СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Умот Жайсан уулу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Умот Жайсан уулу»

Үмөт уулу Жайсаң

Айрым божомолдорго караганда, алгачкы манасчы. Сагымбай Орозбак уулунун вариантында Жайсаң ырчы Манас менен Кайыпдаңдын урушунан кийинки окуяда эскерилген. Манас Кайыпдаңды согушта жеңип, анын кызы Карабөрктү алганда тигилген боз үйдүн жасалгасын: “Салтанатын көргөндө, Жайсаң ырчы дегени, Жалаң үйдүн порумун, Жарым күнү ырдаган” – деп, ырчынын аты аталат. «Манас» эпосун алгач ирет айтып чыккан ырчы болушу мүмкүн, бирок бул пикирди негиз катары кароого болбойт” деп, белгилүү эпос изилдөөчү Муктар Ауэзов айтат. Ал эми академик Б.Юнусалиев: «Сагымбайдын вариантында эске алынган Жайсаң ырчы дегенди, Манастын чоролорунун бири Ырамандын Ырчы уулу деп аталышын эске албай коюуга болбойт» деп, белгилейт. Элдик оозеки тарыхта (санжырада) кыргыздардын байыркы мезгилдеги кол башчысы Кыргызхан Таласка жеңиш менен келишинде чоң той берип, тойдо Жайсаң ырчы бытырап кеткен көп уруунун башын кошуп, эл кылгандыгы үчүн Кыргызханды мактап ырдаган. Жайсаң ырчынын эл оозунда:

“Кыз келиниң кадырлап,

Үкү менен сыйладың,

Чачылып кеткен Узундун,

Чар тарабын жыйнадың” – деген ыры сакталып калган.

Ал эми «кыргыздардын байыркы ата-бабалары болуп эсептелген усундар (үйшөңдөр), б.з.ч. 2-кылымдан 6-кылымга чейин, Жети-Суудагы эң ири уруу союздарынан болуп келген» деп, тарыхчы Н.А.Аристов жазган. 1995-жылдын 3-июлунан тартып, Манастын кырк чоросунун бири болгон Жайсаң ырчынын рухуна кабылып, андан сан түрүндө «Манас» дастанынан маалымат алып, аны чечмелеп кагазга түшүрүп келе жаткан Мариям Муса кызынын айтуусу боюнча: «Үмөт уулу Жайсаң 682-жылы туулган. Ал Айкөл Манастан 12 жаш кичүү болгон. Энеси Карач хандын кызы Жаңылча. Жайсаң атасы Үмөт экөө тең Манастын чоролорунун катарында болушкан. Чоң Казатка чогуу барышып, Жайсаң жарадар болуп эсин жоготуп, кандайдыр бир сыйкырдуу добуштан көзүн ачкан соң, «Манас» дастанын айта баштайт. Элге улуу ырчы катары таанылып, бардыгын эсине түйүп алган соң, Токчоронун уулу Токтогул (Ырамандын Ырчы уулу) уу берип, 54 жаш курагында дүйнө салган. Сөөгү Кызарттын белине коюлган”. Аты аталган материалда Жайсаңдын таланты жөнүндө мындай деген мүнөздөмө берилет: «Үйшөңдөр Үмөтүнүн уулу Жайсаң, Үлгү ырдын чебери эле топту жарган. Ширин тил, шыңга мүчө, бой-келбеттүү, шадылуу манжалары комузга эптүү. Назик үн көмөкөйдөн мукам чыккан, Негедир жашытчу эле адамды уккан… Ошончо ырчылардын арасынан, Обону уккандарды тамшандырган; Он үчкө жашы жаңы толгон менен, Орчундун арасында жок эле тең». Ошол Мариям Муса кызынын маалыматы боюнча Үмөт уулу Жайсаң ырчынын учурунда жана көзү өткөндөн кийин да кыргыздын ар уруусунан мезгил-мезгили менен «Манас» дастанын айтып келген Жайсаң аттуу 9 ырчы чыккан экен, алар:






Үмөт уулу Жайсаң (үйшөң уруусунан) Сартпай уулу Жайсаң (аргын уруусунан), Солобо уулу Жайсаң (үйшөң уруусунан), Касымбай уулу Жайсаң (үйшөң уруусунан), Калысбек уулу Жайсаң (үйшөң уруусунан), Жамгырчы уулу Жайсаң (Кошой баатырдын тукумунан), Асылбала уулу Жайсаң (нойгут уруусунан), Молдобасан уулу Жайсаң, Жаңыбай уулу Жайсаң (үйшөң уруусунан).

