлүшү (болжолдуу сааттар менен)

Класстар

Мазм.

багыттар

5

6

7

8

9

10

11

Информатика

«информация жана информациялык процесстер»

Объекттер жана системалар.

6 саат.

Курчап турган чөйрөдөгү информация.

8 саат.


Информация жана информациялык процесстер.

4 саат.


Информатиканын математикалык негиздери.

8 саат.






ХХХ




ХХХ

«Компьютер»

Компьютер.

6 часов.


Компьютер информацияны иштеп чыгууда универсалдуу каражат катары.

4 саат.





ХХХ


ХХХ

«Алгоритм жана программалоо»


Алгоритмдештирүүнүн негиздери.

6 саат.

Алгоритмдештирүү жана программалоо.

10 саат.

Программалоого киришүү.

10 саат.

Программалоо.

20 саат.




ХХХ




ХХХ

«Информациялык-коммуникациялык технологиялар»

Компьютердик графика.

6 саат.

Компьютерде текст даярдоо.

8 саат.



Информациялык модель. 8 саат.


Тексттик информацияны иштеп чыгуу 10 саат.


Мультимедиа

6 саат.


Тексттик информацияны иштеп чыгуу 6 саат.


Мультимедиялык долбоорлорду түзүү.

6 саат.


Сандык жана таблицалык информацияны иштеп чыгуу.

6 саат.

Сандык информацияны иштеп чыгуу. Базалык берилиштер 8 саат.


Коммуникациялык технологиялар жана Интернет.

8 саат.

Графикалык информацияларды иштеп чыгуу. 6 саат.

Моделдештирүү жана формалдаштыруу.

8 саат.






ХХХ




ХХХ


2.7. Предметтер аралык байланыш


Учурда бала жаңы предметтик жана жаңы информациялык чөйрө менен курчалган. Бирок, балага мектептен башталгыч билим бербей туруп (башталгыч класстан баштап) аны программист же информациялык технология боюнча адис кылып тарбиялоо мүмкүн эмес.

Информатика сабагында окуучулар информатика предметинин маани-маңызын, предметтин негизги түшүнүктөрүнүн маанисин, аны турмушта туура, максаттуу колдонулушун, информация менен иштөө (издөө, анализдөө, классификациялоо ж.у.с.) көндүмдөрүн окуп үйрөнүшөт.

Информатика предметин “Математика” билим берүү областында окутуп үйрөтүү менен окуучуну логикалык ой жүгүртүүгө, кабыл алуусун өнүктүрүүгө, математикалык тилди айырмалоого, маалыматты математикалык тилге которуп, анын зарыл болгон чыгарылышын табууга жана аларды практикалык маселелер менен айкалыштырууга үйрөтөт.

Информатиканы окутуп үйрөтүүгө “Технология” предмети да көңүл бурат. Себеби, окуучулардын колдонуучулук сабаттуулугу калыптандырылыш керек.

Табият таануу” билим берүү областы окуучуга курчап турган чөйрөнүн байланыштарын, жаратылыш кубулуштарын, жаратылыштын таасирлерин ж.б. окутуп үйрөтүү үчүн технологиянын жетишкендиктерин, мүмкүнчүлүктөрүн чыгармачылык менен колдонуу аркылуу чеберчиликтерди өздөштүрүүгө басым коёт.

Көркөм өнөр жана Музыка предметтин окутууда информатика предмети окуучуларды эмоционалдык-баалуулуктарга басым коюп, чыгармаларды тандоодо жана алардын ар бир элементтерин деталдуу угуп, көрүүдө, көлөмүн аныктоодо жана башкаларга жеткирүүдө керек болгон негизги билимдерге басым коёт. Информатика сабагындагы графикалык редакторду өздөштүрүү чөйрө кубулуштарынын көркөм сулуулуктарын сүрөт аркылуу чагылдырып берүү мүмкүнчүлүктөрүн тартуулайт.

Информатика предметин окуп үйрөнүүдө мамлекеттик жана орус тили окуучулардын тилин, ой жүгүртүүсүн, кабыл алуусун, умтулуусун, таанып билүүсүн, сүйлөө кебин, ойду билдирүүсүн ж.б. тексттик редактор, электрондук блокнот, электрондук китеп ж.б.у.с. программалык каражаттар менен окутуп үйрөтүүгө жардам берет. Информатика сабагында текст терүү менен окуучу тексттин түзүлүшүн, стилистикасын, грамматикасын, орфографиялык, пунктуациялык каталарын, сүйлөм түзүү, текст куруу, редакциялоо ж.б. көндүмдөргө ээ болот. Айрым программалык каражаттар аркылуу (мисалы, скайп) диалогго катышып, кат алмашып өздөрүнүн кебин өстүрүү мүмкүнчүлүккө ээ болушат.

Мындан тышкары окуучунун сан, информация жана берилиштер менен иштөө мүмкүнчүлүктөрү, каражаттарды колдонуу ишмердүүлүктөрү математика, табигый илимдер менен гана чектелбестен, башка предметтер менен да байланышта. Ага мисалы чет тилдерди кошсок болот. Чет тилдер мектепте 2 класстан баштап окутулат. Алар окуучунун элементардык сүйлөө кебинен баштап, ой жүгүртүү, эске тутуу, чыгармачылык мамиле кылуу сыяктуу билимдерди калыптандырат. Информатика бир чети чет тилдердин элементтерин (алфавиттик, программалык көрсөткүчтөр, программалоо тилдери) колдонсо, экинчи бир жагы аларды өнүктүрүүгө жардам бере алат. Мисалы коммуникативдик байланышты жакшыртуу каражаты катары колдонууга болот (электрондук почта, скайп, котормо программалар, маалымат алмашуу ж.б.).

Окуучулар информатика сабагында өздөштүргөн билимдерин башка да предметтерди окуп-үйрөнүүдө пайдалана алышат. Мындай абал окуу процессине чыгармачылык жана түрдүүлүк кошот. Предметтер аралык байланыштын ишке ашырылышы системалаштырууга себеп болот. Демек, өздөштүрүлгөн билимдер андан да тереңирээк жана тунук болот. Информатика предмети жалпы билим берүү системасына кирген предметтерди окуп-үйрөнүү үчүн курал катары кызмат кылуусу зарыл. 5-9-класстын окуучуларынын информатика предмети боюнча билимдери жана предметтик компетенттүүлүктөрү математика, физика, химия, география, биология, черчение, эмгек ж.б. предметтерди окуп-үйрөнүүнүн негизин түзөт.


