Мээге чабуул.Сүрөттөн эмнени коруп турасынар? Бул сүрөттө колуна баласын кармап отурган энени көрүүгө болот. Бул эненин ары жагындагы кырдаал кандай деп ойлойсунар? Эми келгиле балдар,сүрөттүн толук вариантын көрөлү Байкашынарча бул сүрөттө адам укугу бузулуп, бүтүндөй бир улутка мыкаачылык менен мамиле жасалып, аргасыздан качууга мажбур болгон кыргыз элин көрүп турасынар. Ал кандайча болгон десенер силердин назарыңарды жаны теманы түшүндүрүүгө бурам. Жаңы теманы түшүндүрүү: Үркүн — кыргыз элинин орус падышалыгынын колониялык саясатына каршы улуттук-боштондук күрөшү. Орусия империясы Орто Азияда колониялык саясат жүргүзгөнү маалым. Кыргыздар орус падышасынын бийлигин таанып, анын буйрук, жарлыктарына ылайык милдеттүү болгон. Падыша өкмөтү аймакты башкарууда жергиликтүү элдердин түпкү кызыкчылыктарын эске алган эмес. Колониялык саясаттын күчөшү, түпкү калктын нааразылыгын күчөткөн падышачылыктын жер саясаты Кыргызстандын түндүгүнө Борбордук Россиядан орус, украин дыйкандары көчүп келе баштаган. Колониялык бийлик аларга ар тараптан колдоо көрсөтүп, кыргыздардын суусу мол, дыйканчылыкка ынгайлуу жерлерин тартып берген. Анткени казак-орустар сыяктуу эле келгин дыйкандар дагы аймактагы падышачылыктын таянычы болмок. Кыргыздардын мыкты өрөөн-өтөктөрдөн ажыроосу алардын улуттук аң-сезимине терең таасир эткен. Айрыкча биринчи дүйнөлүк согуш маалында кыргыздардын абалы аябай оорлоп, элдин кыжырдануусу күчөгөн. Согуш жылдары эгин аз эгилгендиктен түшүм эки эсе азайган. Малдын саны да кыскарган. Жалаң гана согуштук керектөөлөр үчүн Жети-Суу облусунан жыйналган мал чарба азык түлүктөрдүн наркы 55 млн. сомго жеткен. Базар баасы абдан өскөн. Алык-салыктардын, ар кандай ыгым-чыгымдардын өлчөмү көбөйгөн. Мисалы, түтүнгө салынчу салык 4 сомдон 8 сомго өскөн. Өлчөмү 1 сом 84 тыйын болгон аскер салыгы да киргизилет. Падышалык чиновниктер согушту шылтоолоп, жергиликтүү калктан ат-төөлөрдү, кийим-кече, кийиз, боз үйлөрдү көп жыйнаган. Аскерге кеткен орус дыйкандарынын чарбасына кыргыздарды күчтөп иштеткен. Бул кыргыздардын абалын ого бетер начарлаткан. Согуш жылдарында жергиликтүү элдин жерин тартып алуу улана берген. Алсак, Чүй өрөөнүндө гана 1915-жылга карата кыргыздардан 700 миңден ашык гектар жер тартылып алынган. Ал эми Түштүк Кыргызстанда 82 миң га жер орус дыйкандарына берилген. Нааразычылыктын күчөшүнө орус төрөлөрүнүн, айрым келгин дыйкандардын жергиликтүү элдин маданиятын, каада-салттарын, динин, тилин басмырлоосу да түрткү болгон. 1916-жылы июнда жергиликтүү элдерди согуштук-оорук иштерине чакыруу жөнүндө падышанын Указы жарыяланган. Ансыз да кыжыры кайнап эл падышанын каарынан, мыкты куралданган аскерлеринен жалтанбай күрөшкө көтөрүлгөн. 1916-жылы көтөрүлүш Орто Азия, Казакстандын кеңири аймагын кучагына алган. Ага 10 млн. жергиликтүү калк тартылган Элдик кыймыл июль айында адегенде толкундоолор түрүндө башталып, августта куралдуу көтөрүлүшкө өсүп жеткен да октябрдын аягына чейин созуган. 1916-жылы 4-июлда Кожент шаарында өткөн толкундоолордон көтөрүлүштүн оту тутанган. Алар падышанын Указына ачыктан-ачык нааразылык билдиришкен. Көп өтпөй мындай толкундоолор бөлөк айыл-кыштактарда, калааларда да башталган. Июль айынын орто ченинде толкундоолор Фергана өрөөнүндө кеңири кулач жайып, ага кыргыздар активдүү катышкан. Көтөрүлүш башталганда эле Анжиян уездинин Алтын-Көл, Базар-Коргон болуштуктарынын калкы айрыкча чечкиндүүлүктү көрсөтүшөт. Алар падышанын Указын аткаруудан ачык эле баш тартып, тизмелерди жок кылышкан. Мындай окуялар коңшулаш Балыкчы, Желкудук, Массан, Майсары жана башка болуштуктарда да болгон. Айрыкча кыргыздар жашаган тоолуу аймактарда элдик кыймыл курч мүнөздө өткөн. Көтөрүлүшкө Кокон, Наманган уездеринин кыргыз калкы да активдүү катышкан. Ал эми Ош уездинде көтөрүлүш июлдун баш ченинде эле башталып, толкундоолордун эң ириси Сулайман тоонун этегинде өткөн жыйын болуп эсептелет. Ага 10 миңдей киши катышкан. Жыйынга чогулган эл «Согушка барбайбыз! Балдарыбызды бербейбиз!» деп ачык эле каршылык көрсөтүшкөн. Колониялык бийлик жазалоочу аскерди чакырып, жыйынды араң таркаткан. Жыйындын айрым уюштуруучулары, демилгечилери камакка алынган. Бул сүрөт Каракол шаарындагы Жениш багында жайгашкан. Дагы кененирээк силер китептен окуй аласынар. | Мээге чабуул ангемелешүү Окуу китеби Кезектшип бири бирин окутуу Кайтарым байланыш | Акыл чабуулу Оозеки №1 тиркеме Көрсөт -мөлүү | Диагностикалы Формативдик Суммативдик |