Манасчылар

Улуу Манас - бул байыркыны, кечээкини, бүгүнкүнү, эртеңкини туюндурган бир бүтүндүк. Андыктан:

Алтындай сөздү куюлткан,
Айкөлдү айтып туюнткан,
Шекердей сөзүн куюлткан,
Шерлерди айтып туюнткан,
Элирип айтып киргенде,
Табиятты кубулткан,
Обондон жамгыр куюлткан,
Күн-түндөп айтып "Манасты",
Айрандай элди уюткан

манасчылар жөнүндө сөз кылмакчыбыз.
Байыркы манасчылар: Ырамандын Ырчы уулу, Жайсаң ырчы, Токтогул ырчы, Келдибек Карбоз уулу, Балык Кумар уулу, Акылбек ж.б.
Манас бир өлгөндө, Балык бир көчкөндө Талас ичи ээнсиреди
Балык Кумар уулу
Өз мезгилинин эң күчтүү манасчыларынын бири Балык Кумар уулу 1799-жылы Талас өрөөнүндө туулган. Балык 1887-жылы 88 жаш курагында Чүйдө кайтыш болгон.
Түш көрүүсү
Талас өрөөнүнөн Кокон хандыгына салык, зекет үчүн төлөнгөн койлорду айдап баратып, бороон болуп Манастын күмбөзүнө конуп калышат. Ошондо Балык түш көрөт. Ага Манас чоролору менен жолугат. Бир аксакал киши:
- Ой, Бекмурат, бизди тааныбайсыңбы? - дейт.
- Көргөн жок элем, бирок болжоп турам, - дейт Балык.
- Эмесе, ошол болжогон кишиң бизбиз. Биздин турук кылган үйгө кирип калыпсың. Токтогул деген ырчы бизди айткан. Сен да бизди аныктап айтып көрсөт. Оозуң, көзүң балыктыкына окшош экен, сенин мындан кийинки атың Балык болсун. "Манасты көрдүм, сүйлөштүм, аныктан анык" деп айт. Эми биз кетебиз… Кабакка барсаң, бир тоголок тору бышты ээр-токуму менен бутунда чидер салынып турат. Биз ошону сага бердик.
Андан соң Бакай Манасты, кырк чорону тааныштырат. Ошондон кийин атчандар шарт коюп жүрүп кетишет. Ошентип Манас даарып кеткенден кийин Бекмурат Балык атка конот да, Манас айта баштайт.
Кадыр-баркы
Кумар уулу Балыкты Талас эли өтө баалаган. Ал өз кезегинде Ажыбек датка, Бүргө баатырлар менен эл бийлеген даражага да жеткен. Атагы таш жарып, кыргыз элинин булуң-бурчуна тараган. Солтонун манабы Байтик жигиттерине беш төө коштотуп, Ажыбек даткадан Балыктын Чүйгө көчүп келүүсүн өтүнгөн. Ошондо Балыктын ажырашаягы үч айга созулуп, эл менен ырдап коштошот. Анда да элди кыя албай, жүгүн түшүрүп бир жылга көчпөй токтоп калат. Байтик экинчи жолу беш төө жетелетип Ажыбек даткага тартуу кылат. Ошондон кийин гана Балык Чүйгө көчүп келет. Чүй эли Балыкты атынан айтпай, аба деп кадырлаган. Өргөөсү Байтиктин үйүнөн бийигирээк жерге тигилген. Ар кандай иштерди Байтик Балык менен кеңешип чечкен. Талас эли "Манас бир өлгөндө, Балык бир көчкөндө Таластын ичи ээнсиреди" деп айткан.
Кечээги манасчылар:
Сагынбай, Саякбай, Шапак, Молдобасан, Мамбет, Акмат, Дүңкана, Шаабай, Кааба ж.б.
Манасчылардын Манасы - Сагынбай
Сагынбай Орозбаков
Кыргыз элинин залкар манасчысы Сагынбай Орозбак уулу 1867-жылы Ысык-Көлдүн күңгөйүндөгү Кабырга деген жерде туулган. 1930-жылы ата-бабасы жашап өткөн Кочкордо кайтыш болгон.
Түш көрүүсү
Сагынбай козу кайтарып жүрүп түш көрөт. Бир аксакал карыя: "Ач оозуңду, балам, алтын шилекейимен чачыратайын. Мындан жаман болбойсуң" дейт. Бала коркуп оозун ачпайт. Карыя: "Манас айткың келеби?" дейт. Бала сүйүнүп кетип: "Ооба" дейт. Ошондо тиги аксакал кумга, шилекейге окшогон нерсени Сагынбайдын оозуна куюп жиберип көздөн кайым болот. Ошондон баштап Сагынбай Манас айта баштайт.
Сагынбай жөнүндөгү пикирлер:
Эл оозунан:
"Сагынбай "Манас" айтып кеткен жерден мал оорулары, адам оорулары жоголуп, төрөбөгөн аялдар төрөчү экен".
"Бир жылы Чүй өрөөнүндө "Манас" айтып жүрүп төрт жүз кер кашка жылкы айдап келиптир".
"Сары-Чүйдүн кум казактарынын ырчылары менен жолугушканда тигилер "биздин казак-кыргызда мындай олуя ырчы жок" дешкен экен".
"Сагынбай манасчылардын Манасы эле".
"Сагынбайдын ар бир сөзү - бир аттык"
Токтогул: "Кыргыздан мындай манасчыны эч көргөн эмесмин, эстен тандым".
Молдобасан: "Акындык жагынан ага тең келген күчтү көргөн эмесмин, биз анчейин анын баласы катарындабыз".
Ыбырайым Абдырахман уулу: "Семетейдин Коңурбайдан кун кууган урушун айтканда жөн эле эсим оогон".
Алыкул Осмонов: "Сагынбай Орозбаков-дуку болбосо анда калгандары бизди "Манас" эпосунун күчүнө мынчалык таң калтыра албас эле. Сагынбайдын сөздөрү башкалардыкынан бөлүнүп турат. Сагынбайды окуп туруп башкалардыкына келгенде, төрт катар үйдөн бир катар үйгө түшкөндөй ылдыйлайсың… Өзүбүздү көтөрбөй айтканда… Сагынбай Орозбаков да Пушкин, Толстой, Данте, Шекспир сыяктуу таң калтыруучу күч болуп эсептелет".
Чыңгыз Айтматов: "Сагынбай өзүнчө бийиктелген аскар тоо. Бул бир ааламда укмуш жаралган уникалдуу талант. Балким, эч убакта кайталанбас руханий көрүнүштүр".
Бүгүнкү манасчылар: Уркаш, Назаркул, Асанкан, Талантаалы, Салимбай, Рыспай, Замирбек, Самат, Дөөлөт, Улан ж.б.
Манас - карарган эл болуп, бүркөлгөн кара жер болуп…
Дөөлөтбек Сыдыков
Манасчы, 1983-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районундагы Шор-Булак айылында төрөлгөн. Республикалык, эл аралык фестивалдардын лауреаты.
Түш көрүүсү
13 жашынан баштап "Манас" айта баштаган. Түшүндө Саякбай ата келип: "Минтип айтып жүр" деп, өзү айтып көрсөтүп берет. Ошондон кийин Саякбай түшүнө удаа-удаа кирет. Дөөлөт мал кайтарып жүрүп, ат үстүндө манас айта баштайт. Кийинки бир түшүндө чексиз мейкиндикте тоо-таш, карагайлуу жайлоодо турганын көрөт. Анан кулагына кандайдыр бир үн угулуп: "Кана, айтчы, Айкөл Манасты көрүп атасыңбы?" дейт. Айланасын караса эч ким көрүнбөйт. Баягы үн кайра кайрылып: "Жакшыраак карабайсыңбы, турбайбы!" дейт. Анда да эч кимди көрө албайт. Көрсө, Манас дүйнөсү көз алдында чагылдырылган мейкиндиктей керилген, көк асмандай кенен уч-кыйырсыз экен. Айкөл карарган эл болуп, бүркөлгөн кара жер болуп турган тура. Баатырдын турпаты айтылгандай эле бар экен. Колду аралап жалгыз баратыптыр. Жакындап келгенде бир көрөт, бирок бат эле узап кеткендиктен даана көрө албай калат.
Дагы бир түшүндө Тал-Чокудан төрт баатырды көрөт. Көлдүн тескей тарабында, Тоңдун тушунда калың эл тоонун боорунда жайылып отурушат. От жагылып, казан асылып, эт бышып жатат. Аңгыча кыбыла тараптан төрт баатыр келет. Астындагы минген тулпарлары тигил тоонун башынан бу тоонун башына бир өтүп, туяктары чокуларга тийип-тийбей келе жатты. Бир маалга аларга кошулуп, ал да жөнөйт. Ошентип отуруп, Тал-Чокунун башына чыгышат, төмөн жакта агып жаткан үч дайранын куймасын көрсөтүшөт. Дайранын аттарын да атап беришет. Дайралардын ар жагы түзөң болуп, майда бөксө тоолор мунарык тартып турат. Алар бир кыйлага Кытай тарапты карап турушат. Архив бөлмөсү






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!