III. БӨЛҮМ. БИЛИМ БЕРҮҮНҮН НАТЫЙЖАЛАРЫ ЖАНА ПРОЦЕССТИ БААЛОО


3.1. Окутууда окуучулардан күтүлгөн натыйжалар (окутуунун баскычтары жана класстары боюнча)

Окуучунун негизги жалпы билим берүү программасын өздөштүрүүдөн күтүлгөн натыйжалар алардын билим берүү процессиндеги жетишкендиктеринин уюштурулуш позициясынан да, бул натыйжаларга жетишкендиктерди баалоо позициясынан да инсандык, метапредметтик жана предметтик натыйжалар боюнча жалпы түшүнүктү тактайт жана конкреттештирет. Күтүлгөн натыйжалар окуу программасынын ар бир бөлүмү үчүн түзүлгөн.

Таяныч окуу материалы боюнча окуу иш-аракеттеринин системасын мүнөздөөчү натыйжалар «Бүтүрүүчү......үйрөнөт» бөлүмүнө жайгаштырылган. Булар таяныч окуу материалынын бүтүрүүчүдөн күтүлгөн өздөштүрүү деңгээлин көрсөтүп турат. Бул натыйжаларга окуучулардын көбү жетише алат жана негизги деңгээлдеги тапшырмалар катары (аткаруучулук компетенттүүлүгү) же болбосо жогорку деңгээлдеги тапшырмалар (жакынкы өнүгүү зонасы) катары жыйынтыктоочу баага кошулат.

Таяныч системасын кеңейтип, тереңдеткен билим, көндүм, билгичтиктер боюнча окуу иш-аракеттеринин системасын мүнөздөгөн натыйжалар «Бүтүрүүчү....мүмкүнчүлүк алат» бөлүгүндө жайгашкан. Мындай натыйжаларга өзгөчө мотивацияланган жөндөмдүү окуучулар жетише алат. Бул натыйжалар күнүмдүк практикада окуучулардын бардык топтору аркылуу иштелип чыкпайт. Бирок, жыйынтыктоочу текшерүү материалдарына киргизилиши мүмкүн.

3.1. Окутууда окуучулардан күтүлгөн натыйжалар (окутуунун баскычтары жана класстары боюнча)

Мазмундук багыттар

Компетенттүүлүктөр

Класстар боюнча билим берүүнүн натыйжалары

5

6

7

8

9

1

1. Мазмундук багыт

«Информация жана информациялык процесстер»

1.Компетенттүүлүк















2.Компетенттүүлүк












3.Компетенттүүлүк

5.1.1.1.

Маалыматты коддоо жана декоддоо ыкмаларын билет;

5.1.1.2. Курчап турган чындыктын объектилерин анализдөөнү билет, алардын касиеттерин, иш-аракеттерин, жүрүм-турум, абалдарын көрсөтө алат;

5.1.2.1. Күнүмдүк жашоосу менен байланышкан маалыматты талкуулоого активдүү катышат;

5.1.3.1. Интернет жана башка ар түрдүү булактардан алынган маалыматты анализдей алат;

5.1.3.2. Кабинетте жана үйдө ПК менен иштөөдө коопсуздук эрежелерин сактайт;


7.1.1.1 Маалыматтарды касиеттери боюнча баалай алат (актуалдуулугу, чындыкка жакындыгы, толуктугу ж.б.);

7.1.1.2.Жандуу жаратылышта, техникалык жана социалдык (мектеп, үй-бүлө) системаларда мамилелерди башкаруу позициясынан анализдейт;

7.1.1.3. Маалыматтын көлөмүн өлчөөчү чен бирдиктери менен иштейт (бит, байт, килобайт, мегабайт, гигабайт);

7.1.2.4. Күнүмдүк турмушуна байланыштуу маалыматты талкуулоого катышат;

7.1.2.2. Плакаттарды жана презентацияларды аткаруу менен долбоор боюнча топтук иш-аракеттерге катышат;

7.1.3.3. Маалыматтык процесстердин сандык көлөмүн баалоо (маалыматты сактоо үчүн керек болгон эстин көлөмү; маалыматты жеткирүү ылдамдыгы, тандалган каналдын өткөрүү жөндөмдүүлүгү ж.б.);

7.1.3.4. Файл жана папкалар боюнча негизги операцияларды аткаруу;

7.1.3.5. Архивдөөчү программаларды колдонуу;



2

2. Мазмундук багыт

«Компьютер»

1.Компетенттүүлүк







































2.Компетенттүүлүк









3. Компетенттүүлүк

5.2.1.1. Формалдуу жана формалдуу эмес аткаруучулардын мисалдарын келтире алат;

5.2.1.2. Окуу боюнча аткаруучуларды башкарууга багытталган маселелерди ойлоп таба алат;

5.2.1.4. Маселелерди аткаруу ж.б. үчүн иш-аракеттердин планын иштеп чыгат;

5.2.1.5. Мектепте окутулган, жашоодо кездешкен натуралык жана маалыматтык моделдерди ажырата билет;

5.2.1.6. Дүйнөнүн объектилерин сүрөттөдө таблица, диаграмма, схема, граф ж.б. колдонууга мисалдарды келтирүү;

5.2.2.1. Компьютердин функционалдык колдонулуу максатын түшүндүрүп берет;

5.2.2.2. Компьютердин конфигурациясын талкуулоо;

5.2.2.3. Күнүмдүк жашоодо компьютердин ордун аныктай алат;

5.2.3.1. Түрдүү булактардан алынган маалыматты анализдөө;

5.2.3.2. Кабинетте жана үйдө ПК менен иштөөдө коопсуздук техникасын сактайт.

6.2.1.1. Компьютердин негизги жана кошумча түзүлүштөрүн айырмалап берет.

6.2.1.2. Компьютердин

7.2.1.1. Компьютердик жабдууларды маалыматты киргизүү, сактоо, иштетүү, чыгаруу жана жеткирүү процедуралары боюнча анализдейт;

7.2.1.1. Маселелерди чыгарууда маалыматтык процесстерди аткарууга керек болгон программалык жана аппараттык каражаттарды аныктайт;

7.2.2.2. Компьютерди коом ичинде адамдын маалымат менен баланышкан ишмердүүлүгүнүн куралы катары таануу;

7.2.2.3. Инструменталдык программа каражаттарынын жетишкендиктери менен кемчиликтерин аныктоого багытталган топтук талкууларга катышат;

7.2.2.4. Компьютерди антивирустук программалардын жардамы менен вирустардан коргойт;

7.2.2.5. Берилген убакыт аралыгында маалыматты киргизүү жабдуулардын (клавиатура, сканер, микрофон, фотокамера, видеокамера) колдонуу менен түзүлгөн файлдардын көлөмүн баалоо;










3

3. Мазмундук багыт

«Алгоритм жана программалоо»


1.Компетенттүүлүк






















2.Компетенттүүлүк




















3.Компетенттүүлүк


6.3.1.1. Сызыктуу алгоритмдер, тармактуу жана циклдүү алгоритмдер аркылуу сүрөттөлө турган абалдардын мисалдарын бөлүп көрсөтүү.

