СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Улууга урмат( тарбиялык сабак

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Улууга урмат( тарбиялык сабак»

Сабактын темасы:  Улууга-урмат, кичүүгө-ызаат

Сабактын максаты:
1. «Улук болсон, кичик бол»- деген накыл создун маанисин тушунүшот.
2. Адептүүлүккө, сылыктыкка тарбияланышат. Жоопкерчилик сезимин өстүрүшөт.
3. Улуу адамдардын кичүүлөрдүн алдында жоопкерчилиги чон экендигин түшүнүшөт.
Сабактын жабдылышы: макал-лакаптар жазылган плакат.

Сабактын журушу:

Уюштуруу:
Сабактын темасын, максатын түшүндүрүү. Адептүүлүк боюнча ырлар:
   1-окуучуУлууларды урмат кылып журолу,
                      Кичуулорду сыйлаганды билели.
                      Тарбиялуу,адептуурок жетилип,
                       Кыргызстан – олкобузду суйолу. 2-окуучу: Карыялар таалим берип ундогон,
                       Жаман болбой, жакшы жолго кир деген .
                       Улуулардын бизге берген улгусу,
                       Осуп жатат, гулдоп жатат миндеген.

  3-окуучу: Аткаралы сылыктыктын талабын,
                       Милдетинди тартип менен карагын.
                       Кыргызымда кайрымдуулук канында,
                       Кимдин кандай тескеп коёт абалын. Хор:    Озгоргон коом , заман туру башкараак,
                Жол корсотсок, жаштарыбыз такшалат.
                Биримдикте бекем болуп туралы,
                Сылыктык бул эн биринчи уй-булодон башталат.
III. «Улук болсон, кичик бол» - деген кептин чечмелениши:
«Аракеттен адат жаралат, адаттан муноз жаралат, муноздон тагдыр жаралат» (В.Теккерей) дегендей эн алгач биз жакшы адаттарга уйронушубуз керек экен. Ким озунун омурун акыл-эстуу жашоого арнаса, ал учун турмушта жаман оор абал болбойт, ал абийирдин азабын тартпайт. Андай адамга бир эле туйшук бар, эл менен жакшы мамиле тузуу, тынчтыкта жанаша жашоо, тумушун акыл-эстуу уюштуруу. Эми балдар, «Улук болсон, кичик бол»- деген накыл создун маанисин тушунууго аракет кылалы. Кимде кандай ойлор бар? (балдардын жообун угуп, алардын оюн кубаттоо жана билгизбей толуктоо керек).
- Уйунордо ининерге (синдинерге) кандай мамиле жасайсынар? Ойлонуп коргуло. Алар бир нерсени сурап калса «Ушуну да билбейсинби, башы жок!»
деген учурларынар болду беле? Эми силерден улуулар силерге ушундай создорду айканда жагабы? Албетте жок. Ошон учун озунордон кичуулорго сураган нерсесини жатыгы менен тушундуруп, аларга сылык мамиле жасоонор керек. Адам канчалык улуу болсо, ошончолук кичипейил болуусу керек. Улуулар озунон кичуулордун, чон кызматта иштегендер кол алдында иштегендердин алдында жоопкерчилиги чон болот. Ошон учун инин экоон урушуп кетсен, апан сени айыптайт. Адамдын жашы чонойгон сайын акылы да осот. Демек ининдин акылы жетпеген нерсеге сенин акылын жетет, ошондуктан жанжалды сен токтотушун керек. Кичуулорго ызаат корсотуп, кичипейил жана камкор болуу керек.

Улуулар биз да баруучу курактагылар. Кудай ошолордун жашына жеткирсин дейбиз. Илгери өзүбүздөн бир жаш улуу болсо да «ага», «ака», «аба», «эже» дечүбүз. Азыр ошол салт калып баратат. Кыргызда улуунун улуудай жолу болот, улуудай сыйы болот. «Хадистерде» жашы улуураактарды өздөрүңөргө баш кылгыла, кайсыл топто жашы улуу киши баш болсо, ал ата ордуна өтөрү айтылат. Демек, улуу кишинин аталык да, энелик да жагдайы, жооптуулугу, урматы болорун эстен чыгарбашыбыз ылаазым.
Улуу адам келсе, аны өзүңдөй өйдө өткөрүүгө, аны тамак менен да, сөз менен да, урмат менен да сыйлоого тийишпиз. Силерден да улуу биртуугандарыңар, туугандарыңар болсо алардан тез-тез кабар алып барып тургула, куру барбай колдон келген бир назы-немат же белек ала барсаң андан бетер тигилердин көңүлүн аласың.
Улуу адамдын астында сөз талашпагыла, булкунуп-жулкунбагыла, анын сөздөрүн, насаатын уккула. Улуулар – силерге караганда бул дүйнөгө меймандар. Алар үйгө келсе, жол бошоткула, колуна суу куйгула, тосуп алгыла, атын байлагыла, чыгып кетип атса, ордуңдардан туруп узаткыла, атына мингизгиле, үйдөн чыгаргыла, бут жана сырт кийимдерин кийүүгө жардам бергиле.
Жашы улуу адамдын астында бутуңарды узатып отурбагыла, эгер отурган жерден силерден улуу адамдар сыртка чыгып келерин билсеңер, ордуңардан туруп чыгарып жибергиле, эгер тигил киши отура бер дебесе, кошо чыгып келгиле, улуулар алдында жамбаштап жатпагыла, буттарыңды сунуп отурба, алардан мурда тамакка кол узатпай жүргүлө, тамак келгенде ордуңардан лып тура калып чыны-табактарды улуу адамдарга алып бергиле, эсинеп (эстеп), уйкусурап отурууга болбойт.
Улуулардан кеңешин уккула, атайын үйүңө чакырып тургула, чоң иш баштардын алдында улуулардын батасын алгыла, улууларга тил кайтарбагыла, аларга тик карабагыла, акарат кылбагыла.
Тентектик кылгандар көбөйгөн, же айып кылгандары кармалган айылга башка жактан келгендер «эмне силерде улуулар жокпу» дейт, же «булар улуусун укпаган эл экен» дешет. Бул ошол айыл үчүн, ошол уруу үчүн жеткен уят иш.
Эки адам урушса, улууларга барат. Улуулар эмне десе, кичүүлөр аларды угууга, айткандарын аткарууга милдеттүү.
Балдар, жаштар өздөрүнүн жашы улууларды эмне үчүн урматташты жана кандай кылып урматтоону билиши керек. Өздөрү да ошолордой жашка барат, ошондо аларды да кимдир бирөөлөр сыйлашын элестетет.
Улуу муун силер деп кан төккөн, кыйналган, кысталган, эчен кыйынчылык көргөн, уйкусуз түндөрдү баштан кечирген, мамлекет курган. Ошон үчүн алардын бели эңкейип, чачтары түшүп же кара чачтарын ак аралап, көзүнөн кубат кеткен. Алардын ошол абалын сыйлоо, түшүнүү керек. Айрым жаштар көзү жакшы көрбөгөн энени шылдыңдап койсо, бул бүт карыларды шылдыңдагыны.
Кары кишилердин көбү таарынчаак, бала пейил болуп калат, аны түшүнүү керек, алар силерди ар дайым кечире билет, силерди жакшы болсун дейт, силер ошону түшүнүшүңөр керек.
Кары адамдарга жакын болуп, алардын сөзүн укканың — өзүңдү ар тараптан байытканың, «Карынын сөзүн капка сал» дейт, «Кары билгенди – пери билбейт» дейт, «Карынын сөзү – акылдын көзү» дейт. Андан башка да «Карынын сөзү – канык, көрсөткөн сөзү – жарык», «Карынын сөзү – жамак, жамагы – жашоого сабак», «Карынын сөзү кеп болот, калайыкка эп болот» деген сыяктуу накылдар айтылып келет.