6.3.1.2. Дүйнөнүн объектилерин сүрөттөдө таблица, диаграмма, схема, граф ж.б. колдонууга мисалдарды келтирүү;

6.3.1.3. Сызыктуу алгоритмдер, тармактуу жана циклдүү алгоритмдер аркылуу сүрөттөлө турган абалдардын мисалдарын бөлүп көрсөтөт.

6.3.1.4. Турмуштук кырдаалдарды чечүү үчүн иш-аракет планын иштеп чыгуу;

6.3.1.5. Алгоритмдерди түзүү боюнча талкууга активдүү катышат;


6.3.2.1. Презентацияларды жасоо боюнча топтук-долбоордук иш-аракеттерге катышуу;

6.3.3.2. Жөнөкөй эсептөө таблицаларын түзүү, аларга маалыматтарды киргизүү жана жөнөкөй эсептөөлөрдү аткаруу;

6.3.3.3. Диаграмма жана графиктерди түзүү;

6.3.3.4. Схема, граф, дарактарды түзүү;

6.3.3.5. Графикалык моделдерди түзүү;

6.3.3.5. Бар болгон сюжет боюнча анимация түзүү үчүн презентациялар редакторун же башка программалык каражатты колдонуу;

6.3.3.6. Берилген тема боюнча слайддары тексттер, үндөр, графикалык сүрөттөр менен коштолгон гипершилтемелүү мультимедиалык презентация түзүү.

7.3.1.1. Билдирүүлөрдү белгилүү коддоо эрежелерине ылайык коддойт жана коддон чыгарат;

7.3.1.2. Туруктуу узундуктун (разряддуулук) экилик кодунун жардамы менен коддолгон түрдүү символдордун санын аныктай алат;

7.3.1.3. Турмушта кездешкен ар кандай алфавиттерди колдонуу менен коддоого мисал келтире алат;


8.3.1.1. Унардык, позициялык жана позициялык эмес эсептөө системаларынын айырмачылыктарын табуу;

8.3.1.2. Айтымдардын логикалык түзүлүшүн анализдөө (Логика алгебрасынын элементтери).

8.3.2.1. Күнүмдүк ишмердүүлүк менен байланышкан программаларды иштеп чыгуунун бардык этаптарын ишке ашыруу үчүн жамааттык ишти уюштуруу жана топтун ичинде иштөө;

8.3.3.1. Чоң эмес экилик сандар боюнча кошуу жана көбөйтүү иштерин аткаруу;

8.3.3.2. Чыныгы сандарды табигый жана нормалдуу формада жазуу;

8.3.3.3. Логикалык туюнтмалар үчүн тууралык таблицасын түзүү;

8.3.3.4. Конкреттүү чыккан маалыматтар боюнча даяр алгоритмдерди колдонуу;

8.3.3.5. Алгоритмдин жазылышын бир формадан экинчи формага өткөрүп түзүү;

8.3.3.6. Арифметикалык, саптык, логикалык туюнтмаларды түзүп, алардын маанисин эсептөө;

8.3.3.7. Арифметикалык, саптык, логикалык туюнтмаларды эсептөөнү талап кылган сызыктуу алгоритмдерди программалоо;


4

4. Мазмундук багыт

«Информациялык-коммуникациялык технологиялар”

1.Компетенттүүлүк























2.Компетенттүүлүк




















3.Компетенттүүлүк

5.4.1.1. Тексттик редакторлордун негизги функциялары жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу пикирин айтып бере алат;

5.4.1.2. Тексттик документтерди түзүү боюнча негизги операцияларды аткаруу үчүн тексттик редактордун куралдарын аныктап берет;

5.4.1.3. Сүрөттөрдү түзүү боюнча негизги операцияларды аткаруу үчүн графикалык редактордун куралдарын аныктай алат;

5.4.2.1. Өз алдынча жана топтун ичинде графикалык проектилерди түзө алат.

5.4.3.1. Таблицаларды түзүү, форматто жана маалыматтар менен толтурат;

5.4.3.2.Эне тилинде жана чет тилдеринде оор эмес тексттик документтерди түзөт; тексттин фрагменттерин бөлүү, ордун алмаштыруу жана өчүрөт; кайталануучу фрагменттери бар тексттерди түзө алат;

5.4.3.3. Текстти шрифтке, анын жазылышына, көлөмүнө жана түсүнө, ошондой эле текстти түздөөгө карата коюлган талаптарга ылайык түзөт.

6.4.1.1. Мектепте окутулган, турмушта кездешкен натуралык жана маалыматтык моделдерди айырмалай билүү;

6.4.1.2. Айлана-чөйрөдөгү объектилерди сүрөттөөдө таблица, диаграмма, схема, граф ж.б. колдонууга мисалдарды келтирүү;

6.4.1.3. Берилген тема боюнча окуялардын ырааттуулугун пландоо;

6.4.2.1. Видео-файлдарды иштеп чыгуу программасы жана видео менен иштөө редакторун колдонуп, топтук проектилерди түзүү.

6.4.3.1. Диаграмма жана графиктерди түзүү;

6.4.3.2. Берилген тема боюнча слайддары тексттер, үндөр, графикалык сүрөттөр менен коштолгон гипершилтемелүү мультимедиалык презентация түзүү.

7.4.1.1. Типтүү маселелерди чыгаруу үчүн программалык каражатты колдонуунун шарттары жана мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо;

7.4.1.2. Бир класска кирген маселелерди чыгарууга арналган түрдүү программалык продуктылардын жалпы жактарын жана айырмаларын аныктап көрсөтүү;

7.4.2.1. Видео-файлдарды иштеп чыгуу программасы жана видео менен иштөө редакторун колдонуп, топтук проектилерди түзүү;

7.4.2.2. Диаграмма жана графиктерди түзүү;

7.4.2.3. Берилген тема боюнча слайддары тексттер, үндөр, графикалык сүрөттөр менен коштолгон гипершилтемелүү мультимедиалык презентация түзүү; 7.4.3.1. Графикалык файлдардын форматтарын өзгөртүү;

7.4.3.2. Тексттик редакторду колдонуу менен тексттик документтерди түзүү;

7.4.3.3. Прикладдык программалардын жардамы менен видео-ролик түзүү.