Азыр бир топ балдар, өзгөчө кыздар ата-энесинин каражаты жетпеген нерселерди эле аларды кыйнап сатып бер дей беришет, эгер алар сатып бербесе, улуу бир туугандарына кайрылат. Же болбосо ар кимисинен акча алып, биринен алганын экинчисине айтпай тайраңдап көчө таптап калат. Мында улуулардан да күнөөсү бар, алар тигил кыздар-балдарды кимден, кантип, канчадан акча алып жатат, ошонун баарын билип турушу керек эле да.
Улуулар биз көрбөгөн нерсени көрөт, биз билбегенди билет, ошону биз туябызбы?
Кээде улуулардын, өзгөчө ата-энебиздин көзүнчө кичүү бир туугандарыбызды бир чаап ийебиз, урушабыз, жемелейбиз же эзилип эркелетебиз, бул да адептүүлүк эмес. Мунун баарын өз убактысы, жекече тарбиялоо маалы болорун эстеп жүргөн оң.
«Улууга – урмат, кичүүгө – ызаат» деген макал айтылат. Улуулар сыяктуу эле кичүүлөргө да өзгөчө мамиле керек.
Кичүүлөр силерди улуулантып, кеңеш берет же бир маселеңди чечет деп келет, андайда силер анын үстүнөн шылдыңдап күлбөгүлө же ашкере катуу айтып урушпагыла, акыл парасат менен пикир-оюңарды, кеңешиңерди айткыла, колуңардан келсе, материалдык, болбосо, моралдык жардам бергиле.
Улуу адамдар кичүүлөрдүн ким экендигин жакшы билет, аларды таразалап турат. Чыныке Төлөбай уулу деген бий өткөн. Ал Суусамырда жайлоодо жай отургунда бир казак төрө сурайт экен: «Аксакал канча уулуңуз бар» деп. Антсе бий «Бир жарым» деп коюптур. Көрсө, ал кишинин төрт уулу бар экен, ошолордун ичинен бирөө гана эл камын көргөн, элге да, ата-энеге да жаккан эр экен, калган үчөө өзү менен өзү жүргөн бир жандар тура. Ошол үчөөнү жарым балага санап жатыптыр Чыныке бий.
Кичүүлөр сенин деңизиңе суусун куюп жаткан дарыя-куйма, силер ошолор менен улуусуңар, барктуусуңар. Ар кандай иштериңерде улууларга таянгандай эле кичүүлөргө да таянгыла. Силердин алдыңарда кичүүлөр алсыз жана коргоого муктаж экендигин сезип жүргүлө. Үй-бүлөдө улуулар кандай жол тутса, кичүүлөр алардын артынан ээрчийт, ошон үчүн «улуу көч кайда кетсе, кичүү көч ошол жакка кетет» деп коюшат. Кайсыл урууда, айылда улуулар өрнөк болсо, ошол айылдын кичүүлөрдү аларды тарткан. Мисалы, Ысык-Көлдүн Бозтери, Тору-Айгыр деген айылдардан улуу муун билимдүү, окумал чыгып, кийин аларды кичүүлөр тартып, мына ушул эки айылдан илимдин ондон ашык докторлору, а түгүл академиктер чыккан. Биздин Ноокат районунда да Көк-Бел жана Кыргыз-Ата айылдарында улуу муун көп окуп, окумуштуу болгон экен, алар улам кийинкилерге жөлөк-таяк, сүрөмөл болуп отуруп, бул жагынан райондо гана эмес, облуста да алдыга кеткенин өзүбүз көрүп турабыз.
Демек, улуу-кичүү мамилеси элди эл, улутту улут кылып сактап келген улуу жүк, улуу уңгу.
IV. Жыйынтыктоо:
Адам канчалык улуу мартабага жетсе, ошончолук карапайым болуусу керек. Мен чонмун деп керсейген, кичуулорго жогортон караган адамдар андан ары чоноё албайт. Келгиле анда кичипейилдик, сылыктык жонундо накыл соз, макал-лакаптардан айтып королу:
Улууга урмат, кичууго ызаат.
Сыйласан сыйлуу болосун.
Сыйлашпаган тууганын, сыр айтпаган душмандай.
Сый сыйга жарашат, сый билбеген адашат.
Сый кором десен, сыйлай бил.
Сыйга сый, сыр аякка бал.
Сыйдын чеги болбойт.
Сыйлаганга аш таппасан, сыпаалыкка соз тап.
Сыйлап койсон карынды, карын сыйлайт баарынды.
Жетсе да башын булутка, жолдошунду унутпа.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!