8.4.1.1. Колдонулган программалык каражаттын колдонуучу интерфейсин анализдөө;

8.4.2.1. Сандык маалыматтарды иштетүү программаларынын жетишкендиктерин жана кемчиликтерин аныктоо максатында топтук талкууга катышуу;

8.4.3.1. Электрондук таблицаларды түзүп, колдонуучу тарабынан түзүлүп, киргизилген формулалар боюнча эсептөөлөрдү аткаруу;

8.4.3.2. Диаграмма жана графиктерди электрондук таблицаларда түзүү.

9.4.1.1. Объектин системалуу анализин ишке ашыруу, анын касиеттеринин ичинен моделдөөнүн максаттары жагынан маанилүү деп эсептелген касиеттерин бөлүп чыгаруу;

9.4.1.2. Компьютерде маселе чыгаруунун этаптарын ажыратуу;

9.4.1.3. Ар түрдүү маалымат булактарын анализдөө жана салыштыруу, алынган маалыматтардын чындыкка жакындыгын баалоо;

9.4.2.1. Жамааттын ичинде комплекстүү Web-долбоорлор менен иштөө боюнча билгичтик жана көндүмдүмдөрүн колдонуу;

9.4.3.1. Ар түрдүү предметтик тармактардын даяр компьютердик моделдери менен иштөө;

9.4.3.2. Навигация программалары менен издөө программаларын колдонуп, Интернеттен маалымат издөө боюнча суроолорду жөнөтүү; маалыматты электрондук почта аркылуу жиберүү, ж.б.;

9.4.3.3. Ар кандай программалоо тилдерин колдонуу менен программаларды иштеп чыгуу;

9.4.3.4. Жеке маалыматтык маданиятынын деңгээлин баалоо.


Эскертүү:

Ар бир мазмундук багытка өзөктүү компетенттүүлүктөр (маалыматтык, социалдык-коммуникативдик, өзүн-өзү уюштуруу жана проблемаларды чечүү) туура келет. Окуучулардын жетишкендиктерин текшерүү үчүн предмет боюнча мугалим 3.1. таблицасы боюнча аракеттенүүсү зарыл. Таблицада класстар боюнча окутуунун натыйжалары берилген. Бул жерде биринчи цифра – окуу классы; экинчи цифра – мазмундук багыттын номери; үчүнчү цифра – компетенттүүлүктөрдүн номери; төртүнчү цифра – билим берүүнүн натыйжасынын номери.


Мисалы: 3.Мазмундук багыт - бул «Алгоритм жана программалоо». Бул мазмундук багыт 6-класстан тартып окутула баштайт. “Информациялык” деп аталган биринчи компетенциянын чегинде калыптанууга тийиш болгон компетенттүүлүктөр булар: 6.3.1.1. Дүйнөнүн объектилерин сүрөттөдө таблица, диаграмма, схема, граф ж.б. колдонууга мисалдарды келтирүү; 6.3.1.2. Сызыктуу алгоритмдер, тармактуу жана циклдүү алгоритмдер аркылуу сүрөттөлө турган абалдардын мисалдарын бөлүп көрсөтүү; 6.3.1.3. Турмуштук кырдаалдарды чечүү үчүн иш-аракет планын иштеп чыгуу. Окуучулардын аталган билим берүүнүн натыйжаларына жетүүсү ар түрдүү текшерүү формалары жана баалоо стратегиялары аркылуу аныкталат (пункт 3.2.).

3.2. Окуучулардын окуудагы жетишкендиктерин баалоонун негизги стратегиялары


Баалоо системасы – бул окуучулардын окутуунун жетишкендиктерин диагноздоонун, проблемаларын өлчөөнүн, кайтарым байланышты ишке ашыруунун, коомдогу билим берүүнүн жетишкендиктерин, проблемаларын анын абалын окуучуларга, ата-энелерге, мамлекеттик жана коомдук структураларга жеткирүүнүн негизги каражаты.

Окуучулардын билимин текшерүүнү, байкоону жана эсепке алууну туура уюштуруу – окутуунун сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт. Алган билимдин сапаты окуучулардын андан ары кызыгып окуусун улантуу үчүн коюлуп жаткан баалардын объективдүүлүгүнөн көз каранды болот.

Класстагы баалоонун объектиси болуп окуучулардын билим алуудагы жеке жетишкендиктери жана улам алдыга өсүүсү саналат.

Окуучулардын билим алуудагы жетишкендиктерин жана улам алдыга өсүүсүн өлчөөнүн үч түрү колдонулат: диагностикалык, формативдик жана суммативдик.

Диагностикалык баалоо.

Окуучулардын улам алдыга өсүшүн баалоо үчүн мугалим окуу жылынын ичинде окуучулардын компетентүүлүктөрүнүн баштапкы калыптануусу менен аягынды жетишкен жыйынтыктарын салыштыруу иштерин жүргүзөт. Диагностикалык баалоонун жыйынтыктары окуучулар тарабынан аткарылган жумуштарды каттоо аркылуу ишке ашырылат. Мындай жумуш өз убагында мугалимге оптималдуу окуу тапшырмалары аркылуу өзгөртүлүп толукталган окуу милдеттерин коюуга, окуучуга жаңы толукталган мазмундагы тапшырмаларды алууга шарттарды түзөт.

Формативдик баалоо.

Формативдик баалоонун максаты – окуучуларга берилген окуу материалдарынын өздөштүрүлүшүн, жеке артыкчылыктарын жана алынган жыйынтыктардын денгээлдерин аныктоо болуп саналат. Мугалим формативдик баалоону окутуудагы планга өз убагындагы толуктоолорду, түзөтүүлөрдү киргизүүдө колдонсо окуучулар өздөрү аткарып жаткан окуу тапшырмаларынын аткарылыштарынын сапаттуулугун жогорулатууну колдонушат. Мында эң негизгиси – окуучулардын жөндөмдүүлүктөрүнүн деңгээлдери бааланбастан окуучулар тарабынан аткарылган окуу тапшырмаларынын аткарылыш денгээлдери бааланат.

Окуу процессинин жүрүшүндөгү окутуунун жыйынтыктарын баалоодо (окуу жумуштарынын аткарылыш темпи, темаларды өздөштүрүү ыкмалары ж.б.) окуучулардын жетишкендиктерине жана улам алдыга өсүшүнө көңүл бурулат. Окуучулардын билим деңгээлдеринин өсүшү билим берүү аймагында белгиленип коюлган максатка ылайык аныкталат. Класстык журналдагы белгилөөлөр мугалим тарабынан окуучулардын жеке жетишүүсүндөгү жылыштарды каттоодо колдонулат.

Суммативдик баалоо.

Суммативдик баалоо – окутуунун ар бир баскычы үчүн пландаштырылган натыйжаларга окуучунун жетишүү даражасын аныктоо үчүн жардам берет жана учурдагы, аралык жана жыйынтыктоочу баа берүүдөн келип чыгат.

Учурдагы баалоо ар бир сабактын аягында жалпы класстын окуу материалын өздөштүрүү деңгээлин аныктоо максатында аткарылат.

Аралык баалоо ар бир теманы өздөштүрүүнүн жыйынтыктары боюнча жүргүзүлөт (окуу модулу).

Жыйынтыктоочу баалоо жарым жылдыктын, окуу жылынын жыйынтыктары боюнча, ошондой эле предметти окутууну аяктаганда жыйынтыктоочу аттестация формасында ишке ашырылат.

Билим деңгээлине коюлуучу негизги талаптар:

  • Учурдагы баалоого мурунку сабакта өтүлгөн темалардын текшерилиши кирет;

  • Тематикалык баалоого керектүү ченемдик документтерде аныкталган билимдердин текшерилиши кирет.

  • Жыйынтыктоочу баалоо окуучулардын бир баскычтан экинчи баскычка өтүүсүндө ишке ашырылып, андан ары билимин улантуу үчүн керектүү билимдердин минимунунун болушун талап кылат.

Көп учурларда мугалимдер бааны көңүлүнө жакпаган окуучуларды тарбиялоо максатында колдонушат. Мындай мамиле туура эмес. Текшерүү жана баалоо иш-аракеттери окуучулардын билимди өздөштүрүү деңгээлдерин аныктоо максатында гана аткарылышы керек. Окуу материалы төмөнкү деңгээлде өздөштүрүлгөн абалда сабакты өтүү деңгээлин карап чыгуу, окутуунун формаларын жана окутуу стилин өзгөртүү боюнча ой жүгүртүү зарыл. Материалды окутуунун баштапкы этабында эле окуучулар кандай натыйжага келе тургандыктарын билиши керек.

Окуучулар менен мугалимдин ишмердүүлүгү так жана туура уюштурулган учурда гана, башкача айтканда окуу процессинин ар бир катышуучусу өз эмгегинин натыйжаларын аң сезимдүү түрдө аныктаганда, өзүн-өзү контролдой билгенде гана баанын тарбиялоочу жана окутуучу ролу маанилүү өлчөмдө жогорулайт. Мында мугалим эмгектин уюштурулушун жакшыртуу үчүн керек болгон чараларды көрөт, ал эми окуучу жеке билиминин деңгээлине сын көз караш менен мамиле жасап, өзүн-өзү окутуунун индивидуалдык траекториясын иштеп чыгат.

Теориялык билимдерди текшерүүнүн салттуу ыкмаларына оозеки суроолорду берүү, жазуу жүзүндө текшерүү иштери жана тестирлөөнү киргизүүгө болот. Практикалык көндүмдөрдү текшерүү үчүн практикалык иштерди аткартуу керек. Текшерүүнүн салттуу эмес ыкмалары катары сочинение жана жат жазуу иштерин эсептөөгө болот. Жыйынтыктоочу баалоо үчүн окуучулардын теориялык билимдери да, ар түрдүү программалык продуктылар менен иштей билүүсүнүн прикладдык көндүмдөрү да чагылдырыла турган долбоорлорду колдонуу абзел.

Оозеки суроолорду берүү – ар бир сабакта жүргүзүлүшү керек. Мында окуучулардын билимин текшерүү милдеттүү иш-аракет болуп саналбайт. Мугалимдин ишмердүүлүгүнүн негизги шарты катары, окуу материалын өздөштүрүүдөгү көйгөйлүү жерлерди аныктоо жана окуучулардын көнүлүн татаал түшүнүктөргө, кубулуштарга жана процесстерге буруу болуп саналат.

Практикалык иштер лабораториялык иштерден эмнеси менен айырмаланат? Лабораториялык иш программалык каражаттар менен иштөөнүн белгилүү көндүмдөрүн тереңдетүү максатында аткарылат. Мында окуучу тапшырмадагы алгоритмикалык тапшырмалардан сырткары, мугалимден керектүү кеңештерди ала алат. Практикалык иш эмне кылуу керектиги жөнүндө эч кандай тапшырма жана кеңеш берилбестен, маселенин шартын түшүндүрүүнү камтыйт. Башкача айтканда, окуучунун билимди өздөштүрүүсүн текшерүүнүн формасы катары каралат. Белгилей кетчү нерсе, практикалык иш бир гана компьютердеги тапшырма менен байланышпастан, схема, таблица түзүү, программа жазуу сыяктуу ж.б. иш-аракеттерди да камтышы мүмкүн.

Баалоо жана текшерүүнүн бир формасы болгон тестирлөөгө басым жасап кенен токтололу. Туура жана так түзүлгөн тесттер – бир гана билимди текшерүү жана баалоонун жолу эмес, өтүлгөн материалды кайталоонун жана аны бекемдөөнүн жолу катары да эсептелет. Жыйынтыктоочу баалоо үчүн тесттерди колдонуу үчүн окуу жылынын ичинде окуучуларды дайыма тестирлөөдөн өткөрүп туруу зарыл. Ишмердүүлүктүн жыйынтыктоочу натыйжаларын сүрөттөө катары тесттерди колдонуу - окутуунун натыйжалуу каражаты болуп саналат.

Бул ыкманын эффективдүүлүгү эмнеде?

Теманы өтүүнүн башында эле тесттерди алганда, окуучулар жакшы натыйжа алууга багытталышат. Башка предметтерде ар бир сабакта дидактикалык материалдарды таратуу кыйын болсо, информатика сабагында керектүү техникалык каражат катары компьютерди колдонуу мүмкүнчүлүгү бар. Компьютерге керектүү тесттер мурунтан киргизилип, окуучулар оңой эле өздөрүн текшере алышат.

Беш суроодон турган тесттерди ар бир материалды (сабакты) өздөштүргөндөн кийин колдонууга болот. 10-15 суроодон турган тесттер чейректик текшерүү иштери, ал эми 20-30 суроодон түзүлгөн тесттер жыйынтыктоочу баалоо үчүн колдонулат.

Жогорудагылардан башка, Информатика предмети боюнча баалоо системасы төмөнкү иш-аракеттер менен берилет:

  • Башталгыч иштер (сентябрдын башы) окутууну улантуу жана кемчиликтерди түзөтүү үчүн коррекциялык иштерди пландоо максатында окуучулардын реалдуу билим деңгээли менен актуалдуу деңгээлинин ортосундагы айырмачылыкты аныктоого мүмкүнчүлүк берет. Мугалим башталгыч иштердин натыйжаларын журналга жана окуучунун күндөлүгүнө 5 баллдык шкала боюнча коёт, ошондой эле билимдерди, көндүмдөрдү жана билгичтиктерди көзөмөлдөө таблицасына проценттик катышта белгилейт.

  • Тесттик тапшырмалар окуу маселесин чыгаруу үчүн керек болгон иш-аракеттин операциялык түзүлүшү боюнча окуучунун өздөштүргөн билимин текшерүүгө багытталган тапшырмаларды камтыйт. Бул иштин натыйжалары журналга жана окуучунун күндөлүгүнө 5 баллдык шкала боюнча коюлат.

  • Текшерүү иши окуучулардын предметтик маданий ыкмаларды/каражаттарды өздөштүрүү деңгээлдерин аныктоого багытталып, теманын жыйынтыгы боюнча 5 баллдык шкала боюнча бааланат.

  • Аралык жана жыйынтыктоочу текшерүү иши (декабрь, апрель айларынын аягы) окуу чейректеги негизги темаларды камтыйт. Тапшырмалар окуучулардын билимин текшерүүгө жеке гана багытталбастан, окутуунун өнүктүрүүчү таасирин аныктоого да багытталат. Текшерүү иши бир нече этапта жүргүзүлүшү мүмкүн. Текшерүүнүн натыйжалары журналга жана окуучунун күндөлүгүнө 5 баллдык шкала боюнча коюлат, ошондой эле билимдерди, көндүмдөрдү жана билгичтиктерди көзөмөлдөө таблицасында проценттик катышта белгиленет.

Баа коюунун критерийлери

«5» деген баа окуучуга төмөнкү учурларда коюлат:

- өтүлгөн материалды катасыз айтып же жазып берсе;

- билим, билгичтик жана практикалык көндүмдөрдүн бардык көлөмүн программага ылайык өздөштүргөн болсо;

- материалды жазуу түрүндө же оозеки формада аң сезимдүү айтып бере алат, тексттеги негизги жоболорду бөлүп көрсөтө алат, өзгөртүлүп берилген суроолорго оңой жооп берсе;

- бүтүндөй материалды так жана толугу менен айтып берет, жазуу иштерин катасыз аткара алса;

- алган билимдерин практикада эркин колдоно алса.

«4» деген баа окуучуга төмөнкү учурларда коюлат:

- программалык материалдын билимдерин өздөштүрсө;

- материалды аң сезимдүү түрдө айтып берип, бирок анын маанилүү жактарын дайыма ажыратып айта албаса;

- билимдерин практикада колдоно алат, бирок өзгөртүлүп берилген суроолорго оңой жооп бере албаса;

- оозеки жана жазуу формасындагы тапшырмаларга берилген жоопторунда каталар болушу мүмкүн, мугалим эскерткен кемчиликтерди оңой оңдой алса.

«3» деген баа окуучуга төмөнкү учурларда коюлат:

- программалык материалдын билимдерин өздөштүрөт, бирок өз алдынча айтып берүүдө кыйналат жана мугалим тарабынан тактап-толуктай турган суроолордун берилишин талап кылса;

- оозеки суроолорго жооп берүүнү каалайт;

- өзгөртүлүп берилген суроолорго жооп берүүдө кыйналса;

- оозеки жана жазуу формасындагы тапшырмаларга берилген жоопторунда каталар болсо.

«2» деген баа окуучуга төмөнкү учурларда коюлат:

- материал туурасында башка түшүнүккө ээ болсо;

- оозеки жана жазуу формасындагы тапшырмаларга берилген жоопторунда орой каталар болсо.

Оозеки жоопторду баалоонун критерийлери

«5» деген баа окуучуга төмөнкү учурларда коюлат:

- өздөштүрүлгөн теориянын негизинде толук жана туура жооп берсе;

- материалды белгилүү логикалык ырааттуулук менен адабий тилде айтып берет: жооп өз алдынча берсе.

«4» деген баа окуучуга төмөнкү учурларда коюлат:

- өздөштүрүлгөн теориянын негизинде толук жана туура жооп берсе; материалды белгилүү логикалык ырааттуулук менен адабий тилде айтып берет, бирок эки-үч майда ката кетирип, аларды мугалимдин эскертүүсү боюнча оңдосо.

«3» деген баа окуучуга төмөнкү учурларда коюлат:

- жооп толук берилди, бирок маанилүү ката бар, же болбосо толук эмес жооп берсе.

«2» деген баа окуучуга төмөнкү учурларда коюлат:

- жооп берип жатканда окуучунун өтүлгөн материалдын негизги мазмунун түшүнбөй калгандыгы аныкталганда же мугалимдин жол көрсөтүүчү суроолорунун жардамы менен өндой албай калган маанилүү каталары бар болсо.


Практикалык ишти баалоонун критерийлери

«5» деген баа окуучуга төмөнкү учурларда коюлат:

- иш туура жана толук аткарылган; туура жыйынтык чыгарылса;

- иш план боюнча техникалык коопсуздукту сактоо менен аткарылса.

«4» деген баа окуучуга төмөнкү учурларда коюлат:

- жалпысынан иш туура аткарылган, эки-үч майда ката кетирилип, алар мугалимдин эскертүүсү боюнча оңдолсо.

«3» деген баа окуучуга төмөнкү учурларда коюлат:

- иш жарым-жартылай туура аткарылган же болбосо маанилүү ката кетирилсе.

«2» деген баа окуучуга төмөнкү учурларда коюлат:

- ишти аткаруу учурунда эки (жана көп) маанилүү ката кетирилген жана бул каталарды окуучу мугалимдин эскертүүсү менен оңдой алган эмес.


Тесттерди баалоонун критерийлери

3” деген баа туура жооптор жалпы суроолордун 60% -74% түзсө;

4” деген баа туура жооптор жалпы суроолордун 75% - 90% түзсө;

5” деген баа окуучу тестти ийгиликтүү аткарып, туура туура жооптор жалпы суроолордун 90% ашыгын түзсө.

Окуучуларды баалоонун критерийлери

Баалоо окуучулардын билим алуусуна түрткү бериши керек жана буга ылайык, предметти окутуу процессинде ишке ашырылышы зарыл. Баалоо – төмөнкү үч максатта жүргүзүлөт:

  • Окутууну пландоо

  • Окуучулардын жетишкендиктерин / прогрессин баалоо

Отчёт (окуучуларга, ата-энелерге, башка предметтердин мугалимдерине жана мектептин жетекчилигине).

Окуучулардын билим берүүдөгү жеке жетишкендиктерин баалоо системасынын болжолдуу модели

Иштин түрлөрү

Формалар

1

Утурумдук баалоо

1.1.

Мугалим аныктайт

Оозеки жооп, өз алдынча иштер, үй тапшырмалар, презентация, жазуу иштери, практикалык иштер, компьютердик тренажер, компьютердик тестирлөө, оюндар

2.

Аралык баалоо

2.1.

Жазуу иштери/ маалымат булактары менен иштөө

Реферат, кошумча материалдар, маалыматтар менен иштөө

2.2.

Оозеки жооп / презентация

Билдирүү, доклад, презентация, суроо-жооп, иштиктүү-оюндар, викторина

2.3.

Долбоорлор, изилдөө иштери, иштин атайын түрлөрү.

Изилдөөчү отчет, эксперименталдык/лаборатордук иштердин жыйынтыгын баяндоо, тематикалык долбоорлор, курстук иштер, практикалык иштер.

2.4.

Портфолио (жетишкендиктер папкасы), галерея

Көрсөтмөлүү, жыйнактуу, чыгармачыл портфолио

3.

Жыйынтыктоочу баалоо

3.1.

Чейректик, жарым жылдык, текшерүүчү / контролдук иштер.

Компьютердик тест (жазуу), зачет (оозеки/жазуу), жыйынтыктоочу контролдук иштер, варианттар боюнча




IV. БӨЛҮМ. БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОЦЕССИН УЮШТУРУУГА КОЮЛГАН ТАЛАПТАР


4.1. Ресурсттук камсыздоого коюлган талаптар


Информатика кабинети, андагы жабдыктар (эмерек жана ИКТ каражаттары) Санитардык-эпидемиологиялык эреже жана нормативдердин талаптарга жооп бериши керек.

Информатика кабинетинде бирден кем эмес мугалимдин жумушчу орду жана окуучулар үчүн стандарттык комплект (системалык блок, монитор, тексттик маалыматты киргизүү жана экран объектилерин башкаруу үчүн (клавиатура, чычкан), компакт-дисктерди окуп-жаздыруу үчүн привод, аудио/видео кирүүлөр/чыгуулар) менен жабдылган 12-15 жумушчу орун болушу керек. Компьютердин негизги конфигурациясы колдонуучуга мультимедиалык контент менен иштөөгө, тактап айтканда видеолорду көрүү, кулакка тагылуучу аппараттагы (наушник) стереоүндүн сапаттуулугу, микрофон аркылуу оозеки маалымат киргизүү ж.б. мүмкүнчүлүктөрдү бериши керек. Компьютерлер мектептик тармакка жана зымсыз Интернетке кошулган абалда болушу зарыл. WiFi тармак участокторун колдонууга да болот. Кабинетте стационардык абалдагы компьютердик жабдыктарды да, ноутбуктарды колдонууга уруксат берилет.

Информатика предмети боюнча билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу үчүн компьютердик класс төмөндөгүдөй перифериялык жабдыктар менен жабдылыш керектиги болжолдонот:

Милдеттүү түрдө:

  • принтер (ак-кара басылма, А4 форматында);

  • мугалимдин компьютерине туташтырылган мультимедиалык проектор;

  • экран (штативге же дубалга бекитилген) же интерактивдүү такта;

  • сканер;

  • мугалимдин жумушчу ордунун курамында акустикалык колонкалар;

  • кулакка такчу аспаптар (наушниктер);

• Интернет тармагына туташууну камсыздоочу жабык (Интернет тармагына туташуу үчүн жабдыктардын тобу, сервер).

Коршумча сунуш кылынгандар:

  • принтер (түстүү басылма, А4 форматында);

  • мугалимдин компьютерине туташтырылган мультимедиалык проектор;

  • санариптик фотоаппарат;

  • web-камера;

• Интернет тармагына туташууну камсыздоочу жабык (Интернет тармагына туташуу үчүн жабдыктардын тобу, сервер).

Компьютердик жабдык ар түрдүү операциялык системаларды колдонушу мүмкүн (Windows, Linux, Mac OS системалары кошулуп). Информатика кабинетиндеги компьютерлерге киргизиле турган программалык каражаттардын бардыгы керектүү жумушчу орундардын санына жараша лицензияланышы керек.

Окуу предметинин негизги мазмунун өздөштүрүү үчүн төмөнкү программалык камсыздоолор болушу талап кылынат:

  • операциялык система;

  • файлдык башкаруучу (операциялык системанын курамында ж.б.);

  • почталык кардар (операциялык системанын курамында ж.б.);

  • браузер (операциялык системанын курамында ж.б.);

  • мультимедиалык ойноткуч (операциялык системанын курамында ж.б.);

  • антивирустук программа;

  • архивдөөчү программа;

  • котормочу -программа;

  • текстти оптикалык таануу системасы;

  • интерактивдүү баарлашуу программасы;

  • клавиатура машыктыруучусу;

  • виртуалдык компьютердик лабораториялар;

  • тексттик редакторду, презентацияларды иштеп чыгуучу программаны, маалымат базасын башкаруу системасын жана электрондук таблицаларды камтыган интеграцияланган офистик тиркеме;

  • растрдык и вектордук графикалык редакторлор;

  • үн редактору;

  • автоматташтырылган проектирлөө системасы;

  • программалоо системасы;

  • геомаалыматтык система;

  • web-баракчаларынын редактору.

Информатика кабинетинин китепкана фонду (китеп, басмасөз продукциялары) үзгүлтүксүз жаңыланып турушу керек. Китепкана фондуна төмөнкүлөр кирет:

  • ченемдик документтер (Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жана Кыргыз билим берүү академиясынын методикалык каттары, информатика боюнча программалардын жыйнактары ж.б.);

  • окуу-методикалык адабияттар (окуу китептери, жумушчу дептерлер, методологиялык китептер, маселелер жыйнактары жана практикумдар, тематикалык жана жыйынтыктоочу текшерүү иштери үчүн тесттик тапшырмалар жыйнактары ж.б.);

  • Информатика предмети боюнча илимий адабияттар (справочниктер, энциклопедиялар ж.б.);

  • мезгилдик басылмалар.

Дубалга тагылуучу көрсөтмө пособиелердиг топтомунун ичинде сөзсүз түрдө “Жумушчу орундардын уюштурулушу жана коопсуздук техникасы” аттуу плакаттын болушу талап кылынат. “Информатика” окуу предметинин негизги мазмунун чагылдырган көргөзмө пособиелеринин топтому (плакат, таблица, схемалар) дубалга тагылуучу полиграфиялык басылмалардан да, электрондук форматтагы продукциялардан да (мисалы, мультимедиалык презентациянын слайддарынын топтому) түзүлүшү мүмкүн.

Информатика кабинетинде электрондук билим берүү булактарынын китепканасы уюштурулушу керек. Буга төмөнкүлөр кирет:

  • информатика курсу боюнча презентация слайддарынын топтому;

  • окуу ишмердүүлүгүнүн репродуктивдүү формасынан өз алдынча, издөө-изилдөө иштерине өтүүсүнө, ар кандай формада берилген маалыматтар менен иштөө жөндөмдүүлүгүнүн өнүгүүсүнө, окуучулардын коммуникациялык маданиятынын калыптанышына көмөкчү болгон маалыматтык куралдар (виртуалдык лабораториялар, чыгармачыл чөйрөлөр ж.б.);

  • республикалык билим берүү порталдарына, информатика боюнча электрондук окуу китептерине, сырттан окуу курстарына жайгаштырылган жана окуучулардын өз алдынча окуулары үчүн сунуштала турган электрондук билим берүү ресурстарынын каталогу.


4.2. Шыктандыруучу окуу чөйрөсүн түзүү

Шыктандыруу – окуу ишмердигинин маанилүү структуралык компоненти, ал окуучу үчүн иштелип чыккан ички шыктануу анын калыптангандыгынын негизги критерийи болуп саналат.

Шыктандыруу баланын бардык эле окуу предметтеринин материалдарын эмес, бала өзүнө зарыл болгон материалды өздөштүрүүсүнө түрткү берет.

Тематикалык пландарды, кандайдыр сабактардын тематиалык пландарын иштеп чыгууда, көрсөтмө материалдарды топтоодо же окутууга керектүү материалдарды топтоодо алардын мазмуну окуучуну канааттандыргандай болуп, кийинки жаңы окуу ишмердүүлүктөрдүн калыптанышына таяныч билим катары кызмат кылгандай болуусу керек.

Информатиканы окуп үйрөнүүдө ички шыктандырууну калыптандыруунун жолдору:

  • балдардын турмуштук тажрыйбаларын талкуулоо;

  • проблемалык кырдаал түзүү;

  • оюндагы иштерди аткаруудагы көрсөтмөлүүлүк;

  • стандарттык эмес маселелерди аткаруу менен тажрыйбаны жана логиканы өнүктүрүү;

  • ишмердүүлүккө кызыктыруунун элементтери менен иштөө: кроссворддор, сканворддор, реубстар, чыгармачылык түзүмдөрү сочинениелер ж.б.

  • коркутуу, кооптонуу жаратпастан, таанып-билүүгɵ шарт түзүлүшү керек; кайтарым байланыш ɵз убагында болушу керек;

  • жакшы жактарын белгилɵɵ керек. негативдүү кайтарым байланыш ɵтɵ конкреттүү болуп, окуучуга эмес, иштин мүчүлүш жактарына багытталсын;

  • кемчиликтер элдин кɵзүнчɵ айтылып, кемсинткен сɵздɵр колдонулбоого тийиш.

Колдонулган адабияттар:

  1. «Государственный образовательный стандарт среднего общего образования». Постановление Правительства Кыргызской Республики, г. Бишкек, от 21 июля 2014 года №403;

  2. Болотов В.А., Сериков В.В. Компетентностная модель: от идеи к образовательной программе: – М. Педагогика, 2003. №10. – С.8-14.

  3. Закон «Об Образовании» КР от 30 апреля 2003 г., Бишкек

  4. Иванова Т.В. основные тенденции разработки требований в Государственных образовательных стандартов к уровню подготовки выпускников /Стандарты и мониторинг в образовании. – М., 2003, №5. –С. 3-13.

  5. Концепция профильного обучения на старшей ступени общего образования КР // Кут билим, 23 март 2007, – Бишкек, 2009.

  6. Краевский В.В., Хуторской А.В. Предметное и общепредметное в образовательных стандартах. – М., Педагогика, 2003. №2

  7. Мектепте информатиканы окутуу – Информатик мугалимдер үчүн окуу колдонмо. Ибирайым кызы А., Мамбетакунов У.Э., Осипова Н.Н. –Б., 2015-ж.

  8. Окуучуларды баалоо. Жаӊыча мамилелер жана усулдар. – Б., 2010.

  9. Программа Правительства по реализации Национальной стратегии устойчивого развития КР на период 2013-2017 годы;

  10. Орускулов Т.Р., Касымалиев М.У. «Информатика: Базалык курс. Орто мектептердин 7-9-кл. үчүн окуу китеби», Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги. Кыргыз билим берүү академиясы. – Бишкек, 2015. - 352 б.

  11. Орускулов Т.Р., Касымалиев М.У. «Информатика: Базалык курс боюнча практикалык иштер. Орто мектептердин 7-9-кл. үчүн окуу китеби», Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги. Кыргыз билим берүү академиясы. – Бишкек, 2015.- 192 б.

  12. Рамочный Национальный куррикулум среднего общего образования Кыргызской Республики. – Б., 2010. – 66 стр.

  13. Формативдик жана суммативдик баалоо боюнча колдонмо. – Б., 2008.

  14. Хуторской А.В. Ключевые компетенции как компонент личностно-ориентированной парадигмы образования [Текст] / А.В.Хуторской // Ученик в обновляющейся школе. - М.: ИОСО РАО, 2002. - С.135-157.

  15. http://makarova.piter.com/информатика-в-школе/образовательный-стандарт - Образовательный стандарт по информатике

  16. http://psyera.ru/socialno-kommunikativnaya-kompetentnost-1747.htm - Социально коммуникативная компетентность

  17. http://tsput.ru/res/informat/info_net/lek/lek03.htm - понятие информационной системы.

  18. http://www.eidos.ru/journal/2005/0910-11.htm - Тришина С.В. Информационная компетентность как педагогическая категория

  19. http://www.ido.rudn.ru/nfpk/inf/inf9.html- информационное моделирование.

25.04.2016.

23



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!